Эне үмүтү Үзүлбөгөн үмүт
#21 10 Май 2017 - 09:40
- Апа,апа карачы мына жиндиниз олом деп атат,залдын эшигин ичинен илип алды,деген созу эсиме толук келтирип,балкондон озун таштап ийбесе экен деген шумдукту ой мээме келип,эшиктин оозуна суйролуп келдим.
- Султан эшикти ач,бай болгур тезирек эшикти ач.
- Урасыз.
- Мен сени качан урчу элем,эшикти ач,балам тезирек ач.
Эшткти ачып бетиме карай албай жатак болмого кирди.Ал жакта да балкон бар экени эсиме тушуп,журогум зырылдап аркасынан кирдим.
- Барчы балам эшике бир аз ойноп келчи.дедим. Ага да жага бердиби эшике чыгып кетти.Турган жеримен эле отура калып боздоп ыйлап жибердим.Башкасы бир тен,олом дегени бир тен болуп турду.Озунун жанын кыйам дегенчелик буга не азап болду экен.Бакма бала экенин билип,ушундай жорук жасап жургон экен да.
- Менде не айып ?
- Атасы жок дегенде эле тынчып калбай не болдум.Тун уйкуман кечип, кун тынчыман кечип,ымыркайды боорума алганымдын жазаасыбы.Эмчек сутум бербесем да элик сутун бердим эле го.Жаныман артык коруп бополоп,баккан акымдын акыбетиби.Элден ашык боорукердигимдин жазаасыбы?
Коз жашым салаа,салаа болуп,ушуга окшогон ойлор жеп,озумду озум джеп боздоп турдум.
- Кимге айтам арманымды,кимге ?
.
#22 10 Май 2017 - 10:06
- Кызым мен сага айткам ээ.Азыр токтоно албай турган кези,жаман жолдо журот,жаман балдар менен журуп,азыр козуно эч нерсе корунбой турат.Сен эмес апасы мен корунбой турам. Ошон учн тилинди тый дегем.Жаман соз жаман соз чакырат. Дагы кудай сактады,озун таштап ийсе кантет элек.Омур бойу сени мен кечирмек эмесмин.Озумду да кечирмек эмесмин.Анан элестетип кор жашоо кандай болгонун.Кызым тилинди тый,каттуу айтпа,бир тууган болсон да сый жакшы.
- Апа ал мени сенсирейт.Мен Айбек акеми бир жаш болсо да сиз деймин,айтканын эки кылбай аткарам.
- Туура ал акен.Айбек деле уч жаш болсо да Нурбектин токмогун жесе да аке сиз дейт го.Нурбек кобунчо жырылдап озунукун туура кылып,Айбекти уруп койот го.Ошондо да тил кайырбай аке сиздики ката деген учун токмоктоп салат го.Ошон учун бир туугансынар. Эми коруп турасын токтоно албай аткан нерсеге чонмун деп тилинди сайрата берип,айдай бетин когоруп отурасын.Эми атана айтпа жыгылып кеттим де.
- Сиз ушунтип атып коптуруп атасыз.
Ал азыр токтоно албай турган кези. Бир куну эсине келип калар,кантип эле омур бойу ушунтип калсын...
Атан кору очпогон умут,умут ташка кабат,эчен коз жаш,эчен арман болот деп адам баласы астын ала билбейт экен да.Билгенде деле не кылмак.Бала деген мал эмес,базарга барып сатып ийер же болбосо же колдо жургон акча эмес ме сага, керегине жарата турчу деп бирип ийер...
Корсо баланын жакшысы пешенеде жанган чырагын,жаман болсо мандайга буткон шорун болот тура.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Май 2017 - 10:08
#23 10 Май 2017 - 14:22
Кеч болуп барататСултан жок...
Элдер тынч уйкуда мен балкондо жол карап санаага батып отурам...
Ойлорум сапырылып,баламды уйго алып келген кунум эсиме тушту.
- Атасы мен кечоо родомго бардым.УУл тороптур.
- Рас болуптур,эмне кылайын,эрге тийип туугандан бетер мага суйунчулойсун
- Жок жон эле айтым.
- Жон эле айтпа ага окшогон кыздан барынан жогу жакшы,козумо корунбосун.
