Суперстан: Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Жүрөгүмдүн сепили, жүрөгүмдүн дервиши... Жан дүйнөмдүн жаңырыгы жаңыланды!

#21 Пользователь офлайн   adalsvards   11 Октябрь 2012 - 19:22

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

IV

Ишендим... Таяндым... Куладым...


Дүйнөмдү түрө кыдырта тааныштырдым. Коюн-жатагы да калбады. Сырларды бекем сактаган караңгы үңкүрлөр, терең көлдөр да. Баарын, баарын көрсөттүм. Анткени ал ушундай кадам жасады, мен болгону жообун кайтардым. Эки жактуу ишенич заматта курулуп, бири-бирибизге көз ирмемде таяныч, тирөөч, жөлөккө айландык. Бир көз караштан түшүнгөн абалга жеткенде мен ага дүйнөмдү тапшырып бергим келди. Балким, кайсы бир учурда карматууга да жетишкендирмин. Антпесем, анын баары талкаланбайт эле.

Чагылгандай тездик менен өскөн окуянын ылдамдыгына жетишпей калдым. Ойлонууга деле шарт болбоду. Эч бир, кымындай мээни кыймылдатпай, акылсыз жоруктарга барган адамдарга окшоп калдык. Болот го?! Боюнда бар аял тамеки чексе, же бутуна тура албай жатса да, эркек кишинин өчөшкөнсүп ичкени?! Логикага сыйбайт дейм, азыр... Бирок ал убакта, баарын туман каптап, алдымда жар турса да, басып бара жаттым. Кол кармашып. Мейли, секирүүгө туура келсе да, макул болмокмун. Эч бир рамкага сыйбаган, бирөөгө айтсаң ишенбеген чекке жеткенде, баары кеч болуп калганын түшүндүм.

Уктап жатканда, чочуп ойгондой... Карасам, дүйнөм алоон отто, алай-дүлөйдө. Баары карап турушат. Эч ким токтото албай?! Баңги сыяктуумун, кайфы тараган. Туман тарады. Реалдуулук көрүндү! Бардан жокко түштүм.

Зымырап учкан тездик тык "стоп" болду. Мунун баарын кантип жолго салам дедим... Эки жактуу ишенич болсо да, аалам каршы турган мамилеге дитим барбады. Психологиялык жактан жабыркасам да, медициналык жыйынтыкты көрсөтүп туруп, басып кетмекмин ээрчишип-эрмешип. .. Бирок андай тобокел баасы эпсиз кымбат сезилди!

Азыркыга чейин балким өкүнөттүрмүн. Бирок ошол учурда ааламга баш ийип, мени жараткандардын башын жер каратпайын деп, түрү суук денемди сүйрөп барып, муздак дубалга сүйөп туруп, аёсуз атып салдым! Өзүмө өлүм өкүмүн чыгаруу, ошол "мен"дин көзүн тазалоо, жерге көмүү, топуракка жашыруу көпкө кыйнады... Чирип бүтпөдү. Жараат турат дале октон... Каны агып бүтсө да, унутулуп кетпеди, сиңип кетпеди...

Дүйнөм болсо күйүттөн күйүп жатты, жарааттан жалоон тартты, өзөктөн өрттөнүп бүттү. Күлү көккө сапырылды, изи мейкинсиздикке өзүн жашырды. Кудум жаңы жаралганда боштуктан пайда болгондой, кайрадан боштукка айланды...

Бир гана менин духум... Көрдөн көтөрүлүп чыгып, араң гана "мени кайда алып барсаң да кайылмын" деп, шамалга тапшырды өз тагдырын... Арзыбаган... Эч кимге кереги жок... Тынчтыкты самаган дух сыдырым жел менен акырын сызып кетти...


Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:16

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Debi   11 Октябрь 2012 - 19:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

Сепил менен дербиштин таржымалын акырына чейин билүүгө ынтызармын.
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   wumida   11 Октябрь 2012 - 20:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 070
  • Катталган: 02 Июль 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2021 22:08
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Эн ыйык жер....

