Запорго регулакс дары жа кшы. Ашкабак менен кызылча да эн сонуназык б.с
Төрөттөн кийин ичтин катуусуна кандай чара колдонсо болот?
#23 12 Июнь 2015 - 01:33
Ич катуу - узакка заңдабай калуу, өз убагы менен ичеги арылбай, кыйналып заңдоодон, ич катуу көптөгөн оорулардан,
айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен,
начар тамактануудан келип чыгат. Дени соо адамдардын заңдоосу алардын тамактанышына,
жашоо шартына жана көнүмүш адатына жараша ар кыл болот. Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет.
Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн (аномалиясынан), механикалык, эндокриндик (калкан сымал, бөйрөк үстүндөгү, жыныс бездеринин) жана психикалык, ошондой эле денедеги туз жана суу алмашуунун бузулушунан жана башка болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу жана шартсыз рефлекстердин, ички бездердин начарлашынын жана башка факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан ич катуу көп кезигет. Ага узак убакыт бир түрдүү тамактануу, аз кыймылдоо жана тиштин начарлыгы, суюктукту аз ичүү себеп болот.
Белгилери
Ич катуунун белгилери өтө ар түрдүү. Ал оорунун себептерине жана өөрчүшүнө жараша болот. Кээ бирөө 3-4 күндө бир заңдаса, кээ бирөөнүкү жумалап созулат, ал эми кээ бир учурда жарым айлап барат. Кээде күнүгө заңдаган менен заң кыйналып, аздан чыгат да, адам канааттанбай, кандайдыр бир мүчүлүштүк сезилип турат. Ич катууда заң катуу, кургак, койдун корголундай болуп чыгат, ич ооруйт же көөп чыгат; адамдын иреңи кубарып, саргыч тартып, тил кургап, көөнөрүлөнүп турат, көңүлү чөгүп, тамакка табити тартпай, уйкусу качып, чыйрыгып, буту-колу чымырайт. Кээде жүрөк дикилдеп, демигет.
Дарылоо
Дарылоо негизги себептерине жараша жүргүзүлөт. Эгер туура эмес тамактануудан болсо азык заттын мүнөзүн өзгөртүү зарыл. Тамактын составында бүкүлү клетчаткалар көп болуп, суюктукту көп (1,5-2 л) ичүү талапка ылайык. Ич алууну күчөтүүчү тамак-аштар: кымыз, ачыган айран, жемиш ширеси, кесек ундан бышырылган нан, кара өрүк, кургатылган жемиш кагы жана башкалар сунуш кылынат. Маалы менен заңдоону адатка айландыруу жакшы. Ич катууну дарылоодо өтө кылдаттык керек. Жоон ичегиге түрдүү дары чөптөр менен микроклизмалар жасаса болот.Витамин менен дарылоо, психотерапия, айыктыруучу физкультура сунуш кылынат.
Алдын алуу
Ичтин катышын алдын алуу ар кимдин колунан келет, ал адамдын жашоо шартына тыгыз байланыштуу. Баланы дайыма бир убакта күлтүккө отургузуу, заңдоо учурунда оюнчук же сөзгө алаксыбоосуна көз салуу керек. Кызыктуу ишке алаксып заңдоону токтотуу туура эмес. Дааратканада отуруп окууга же тамеки тартууга болбойт. Бирдей убакытта тамактануу, эртең менен жакшылап тамак ичүү, ар дайым тамак-аш рационуна жашылчаларды (сабиз, кызылча, туздалган же чийки капуста, помидор, бадыраң, баклажан, кабак, ашкабак, гүлдүү капуста), мөмө-жемиштерди (өзүн же алардын маңызын), сүт, айран азыктүлүктөрүн, өсүмдүк майын, бал кошуу зор мааниге ээ. Айрым азык заттар (күрүч, быштак, курма, анар, кара мөмө, ачуу татымалдар) жана спирт ичимдиктери ич катуунун пайда болушуна жана анын өөрчүшүнө алып келет. Ар күнү эртең менен курсакка күч келтирүүчү көнүгүүлөрдү жасоо, жүгүрүү, жөө же велосипедде жүрүү, олтуруп иштегендер дене-бойду жазылтуучу көнүгүүлөрдү жасоосу ичегинин нормалдуу иштешине шарт түзөт.

Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#24 14 Июнь 2015 - 09:12
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#25 15 Январь 2016 - 17:08
#26 17 Январь 2016 - 18:35
#27 06 Май 2016 - 19:44
Мен кыздарымды Кыргызстанда тороп,ич катып,кыйналганмын.
А уулумду болсо Москвада тородум.Врачтар торогон кунум да эртеси да кипитокко май аралаштырып,
ошону гана беришти.Куйоомо ачка калдым деп жалдырайм.Тоок этти кайнатып,шорпосун алып кел дептир врач. Суу,кефир,творог,
алма,банан жегенге уруксат беришти учунчу куну.Бирок кыйналбадым.
Кадимкидей эле ич келип,баардыгы жайына тушту.Кыздарымда клизма жасашканынын азабын дагы деле тартып келем.Эрте менен созсуз бал кошулган кипиток ичишим керек.Болбосом ичимде озгоруулор башталат.
#29 23 Август 2017 - 21:10
Ич катканда туздалган бадырандын суусу менен муздак сутту (жарым стакандан) аралаштырып ичсе жакшы натыйжа берет.
Билдирүүнү түзөткөн: Glucke: 23 Август 2017 - 21:11
#30 09 Сентябрь 2017 - 21:48
Бир стакан айранга бир чон кашык таза ак майдан кошуп аралаштырып ичсе да ич катыбайт экен,то есть катыганы кетет.Чем жанагындай слабительный ичкенге караганда.
Жашоо бир келет....жанылбай жашоо керек..
#31 08 Август 2018 - 23:29
Ыы. Мен да төрөп ичим катып геморрой чыгып кеткен болуш керек. Мындай бир дөмпөкчө бар. Азырга чейин катат.
Чон жардам болдуго мага. Рахмат айыммдар кенешинерге жардамынарга.