- Сен бир тууганынды ойлосон,анда эмне айып,ал бечарага кыйын.сен бир боору колдобосон ким колдойт.Элге билинип калса,кантип баш которуп журот.
- Азырак суйло,бар ишинди кыл.
- Атасы иш жок,озбек кыргыз урушуп баары бекерчи,мен да бекерчи.
- Кыларга ишин жок,ушул кепти козгоп атасынбы.
- Баланы родомго кантип таштайбыз,убал го.
- Ошол акмактар оздору ойлонсун,оздору убалдан корксун,сен башынды орутпа.
- Чыгарам деп атат,ал жакта адам кобойуп кетиптир,озбечкалар торогону ошояка барып атышыптыр,кыязы шаардан корксо керек.
- Кыздын озун чыгарып келе бер.Тигини атасы алып кетсин.
- Албайт го.
- Алат боозутканды билген,баласын алганды да билет.Сен озун ойлонуп атасынбы,озбектердин уйугуна жаткырып койдун,эми кантип барып чыгарып келебиз.Скорый менен жеткирип берет,баласын таштап келсин.Мен барбайм,жаныман тойгон эмесмин.
- Мен уруш болорун кайдан билипмин.
- Шаарда родом тугонуп калгансып махалага жаткырасын.
- Мен бироолор корбосун дедим да.
Барбайм менен дагы эки кун бара албадык.Врач акыбалыма туура тушунуп скорый менен жеткизип берелиби деп звандады.Биринчи суйунуу менен макул болдум кайра ойлонуп корсом.Скорый келгенде элдин баары карайт бечара кыз баласы менен тушуп келе атканын элестетип жок дедим.Кайра звандап озум барарымды айтым,шартымды тушундурдум. Балага оро чулго жок уруш болуп магазиндер жабык.Эптеп бироо аркылуу магазинди урулукча ачып,балага комплект алдым ,дагы жакшы жакыным болуп ачып алып берди.Комплект тапкандан кийин,мен кетип атам деп жолго чыктым.
-Олуп кет,озбектер олтуруп кетет.,кете бер деп аркаман кыйкырып калды.Уйдон алыстап атып,баары бир чыксан керек,баары бир мени кыйбайсын деп аркама карабай кетип баратым...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Май 2017 - 14:23
#24 10 Май 2017 - 18:14
-Аркамы карасам келе атат.
Экообуз жолго чыгып такси кармасак эч ким ынбайт,ал аарынын уясына барбайбыз дешет.Жанынардан тойдунарбы дешип тан калгандар да болушту.Экообуз эрчишип шаардын чекесине да чыктык. Ал жакта бир да машина кирип же чыкпай тыптынч. Ал жерде да кулагымы жеп,жаман жакшы создор айтылды.Мен когоруп адатымча жоо жоноп калдым.Аркаман чуркап келип колуман кармап токтотуп.
-Эй сен жинди болдунбу? Сени жон эле олтуруп койбойт,тарпынды ташка чыгарып,зордоп, кордоп туруп ыргытып ийет.Сага ушу керекпи?
- Анан эмне кылалы.
- Билбейм,мени деле эзип,озун деле эзилип буттун. Бир келесоо кыз деп абийирибиз кетип,арам олобузбу.Азыр экообузду кармаса озбектер тытып кетет.Коруп атасын канчалаган бей куноо адамдар олуп кетип атат. Алтыным мени укчу азыр кеч болуп калды, жур уйго,эртеге аракет кылып королу.
Экообуз бироо учун жаман жакшы корунушуп, капа болуп,тумтуйушуп суйлошпой келе аттык.
Эртеси эрте туруп багымдатымы окуп,атасын ойготтум.
- Жур эрте баралы,балким жаман адамдар уктап аткан болот десем ага да макул келип,дагы экообуз жоноп калдык.Чындап кочолордо адамдар жокко эсе экен.Анча мынчалары экообузго тан кала карап,бул экоо акылынан адашканбы дегенсип бизди тан кала карап атышты.Махалага кирип келдик,сыр бербегеним менен ичимен майда калтырак баса баштады.Махалада чон жолдо титиреп коркуп кирип бара аттык.Кыйлага жоо бастык негедир коркуу сезими токтогонсуп бирок шашылыш тез тез басып кетип бараттык.
-Эй бусурмандар, тезирек тушкуло деп машина жаныбызга токтоп калды.Экообуз шашылыш тушуп алдык.
