Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 07 Март 2019 - 00:33
Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман
#21 07 Март 2019 - 00:32
Көл аягы.... Кеч дигер... Күн кылкылдап Кызыл-Омполго жашынууда. Батыш алоолонуп, асман мейкини кызгылтым агыш ажайып нурга бөлөнгөн. Алтын бууга чайкагандай жаркыган сейрек агыш булуттар асман мейкинин шөкөттөп тургансып кыймылсыз. Батыш алоосунан кызгылттанган ак мөңгүлүү чокулар көлдү алкактаган асман тирөөчүндөй көз мелжий суналат. Жайкы кеч асманынын кайталангыс керемет сулуулугу кол бетине чагылыша, жыбыраган майда толкундар түрдүү түстө кубулжуй кыялды эргите, жаратылыштын чексиздиктеги керемет гармониясынан кабар бергенсийт.
Көл кылаасына кеч көлөкөсү түшүүдө. Орто-Токойдун оозунан бери суу бойлой конгон жатакчылардын үйлөрүнөн түтүн булайт. Чий арасында бирин-серин жайылган мал. Чүй суусунун түндүк батышка бурулган оң жээгиндеги жети найзалуу коргон Көтмалды чеби. Коргондун бурчтарындагы бийик текчелерде күзөтчү сыпайлар турат. Коргонду айланта киши бою бийикте мылтык сунулуучу көзөнөктөр.
Ич жагы төрт буручтанып кенен, төр жагындагы там үйлөрдө чеп акими Ташмухаммед бек, анын кеңешчи жан-жөкөрлөрү жашайт. Эки тарабында сыпайлар туруучу үжүрөлөр, ортосунда чакан мечит, улагадан дарбазанын эки жагында узата атканалар жайланышкан.
Чеп айланасы тынч. Көл тараптан чубаша төрт атчан келатат. — Чеп тигине жакын калды. Буларды дарбазага киргизебиз,
— деп өзүбүз мейман-туткун болбойлу. Ушул жерге калтырып кете берсек, жем жеп көнгөн дарбазасына аттар өзү эле барышат, — деп жолдошуна кайрылды сыпайыларды жетелеп келаткан жигит. — Кокуй, Ормон баатырдын каарына калбайлы, дарбазага жеткирип келгиле дебеди беле, —деп чебеленди артында келатканы. — Баатырың карап турду беле. Ар кимге жан керек. Буларды көргөн cарттар бизди соо коё береби? — деп колундагы чылбырды атка таңылган сарбаздын белине кыстарды да, шарт бурулуп, таскак ура кайра жөнөдү, ат жетелеген сары жигит жолдошунун артынан ээрчиди .Жетектен бошогон аттар тааныш дарбазага бат эле жете келип, ооздуктарын кемире турушту. Ээрге таңылган экөө ары-бери булкунган болушуп, кыңылдаган үн чыгарышып аргасыз турушат. Текчеде турган күзөтчүлөрдүн бири буларды көрүп чуркап түшө: — Вай... Шумлик, бу нема? Кантип мунака... а вайвай, — деп бакылдап таңылгандарды чечүүгө киришти. Таңуудан бошоп, ооздорунан тыгын алынып жерге түшкөн экөө бир тынымга ийиндерин кага дем алышып, үнсүз шолоктоп турушту. Эки-үч саат бою ат үстүнө таңылып, ооздору тыгындалып келген сыпайлардын сүйлөөгө чамалары жок, тек үнсүз шолоктошууда.
Бака-шака каңырттан улам дарбаза алдына бир нече сарбаз чогула түштү. — Я, худаа, мундайни ким көрипти, атларыга таңылган, аузларыга тыкылган, — деп башын чайкап кордук көргөн экөөнүн жанына барып жакасын кармай алайып турду, кыркма сакал жапалдаш бойлуу, топусун тегерете жоолук курчаган ала чапан сыпай. — Нема тыкыпты, канака тыкыпты? — деп оозун ача элейди жанындагысы.
— Нема бомакди, мата тыкыпты да. — Кыргызларнин кылганын көрүң а! — Бейнамаздар!
— Аулларини өрттөш керек! — Бекке хабар...! — деген бака-шакага аралаш: — Бек келатади!
— деген сыпайдын үнү баарын чептин төр жагын каратты. Төркү там үйлөрдөн беш-алты киши бери чыкты. Орто бойлуу денеси чымыр киши алдыда келатат. Этектери тилик көгүш бейкасам чапанчан, башында сургулт селде, чапан ичиндеги ак кемселине курчанган саргыч шалпар курунун сол ыптасына шам усталары соккон кындуу кылыч, оң ыптасында узун канжар салаңдайт. Тегерете кыркылган быжыгыр кара сакалына, кыскарта серпилген муруту куюлуша, кызарган түйрүк эриндери алыстан көзгө урунат. Коюу кара каш алдындагы алагар көздөрү текеберлүү тиктейт. Артындагылар үзүлө ээрчий келатышат. Дарбаза алдынан берирээк үңкүйө отурган экөөнүн жанына келип, көздөрүнүн заарын чыгара тиктеп: — Ээ.... хайванлар, тириксилерма!
? Маскаралык!
Хан сыпайлары имиш! Айтилар, нема болдылар!
? — деп оң колун куруна таяна калчылдап ызага буулугуп турду. — Бе... бее... бек ...биз кыргыз, — деп өрөпкүп сүйлөй албай булдуруктады сыпайлардын бири. — Таксыр, бул экиси атларыга таңылып, аузларыга тыкылып келишти. Ээрлери тескери токулган, — деп жагдайды түшүндүрүүгө аракеттенди аларды чечип бошоткон күзөтчү сыпай. — Тыкылганы нема... баччагарларга не тыкыпты, ким тыкыпты. Оо... Синниңни кыргызлар!
Олар хайда, — деп күзөтчүнү жекирди ачуусу ташый денесин майда калтырак баскан чеп башы.—Ич ким көринмади. Атлари өзүлөрү келди, — деди колун көкүрөгүнө баса көшөкөрлөнгөн күзөтчү. — Буларни... нааданларни ичкариге алып барыңлар. Дем алдырыңлар,
маним алдымга келтириңлар,
— деп шарт бурула чеп башы төр жактагы там үйлөргө бет алды.
Fall into my trap :)
#22 07 Март 2019 - 00:40
Чеп башчысы Ташмухамеддин чеп ичиндеги турагы. Кенен бөлмөнүн кире беришинен үч төрт кадам ары көлөч чечүүчү жайдан кийин бийиктиги жарым кез серенин үстүнө перси килемдери төшөлүп, эки капшытына жана төрүнө тегерете калың атлес төшөктөр салынган. Аларды кыдырата ар бири жарым кез аралыкта парча тышталган жаздыкчалар коюлган. Төрдөгү төшөкчөлөргө чукул коюлган тегерек тактанын үстүнө жашыл шалпар жабылып, өрүк, мейиз, чакмак кант, нават толтурулган табакчалар коюлган. Кызара бышкан тегерек тандыр токочтору ортосунда. Ак таш чайнекке демделген көк чайдын үстү жибек дасмал менен жабылган. Үй ээси Ташмухаммед бек мечит имамы Ахрар ажы менен чай үстүндө аңгемелешип отурушат. Бек дасмал жабылган чайнекти ошол калыбында этият кармай, бошогон ак пиялага чай куюп Ахрар ажыга сунду. Азем менен оролгон ак селдесинин арты көк кымкап чапанынын жону ылдый түшкөн, эткээл тегерек жүздүү, үрпөгөй каштары кабагын жапкан көгала сакал имам чайды алып, сөөлөттөнө бир ууртап, дасторконго коюп көзүн сүзө, билинер-билинбес теңселе бир азга үнсүз олтурду да: — Ушундай деңизчи ... бек... жуда жаман иш болгон экен да... Я худаа, өзүң сакта. Зекетчи сыпайлар кордолгон экен да. Мусулман парзын сыйлабаган жапайылар!
... Ойлонуңуз бек...Алар абдан көп... Тоо арасы... — деп бекти карады Ахрар ажы. — Оо, хазрети, бу жорукта зекетчилерни гана эмес, хаммабызни,
Кокон хандыгын, Аллаяр ханыбызды ызалоо, айбат көрсөтүү турабы деймин. Байкаңызчы,
ээрлерин тескери токуп, өзүлөрүн артына карата мингизе, атка таңып жибергендери,
кокондуктар өз жайыңарга кайра кеткиле деген маанини берип турат го. Бул бейнамаздарды ордодон кол келтирип,жасалаш керекпи деп турам, — деп имамга суроолуу карады Ташмухаммед.
Көптү көргөн аярАхрар ажы, чыныны дасторконго коюп, колун адеп менен жаңсай чайга ыраазылыгын билдире, чөнтөгүнөн теспесин алып, сүкүт тарта бир азга унчукпай отургандан кийин: — Урматтуу бек, капалыгыңыздын жөнү бар, бирок күч колдонуу ылайыксыз. Тоолуктар атка минсе, аарынын уюгуна тийгендей машахат болор. Ордого кабарлап акыл калчап, буларды кебез менен мууздоо керек, — деп сөзүн аяктай электе эшик ачылып үй кызматкери кирип: — Таксыр, алиги кордук көргөн сыпайлар эстерин жыйган шекилдүү. Сиздердин алдыңыздарга келсе болобу, — деп көкүрөгүн баса ийилип таазим этти. — Киришсин. Наадандар, — деп оозун бүлк эттирди чеп башы. Эшик ачыла көк ала бачайы чапандарын сыртынан курчана ала топуларын тегерете ичке чалма орогон эки киши аста салам айтып, жыла басып көлөч чечилүүчү жайда баштарын жерге сала турушту. Чеп башы саламды алик албай, тигилерди жекире карап турду. Имам кайдыгер алик алып, кордук көргөндөргө көз кырын жиберип турду да: — Өткүлө, мындай отургула, — деп серенин четин жаңсай ишара кылды. Сыпайлар коомайлана бүрүштөп сереге чыгып отурмакчы болгондо чеп башы: — Хазрети убара болбоңуз. Аттарына таңылган бойдон отуруп келишпедиби.
Эми туруп турушканы абзел. Андан көрө айтышсын, кантип маскара болушканын.
Ким буларды аттарына мингизип «сыйлаганын» — деп кекерлүү жылмайды. — Биз Ичке-Суу деген жердеги Эсенбайдын айылына барганбыз. Анан ... — деп ары жагын айта албай мукактанды муруту чычайган жулма сакал орто бойлуу как элес, кара тору сыпай. — Анан эмне болду, айтпайсыңарбы,
тилиңди жутуп алдыңбы, — деп кекетти чеп башы бек. — Анан, анан, ат, ат, — деп сөзүнүн аягын жута кекечтенди сыпай: — Оо эне талаак, хайван, — деп калчылдады бек. — «Ат» дегени, Кармыш дегендин аты жакшы экен. Ошону бизге ылайык экен... — деп ары жагын айта албай токтоду сакал-муруту жаңыдан чыгып келаткан жыйырма жаш чамасындагы сары чийкил толук жигит. — Ошону алалы дегенбиз, — деп жеңилдене сүйлөдү кара сакал кысталыштан чыгарган жолдошуна ыраазы боло ымшып. — Анан не болду? — деп такыды бек. — Ал бербеди. — Биз чылбырды чечип... — Атты жетеледик. — Ал келтек менен сокту... — Биз кылыч менен, — дешти эки сарбаз, бири-биринин оозунан сөз жула, бекке жагынууга аракеттеништи.
— Токтот сөзүңдү кем акыл, — деп кыйкырды бек, ачуусун басууга аракеттене чайдан ууртап энтиге. — Силерди ким жазалады? — деп үн катты теспесин тарта калыбет отурган имам. — Тоо жактан атчан кыргыздар келди. Арасында абдан каттасы... — Ошол кыргыз айтты: аттарын тескери токуп, ээрлерине таңып, ооздоруна тыгып... чебине жеткиргиле,
— деп биринен сала бири сүйлөп турушту сыпайлар. — Ал ким? — деди ачуусун бир аз жыйган бек. — Исимин айтпади, — деди сыпайлардын бири. — Болду, жетишет, силерди куп жазалашыптыр.
Минтип жүрсөңөр ооздоруңарга тыгылганы аз, каллаңар учуп кетер. Наадандар, баргыла жайыңарга, — деди бек сөз бүттү дегендей кыязда.Сыпайлар кеткенден кийин: — Тообба!... Бул жакшы эмес...Кыргыздар коркунучтуу.
.. Сыпайлар да ээн баштык жасашкан...Жакшы эмес, — деп имам сакалын сылай бекти карады. — Жакшы эмес албетте. Алар жазасын алышат хазрети, бу кыргыздарга хан бийлигин таанытуу керек. Жанагы катта кыргыз ким, ошонун айлын өрттөө керек, бирок ал ким?! — Өрттөгөнгө шашылбаңыз бек. Катта киши ким болсо да, өтө акылдуу, чечкиндүү киши. Айылын өрттөтүп коюп ал тынч калбайт. Чоң калаба болот бек, ойлонуп аракеттенели,
—деп көзүн сүзө теспесин сыдырууга өттү имам. Мансабына чирене чыйралып турган Ташмухаммед бек: — Ким экенин дагы билүү керек, калганы биздин колдо. Төрөгелди, Балбай, Адыл дегендерин укканмын, бирок кимиси? — деп өзүнө суроо берип сол колу менен санын таяна, он колундагы пыяладан чай урттады. — Оо, бегим, алар болсо сыпайларды уруп, баш көздөрүн кандамакчы.
Бул салкын кандуу катаал жаза. Ал жуда көп нерседен кабар берип тургансыйт.
Эскертүү жасалган десе болот. Муну Ныязбек бийдин уулу Ормон баатыр жасашы ыктымал, — деди имам теспе тартууну уланта. — Анда ошол Ормондун айылын өрттөп, өзүн кармап ордого жөнөтөмүн, — деди ачуусу кыстай турган Ташмухаммед бек. — Этибар алыңыз, болбос иш. Ормонду кармоо колдон келбейт. Ал кыйкырса жамы кыргыз атка минип, тоолордон түшүп келишет. Күлүбүз көккө учады. Шашылбай Бишкек беги жана Ордо менен акылдашыңыз.
