hihikayu Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 2 188 (0,58 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Эркин тема (724 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 19 Май 14
- Кароолор:
- 61 382
- Соңку аракети
- 20 Янв 2022 16:40
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- 28 жашта
- Туулган күнү:
- Апрель 5, 1996
- Кызыгуусу:
- Коооп эле..
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Ыйман менен кенге бай,берекелуу Чон-Алай!
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
Kattaldym
23 Окт 2023 - 13:59 -
Nurtilek001
06 Ноя 2021 - 21:33 -
poping.dance
20 Окт 2021 - 22:42 -
eldiyarmacho
07 Окт 2021 - 06:20 -
LoLoPePe
30 Сен 2021 - 01:23 -
Supsuluu
19 Май 2021 - 14:11 -
Sagyn.91
09 Янв 2021 - 08:59 -
Diyana
06 Авг 2020 - 00:30 -
assanov97
24 Июн 2020 - 23:33 -
O.dembele
24 Июн 2020 - 18:57
Мен ачкан темалар
-
Бул жүрүм-турумдарды балаңыз сизден үйрөнөт
Жазылган күн: 1 Авг 2015
Ар бир ата- эненин жашоо тажрыйбасы ар түрдүү келет, бирок, кандай гана кырдаал болбосун балдарыңыз сиздин жүрүм- турум жана кыял- жоруктарыңызды сиздин өзүңүздөн үйрөнүшөт. Ар бир сүйлөгөн сөзүңүз, кыймыл- аракетиңиз, чыгарган чечимдериңизди балдарыңыз сезип- сезбей, билип- билбей өзүнө калыптандырып алат. Ал эми бул ата- эне үчүн өтө жоопкерчиликтүү маселе эмеспи. Төмөндөгү келтирилген 7 мисалда берилген жүрүм- турумдарды балдарыңыз сизден алат, андыктан билип алышыңыз ашыктык кылбайт.
1. Энеге болгон мамиле
Эгер баланын атасы үй бүлөдөгү айымдарга жакшы мамиле жасап, ага сый- урмат көрсөткөн болсо, демек, балдар чоңойгондон кийин апаларына дегеле айымдарга дал ошондой мамиле жасашат. Эгер кагып- силкип, одоно, адепсиз сөздөр колдонулса, аны да сөзсүз түрдө үйрөнүп алат.
Бул жүрүм-турумдарды балаңыз сизден үйрөнөт
2. Акча менен башкаруу
Эгер сиздин карызыңыз көп болсо жана акчаны үнөмдөбөй туш келди коротуп, максатсыз пайдаланган болсоңуз, балаңыз кийин дал ошондой болуп сизди кайталайт. Сиздин жашооңуздагы жоопкерчиликсиздигиңиз, каражатты үнөмдөй албай карызга баткандыгыңыз ага эң жаман үлгү болот.
3. Башка адамдарга мамиле жасоо
Эгерде сиз башка адамдар менен жеке өзүңүздүн кызыкчылыгыңыздын арты менен гана мамиле куруп, баарлашкан болсоңуз жана аны үй бүлөдө ачык эле айтып жүрсөңүз балаңыз кийин дал ошондой тарбия менен чоңоёт. Мындан сырткары, балакай менен дүкөн, кафелерге барган учурда дагы сатуучу, официанттар менен сылык- сыпаа сүйлөшүңүз. Кандай гана адамдар болбосун бардыгы бирдей укукка ээ жана сыйга татыктуу экенин сездире билдириңиз.
Бул жүрүм-турумдарды балаңыз сизден үйрөнөт
4. Макамы бийиктерге болгон мамиле
Сизге билинбеген менен балаңыз ар бир сүйлөшкөн сөздөрүңүзгө кулак салат. Телефон аркылуу, же үйдө отурганда жетекчиңиз тууралуу сын- пикирлерди айтсаңыз, муну да бала дароо эле эсине түйүп алат. Кийинчерээк ал адамдарга туура эмес мамиле жасайт. Буга бир гана өзүңүз күнөөлүүз.