-Родомгобу?
Мен тан калып оба дедим. Машина жол алды. Ага чейин коп адамдар иптарлыктан чыга келишти. Корконуман журогум титиреп кетти.
-Кече жакында баласы Озгондон олуп келди.Ошон учун силерди салып алдым да,азыр жан ачуу кездери,Силерди кармап албасын деп салып алдым.Бизге окшогон бей бечараларга кыйын,кылгандар кылгылыкты кылып уйундо отурат деп кеп салып родомго жеткирип аркага кайрылып кетип калды.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Май 2017 - 18:14
#25 10 Май 2017 - 18:36
Родомдон чыгып турганыбызга коп болду.Эч ким бизди алгысы келбейт бир кыргыз жок.Атабыз таксистерге суйлошсо эле жок баралбайм дешет.Эртен менен уйдон эрте чыкан учун аба ырайына деле конул болбопмун.Жука чыкан экенбиз.Кун бурколуп жаан жай баштады.Суу боло баштадык.Эми баланы которуп алып таксистерге жалдырап бара баштадым
-Сизден сураныч,бала суу болуп баратат жеткирип койунузчу.
-Жок,бара албайм,менин да бала чакам бар.Мени туура тушунун баралбайм.
-Эн жок десе шаардын чекесине жеткрип койунчу,сопчулук учун,мына бул коодак бала учун.
- Жок,мен бара албайм,силерди жеткирип койуп озубуздукунон олгум келбейт,Алпарбайм дедим го деп жекире суйлоду.Айлабыз кетип,жоо журуш дагы коркунучтуу болуп,чындап бироого боор оруйм деп,атасы экообузду тозоктун отуна таштаганымды сезип,кыпчындап эмне кыларымды билбей турдум.
Жаан шатырап кирди.Бала суу болуп чырылдап ыйлай баштады.Айлам кетип,мен да ызаа болуп,эн жок десе Аллахым да ушу наристеге боор оубаганына ызаа болуп ыйлай баштадым.Ун чыгара албай,наристени кучактап жамгыр менен кошулуп коз жашым тогулуп турду.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Май 2017 - 18:41
#26 10 Май 2017 - 19:14
- Эй мусафырлар, эн жок десе ушул кичинеке коодак балага боор орусанар боло .Ушу кичинекей жижиде эмне айып,тур балам сен жеткирип кел.деп унун катуу чыгарып таксистерге наалаты создорду жаадырып атты.Биз машинага тушуп,суйунгондон ошол мээрбан эжеге да ракмат айта албай кете берипиз.Корсо аялы тороп ,родомдон чыгарганы келишиптир. Оздору шаардык болуп,коркушуп аялын ушул жерге алып келгенин айтып келе атты.Шаардын чекесине келип.
- Ака мен ушул эле жерден кайтайын.Азыр го сиздер бар,кайтышыман корком.Анын устуно келининиз да чыгып жаанда калып калбасын... Деп бизди тушуруп шашылыш жоноп калды.Биз ракматыбызды айтып акча сундук.
- Жок ака мен мунабы коодак учун келдим,пул албайм,мен раазы.
Учобуз шомтуроп жаанда келе атабыз.Атасы колуман баланы алып,экоон аркаман кел деп,баланы кучагына кысып,чуркап жоноду...
Элдин ушагынан качып чуркап баланы которуп бара атканы же каттуу жамгырдан качып баратканы экенин биле албай аркасынан тан калып карап калдым...
Ичтеги баланы катсан болот экен бирок тышка чыкан баланы катыш бул капака шибегени каткандай нерсе экен.
-Баланын ыйы чыгып атабы ?- деген суроолор берилип,кимдикинен чыканын билбей,кошуналар айран.Уруштан кийин кайнагамдын кызын,озун торотуп ал айланайын деп которунуп келип таштап кеткен.Бир койдун этти,бир чанач кымыз,бир карын май менен келип кетишкен.Эртеси эле уруш чыгып,кайра эле жеткирип бергенбиз.
-Алиман кайын синдин тородубу дешет.
- Оба же жок дей албай мукактанам.
- Оба деп бетим чыдап калп айта албайм,жок дебегеним уятыбыз эптеп жабылып калабы деген умут.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Май 2017 - 19:16
#28 10 Май 2017 - 19:49
Арасында эстуу зайып бар,ушакчысы дагы бар беш кол тен эмес да.