Молдец да ушу кыз.... Соз жеткис,укмуш кыз(эми мактай берсем болсо керек ээ ато кошоматчылык деп айтат деп тартынып турчу элем)! Эльвира жазгандарын маанилуу,кызыктуу элдерди бир соз менен озуно тартып синире алган создорду таап жазасын,бул чыгарман коп окурмандарга жагып чыдамсыздык менен кутуп окууп келебиз...
Сагындырбай, саргайтпай тез тез коп коптон илсен болоор бекен? А так сен менен кошо кулуп,ыйлап, кулап,чарчап, жылмайып журобуз ушуну унутпа ээ..?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   akusya   13 Октябрь 2012 - 13:28

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 051
  • Катталган: 21 Сентябрь 10
  • Соңку аракети: 30 Мар 2016 20:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Талас

Бул темага калтырган ар бир билдируунуз мен учун   "дождь в засуха" дегендей ...   :менин жүрөгүм: :менин жүрөгүм: :менин жүрөгүм: :менин жүрөгүм:
"Мен да, мен да ...Бактылуу болгум келет..."
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   adalsvards   14 Октябрь 2012 - 00:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

V

Өмүрүмдүн жыргалы


Тойлорго барганды жактырам. Айрыкча эки жаштын макулдук берүү мүнөттөрү жүрөк толкунтат. Көздөрүм жашка толуп чыгып, кубанычтуу жүздөрдөн уялып, аларды бекем кармайм. Балким, ошондон уламбы, дайыма эшикке жакын туруп, кимдин тоюу болбосун, чуркап чыгып кетүүгө даяр болом.

Бизге күбөлөр көп болчу. Күмүш жарыгын төккөн айлуу түн, жылуулугун тартуулаган от, суук көздөн жашырган бак-дарактар, анан албетте, чексиз мемиреген, сезимге бай көл. Жомокко тете бул күндөр экинчи кайталанбай турганын баштан билгендей, эч бир мүнөт текке кетчү эмес. Кээде пычы-пычы сүйлөшө, жаагыбыз тынбачу. Кээде тил жуткандай отурсак да, баары бир ошол ортодогу байланыш түйүнү маалымат алмашуудан үзүлбөчү.

Сүзүүнү сенден үйрөнгөм. Сүйүүнү да, сүйүнө билүүнү да! Мен сага эмне бергенимди билбейм. Бир билгеним сага ишеничимди мураска калтырдым. Дал сенден кийин эч кимге ишенбей калдым.

Сен баштадың. Мен уланттым. Сен от жактың. Мен өчүрдүм. Сен ыктадың. Мен безе качтым. Сен сүйөндүң. Мен ийилдим. Сен айттың. Мен баш тарттым. Сен кайтпадың. Мен ыйладым. Сен жар салдың. Мен ошол замат өлүп бердим. Сен ишендиң. Мен сыздадым...

Сазга баттым. Канчалык жан далбастап, жан соогалап, кутулгум келген сайын батып жаттым. Кыйкырдым, укпадың. Мен чөктүм. Сен мени куткарбадың. Анда эмнеге баарын үйрөттүң?!

Сенин кесепетиңден ыр-бийди, шаан-шөкөттү, арак-шарапты жек көрөм. Жолобойм. Сенин жардамың менен узак жол жүрүүнү жактырам. Болгону "жаздыгым" жок. Аягы түгөнбөгөн жол, үй артынан үй, айылды кезектеген айыл, томсоргон мүрзөлөр, ээн талаалар, ээрчишкен булуттар. Ушул тунжураган көрүнүш менен ошол күндөрдү эске салат.

- Колуңду коё берсем, эмне кыласың?
- Кошо чөгөм.

Аңдабаган абалда болсок да, экөөбүз жараткан сезимдер көлүн ээлебей, терең түбүнө чөгүп кеттик. Чыгууга азыр да муктаждык жок...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 16:44

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   adalsvards   14 Октябрь 2012 - 01:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

VI

Сапар алдында


Азап дарыясынан суурулуп.. Духу шамал менен учуп.. Бир гана мендигине ишенген жан кайдагы бир желге тапшырды өзүн..