Бул жүрүм-турумдарды балаңыз сизден үйрөнөт
5. Чөйрөңүздөгүлөргө жалган айтсаңыз
Балакайлар өтө сезимтал келет. Андыктан сиздин жалган айткан сөздөрүңүздүн баарын ал билип алат. Келечекте кийин ал сөзсүз ал ыкманы колдонот. Ошондуктан жалган сүйлөөдөн этият болуңуз.
Бул жүрүм-турумдарды балаңыз сизден үйрөнөт
6. Сиздин эрежелер жана жалкоолук
Алып жүргөн жашоо образыңыз баш- аламан болсо, спирт ичимдиктерин ичип, жумуштан кечигип же барбай койгон адаттарыңыз болсо, биринчи кезекте аны балаңыз үйрөнүп алат. Андыктан сергек жашоо образын алып жүрүп, балаңызга үлгү болуңуз.
Бул жүрүм-турумдарды балаңыз сизден үйрөнөт
7. Кең пейилдик жана мээримдүүлүк
Күнүмдүк жашооңузда кайрымдуулук кылуу, адамдар менен карым- катнаш түзүп жакшы мамиледе болуу жок болсо, анда балаңыздын жашоосунда ушундай боштук болот. Андыктан баланы кичинекейинен кайрымдуулук иштерине аралаштырып, жакшы, пайдалуу иш- чараларга катыштырып жүрүңүз. -
Организмге пайдалуу бирок, айымдардын салмагы үчүн зыян азыктар
Жазылган күн: 1 Авг 2015
Көпчүлүк айымдар дене- мүчөсүн бир калыпта келишимдүү сактоо максатында кабыл алган тамак- аштарындагы кээ бир азыктарга чек коюшат же алып салышат. Ал эми айрымдарына басым жасап, пайдалуу жана диеталык катары деп көбүрөөк колдонушат. Бирок, пайдалуу делген азыктар айымдардын салмагы үчүн зыян экен...
Жашылчалар
Кармалган диетанын бардык көрсөтмөсүндө кошулат Албетте, чынында эле жашылчаларда көптөгөн витамин, антиоксидант, кичи жана макроэлементтер бар. Бирок ,айрыкча шпинат менен тармал капустанын курамында оксалат заты бар. Ал арыктайм деген айымдар үчүн чыныгы көйгөй жаратат. Себеби, аларды диета учурунда кабыл алган организмде өзгөрүүлөр болот, ичегилер жабыркап, бөйрөккө таштын пайда болушун шарттайт.
Организмге пайдалуу бирок, айымдардын салмагы үчүн зыян азыктар
Агава
Кум шекердин ордуна пайдалануу сунушталып келет. Бирок, агаванын курамында фруктоз заты көп өлчөмдө болот. Ал табитти ачып ашыкча тамактанууга жол ачат.
Организмге пайдалуу бирок, айымдардын салмагы үчүн зыян азыктар
Йогурт
Йогурт- кальций, калий, белок, В тобундагы витаминдерге бай келет. Бирок, анын курамындагы кошулган канттын деңгэли өтө жогору. Андыктан диета кармоо учурунда канттын өлчөмүн сактай турган эреже бузулат.
Организмге пайдалуу бирок, айымдардын салмагы үчүн зыян азыктар
Жер- жемиштер
Ар бир эле диетага пайдалуу экендиги айтылып келет. Анткени витаминдердин булагы, минералдар жана торчолор бар. Бирок, мында да канттын денгээли жогору болот. Ошондуктан кээ бир диетолог адистери ашыкча жер- жемиш жегенге уруксат бербейт.
Жаңы даярдалган шире
Мында да канттын деңгээли жогору болгондуктан диета учурунда жаңы сыгылып алынган ширени ичүүгө тыюу салынат.
