Баракча 1 - 1
Кенеш тобу. Мүзүр аялы жок ырдабайбы? Кечээ жакында эле бир байкенин тоюна барып калдым эле, анан....
#1 05 Февраль 2018 - 16:15
Кечээ жакында эле бир байкенин тоюна барып калдым эле, Кеңеш тобундагы Мүзүр да келиптир. Мындай карасам жубайы көрүнбөйт, жүрсө керек деп койдум. Фарида Карбосова да келиптир баса. Ал ырдап бүткөн соң, мүзүрдү тамада чакырды эле, ал баягы жерден тойдун ээси таанышы болоорун, келинчеги Таласка кетип, жок экенин айтып, кошумчам деп от менен ойногон бир жигитти табыштап, келинчегисиз жалгыз ырдабасын айтып, кечирим сурады эле, бизден кийин отурган чоң апа “Ай эмнеге ырдабайсың? .. Аялың жок эле ырдап кой” деп бир жарылды. Аны укмаксанга салып узап кете берди бала. “Азыркыларың үнүн жасатып алып эле, оозун кыймылдатып коюп, акча ала беришет. Неберемдин тоюна (бир ысымды атап) деген ырчы сөрөйдү чакырдым эле, жандуу ырдагысы жок. Урушуп койсом каргап-шилеп кетти” деп кыжыры кайнай түшүп, ичинен дагы бир нерселерди күбүрөндү чоң апа. Ошо менен эт тартылып, той да бүтүп, жорго таксини минип алып үйгө жөнөй бердик. өзүнүкү болбосо да, эски ырлардан бирди созуп койсо болмок деп калдым ичимен...
#2 06 Февраль 2018 - 01:39
Эхх эркектер "ЭРКЕК"
деген атынарга татыктуу болгулачы. Акыркы кездерде катындарды жолдо эле калтырып ушакчы болуп баратасынар.
Ушинтип тема ачып бироону ушактаган эркекчиликке жатпайт го. Эркек деген эркектей болгону жакшыго.
#3 06 Февраль 2018 - 01:42
Ошон учун да "Кенеш"
тобу да. Менимче, Музур озу ырдаган ыры жок болсо керек. Жалан жубайы мн ырдайт го
#4 09 Февраль 2018 - 16:25
Ырчылар тойго барса эле сөзсүз ырдатыш керек деген нерсе сиңип калган бизге. Балким ал чоң апаңыз аны ырдатыш үчүн чакырбагандыр.
Ал өзү деле уялат болуш керек акчаны алып,ырдабай коюштан. Болгону сиз чоң апа жактан жазып койгонсуз го бул билдирүүнү.
#5 14 Февраль 2018 - 20:31
Аялы жок ырдаса балким айтмаксыз, аялы жок ырдаса жаман угулат экен деп
#6 14 Февраль 2018 - 20:45
#8 14 Февраль 2018 - 21:29
Кенеш тобунун ырларын атам жакшы коруп угат эле эми укпай калабызбы?
#9 20 Август 2018 - 16:38
Булардын ырын мен вообще укпайм, эсимде мектепте окуган кезде "арманыыыым"
"ардагыыыым"
бир балэээ деп эле ырдай беришчуу. Бирок тойлордо коп ырдашат экенин коп угуп журом. Жакында бир Оштун телеканалдарынын бир беруусундо суйлоп жатышканын коруп калдым. Акчасы кобойуп керсейип калгандай тур кордум. Куйоосу тоготмоксон суйлосо, аялы улам телефонуна алаксып, ушул даболдубу ээ деп аллергия болуп, которуп салдым башка каналга.
#10 04 Январь 2019 - 04:58
Кенеш тобу чындыгында чыкпай калдыбы же мен эле укпай жатамбы ырларын
#11 09 Июнь 2019 - 23:40
Бир ырын билчи элем озу ырдаган. Такыр ырынын аты эске келбей атат.
Баракча 1 - 1