Англис тилин үйрөнөбүз!
#41 28 Декабрь 2011 - 09:28
Мен дагы уйронот элем, кайсы курска т.е. кайсыл жердеги курска барса натыйжасы жакшы я? Мага болушунча тез уйронуш керек болуп жатат.
#42 10 Март 2013 - 23:07
Англисчени сүйлөшүү болмоюнча үйрөнүү мүмкүн эмес экенине көзүм жетти. Мектепте окуп жүргөндө азыноолак сүйлөшүп калган элек. Университетке келген кезде англис тилине жаназа окудум окшойт. Бирок, грамматикасын жакшы окуткандыктан алар эсте калып кете берет. Ал эми сүйлөшүү жагына келе турган болсок, башка адамдар менен сүйлөшмөюнчө китеп оку, гезит оку, тытын, бирок, билген тилиң кагаз бетинде эле калып кетет экен. Ошондуктан чет өлкөдөн заказ кылгыла сүйлөшүүчү гишини. Же англис тилде чаттар бар
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#45 10 Март 2013 - 23:19
И еще агентте да англисче общение кылгыла...
Наарындан жазган сааалам кааат
#46 10 Март 2013 - 23:43
#47 11 Март 2013 - 08:16
Ит ис нот блек боод, ит ис гриин. Бат ю а райт.
Наарындан жазган сааалам кааат
#48 11 Март 2013 - 09:54
#49 11 Март 2013 - 10:05
Тил уйронгондо адамдын созду же теманы эсине сактап жана аны практикада колдонуусу чон роль ойнойт.Мисалы жаны соз уйронгодо кээ бириники виртуально жазылып турганын коруп анан эсине сактап калат,же котормосу мн аудио турундо укканы эсинде калат жана ошол созду каалаган учурда эстеп колдонуп ошол созго дагы бир жаны созду кошуп уйронуп,бара бара суйлом тузо баштайт.Жашы 25 тен ашкандар индивидуально тилчи мн уйронсо кобуроок пайда берет.25 чейинкилер оз жаш курагындылар мн заниматься этиш керек,кобунчо диалог болуп жанындагы досу мн жон эле кечеги аткарган иштерин айтып беруудон баштаса болот.Анан 25 тен откон адам англис тилин уйронсо англичанин мн,корей тилин кореец б.а носитель языка болсо жакшы практиковаться эте алат,жана пайдасы коп.
#50 11 Март 2013 - 10:06
Бат ши толд ми блак боот! Ши ис вери жалганчы экен!
Наарындан жазган сааалам кааат
#51 11 Март 2013 - 13:48
#52 11 Март 2013 - 14:32
#53 11 Март 2013 - 14:51
#54 16 Май 2013 - 12:52
Англис тили жөнүндө суроолор болсо сурагыла, убакытым болгон учурда жооб бергенге аракет кылам!
#55 16 Май 2013 - 23:04
akmatoff22 (16 Май 2013 - 12:52) жазган:
Англис тили жөнүндө суроолор болсо сурагыла, убакытым болгон учурда жооб бергенге аракет кылам!
саламатсызбы! !!
мен англис тилин уйронойуп деп жатам. анан сизден сураарым, курска барганда групповой обученияга катышсам жыйынтык жакшы болобу же жеке индивидуальный катышсамбы?
Любовь в сердце, весна на душе и на улице, улыбка на лице и в глазах! А что еще нужно для счастья?!.))
#56 18 Май 2013 - 03:01
balshirin (16 Май 2013 - 23:04) жазган:
саламатсызбы!
!!
мен англис тилин уйронойуп деп жатам. анан сизден сураарым, курска барганда групповой обученияга катышсам жыйынтык жакшы болобу же жеке индивидуальный катышсамбы?
мен англис тилин уйронойуп деп жатам. анан сизден сураарым, курска барганда групповой обученияга катышсам жыйынтык жакшы болобу же жеке индивидуальный катышсамбы?
Саламатсызбы! Кеч жооб берип жатам, себеби супер.кг жооб жазуума уруксат берген жок (1 күндө 3 эле жолу жаза алат экенмин, бул мага 90-жылдардагы интернетти элестетти... ).
Сизге тез арананын ичинде, зарыл түрдө, англис тили керек болуп жатса, индивидуалдуу курска барууңуз жакшы.
Эгерде шашылыш эмес болсоңуз, группалар жакшы.