Эл келгенче баланы тыпыйтып ороп,залга дивандын устуно жаткызып койдум.Тушунуп, тушунбой тан калышып баары келди.Жан татту да урушта жан соогалап чердакта баарыбыз бирге жатып жургонбуз.
- Ээ ботом,качан балалуу боло калдын,чердакта эле чогуу журдун эле деп тамаша чынга салып созго жакын тентушум келди.
Ким эмне айтса да мен макулмун деп кулуп жайнап элди тозуп алдым.Бары келип бир куйумдан чай ичишкени менен тиги бала кайдан келди деп баарына кызык,мени суроолу карашат.Мен аста
- Эжелер,курбулар, синдилер, мен чердакта журуп эле уулду болдум.Мен силерди алдап калп айтып алдагым келбейт.Сурасанар деле чындыгын айта албайм.Мен уулду болдум.Кыздар, киргиле баарын келгиле деп кыздарды алдыларына тизип койдум.Кыздарыман жаман ой келбесин,барын коруп,билип журосунор,кыздарым таза.
- Ой койчу, кыздарынды коруп,билип эле журобуз ананайындар жакшы кыздарын бар.
Кыздарды эшике чыгарып ийип.
-Кыздарымдын бир эле айыбы бар, апаларынын жоктугу.Апалары болсо минтип менде журо беле.
- Эми балага келсек,чердакта журуп эле тууп алдым.Эми сойуш сойуп жентек берсек деле болот эле бирок озунор билесинер акыбал оор.Аз да болсо коптой коруп,балама ат койуп,ак батанарды берип кеткиле.Силердин астынардан отуп,аздыр коптур жентек берели деп чечтик.
Кошуналар раазы болуп,атын Султан койуп,ак баталарын айтып,ак тилек менен ак баталарын берип кетишти..
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Май 2017 - 19:49
#30 10 Май 2017 - 20:17
- Эже абал жакшы болмойунча балдар менен ошоякта туруп турунуз.Жездем озу эле келсе келсин сиз келбениз деди.Абал чындап оор экенин тушундум.Кетип атканыбызды коруп,кошуналар коштошуп,балдарды жеткирип кайра озун кел.Шаарды таштабайлы, чогуу бололу деп узатып калышты.Аэропортон да жигитер качпагыла,бал чаканарды жеткирип арканарга кайткыла.,деп кайра кайра айтышып атышты.
#33 10 Май 2017 - 22:32
- Балам мен силердин турмушунарга эч киришпегем. Менин балдарыман башка эч кимим жок,кызым эми Ошуна барбайт.Було керек болсо озун кел.Болбосо Бишкеке кочуп кел.
Экинчи кызым барбайт деп кесе айты.
-Атабыз мени карап,апамы карап элендеп калды.Апама корсотпой козуму кысып.
- Оба ошент.Бияка эле кел.Бишкеке эмне бар деп койдум.Ал унчуга албай апамы карап,балдарын карап,ойлонуп калды. Коштошуп атканда кичинекейимди апама кармата салып узатып чыктым.
- Сен кыжаалат болбой кете бер.Беш балам менен мени алып кала беле.Жини тарасын озум тушундуром, апама капа болбо.Мен учун азап чекенин коруп турасын,сен да туура тушун.Капа болуш жок деп жайдандап конулун алып узатып койдум.
Эне да балдарымды карап,арыктап жудой тушкон мени карап ичи ооруп,Ош деген созду укусу келбей турду.Кичинемдин кийми жок жука расплешонка менен барганбыз.Коруп эле магазинге чуркады.Небересине уч торт сыйра кийим,10 метир фланел,жунтканга тазиги,майда чуйдосу менен которуп келиптир.Апама апам копту коргон киши да.Туну баланы бешикте тербетишип жатып.
- Балам озунордун канынарданбы ? - десе.
Мен тан калып,не дешими билбей же чынын айталбай.
- Апа эмне деп атасыз, озумдун балам.
#34 10 Май 2017 - 23:17
- Шук болду,дубалдын да кулагы бар,башка куну айтасын деп тыйып койду.