Соя азыктары
Бул азыктарды кабыл алууда диетолог адистери эки тараптуу карашат. Анын курамындагы кэ бир заттар тукумсуздукка себепчи кылат деген пикирди айтып келишет. Ошондой эле онкологиялык ооруларды козгойт.
Организмге пайдалуу бирок, айымдардын салмагы үчүн зыян азыктар
Жаңгактар
Жаңгактардын бардык эле түрлөрүндө протеин жана көптөгөн пайдалуу витаминдер бар. Майлуулугу да жогору. Андыктан диета учурунда бир күндө 10 го жакын жаңгак жесеңиз 300 калория кошкон болосуз. -
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Жазылган күн: 1 Авг 2015
Күнүмдүк жашоо- тиричиликте ар кандай көйгөй жана кырдаалдардын алкагында түгөйлөрдүн ортосунда чыр- чатак чыкпай койбойт. Бул учурда айрыкча аялзаты сабырдуу келип, ортодогу мамилени бузуп албаганга аракет жасоолору керек. Демек, бүгүн жолдошуңуз менен жарашуунун ыкмаларын үйрөнөбүз.
Психолог адистеринин айтымдарында үй бүлөлүк чыр- чатак учурундагы кеңири таралган кырдаал эч кимиси алгачкы жарашуу кадамын таштагысы келбегендикте болот. Себеби, мырзалар үй бүлө башчысы катары өзүнүн пикирин талашсыз туура деп эсептеп кежирленишет. Ал эми көпчүлүк айымдар мындай мамиледен жапа чегип калышат, анткени кандай аракет жасаарын билбей калышат. Андыктан психолог адистери мындай кежир жолдошу бар айымдарды сабырдуулукка чакырат. Ошол эле учурда ортодо чыр- чатак болуп өткөн соң, айымдар өздөрү күнөөлүү болуп жаткан маалда деле дароо эле кечирим сурай калуу дагы туура эместигин белгилешет. Муну менен айымдар өз баасын түшүрүп алышат жана сый- урматты экинчи көрбөй калышы да толук ыктымал.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Жолдошуңуз менен пикир келишпесик болур кер- мур айтышкан соң, тыныгуу жарыялаңыз. Эч нерсе болуп өтпөгөндөй эле түшкү же кечки тамакка даярданып даамдуу тамак жасап, дасторконду күндөгүдөн өзгөчөрөөк жасаңыз. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жолдошуңуздун үй бүлөлү досторунан "чай ичип кеткиле"- деп конокко чакыра коюңуз. Жолдошуңуз дострунун көзүнчө буга чейинки чыр- чатакты козгобойт, кээде таптакыр эле унутуп да калат. Ошол эле учурда сизди сыйлоосу жогорулайт. Демек, конокторду экөөңүздөр байкабай эле жарашкан абалда узатасыздар.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Жогоруда айтып өткөндөй чыр- чатактын келип чыгышына ар дайым эле мырзаларды күнөөлөгөнгө болбойт, айымдар деле себепчи болушат. Андыктан көпчүлүк айымдар мындай абалга кабылган соң, ачууга алдырып чыр- чатакты чыгарып алып ,кайрадан бардыгын орду- ордуна коё албай буйшайман болушат. Мындай учурда бир нече натыйжалуу ыкмаларды колдонсо болот.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
1- Күтүлбөгөн жерден эле жолдошуңузга туугандардын үйүнө конокко барып келүүнү сунуштаңыз. Жолдошуңуздун ата- энесиникине барсаңыздар абдан жакшы болот. Себеби ар адам үчүн эне маанилүү ролду ойнойт эмеспи. Ачуусу тарап, көңүлү көтөрүлүп келет.