Группа менен окусаңыз,
жакшы жактары:
* сабактар кызыктуурак өтөт
* сабак учурунда, башка адамдар менен сүйлөшө турган учурлар бар, ошол убакытта адамдар керек болот
* жаңы адамдар менен таанышасыз
* сүйлөп практика кылам десеңиз ошол эле группадагы үйрөнүп жаткан окуучулар менен сүйлөшсөңүз болот
минустары:
* убакыт бир сизге кана эмес, башка адамдарга да бөлүнөт
* башка окуучулардан уялып, түшүнбөй калган учурларда суроо бере албай калышыңыз мүмкүн
* башка окуучулардан уялып, сүйлөш керек болгон учурларда сүйлөбөй коюшуңуз мүмкүн
* бирөө сизди оңдоп, же капысынан шылдыңдап салышы ыктымал
Жалгыз окусаңыз,
жакшы жактары:
* убакыттын баары сизге бөлүнөт
* демек, сабакта сиз кана барсыз, сиз эмне десеңиз ошол болот
* сиздин бүт кыйналган жерлериңизди кеңири сабак кылып өткөнгө ыңгайлуу болот
минустары:
* сабактын кээбирки учурларында башка адамдар керек болот, а сиз жалгыз болуп каласыз
* кээде сабак узун болгондой сезилип кетет (кызыксыз болуп кеткен учурларда)
Эми, англис тилини үйрөнүп жатканда сөзсүз көңүл бура турчу нерселер бар.
Алар;
1. Эмне максат менен англис тилин үйрөнүп жаткандыгыңызды сөзсүз түрдө чечип, билип алыңыз.
Мисалы; сиз, жакында чет өлкөгө саякатка баратасыз, сизге эң кыска убакыттын ичинде эң жөнөкөй сүйлөмдөрдү түзүп, кичине болсо да сүйлөп калуу маанилүү. Демек сизге грамматика азыраак керек болот да, жана жөн эле сүйлөмдөрдү жаттай берүү көбүрөөк керек болот.
Же, сиз англис тилинде жакшы сүйлөгүңүз келет. Анда, сизге грамматика жана сүйлөө экөө тең керек. Бирок сиз ар бир үйрөнгөн нерсеңизди сөзсүз түрдө үйрөнөөрүңүз менен сүйлөп башташыңыз керек. Көпчүлүгүбүз, көбүрөөк грамматика, көбүрөөк сөздөрдү үйрөнүп анан сүйлөйм деген туура эмес жолго түшүп алабыз.
Же, англис тили сиздин жумушуңуз үчүн керек болуп жатат. Анда жумушка байланыштуу терминдерди, сүйлөмдөрдү сөзсүз түрдө кошо үйрөнүүңүз зарыл!
2. Сүйлөгүңүз келсе... муну кийин жазам, эгерде бирөө жарымга керек болсо, сураса жооб кылып жазамын...
Жакшы туруңуз.
Билдирүүнү түзөткөн: akmatoff22: 18 Май 2013 - 10:33
#57 18 Май 2013 - 04:16
akmatoff22 (17 Май 2013 - 15:01) жазган:
Саламатсызбы!
Кеч жооб берип жатам, себеби супер.кг жооб жазуума уруксат берген жок (1 күндө 3 эле жолу жаза алат экенмин, бул мага 90-жылдардагы интернетти элестетти...
).
Катталганына 15 күн боло элек КОНОК тайпасындагылар бир күндө 3 гана комментарий жана 3 билдирүү жаза алышат. Эгер катталганынан 15 күн өтсө, анда КОНОКко чектөө жок. Билдирүү жана комментарийлерди чеги жок жаза берсе болот.
Аябай коп соз жазайын дедим, бирок былжырагым келбеди. Эрежени дагы бир ирет карап алыныз!
Жанымда бол! Айырмасы жок кай жерде болгонубуздун.
..
#59 03 Июнь 2013 - 13:01
Англис тилинин грамматикасы жөнүндө, же билбейм Англис тилине байланыштуу ар кандай суроолоруңуздар болсо берсеңиздер болот.
Мисалы, Англис тилини өз алдынча үйрөнүп жатасыз, ушундай учурларды сөзсүз түрдө суроолор пайда болот...
пс: Азыркы учурда тилдерди өз алдынча үйрөнгөндөр көп болушу керек деп ойлойм, себеп Интернет.
Мисалы, Англис тилини өз алдынча үйрөнүп жатасыз, ушундай учурларды сөзсүз түрдө суроолор пайда болот...
пс: Азыркы учурда тилдерди өз алдынча үйрөнгөндөр көп болушу керек деп ойлойм, себеп Интернет.
Билдирүүнү түзөткөн: akmatoff22: 03 Июнь 2013 - 13:03
#60 03 Июнь 2013 - 13:41
мен англисче коп эле создорду билем бирок суйлом тузгондо кыйналам.
Аракеттен -адат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат
адаттан-муноз
муноздон-тагдыр жаралат