Карачы, канча күнүң артта калды.
Байлыктан, бактылуулук кимдер тапты?
Күнүмдүк көр оокатка азгырылып.
Канчасы, ыйманы жок көргө жатты.
Алданба убактылуу өмүрүңө.
Жашооңдуу байлап алба жүрөгүңө.
Унутуп, конок болуп келгениңди.
Дүйнөнү салып алба түнөгүңө.
Эстечи, бугуң батпай ыйлаганың.
Жан дүйнөң ыйманы жок кыйналганын.
Бул дүйнө кенен болуп турса дагы.
Кысылып эч жерине батпаганың.
Жашоонун аягына кимдер жетет.
Өмүрүң суудай болуп агып кетет.
Түшүнүп, ыйман жолун тапкан болсоң.
Ыйманың эки дүйнө пайда берет.
Жаштыгың кайрылбастан артта калат.
Сулуулук, бырыш болуп карып барат.
Түшүнүп, Жаратканды таанып алсаң.
Жан дүйнөң бактылуулук жолун табат.
Билдирүүнү түзөткөн: Meruet84: 06 Май 2017 - 01:11