Пешенеме балам жакшы чонойуп келе атат.Торолуп, кара бала болуп кулушуп калды.Келгенибизге эки айдан ашып,балдарым Ошун сагынып, жанылыктар болордо телевизорду сайып, бири бирин чакырып мандайына тизилип отуруп калышат
- Апа озбек менен кыргыздар элдешип атыптыр деп мен жанында отурсам деле мага айтышып суйунуп калышат.
- Тайэне,Ошто элдешиптир, эми биз кетели.Карасаныз Ошто эки эл элдешти деп атышат деп тайэнесини жанын койушпайт. Папабызды чакырын тайэне бизди алып кетсин.Учо уч жактан апамы тегеректеп талап кетет.Апам бечара неберелерине эмне дешин билбей,элинер урушчак деп айта албай,озунчо бушайман жейт.КАрап туруп балдарыма боорум ооруп кетет.Апам бечара кунуго колго жонотот,кайра тозуп алат.Машинанды этийет айда,балдардан козуну алба.Бироонун аманаты балам,Оштуктарга жакшы кара,курсактары ачып калбасын,тез тез тамак бер,суусап калбасын максымдан берип тур деп байкеми жудотуп ийет.Шаарга чыгарып ойнотуп келет бирок уч кичинекейим оздорунчо болунуп алып,кыжы кужу болуп Ошто баары жакшы,баары бар дешип Ошту кеп кылышып,отуруп калышат.
- Тобо ушундай да балдар болот экен да ээ.
Бир кун Ошун суйлошпосо балдарындын баштары ооруйт деп тажаганда бечара апам кулот.Август айы келип,бир куну апам балдарга кийим кылалы десе Айбегим.
- Тайэне кийимдерибизди Оштон алабыз.Мен биякта окубайм,мен Оштон окуйм деп эрчибей койду.Быйыл биринчи класска барган учун,апам Колдо эле окуусун деген эле.
Сентябрды чукулдатып атабыз да келип калды,балдары басып жыгылышты биринен бири отуп Ошко кетебизби? Ошто элдешти ээ пап, дешип кужурашат
Жада калса кичинекей Султанчик да атасына карап кулот,оозун жаппай алжандап кулгонун айт.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Май 2017 - 23:18
#37 11 Май 2017 - 00:16
- А балам,откондо жонотпойм дедим эле ачуум менен айткан экем.Балам силерге жипсиз байланыптыр да.Дегеле балдарындын бийяка коно турган туру жок.Телевизор тиктешип качан Ошту корсотсо ,тизилип тиктеп отурушат.Буларын кулсо да Ош деп кулуп,ыйласа да Ош деп ыйлашат экен.Иши кылып кайда журсонор да аман болгула,Башынар таштан болуп,жаман адамдардан силерди кудай озу сактасын деп ары карап ыйлап бери карап кулуп бизге ак батасын берип,ыйлап туруп узатты.Апакемдин ыйына чыдай албай мен да ичимен азаптандым. Турмуш деген турмуш да.Эненин коону балада,баланын коону талада болуп.Апамын журогу мен десе,мен да балдарым деп эми эле ыйлап узаткан апамды унутуп. Балдарымды ары отур,бери отур деп балдарым менен болуп эми эле ыйлап узаткан апамды унута туштум...
Эненин коону балада,баланын коону талаада деген чын экен да минтип азап чегип уктай албай ойлонуп отурам.Балам мен куурап ойлонгонум менен иши жок кочолоп журот.Канткенде бул онолуп,он жолго тушот.Муштай журогу мени оздой корбой,жат деп ушунтип тескери жолго кирдибИ ? Кайсыл уйун куйгур айты экен.Элге окшоп ачуу соз деле айтпадым эле.Жанын оорутуп урбадым деле. Конулумдо башка деген ой келбей,бешоону бирдей кордум эле.Кайра кичине деп кобурок жан тартып,журогум эзилип турар эле го...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Май 2017 - 00:18
#39 11 Май 2017 - 00:33
#40 11 Май 2017 - 01:33
Оштогу улут аралык уруш туралуу кабарым жок экен. Кап этпесениз кенениреек маалымат берип кетесизби. Кайсы жылы, себеби?
Жылдан эсен кыл
Суук коздон сактой гор
Жаман создон сактай гор
Элиме тынчтык бер
Эл ичинде бизге тынчтык бер
Омийн