2- Романтикалуу кечки тамак уюштура коюңуз. Даамдуу тамак, жагымдуу музыка... Түгөйлөрдүн ортосундагы мамилени сактап калуу үчүн бул эң эле сонун ыкма болуп эсептелет. Андыктан дасмалыңызды кооз жасап алып жолошуңузду жумуштан жагымдуу маанай менен күтүп алыңыз. Мүмкүнчүлүк болсо белек берсеңиз да болот. Белек сөзсүз түрдө эле майрам күндөрү эмес, жөнөкөй күндөрү да берилгени жакшы.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Чыр- чатактын себепкери жолдошуңуз болсо....
Эгер чыр- чатакты жолдошуңуз баштаган болсо, анда, белгилүү бир ыкмада аялзаттык ыкма менен аракет жасашыңыз зарыл болот. Болгону аны менен макул болуп чыр- чатакка чопчоң болгон чекит коюп коюңуз. Кийинчерээк, бир аз убакыт өтүп, жолдошуңуздун кабагы ачылган соң жеңил. Жайбаракат абалда анын бир аз жаңылгандыгын белгилеп айтып коюңуз. Бирок, сеники туура эмес дебеңиз, бир аз жаңылыштың деп айтыңыз. Кээде өтө эле кежир мырзалар болот, алар эч нерсеге "алданышпайт" . Маселен, ата- энесине конокко барганда, үйгө достору келгенде же жубайы рматикалуу кечки тамак уюштурганда. .. Мындай мырзаларга жөн эле убакыт бериш керек... Баары өз ордуна келип калат. Жолдшуңуз күнөөлүү болгон учурда сиз кечирим сурабай эле коюңуз. Ал өзүнүн катачылыгын сезиши керек. .
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Смс билдирүү жазып коюңуз...
Ар бир жубайлардын ортосундагы сыр катары кармалган сүйлөшүүлөр жана бири- бирине арналган жылуу сөздөр эмеспи... Жолдошуңузга ошондой жагымдуу сөздөрдөн бир сүйлөмдү смс менен жөнөтүп коюңуз.
Дагы бир маанилүү жагдай, чыр- чатактын чыгышына себепчи болгон айымдар өз катачылыктарын моюндарына ала билиш керек. Бул абдан маанилүү. Себеби кээ бир айымдар өздөрүнө чаң жугузбай, жолдошторун гана күнөөлүү деп эсептей беришет. Бул туура эмес. Өзүңүздүн катачылыкты моюнуңузга алганда гана үй бүлөлүк жашоодо бейпилдик болот. Экинчи ал катачылыкты кайталабайсыз.
Жолдошуңуз менен жарашуу ыкмаларын үйрөнүп алыңыз
Ошондой эле эч качан ата- эне, жоро жолдошторуңуздарды аралаштырып, аларга даттанбаңыз. Мырзалар муну абдан жаман көрүшөт. Мындан сырткары, абдан сабырдуу болуңуз эч качан ажырашуу темасын козгой көрбөңүз. Себеби мырзалар өз намыстарын бийик коюшат, андыктан кокусунан ажырашууга макул болуп жибериши ыктымал. Мындай учурда кырдаал кыйындайт. -
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
Жазылган күн: 12 Июл 2015
Жынсы кездемесинен тигилген кийимдер дүйнөнүн төрт бурчуна бирдей эле таркаган. Мырзалар үчүн да айымдарга да, балдарга да арналып тигилет. Ар бир адамда жок эле дегенде бирден жынсыдан тигилген кийим бар. Кооз жана ыңгайлуу сезилгени менен зыяна да бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Тактап айтканда жынсы кездеме эмес, тигилген фасону зыянын тийгизет. Буга мисал, өзгөчө модалуу фасондордо тигилген жынсы шымдарды айтсак болот.