Алла Таала жар болсун. Аллахи Акбар, — деп теспесин жыйа бата тилей ордунан турду имам. Кошо бата тилемиш болуп айласы түгөнө: — Шунака экен да, баччагар кыргыздар, — деп сакалын салаалап ойлуу отуруп калды Ташмухаммед бек
Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 07 Март 2019 - 00:50
Fall into my trap :)
#23 07 Март 2019 - 00:46
ЭЛ ИЧИНДЕ
Көл кылаасынан кыйла алыс, тоо этектей, өзөндүн оң тарабындагы түзөңдө отурган калың айылдын өйдө жагындагы дөбөчөдө уй мүйүз тарта жоон топ киши отурат. Сөз баккан салабаттуу карыяларды,
эл жүгүн аркалаган, акылга дыйкан билермандарды пааналап дөңгө чогулуп кеп жеп, комуз күүлөрүн, дастандарды угуу кыргыз айылдарындагы салттуу көрүнүш. Мындай субкатташууга айылдын иштен колу бош үй ээлеринин баары, жаш жигиттер, уландар да келишип, отургандарга кымыз сунуп кызмат кыла, насият угушат. Нускалуу сөздөрдү көңүлгө түйүп, таалим-тарбия алышат. Көптү баштарынан кечирип, сөз баккан нускалуу карыялар байыркыда жоо кайрып, эл багып өткөн баатырлар жөнүндө ой жүгүртүп турмуш түйүнүн чече билген сынчылар, кыйын кезеңде элине жол көрсөткөн көсөмдөр, кысталышта куюлуштура жүйөөлүү сөз тапкан чечендер, ажат үчүн жан кыйган жоомарт айкөлдөр жөнүндө кеп урушат. Оор менен жеңилдин, ак менен каранын, калыстык менен кара өзгөйлүктүн,
адал менен арамдын ажырымын ажыратып нуска айтышат. Жел жетпес күлүк, соорусуна чөйчөккө куюлган суу төгүлгүс жорго, кыраан бүркүт, алгыр тайган адис мерген, айлакер мүнүшкөр, сулуу кыз, сымбаттуу жигит, ашык жарлар жөнүндө икаялар,дастандар айтылып, залкар күүлөр чертилип, элдин көңүл кушу тапталат. Көчмөн элдин таалим-тарбия алып, адеп-ахлакка үйрөнүүчү борборлору,
маданий зоок жайлары өздөрү менен кошо көчүп-коно айыл жанындагы дөбөлөрдө болгон. Айыл ичиндеги түйүндүү маселелер да ошол жайларда чечилүүчү. Бүгүн да дөңдөгү уй мүйүз жыйында манастан үзүндүлөр айтылып, күүлөр чертилип, нускалуу икаялар козголууда.
Жыйындын төрүндө Боронбай, ага катар агасы Кожогул, алардан төмөнүрөөк жээрде сакалы жумурулана тегизделип,
муруту серпилген, кырдач мурун, чекир көз, көптөн бери соода иштери менен Боронбайга пааналай, айыл аралап жүргөн татар Файзулла Ногаев, айылдагы салабаттуу карыялар, сөзмөр билерман орто жаштагылар жайланышкан.
Жаштар четтерээк адеп сактай сөз тыңшап отурушат. Ак сакалдардын алдына шырдак салынган. Ортодо серке чаначты чайкап жеңил кийинишкен эки жигит отургандарга кымыз сунууда. Элүү жаш чамасындагы чап жаак, сары чийкил, сакал-муруту сыйда серпилген киши оң жаккы жеңин коломочтоно күүнүн жайынан кеп ура «Камбарканды» чертип отурат. Отургандар күү кайрыктарына уюп, үнсүз. Комуз күүсү бирде эргий созолоно, бирде күңгүрөнө каалгып, кечки абаны термелте өткөндөн кабар бергенсип оболой таңшыйт. — Баракелде көп, жаша... — Бали азамат... — Кар болбо. — Күү эмес бекен. — Күүнүн башы «Камбаркан» деген ушу, — деген үндөр коштон, жыйын жанданып турду — Оо, «Көкөй кести» да укмуш күү го, — деди бирөө. Күүнүн ыргагына уюп бир аз термеле отурган Боронбай бий: — Бул күүнүн кай заманда, кандайча чыкканынан кабарың барбы? — деп комузчуну карады. — Тээ атам замандан бери эле чертилип келатса керек. Кай заманда чыкканы белгисиз. Байыркы замандардын биринде колу уста, оңко тургузган көзгө атар мерген болгон имиш.Ошол киши бир күнү ууга чыгып жолу боло, көк кашка суу аккан карагайлуу өрөөндө кийик этинин таш кордосунан татып, суусунуна чайкалган кымыз ичип, көңүлү жай отурса, кыялды эргиткен бир ажайып үн угулат. Үн ыргагына уюп маашырлана угуп отурат да, бул ажайып үндүн кайдан чыгып атканын билсем деген ойдо айланасына көз чаптырса, жанаша бийик өскөн эки арчанын бутактарынын биринен бирине илинген ичке жип көзүнө урунат. Сонуркап жанына барса жип шамалга дирилдеп, керемет үн чыгарып турат. Абайлап караса жип эмес, ичкере кургаган ичеги экен. Капырай, ичеги кандайча арчанын эки бутагына илинип калды экен деп ой жүгүртө, илбирстен, же карышкырдан качкан элик, же башка бир кайберен жан талаша эки арчаны кош аттай секиргенде куураган арчанын бутагына илине ичи жарылып, ичегиси эки бутакка илинип кала, убакыт өткөн сайын ичкере кургап шамалга термеле керемет үн чыгарып турганын баамдайт. Карагай арасынан уккан кереметтүү ыргак боюн бийлеген мерген үйүнө келип, эчкинин ичегисинен өзү көргөндөй ичке кыл жасап, арчадан ичин көңдөйлөп оозун капкактап үч кулактуу аспап жасайт, тоодон уккан керемет ыргакты кайталап күү чертет. Ошол күү мергендин аты менен Камбаркан деп аталып калган экен деген уламыш айтылат, — деп сөзүн бүтө комузун жанына жөлөй, алдындагы аяктан кымыз татып, мурутун сылады комузчу.
Fall into my trap :)
#24 07 Март 2019 - 01:01
— Баракелде, Камбар мергенге өнөрдүн көзүн ачкан ошол окуя экен да. — Укум-тукумга өлбөс мурас калтырган экен го кайран киши, — Ошондой киши да өттү го бул жалгандан. — Кантсе да кайран кишинин өмүрү сая кетпептир го, — деген кобур ээледи дөңдөгү жыйынды. — Эми дастандардан угалы, — Манас айтсын. Кыз Дарыйка кызык го. — Атантай жоомартчы? — Эр Төштүктү угалы. — Жаныш, Байышты. — Курманбекти.
— Азирети Аалы менен кыз Дарыйканын күрөшү кызык, — деген кобур басаңдай түшкөндө Боронбай бий: — Шаршеке мырза, Азирети Аалы менен падыша кыз Дарыйканын баянын билесиңби, —деп ырчыга карады. Ырчы комузун колуна алып, кулагын толгой: — Азирети Аалы Мукамбет байгамбардын төртүнчү чалыяры 8 Нээти казатта капыр падышасы кыз Дарыйка менен күрөшүп, мусулманчылыкка баш ийдирип үйлөнгөн экен. Алардан азирети имам Маади төрөлгөн, — деп үнүн жасай казалды баштарда: — Оо, азирети Аалы менен күрөшкөн кыз кандай болду экен, — деп бирөө үн катты эле. —Кандай экенин айтат да, чычкыңды тыя тур — угабыз», — деп бирөө тыйды. Ырчы адегенде комузда бир кайрык таштап, анан сапабат айтылуучу обон менен баштады. Бисмилла,
— деп мен бир сөз улайынчы, Күнөө болор жалган сөз кошпоюнчу. Аллага абалында ыклас кылып,
Андан соң мен бир кыса баштайынчы.
Өтүптүр Катран деген бир падыша,
Айтайын бул кысаны эл тыңдаса.
Кысага кулагыңдын курчу канаар,
Алдыртан ашык болуп даамын татар.
Кыз Дарыйканын ашкере сулуулугу, теңдешсиз балбандыгы сүрөттөлүп,
анан «ким мени жыкса, ошого жар болом» деген анын убадасына азгырылып, күрөшөм деп келген нечен балбандын тилектери таш каап, башынан айрылганын жомоктотуп айтып жатканда окуянын кызыгына, эл алдына нечен чыгып дасыккан дастанчынын окуяга жараша үнүн бирде шаттуу, бирде кайгылуу чыгарып, кубулжуткан өнөрүнө арбалган эл чай кайнамдан ашуун убакыт дем тартпай тымтырс. Акыры окуя кульминациясына жетип, кыз Дарыйка менен Азирет Аалынын кармашына келгенде угуп отургандардын айрымдары, өздөрү айтчудан бетер, тамактарын жасап, орундарынан копшолуп-копшолуп жиберишти. Дастанчы ыр жамгырын андан ары сабалатты:
... Алланын бергенине канааттанып,
Топ сыяктуу көтөрүп жерден алып,
Каарданып азирет Аалы айландыра.
Жиберди Дарыйканы асманга атып.
Аалы шер байгамбарды эсине алды,
Түшүндө аян болгон кабарларды.
Жерге тийип сөөгү күл болордо,
Колуна Дарыйканы тосуп алды.
Атындан айланайын, о, арстан,
Түшүмдө сени мага Кудай кошкон.
Тик гана аягымды жерге койгун,
Жыгылды,
— деп жүрбөсүн көргөн адам.
Муназа Кудайыма шүгүр деди,
Мусулман болоюн, — деп жооп берди.
Кудай бир, Кураным чын байгамбар ак,Деди да Дарыйка кыз динге кирди.
Жооттун бутканасын сындырганы,
Мечитти,
медресени курдурганы,
Үйрөтүп ыйман, ислам барча жанга,
Көңүлүн Аалы баатыр тындырганы.
Жараткан Кудай артык Аалы шерди,
Акылман, адилеттүү баатыр эрди.
Жыйылган алтын, күмүш дүнүйөнү,
Баарысын карыптарга бөлүп берди, — деп токтой үнү каргылданган Шаршеке ырчы кымыздан ууртаганда үнсүз уюп угуп отурган эл дуу эте: — Баракелде, атаңа ыракмат. — Байгамбар колдосун. — Азирет Аалы байгамбардын уулубу? — Уулу эмес, күйөө баласы. — Жок, чалыяры дебедиби, — деп отургандар кобурга өткөндө айылды кыялай келатканбуурул атчан, кызыл чийкил салабаттуу киши чогулгандардан он-он беш кадам алыс токтоп: — Ассалому алейкум, — деп салам айтты.
Fall into my trap :)
#25 07 Март 2019 - 01:08
Четтерээк отурган жигиттердин бири шып тура жолоочунун атын алып, арыраак сартбайлоодо турган эки атка кошо байлады. Жолоочу топко жакындаганда Боронбай бий жана жанындагы көк ала сакал эки карыядан башкалары ызаат кыла орундарынан турушту. Кызыл чийкил салабаттуу жолоочу түз өтүп, Боронбай бийге, ага катар отурган сакалдууларга кол бере учурашып, калгандарына көкүрөгүн баса таазим этти да, ак сакалдар жанынан ыйгарылган орунга отурду. Кызматчы жигиттердин бири серке чаначтан кара аякка кымыз куюп жолоочуга сунду. Кымызды кере жутуп жерге кое мурутун сылай отурган жолоочуга: — Ээ, Чолпонбай мырза, кандай, эл-журт тынч, мал-жан эсен турасыңарбы?
Кай жактан жол тартып келатасың? — деди Боронбай бий. — Кудаага шүгүр, бий аке. Тынччылык. Күңгөй жактан келатам, — деп аякты колуна алып, бошото жута жигитке узатты жолоочу. Күңгөй жакта кандай сонун сорпо кеп бар? — деди көк ала сакал карыя. — Көтмалдыдан кечөө чыгып, Эсенбайдыкына жете кондум эле. Кокондун сыпайлары айылга келип, Кармыш дегендин жалгыз атын тартып алмакчы болгондо Ормон баатыр үстүнөн чыгып, Кокон сыпайларына сонунду көрсөтүптүр.
Айтор кокондуктардын азабын колуна бериптир. Эмне болор экен, — деп эл кооптонуп турат, — деди Чолпонбай мырза. — Кокон, — деп жүрсөк, кокондуктар элди талаганга өткөн экен да. Дагы Алла тааланын атын айтып жүрүшөт имиш, — деп тунжурады Боронбай бий. — Кудай тааланын атын курулай айтып, кулкуну ачылган зордукчулар да, — деди күндүз кыюуланган малакай кийген, күрөң мата чепкенин желбегей жамына, кемерин бошото, малдаш урунуп отурган көгала сакал салабаттуу карыя. — Ормон баатыр сыпайларга кандай кордук көрсөтүптүр,
билсең айтчы, — деп обдулду отургандардын бири Чолпонбай жолоочуну карап. — Жок, Ормон баатыр аларды чекеге да черттирбептир.
Жөн эле аттарын тескери токутуп, өзүлөрүн да ээрлерине тескери мингизе чырмай таңдырып, ооздоруна чүпүрөк тыктырып, бир жигитке жетелетип, экинчисине айдатып Көтмалды чебинин дарбазасына киргизип жибериптир,
— деди Чолпонбай. — Ойдо жок жазаны тарттырган экен көпкөн немелерге. — Андан көрө бакан бастырса болмок. — Чылбыр салдырса болмок. — Көк ала койдой сойдуруп, аттарынан ажыратып, жөө кетирсе болмок деген кобур аралады отургандарды.
