Голландиядагы Исламдык вакф уюму тарабынан ай сайын чыга турган «Аль - Усра» журналында Сауд Арабиясынын Жидда шаарында жашаган М. М. М. аттуу аялдын «Үйлөнүү нааразылык менен болгондо» аттуу макаласы жарык көргөн. Автор өз макаласында:
«Менин күйөөм каршылык кылганыма жана менин чырайымда, тек-жайымда,
адеп-ахлагымда эч бир кемчилдик жоктугуна карабай экинчи аялга үйлөнүп алды. Ошондуктан мен жана менин пикирлештерим күйөөмдүн бул жоругун айыптап: «Сага Аллах Таала жардам бербесин дейбиз!» деп жазган. Бул макала мусулман коомчулугунун,
айрыкча аялдардын арасында чон талкууга себеп болду. Төмөндө ошол талкууга катышкан Эр Рияд шаарында жайгашкан имам Мухаммад бен Сауд атындагы Ислам Университетинин доценти Умму Анас деген аялдын «Экинчи аял болуу кордук эмес» аттуу макаласын жарыялайбыз.
Баракча 1 - 1
Экинчи аял болуу кордукпу? ...
#2 26 Май 2014 - 00:47
Урматтуу синдим! Биз мусулмандар эгер жашообуздун бардык багытында Аллах Тааланын мыйзамы менен өкүм кылбасак жана Аллах Тааланын каалоосун жеке керт башыбыздын каалоосунан жогору коё албасак эки дүйнөдө тең бактылуу боло албайбыз. Мен сага дагы бир нерсени айтып коёюн: «Эгер коомубуздагы сен сыяктуу жаштар, гезит, журнал, радио-телеканалдары аркылуу Европадан келген бузук дүйнө тааным менен ууланбаганыңарда силер Аллах Тааланын каалоосуна (Куранга) эч качан каршы сүйлөбөйт элеңер жана Аллах Тааланын бардык өкүмдөр жеткен даанышмандык жана өз пенделерине ырахмат-боорукерлик экенин түшүнөт эленер». Сен «чырайымда кемчилдик болбосо да күйөөм үйлөнүп алды»,- деп жазыптырсын.
Эгер сен эркектер биринчи аялынын чырайына көңүл толбой калганда, же башка кемчилдиктеринен иренжигенде гана экинчисине үйлөнүшөт деп ойлосоң, терен жанылышасың.
Улук пайгамбарыбыз (саллаллоху алайхи ва салам) Аиша энебиздин үстүнө канча аял алды? Эмне, Аишанын чырайында, же кулк-мүнөзүндө кемчилдик бар беле, же болбосо Пайгамбарыбыз Аиша энебизди сүйбөй калды беле? Жок, андай эмес! Аллахтын Элчиси Аишага болгон сүйүүсүн жашырбай, көпчүлүк чогулган мажилистерде да ашкере айтып жүргөн. Сахабалардын бирөөсү (Аллах андан ыраазы болсун): «Йа, Расулуллах,
сиздин эң катуу сүйгөн адамыңыз ким?» -деп сураганда Ал: «Аиша»,-деп жооп берген. «А, эркектерден кимди эң көп жакшы көрөсүз» деп сурашканда,
«Аишанын атасын» деген.
#3 26 Май 2014 - 00:48
Сен дагы «Экинчи аял сөзсүз күйөөгө тийип чыккан, же болбосо жесир аялдар болушу абзел»,-деп жазыптырсын.
Улук Пайгамбарыбыз өз никесиндеги Савда бинти Замьанын үстүнө Аишаны алганда, ал болгону тогуз жаштагы кыз экенин унуттунбу? (Арапстан сыяктуу ысык өлкөлөрдө кыз балдар тогуз жашында кадыресе эле бой тартып калышат. /ред.,) Савда энебиз ошондо сага окшоп тызылдап, Аллахтын уруксатына (көп аял алууга) каршы сүйлөгөн жок эле го! Андан кийин сен «күндөштүк жашоо- бул кордук!» дептирсин. Абайла синдим! Сен мунун менен Аллах Тааланын өкүмдөрүнө каршы сүйлөп жатасың. Кайсы бир коомдо болбосун, аялдардын саны эркектерден бир нече эсеге көптүк кылат. Ар бир эркек бир аял алуу менен гана чектелсе, калган аялдар эмне кылат? Алардын үй-бүлө күтүп, сен сыяктуу бала-чакалуу болууга укугу жокпу? Эгер сен багуучусу, коргоочусу жок жана алсыз аялдар менен өз үйү, өлөң төшөгү, башында эри, койнунда адал баласы болууну эңсеп, көчөдө көрүнгөндүн түрткүсүн жеп жүргөн көпөлөк кыздардын кордугун жон териң менен сезгенинде,
өзүңдү кордолгон деп эсептебейт элең. Сен кайсы кордукту айтып жатасың? Аллах Таала эркектердин көп аял алуусуна уруксат бергенде бардык аялдардын үй-жай, кийим-кече, тамак-аш менен камсыз кылуусун жана аялдарына адилет (тендик) менен мамиле кылуусун шарт кылган. Эгер бир эркектин мал-дүйнөсүжетиштүү болсо, ак ниет менен төрткө чейин аял алып, бардыгына өзүнчө үй сатып берип, бардык муктаждыктарын толук жана адилет канааттандырып турса, мунун эмнеси кордук?
#4 26 Май 2014 - 00:50
Азыркы күндө, Ислам душмандары мусулман аялдардын тарбиясын бузууга өтө көп аракет жумшап, аларды жолдон азгырууга минң түрдүүайла-
амалдарды ойлоп чыгарууда. Эгер бир мусулман эркек тарбиясы коркунуч астында калган аялдарды өз никесине алып, аларды жана алардан көргөн перзенттерин таза Исламдык тарбия менен тарбияласа мунун эмнеси жаман? Мен жогоруда айтып өткөндөй, күйөөдөн мандайы ачылбаган жана наристенин наргис-жыпар жытын жыттоого зар болуп, кор болуп жүргөн эрсиз, үй-бүлөөсүз аялдар дагы үстүндө үйү, башында эри, астында оокаты жана койнунда баласы болгон тынч турмушту каалашат. А сен болсо, мындай турмушту өзүңдө гана болуусун каалап жатасың! Мен сага улук Пайгамбарыбыздын:
«Силердин эч биринер өзүңөр үчүн жакшы көргөн нерсени башка мусулман бир тууганыңарга да ыраа көрмөйүнчө момун (ыймандуу) боло албайсынар» деген улук сөзүн эскертүү менен сөзүмдүаяктайм.
#5 26 Май 2014 - 01:52
Аябай сонун жазылыптыр,
Аллах сизден ыраазы болсун. Бирок азыркы заманда андай эмес,кечиресинер эркектер,беш кол тен эмес,бирок эркектер аялдардын акчасына карап уйлонуп калбадыбы.
СЕН УШУНЧАЛЫК ЖАКШЫ АДАМ БОЛГУН,
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#6 26 Май 2014 - 09:46
МаашАллах кандай гана айкын чындык! Аялдар да эркектер да бул макаладан сабак алуусу керек деп ойлойм.
#7 02 Апрель 2020 - 14:35
Жакшы маалыматтар бар экен. эгер экинчи аялы торосо баланын атасы ага биринчи аялынан торолгон балдарына мээрим токкондой того алабы же ал балдарына башкачараак мамиле жасап койобу ушул жонундо маалымат бере аласыздарбы сураныч .Экинчи аялынан торолгон балдар атасынын мээримин аз коруп калышпайбы.
Баракча 1 - 1