1. Денеге чап жармашып чак келген фасондо тигилген жынсы шымдар табарсык үчүн өтө олуттуу зыянын тийгизет. Тар шымдан табарсык муундары ар дайым кысылып жүргөндүктөн, акыр аягында анын чоюлуп, кеңейип кетишине жеткирет.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
2. Тар шымдан улам табарсык муундары баскан сайын жабыркоого учурайт. Мында, омурткаларга жана белге ашыкча күч келет. Жыйынтыгында омуртка оорусу менен жабыркоого туш келет.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
3. Денеге чапташып турган жынсы шымдар муундарды эле кыспастан нерв торчолорун, буттун муундарын да жабыркоого учуратат. Мунун айынан мээге кан айлануу жакшы жетпей, буттар тез чарчап, варикоз оорусунун келип чыгышына себеп болот. Айрыкча белинен ылдый тигилген жынсылардын зыяны чоң.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
4. Белден ылдый тигилген фасондуу жынсылардын дагы бир зыяны, ал бел тараптын муздап калуусуна шарт түзөт. Мунун айынан бөйрөк жабыркап, заара бөлүп чыгаруу органдары акырындык менен иштен чыга баштайт. Жатынга терс таасирин тийгизип, жыйынтыгында эне болуу бактысынан толук ажырап калышы да ыктымал. Мындан да жаманы бөйрөктүн эң оор түрүнө кирген илдеттер менен ооруп калуу да коркучу жок эмес.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
5. Белден ылдый фосондо тигилген шым кийген айымдардын салмагы да кошулат. Себеби, организм сырткы суук абадан өзүн коргоо үчүн бел жакка ыкчам түрдө май топтой баштайт.
6. Бели өйдө, бирок денеге чапташып тигилген жынсы шымдарды кийүү менен ашказан ооруларына да кабылууга болот. Анткени, тамактанып отурган соң, тар шым кысып, ашказанга күч келтирет.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
7. Тар жынсы шымдарды мырзалар да кийбей эле койгону дурус. Себеби, ал импотенцияга жеткирет. Мырзалардын уруктугу төмөнкү температурада жигердүү абалда болот. ал эми тар шым кысып, ысытып, температураны жогорулатканда эреже бузулат. Жыйынтыгында ата болуу бактысынан да ажыроого себепчи болушу мүмкүн.
Жынсы шымдар ден-соолукка зыян экенин далидеген 10 себеп
8. Тар шымдарды көп кийген айымдардын гигиеналык эрежелери бузулуп, жыныстык органдарына инфекция кирип ар кандай ооруларды козгоп жибериши да күтүлөт.
9. Кооз жана тар тигилген жынсы шымдардын боёлгон өндөрү териге сиңип, анын жыйынтыгында аллергиялык оорулар да козголот. Ошондой эле кээ бир тери ооруларына да кабылышыңыз ыктымал.
10. Айрым психолог адистеринин айтымдарында, жынсы кездемеси негизи эле кандайдыр бир күч менен адамдарды өзүнө багынтып, сыйкырлап алган. -
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет
Жазылган күн: 12 Июл 2015
Организмдеги жыйналган шлактар ички органдардын жабыркоосуна алып келет. Кээ бир ооруларды ордунан козгойт жана анын кесепетинен сырткы сулуулугуңузга да таасирин берип, жагымсыз абалга жеткирет. Төмөндө организмиңиздин "таштандыга" толуп калгандагы белгилери.
1. Эртең менен жаңы ойгонгондон баштап эле денеңиз оорлошуп, маанайыңыз жок болот жана кечке чейин абалыңыздын начарлашы жогорулай берет. Ишке болгон жөндөмдүүлүк кескин азаят. Бат эле чарчап каласыз.
2. Маалыматтарды кабыл алуу начарлап, унутчаак болосуз.
3. Себепсиз эле башыңыз ооруй берет.
4. Уйкуңуз бузулат
5. Жан дүйнөңүз жабыркап, ачуулуу болуп чыга келесиз.
6. Териңиздин абалы начарлай баштайт. Кургайт, түлөйт, безетки чыгат.
7. Денеден жагымсыз жыт чыгат.
8. Ооздо жагымсыз жыт пайда болот.
9. Тиштериңиз ооруйт
10. Сасык тумоо тийгендей дене табыңыз көтөрүлүшү мүмкүн.