— Ажыдаардын куйругун басып албаса болду. Кокон жөн калбайт го, — деп сакалын сылай Чолпонбайды карады Боронбайга катар отурган карыя. — Ормон өйдө-төмөндү аңдаган амалкөй киши. Өз дараметин, кокондуктардын алын таразалап көрүп туруп ойлоду го жазаны, — деди жол жүрө чаалыгып келген Чолпонбай экинчи аякты бошотуп. — Ай, ким билет. Ордолуу журт Кокон оңой жоо эмес го, — деп кончунан мүйүз чакчасын сууруп, насвай ата Боронбайды карады катарында отурган карыя. Алгач бир сөз айтылгандан кийин тунжурап отурган Боронбай: — Кокон сыпайлары кызыл уук кылып айылдарыбызды чаап, кызыл кыргын салбаса экен.Ормон баатыр Коконду катуу кордоптур, — деди. — Мал-жандан кол жууп, катын-кыздарыбыз ат соорусуна салынып, олжо болот экен да, —деди калпагынын алдын түшүрө кийип, четтерээк отурган тытма кара сакалчан орто жаштагы чаар киши. — Коркпогула.
Кокондон күчтүү Орусия бар. Омбуга элчи жибергиле. Алар аскери менен жардамга келет, — деди баятан бери ар кимдин айтканына кулак төшөп, көөмөйүндө кыргыздарда улуттук аң сезимдин ойгоно баштоосунан кабар берген бул окуяны Омбуга тез жеткирүүнүн амалын ойлоп, кытмыр отурган Файзулла Ногаев. — Орусуңду койчу, абзий, орус, орус, — деп эле тура каласыз. Доңуз этин жеген капырларыңызды,
—деп жактырбаган тейде Файзулланын сөзүн какты ага катар отурган кызыл жүздүү, боюна тыкан кийинген, ак калпакчан, агыш пиязы кемселине кемер курчанган элүү ашып калган салабаттуу киши. Унчукпай ойлонуп отурган Боронбай бий артына бурулуп, насвайын таштады да, ак жүз аарчысы менен эриндерин сүртүп, оңдонуп отурду — Байсылда абзийдин айткандарынын да жөнү бардыр, — деп бир аз унчукпай тура сөзүн улады. — Ормон баатырдын иштегени бир четинен жүйөөлүү, бир четинен — кооптуу. Баатыр Коконго азуусун көрсөткөн экен. Антпесе эсирген сыпайлар төбөбүзгө чыкпайбы. Оо, Ормон баатыр Кокон менен бас талашууга даярмын деген экен го. Сыпайлардын ооздоруна тыгын тыгып, аттарына таңганы, Ала-Тоодо адепсиздикке жол жок дегени. Ээрлерин тескери токуп, тескери мингизгени,
эртеби — кечпи артыңарга, келген жагыңарга кетесиңер дегени. «Бали», эрдин эрдигин билбеген, Кудайдын бирдигин билбейт, деген кеп бар. Ныязбектин сегизинин чыгааны Ормон баатыр кыргыз бел тутуучу эр, — деди Боронбай бий. — Бар сөз го, бар сөз. Бир Кылжырдын балдарыбыз,
бар болсун, — деп сакалын сылады Боронбай бийдин аталаш агасы Кожогул карыя. — Ормондуку куру кайрат го. Колунда аскери болбосо, Кокон каптап кирсе эмне кыла алат. Силерди Кокондон да, Кытайдан да Орусия сактап кала алат. Тез атар мылтыктары бар, алыска түз тийчүү замбиректери бар, машыккан өнөрлүү аскерлери бар, — деп чебелектеди Файзулла. — Байсылда абзий, сиздин сөздөрүнүздүн да жөнү бар. Убагы келгенде көрө жатарбыз. Азырынча көлөкөгө тон бычкандан көрө, Коконго айбат көрсөткөн баатырды колдоп туралычы. Кыргыздын жаалын Кокон билет. Ормон да ошого таянып тур. Кокон азыр бизге каршы кол жибере албайт, муну да Ормон баатыр баамдап тургандыр. Неси болсо да Кокон кыргыздын азуусун көрүп койгону абзел болуптур. Кана жигиттер, кымызыңардан бир сыйра кыдырткылачы,
— деп жигиттерге кайрылды Боронбай бий. Бир сыйра кымыз сунулуп отургандардын кобуру басаңдай түшкөндө: — Оо, дигер маалы болгон тура, кана эмесе бата тилейли, — деп Боронбай бий. — Оо,жараткан,
эл журтту айдан аман, жылдан эсен сактай көр, береке бейкутчулук бере көр. Кандын каарынан, кара өзгөйдүн дооматынан сактай көр, — деп алакан жайганда, отургандар жапырт бата тилешти. — Кана, айылга барып дигер окуйлу. Чолпонбай мырза бугун биздин өргөдө конок болуңуз,— деп ордунан тура Боронбай бий айылга бет алды. Отургандар жапырт ээрчиди. Сартбайлоодо турган аттардын экөөнү ээлери минип туура жакка тартышты. Чолпонбай мырзанын атын бир жигит жетелей, бийдин кермесине байлады.
Fall into my trap :)
#26 07 Март 2019 - 01:13
КООПТОНУУ Кокон ордосу. Диванхананын оюуланган оор эшигинин эки жагында куралдуу эки сарбаз. Эшиктен бир аз обочо ала топусуна жеңил чалма оролгон, этеги тилик көк бейкасам чапанына сайма белбоо курчалган, узун бойлуу, катыңкы кара сур бети сүйрү, тытма сакал, келте мурун,жүлжүгүй көздөрү кытмыр тиктеген эшик ага теспе жүгүртүп турат. Ичкериде хан алдында жашыруун кеңеш жүрүүдө. Диванхананын итабар бийик төрт тарабы төбөсүнө чейин ачык жашыл, мала кызыл түстөр айкалыша чыгыш орнаменттери түшүрүлгөн.
Алдында көгүлтүр перси килемдери жыш төшөлгөн. Төрдө хан тагында кыркты аралай электе толо баштаган эткел Мадалихан, башындагы алчыланта оролгон жашыл чалманын маңдайында таажы белгиси — алакандын отундай жашыл каухар — жаркырайт. Толмоч, ак куба жүздүү, кабагы чүңүрүрөөк,
куш мурун, коюу кара каш алдында сургулт көздөрү кайдадыр тиктейт, кыркыла тегизделген кара сакалына серпилген муруту куюлуша, текеберлүү кымтылган эриндерин алкактап турат. Алтын жип менен ноктолонгон күрөң кызгылт, жеңил чепкенин желбегей жамынган тик жакалуу ак кемселине селдесине түстөш кур курчалган. Сол ыптасында шам усталары соккон болот канжар, эки колун тактынын арстан сөлөкөттөрү түшүрүлгөн каптал жөлөнкүчтөрүнө бошураак таяп, сөөлөттүү отурат. Оң жагында тегерек көк ала сакал, кабагы бийик, узун коюу каштуу, тунарыңкы көздөрү ойлуу тиктеген ак селде ак чапан Кады кеңешчи — Омар хан убагынан бери такты алдында уялап келаткан Ордо ишмери. Сол жагында жашы Кадыдан кичүүрөк, сакалын ак жаңыдан аралай баштаган, сургулт селде чалынып, көк бейкасам чепкен кийген, көзү дайыма күлүңдөп турган митайым Ахмед кеңешчи. Андан төмөнүрөөк кабагы терең, дөңсөөлөнгөн коңкогой мурун чекир көздөрү өткүр тиктеген, жээрде сакал аскер башы Магзумбек; башында күрөң селде, кара кымкап чепкенине селдесине ондош кур курчанган. Өз баркын биле эркин отурат. Ага маңдайлаш жука ак селде оронгон, жеңил ак чапанына жашыл белбоо курчанган, жаны калыптанып келаткан сыйда сакал-муруту сыпаа серпилген отуздар чамасындагы куш мурун, кабагы бийик, наиб катчы Салим кулагына калеми кыстарылган,
колунда кагаз, сөзгө кулак төшөй илбериңки отурат. — Аллаяр таксыр, Бухарадан келген кабар өтө кооптуу Насрулла амирдин жаалы катуу сыяктанат...
— деп оюн толук айталбай жалтайлап, астыртан Мадали ханды карады Ахмед кеңешчи. — Ал касапчынын Кокондо эмне иши бар экен. Эч ким ага акарат көрсөткөн жок го, — деп алаканын жая, таң калгансыды хан. — Оо,... Таксыр, ал ханыша айым жөнүндө нааразы экен. Шариат... — деп оюн бүтпөй ылдый карады Ахмед кеңешчи. — Шариат десе. Ак нике бар да. Алла Таала кечиримдүү.
Шариат жолу анын амиринде, — деп копшоло сакалын сылай келме келтирген болуп, Мадалиге астыртан көз жиберди ордонун кыйырын баса келаткан Кади. — Албетте, албетте, шариат жолун унуткан киши жок да, — деп өзүн-өзү жубата тагына оңдонуп отурду хан. — Аллаяр тахсыр. Көңүл тынчыбай турат. Биздин ишенимдүү кишилерден Насрулла эмир Коконго чабуул жасаганы азырланып турат, деген кабар келүүдө, — деп обдулуп, бир аз эңкейе таазим этти аскер башчы Магзумбек. Ал сөзүн улантарда эшиктен табышсыз жыла басып кирген эшик ага үч бүктөлө ийилип: — Аллаяр ханыбыз, Бишкектен Алишербектен кат алып, атайын чабарман келди. Эшик алдында сиздин мархабатыңызды күтүп турат, — деди. Санаасы тынчыбай көңүлү бөлүндү болуп турган Мадали хан оң тарабындагы Кадыны карады. — Аллаяр, эмне кабар экен угалы, кепти анан улантсак дейм, — деди Кады. — Кирсин, — деп бурк этти хан. Эңгезердей узун бойлуу чабарман туулгасын башынан алып, үч бүктөлө түрмөктөлө оролгон кагазды алдыга суна: — Аллаяр таксыр, Сизге Бишкектен мартабалуу Алишер бек салам дуба жиберди, — деп бүгүлүп турду. Илбериңки кыймылдаган катчы чабармандын колунан катты алып, ага кете бер дегендей ишират кылды. Чабарман артына жылып чыгып кетти. — Оку, — деп катчыга колун жаңсады хан. Катчы түрмөктү этият жандыра: «Улуулардын улуусу, адилеттиктин ээси Алла Таала өзү сүйүп бак берген Таксыр ханыбыз сизге алыскы Аркада адал кызмат өтөп жүргөн Алишер бин Захриддинден астейдил салам дува жолдоймун»,
— деп катчы үнүн кубулжутту.
Бишкек чебиндеги абал, зекет салыктардын жыйналышы тууралуу баяндап келип бир аз тына төмөнкүчө улады: “Улууларды улуусу, өкүмдарлардын жылдызы Сизге бир өкүнүчтүү окуяны билдирүүгө мажбурмун. Сизге ар дайым адал кызмат өтөп жүргөн букараңызды кечиргейсиз”,
— депкатчы кагазга бир аз тымызын көз жүгүртө ханга көз кырын жиберип, токтой калды эле, хан: — Оку! — деп демитти
Fall into my trap :)
#28 09 Март 2019 - 22:04
Автор,жаз эми. Эн жакшы чыгарма. Эн сонун жазылган. Рахмат,батыраак жаз. Кимдин чыгармасы экенин да маалымдап кой.
#29 12 Март 2019 - 03:38
Но паник) я была в краткосрочном отпуске, без компа ) сейчас все будет.
Fall into my trap :)
#30 12 Март 2019 - 03:50
— Касиеттүү Кокон ордосунун адилеттүү бийлигин кордогон, адепсиз ээн баш окуя болду. Тоо арасында, Көтмалды чебинен айылдарга барып салык жыйнап жүргөн сыпайларды аттарына тескери мингизе таңып, ооздоруна мата тыгып чепке жеткизип кетишиптир.
.. —дегенде
— «Эмне дейт, жапайы наадандар», — деп безге сайгандай зирк этти Мадали хан. — Аллаяр, ак сөз айтканыңыз, жапайы наадан бейнамаздар, — деп көшөкөрлөнө кошумчалады Кады кеңешчи, — аягына жете угалы. — Оку, айбан сыпат наадандарды, — деп сөзүнүн аягын жута буулуга обдулду хан. — Салыкчылар тоо арасындагы Эсенбай дегендин айлына барган экен. Салык үчүн элден малалуу учурунда катта кыргыз баштаган атчандар келип, бүлүк салыптыр. Алиги каттасынын буйругу менен хан бийиктигин кордогон адепсиздикти жасашыптыр. Алиги катта кыргыздын ким экенин сыпайлар биле албаптыр. Биз иликтесек, бугу уруусунда Боронбай, Муратаалы, Самсаалы бийлер, Өмүр, Балбай баатыр, Мырза деген таасирлүү шок жигиттер бар. Сарбагышта жашы улгайган Ныязбек бий, анын Бердибек, Бердикожо, Ормон, Ажы, Субан, Шатен, Кожобек, Ырыскулбек деген бек атанган сегиз уулу бар. Аталаш инилери Төрөгелди баатыр, Адыл эл ичинде барктуу дешет. Булардын ичинен өтө чыгааны Ормон. Ал өзү жуда катта киши имиш. Биздин урматтуу имам Ахбар ажы бул иште ээн баштык гана эмес, саясат бар жана мындай ишке Ормондон башка эч ким даай алмак эмес деп болжойт. Андай болсо Ормонду кармап жазалоо үчүн айыл арасына кол чыгаралы, деп ойлоп, сизден өтүнө албадык. Бизге бул жооптуу ишти жөнгө салып, Ормон өңдүү эл бузаарларды жазалоонун жолун көрсөтүүнү сиздин акылман көсөмдүгүңүздөн өтүнөбүз. Алла Тааладан, улуу урматтуу Аплаяр, сизге узун өмүр, мартаба тилеп, сизге, касиеттүү ордого адал кызмат өтөп турган бухараңыз.