Ойлонууга чамасы чак болуп турду. Жакшы-жаманын иргөөгө да абалы жетпеди. Мурункудай жерге ишенимдүү шилтеген кадамы, өктөм сүйлөгөн сөзү, бийик көтөргөн башы, баары заматта жоголду. Ааламдын өзү душманга айланып, жаны жанчылып, кара топуракты мыкчып жатса да, эмне үчүн духу тирүү калганын түшүнбөдү. Балким, дале кимдир бирөөгө керектир, же жазасын жетиштүү албагандыр? ..

Органимздин ар бир клеткасы, жүрөктүн ар бир кан тамыры, мээнин ар бир функциясы ишин токтотту. Дух эмнеден баштарын билбей турду. Жашоо үчүн дененин саламаттыгы керек, бирок анын ичинен жүрөктү чийип салды. Мүнөздөн башталды биринчи иш. Мурунку калыптан боорукер, ак көңүл, сезимтал, жок, гиперсезимталдыкты алып салды. Анын ордуна таш боор, куулук жана мерездикти тандап алды. Четтен караган адамга белгилүү бир программанын жыйындысынан турган робот куралгандай сезилет. Дух аны болгону бир темир зоот деп билди, калканым болот деди.

Сааттар сени күтүп турбайт. Убакыт дарылайт дешет. Ким айтса да, эң чоң калпычы болгон экен ошол адам. Убакыт дарылабайт, болгону жараатты карттайт, мээни упалагандай. Аны катуураак силкип койсоң, баары заматта кечээ болгондой жайына түшөт.

Мен кайрадан жаңы сепил кургум келди. Дервиш сымал тентип чыктым. Бул менин биринчи сапарым. Мени кайда алып барат? Кимге жолуктурат? Эмнени тургуздурат? Ишенич таба аламбы? Үйүмдү кура аламбы?

Жаралдым. Жаңыландым. Жашыдым. Жашырдым. Анан экинчи жаңылбайын деп, жолго чыктым...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:29

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   niko-nuku   14 Октябрь 2012 - 13:59

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 08 Авг 2015 16:23
  • Жынысы:Эркек

Саламатсызбы. Жазгандарынызга суктанып,дагы качан жазаар экен деп чыдамсыздык менен кутчу болдум.Сизге ийгилик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Montekristo   15 Октябрь 2012 - 19:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 180
  • Катталган: 26 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 09 Ноя 2019 07:24
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жалгыздык дуйносундо

жакшы жазылыптыр бирок анча тушуно албадым
Умей ценить того, кто по тебе скучает. И не гонись за тем, кто счастлив без тебя...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Debi   15 Октябрь 2012 - 20:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 094
  • Катталган: 10 Март 10
  • Соңку аракети: 14 Окт 2019 15:29

сүрөттөрдүн мазмунга үндөшкөнүн
Сөздүн күчү жүйөөдө. Жүйөөсү жок сөздөргө көңүл бурбайм.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   aelinaaa   19 Октябрь 2012 - 14:37

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 406
  • Катталган: 22 Март 12
  • Соңку аракети: 27 Окт 2014 21:31
  • Жынысы:Аялзаты

Адамды ойго салбай койбойт,аябай терен маанилуу жана баа жеткис создор.Талантыныз оркундой берсин.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   niko-nuku   21 Октябрь 2012 - 16:46

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 134
  • Катталган: 28 Сентябрь 12
  • Соңку аракети: 08 Авг 2015 16:23
  • Жынысы:Эркек

Качан уландысыыыыы. ......?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   adalsvards   21 Октябрь 2012 - 20:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

VII

Cезим багуу


Бир жолу кайсы бир жерде "эгерде өз кесибимден тажап кетсем, же ал менден, анда гүл бакчанын ээси болом... бизде жок гүлдөрдү тигип, ошолор менен убара болуу менен тиргилик өткөрөм" деп жазганым бар. Бул оюмдан дале кайта элекмин. Чын дилден бир нерсе үчүн жоопкер болуу жана ага кам көрүү, билген адамга канчалык сонун ырахат тартуулайт. Менин эң чоң жетишкендигим, а балким, эң чоң кемчилигим да ушулдур.