11. Терчилдик пайда болот.
12. Ичиңизге газ көп топтоло баштайт жана ич катат
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет
Ичегилерди тазалоодон баштаңыз
Алгачкы күндөрү 2 даана алмадан эки маал жеп отуруп, күн сайын дагы экиден кошуп 2 килограммга чейин жегенге жеткириңиз. Мында, кофе ичүүнү токтотуп, ордуна минералдык суу же чөп чай ичишиӊиз керек. Айына бир жолу ичегилерди алма менен тазалап туруу натыйжылуу болот.
Бир күндө 2 литрге чейин жаңы жер-жемиштерден сыгылып алынган шире ичиңиз. Ширени өзүӊүз каалаган жемиштен даярдасаӊыз болот. Шире менен ичегини тазалоо күнү башка эч кандай азык жебешиӊиз керек. Бул ыкманы бир айда бир гана жолу жасаңыз.
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет
Бөйрөк
Дарбыз жана кара нан. Тазалоонун бул түрүндө кара нан менен дарбыздан башка эч тамак желбеши керек. Күндүз кечке дарбыз жана кара нан менен гана тамактаныӊыз. Мындай тазалануудан эки-үч күн өткөндөн кийин бөйрөктөгү майда кумдар жана таштар заара аркылуу бөлүнүп чыгып баштайт. Эгер бир жумада бул процессти байкабасаңыз, тазалоону дагы 2-3 жума кайталаңыз. Организмдеги кумдардын бөлүнүп жатканын өз көзүңүз менен көрүп ынангыңыз келсе, анда заараны атайын идишке заара ушатасыз.
Кан тамырлар
Кан тамырды тазалоо менен жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот. Бул ыкма аркылуу организмди жашарта алабыз. Тамырлар тазаланган соң кан айлануу жакшы иштеп, ар бир клетка таза кан менен азыктанып, натыйжада терини, тырмактарды, чачты бекемдейт.
Малинанын, карагаттын жана ит мурундун кургатылган жалбырактарын кошуп чай демдеӊиз. Ит мурундун мөмөсү жүрөктү жакшы иштетет, токсиндер менен шлакты айдап чыгып, организмдеги холестериндин деӊгээлин азайтат. Ит мурундун жалбырагынын ордуна мөмөсүн колдонсоңуз да болот.
Сарымсактын з тишчеси менен 2 лимондун кабыгын эт туурагычтан өткөрүп майдалап, ага 1 килограмм бал, 200 грамм зыгыр майын кошуп аралашма даярдайсыз. Даяр болгон массаны айнек идишке салып муздаткычка коюп коёсуз. Эми андан бир күндө үч жолу бир аш кашыктан тамактанарга жарым саат калганда жеш керек. Мындай аракет аркылуу сиз кан-тамырларыӊызды тазалоо менен бирге жаштыгыӊызды сактай аласыз.
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет
Боор
Боорго шлак толуп калганда бетке безеткилер чыга баштайт. Боорду тазалоону ичегилерди тазалап бүткөндөн кийин баштасаңыз жакшы натыйжа берет. Мындай аракетте кан тамырлар жана өт да кошо тазаланат. Бул органды тазалоонун алдында эт, жумуртка жана сүт азыктарын рационуңуздан азайтып же алып салыңыз. Алардын ордуна жашылчалардан жасалган салат колдонсоңуз болот.
Бир күндө 2 килограммга чейин табитиӊизге жакын жашылчаларды жеӊиз. Бул күнү жашылчалардан башка тамактарды токтотуп коюӊуз. Бир гана газдалбаган суу ичсеңиз болот.
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет
Салат. Салаттын курамын сабиз, түстүү капуста, болгар калемпири, редиска, жашыл алма, кызыл кызылча, бадыраң жана аш-көктөр түзөт. Бул жашылчалардын баарын туурап, оливка майы менен аралаштырып, татымына жараша туз кошосуз. Даяр болгон салатты ар эки саат сайын жеп, кадимки тамак катары кабыл алыӊыз. Бул ыкманы ар эки күндө бир кайталасаңыз натыйжалуу болот.
