Umka220190 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 381 (0,51 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстандын архиви (464 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 14 Декабрь 11
- Кароолор:
- 100 118
- Соңку аракети
- 26 Янв 2017 12:31
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Супер-активист
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Январь 22, 1990
- Жынысы:
- Аялзаты
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Аффирмация
Жазылган күн: 6 Окт 2014
Дүйнөдө ой күлүк... Ой жеткен жерге кол жетпейт... Анткен менен ошол ойду дагы тарбиялай билсек өз жашообузду, саламаттыгыбызды жакшы жолго сала алган болобуз. Ойлонууну жакшы багытта тарбиялай алсак, анда көптөгөн кара энергиялардан арылып, аң-сезимибиз тазарып, нерв системаларыбыз жакшы иштей баштаарын окумуштуулар тастыкташкан. Келиңиз, ошол ойду өзгөртө билүүнүн сырлары менен таанышып алыңыз.
Аффирмация - бул өзүн-өзү жакшы сезүүнүн, туура ойлонуунун формуласы. Адамдын өзүн таанып-билүүсүнө жана позитивдүү маанай жаратуусуна аң-сезимин тарбиялоо болуп саналат. Каалаган кыялыңызга жетүүгө алардын жардамы чоң. Илимпоздордун айтымына караганда адам баласы болуп жаткан кырдаал, же өзүнүн абалына карай кандай ой ойлосо, автоматтык түрдө организмде активдүү гармондор иштелип чыгып, мээде ошол боюнча программа ишке киришип, натыйжасы ойлогон ойдой болуп чыгарын далилдешкен. Демек, сиздин бардык маселеңизди туура багытта ойлонгон оюңуз эле ийгиликтүү чечип бере алат. Ал үчүн аффирмация ойлоону жана ойлоп табууну билиңиз. Ойлоп табууда сөздөрдүн эң керектүүлөрүн, тагыраак айтканда маңыздуусун тандаңыз. Алардын айрымдарын мисал катары сиздерге сунуштап кетмекчибиз.
Арыктоодогу аффирмациялар
Мен бүгүн өзүмдү келишимдүү сезип жатам
Арыктоо бул оной эле
Мен акырындык менен арыктап жаткандыгым чындык.
Ден соолугум чың жана тулку боюм келишимдүү болуунун чоң жолундамын.
Менин денем күндөн-күнгө күчтүү, сак-саламат, сымбаттуу көрүнүп жатат.
Толук кандуу тамактарды жеп жатканым менен сыймыктанам.
Өзүмдүн сымбаттуулугум үчүн бардыгына даярмын.
Келишкен мүчөлүү, акылдуу болууга татыктуумун.
Суу жаңылантат жана тамакка болгон тартылуумду азайтат.
Тамактарды тандоодо менин ден соолугума пайда келтирүүчү гана сапатына көңүл бурам.
Ар бир күнү денемдеги жакшы өзгөрүүнү байкап жатам.
Өзүмө болгон камкордук ишенимди бекемдейт.
Жашоодо сүйүүнүн күч алышын шарттоочу аффирмациялар
Мен канча кааласам ошончо сүйүү ала алам.
Менин жүрөгүмдүн ар бир согушу сүйүү менен коштолот.
Мен сүйөм жана өзүмдү баалайм.
Бардыгына сүйүү жана кубаныч менен карайм.
Мен жашоону өмүрүмдүн аягына чейин сүйүү менен кабыл алам.
Мен Кудайдын сонун жараткан жанымын. Ал мени чексиз сүйөт жана мен аны.
Мени элдер жакшы көрөт жана мен аларды сүйөм.
Өзүмдү коопсуз сезем, анткени сүйүү өзүмөн коргойт.
Мени жагымдуу ойлорум жылуу мамиле түзүүгө, толук сүйүүгө жардам берет.
Менин бактым өзүмдүн гана колумда.
Өз тагдырымдын жаратуучусумун.
Кыялымдагы адам менен жашап жатам.
Менин мамилем күндөн-күнгө жакшырып бара жатат.
Жетишкендик менен ийгиликке карай аффирмациялар
Мен ар убакта керектүү чечим кабыл алам.
Өзүмө толук ишенем.
Ийгилигимдин өсүшү үчүн ар кадамымда жаңы нерсе үйрөнөм.
Бактылуу жашоонун тандамалымын.
Менин кирешем ар убак өсөт.
Жаңы багыт, жаңы тажрыйбаны жеңил кабыл алам.
Жумушумдагылар мени жакшы көрүшөт.
Ар дайым жетекчилерим сонун кишилер болуп калышат.
Карьераны оңой түзө алуучу адаммын.
Менде ушул жумуш бар экенине аябай кубаттанам.
Мен 100% иштеген эмгегимдин үзүрүн кайрып алам.
Менин бизнесим өсүп жатат, таң менен бардык ийгиликтер мени күтөт.
Ушундай жумушум бар экенине миң мертебе ыраазымын.
Ушунчалык көп иш пландарым бар, баарын ишке ашырууга күчүм жетет.
Акчаны көбөйтүүчү аффирмациялар
Мен акчаны кубаныч менен берем жана ыраазычылык менен алам.
Мен акчаны өзүмө магниттей тартам.
Менин байлыгым ааламдай ченемсиз болот.
Мен эмнеге муктаж болсом ар убак аны ала алам. Азыр өзүмө чоң акча тапканга шарт койдум.
Мени бакытка жана байлыкка алып баруучу жакшы ойлорду гана ойлойм.
Кудайга ишенем, ал менин талаптарымды канааттандырат.
Мен бардык тараптан ийгиликке жетишем.
Мен жашоону сүйөм жана бар нерсеге каниет кылам.