Бүтүндөй дүйнөм аңтарылып түшсө да, ал тартуулаган сезим ошого татыктуу болгон дейм. Ар бир колго алынган буюмдун сага келиши кыйын болсо, анын баасы ошончолук сен үчүн кымбат болот. Бул факт! Бирок мага тартууланган сезим асмандан эле түшкөндөй болгон. Аны сактоо мен үчүн оор болду окшойт.

Гүлгө теңештир десе, аны байчечекей деп атамакмын. Өмүрүм ошол күнгө чейин кышта жашаса, ал мага жаз болуп келип, дүйнөмдү байчечекейге бөлөгөн. Байчечекей - жаздын кабары, алгачкы сезим, тазалык, пакизалык, аруулук, анан албетте, назиктик. Мен ушул секундга чейин сен берген байчечекейди өзгөчө бир камкордук менен сактап келем. Боорумда, көкүрөгүмдө, жүрөгүмдүн тушунда... Кайсы бир учурда ачуум менен гүлдүн желекчелерин бирден жулуп, сабын топурактан сууруп алган күндөр да болгон. Бирок жыл айланбай, ар жаз сайын тамыры бекем байчечекей кайрадан гүлдөп чыгат. Анан мен кайрадан гүл бакчасына чөмүлөм.

Мага келсек. Сага берген белегим көбүрөөк хризантемага окшош болсо керек. Жаз бир сеники болсо, кыш бир меники. Сезонумдун суук илептери сезиле баштаганда мен гүлдөйм. Хризантема - узак өмүр, чыдамдуулук жана сабырдуулуктун белгиси. Эмнегедир, теңирден тескериси! ..)))

Байчечекей куткарды мени. Ал мага шыбырап жатты "дүйнөң мен деп талкаланды, бирок мени ук, мен сага артымдан толтура гүлдөрдү ээрчитип келем... сен мени тыңша, тартууланган гүлдөрдүн кучагында көмүлөсүң" ... Башка чарам да жок болчу. Уктум.

Алаканыма аяр кармап, байчечекей менен кайрадан аалам курууга жер издедик. Күн кенен тийген, шамал катуу сокпогон, жамгыр нөшөрлөп жаабаган, булуттар кабагын салбаган жер тилкесин карап жүрдүк. Бул жагдайлар өтө маанилүү эле, анткени экөөбүз тең алсыз болуп турдук. Эң башкысын унутта калтырайын дедим, элден алыс, көздөн чоочун, суунун дабышы угулуп турушун кааладык.

Көп өтсө да, баары бир таптык. Коркунучтуусу жанында чоң жар бар эле. Кокусунан кулап кетсең, тирүү калбачудай. Арты жар, бирок алды бейиш төрдүн кожоюнуна айландык. Жердин айырмаланган аурасы эки алсыздын үй куруусу үчүн эргүү берди...

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 14 Сентябрь 2015 - 16:18

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   adalsvards   12 Ноябрь 2012 - 18:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

VIII

Тилегиме жеттим!


Сенин кайгыга чөккөн абалыңа карап туруп, кечээ, жыргап жаттым... Билем, беш колдой! Бирөөнүн ыйына күлбөө керектигин. .. Бирок мен ошол күндү самап жүргөм, тилеп жүргөм, дуба кылып жүргөм. Ыйласын, сыздасын, жер тепкилесин, чачын бирден жулсун, кайгы-муңуңа буулуп өлүшүңдү каалагам. Сага телмире карап, тойбой жаттым, аз деп жаттым. Сенин да мен сымал дубана болуп калган күнүн көрүү буюрган экен. Өчүм, күйүтүм, кегим, жек көрүүм заматта өрт болуп, дүрт эте күйүп жатты.

Беш секунд. Канча жылдан бери күткөн көксөөм беш секундда тынчыды. Анан сени аяй баштадым. Абалыңа боорум ачыды. Бекем кучактап сооротуп, көз жашыңды аарчыгым келди. Ачууңду колдон алып, өзүм жуткум келди. Муздап бара жаткан дүйнөңө, өчүп бара жаткан отуңа, үмүт жаккым келди. "Мына көрөсүң, баары жакшы болот!" дейин дедим.