Күнүңүздү бир аш кашык зайтун майын ичүү менен баштаңыз. Майды эртеӊ мененки тамактануудан жарым саат мурун ичиӊиз. Мындай тазалануунун натыйжасын бир жумада эле байкасаңыз болот. Жүзүӊүз жылмакай тартып, жумшарып калат. Зайтун майы жок болсо ордуна зыгыр майын колдонсоңуз болот. Бул майды шаарыбыздын бардык дарыканаларынан таба аласыз. Бир ай май ичип, экинчи айда эс алып турсаӊыз болот. Бул ыкма сиздин бооруңуздун жакшы иштешине жардам берет
.
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет
Муундарды тазалоо
Бутуңуздун бүгүлүшүн оорлоткон муундарыңыздын оорусунан арылгыңыз келсе, демек, муундарды тазалоо керек. Муундар тазаланганда организмдеги ашыкча туздар ээрийт. Туздардан арылуу менен өзүӊүз каалаган саламаттыкка жетсеӊиз болот.
Лавр жалбырагы. 5-6 грамм лавр жалбырагынын үстүнө 300 грамм кайнак суу куюп, жай отко 3-5 мүнөт кайнатасыз. Даяр болгон кайнатманы жалбырагы менен банкага куюп коёсуз. Тамактануу ортологон маалда ал кайнатмадан 50 граммдан ичип туруңуз. Бул ыкманы 3 күн катары менен жасаңыз. Ортодон бир жума эс алган соң дагы бир ирет кайталаңыз. Экинчи ирет кайталагандан кийин бул жолу бир ай эс алыңыз да, кайрадан кайталаӊыз. Организмиңиздин тазалана баштаганын бир жумадан кийин байкасаңыз болот. Муундарыңыздын ооруганы басылат.
Организмиңиз "таштандыга" толуп калса белгилери бетиңизден билинет
Организмди ар дайым таза алып жүрүүнү каалсаңыз, анда:
1. Таттуу, майлуу жана ундан жасалган азыктарды чеги менен кабыл алуу зарыл.
2. Майлуу эмес эт жана балыкты жумасына бир жолу гана жегенге болот;
3. Өтө тоё тамактанып алгандан алыс болуу кажет
4. Бир күндө 2-2,5 литрге чейин газдалбаган суу ичүү зарыл;
5. Жашылча-жемиштерди дайыма жей жүрүү талапка ылайык;
6. Ар дайым кыймылда болуу маанилүү.
Макаланын автору: Кайыргуль Райымбек
Достору
-
Killboy -
admin_supe... -
PROS -
Nursss_Rea... -
mister.kan... -
Urmat-1989 -
Azimjan_95 -
dinajanka -
dinajanka -
lazygirl -
Akzi -
maksol -
akzuura -
mr.joni -
admiral -
Maero -
Oceana -
suyom_seni -
doooron -
Jadyrashka -
mrbin777 -
Taa1ai -
Asus77 -
Aitgul -
Chon-Alai-... -
Muslimka_M... -
Janka22 -
egiz-jigit -
Patrik -
Naimanka-kg -
MATMAPAK -
Soulya -
Dinaraa -
MATMAPAK1 -
Milana. -
Jelmoguz.brat -
sanjar9777 -
Berkmambet -
Kontinent -
poping.dance -
Talantbek1994 -
torik2292 -
chyrok -
wamelka -
_RoMa_ -
new_hacker -
byityska -
Asalim-99 -
hanbiike.97 -
IskenDer.Ali
Показать 50 случайных друзей 71 (Просмотреть всех)
Комментарийлер
alibekova94
21 Май 2018 - 11:27alibekova94
21 Май 2018 - 02:21