E.TARZAN Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 7 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Жүрөк сыры (2 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 13 Апрель 15
- Кароолор:
- 7 225
- Соңку аракети
12 Ноя 2020 16:06
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- 34 жашта
- Туулган күнү:
- Февраль 23, 1989
- Жынысы:
-
Белгисиз
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Супер сулуу-2016. Бали аралына барчу сулууну чогуу тандайлы
Жазылган күн: 6 Июл 2016
Адамдын ички сулуулугу, сырткы көрүнушүнүн сулуулугу жана ыйманынын сулуулугу менен сулуу болсо керек. Айгул сулуу экен, бирок денесини бир аз жаап жашырган кийим кийип түшпөптүрсуз да сүрөкө. Айпери болсо сулуу экен, кийими деле жакшы.
Админ Супердин сулуулура өзүбүздүн нукура Кыргыздын кийимдерин кийип түшүшсө сулуулугуна сулуулук кошот беле. -
Темасы: Микрокредиттик компания ишке чакырат
Жазылган күн: 2 Июн 2015
Кредитти кандай жол менен алса болот, сом же долларбы, пайызы канча, канча моонотко алса болот, документация жок болобу ошондо? -
Темасы: Суперстан сайтына кош келипсиз! Бул форум жөнүндө кимден угуп,кантип катталып калдыңыз эле?
Жазылган күн: 29 Апр 2015
Салам достор мен жаңы кошулдум форумга. Оштук балдар, кыздар менен достошууну каалайм.
Форумга бир айдай аракет кылып жатып зорго кошулдум го. Башта соңку кабарларды эле окуп жүрчүмүн, кийнчерээк форумду окуп көрүп кызыгып кошулайын десем такыр болбойт араң дегенде кошулбадымбы түшүнбөй жатып -
Темасы: Алгачкы, алгачкы....
Жазылган күн: 16 Апр 2015
Балалык биринчи сүйүүм мектепте окуп жүргөндө 3-чү класста башталган. Классташ кызымды сүйчүмүн ал да мени сүйчү. Бирок сүйүүбүздү бири-бирибизге айта алчу эмеспиз (жаш балабыз да, ойлосом жакшы көрүү сезими окшойт). Анын апасы айта берчү кызымды сага берем деп.. Мектептин жанында бир дөңсөө бар болчу, ошол жерде кыштын күнү муз тепчүбүз. Бир күнү муз тээп атып, ылдый муз тээп түшөбүз кайра жогор жакка жактырган кыздарды жетелеп чыкчубуз да. Анан баардык балдар жактырган кыздарын жетелеп чыгып кетип атса, мен эч кимди жетелебей өзүм чыгып кетип атсам ал (классташ кызым) айтып атпайбы: "баары эле сүйгөн кыздарын жетелеп жогору жакка алып чыгып, чогуу муз тээп жатышат, сен неге мени жетелебей жатасын"- деп. Классташтарга табылбай эле калды го, баары тийишип, тамашалап жыргап эле калышты.Кийин мен мектепти бүтпөй эле шаарга келе бердим. Мектепти бүткөндөн кийин ал да шаарга окууга келген экен, экөөбүз жолугуп баштан өткөн окуяларды эстеп бир сыйра жыргап каткырып алдык.
-
Темасы: келечегим кандай болот....
Жазылган күн: 16 Апр 2015
Жашчылык-масчылык дегендей, ойлонбой туруп турмуш куруп алыпсыз да. Бирок бир жагынан караганда кыз баланын эрте турмушка чыкканы туура эле болот, а сиз ар жак бер жагын карап туруп анан турмуш курбапсыз да. Алып качып барганда деле отказ берип койбопсуз. Ээми күйөөнүз менен ажырашсаныз жакшы болбойт го бир баланыз менен.Балким барып-барып кайын журтунуз деле жакшы жакка өзгөрүлүп калаар. Кыргызда бир сөз бар го "аюдан качып төңгөкө" деген, азыркы турмушумдан жакшысын табам деп күйөөнүз менен ажырашып тагдырынызга балта чаап албаң.
Комментарийлер
E.TARZAN ге комментарий жазыла элек. "Кандайсың" деп жазып койбойлубу?