Аялдар үчүн:
Эң алгач өзүмдүн сулуулук бийиктигимди көргүм келет.
Аялдык энергиянын эң сонун балансы менде бар.
Мен жаш, келишкен мүчөлүү, сулуу жана сексуалдуу айыммын.
Мен жалгыз кайталангыс жанмын.
Мен күчтүү, акылдуу, сулуу аялмын.
Мен сүйүүгө жана урматтоого татыктуу айыммын.
Мен өзүмдү кандай болсом ошондой кабыл алам.
Мага аял болуп жаралган чоң бакыт.
Ушул жерде азыр мен сүйүктүүмүн жана сүйүүчүмүн.
Келбетим өзүмө жагат.
Эркектер менден назиктикти, көркөмдүктү көрө алышат.
Эң сулуу жан кылып жаратканы үчүн Кудайга ыраазымын.
Мага башка айымдардын дагы сулуулугу жагат жана аларды урматтайм.
Өз жашоомдун кожоюнумун.
Мен өзүмдү сүйөм.
Өз бактым үчүн биринчи кадам жасоого даярмын.
Кош бойлуулар үчүн:
Менин кош бойлуулугум сонун өөрчүп жатат.
Мен өзүмө ишенем жана сабырдуумун.
Күлкү жана кубаныч менен наристемдин ден соолукта жарык дүйнөгө келишине жардамдашам.
Бардык органдарым сак-саламатта жана күчтүү. Төрөткө катышууга даяр.
Дем алуум жеңил жана эркин.
Эч коркунучсуз жатынымдын булчуңдары аба менен азыктандыруучу заттарды ичтеги балама жеткирип жатат.
Менин төрөтүм жеңил жана жакшы өтөт.
Төрөттө куру бекер кыйкырып күчүмдү кетирбешим керек.
Ар бир толгоону сүйүнүп тосуп алуум керек. Себеби баламдын жарык дүйнөгө келишине секунд сайын жакындап жатам.
Мен аман-эсен көз жарып алышыма толук ишенем.
Ден соолукту жакшыртуучу аффирмациялар
Сууга ден соолук үчүн түшүп жатам.
Менин денем күч менен сүйүүнүн храмы.
Өзүмдү аябай жакшы сезем.
Мен таптакыр оорубайм.
Мен ден соолугума мааниси чоң тамактарды гана тандап жейм. Денемдеги ар бир клеткамды жакшы көрөм.
Сак-саламаттагы карылыкка жетким келет. Ошондуктан азыртадан баштап ден соолугума кам көрөм.
Мен ар дайым саламаттыгымды жакшыртуучу жаңы жолдорду издеп келем.
Эгер менин ден соолугума керек болуп жатса жардам суроодон уялбайм.
Ар дайым менин талаптарыма жооп бере турган тажрыйбалуу медицинаны колдонушум керек.
Мен толук кандуу соо адамдардай уктап жатам жана менин денем асыроомду баалай алат.
Айыгуума сөзсүз жол табылат. Мен бүгүндөн баштап бул оорудан кутулам.
Денемдин бардык талаптарына сый-урмат менен мамиле кылам.
Мыкты ден соолукта болуу үчүн жакшы ойлорду гана ойлонуу абзел.
Өз организмиңе болгон камкордук - өзүңдү сүйүүнүн белгиси.
Менин акылымда биринчи орунда ден соолук жашайт.
Менин ден соолугум чың жана зат алмашуу процесси эң мыкты өөрчүгөн.
Күн өткөн сайын улам жакшы болуп баратам.
Мен оорудан кутулдум, толугу менен жашоонун ыргагындамын.
Менин бардык органдарым идеалдуу иштейт.
Ден соолук - бул мага Кудайдын берген белеги. Ар убак аны сакташым керек.
Саламаттыкка эң кыска жол - жан дүйнөнү кубанычтуу ойлор менен толтуруу.
Ызаат Тургунбаева
Цитата
Силерде дагы ушундай аффирмациялар барбы? Колдоносуздарбы? Жыйынтыгы кандай? Бөлүшө кетсеңиздер!
Достору
-
aijan -
Maximus -
ЛИМОН -
bekber -
elif -
Adikalon -
Strateg -
jan24 -
esenbekkd -
azamat1992kg -
moon88 -
Altyshok -
loverboy -
maksatkyz -
GRAF-KG -
Delicacy -
realliver -
bekssa_93_21 -
guest -
emilia -
online -
Gulbaramus... -
saia4ka -
ayildik_kiz -
KG.afgan -
shola -
urmatik31 -
abdiev -
Konilove -
Gupa -
Beksultan01 -
Talas_sity -
mister.kan... -
NAR.ZAM -
Aidyn -
suluukuz -
Clara_Zh -
glen -
topozqu -
Sweet-Lika -
eldish12 -
Asan55 -
Umut.94.13.11 -
VIK -
Djenidjo -
alai1987 -
mekusha -
izyshka90 -
wlecom2014
Показать 50 случайных друзей 214 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
eldiyarmacho
23 Янв 2015 - 10:36Aisuluu7
30 Сен 2014 - 15:19saltanat.
08 Май 2014 - 17:36Rinatik94
06 Май 2014 - 17:05Kopkok_betmin
01 Май 2014 - 16:06Rinatik94
30 Апр 2014 - 21:26Aisuluu7
17 Апр 2014 - 12:31miniusha
17 Мар 2014 - 10:10janusi
09 Мар 2014 - 22:00realliver
08 Мар 2014 - 10:52sayana
08 Мар 2014 - 00:42Likvidator
31 Янв 2014 - 16:34Gupa
23 Янв 2014 - 11:25WwWwWwW
22 Янв 2014 - 15:37miniusha
22 Янв 2014 - 13:48