Алишер бин Зухриддин.1218сана Раджап айынын 1күнү»
Кат окулуп бүтө, бир тынымга диванхананы наиб катчы кайра түрмөктөгөн кагаздын шыбырты угулган жымжырттык тунжуратты. Билинер-билинбес башын чайкай, сакалын сылаган Кады астыртан ханга көз кырын жиберүүдө. Көздөрү кытмыр күлүңдөгөн Ахмед кеңешчи бирде ханды, бирде ишенимдүү отурган аскер башчы Магзумбекти, бирде Кадыны карап, сүйлөгүсү келип турса да өтүнө албай ээрдин жалана жалтайлап турду. — Наадан тоолуктарга Кокон бийлигинин каарын төгөмүн! Магзумбек Лашкер башы, азырланыңыз, күчтүү кол менен Аркага! Ким болсо да Ормонду тирүү кармап келгин! — деп буулуккан Мадали хандын ачуу үнү тунжураган жымжырттыкта жаңырды. Хандын тейин байкаган айлакер Кады: — Аллаяр, арийне капаланганыңыз адилет. Бул калабалуу ишти басуу керек. Аркалыктарга касиеттүү Ордонун, улуу өкүмдар сиздин амириңизди туттуруу зарурат иш. КасиеттүүНарбото бий көтөргөн Ордонун акылман, жаангер өкүмдары Аллаяр хан сиздинбийлигиңизди Арка кыргыздарына таанытуу абзел иш.... Ойлонолу. Теңдешсиз акылман Аллаяр сиз тоолуктарды ооздуктоонун амалын табасыз. Ашыкпай акыл калчайлы... Бухарадан суук кабар келип турганы ойлондурат го сизди, — деп ызаат кылган сыяктана Мадалиге карады Кады кеңешчи. — Аллаяр таксыр, сиздин жарлыгыңызды аткарууга даярбыз. Кады кеңешчиңиз айткандай, быякта Бухара ызырынып турганда Аркага жүрүшкө чыксак, артыбызды душманга ачып беребиз го, — деп Кадынын оюна кошулгансыды аскер башчы Магзумбек. — Аллаяр өзү көрүп турат да баарын бизден жакшы. Мен жанаарак айттым го, — деп далысын күйшөп оңдонуп отурду Ахмед кеңешчи. — Ормонду кармап келип зынданга отургузуу керек, — деп бурк этти оюнан кайткысы келбей ыргылжың турган хан. — Оо, Аллаяр, туура айтасыз. Бухара бир жагынан, тигинтип кожолордун иши болбой,кытайлар демитип турганда Ормонду колго түшүргөнүбүз оң болоор. Күч колдонбойлу, Аллаяр, — деди ойлуу отурган Кады. — Ха... Эмне дейсиз! Хан бийлиги тебеленсе, биз көздү ачып-жумуп отура берелиби, — деп зирк этти Мадали. — Оо, Аллаяр, кечиргейсиз. .. Сиздин ачууланганыңыз биздин акылыбызга жол ачат, бизге дем берет. Албетте Ормонду колго түшүрүү керек. Жол издейли, Тайлак баатырдан кийинки коркунучтуу киши Ормон. Ал козголсо тоолуктар жапырт атка минет. Аркадагы бугу, сарбагыш, саяк, черик, солто, саруу, кушчу уруулары Тагай бий — Мухмамед Хайдардан тарайт. Демейде бири-бирине кыр көрсөтүп турса да, түбү ынтымактуу, жоо дегенде баары жапырт аттанышат. Калың калмакты кууп чыгышпадыбы жергесинен. .. Ойлонуп көрүңүзчү. Ормонду сыйга Ордого чакырып, «көзүн тазалоого» болот эле. Бул да бүтпөс жаңжалга алып келер бекен, — деп Кады оюн бүтө электе: — Анда эмне, жайына коелубу?! Бара-бара Арка колдон чыгат да, — деп алаканын жая Кадыны карады, аргасы түгөнгөн Мадали хан. — Таксыр, Арканы колдон чыгарбоонун бир гана амалы бар. Кыргыз урууларын баш коштурбай бир-бирден колго алуу керек, уруу башчыларына датка наамын, белек-бечкек берип, Ордого айланчыктаталы. Ана Ажыбек датка болгону Талас, Аксы кыргыздары Кокон амиринде.. — Аркадагы саяк, сарбагыш, солто, черик, бугу урууларын ушундай ык менен алалы деген ойду жактайсыз го, — деп жан жагына карады Кады. — Ормонду ... — деп оюн жыйноого аракеттенип, Кадыны карады хан. — Ормонго баарынан жогору «Парваначи» наам берип, Ордого чакырып, сый узаталы. Аркадагы салык, зекет камылгасын ошого тапшырсак, ал ордого жипсиз байланат. Буга Сиздин да көзүңүз жетип турат, Аллаяр акылман, — деп көшөкөрлөндү Кады. — Аа ошондой болсун, Жарлык даярдаңыз, — деп Наиб катчыга буйруп сүйлөдү Мадал хан. — Мына, акылман өкүмдар кандай айкөл! Караңыз, кыргыздар өзүлөрү айткандай «таш менен урганды аш менен уруп» ордого акарат көрсөткөн Ормонду сый менен уруп, касиеттүү алтын так алдына чөгөлөтүп, ордого кызмат кылдыруучу айкөл чечимге келди, — деп жайдарылана жанындагыларды карап ханга көз жиберди Кады. Хан оор жүктөн кутулгандай жеңилдене, такка оңдонуп отурду. Отургандар көшөкөрлөнө баштарын ийкешти, Бухара жөнүндө кеңеш уланды.

Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 12 Март 2019 - 03:55
Fall into my trap :)
#31 12 Март 2019 - 04:07
КӨҢҮЛ КУШУН ИЗДӨӨ
Эчкилүү төрдөн ылдый көк кашка тоо суусу жарып аккан кенен жайыктагы калың айыл казактын улуу жүзүндөгү малы да, эл ичиндеги кадыр-баркы да төп келген Мендибайдыкы. Жайдын толуп турган кези. Күн кызара кылкылдап, тоо кыркасына жашынып барат. Батыштан жанган кызыл алоо булутсуз, шаңкайган көгүш асманды каптай, улам жогорулаган сайын агыш кызгылтым тарта чексиздикке төнүп, аалам кереметинен кабар бергенсийт. Кеч көлөкөсү түшкөн көк шиберлүү жайыктагы айылда саандан кийин жайылган койлорду короого кайрып, козу улактарды көгөнгө байлаган тестиер балдардын, кыз-келиндердин кобур сөздөрү, шат күлкүлөрү кеч камынан кабар бергенсип, үйлөрдөн түтүн булайт. Айылдын өйдө жагындагы чоң ак үй, анын жанындагы үч ак өргө Меңдибай байдыкы. Өргөнүн бири коноктор үчүн, бири бүгүн күйөөлөп келүүчү күйөө бала үчүн атайын тигилген. Жети уулдун ортосундагы Мендибайдын кенжеси Уулбаланын бел куда теңи, төрө насили Сарсен султандын кенже уулу Мундузбектин күйөөлөп келе турган айылдын өйдө жагынан домбурага кошула обон салган бийик үн абаны жаңыртып, айрымдарды дүрбөтүп тышка чыгарды. Мундузбек мырзанын жигит башысы, эки күйөө жолдошу, эки домбурачы ырчысы менен Сарсен султандын, Мундузбек мырзанын Чынгыз хандан берки теги, байлыгы, мартабасы аны менен бел куда болгон Мендибайдын төрө насилине тең келген байлыгын, кадыр-баркын, перизаттай назик, тал чыбыктай бурала бой тартып келаткан, моймолжуган кумар көз сулуу Уулбала кыздын сын-сыпатын айтып жар сала шаан-шөкөт менен атайын көтөрүлгөн өргөгө келип түшүштү. Мендибайдын бешинчи келини, сөзгө жүйрүк, сын сыпаты келишкен, ыр-күүгө ынак Шолпан баштаган кыз-келиндер, айылдын тандамал жигиттери күйөө тарабын каада менен тозуп алып, өргөгө киргизишти. Амандык сурашкан сыпаа-сылык сөздөргө аралаш: — Ойбай, куйе баламыз көрүнмөйдү гой. Ал мырзаны өзүм бир короинши. Көрүндүгү даяр, көрсөтүңдөрши маган, — деп шаңкылдады Шолпан келин. — Женгей, калай дейсиз, төрө насили Мундузбек оңой ак көринмөйди гой. Аны издеп таапалыңар. Ал өзү басып келүүшү каралардан эмес гой, — деди жигит башы. Ата салты боюнча тектүү жерден келген күйөө баланы кыз-келиндер издеп барып таап, шаан-шөкөт менен ээрчитип келип өргөгө кийирип, даам сыздыргандан кийин тамаша башталат. Оюн-тамаша башталгандан бир аз өтө, колуктуну киргизип, жүз ачар расиминен кийин кыз оюну башталат. Азыр Шолпан баштаган кыз-келиндер домбурачы ырчыны ээрчитип, күйөө бала келүүчү жактагы белести аша Мундузбек мырзаны издеп жөнөштү. Каш карайып калгандыктан айлана бүдөмүктөнүп, боолголонбойт. Адырдын аркы бетине өтүштү. Эч караан көрүнбөйт. Ары барып, бери келип, каткыра күлүп күйөө баланы издеп жүрүшөт. Көрүнбөйт. — Күйөө бала таарынып кайра айылына кетип калган го. Таппай чарчадык, — деп каткырды тамашакөй келиндердин бири. — Ойбай, мен мында жатырмын гой көрмөйсүңме? — деп дарылдаган үн чыкты коктунун таманынан. — Жатыр экен гой, хахаха. Жатмаганда нетеди шамасы солай болса, — деди келиндердин бири. — Жатыр экен гой, тири экен гой эркемиздин күйеси, — деди дагы бирөө. Кыз-келиндер каткыра күйөө бала жаткан жерге келишти. — Неге мынша шакылыктадыңар, — деди күйөө баласынын осолдугуна сына түшкөн Шолпан келин. Атын чылбырынан кармап соксоюп отурган күйөө баланын колунан өөп: —Бар бол, саламат бол, эр жигит, — деп баркын көтөрө колундагы чылбырын жигиттердин бирине берип, сүйөп тургуза айылга алып жөнөдү. Жасалгалуу өргөнүн төрүнө жайылган дасторкон күйөө баланын, эки жагында эки такыялуу кыз жезденин кулагын чоёбуз, деп тамаша айта шыңгыр күлүп отурушат. Ачыга түшкөн күйөө бала аларга деле көңүл бөлбөй, чий боорсоктон уучтап оозуна жибере курсак убарасында. Тегерек бет, маңдайы кууш, каш кирпиги куйкул сары, жүлжүгүй чекир көзү тамактан башкага кайдыгер, жалпак мурун, түйрүк ээрдин сары түк баскан, суусар тебетейчен, кара лампук тик жака кемселине курчанган кемер курун бошотуп шорулдата чайдан ууртап, үздүккөндөй боорсок сугунган Мундузбекке кыздардын кылыктанган тамашасынын тиешеси жоктой. — Ойбай, жездемиздин карыны катты ашкан экен гой, — деп шыңгыр күлүп, курбусун карады кыздардын бири. — Солай гой, кулагын чоймок тургай, үзүп алсаң да балдыз жөрөлгөсүн билер эмес го, — деп күлдү экинчиси. — Мына, бийкечтер, күйөө баланы кыйнамаңыздар, — деп салабаттуу күйөө жолдош жигит эки күмүш урпуяны таштады кыздардын алдына, Мундузбектин осолдугун жымсалдап: —Расми жасоо күйөө жолдоштун вазийпасы го, — деп кошумчалады да: — Домбранды чалсаңчы, тамаша куруп отуралы, — деп ырчы жолдошуна кайрылды. Домбранын бирде чалкып, бирде өзөлөнө өксөгөн мукам үнү көңүлдү эргите үй ичиндегилерди муютуп турду

#32 12 Март 2019 - 04:14
— Бали, баракелде өнөрүңө, — деген сүрөөн алдында дагы эки күү черткенден кийин, жигит башы күйөө жолдош: — Женгей, Мундуз султан жар көрсөк дейт, — деп Шолпанды карады. — Көрүндүгүңөр мол болсо азыр келет, — деп күлө бага Мундузбекти карады Шолпан келин. — Кызылдан дилде чачады го султаныбыз,
— деп астыртадан Мундузбекке көз жиберди жигит башы. Шолпан эки кыздын коштоосунда тышка чыга, бир аз убакыт өтө, жеңесинин жана эки кыздын алдында кериле басып Уулбала кирди. Орто бойлуу кымча бел, субагай буудай өңдүү, маңдайы жайык, ийилген кара каш алдындагы сурмалуу кара көзү моймолжуп, кырдач муруну, эптүү кымтылган татына эриндери, жумуру зэк алдынан кылайган ак тамагы көздүн жоосун ала көңүлдү кытыгылайт.
