Силер кайсы жаштан баштап кыздарды кара далы деп эсептей баштайсыңар. Албетте сен ушундайсың деп эч ким түз айтпайт, бирок муну баары билет. Аялдар билим алган сайын, күйөөгө тийүүнү кечеңдетип жатышат. Дүйнө элинин көз карашына токтолсок Кытайда "кара далы кыздын" болжолдуу жашы 27де. Кореяда 30 жаштан кийин туршмушка чыгам дегендер көп. АКШда 40 жашка чейин турмушка чыкпаган 100дүн ичинен 4 айым болот экен. Орусияда да кесипчил айымдар көбөйүүдө.
Кыргызстанда болсо акыркы көрүнүштөрдү карап пикир калтырсаңар? Дин жагынан караганда 16 жаштан турмушка узатуу керек дегендери укканым бар. Кыргызстан светтик өлкө катары айтылат. Силер кызды канча жашта "кара далы" деп санай баштайсынар? Кыздар "кара далы" түшүнүгү силерге кандай таасир калтырат?
Билдирүүнү түзөткөн: aikow92: 08 Август 2014 - 12:09