Бирок, чындыкка баш ийүү керек. Балким кезек сендедир. Табасы канып жаткандыр дебе... Мага азыр бир жалооруган көз карашың жетиштүү. Билем, ага жол бергиң келбейт. Намыскөй эмессиңби!

Бүгүн түнү кар жаайт. Жазымды кышка сатып жиберген сааттан тарта суук бороон менен аппак кар менин туугандарыма айланган. Жыл сайын жүрөк кайгысын жашырат, актыгы, тазалыгы, муздактыгы менен дарылайт. Муздай тоңдурат сезимди.

Байкап көр. Сага да кыш жагып калар. Менчилеп жазды да сатарсың. Болгону чыдамдуу болууга үйрөн. Жаз келерине ишен. Кыштын да кереметтүүлүгүн көрө бил. Дүйнөңдү актыкка бөлө.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 11 Сентябрь 2015 - 16:47

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   meerimka86   17 Ноябрь 2012 - 21:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 730
  • Катталган: 17 Январь 11
  • Соңку аракети: 23 Апр 2020 19:54
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Садагам Оштой жеримди..

азамат экенсиз!! !!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   zvezda...   18 Ноябрь 2012 - 01:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 193
  • Катталган: 28 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 27 Мар 2013 01:13
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Красноярск

Өтө башкача стильде жазат экенсиңер,сонун ! СүрөтЧыны менен талантынар аябай кучтуу экен.Дагы ушул сыяктуу жазганынар барбы же китеп кылып чыгаргансынарбы деп сурайын дегем?
Все люди приносят счастье.Одни своим присутствием, другие-отсутствием .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   adalsvards   05 Декабрь 2012 - 21:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения zvezda... (18 Ноябрь 2012 - 01:12) жазган:

Өтө башкача стильде жазат экенсиңер,сонун ! СүрөтЧыны менен талантынар аябай кучтуу экен.Дагы ушул сыяктуу жазганынар барбы же китеп кылып чыгаргансынарбы деп сурайын дегем?


Рахмат! Дагы ушул сыяктуу жазганым улам убакыт-шартка жараша илинүүдө, китеп кылып чыгаруу мен үчүн өтө эрте болсо керек дейм. Азырынча мээ - көк бойдон...)))
Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   adalsvards   15 Декабрь 2012 - 22:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

IX

Мени аяп, сен чеп курдуң...


Байчечекейди жардын бооруна жашырдым, тамырын топуракка бекем отургуздум, гүлгө эңкейип астейдил шыбырадым: "бул жер сеники... мага окшоп жалгыз болбо... эмдиги жазда бир башың миңге көбөйүп, жадырап ачкан желекчелериң ааламдын маанайын ачсын..." ,- деп жаттым.

А мен ишке кириштим. Билбейм, кайдан-жайдан күч-жан таба алдым, бирок эптеп-септеп кепе курууга чамам жетти. Дал ошол кепе менин жан дүйнөмдүн күзгүсүнө айланды. Эгерде бай адам заматта кедейге айланса, же эл алдында катуу уят болуп калса, ошол абалын көрсөткүсү келбегендей, баарынан далдоо-окчун, а керек болсо, Робинзон Крузо сыяктуу кайсы бир аралда, бир адам жок жерде жашагың келип кетет эмеспи...

Мени да көбү издешти. Кепеге чейин басып кирип жатышты. Анан тааныбай калып, жакыны болсом керек дегендери абалыма туура түшүнүү менен карап, арканды узак таштабагандары тетири бурулууга шашып, айтор, койчу, эски жараатты козгогондо не?! Анын ичинде менин сепилимди талкалаган адам дагы бир жолу ошол жарга келип калды. Эгерде жанымды кыйгым келсе, алыс болбосун деп, жардын жанын тандап алганыма бир чети сүйүндүм. Кыйсыпыр кылып кеткенди ошол жардан түртүп жибергим келди. Кайра ойлондум. Артка кайттым.