Башында кызыл тукаба капталып, талаа-талаа алтын жиптер менен ноколонуп, маңдайына бармак басым каухар таш чөгөрүлгөн шөкүлөнүн кырбуусун тегерете алтын үлбүрчөктөр кыздын ак маңдайын шөкөттөгөнсүп желбирейт. Көк тукаба чыптама, кош этек ак көйнөкчөн беш өрүм кара чачтары эки ыйыгына түшө, ажайып чырайына төп келген келишимдүү кызды көрүп отургандар дуу орундарынан турушту. Боорсоктон майга илип оозуна матырып турган Мундузбек турууга мурчасы келбей өчөңдөдү. Өчөңдөп боорсок чайнап, жер таянып турган, суусар бөркчөн, күмүш кемер курчанган, кара кемселчен куйкул сары жигитти Уулбала таң кала карап, дасторкон четинен аярлап төргө өткөндө, баягы жигиттин жанындагы орунду жаңсады жеңеси. Уулбала коомайлана сыңар тизелей отуруп, үй ичине көз жиберди. Баарынын эле назары жанындагы жигит экөөнө бурулгандыктан өмүрлөш болуучу кишим ушубу деп көңүлү сууй түштү. Колукту келе сунулган бир сыйра чай куйган келиндердин бири: — Жүз ачар расимин жасайт го күйөө бала, — деп Муңдузбекти карады. — Аа, жасаймыз, хазр, — деп коомай копшолгон күйөө бала кыздын шөкүлө бүркөнчүгүн ачканда, сулуунун капалуу суз чырайы көзгө урунду. — Ааа, солай экен. Акем айткан еди гой, жаксы катын болады, — деп ылжаң эткен күйөөнүн колун кагып, бүркөнчүктү өзү кайрып суз калыбында отурду Уулбала. Күйөө бала козголуп кыймылдаганча:
— Кана, алтын-күмүш чачылаңыз күйөө бала, — деп Мундузбекке карады келиндердин бири. — Аа, шашыламы, хазр, — деп күймөлө чөнтөгүнө колун салып бир ууч алтын дилдени дасторконго чачты да, — дагымы, — деп элейе жигит башыны карады. — Колуктунун башынан ылдый баарыны, — деп ылдый карады ыңгайсызданган күйөө жолдош. Уулбаланын шөкүлөсүнүн төбөсүнөн ылдый алтын дилделерди чубуртту күйөө бала. Этегине тизесине түшкөн алтын дилделерди дасторконго силкип таштап, суз калыбын жазбады Уулбала. Кыз-жигиттер,
келиндер чачылган дилделерди терип, үй ичин бир тынымга күлкү-кобур аралап турду. Күйөө жолдош Шолпанга жана башка кыз-келиндерге жүз ачар ыроолоп, тамашалуу сөздөр айтылып, күлкү чыкканы менен, үй ичин ыңгайсыз суз абал ээлеп, отургандар астыртан капалуу отурган колуктуга көз жиберүүдө. — Перизаттай аруу Уулбала менен төрө насили Мундузбек мырзанын урматына ырдап берейин, — деп домбурасын ырчы күүгө келтирди: Адыр-адыр жер басып,
Адырмак ашуу бел ашып,
Аргымак келет жүгүрүп.
Айдай сулуу жар көрүп,
Арзуу черин жазмакка,
Азамат келет жүгүнүп.
Будур-будур жер басып,
Будурмак ашуу бел ашып,
Буудан келет жүгүрүп,
Муунсуз аруу жар көрүп,
Мукабат черин жазмакка,
Мундузбек келет жүгүнүп.
Көгүлтүр көлдө көлкүгөн
Көйкөлгөн ак куу бар экен,
Көктөгү шумкар айланып,
Көрүүгө аны зар экен.
Каухардай сулуу Уулбала
Көңүлдү табар жар экен.
Көөнүңө кыздын толуучу,
Көркөм Мундузбек султан бар экен, — деп созолонгон ырчынын бийик үнү домбура ыргагына кошулуп, түнкү айыл үстүндө оболоп турду. Ырчы домбурасын кайра күүлөп:
Асманда ак жылдыздай балбылдайсың,
Боюнда дарыянын мажрум талсың,
Таруудай тал боюнда бир мүүнүң жок,
Анадан артык туулган кандай жансың, — деп көңүлсүз отурган Уулбаланы карай ырдаганда, кыз-келиндер, жигиттер жалпы үн кошо үй ичи жанды эргиткен ыргакка толуп турду

#33 12 Март 2019 - 04:25
— Курсант болдук мырза, менин денем чыйрыгып, табым болбой турат. Мага уруксат этиңиз,эс алып, табымды түзөйүн. Оюн эртеге да уланады го, — деп ордунан турду Уулбала. Кыздар жалпы ордунан козголушту эле: — Отуруп тамаша уланткыла, мени Шолпан жеңем узатып коер, — деп дасторкон четинен абайлап өтөйүн дегенде, отургандар жапырт ордунан тура ызаат менен үнсүз узатышты. Уулбала кеткенден кийин Шолпан менен жигит башы ыр ырдап канчалык далбасташса да тамаша улана албады. Конокторго табак тартылып, бата тиленгенден кийин, күйөө бала жолдоштору менен конок өргөсүнө өтүштү. Эртеси күн аркан бою көтөрүлө Уулбала Шолпан жеңеси менен айылдан жай баса жапыз белесчени аша серүүндөөгө чыгышты. Уулбаланын маанайы пас. Көзүнүн алды шишимек тартып китирейиңки,
түндө уктабай капаланып өткөргөн түрү бар. Башында үкүлүү көк тукаба такыя, ага өңдөш чыптамасынын эки өңүрүнө ак седептер тагылган, кош этек ак көйнөгү көлөч-маасысынын апкытын жаба суйсалат. Кайын сиңдисинин капалуу көңүлүн жубатуу үчүн: — Эрке тайымоо. Күлүп койчу, күйөөсү келген кызга окшоп, — деп колтуктан ала, — ырдап берейинби, — деп жайдарыланды Шолпан. — Калжыңынды койшы жеңгей. Кубана турган нерсе көрмөй турмын, — деп улутуна сөз улады. — Көңүлүмдө көп жакшы санааларды багып жүрө турган элем, баары күбүлүп түштүда калды, — деп улутуна жер карады Уулбала. — Көрүп турамын күйөө баланын али кагылбаган осолдугун. Жаш эмеспи. Төрө насили Сарсен султандын эрке уулу. Оңолуп кетет. Жашы өзүңө тең, тектүү жердин кулуну эмеспи. Ушундай бир топ келишкен күйөө болот дейсиң, — деп каткыра Уулбаланы кучактады Шолпан. — Жене баарына козүң жетип турат да, мени балача сооротосуң.
Эки аяктуунун урганы экен, ага өмүрүмдү байлай албаймын, — ден чечкиндүү унчукту Уулбала. Кайын сиңдисинин кандайдыр бир кайткыз чечимге келгенин туюп чочуй түшкөн жеңеси: — Ой бай калкам, не дейсиң? — деди. — Мен өз бактымды өзүм издейин деп тобокелге бел байладым жеңече. Калк аралаймын, —деп тунжурай алысты тиктеп турду капалуу кыз. — Калк аралаганың калай, кой андай ээн баштыгыңды.
Кайда барасың? Ата-энең эмне дейт. Калкам, кой антпе, — Шолпан кызды кучактай боюна тартты. — Казак жергесинде акем менен Сарсен султандын жаалына туруштук берер эч ким жок. Мен кыргыз жакка кетемин. Ал жакта менин көңүлүмдү таап коргоп ала турган киши бар.Укканмын жабыккан кыздын көңүлүн табар дөөлөттүү эрлер бар деп. Андан көрө мага эр кийимин камдап, агамдын керкашкасын токуп бергиле. Агама айтарсың — мени аясын. Атын берсин. Мени кыргыз тараптан издеп алсын. Кыргыздын мыктыларынын биринен табар, —деп улутуна жеңесинин кучагына ыктады көзүн жаш жууган Уулбала. Кайын сиңдисинин кайтпас боло көгөргөнүн туйган жеңеси: — Ойбай жан шоолам ай, ушундай айрылмак белек, — деп бетин баса жүйүртө отуруп, үнсүз буркурады. Жеңесин кучактай кайын сиңдиси жыгылды. Ошол тейде ыйлап муң төгүшө сырлашкан жеңе-кайын сиңди түш малында кайра келип, ээн өргөгө киришти......
Жайдын көгүш асманын чайыган сейрек булуттар кыймылсыз. Чыгыш жактагы аскалуу кыраңдан жаңыдан кылайган күн нуру төгүлгөн караган-арчалуу күңгөй торпунун кыя жолунда жалгыз атчан ылдый келатат. Ат жабдыгы келишкен омуроолуу жалы тайкы керкашканын жай басыгына төнө, буудай өңдү кара каш сулуу жигит отурат, башына кырбуусу тайкы көрпө тебетейди баса кийген, боз пиязы кемселине тайкы кемер курчанган. Такалуу булгары өтүгүн үзөңгүгө сүйөй темине, тизгин чылбырды жыя кармап, оң билегине бүлдүргөлүү камчысын иле ойлуу келатат. Болжолунда ашуунун оюна түшкөндөн ары кыргыз айылдары болууга тийиш деген оюн ар кандай жоруп, кыял туткунунда. Кээде кандайдыр бир кооптонуу менен боюн ичиркенте калат. Чатышкан санаа менен алпуруша, кокту таманындагы кечмеликтен өткөндө алдынан карп курп чыккан атчан кишини көрө сала боюн жыйнап: — Ассалом алейкум, агатай, — деп салам айтты. — Алекум ассалам жигит, жол болсун, — деп алик алды кара жалдуу чоң кула атчан, шыйрактуу мылтык асынган салабаттуу киши. Кара баркыт менен кыюуланган ак кементай ичиндеги кара кемселине окчонтойлуу, оттук киселүү кур курчанган, ак калпакчан, жайыктөш кара сурунан келген чап жаак, кырдач мурун, сакал-муруту бириндеген, кашы суйдаң,кабагы бийик, сурмасыз сургулт көздөрү жаш жолоочуну сынакы тиктейт. Бир тынымдан кийин: — И, кайдан келатасың жигит, жол болсун, кайсы айылга барасың? — деди ал. — Осы Шуй жагасында тагаларым бар эди. Шолорго бараткан жолум гой агатай, — деди жигит. — А, жакшы экен, буйрук менен жолубуз кездешти жигитче. Түшүп суу жээгинде даам сызышалы, — деп түзөңгө тартып атынан түшө, эки атты куюшкандаштырып, ээрдин тарагынан куржун алып жерге коюп, килитин чече дасмалды жерге жая бышкан нан, этти үстүнө койду да: — Кел, мындай отур, жигитче, — деп жылмайды, жаш жолоочунун өңү-түсүнөн, турпат кыймылынан кыз жышаанасын туйган кыраакы мергенчи. Жигит дасторкон четине чөгөлөй отуруп, курч бычак менен таш кордого бышкан кийиктин семиз карчыгасын кыя кесип аткан олбурлуу чоочун кишинин элпек кыймылына көз жүгүртө, өзүн тыкан кармоо аракетинде. — Кана, иничек эттен, нандан ал, ысмың ким, таанышып отуралы. Менин ысмым Алыбек, —деп эттен, нандан ооз-тийе, кол чаначтын оозун чечип, куржундан кырма аяк алып, кымыз куюп жигиттин алдына койду. — Ысмым Эркебай, — деп аякты ала бир жутуп, дасторкондун четине коюп, эттен, нандан ооз тийди жигит. Назик сыпатына, илбериңки кыймылына сынаакы көз жиберип турганАлыбек: — Эркебай иним, кымыздан шашпай ич, тамак же, түндөп жол жүрө чаалыккандырсың, —деп өзү эттен кыя кесип нанга аралаштырып жей отурду да, аяк бошотом деп сырдуу жигит шашпасын деген ойдо кол чаначтын оозун кайрып кымыздан кере жутуп, ага көңүл бурбаган болуп тамактана берди. Жолоочу жигит чынында чарчаган эле. Шашпай бир-эки тына аякты бошотуп: — Рахмет ага, чөлдөгөнүм басайды, — деп кесилген эт менен нандан сыпаа жеп отурду. Тамактануу аяктап калган кезде: — Эркебай иним, сырыңды аччы, колдоруңда шакектин издери турат. Кулактарыңда сөйкөнүн орду бар, кебетең назик кыз балага окшойсуң, же мен жаңылып турамынбы? — деп жылмайды Алыбек. Ичинен жыйрыла бир аз эндирей калган жолоочу боюн токтотуп кайраттана: — Жаңылган жоксуз ага, мен Аллага тобокел деп, өз тагдырына карсы келаткан кызмын. Максатыма жолтоо жолукса, өмүрүм мына канжар мизине байланган, — деп курундагы кындан эки миздүү канжарды алып алдына койду. Кыздын катаалдана мостойгон сулуу чырайында баарына кайыл сабырлуу тобокелчилик, учурунда чарт жанууга даяр өткүрлүк туюлуп турду. — Мына эми баары ордуна келди. Менден чочубаңыз. Бейкүнөө чымындын канатын да сындырбаймын. Канжарыңызды кынына салыңыз. Андан көрө жайыңызды толук айтыңыз,балким менден жардам болор, — деди Алыбек, бейтааныш жолоочунун сулуулугуна төп келген акылына, сабырлуу кайратына тан бере. Мергенчи кишинин арам ою жок экенин байкаган Уулбала: — Агатай рахмет, менин ысмым Уулбала, казактын улуу жүзүндөгү төрт түлүгү шай, байлыгына мартабасы төп келген Мендибайдын кызымын. Тагдыр экен — азып жүрмүн. Акем менен төрө насили Сарсен мен төрөлө электе бел куда болушкан экөн, калыңым бүткөн. Бой тартканы күйөөмдү көрө элек эдим. Төрө насили мыкты жигиттир, деп жүргөн үмүтүм чарт үзүлдү. Күйөөлөп келгенде анын жайсыздыгынан көңүлүм кайт болду. Аз күндүк өмүрүмдү жайсызга байлагым келбей, Кудайга тобокел деп бактымды издеп чыккан жолум осы агатай. Кыргыз жакка ооганым, казактын кай жеринде болсо да акем менен Сарсен султандын жаалына туруштук берип, мени калкалап кала турган киши жок гой. Кыргызда дөөлөтү, кайрат-акылы, мартабасы шай кишилер бар деп укканмын. Солардын бири көңүлүмө толор деген үмүттү аркалап келатырмын, — деп Алыбекке көз кырын жибердиУулбала

#34 12 Март 2019 - 04:33
— Жакшы кебиңиз бар экен, карындаш. Кыргызда дөөлөттүү мыкты кишилер бар, мен да ошолордун биримин, — деп жылмая Уулбаланы карап созүн улады Алыбек. — Биздин айылга жүрүңүз. Менин үйүмдө болосуз. Улуу жүздөгү досумдун кызы. Мерке жактагы тагаларына бараткан экен, жолдошу сыркоолоп кайра кетиптир. Мен жеткизип коёюн, — ден алып келдим дейм. Андан аркысын өзүңүз байкап көрөсүз, — деди Алыбек. Бата тиленип, Алыбек дасторкон жыйып, куржунун килиттегенге киришти. Уулбала ордунан туруп, ат үстүнөн куржунун ала, суу бойлой өйдө басып, дүпүйгөн мажүрүмталдын далдасына өттү. Алыбек куржунун килиттеп, ээрдин тарагына арта салып бекитти да, бул ажайып жолугушууну ар кандай жоруп төмөн басты. Суу бойлой төмөн баса бир аз жүрүп кайра кайрылып келсе токулуу аттардын жанында орто бойлуу кыргый көздүү кымча бел ажайып сулуу кыз күтүп турат. Башында үкүлүү кундуз тебетей, тик жака кара макмал кемселчен, кош этек ак көйнөгү көлөчө маасысынын апкытын жаба койкөлөт, маңдайы жаркын, ак куба субагай жүз, жаңы тууган айдай ийилген кара каштары, моймолжуган сурмалуу көздөрүнө төп келе, кырдач муруну, эптүү кымтылган татынакай эриндери көңүлдү эргиткен жолоочу кыз: — Кана, агатай, аттаналы, — деп жылмая каршы алды. — Бар бол, карындашым.
