— Ханды өлтүрдү! — деген Көрөгөчтүн ачуу кыйкырыгы элди «селт» эттирди. Кыйкырыктан жалт карап, хандын капталына жая берген канды көрүп, алдастай калган Өмүрзакка: — Уулум, үйүңө алып жүр! — деп, Ормон хан чымырканып,
тизгин кага жөнөдү, Өмүрзак жандай бастырды. «Келатат, келатат... — Уккан экен да бечара», деген үндөргө удаа боз жоргонун шайбыры менен топту жарып келаткан ак элечек, кара кемселчен салабаттуу аял жарадар ханга жетип, аттан ыргып түшө: — Оо, кагылайын хан атам, — деп үзөңгү боолугун кармай, бутун кучактап, өксүп жиберди. — Кулан балам, жашыба, мин атыңа, үйүңөргө алып жөнөгүлө Өмүрзак экөөңөр, — деди хан. Жалдуу торуга кадимкидей калбаат отурган кызыл тебетей, кара кашка ыпчачан зор киши тизгин кага камчысын солбуп, топту көздөй бастырды. Топ жарыла жол берди. Бул анын эл аралап акыркы бастырышы эле. Кулан менен Өмүрзак жанаша бастыра артынан баратышты. Өмүрзактын тогуз канат ак өргөөсүнүн эр жаккы капшытына керегенин үч көгүнө чейин салынган төшөктө, бийик ак жаздыкка башын коюп, тепчиме ак топучан, жазы маңдай, каштуу бийик кабак алдындагы тунарган алагар көзүн ачып-жуумп, жүзү кубарып, сыйда серпилген көк ала сакалы төшүн жаба жарадар хан жатты. Элечегин алып, жоолук салынган Кулан үнсүз жаш төгүп, атасынын баш жагында отурат. Кошо аттанган Абыла туугандардан Дөөлөт, Сокур, Бөрү, Көрөгөч, Сатыкул үйрүлүшүп аяк башында. — Кулан балам, — деди көптү көргөн Дөөлөт, каны ичине өтүп уюса жаман болот, алып кел таза чылапчын, сууга оозумду чайкат, жарадан канды соруп туралы, кудайга карайлы, —деди. Дөөлөт, Сокур, Бөрү, Сатыкул төртөө алмак-салмак сорулган канды жез чылапчынга куюп турушту. Көз байланып, жылдыз толгон маал. Дем алуусу улам оорлоп бараткан хан көзүн ачып: — Дөөлөт, эми соруп убара болбогула, жөн койгула, жакын калды. Ыйман айт, Дөкө — деди Ормон хан. «Быссымылла ырахман ырайымды» угуза айтып, калганын ичинен күбүрөй үч ирээт дем салды да, ордунан туруп, Сокур менен Сатыкулга «тышка чыгалы» дегендей ишарат кыла сыртка жөнөштү. Кыраакы Дөөлөт хан керээзин кызына жалгыз айтсын деген эле. — Жаздыкты бир аз бийиктетип,
жаныма отур, балам, — деп боюн түзөгөн болуп, сөзүн улады Ормон хан. — Жеткен ажалга чара жок, балам, кайрат кыл. Өмүрүмдү балдарыңа бердим. Мусулманбыз.
Кудай кошкон куда эле, Боронбайды кечирдим. Дөңгө келип салам айтып, алымды сурады, болот, ошо кечиргенге татыйт. Өмүрзакка ыраазымын, мага жапкан кара кашка ыпчасын хан атамдын табериги деп өзү кийсин. Менин сөөгүмдү өзүң алып бар. Кайра кел, таш түшкөн жеринде оор, чүрпөлөрүң турат, — деп энтиге демин жыйып турду да, — Үмөтаалыга айт, ал эстүү, бирок өзүм билемдегенин коюп, элге баш болсун. Бугу, сарыбагыш эки бир туугандын балдары жарашып эл болушаар, жарашуунун ата-бабадан калган жөрөлгөсүн Шаменге кеңешишсин.
Адылга айт, Нышанын Мырзасына көз салсын, Жантайга ишенич жок эле. Төрөгелди мен деп жүрүп өлөр,— деп сөзүн бүтө албай «кыр» сунала түшүп көзү жумулду. «Атаке-ее», деген Куландын ачуу үнүнөн улам Дөөлөт, Сокур, Көрөгөч Сатымкулдарды ээрчий Өмүрзак да кирди. — Кулан, кагылайын, ыйдан пайда жок. Ханды жайына алып коёлу, суу, чоңураак чылапчын келтир. — деди Дөөлөт. Ак өргөөнүн эр жак капшытына тартылган ак көшөгөнүн ичине баш-аягына мом шам жагылып, хан жасанаты жайлашкандан кийин, Кулан тескери карап үн чыгармакчы болгондо: — Хандын жоктолуучу жери бул эмес, Кулан карындашым,
Ордосуна барганда жоктойбуз. Тиги үйдө мундуз Байсейит баш болуп 10 — 15 киши камоодо жатат, иштин жайын айтып, үйгө алып кел, ханды алып кетүүнүн камын сүйлөшөлү, — деп Өмүрзакка кайрылды Дөөлөт. Эртең менен күн көтөрүлө жол үстүндөгү үч ак боз үйдүн алдына жибек нокто катылган, жибек буйлалуу килем комдолгон Кара атандын үстүнө узата коюлуп арчындалган кереге килем менен оролуп, үстүнө алтындалган парчага оролгон Ормон хандын жасанаты, үстүнө кочкул кызыл килем жабылып, жөнөөгө даяр болду. Мундуз Байсейит, Дөөлөт, Сокур, Көрөгөч, хан койчусу болуп 15-20ча киши хан жасанатынын эки тарабында баштарын төмөн сала турушту.Үртүктөлгөн азем токулгалуу боз жорго мамыда, ээр токуму аялдарга ылайык дагы эки ат байлануу. Өргөөнүн эшиги ачыла элечегине кара тасма тартылган, жеңил кундуз ичикчен Кулан чыгып, элечекчен эки аял, эки жигит колтуктай, Өмүрзактын артына келип турду. Даяр турган жигит боз жоргону мамыдан чечип, Куландын алдына тартты. Өмүрзак колтуктап аткарып, атандын буйласын колуна берди. Эки аял эки жагында коштой аттанды. — Кулан, айланайын, көзүңө жаш албай жөнө, Кудай алдында ата-бабанын арбагы ыраазы болсун, — деп Байсейит алакан жая «Алло акбар» дегенде, Кулан аяр темине буйла чойду. Хан жасанаты каралуу орундан каалгый көтөрүлө узады...
Ордосуна узады.Турган эл жапырт аттанып, хан жасанатынын артынан жөнөдү. Өмүрзак чогуу аттанып,Куланга жанаша бастыра сүйлөшүп, бир аз узата кайра тартты. «Аялын ээрчип, кайын атасынын кунуна кетиптир» деген айыңдан сактанды. Үч боз үйдөн ары Түп суусун бойлоп Шатыга чейин шыкала отурган Боронбай бийдин, бугудан башка Алыбекке ыктаган саяк айылдары түнү менен жапырт жүк коюп, Кызыл-Кыя,Сан-
Таштан ары көчүп кеткен. Ээн журтта кара дөбөт чочойо улуп отурат, журт үстүндө кулаалы каалгыйт. Хандын сөөгүн узаткан каралуу топко жондогу айылдардан атчан кишилер улам кошулуп, калың эл узатып баратты. Кичи Ак-Суунун сол өйүзүндө калың айылдын карааны көрүнгөндө мундуз Байсейит алдыга чыгып: — Хандын жасанаты Ордосуна ыйсыз түшсүн. Жайына коюлгандан кийин, хандын каралуу туусу көтөрүлгөндө жоктоп түшөлү, — деди. Топтон бөлүнгөн Дөөлөт баштаган үч-төрт киши узата хан жасанаты ордосуна бет алды. Ханды жоктоочу эл калдая күтүп турду.
Хан Ормон Токтоналиев Жапаркул Хан Ормон: тарыхый роман
#202 09 Апрель 2019 - 23:23
upd
Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 09 Апрель 2019 - 23:27
Fall into my trap :)
#203 09 Апрель 2019 - 23:35
Каралуу Ордо. Эшиктин оң ыптасында айчыктуу кызыл туу, сол ыптасына түпөктүү найза сайылган. Ордонун кире беришинде найзасын кармап туулга, соот кийген эки жоокер турат. Калыгул аке башында Ныязбек бийдин сегиз уулу, тогузунчусу Түлкү баатыр эшиктин эки жагына бөлүнө баштарын ийип, аза күтүп турушат. Үчүке тукуму, азык, саяк, чечейден калың эл жарданып, үнсүз тунжуроодо.