Ал менин кепеме карап туруп: "Эмнеге мынча жүдөп калгансың?" ,- деди. Аңкоосуган аны карап, актриса болууга туура келип: "эме... кичине ооруп калган окшойм" ,- деп тантырай сүйлөдүм. Ал күндөн бери канча жылдар өткөнүн эсептегим келбейт, бирок бул тирүүлүктө экөобүз тең жашап жаткан соң, бул аралыкта анча-мынча Голливуддун актёрдук курамынын чеберчилигинен ашып түшө тургандай болуп калдым. Ыйлай турган жерде 32 тишти көрсөтүп каткырууга, каткыруучу жайда акырын гана мылжыйып коюуга, кыскасы, өзүм тааныбаган бирөөгө окшошуп бара жаттым. Азыр да ошондоймун.

Кепеге араң гана күндүн нуру кирчү, жылуулук менен жарыктыктан качканым го бул, жамгырда шыйпырын жакшы какпаганым үчүн жүз жеринен суу куюлуп өтчү, дубалын бекем тургузбаганым, шамалдын аркырап сокконунан билинчү. Бирок ошол кепе мени көп нерсеге бышырып жатты, суукка да, караңгылыкка да... А мен ичинде чыйралып жаттым, билинбей дарыланып жаттым, көздөн алыс гана өсүп жаттым.

Эң кызыгы, бир күн менин кепеме бирөө жакындап келди. Карайт да, телмирет. Карайт да, жалдырайт. Карайт да, ким чыгат деп, күтөт. Дал ошол бирөөгө азыркыга чейин ыраазымын. Анткени, дал ошол бирөө менин чебим болуп берди...

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:30

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   raia   16 Декабрь 2012 - 08:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 561
  • Катталган: 24 Июль 12
  • Соңку аракети: 08 Май 2025 21:21
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:ош

Жонокой кепен чонойуп жонокой уй болушун каалайм.Жонокой аппак там болушун .Жанындагы дервиш эмес сени жопжонокой журогу менен ак дили менен суйуп кадырлаган жарын болушун каалайм.Озуно окшогон дили таза аруу балдарын болушун каалайм.Мына ошондо сен чыныгы ааламда жашайсын.Ошо озун тиккен байчечктеринди балдарын менен терип коз кумарынды кандырып аллага шугур кыласын.Турмуш ийилтет жанчат бош болсон сындырат.Сен ийилипсин сынбапсын ошонун озу шугур кызым.Балким бул сенин эмес биронун тагдырыдыр кимин болсон да менин кааларым ушу кызым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   adalsvards   16 Декабрь 2012 - 14:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

Просмотр сообщения raia (16 Декабрь 2012 - 08:13) жазган:

Жонокой кепен чонойуп жонокой уй болушун каалайм.Жонокой аппак там болушун .Жанындагы дервиш эмес сени жопжонокой журогу менен ак дили менен суйуп кадырлаган жарын болушун каалайм.Озуно окшогон дили таза аруу балдарын болушун каалайм.Мына ошондо сен чыныгы ааламда жашайсын.Ошо озун тиккен байчечктеринди балдарын менен терип коз кумарынды кандырып аллага шугур кыласын.Турмуш ийилтет жанчат бош болсон сындырат.Сен ийилипсин сынбапсын ошонун озу шугур кызым.Балким бул сенин эмес биронун тагдырыдыр кимин болсон да менин кааларым ушу кызым.


Чоң рахмат! :)
Бирок, бул чыгарма... Ошентсе да, айтканыңыз келсин!


Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   adalsvards   20 Декабрь 2012 - 21:40

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5 812
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 27 Фев 2022 18:34
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жомоктогу сепил сарай

X

Ишен, бирок таянба!