Мына Кудай кааласа тилегиң орундалат. Кел атказып коеюн, — деп керкашканы кыздын алдына тартып, этият колтуктап аткарды да, өзү чоң кулага шап мине, кылчайбай айылын бет алды.
Алдыда кара жалдуу чоң кула атчан, ак калпак, ак кементай, шыйрактуу мылтык асынган Алыбек шайбыр басык менен баратат. Артында керкашка жоргочон, кундуз тебетейинин үкүсү жай сыдырымына сеңселе, кара кемсел ак кош этек көйнөгүнүн этеги үзөңгүнү жаба көйкөлө моймолжуган сулуу кыз Кудай тобокел деп тагдырын издеп баратат. Күн кеч бешим. Асман ала булуттап, күн нуру кунарсыз. Кечээ Кулжалуу төргө түнөй ууга чыгып, таң саарындагы кийик оттомдо Чубатуудан кийик атып, олжолуу болушкан беш-алты атчан коктунун оозундагы айылга жакындап келатат. Зээри бийик, соорусу жайык, чаткаягы кенен, жалдуу чоң тору ат минген кең далылуу, олбурлуу киши обочо бастырууда, башында кара кыймалуу ак калпак. Боз пиязы чепкенинин арткы этеги чоң торунун соорусун жаба, өңүр этектери тизе алдына камтылган, асынганы шыйрактуу мылтык. Төшүн жаба жайкалган кара сакалы, сыпаа серпилген узун муруту, дөңүрөөк кырдач мурун, жаактуу карасур жүзүнө төп келе бул зор кишинин турпатына өзгөчө сүр берип тургансыйт. Ат тизгинин тыкан кармай, оң билегине булдурсун камчынын бүлдүргөсүн иле, эч кимге үн катпай өзгөчө ойлуу баратат. Жолдоштору көтөрмө бою артта өз ара кобурашып жай келатышат. Айылга жакындаганда Алыбек жолдошторунан озо тору атчанды жандай бастырып: — Баатыр, суусадыңыз го, үйгө кайрылып кымыз иче кетиңиз, — деди. — Айттырбай ойдогуну билгениңе рахмат, түшө кетели, — деди тору атчан. Бул — кыргыз ичинде төбөсү көрүнүп баатыр аталган Ормон эле. Атчандар айылдан өйдөрөөк тигилген Алыбектин тогуз канат ак үйүнүн жанына түшүштү. Аттар кермеге байланып, чөлдөгөн аңчылар үй-ээсинин коштоосунда өргөгө киришти. Үй ичи салттагыдай жасалгаланып, төрдөгү килем жабылган такта үстүнө үч кертим жүк жыйылып, үстүнө ак жаздыктар коюлган. Ак жоолугун оңдой салына, кара кемсел жашыл көйнөгүнүн этеги көйкөлгөн Алыбектин аялы ордунан тура төргө көлдөлөң салып: — Арбаңыздар, — деп көкүрөгүн баса келгендерди жылуу тосуп алды. Эпчи жакы жүк бурчунда отурган кара кемсел, кундуз тебетейчен кыз, ак кездемеге сайма түшүрүп отурган калыбында сыңар тизелей, көйнөгүнүн этегин тартып келгендерге көңүл бурбаган сыяктуу оңдонуп отурду. Киргендер жайланып отурган соң, Алыбектин аялы чоң кара көөкөрдөн кымыз куюп, адегенде Ормонго узатып, анан калгандарга сунуп чыкты. Биринчи аякты тынбай ичишип, экинчиси сунулганда Алыбек: — Баатыр козуга бата тилейли, кечирээк кетерсиңер, — деди. — Кымызга кара куурдактан өтөрү барбы. Козуну жөн кой, жүрө турсун буюрган суусун ичип,өмүр малга да, жанга да бирдей керек го, — деген Ормондун бийик үнүнө бурула астыртан караган Уулбала оттуу көзүнөн кайрат учкуну жанган кара сакал, кара мурут салабаттуу кишини көрө, негедир жан туюму түйшөлө селт этти, кайра ичинен өзүн кармай бейтааныш кишиге жылмая карады да, кирпигин дароо түшүрүп, экинчи кабак көтөрбөй саймасын уланта берди. Баатыр деп отургандын баары ийменгенинен улам, кыргыздын мыктысы ким экенин туюп тургансыды. Суйсалган тал чыбыктай боюнан махабат лазаты жанган, жаш сулуунун жалт караган кумарлуу көз карашы жан-туюмуна бүлүк салган Ормон: «атаганат эр жигиттин өмүр жолуна жарык төгүүчү асыл жар ушундай болсо» деген ойдо көңүлү эргий астыртан бейтааныш кызга көз кырын салып олтурду. Арыдан-бери кара куурдак алдыга келип, кымыз ичиле, ар кайсыдан кеп урулуп, кеч күүгүмдө коноктор аттанышты. Өзүн атказкан Алыбекке кайрылып: — Сен мени менен бирге бастырып, бир аз узатып койчу. — деди Ормон. Чогуу аттанышкан экөө топтон бөлүнө, катар бастырып баратышты. Айылдан бир аз узаганда: — Алыбек, бу сенин үйүңдөгү сулуу бийкеч кайдан? Жок эле го мындай карындашың, — деди Ормон. — Ээ баатыр, бу бир ажайып кыз. Казактын улуу жүзүндөгү айтылуу Мендибайдын кызы экен. Бел куда күйөөсү Сарсен султандын уулун чанып, эркек кийимин кийинип, кыргыздын мыктысына тием, деп качып чыгыптыр. Өткөн жумада аң улоодон келатып, ашуу түбүнөн жолугуп үйгө алып келгенмин. Ошондон бери үйдө, — деди Алыбек. — Дурус экен. Кыргыздын мыктысы ким экенин билесиң да, — деди Ормон. — Билбей анан, — деп күлдү Алыбек. — Анан эмне кабарлабайсың? — деди Ормон. — Малды көрүп олуя жолдон чыгыптыр, — деп каткырды Алыбек. — Калжыңды кой. Эртең жеткиз биздин айылга. Көрүндүгүңө, сүйүнчүсүнө каалаганыңды алдыңа тартам. Мен эртең өргө көтөртөмүн, — деп колун сунду Ормон. Алыбек кол алышып,айылына кайтты.

#35 12 Март 2019 - 04:43
АР КИМДИН ӨЗ ЫРЫСКЫСЫ БАР
Жашоо башатына жаңыдан гана кадам шилтеген он алты жаштагы кыз өзүнүн күлгүн өмүрүндө, жан-туюмунда баео ойгонуп, дүр эте жанган аялуу арзуусуна төп асылдыкты, аруулукту, бийик адамгерчиликти издеп ата-эне эркинен мойноп чыгышы казак-кыргыз ичинде илгери-кийин болуп көрбөгөн. — Капырай, казактан кыргызга күйөө издеп качып чыкканын кара.
«Кызыл кызыл кыялар,
Кыргый талга уялар.
Акыр заман болордо,
Такыясын колго алып
Кыз күйөөсүн кубалар», — деген Калыгул акылмандын меселин уккан жок белең. — Эмесе акыр заман болот экен да? — Кудай билбесе... — Аял затынан чыккан көй кашka го. — Балким аягы суюк немедир. — Койчу, жапжаш кыз экен, жаманга жоруба. — Он алтыдагы эле кыз экен капырай. — Ата-энеси кантип атат болду экен бечаралар. — Казактын чоң байы дейт атасы. — Ормонду таап келгенин кара. — Адегенде Алыбекке жолугуптур уудан келатканда. — «Бел куда күйөөмдүн жайсыздыгын көрүп, той түшүргөн түнү качып чыктым, кыргыздын мыктысына тийейин деп келатам» дептир. — Анан Алыбек Ормонго алып келиптирби? — Анан кимге алып келет эле. — Өзүчү? — 0 кокуй, Ормон турганда кайда, — деген айың эл чогулган жерде айтылууда. Атайы көтөрүлгөн аземдүү ак өргөнүн эпчи капшытына тартылган ак көшөгөдө бүркөнчүктүү шөкүлөчөн, көк макмал кемсели боюна кынала, кош этек ак көйнөгү сыңар тизесин жаба көйкөлүп, колукту отурат. Жанында көптү көрүп тиш каккан кадырман жеңе кыздын беш-бештен эки жагына өрүлгөн кара чачтарын сылай эркелете: — Укенай, сен баатырды көрүп жактырдыңбы? — деп жылмайды. — Арийне, көрдүм гой баатырыңызды. .. — деп сөзүн улай албай мукактана жеңени карап жылмайды. — Кандай, жактыбы көңүлүңө кыргыздын уулу? — Ой бай, жеңгей, несин сурайсыз, — Уулбала шыңгыр күлө жеңенин карысын кармады. — Неси болсун, алыстан арзып келгениңче бар бекен? — деди жеңе Уулбалага сынакы көз жибере. — Арзыганым акылдуу, келбеттүү, кайраттуу, махабат кушун издеп алыстан азып чыккан кыздын кол тийгиз аруу, акактай асыл, ак жибектей назик жан туюмуна жөлөк болуп, табы менен тууруна кондуруп алар киши эле гой. — Баатыр окшойбу ошол кишиге? — деди жеңе. — Ойбай жеңгей, жан сырымды аңтарып кирдиңиз гой. Энди кайтейин, окшойду гой. Айтайынбы, жеңгей көз кыйыгы өтө катты, жүрөктү селт эттиреди, — деп кыткылыктай күлдү Уулбала. Аңгыча эшик ачылып, үйгө жалгыз кирген Ормондун: — Бул үйдүн ээси бар бекен? — деген салмактуу коңур үнү угулду. Ак көшөгө бүлк эте чыккан жеңе: — Ботом баатыр уул өзүң эмессиңби, — деп жылмайды. — Аа, ошондойбу, а мен казактын айдың көлүнөн учкан ак куу Ысык-Көлгө конду, деп угуп аны көрөйүн деп келбедим беле, — деп күлдү Ормон. Көшөгөдөн бурала чыккан Уулбала шөкүлөнүн бүркөнчүгүн жаба: — Ак суңкар айланып учса ак куу кайда кашады, батыр, — деп суйсала басып Ормондун жанына келип, оң колу менен көкүрөгүн баса ийилип таазим этти Ормон бир тынымга үнсүз, кыздын келбетине көз жүгүртүп: — Анда ракым этиңиз, дидарлашалы, — деп бүркөнчүккө кол сунганда: — Ботом баатыр уул кантесиң, ырасмисин түзөп, анан дидарлашпайсыңбы? Бет ачарын бер,— деп күлдү жеңеси. — Болсун, — деп чөнтөгүнөн бир тай туяк жамбыны жеңесине карматты да, жан чөнтөгүнөн бир ууч күмүш теңге алып чыгып, Уулбаланын шөкүлөсүнүн төбөсүнөн ылдый чачып жиберип, бүркөнчүктү серпе сала, кыздын чырайына маашырлана жылмайып, ийнинен ийе тартып, бетинен өптү. Уулбала эреркей баатырдын көкүрөгүнө ыктады. — Күмүш тыйындарды килем үстүнөн терүү менен алектенген жеңе: — Каап, чачып ийбедиңби, кыздарды киргизейин, — деп алаканын шак эттирди жеңе. — Ойбай жеңе, теришип берейинби, — кытылдап күлдү Уулбала. — Жеңең өзү эле терип алат. Сиздин башка иштериңиз бар. Отуруңуз, жай алалы, — деп аюу талпактын үстүн жаңсады Ормон. — Батыр, сизден алда менин отурым осол болор, жана да бул үйдү меники дедиңиз, олай болса сиз бүгүн менин коногумсуз. Коногунан мурда үй ээси отурмайды гой, — деп күлдү Уулбала. Колуктусунун жүйөөлү сөзмөрлүгүнө ичинен ыраазы боло Ормон мандаш уруна отурду. Оң жагына ыктай Уулбала орун алды. Жеңенин алакан чапкан белгиси менен иймене кирген кыз-келиндер өз ара акырын күлө киришип, күмүш тыйындарды терүүгө киришишти. Эшиктен комуз үнү угулуп, кыз ойготоор күүсү көңүлдү терметти. — Аа, сыртта жигиттер бар тура. Жолдугун өтөп коюңуз, — деп жеңесине бир ууч күмүш теңге берди Ормон, тыйын терилип бүтө. — Кана эмесе, силер тиги өргөгө барып оюн кургула, Укен менен Баатырдын урматына, —деп кыз-келиндерди ээрчитип чыга жигиттерге баатырдын жолдугун берип, кайра келе дасторкон жайып, дүр-дүйүм даам койду. Чоктун табына бүкүлү бышырылган тоодактын эти бир табакта, өрдөктүн эти бир табакта, керчөө бир табакта. Оюулуу кара көөкөрдүн оозун ачып, кордолгон кымыздын тунмасын эки сыр чөйчөккө куюп, экөөнүн алдына койду. Шуулдай кайнаган ак самоор киргизилди. Ормон “бисмилла”, деп чий боорсоктон ооз тийип, кестиги менен тоодакты устукандамак болгондо: — Баатыр, сиз бүгүн бизде коноктосуз гой, мага бериңиз, үй ээсимин гой, мен жасайын, —деп жылмая колун сунуп кестикти сурады. — Жүйөөлү сөз го, — деп жеңесин жылмая карап, кестикти Уулбалага берди. Колуктунун назик жана илбериңки кыймылына маашырлана жеңеси кайнисин карап көзүн кыса жылмайды. — Кана, рахим этиңиз, — деп Уулбала табактарды эптүү жылдырып, кестигин кайра сунуп, Ормонго кайрылды. — Колго конгон кушка жемди табы менен мүнүшкөр берет. Сиз убара болбоңуз, мен милдетимди аткарайын, — деп эттен чүйгүндөп кесе Уулбаланын, жеңесинин алдына койду. — Ботом, баатыр уул, Укенди сиз дебей эле сен десең боло, — деп эттен ооз тийе кайнисин карады жеңе. — Мени бүгүн коноксуң дебедиби, конок үй ээсин сен дегени осол болор, азырынча сиз, —деп турайын, — деп күлдү Ормон. — Ойбай баатыр, сөз кезегин кетирмейди экен гой, — деп Ормонду карады, моймолжуган сурмалуу көзүнөн бакыт кумары жанып турган Уулбала. — Чөйчөктөгү насипти татпайсыңарбы? — деди жеңе. Ормон чөйчөктү шыпкай иче, тамагын кыра табакка кол салды. Уулбала татып көрүп, чөйчөктү ачууркана дасторконго койду. — Ич, ичегой, боюң жылып, табитиң ачылат, — деп өнтөлөдү жеңе. Уулбала чөйчөктөн бираз жутуп, ачууркана табакка кол созгондо: — Керчөөдөн ал, козунун керчөөсү, — деди жеңе. — Мына бу канаттуунун этинен татайынчы. Кайып ырыскы эмеспи, — деди Уулбала. Насип татылып, бир тынымга үй ичин ээлеген тынчтыкты: — Кандай дейсиз, үй ээси, казактын Айдын, көлүнөн учкан ак куу Исык-Көлгө эмес башка көлгө консо, мындай насип татат белеңиз, асмандагы тоодак менен өрдөктү атайын сизге арнап аттырып келдик, — деди Ормон, Уулбалага астыртан назар сала. — Рахмет баатыр, мен өзүмдү бактылуу сезип отурмун. Арийне Алла Таала буйруган насипти ар ким кайда болсо да татады го. Ар кимдин өз ырыскысы бар кой, — деди Уулбала. — А, ошондой бу, — деп ормое карады Ормон. — Солай баатыр, эп көрсөңүз эртегиден бир икая айтып берейин, — деди Уулбала. — Айтыңыз үй ээси, конок койдон жоош, бүгүн сиздин эркиңиздебиз, — деп карс-карс күлдү Ормон баатыр.

#36 12 Март 2019 - 04:50
Уулбала Ормонду астыртан жылмая карап алды да, аңгемесин баштады. — Күн чак түш. Падыша өзүнүн көлдүү, суу бүркүп чачыратмалуу чарбагында көрөр көз кичүү аялы менен дүйүм даам татып, көңүл кушун таптай бактылуу отурат. Асмандан тийген күн нуру бак арасынан дасторкон үстүнө төгүлө падыша менен падыша айымдын маанайлары жаркыйт. Ошол арада падыша асманда учуп бараткан өрдөктөрдү көрүп: — Анау кайда конмасын, атып акелип падыша айымга кебаб жасаб келиңдер, — деп буйруду жигиттерине.
Падыша буйругу эки боламы. Адис мергендер артынан абайлап конгон жеринен атып, кебеб жасап келип, падыша айымдын алдына коюшту. Булай сөөлөткө курсант боло, шарап татып, кебаб жеп куунап отурган падышанын көөмөйүнө адамдык манчыркоо толду көрүнөт: — Падыша айым, кандай дейсиң, сен менин аялым болгону үчүн асманда учуп бараткан канаттуунун кебабын татып отурсуң гой, — деди. — Рахмат, арине сизге жар болгонума бактылумын гой. Сойтсе да ар ким маңдайына бүткөн ырыскысын кайда болсо да татады гой. Мен да өз ырыскымды татып турмун, — деди айым. — Эзели бирөө сөзүн кайтарбаган падышанын намысы кайнап: — А, солай экен да, билмегенимди карашы. Сен башка адамдын жары болгон күндө да осындай насипти татмаксыңбы,
— деди падыша кекерлүү үн менен. — Арийне таксыр күйөөм, ар кимдин өз ырыскысы өзүндө гой. Алла Таалам насибине буйруган ырыскыны адам баласы кай жерде болбосун татады. Азыр да мен сол ырыскымды татып турмун, — деди падыша айым, өзү да окумал үлкөн адамдын кызы эле. Жүзүнө заары чыгып, текеберчилиги көкүрөгүн тепкен падыша: — Олай болсо анда ушу ырыскыңды өзүң таап же. Үч талак эттим. Оокат дунуеден канча кааласаң ал да чыгып кет, — деди колу калчылдап ачуусун зорго тыйып турган падыша. — Талагыңыз кабыл болсун, таксыр. Мен сиздин дүнүйө байлыгыңыздан бир пулга өтөр нерсе да албаймын. Өз кийим-кечем менен чыгып кете беремин, — деди кайраттанган падыша айым Салима. — Казыр кеткин, — деди ачууга ууккан падыша. Салима айым ордунан туруп тазим эте: — Күндөрдүн бир күндөрүндө,
Иншалла, мейман катары жолукканча соо болуңуз, таксыр, —деди да чарбактан чыгууга бет алды. — Кудай сендей катындын жүзүн экинчи көргөзбөсүн,
— деп зиркилдеп ордунда калды падыша.Алла Таала буйруган ырыскысына,
жан туюмундагы кебелбеген эркине, акыл дараметине,
адилеттикке ишеним арткан айым Салима падыша сарайынан чыккан тейде, шаардын көчөлөрүн арта акыл калчап, сабырлуу кетип баратты. Бешим маалы. Тар көчөлөрдүн бири менен кетип баратып, оң жагына назар салса, сынып жерде жаткан эски эшиктин алдында бети баштары жуулбаган чачтары өсүп кабагына түшкөн тестиер эки бала ойноп отурат. Салима айым жакын келип: — Саламатсыңарбы балдар, кимдин балдарысыңар?
Ысмынар ким? Үйүңөр кайда? — деди. Балдардын бири мурдун шор тартып, желкесин кашый: — Мен Шахриддинмин,
мунун аты Фахриддин. Сеит азанкечтин балдарыбыз,
үйүбүз мына ушул эшиктин ары жагында, — деди кийими адеми чоочун аялга таңгала караган абалда. — Жүргүлө үйүңөргө, мен кирип бешим намазын окуп алайын, — деп короого кирди. Чакан короонун ичи бир нече жылдан бери шыпырылбаган окшойт. Чамынды, акыр-чикир чачылып жатат. Короонун төр жагындагы жапыс эки терезелүү боз там ээсиз ээн тургансып томсорот. Салима эшикти аста ачып үйгө кирсе, чачы саксайып жоолугунан чыккан, кийим кечеси кир аял жыртык төшөк үстүндө отурат. Эшиктен киши киргенин туюп маңдайына колун серепчилей таң кала адырайды. — Саламатсызбы эже, бешим маалы өтүп баратат. Намаз окуп алайын, уруксат этиңиз, — деп көкүрөгүн баса таазим этти Салима. — Окусаң окуй бер, тигине турбайбы кумган, көрбөйт го, — деп бурк этти үй ээси аял. Салима эшиктен даарат ала кирип, чолоорок орунга кол жоолугун жайып намаз окуп бүтө, ушул үйдө туруктоону чечти, кудайга тобокел айтып. Намаз акырында адамдык бийик намысты бел тутуп, кудай алдында сабырын, кайрат кудуретин сурап ушул үйдө иштөөнү чечип бата тиледи да, аялга карап: — Эже, намазга жай бергениңиз үчүн кудай ыраазы болсун, рахмат. Бул үчүн мен сизгев кабыш кылайын, — деп босогодон шыпыргы алып, суу сээп, үйдүн ичин шыпырды, терезенин айнектерин тазалап, чачылып жаткан төшөнчүлөрдү жыйнай баштады. Бейтааныш аялдын илбериңки аракетинен үйдүн ичи жарык болуп, кеңейе түшкөнсүгөнүн байкаган үй ээси аял: — Ой, сен, ой карачы, биздин үй да ырас тура, — деп сары тиштерин ырсайта күлгөн болду. — Эже, силердин үйүңөр абдан дурус экен, азыр корооңуз да дурус болот, — деди да тышка чыгып дарбазанын жанына чейин суу сээп шыпырды эле, короо ичи да тазаланып кеңейе түштү. Муну байкаган үй ээси аял: — Ой сен жакшы катын экенсиң го. Корообуз да жакшы тура. Сен күн сайын келип иштеп турсаңчы, — деп жоолугунун алдына салааларын салып, башын тырмады. — Эже, сиз кааласаңыз мен сиздин үйдө кызматыңызды жасап берип жүрөйүн. Үйгө кириңиз,мен суу жылытайын, баш жууйлу, — деп жылуу ырай менен жылмайды Салима айым. — Аа, жакшы болот, башты жууса да болор, — деп үйүнө кирди аял. Салима айым арыдан бери очокко от жагып, кумганга суу жылытып, аялдын көптөн бери таралып жуулбаган чачын атыр самын менен жууп, кайра тарап өрдү да: — Эже, мага көрсөткөн кайрымыңыз үчүн, — деп үйүнөн кармай чыккан баштыгынан жаңы жоолук алып, аялдын башына салды да, күзгү берип:
Fall into my trap :)
#37 12 Март 2019 - 05:01
— Эже, караңызчы, кандай жарашат экен, — деди. Аял күзгүдөн жуулууп тазалана, жаңы жоолук салынган өз чырайын көрүп: — Ушундай эле болчумун дейм да. Сейит болсо мени ырайың суук, — деп тилдейт. Өзүчү, көрөсүң го келгенде кандай экенин, — деп күйөөсүнө нааразычылыгын билдирди. — Сейит күйөөңүз го, ал кайда? Эмне иштейт? — деди Салима аялдын сөзүнө ынанганын билдирүү аракетинде.
— Ооба, анын аты Сейит, эл Сейит азанкеч, — деп коет, деди аял. — Ал киши мечитте азан чакырабы? — деди үй-бүлөнүн жайын толук билгиси келген Салима. — Азанды билбей калсын. Ал эртең менен эрте эшегин минип токойго отунга жөнөйт. Мечиттин жанынан азанда өтөт го. Ошол үчүн азанкеч дешсе керек. Ким билсин, — деди күйөөсүнө анча ыраазы эмес экенин билдирген кыязда. — Эриңиздин табылгасы кандай? — деди Салима. — Табылгасыбы?
— деп жакасына кол сала колтугун кашый сөзүн улады, — отунун базарга сатып, ошого кечинде ун алып келет, ошол. Аны мен атала жасайм, ошол, кечинде жасайм, —деди аял. Салима айым убакытты бошко кетиргиси келбеди. Эшикте ойноп жүргөн Шахриддин менен Фахриддинди чакырып, суу жылыттырып,
баштарын жууп, киринтти. Ботко бышырылуучу казанды ачып караса, күндө бышырылган ботконун кырмычыгы кырылып жуулбай үстүнө бышырыла бергенден улам казандын ичи тарый берип, эки-үч аяксуу баткандай гана орун калыптыр. Аны кырып, жууп-тазалап,
очокко асып, даярдады. Болгон идиш-аяктарынын абалы да казаны сыяктуу экен. Аларды да жууп, иреттеп коюп: — Эже, мына караңыз казанды, идиш-аяктарыңызды кечки боткого даярдап койдум, — деп аялга карады. Ал жуулуп-тазаланган казанды, идиш аяктарды аңырая карап: — Ушундай болчу эле дейм да. Эмнеге эле казандын ичи тарып баратат десе, өлүгүңдү көрөйүндүн кырмычыктары калың болуп калган тура. Ырас кылдың, — деп ырсая күлүп, Салимага карады. Салима аялдын жанына отуруп, өзү башка шаардан келгенин, бул шаарда иши бүткөнчө болорун аңгемелеп отурду. Күн кылкылдап, шаар четине жашына баштаганда көчөнүн башынан көк эшекчен, эскирген шырымал чапанынын өңүрлөрү далбактап, эшектин омуроосун жаба, тер баскан эски малакайын баса кийген, куш мурун, үрпөйгөн кара каштуу, чуңур кабак алдындагы кызарыңкы көздөрү күлүңдөгөн орто жаш киши келатат. Кыясы бүгүн табылгасы түзүк го: оң канжыгада баштык салаңдайт, сол жагына аркан көтөрмөлөрү байланган. Эшегин кыдыңдатып балдары ойноп отурган өз короосунун эшигине келе тизгин жыйды. — Тообба, бул эмне, балдар меники дейин десем бети-баштары таза. Эшик меники дейин десем, таза шыпырылган.
Жок, меники мындан ары, — деп эшегин темине ары жөнөдү. Атасы үйүнө токтобогонуна таң калган балдары артынан чуркап: — Ата, оо ата, кайда барасың, үй быякта эмеспи, — деп кыйкырып артынан чуркашты. Атасы балдарын таң кала карап: — Ой, менин балдарым, силер чырайлуу экенсиңер го. Мен билбептирмин да. Эшик алды да таза — не болду силерге? — деп таң калды. — Оо ата, бизге бир эже келди. Үйдү, короону тазалап, жыйнады. Терезелерди жууду. Апабыздын башын жууп, жаңы жоолук салды. Көрөсүз го апабыз кандай сулуу болуп калганын. Жүрү үйгө, — деп кудуңдашты балдары. — Кудая тообба, бул ким болду, же тиги тыштагы эжеси келдиби. Бирок ал мындан өткөн шалакы эле. Ай, кайдан, — деп күбүрөй, эшегин тепеңдете үйүнө келди Сейит азанкеч. Короонун ичи шыпырылып тазаланган,
эшегин байлоочу акыры да таза экенин көрө айрантаң боло, эшекти акырына байлап, канжыгадагы баштыгын чечип бир колуна кармап, бир колуна шапалагын сүйрөй үйүнө кирди. Үй ичи мурдагыдан таза, жарык, ал эмес кенейе түшкөнсүйт.
Төшөнчү-орунчу ирээти менен жыйылган. Төрдө жаңы жоолук салынып, чачы өрүлө, өңү-башы тазарып отурган аялы: — Ии, келдиңби салпайган неме. Ай, ушу сага тийбегенде,
— деп кергиштеди.
Оозуна сөз кирбей элейген Сейит азанкеч капшытта колун бооруна ала таазим этип: — Келиңиз үйүңүзгө, арбаңыз, төрүңүзгө өтүңүз, — деп турган бейтааныш сулуу аялды көрө, эмне дээрин билбей, шалдайып турду да, казан-аяк жакка өтүп, ун салган баштыкты жерге коюп, үйдүн терезе жак капшытына аркасын сүйөй шалдайды. Бир өзүнүн аялын карайт, бир бейтааныш аялды карайт, айран таң.
Fall into my trap :)
#38 12 Март 2019 - 05:12
— Эмнеге аныраясың? Бул аял биздин үйгө кызматчы болот, колубуз узарат. Сен отунду көп алып, унду арбын таап келип турасың, — деди көңүлү көтөрүлүп турган аял. — Эжем туура айтат. Мен силерге кызмат кыла турайын, башка шаардан иш менен келдим эле. Убактылуу турууга уруксат эткиле, — деп жайын түшүндүрдү Салима айым шалдайып турган үй ээсине. Сейит азанкечтин оозуна дале сөз кирбеди. Салима ордунан илбериңки туруп: — Эже, мен ундан тамак жасайын, — деп казан-аяк жакка өттү. Көп өткөрбөй беш-алты калама нан бышырып, унду кызарта кууруп, туз салып суу куюп, куурма чай жасады. Дасмал жайып үй ээлеринин алдына коюп эшиктен балдарды чакырып, бешөө тамакка отурушту. Үч маал ботко жеп күн көргөн үй-бүлөнү каадаланып нан менен чай ичкени асмандан ырыскы түшкөндөй курсанттыкка бөлөдү. Ушинтип Салима айым өз ырыскысын издөөнү кембагалдын үйүнө кызматчы болуудан баштады. Күндөр өтүп жатты чубуруп, эмгек менен алп уруша Салима айымдын күн бою жаны тынбайт. Эски төшөнчү-орунчуларды сөгүп, жууп, кайра каптады. Үй ээлеринин, балдардын кийим-кечелерин жууп-жамап, бойлорун тыңдады. Үй-бүлөнүн да көңүлдөрү көтөрүлүп, Салимага жардамдашып,
алдыдан жакшылык күтүп жашоого өтүштү. Отунчунун күнүгө алып келген унунан сарамжал тамак жасай жарымын үнөмдөп жууруп, жарым ай өтө дандырга нан жасап, балдарды базарга чыгарып соода жүргүзүүгө үйрөтүп, оокатты тирдей баштады. Жыйылган каражатты керектүү кездемеге жумшап, келишимдүү топуларды, сайма жоолуктарды жасап базарга чыгарып, Сейит азанкечти отунчулуктан соодага өткөрдү. Жыл айлана үй ичи кийим-кечелери оңолуп, үй-бүлө жапа тырмак колунан келгенин иштеп, бири бирине жөлөк боло ынтымактуу жашоо өкүм сүрдү. Эрди катын да, балдары да ушул аял үйүбүздөн кетпесе экен, деп тилешет. Салима айым баштаган соода-сатык алга жыла улам арбый берип, көп өтпөй киреше көбөйүп, жаңы курулган кенен үйгө киришти. Сейит азанкеч качырларга,
төөлөргө жүк арта кербен куруп, эки уулун ээрчитип, Багдадддан Мисирге, Шамга өтүп, кадырлуу чоң соодагер болду. Байлыгы, мартабасы артып, «Сейит мырза» атка конду. Үй-бүлө Салима айымды ыйык көрүшүп, айткандарын эки дедирбей аткарышат. Сейит мырзанын аты падыша сарайында да оозго алына баштады. Салима айым падышаныкынан чыкканда анын мейман сарайынын, суу бүрккөн чачыратмалуу көлү бар чарбагынын чиймелерин ала чыккан эле. Сейит байды падышага жиберип, шаардын четиндеги кооз жайдан жер бөлдүрүп алып, чыгаан усталарды, падышанын сарайын курууга катышкан белгилүү чеберлерди жалдап, эки-үч жыл ичинде падышанын мейман күтүүчү сарайына, көлдүү чарбагына куюп койгондой окшош ажайып жайды салдырып бүттү да: — Урматтуу кожоюн, сиз эмки бейшембиге падышаны мейманга чакырып келиңиз. Сиздин баркыңыз көтөрүлүп, чоң даражага жетесиз, — деди Салима айым Сейитке сынаакы көз жибере. — Салима айым, айтканыңыз эки болбойт. Барайын, бирок таксыр бизди теңине алып келер бекен? — деп арсарсыды. — Келет, ал сиздин байлыгыңыздын,
жаңы имараттар курдуруп атканыңыздан кабардар. Барыңыз, сый жагы биздин моюнда, — деп жылуу жылмайды Салима. Эртеси Сейит эрте туруп падыша сарайындагы мечитке намазга барды. Намаз окулуп бүткөндө падышага кол берип, эсендешти. Шаардагы бай соодагерлердин бири катары Сейитти падыша жактырар эле. Сейит байдын чакырыгын кабылдап, бейшемби күнкү намаздан кийин мейманга барууга макул болду. Күнгө бейшемби. Сейит байдын мейман сарайында, чарбагында падышаны күтүү камылгасы көрүлүүдө. Мейман сарайдын архитектурасы,
ички, тышкы жасалгасы кудум падышаныкындай жасалган. Килем, жаздык, төшөктөрүнүн,
такта отургучтарынын өңү, түспөлү падыша сарайындагылардан айрып алгыз. Фонтандуу көлдүн, эс алуу багынын да падышаныкынан айырмасы жок. Мейманды тейлөөгө шаардын мыкты ашпоздору, тейлөөчү, бийлөөчү кыздары чакырылган.
Бардыгы шаймашай, Сейит бай чыдамсыздык менен улуу урматттуу мейманды күтүүдө. Эки вазири менен түш оой келген падышаны Сейт бай өзү каада мененмейман сарай алдында тосуп алып, ичкериге кирүүсүн өтүнө таазим этти. Үй ээсинин узатуусунда имаратка кирген падышанын ичи тарый түштү. «Бул уятсыз соодагер мени менен атаандашууга өткөн экен да. Коё тур, мунун баарын өзүнө буздуртамын.
Жазасын колуна беремин» — деп ичинен кекенген падыша чарпаяга жай алып отургандан соң: — Урматтуу Сейит бай, бул жайларды кимдин долбоору менен курдурдуңуз?
Биздин шаардын усталары курдубу? — деди. Сейит бай колун бооруна алып: — Улуу урматтуу таксыр, биздин эжебиз бар, ошол киши курдурду. Мен соода иштери менен алек болом. — Бул жайлардын курулушуна тиешем аз, — деди бир аз сүрдөгөн калыбында колун бооруна ала
Fall into my trap :)
#39 12 Март 2019 - 05:21
Дасторкондо дүйүм даам татып отуруп: «Атаа, көрчү тагдырдын кыйчалыштыгын,
ушунун эжесиндей аялга үйлөнбөгөнүмдү карачы, андай болгондо мартабам мындан да жогору болмок экен», деген ойго чөмүлө көңүлкош даам таткан болуп отурду падыша. Падышанын улуулугун, акылмандыгын,
айкөлдүгүн көтөрө чалып кошомат сөздөр айтылып, шарап ичилип, аздектеп даярдалган ажайып даамдар татылып жатты. Аңгыча бою балкыган падыша серүүнгө чыгууну сунуш этти. Сейит бай жан-дили менен падышаны чарбактуу көлүн бойлото алып жүрдү. Ортосунда көлү бар, фонтандуу бакты аралап жүрө, падыша бул соодагердин өзүнө атаандашып жүргөнүнө айныксыз ишенип, эртең эртең менен чарбакты буздуруу керек деген оюна кайткыс бекиди. Фонтандуу, бак-дарактуу көл жээгин кыдырып жүрүп, фонтанга жакын чарпаяга отурушканда алдыларына өрдөктүн этинен жасалган кебаб коюлду. Падыша кебабдан ооз тийди да, бармагын билинээр-билинбес тиштей ойго батты. Вазирлеринин бири: — Таксыр, алыңыз, ажайып тамак экен, — деди. — Ракмат, ооз тийдим. Мындан беш жыл илгери талак эткен аялым эсиме түштү, ошондон бери мындай кебаб жей элек элем, — деп падыша оозун жыйгыча, баягы чарбактан чыгып кеткендеги жарашыктуу кийими менен суйсала басып фонтандан бери чыккан Салима айым колун бооруна ала: — Арыбай жүрөсүзбү, урматтуу таксыр, — деп таазим этип турду. Эч кимге ордунан туруп көрбөгөн падыша унчукпай ордунан туруп: — Кудаанын сүйгөн пендеси экенсиң, Салима айым, кел мындай менин жаныма, — деп ийилди. Падышанын жанына отурган Салима айым ортодо эч нерсе болуп өтпөгөндөй жылуу ырай менен : — Кебабдан алыңыз, асмандагы өрдөктүн этинен жасалды. Сизге Алла Таала буюрган насип ырыскыңыз, — деди айым. — Айым, бул сенин ырыскың. Мен сени менен ырыскылаш болуп отурганыма курсантмын.
Мен пенделик менен текеберленген экенмин. Орунсуз капа эткеним үчүн сенден да, Алла тааладан да кечирим сураймын, деди падыша, — деп Уулбала аңгемесин үзө, Ормонго жылмая карады. — Ушундай аялдар биздин заманда да бар болду бекен? — деп суроолуу жылмайды Ормон. — Оны теңирим биледи гой, бары-жогун. Сиз да кебебден алыныз, — деп кыт-кыт күлө: —менин аңгемем жактымы, баатыр? — деди Уулбала. — Дурус икая экен, албетте ар ким буюрган ырыскысын татат. Мен да падышадай жаңыла жаздаган экенмин го, — деп борс-борс күлдү Ормон. — Баатыр жаңылмадыңыз,
мени сынадыңыз го, — деп баатырдын тизесине чыканагын этият таяй кебепке кол сунду Уулбала. — Укенай, сен икаяны бүтүрбөдүң го. Салима айым падышага кайра кошулабы, же... — деди жеңе. — Аны Кудайым биледи. Кандайы дурус болор эле, — деп Ормонго жылмая карады Уулбала. — Тобо кылса Кудай күнөөнү кечер. Падышанын күнөөсүн Салима айым кечиргени оң. Сейитбай Салима айым куруп берген байлыгын күтүп өзүнүн аялы менен жашай берсин, — деп ойлуу жылмая Уулбаланы карады Ормон. Ак көшөгөнүн ары жагында керегенин үч көгүнө жете төшөлгөн мамык төшөк махабат лаззатын күтүп турду... Төрдө Ормон аюу талпак үстүндө, эр жакта Алыбек отурат. Күлө баккан маанайларынан улам агынан жарыла аңгемелешип отурушканын баамдоого болот. — Тартууң купулума толду. Ыроосуна каалаганыңды берейин деген сөзүм бар эле. Айтчы,Алыке,
эмне каалайсың? — деп жылмая карады Ормон. — Көөмөйүм эмнени кааларын билесиз го, баатыр, — деп күлдү Алыбек. — Билип жүрөмүн. Бойго ченеп алып жүргөн жарак эле, — деп Ормон сөзүнүн аягына чыга электе: — Ала-Тоого атайы арзып келген Уулбала да бойго ченелген жар болоор дейм, — деп күлдү Алыбек. — Аның ырас, өмүрүнө өбөлгө болуучу көңүл кушун издеп, тобокелге бел байлаган бийкеч бойго чак жар болор. Байбиче, кара келтени алып берчи, — деди Ормон. Төрдүн эпчи жагында эркектердин сөзүнө көңүл бурбаган болуп отурган, кырктан аша электе байбиче сөөлөтүн күтүп калган, ак саргыл, толмоч Кусубалды акырын шыпшына ордунан туруп, килем боорунда илинүү турган мылтыкты алып бере ордуна сабырлуу олтуруп, теспе тартуусун улантты. — Мына, Алыке, көңүлүңдөгүнү тартуулайын.
Дагы эмне каалайсың, баатыр акеси, — деп борс-борс күлдү Ормон. Алыбек ордунан тура ийилип, мылтыкты эки колдоп алды да: — Эми кааларым амандык, баатыр, — деп чыгууга ыңгайланганда,
Ормон: — Шашпа, баарлашып отуралы, — деди. — Баатыр, касиеттүү буюм колго тийди, үйгө барып түлөө өткөрөйүн, — деп ыраазылыгын билдире Алыбек айылына кетти. Жылоосунан кан тамган кандуу кара келте мылтык көксөп жүргөн көзгө атар мерген Алыбектин колуна тийди. Көзгө илингенин жазбай аткан Алыбек мээленгенине жазбай тийген кара келтеге түлөө өткөрүүдө. Түлөөсү түштөн болуп, кара келте ак келтеге айланып, ак жолтой болор бекен. Берген ээси Ормон ошондой ойдо болду. Кара келтени Ормондун курал-жарак жасоочу устаканасында кара чолок Дөңбай уста соккон. Ак албарсты ысытып, уу коргошун тунмасына сугарып, бургулап сай чыгарып бүтө электе кеч кирип, жарымына чейин бургуланган мылтыкты керегеге илип коюп, калганын эртең жарыкта бүткөрөм деп уста үйүнө кетет. Эртең менен ишин улантуу үчүн келсе бургу өзү буралып, мылтыктын сайы чыгып бүтүптүр. Сай чыгарылып бүткөн мылтыктын оозунан кан тамчылап турат. Уста бул укмушту Ормонго көрсөтөт. «Бул мылтыкты менден башка киши урунбасын. Кундагын келиштире жаса, устам. Мындай мылтыкты башка бирөөгө жасап берсең башың кетет», деп эскертип, Дөңбай устага тогуздап тартуу берген, деп эл оозунда имиш айтылат.
Fall into my trap :)