Ордонун алдынан тосуп чыккан Саза Куландын колунан атандын буйласын алып, өзүн аттан түшүрдү. Кулан үн чыгарбай, эки аялдын коштоосунда чоң үйгө Кусубалды байбиченин үстүнө кетти. Кара атан «бук» эте чөгүп, Махмуд дамбылда баштаган төрт-беш даараттуу кишилер хандын жасанатын Ордого киргизип, шарият шартын түзөп жайлаштыргандан кийин, хандын туусунун алдына кара аза желеги көтөрүлдү. Жоктоо. «Эсил кайран» деген өкүрүк аба жара бута атымда күтүп турган түмөндөгөн калың атчандар текирең-таскак менен келип, ордонун эр жак капшытына түшүп, ханды жоктошту. Армандуу аза чуусу абаны термелте, теребел томсорот. Өкүрүк басыла бети-колго суу куюлуп, айлана тынчый, ордо үйдөн хандын жесирлеринин,
келин-кыздарынын,
атайын кошокчу аялдардын бири-биринен озо безеленген кошок үнүнө көптүн көңүлү бурулду. Кошок маркумду эскерип, сыйнат көрсөтүүчү жөрөлгөлөрдүн өзгөчөсү. Маркумдун адамдык сапатын, өмүрүндөгү өрнөктүү иштерин, жоомарттыгын,
айкөл кеменгерлигин жүйөөлүү көркөм жамактатып,
укканды кайгыга орток кылып, өрнөктүү өткөн өмүргө муютат. Бир оокумда жалпы ый басаңдай, муңкана созолонгон үн угулду. Бул кошокчулар бүткөндөн кийин бөлүнө чыккан хандын кызы Куландын үнү эле.Бул опосуз дүйнөдөн,
Пайгамбарлар баары өткөн.
Падышалар дагы өткөн. Ажат үчүн жан кыйып Атаке ай,Атантай жоомарт дагы өткөн.
Атакем,Пайгамбардан бата алган,
падышадан кат алган.
Кадыры өтүп калкына,
«Хан Ормон баатыр» атанган.
Калың кытай келгенде
Кашкарлык кожо кайрылып,
Жол сураган атамдан.
Кармашалы чогуу депКол сураган атамдан.
Хан атамдын каарына,
Кара калмак таң калган.
Омбудан орус обдулуп,
Достошууга кол сунган.
Кызматын кыпчак узаткан
Кылычын Кокон бошоткон.
Көрбөй жоосу багынган,
Алы жетпей Кокондук
Тартуу берип жагынган.
Азуусун айга бүлөгөн,
Айкөл атам Хан Ормон
Акылын элге үрөгөн.
Ажалы жетти аңдоосуз
Бир кылжырдын баласы
Аңдып турган бирөөдөн.
Кошок уланууда. — Бали, кыз болсо ушундай болсун! — Атасынын Никелей падышадан кат алганын айтып жатпайбы. — Кашкар кожосунун кол сураганын...
— Баракелде, баланы ушун үчүн тилейт кудайдан... — Ормон ханды тирилтип атат. — Сөз эмес бекен, — деген сөздөргө удаа казакча чалкыган Уулбаланын үнү угулду.
— Аруу сезим ойгонуп,
Айдай кыздын азганы.
Алаштан ооп атайы,
Арзып тийген хан күйөөм,
Ала-Тоонун арстаны.
Ак калпак кыргыз журтунун
Айтып бүткүс дастаны.
Кара кыргыз калкына,
Калканч болгон кеменгер.
Капилеттен акыл таап,
Жол баштаган айкөл эр.Каптап калың жоо келсе,
Кол баштаган жаангер
Ак айчыктуу хан туусу,
Текеликке сайылган,
Ормон окуу акылы,
Аңыз болуп жайылган,
Эрдик менен жоо жеңип,
Эл сактаган хан күйөөм.
Казак, кыргыз эки элдиТең сактаган хан күйөөм.
Хан, шахтарды жыйнатып Кара кыргыз калкыңды
Бек сактаган хан күйөөм.
Орус чеби Капалда,
«Нааме» жазган хан күйөөм.
«Казак, кыргыз дос эл» депДаана жазган хан күйөөм.
«Достук,
тынчтык, бейпилдик
,Урпактарга мурас» деп,Каада жазган хан күйөөм.
Ак айчыктуу хан туусу
Айчыгы түштү — жазылбайт.
Арзып тийген асыл жар,Арманы эч бир басылбайт...
— Бул да келиштире айтып өттү. — Бекеринен казактан арзып келиптирби?
! — деген үндөр. Уулбала менен Кулан алмак салмак үн сала кошуп, Ормон хандын элеси, өрнөктүү иштери көптүн кез алдынан өтүп турду. Сыңар тизелей камчы саптарын таяна, баштарын ылдый сала, калың эл каралуу аялдын, армандуу кыздын күйүтүнө орток болуп турду. Кырчындын оозунан ылдый тарта жол боюна чейин казканаттай боз үйлөр тигилип, мал союлуп, ханга топурак салууга келген эл коноктолуп атты. Ат-Башыдан билерман тун уулу Үмөтаалы, черик бийи Ажыбек баатыр, Чоро саягынан Келдибек, Осмон даткалар, Жумгалдан Дуулат, Эраалы, Чүйдөн Жангарач, Кеминден Жантай, Таластан Бүргө бийлер келип, бейшемби күнү түш оой Ормон хан түбөлүк жайына коюлду. Ормон ханга топурак салууга келген кыргыз бийлери, билермандары чоң үйдө каралуу байбиченин алдында куран окуп, үзүр-масир жай айтып отурушту. — Каранын ханы, хан кудам, кайран эр Ормон армандуу көз жумду, — деп отургандарды карай сөз улады черик бийи Ажыбек. — «Кыргызды бириктирем,
хандык курайм» деген туубуз жыгылды. Арты кайрылуу болсун, кыргыздын кыйыры бузулбасын.
Мында кыргызга баш-көз болгон «кара көз, ак көз» дегидей баарыңар отурасыңар.
Мен Боронбай бийге айткым келет. Кудай кошкон кара чечекей кудасы эле. Өлүмү ошол колдуу болду. Чиркин, бастырып келип бир ууч топурак таштабады. Эмне, «Ормон хандын өлүмү суроосуз калат» деп ойлойбу? Менин масилетиме көнсөңөр, Боронбайды чакыртып, көзмө-көз сүйлөшөлү. «Оруска өттүм»ден ханга салам бербей коёбу?! — деди. — Топурак салууга келбегени жанынын таттуулугу,
— деди Осмон датка Тайлак баатырдын уулу, Үмөтаалынын кудасы. — Жөөлүгөн чалдын жаны кимге керек. Эч ким тийбейт келсе, — деди Үмөтаалы. — Келсин, хандын кунун кантип толтурат экен, көрөбүз, — деп кайра сөз кыстарды атасын тарткан өткүр Осмон датка. — Бизге чабармандан кат жибериптир.
«Биз бир Кылжырдын балдарыбыз,
өз ичибизде тынышалы. Силер кийлигишпегиле» дептир, — деди Жангарач бий. — Ошондой кат бизге да келди, — деди кушчу бийи Бүргө. — Мына кызык, Ормон хан Кылжырга эле тиешелүү бекен? Ал жамы кыргыздын ханы, келсин сүйлөшөлү, — деп алгачкы сөзүн аныктады Ажыбек бий. — Ажыбек баатыр, сиздин айткандарыңыз ырас. Ошентсе да жамы кыргыз чогулуп бугу туугандарыбызды жектебейли.
Боронбай өзү жазган тура бийлерге «өзүбүзчө бүтөлү» деп. «Аксактын акырына кара» деген кеп бар эмеспи. Боронбай баш болгон бир ууч кишилердин азабын калың эл тартпасын, — деди Калыгул. Бийлер, билермандар ары калчап, бери калчап акылдаша, «элди бүлүнтпөйлү» деген Калыгулдун оюн туура табышып, куран окуп, Ормон ханга акыреттик жакшы жай, кыргыз элине тынчтык тилеп, бата тилей жер-жерине кайтты.
Fall into my trap :)
#204 09 Апрель 2019 - 23:37
ЬЬЬЬ что с этим сайтом что все тексты кромсает и автоформатирование адское, все редактуру мне сорвал!
Fall into my trap :)
#205 09 Апрель 2019 - 23:41
Ормон хандын Ордо үйү. Төрдөгү хандын оруну бош. Бош орундун оң тарабында Калыгул аке,сол жагында Токтор аке, Жаманжээн, Төрөгелди, Саза, аларга каршы тарапта уй мүйүз тарта Ныязбектин сегизбеги: Бердибек, Субан, Бердикожо Ажы, Шатен, Кожобек, Ырыскулбектер,
Адыл, Абыкан, Манде, Үмөтаалы жана Ормон хандын башка уулдары отурушат. — Көбүңөрдөн жолум кичүү болсо да, Калыке, Токтор аке, хандын ордосуна баш кошууңарды мен сурандым эле. Каранын ханы атабыз кара нээттин колунан мерт болду. Кеңешели дедим. Хандын куну кандай болот? — деди Үмөтаалы, улууларга көз жибере. Дөңдө отура өз үйүнө ок чыгарып, жазыксыз аялын атып өлтүргөн ырайымсыз жоруктары канкор атыктырган бул айлакер, татаал да, акылдуу да киши атасынын өлүмү үчүн алынуучу кундун, төгүлүүчү кандын ченин көз алдына келтире албай турду. Канча болсо да көксөөсү суучудай эмес... — Кеңешкенибиз дурус, кеңешели, — деп Калыгулду карады Токтор карыя. Сөз угуп, анан сүйлөгүсү келгенсип, Калыгул ойлуу отурат. — «Баланча бер, түкүнчө төлө» деп доо койгондой бул жөнөкөй каранын куну эмес. Каранын ханын өлтүрүштү. Боронбай, Балбай, Мырзаны кармап мууздагандан кийин кун сурайбыз, —деди Төрөгелди. — Баатыр туура айтат, адегенде желдеттин башын кесип, анан кун доолайбыз, — деди эр көкүрөк Ажынын уулу Абыкан. — Ханга кол көтөргөндөргө казап көрсөтөбүз.
Калың жасоо кайрыйбыз. Жантай бийдин түрү башка көрүндү. Үчүке тукуму, сарбагышка кирген азык, чечей, чагалдак, черик, Жумгал, Куртка саяктары кошулат. Тездейли, «урушта туруш жок» дейт, — деп курчунан кетти Адыл. — Шашылбагыла,
хандын керээзи бар тура, «сарбагыш, бугу элдешип, журт болсун» деген. Атайылап элчи жиберип сүйлөшөлү, «элдешүүнүн жайын Шамен ойлосун» деген тура. Шамен мырзанын сөзүн угалы, — деп төмөнүрөөк олтурган жашы көбүнөн кичүү, кагелес, сары чийкил, жээрде сакалы жайкалып төшүн жапкан, каштары коюу, чекирирек сурмалуу көздөрү ойлуу тиктеген кырдач мурун жигитти, Ныязбек бийдин иниси Куттуксейит уулу Шаменди, карады Токтор аке. Шамен сакалын сылай каада сактап оңдонуп отурду да. — Калыке, хандын керээзин уккандан бери ойлонуп жүрөм. Бул жөн эрдин куну эмес. Үч шарт ойлодум. Бири Боронбай, Муратаалы, Качыбек, Балбай, Өмүр, Мырза, Ногой, Качыбек баштаган 13 эрди чыгарып беришсин, көгөнгө байлап мууздайбыз,
ошону менен кун бүтөт. Болбосо миң жылкы, Боронбай, Муратаалы Качыбектердин кыздары баштаган жүз кызды, үртүктүү жорго мингизип, адеми торко кийизип, каркырасын кайрыбай чыгарып беришет. Бир жыл кармайбыз. Жаккандарын бүлө этебиз, жакпагандары кайра кетет. Үчүнчүсү бугу уругу Ысык-Көлдү бошотуп, Текеске биротоло ооп кетишет, — деди. — Өтө катаал ойлорду ойлогон экенсиң, Шамен мырза, — деди көптү башынан кечирген Токтор аке. — Бул шарттарың, Шамен иним, элдешип эл-журт боломун эмес, чоң алааматты баштоонун шарттары экен, — деди ойлуу түнөрүп отурган Калыгул аке. — Анан эмне, жарыктык, жөнөкөй эрдин кунундай эле, 300 жылкы доолайлыбы?
— деди Шамендин ойлору купулуна толо түшкөн Үмөтаалы. Калыгул терең күрсүнүп оңдоно отурду да: — Биздин туюмда тээ Искендер Зулкарнай, Чынгыш хандан бери ханга кун бычылган эмес экен. Элдин ишеними, убал-сообу — хандын куну ошо гана болот. Алтын ордо Кокондо, Хыйвада канча хан өттү. Эч бирине кун төлөнбөгөн,
күнөөлүүлөр гана жазаланган.
— Калыке, — деди Төрөгелди, — «ханга кун болбойт, күнөөкөрлөр жазаланат» дедиңиз. Кеп ошол күнөөкөрлөрдү жазалоодо. Хандардын өлүмү — согуштун себеби, Көлдү үч айланып чапмайынча көксөм суубайт. Хан агам үчүн өчүм канбайт, — деди Төрөгелди. — Күнөөлүүлөрдүн баштары кыйылат, — деди Адыл. — Баш кесерден мурда, Ормон хандын керээзин аткаралы. Сүйлөшүүгө элчи жибер, — деди, Жаманжээн кеңешчи. — Калыгул аке баштаган элчилерди жиберели, — деди Саза. — Мени жөн койгула, карыдым. Шаменди алып, Токтор, Жаманжээн, Саза төртөөңөр барып келгиле, — деди Калыгул. Ошол эле күнү элчилер Боронбайдын айлына жөнөп кетишти.
Fall into my trap :)
#206 09 Апрель 2019 - 23:51
КАЙЫНДУУ КЫЗДЫН ЫЙЫ Ормон хан өлтүрүлгөн түнү менен жапырт көчкөн Боронбай бийдин айылы Сан-Таштын аркы жайыгында отурат. Шамен баштаган хандын кунун доолап келгендер бүгүн эртең менен аттанышты. Камдалуу, жасалгасыз шашыла тигилген бийдин чоң үйүндө доочуларды узаткандан кийинки масилет. Төрдө Capт аке, ага улай улуулаша Муратаалы, Кожокул, Өмүр, Балбай, Тилекмат, Алибектер отурушат. Кабактары суз. — Кудай эле өзү сактабаса, калайыкты чоң калабага тушуктуруп алдык бейм. Алыбек иним, Ормон хан менен чырыңды өзүңчө бүтүрбөй, бизге келип элдин колтугуна суу бүркүп, убалга калдың. Балбай, качан болсо кайратың акылыңдан озуп иш кыласың. Анын азабын деле тартып жүрөсүң. Мына эми алааматтын өртү тутанды, — деди Capт аке. Чекесин таяна ылдый карап отурган Балбай үн дебеди. — Кыйын кыжалат иш болуп калды. Ормон өлөрүндө ушундай катаал керез айтып кеткен экен да, — деди Муратаалы Capт акени карап. — Кайдан, Ормон хан эр көкүрөк адөөлөт киши эмес беле. Ал «ажалым жетти», деп журт ынтымагын ойлоп кеткендир, — деди Capт аке. — Ормон журт ынтымагын ойло десе, жанагы жер чечегин безеген Куттуксейиттин куу кулагынын ойлоп тапканы. Балакетке тушуктук, — деп кончунан күмүш чегелүү чакчасынан алаканына көмкөрө бир чымчым насбай салып, таноолоруна тийгизе кайра катты Боронбай бий. — «Орус келет, орус келет» деп көкүтүп жүрүп мына бул ногой убалга калдыбы дейм? — деди ойлуу олтурган Өмүр. — Аа, келеди, келеди. Коркмаңлар,
мен Капалга жөнөймүн — бий акемиз айтты, солдаттар вентовкалары белан келадилар, — деп чебеленди Файзулла тыңчы. — Болор иш болуп, боёсу кангандан кийин анын өйдө-төмөнүн сүрүштүргөндөн не пайда. Андан көрө элди кантип сактайбыз, ошонун жайын сүйлөшпөйлүбү.
Элчилер: үч күн күтөбүз,жооп болбосо, өз убалыңар өзүңөрдө» деп кетпедиби. Акыл кураганыбыз оң го, — деп сакалдууларды карады, орундуу сөздөрү, ойлуу акыл-кеңештери менен элге төбөсү көрүнүп калган, бою шыңга, маңдайы жазы, коюу каштуу, сурмалуу көздөрүнөн акыл учкуну жанган, кырдач мурун, кер мурут, жүзү субагай, салабаттуу Тилекмат. Мурда төмөнсүтүп алик албай келаткан Муратаалы бий да ийигип калган, оңдонуп отура: — Кана, сен айтчы оюңду, «акыл жаштан чыгат» деген кеп бар эмеспи, — деди. — Сарбагыштардын үч шарты тең элдин намысын тебелеп, муундан-муунга келеке сөз калтырат. Кандуу кармаш болору айныксыз. Сарбагыш ичиндеги майда уруулардын баары: Курманкожо,
Кулжыгач, Чоро саягы баары биригип кол салат. Туруштук берүү кыйын. Туруштук бере албайбыз. Эң башкы айла орус солдаттары келсе гана бизге эч ким кол сала албайт; түбү орустан көп пайда көрөбүз. Байсылда тезинен Капалга жөнөсүн. Жок дегенде замбиреги менен тез атма мылтыктуу 40 — 50 орус келсе эле жетет. Ага чейин улуу жүздүн султаны Тезек төрөдөн кол суроо керек, — деди Тилекмат. — Тезек төрө кантээр экен. Ормон Илеге барганда ат мингизип, тон кийгизип, дос болду деп уктук эле, — деди Боронбай бий. — Аблай тукуму мансап көксөгөн, жан жыргатканга ынтызар, катын жандуу келет. Ошого жараша достугу да өзгөрүп турат, — деп сөзүнүн аягын бүтпөй, Боронбайды карады Тилекмат. — Аның ырас, бирок Тезек төрөнү кантип ийиктиребиз жана андан кандай жардам болот? —деди Боронбай. — Арбын мал сурайт го, паракор төрө? — деди Муратаалы. — Тезек төрөдөн «кол курап бер, бул калабада бугу тарабында бол», дейбиз. Бул чоң күч. Аны ийиктирүүнүн бир ыгы бар. Өткөн жылы жайында жайлоонун толуп турган кезинде биз жакка мейманга Муке абама, сиздерге келип сый көрүп жүрбөдүбү. Ошондо «жер көрөм»дегенине мен кошулдум. Биздин жайлоонун ажайып кооздугуна маашырлана,
көңүлү толуп баратты. Алдыбыздан жасалгалуу калың көч чыкты. Калдыбайдын көчү экен, көч алдында чакан элечек, жеңил кара макмал чепкенчен, жүгү жасалгалуу кара атан жетелеген байбичеден кийин, күмүш жабдыктуу, үртүктөлүү сур жоргочон, сур тукаба кемсел, үкүлүү кундуз тебетейчен,
беш тарам өрүлгөн чачтары алды-артына төгүлгөн, ак жүздүү, кара көз,кара каш, кырдач мурун, оймок ооз керемет сулуу кыз келатты. Калдыбайдын кызы Төрөтай сулуу экен. Бечара пендеде жок чырайлуу жан тура. «Ой пирим ой, мынау не деген керемет жан», деп кыздан көзүн айырбай, оозун ачкан Тезектин тизгини колунан түшүп кетти. «Төрөм, бизде ушундай сулуу кыздар көп» деп күлө, тизгинин аттын жалынан алып бердим. Көч узап кетти. Биз да жолубузду уладык. Ошондон кетер-кеткенче суусап, Тезектин оозунан «керемет» деген сөз түшкөн эмес. Мына ошол керемет сулууну Тезекке берип, төрөнү жетелеп алабыз, — деди Тилекмат. — Чырайлуу экени ырас, бирок кайыны бар, — деди Өмүр. — Кайыны болсо, калыңын кайтарып бердиребиз.
Калдыбай аке эстүү киши — калк башынакүн түшүп турганда баарына кайыл болот. Күйөө баласына калың бугудан каалаган кызын алып беребиз, — деди Тилекмат. — Оо, кокуй, төө кыядан өтүп кеткен. Күйөөсү келип жүрөт күйөөлөп. Жубан болуп калды го,— деди кызга туугандык жайы бар Нышанын уулу Мырза. — Жубан болсо, кайра кыз болсун, — деди Тилекмат Мырзага «Ормонго биринчи кол салган сенсиң» дегендей, сөздөрүнө басым коё. — Койсоңчу, жубан кантип кыз болот? — деди Мырза. — Тиктир! — деп зирк этти Тилекмат. — Эмне дейт чунак?! — деп чочуду Муратаалы. Төрдүн эпчи жагында эркектердин сөзүнө кулак төшөй өзүнчө отурган Алым байбиче башын көтөрө бийди карады да, кайра ылдый карап, бетин чойо шыпшынды. — Андай болсо төрөгө башка кыз тандайлы, — деди Боронбай. — Тезекке казактан кыз табылбай калды дейсизби, жарыктык. Кеп ошо көзү түшкөн кызда. Мен эртең Тезек төрөгө аттанамын. Башка арга жок. Бий аке, бүрсүгүнү Тезек төрөнү ээрчитип келемин. Калдыбай менен Мукем экөөңүздөр сүйлөшүп, эпке келтиргиле.
Кыз жагын жеңелери менен Мырза эпке келтирет. Тезек төрөдөн жардам албасак, элди кырып алабыз. Орустун качан келээрин ким билет, — деди Тилекмат. Боронбай, Муратаалылар жер карап, сөз токтоло, үй ичин кандайдыр ыңгайсыздык ээлеп турду. Сөздү улоого эч ким батына албады. Даамды унчукпай отура сызышты да, бата тилене, келгендер Тилекматтын акылына көнгөндөн башка арга жок экенине көңүлдөрү уюп аттанышты. Эртеси: «Улуу урматтуу төрөбүз жана башчыбыз Перемышльскийге.
Орус букарасы бугу манабы Боронбай, Бекмурат уулу, Муратаалы Бирназар уулунан Өтүнүч Силер келбедиңер.
Ормон Ныязбек уулу өлтүрүлдү. Сарбагыштар анын кунуна 1000 жылкы, Боронбай, Муратаалы, Качыбек бийлердин кыздары баш болгон 100 кыз доолап атышат. Биз андай кун бере албайбыз. Алар кол курап, бизди кыргынга салууга даярданып жатышат. Өз букараларыңар бугуну коргооңорду,
куралдуу аскер жиберүүңөрдү башыбызды төмөн ийип өтүнөбүз. Мөөрлөрүбүздү бастык: Боронбай Бекмурат уулу, Муратаалы, Бирназар уулу, Качыбек Шераалы уулу. 1855-жыл, баш оонанын он беши» деген катты алып, Качыбек Шераалы уулу Файзулла Ногаевди ээрчитип Капалга аттанды. Иленин башатындагы мөңгүдөн суу түшкөн тулаңдуу төр жайлоодо отурган Тезек төрөнүн айылына сарбагыш ичинде кадырлуу мундуз Байсейит баштаган элчилер келишкен. Сыйлуу конок болгон сарыбагыш элчилери эртең мененки чай үстүндө Тезек төрө менен aңгемелешүдө.
Чайдан ууртап, чыныны дасторконго коё, сакалын сылай сөз улады Байсейит: — Ормон хан кыргыз-казакка кадыр-кызматы өткөн каранын ханы эле. Экөөңөр үзөңгү кагыша казак-кыргызга катар кызмат кылган эрендер элеңер. Алыш-катыш достугуңар дабар эле. Ормон хан кара нээт кастыктын курманы болду. Кабарыңыз бардыр? — деди Байсейит. Арийне, биз Ормон хан экөөбүз дос эдик гой. Мен жуда капамын, — деди Тезек. Бугу туугандар хандын кунун төлөөгө тийиш. Алар деле кун төлөгүлөрү жок. Кол курай жапа чеккен сарбагыштарга чабуул койгонго азыр даяр турушат. Биз сизден, улкен улук султан, Ормон хандын досу катары жардам сурап келдик, кол кураганга жардамдашууңузду өтүнөбүз,— деди Байсейит. — Албетте солай болады гой. Алды мен андан Каркырага үй тигип, сендерди шакыртып кун алып беремин, — деп мурутун сылап, чай ууртады Тезек төрө. Аңгыча эшик ачылып, шыңга бойлуу, ак пиязы кемсели, ак калпагы боюна жараша, салам айтып кирген Тилекматты көрүп, каадаланып олтурган Тезек төрө ордунан ыргып тура: — Алейкума салам, баурым Тилек, — деп кучагын жайды; экөө айкалыша кучакташып көрүшүп отургандан кийин, Тилекмат Байсейитке баш ийкеп учурашкан болду. — Тилеке, калай, арымай-ашмай келдиңби? Калкың эсенбе, кадырлы бийлер Боронбай, Муратаалы ак сакалдар күүлү турамы? Калктын мал-жаны эсенби? — деп жапакечтене эсендик сурады Тезек төрө. — Эсенчилик болбой калды, төрөм? — деди Тилекмат сунулган чыныны алын, чай ууртай. — Аа, баурым Тилеке, кападарсың го, не болуп кетти? — деп аңкоосунду Тезек Тилекматтын эмнеге келгенин билип турса да. — Калкыбыз бүлүнүп, кайгыбыз күч, төрөм. Уккандырсыз Ормон баатыр өзү келип,кагылышта каза тапканын. Албетте өкүнүчтүү иш болду, тагдыры ошондой экен. Сарбагыш туугандар өнбөй турган кун доолап, элди бүлүндүрүп,
жасоо курап кыргын салганы турат. Бугу эли сүрүлүп, Каркырадабыз.
Сарбагыштар эртең-бүгүн чабуул койчудай; малыбызды тийип, тынчытпай жатат. Андан Текес, Кыязга кетчүдөйбүз.
Кетер алдында алиги көчтөн көргөн аманатыңызды берип кетели деп сизди чакырып келдим, — деди Тилекмат.
Fall into my trap :)
#207 10 Апрель 2019 - 00:00
Жүзү тамылжый күлүңдөгөн Тезек: — Оо, ал «аманат» сау-саламат жүрөмү? Ай, баурым Тилеке, жетиксиң да, унытпаган экенсиң, туйган экенсиң төрөңдүн көксөөсүн, — деди мурутун сылай. — Аманатыңыз соо-саламат.
Сиздей улук адамдын көзү түшкөн нерсе аманат да. Өз ээсине берели деп турабыз. Аманат мойнубузда кетпесин, — деп мостойо Тезекти карады айлакер Тилекмат. — Рахмат, Тилеке, сага да, бийлерге да, — деп жапалактады да, кайра мостойо: — Мынагу сарбагыш туугандар «Ормон хандын кунун төлөтүп бер бугулардан» деп келип турго, — деди Тезек төрө. — Ошого келген экенсиздер да, — деп Байсейитти карады да, кайра Тезек төрөгө кайрыла: — Төрөм, булар Кенесары ханга, Норузбай баатырга кун беришти беле? — деди. Намысына тие түшкөн жүйөөлү суроого буйдала түшкөн Тезек төрө: — Солай го, өзгө ханга кун бермей, өз ханыңарга кун доолаганыңдар калай? — деп Байсейитти карады. — «Оомалуу-төкмөлүү дүнүйө, ооп турат күнүгө, жардамды кудайдан тилейбиз» деп, — сөз жедирбеген Байсейит Тезектин алсыздыгын белгилей, бата тилеген болуп ордунан тура жолдоштору менен чыгып кетти. Тезек төрө бугу-сарбагыштын өз ара чатагын басуу колунан келбесин түшүнүп турса да, эки жагын тең опузалап, өзү колго түшүп турган пайданы көрөйүн деген ойго бекиди. Тилекматты сыйлап бир өргүттү да, эки жигит алып, ырчы-домбрачысын ээрчитип, үртүктөлгөн боз жорго жетелеткен Тезек төрө Каркырадагы бугу айылына жол тартты. Сан-Таштан өйдө жайыкта отурган айылда демейдекиге окшобогон кыз аткаруу камылгасы жүрүп жатты. Султан күйөө Тезек өзүнө атайын көтөрүлгөн өргөөдө кыз оюнсуз, салабаттуу бийлердин, айыл билермандарынын ортосунда. Өткөн замандагы кереметтүү акылмандар,
сынчылар, баатырлар жөнүндө өрнөктүү жана нускалуу окуялар айтылып, залкар күүлөр чертилип, казак өлөңдөрү айтылып жатты. Күйөө каранын бири эмес, Аблай урпагы болгондуктан,
кара аламан үй-бүлөдөн чыгуучу колуктуну тойсуз, тартуу катары берүүнү ылайык табышты. Султан күйөөгө тартуулануучу колукту Төрөтай сулууну башка өргөөдө эпчил жеңе желпилери «кам көрүп», султан күйөө ыраазы болгондой аракеттин үстүндө. Көз байланаар маалда сый тамак бүтүп, бата тиленгенден кийин, бийлер төрө менен кош айтышып, эртең менен келип өзүлөрү узата турган болушуп айылдарына аттанышты. Эртең менен күн чыга, Тезек төрөгө көтөрүлгөн ак өргөөнүн алдында салабаттуу бийлер, сөөлөттүү байбичелер,
кыздын ата-энеси, ага-туугандары жардана турушат. Тезек төрөнүн сымпоочтолгон ээрлүү жээрде аргымагы, күмүш токулгалуу боз жорго кермеден чечилип, чогулгандардын алдына туура тартылды. Өргөөнүн эшиги ачыла калдая басып, маанайы көтөрүңкү Тезек төрө, артынан тирүүлөй азап тарткан Төрөтай сулуу чыкты. Бүркөнчүк ичинде денеси солкулдап ыйлап турган кыздын тирүүлөй азап тарткан абалы аянычтуу эле. Тезек төрө кадырман бийлер менен кол кысыша коштошуп, тартуу купулуна толгонун билгизген болуп рахматты кабаттап айтып аттанды. Алдына тартылган боз жоргонун үзөңгүсүнө бут сала албай титиреп турган Төрөтайды жандаган эки жеңеси, ат суулуктаган жигит үчөөлөп колтугунан көтөрө ээрге мингизишти.
Эки жеңеси кошо аттанды. «Оомийин, жолуңар ачылсын» деген батага аралаш: — Оо, айланайын каралдым, сени ушундай каран күн үчүн туудум беле?! — деп үзөңгүгө жабыша боздогон эненин муңдуу үнү көптүн көзүнө жаш келтирди. Аргасы кеткен бийлер арга болор бекен деп кыз өмүрүн сайышты тобокелге. Өмүрү үмүт дайыма эле ордунан чыга бербейт тура. Султан күйөө үмүттү актабады. Кол курап жардамга келбестен «Каркырага он беш үй тиккиле, сарыбагыштар да он беш үй тиксин, —тартуу менен келишсин. Мен силерди жараштырам» деген кабар бугу бийлеринин шаабайларын суутту. Кун сурап доосуна жооп ала албаган сарбагыштар тынчытпай мал тийип, майда чабыштар күн сайын дээрлик уланып турду. Кызыл-Жардагы Боронбайдын там-тарагы бузулуп, бак дарагы кыркылып, тыптыйпыл болду. Тезектен үмүтү үзүлгөн бугулар болушунча өз күчтөрүн жыйнап, эми жардамды орустан күтүп атышты.
1855-жыл,
8-сентябрь.Боронбай бийдин зарыга күткөн күнү да келди. Тогуздун айынын башында Качыбекти ээрчип Хорунжий Лутчев баштаган куралдуу казак орус Каркырага келип, байдын айылын анөйдө чатырларын тигишти. Бий ойлогондой,
аскер башы төрө аксарыбашыл ай туякка да келбеди. Өзүн чакыртып тилмеч аркылуу бугу айылдарын чабуулдан сактоо үчүн келгенин, «каршы тарап» менен сүйлөштүрүп жараштырарын айтып, Үмөтаалы, Төрөгелди, Калыгулду келип жолугууга чакырган кат жазып, жол көрсөткөнгө ылайыктуу киши коштуруп, куралдуу үч жоокерин жиберди. Үмөтаалы катты окутуп, орустар каптап кирбей, кат жибергенине ичинен тынып:«Сүйлөшүүгө макулбуз, жакынкы күндөрдө барабыз. Өзүбүзчө акылдашканга убакыт берсин»деген жоопту берип, орус өкүлүн кайтарды да, барбай убакытты создуктуруп турууну чечти. Үмөтаалынын келишин күтө берип 20 күн өттү. Боронбай бийдин: «Алар келбейт, душмандыгын коюшпайт, айылдарын каптап кириңиз, биз ээрчип баралы өз колубуз менен»деген сунушун кабыл албай, «биздин мөөнөт бүттү» деп орустар тобу менен кайра кетип калды. Бугуну букаралыгына кабыл алса да, Кокон багынмайын кара кыргыздарынын жаңжалына кийлигишүүнү каалабаган орус бийликтери Боронбайдын кайгысына кайдыгер эле. Ормон хан өлгөндөн кийин, эртеби-кечпи кара кыргыздар эч кайда буйтай албасына алардын көзү жетип турган. Каркырадагы казак орустардын кыймылына тымызын көз салдырып турган Төрөгелди, Үмөтаалылар алар кетери менен «чабышчу жерге келгиле» деп күн белгилеп кабар жиберишти. Кан төгүшүү башталганы турду.
Fall into my trap :)
#208 10 Апрель 2019 - 00:07
ЧАБЫШ Киргил булуттар чулгаган кеч күздүн асманы күндүн көзүн бүркөп, томсорот. Асман түсүн коштогон Көл бети кара көк тартып түнөрө, толкундарын жээкке уруп, күрсүнөт. Союл, чокмор, найза кармап, кылыч байланган калың атчандар эки тарап болуп жардана удургуйт. «Оо, жээгимде өсүп-өнгөн ак көңүл, ишенчээк, эр көкүрөк кыргыздарым,
алааматка башыңарды тигип турасыңар, эсиңерге келгиле. Силерди алдуунун азгырыгы, уруу намысынын уусу жээликтирип турат. Бири-бириңерди өлтүрүп өлгөнүңөрдү тирилте албайсыңар,
бирөөлөрдүн колтугуна баш катып бактылуу боло албайсыңар.
Бугу, сарбагыш,жамы кыргыз уруулары бириңерден бириңер артык эмессиңер. Ынтымакка биригип, өзүңөрчө эл катары башкалар менен алакалашып эл болосуңар. Эсиңерге келгиле! Алдуулар байыртадан эле алсыздарды бөлүп-жарып бириктирбей,
бирден пайдаланып келген. Алар силердин тагдырыңарга кайдыгер, силердин көк кашка тунук суулуу, касиеттүү жериңер, көйкөлгөн көлүңөр керек аларга. Силер чабышасыңар,
кырылышасыңар.
Эч ким — орус да,Тезек да, Кокон да — жардамга келбейт. Силер кырылышып алсырагандан кийин келип бийлеп алышат. Силерди жараштыруу колдорунан келбейт, ата-бабадан калган ынтымак деген мурас эсиңерге келип, өзүңөр жарашасыңар.
Ага чейин канча кан төгүлөт, канча жашагат, канча бала жетим калат, канча аял жесир калат. Жашооңор түгөл мүшкүлгө айланат. Эсиңерге келгиле» дегенсип, күр-шар эте толкунун жээкке урат касиеттүү көл. Жардана удургуп, бүйүрлөрү кызып турган калың атчандардын назарына асмандын, көлдүн абалы илинер эмес. «Мына эми!» деп желиге удургуп турушат. Бир тарапта каруусу, кайраты күч, жоо качырган тоо жүрөк Төрөгелди, Адыл, Абыкан, «Жезчочмор» атыккан Манде баатыр, Аюуке, Майтыктар колдоруна найза, белдерине кылыч байланып, уруу намысына уугуп турушат. Экинчи тараптын алдында — Балбай, Өмүр, Ногой,Жанек,
Алыбек. «Ханыбызды өлтүрүштү, өч алабыз» деп кун көксөгөндөр,
«жерибизден кетире албайт, кыздарыбызды да бербейбиз. Орус букарасыбыз,
падышалуу журтпуз» деп, өлүмгө тике карачу эр көкүрөк жигиттер арбын. «Ыя, ошондой бекен? Атаңдын оозун...» деп союл көтөрүп жүргөндөрү андан да арбын, жөн эле аңыра чапкан жел өпкөлөр канча. Эки жактан удургуган түрмөктүү толкун каптоого даяр турат. Эки тараптын тең туу түбүндө журт башчылары отурат. Кимиси баштаар экен, кандай баштаар экен? Бул кандуу алааматты баштоого эки жагы тең даяр. Көкүлү шүйүлүп, куйругу түйүлгөн суйдаң жалдуу ойноктогон ак боз атчан, туулга, соот кийген олбурлуу Ажынын уулу Абыкан сарыбагыш жактан бөлүнө таскак урдура майданга чыгып: — Жекеге, жекеге! — деп кыйкырып турду. Бугу тарап бир аз күймөлө түштү. Ак боз атчан Абыкан: — Жекеге, катын бугу, чык жекеге! — деп айкырып турду. Бир оокумда көкүлү шүйүлүп, куйругу түйүлгөн көбүк чача алкынган жалдуу чоң торуну таскак урдура, атка куюп койгондой отурган Нанжебестин Ыстаны чыкты. Найзакерлер күү менен келип бири-бирине найза урушту, найзалар калканга тийип тайгыла кайгып өткөн эрөөлчүлөр кайра тизгин бурушту. Атынын оозу катуураак Ыстам узак чоюла кайрылып келатканда,
чукул кайрылган Абыкан Ыстам камынууга үлгүрө электе найза суна качырды. Муну көрө атайын абайлап турган бугу жигиттеринин бири качырып күү менен келаткан найзакерди капталдан урдурду. Аты жыгылып, өзү аягы менен тик түшкөн Абыкан аты урунуп, буйдала калган жигитти капталга сайып атынан түшүрүп, өзү атка минди. «Маматкул, Маматкулдаган!
» чуу менен сарбагыштар алдыга удургуду. «Белек, Белек!» деп ураан чакырып, бугу тарап да чабуулга өттү. Эки тарап кагылыша найза, кылыч менен «сүйлөшүүгө» өтүштү. Мерт болуп жыгылгандардын онтогон үндөрү, жанталашкан катуу кыйкырыктары абаны алаамат жаңырыгына бөлөдү. Тараптардын бири сүрүп, экинчиси сүрүлө уюлгуган чаң үч-төрт чакырымча бирде өйдө, бирде ылдый каптап, жан кыйган ырайымсыз салгылашуу кеч бешимге дейре созулду. Сарбагыштар санынын көптүгүнө салып кыса баштады. Бугу чегине согушуп, бешим оой салгылашуу өйдөлөп барып, Талды-Суу тарапка өттү. Каш карайганда кармаш токтолуп, тараптар өз жактарына кайтышты. Кутургудан тартып, Талды-Сууга чейинки муруттарын сербейткен эр өлүгү, азууларын аркайткан ат өлүгү үстүндө карга кузгун айланып, кечээ эле бейкут жаткан көл кылаасында үрөй учурган ээндик өкүм сүрдү. Кырчылдаша кырышып көк буусу чыктыбы? — эртеси кармашты уланта алышпады. Тараптар өлүктөрүн жыйнап келүү менен алек болушуп, айылдарды өксөгөн өкүрүк, муңканган ый каптады. Кандуу кыргын эч кимдин өчүн кандырып, өктөөсүн толтурбады.
«Көл толкуса мен токтотом,мен толкусам ким токтотот» деп, кандуу алааматка түрткү бергендердин бири Мырзанын башы кесилди. Уясы бузулган канаттуудай далбас урган эл дүрбөп, конушунан козголуп,мүшкүл тартты. Сарбагыштар Ат-Башы, Нарын, Кочкор, Жумгал, Суусамырга киши чаптырып, кайрадан кол салуу камын көрүп, бир жагынан тынч жаткан бугу айылдарына кол салууну токтотподу.
Бугу айылдарынын көбү Кызыл-Кыя, Сан-Ташка ооп, элдин жашоосун коогалаң коштоду. Орустун жардам берүүгө кош көңүл экенине көзү жетсе да, Боронбай бий жаңы кожоюндарынан үмүт үзбөй, аскер келишин зарыга күтүүдө. Эгин эгилбей, мал жайылбай көл жээги томсоруңку.
Fall into my trap :)
#209 10 Апрель 2019 - 00:14
* * * Сарбагыштар Сан-Таштан ары ооп кеткен бугу айылдарына капыстан кол салып, тынчтыкетирүүдө.
Боронбайдын кичүү аялын, эки келинин туткундап кетишкен, Боронбай бийзарыгып орус аскерлерин күтөт. Орусия көлдөгү букараларын коргоого шашылбайт. Анткени андан да бийик максаттары бар. Ормон хан өлгөндөн кийин бугу уруусу гана эмес, каракыргыз колунда экенине ишенет, «Коконду басып алып, Орто Азияны бүт ээлөө» деген империялык дымак анын бүйүрүн кызытып турат. Аскердик экспедиция менен катар,жердин,
элдин танабын тартып, ажайып кооз, байлыгына кол тийе элек жерлерди келечектекандай өздөштүрүүнү чечүүчү илимий экспедицияларды да уюштуруу зарылдыгын ойлонууда. 1856-жыл. Теке айы.Империялык орус географиялык коомунун Петр Петрович СеменовТянь-
Шаньский баштаганэкспедициясы Верный чебинен 15 казак-орус солдатынын кайтаруусунда чыгып, КөкМойнокто отурган Үмөтаалынын айылынын маңдайына чатырларын жайышты. Семеновдун максаты көл кылаасын, күнгөй, тескей тоолорунун жаратылышын изилдөө, ошондой эленемис окумуштуусу Гумбольддун:
«Чүй суусунун бир тармагы Ысык-Көлдөн агып чыгат»деген илимий аныктоосун тастыктоо эле. Кыраакы Семенов Үмөтаалыга винчестер мылтык, халат, баалуу кылыч тартуу менен казак орус есаулун жиберип, көлдүн аягын көрүүгө уруксат берүүсүн, өзүнүн достошуусун каалап тургандыгын билдирет. Үмөтаалы орус төрөсүнүн сыйлыгын кабыл алып, өзүн чакырбастан токулгалуу ак боз аргымакты тартууга жетелетип, көл жээгине өткөрүп келүү үчүн жигитинжиберди.
Орус төрөсүн көрүү үчүн келген Төрөгелдиге Семенов өзүн тааныштырып,
кыргыз элине, сарбагыштарга тынчтык тилерин, көлдүн аягын көрүп кайтууну кааларын билдирди. Төрөгелди баатыр Семеновго тынчтык менен келгендерге кыргыздын эшиги ачык, ниетитаза экендигин, курал көтөргөндөрдүн колун кагып коёрун айтты да, жигитине төрөнү кайсы жерге жеткирип барарын түшүндүрүп,
өзү айлына кайтты. Купулуна толгон ак боз аргымакты минип, Семенов жигиттин жана орус солдатынын коштоосунда Көлдүн аягы Көтмалдыга чейин барып, андан «Чүйдүн бир тармагы көлдөн агып чыгат» деген Гумбольддун тыянагынын туура эмес экенине көзү жетип келди. Кубанычы чоң, бул орус география коомунун дүйнөлүк илимге кошкон жаңылыгы эле. Айылдын четине бир өргүп, Үмөтаалы досуна жолуга албай, анын кайраттуу, өз баркын билген сөөлөттүү киши экенине ынанып, Семенов эртеси Верный чебине кайтты. Орус букарасы бугу уруусуна бул жактан өтүүгө болбосун түшүнгөн саякатчы, ал жакка келерки жылы ашуу ашып өтүүнү чечти. 1857-жыл.
Теке айы.Саякатчы Петр Петрович Семенов ашуу ашып, 15 казак-орус солдатынын коштоосунда СанТаштан өйдө Боронбай бийдин айылына келди. Эл чабылып, сандалып, Боронбай бийдин айласы кетип турган кез эле. Кызыл-Жардагы там-тарагын,
жемиштүү бак-дарактарын эки жылдан бери көрүүгө эки көзү төрт. Бирок жол тосулуу. Орусия өз букараларын талоондо калтырганын баяндап, «Орусияга ишенбегенде мынчалык алаамат болбойт эле» деген өкүнүчүн билдирди Боронбай бий. Орусия букараларынын башчысынын кайгылуу баянын кунт коюп уккан Семенов-Тянь-
Шанский кайгыны тең бөлүшөрүн билдирди да, Үмөтаалы менен дос болгону эсине келип, ага Боронбайдын үйбүлөсүн бошотууну сурап кат жазып, тилмечине эки солдат кошуп, Көлдүн аягына жөнөттү. Боронбайдын:
«Куралдуу солдаттарды бугу уруусун кайтарууга калтырсаңыз» деген өтүнүчүнө өзүнүн Жуукуну ашып, Сыр-Дарыянын башатын көрүүгө жөнөө үчүн келгенин, куралдуу кайтарык калтыра албай турганын түшүндүрүп,
Боронбайдан саякатка жол көрсөтүүчү киши, азык-түлүк, унаа берүүсүн өтүндү. Даярдык бүткөнчө эки өргүгөн Семенов Тянь-Шаньский бугу, сарбагыш согушу болгон жерлерди көрүп, жаңжалдын жайын, Ормондун өлтүрүлүш жагдайын сураштырып,
күндөлүгүнө жазып келди. Саякатчы аттанардын алдыңкы күнү тилмечи менен эки солдат Үмөтаалы «Семенов тамырын» сыйлап бошоткон Боронбайдын кичүү аялын, эки келинин ат-тону менен алып келип, үй-бүлөсүнө кошту. Петр Петрович Семенов-Тянь-
Шаньский аттанар күнү кыдык бийи Самсаалы келип, үч миң үйлүү кыдык уруусун өткөн жылы сарбагыштар Жууку ашуусунун эки жагынан тосуп кыргын салганын, эл кырылып, курал кармоочу эр бүлөнүн көбү өлгөнүн, өлгөндөн калган элин Каркырага апкелгенин айтып даттанды. Бийлердин айылдарды кайтаруу үчүн куралдуу жоокерлеринин жарым-жартысын калтыруу жөнүндөгү өтүнүчтөрүн аткара албай турганы үчүн кечирим сурап, Семенов-Тянь-
Шаньский саякатын улантууга жөнөдү. Үмүт чиркин үзүлбөдү. Боронбай бий Орусиядан келүүчү жардамды зарыга күтүүдө. Оо, бүлбүлдөп жанып-өчкөн үмүт...
Fall into my trap :)
#210 10 Апрель 2019 - 00:23
1858-жылы Орусия букарасы болуп казак султандарындай чен тагынып, дооран сүрө албай, Боронбай бий көз жумду. Алысты болжогон оторчул саясатынын орчундуу маселелери менен алек болгон Орусия Көлдөгү букараларына жардамга келе албады. Коконду алуу, олуттуу башка иштер ошонун айланасында чечилмекчи.
Сарбагыштар бугу айылдарына кол салуусун үзүл-кесил уланта берди. 1859-жыл, баш оона. Сарбагыштардын Кызыл-Кыя, Сан-Таштардагы бугу айылдарына салган ири чабуулу коргонгондордун катуу каршылыгына тушугуп, Төрөгелди аттан жыгыла буту сынып, колго түштү. Эки тараптан тең жазыксыз кан төгүлдү. Кол башчысынан ажырап, шаабайы сууган сарбагыштар өлгөндөрүн жоктоп, айылдарына кайтышты. Демейде жалпы элдин мүдөөсүн көздөгөн, жоо кайрып, эл сактаган баатырлардын көөмөйүн уруу намысы, өч алуу жана жекече эрдиктерин көрсөтүүнү көксөгөн өзүмчүл туйумдар тээп турду. Туткундагы Төрөгелдинин сынган бутун улам бүтүп келе жатканда үч жолу кайра сындырып, Балбай баатыр анын кыйналып кечирим сураган үнүн уккусу келди. Төрөгелди баатыр «кыңк» этпеди. Ушундай абалда Балбай аны бугу-сарбагыш жарашканча алып жүрдү. Мындан эч кимдин кенемтеси толгон жок... Эки баатырдын эрдиги, бугу-сарбагыш чабыштары, Ормон хандын өлүмү жөнүндө өз урууларын мактап, көбүртө-жабырта айтууү чүн санжырачыларга «жем» калды. Кун кубалоо, өч алууну көксөгөн ырайымсыз кандуу туюм үстөм болгондо эч кимдин куну толуп, өчү канып, көксөөсү суубай, ыйга ый, кайгыга кайгы уланып, элдин мүңкүрөгөнү байыртадан келаткан катаал чындык. Эми да ошондой болду... Эки уруунун ортосунда бешинчи жылга айланган кандуу кыргында Ормон хандын кунуна бугу, сарбагыштын чыгаан уулдарынын куну кошулду, кусамат кузгундап, кек тереңдеди. Бул азгантай элдин тагдырын таразага койгон тарыхый трагедия эле. 1859-жыл, жетинин айы. Орусия да, Кытай да, Кокон да арачыга келбей турганын, уруу жаңжалы улана берсе элдин тагдыры туңгуюкка капталарын түшүнгөн уруу билермандары:
бугудан Тилекмат, Качыбек; сарбагыштан Шамен, Ботокандар жарашууга чогулуп, кун кубалоону, чабышууну токтотуп, элди тынчыталы деп, ай туяк чалып, бата тилеп, бүтүм чыгарышты. Бугу уруулары Көлгө кайтып, ата конуштарынан жай ала, байыркыдай жашоо нугу уланды. Кыргызды эл катары кылымдар кыйырын аралата бириктирип келаткан ынтымак өзөгү сүзүлдү, бирок үзүлбөдү. Төрөгелди баатыр 1860-жылы туткундан бошонуп, элине кайтты.Ошол жылы жайында кыргыздардын
Орусияга кошулуусуна каскак болуучу сарбагыш колбашыларын кармоо үчүн Верныйдан чыккан Капитан Венюковдун аскер экспедициясы Ысык-Көлдүн күңгөйүнөн Субандын уулу Адыл баатырды туткундап кетти. Төрөгелди баатыр табылбай калды. Орусияга өтүүгө макул болбогон Балбай баатыр да Адыл баатыр тушуккан тагдырга кабылды. Ошентип кыргыз урууларын бириндете бирден басып алууну көздөгөн Орусиянын тымызын да, ырайымсыз да, аяр да оторчул саясаты оңунан чыкты. Солто уруусу, сарбагыш уруусунун тынай тармагы бугунун жолун жолдоп, Орусия букаралыгын кабыл алышты.Тайлак баатырдын уулу Осмон датка менен биригип, 3-4 жыл бою айыгыша куралдуу каршылык көрсөтүп келаткан Үмөтаалы да Орусиянын селдей каптаган баскынын токтотууга мүмкүн эмес экенине көзү жетип, 1867-жылы Н. А. Северцевге мөөр басып кол коюп, Орусиянын амирин тутарын билдирди. Бул сарбагыш жана аны менен ымалалаш саяк, черик, азык жана башка уруулардын орус букарасына өткөнүн тастыктаган билдирүү эле. 1868-жыл — арка кыргыздарында уруу бийлеринин бийлиги бүткөн жыл... Оруси япадышасы Александр I 1822-жылдагы Сибирь кыргыздарын башкаруу жөнүндөгү уставына ылайык, кара кыргыз аймагы да уезддерге, 1000 түтүндөн болуштарга бөлүнүп, бийлик уезддерди, болуштарды башкаруучулардын колуна өттү. Калыгул акылмандын:
Өңү сары, көзү көк Орус чыгат деп айткан, Миң түтүнгө бир киши Болуш чыгат деп айткан. Буйрук менен кондурган, Конуш чыгат деп айткан. Узун чөптүн баарысын Оруп чыгат деп айткан. Кыска чөптүн баарысын, Коруп чыгат деп айткан. Жылдан жылга замана Кыйын чыгат ошондо. Эсеп кылып мал алган Тыйын чыгат ошондо. Андан кийин билимдүү, Адам чыгат деп уктум. Түрдүү, түрдүү акылдуу Аяр чыгат деп уктум. Калайыкты бийлеген, Аял чыгат деп уктум. Албан түрлүү ушундай, Заман чыгат деп уктум. Кийин чыккан адамы, Илим билген амалдуу, Аяр болот деп уктум. Кандай болсо жумушка, Даяр болот деп уктум. Ошондогу адамдар Молдо болот деп уктум. Минген атын карасаң Жорго болот деп уктум. От араба, дилгирем, Жол кыскарат ошондо. Этек-жеңи чолоюп, Тон кыскарат ошондо. Атасынын сөзүнө Бала кулак көп салбайт, Атанын тилин бала албайт, Айт дедирбей, жедирбей, Аяр болот ошолор. Жоо дегенде дегдешип, Даяр болот ошолор, Түн ичинде уктабас, Баатыр болот ошолор. «Бысмылланы » айтпаган Каапыр болот, ошолор. Жарды-байы билинбей, Жалпы болот ошолор. Ошол жакшы, биз жаман. Өтүп барат бир заман. Биз жашаган тар заман, Кийин келер зар заман. Кыйкырыгы бел ашпай, Үн кыскарган бир заман. Кылча жумуш бүтпөгөн, Күн кыскарган бир заман. Кожо молдо жоголуп, Дин кыскарган бир заман. Орозо намаз окулбай, Дил кыскарган бир заман, —деп элдин келечегине сереп салган олуялыгы жылдан жылга төп чыгып турду. Алдыда кыргыз элинин бүгүнкүсүнө чейинки машакаттуу да, үмүттүү да жолу жатты.
Билдирүүнү түзөткөн: Disappear: 10 Апрель 2019 - 00:27
Fall into my trap :)
#211 10 Апрель 2019 - 00:35
СОҢКУ СӨЗ Тарыхый архивдик материалдарга таянган «Хан Ормон» романында 1806 —1855-жылдардагы кыргыз элинин тарыхый тагдырын кескин өзгөрткөн үмүттүү да, кооптуу да,трагедиялуу да окуяларды көркөм ой алкагында баяндап, ошол доордун эл аралык, экономикалык,
социалдык, маданий, руханий абалын, улуттук уюткусун сактап, эркин болууга жасаган далалатын сүрөттөөгө аракет жасалды. Тап күрөшү илимдин, адабияттын партиялуулугу атанган ажаан агым элдин өз тагдыры үчүн келечекке үмүттүү далбас урган күрөшүн баяндоочу танылгыс окуяларды тарых тилкесинен көмүскөгө сүрүп чыгарып, анын ордун ырксыз, мажирөө кыргыз уруулары өз ыктыяры менен улуу орус элине кошулганы жөнүндөгү эки жүздүү маалыматтар ээлеп алган. Урууга жиктелген феодалдык коомдун идеологиялык деңгээлинде,
ар кимиси өздөрүнүн инсандык дараметтерине жараша кыргыз элинин бүтүндүгү, биримдиги, үнөмү жөнүндө камкөргөн Ормон хан, Боронбай, Муратаалы, Тилекмат, Ажыбек, Жантай, Жангарач бийлердин, Медет, Ажыбек даткалардын аттары элди эзген ырайымсыз, өзүмчүл, канкор, коомго жат кишилер катары аталып, укум-тукумдары куугунтукка алынган. X кылымда Улуу кыргыз державасы кулап, эл чачылгандан кийин акыркы жолу уруу бийлеринин,
элдин колдоосуна таянып, Кыргыз хандыгын түптөп, Кенесары хандын, Кокон хандыгынын баскынын кыйратууга урууларды бириктирип,
элдин бүтүндүгүн сактаган, Орусия баскынына каршы турган Ормон хандын доорун баяндаган эмгеги «Кыргызы в эпоху Ормон хана» 1944 г.) үчүн академик Б. Жамгырчинов куугунтукталып,
Ормон хандын аты тарых бетинен өчүрүлгөн. Романда тарыхый чындыктарды өз ордуна коюуга аракет жасалды. 1806 — 1847-жылдарды камтыган романдын биринчи китебинде ушул окуяларга орун берилген. Жарым көчмөн байыркы элдин үнөмдүк жашоо абалын, үрп-адатын, каада-салттарын,
маданий, руханий дүйнөсүн, атуулдук эркин чагылдырган даректүү көркөм баяндар, Кенесары хандын түмөндөгөн баскыны жеңилгенден кийин, боордош кыргыз, казак элдеринин келечегинин тынчтыгы үчүн орус генералы Вишневскийдин ортомчулугу менен эл аралык укук алкагында эки тараптын келишими жөнүндөгү документалдуу баян окурмандардын көңүлүнө толор деген ойдобуз.
1838 — 1846-жылдар аралыгында өз армиясынын регулярдуу бөлүктөрү менен салгылашып,
моюн бербей тынчын алып турган «козголоңчу султан» Кенесары Касымовдун куралдуу күчүн талкалаган кыргыздардын өз алдынча саясий аскердик биримдик экенинде факто таанууга аргасыз болгон Орусиянын ушул күчтү адегенде стратегиялык максат үчүн пайдаланып алып, андан кийин чөгөлөтүү жөнүндөгү аяр, эки жүздүү саясатынан баян берүү менен романдын 1847 — 1855 жылдарды камтыган экинчи китеби ачылат. Кыргыз тарыхынын бул кыска тилкеси окуялардын ургаал динамикалуулугу,
кайткыс катаалдыгы жана трагедиялуулугу менен айырмаланат.
Орусиянын стратегиялык максаты Кокон хандыгын басып алуу эле. Кокон колуна тийсе бүтүндөй Борбордук Азияга дарбаза ачылмак. Кокон болсо Аркадан (Түндүк Кыргызстандан)кол үзгүсү келбей, Ормон хандын бийлигин кулатуу үчүн жүрүшкө даярданып турган. Ушул кырдаалдан пайдалануу үчүн Орусия Ормон ханга алтын медаль, алтын галундуу халат сыйлык жиберип: «Кенесарыны жеңген баатыр элди жана анын баатыр жетекчисин куттуктайбыз.
Силердин өз алдынчалыгыңардын душманы Кокон хандыгы, эгер ага каршы көтөрүлсөңөр,
биз жардамга келебиз» деп шериктеш болорун билдирсе да, ошол эле учурда тымызын тыңчыларынын жардамы менен Кыргыз биримдигин бузуп, бугу уруусун букаралыкка алууга камданганы байыркы элдин тагдыры бычак мизинде оошуп турган кыйын кезеңден кабар берет. Кокон баскынын кыргыздар Ормон хандын кол башчылыгы астында 1847-жылы күзүндө Ашмара жээгинде Орусиянын жардамсыз кайрыйт. Жарым көчмөн жашаган элдин тиричилик үнөмү кунарсыз экенин туйган кыргыз билермандары элди дыйканчылыкка оодаруунун камын көрө башташат. Иле боюндагы Орусия букараларына тиешелүү эгинканалуу жерлерге 400 түтүн эл менен көчүп барып, бош жерлерди кара кыргыздарга берүүсүн сурап Ормон хандын император Николай I ге кат жибергени эл үчүн кам көргөн чоң тобокел эле. Орусия жер бербей Ормон ханга орус букаралыгын кабыл алууну сунуш кылат. Түпкү максатына кыйчалыш сунуштан баш тартып, кайра көчүп келген Ормон хан курултай чакырып, бугу уруусун Орусия букаралыгына өткөрүүгө ооп алган Боронбай бийди теске салып, кыргыз биримдигин чыңап, Кокондун таасирин биротоло жоюу камын көрүүгө киришет. Бирок Орусиянын бөлүп жаргыч саясаты максатына жетип калган эле. Ормон хан орус букаралыгын кабылдоодон баш тарткандан кийин оңтойлуу учурду күтүп турган Орусия 1855-жылы февралда бугу уруусун букаралыкка кабыл алышы кыргыз тагдырынын чийеленген түйүнүнүн трагедиялуу чечилишине түрткү болду. Окуянын кандай өнүгөрүн Орусия алдын ала туюп турган. Ормон хан Боронбайдан орус букаралыгынан куран кармап баш тартууну, же Орусия жери Илеге көчүп кетүүнү талап кылат. Жаңжал оту дүрт жанып, Ормон хан мерт болгон кандуу калабадан эл башына түшкөн азап мүшкүлү беш жылга созулду. Боронбай бий күткөндөй Орусия өз букарасын коргоого келбеди. Оторчул империянын санаасы тынык, Ормон хан зыянсыз болгондон кийин жапайы таш кыргыздары колунда экенин туюп, Коконду каратуунун камында болду. Күчтүүлөрдүн азгырыгына ээрчиген уруу билермандарынын тукуругунан эл башына түшөн кандуу трагедия улана берди. Эгин эгилбей, мал багылбай эл азып-тозуп, көл кылаасы томсорду....Кантсе да эл көрөңгөсү кол тийгис да, кандуу калаба журтчулук ынтымагын сүзүлттү, бирок үзө албады. Жаңжал оту алоологон кезде да эл чордону ичинен ынтымак издеп, жакшылыкка үйрүлүп турган. Сөз башында айтылгандай кыргыз элинин тарыхый тагдырын кескин өзгөртүп жаңы нукка бурган тарых тилкесин изилдөөгө окумуштуулар,
адабиятчылар көп ирээт кайрылары шексиз, али сыр сандыгынын капкагы гана кыңайды. Аяр жана кайткыс катаал оторчул саясатын ишке ашырууда Ормон ханды «Зыянсыздандыруу» үчүн Орусия бугу - сарбагыш жаңжалын кыярлык менен пайдаланганы романда таасын далилдер менен баяндалды. Трагедиянын чордонуна агартуучу окумуштуу Белек Солтоноевдин тыянактары алынды. Эл оозунда да калыптанып калган бул тыянак Ормон ханга Балбай баатыр кол салды деп тастыкталат.
Ошентсе да бул жөнүндө олуттуу кайчы пикирлер бар. Ормон хан өлтүрүлгөндөн бир жылдан кийин Ысык-Көлгө келген окумуштуу саякатчы П. П. Семенов Тянь-Шанский Ормон ханды Боромбайдын уулу Кылыч өлтүргөнүн жазат Белгилүү публицист Асанбек Акматалиев,
тарыхый инсан узун ээк Алыкеден калган мураска таянып, Ормон ханды Тезек төрө менен Боронбайдын шилтеген жашыруун кишиси өлтүргөндеп жазат. Купуя сырдын ачылышы дагы алдыда. Сөз соңунда айтаарым, чыгарма кыска убакыт ичинде жазылды. Мүчүлүшсүз иш болобу. Калыс пикир айтуучуларга ыраазылык билдирем. Чыгарманын үстүндө иштөөдө тарыхый документтерди тактоого жардам көрсөткөн тарыхчы окумуштуу Ормон хандын урпагы Рыскул Жолдошевге ыраазылык айтамын.
Fall into my trap :)
#212 10 Апрель 2019 - 00:39
#213 10 Апрель 2019 - 00:41
Fall into my trap :)
#214 10 Апрель 2019 - 00:44
#215 10 Апрель 2019 - 00:52
Аягы.
Пикирим менен кийин убакыт аааабдан кенен болгондо болушом. Хотите комментируйте,
хотите нет. Казанчынын оз эрки, кайдан кулак чыгарса .... бирок, бирок, эл жакшыларына абдан нааразымын.
Ынтымак кандай жок болсо, эми да ошондой, зависть, зависть и подлая зависть.
Fall into my trap :)
#216 10 Апрель 2019 - 17:27
Кыргыздын душманы кыргыз. Бири он тартса да бир кемчонтою чыгып тетири тарткан. Ичи тардык,коро албастык кыргыз менен кошо жаралып,кыргыз менен бирге жашай берет экен да.Рахмат автор. Терен ыраазычылык.