Ал бир жоокер болчу, өз элинин жашыруун сырын бекем сактаган, душманын илгиртпей байкаган, жаман-жакшыны заматта бөлө алган... Азыр ойлоп көрсөм, мага жакындоонун амалы катары чогуу кызматташууну сунуштаптыр. Мындай иштерге кичинемден кызыккан жаным ага бат азгырылдым. Кепеме бир да жолу жуутпадым. Сырттан гана. Көпкө чейин астейдил сейилдеп, аркы-беркини олуттуу сүйлөшүмүш болуп, ал мага көп кызыктуу окуялары менен бөлүшчү. Түрдүү жерден тузак коюп көрдү, ансыз да жакырчылыктан баш көтөрүп тура албаган, ачкачылыктан көзүн эптеп ача албаган, караңгылыктан жарык таба албаган дүйнөчөмдүн эшигин таппай жатты. Далай ирет ар кандай ыкма менен эшикке чейин келсе да, туткасын таппай, туткасын тапса да, ачкычын таппай, убаракерчиликтен жапа тартты.

"Эмнеге" ,- деди бир күнү мага. Телмире карап: "Ишенбейм" ,- дедим. "Анда эмнеге ишенип жашап жатасың?" ,- деп кайра суроо таштады. "Билбейм" ,- деп жооп бердим. Ал акырын мени көздөй жылып келе жатты, жакындап жатты, ысык деми сезилип жатты, кыштын суугу болчу, анда... Анан эңкейип туруп, дал көзүмө кадала: "Сен ишен, бирок таянба! Ишенүүдөн тайсаң, жашоо бир тыйынга арзыбайт. Сен болгону таянба, анткени таянычың ооп кетсе, сен кулап түшөсүң", - деди.

Сизге кызык сезилер, кээде ошол эң жакын адамым болгусу келген жоокердин ысымын унутуп калам. Барган сайын кебетесин да унуткарып барам. Бирок дал ушул сөзү мен үчүн №1-Алтын эрежеге айланды.

Азыр баарына ишенгим келет, ишенем дагы, ишене берем дагы. Бирок эч кимге таянбайм. Атама да, апама да, курбума да, насаатчыма да, эч кимге! Ошол мүнөттөн тартта мен өзүмдөн эң бир күчтүү тирөөч таба алдым, аны аянбай куруп жаттым, аны бүгүнкүгө чейин тургузуп келем.

Жоокер ошол кыш күнүндөгү "билбейм" деген жооптон башка сөздү таппаган дубанага жардам берүүнү туура көрдү. Тагыраагы мага. Кепемди айлантып, чеп куруп жатты. Мени аяды. Күч топтосун деди. Ага чейин эч кимдин басып киришин, ансыз да өлүм тилеп отургандын ажалга моюн сунуп берүүсүнө "жол бербейм" деп чечти. Билбейм, чынында ошол чептин курчоосунда дем таптым, кубат таптым. Анын аяр мамилесинен сезимдер кайра жаралды. Суктанып карап отурууга өттүм. Анын айткан сөзүнөн чыкпачу болдум. Бирок, баары бир кепеге жолотподум.

Чептин курулушу да аягына чыкты. Анан ал кепеден суурулуп чыкпашыма көзү жетип, чоң үй курам деди. Сен ошол жакка көчүп кел деди. Ташын ташып, кумун төгүп, камын көрө баштады. Мен чочуй баштадым. Кепеден күндөп-түндөп чыкпай калууга өттүм. Анткени даяр эмес элем.

Бир күнү чакырып калды. "Кетип жатам",- деди. Мен ыйлай баштадым, жаштарымды токтото албайм, анын кетип жатканына эмес, албетте. Эби жоктугумдан аны жүрөгүн оорутуп алгандыгыма, үмүт шамын жакканыма, ал баарын берип, мен эч нерсе бербегениме ачуум келип жатты. Ал кетти. Мен калдым. Бирок эч кандай кепе эмес элем ал күнү, мен чептүү кепе болчумун.... Жыл айланбай, кайрылып келериңди билсем, кепени издеп таппай каларыңды билсем, а балким, күтөр белем?..

Билдирүүнү түзөткөн: Эльвира Караева: 18 Февраль 2013 - 14:31

Үмүт - менин жолум,

Жеңиш - менин тагдырым.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (9 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 20 Май 2025 00:11

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: