m.a.d.e_i.n_m.a.m.a Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 251 (0,07 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (120 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 01 Февраль 15
- Кароолор:
- 16 349
- Соңку аракети
- 13 Янв 2022 11:39
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 30 жашта
- Туулган күнү:
- Июнь 6, 1994
- Кызыгуусу:
- Белгисиз нерселер...
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Нарын, Ат-Башы
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мен ачкан темалар
-
Жардам берип коюуңуздарды суранабыз
Жазылган күн: 14 Янв 2018
Ат-Башы районун Ак-Жар айылынын 14 жаштагы тургуну Зарылбек уулу Орозобек туубаса жүрөк оорусу менен ооругандыгына байланыштуу жакынкы күндөрү операция жасалат. Ошол себептен кайрымдуу атуулдардан операцияга жана андан кийинки реабилитациясы үчүн жардам сурайбыз. Жөнөкөй үй-бүлөөдөн болгондуктан баардык чыгымдарын көтөөрүүгө мүмкүнчүлүгү жетишсиз.
Зарылбек уулу Орозобек жөнүндө айта кетсек Жаналы уулу Абдрыхман атындагы орто мектепте 8-классынын окуучусу. Сабактарды жакшы деген бааларга окуп, өзүнүн тырышчаактыгы менен, анан да башкалардан кичинекейлиги менен айырмалат. Азыр бою болгону 127 см.
Байланышуу үчүн 0706 855 955 агасы Тынчтык
ЭЛСОМ аркылуу акча которууну каалагандар үчүн 0774160699
Момун мусулман бир туугандар жардам күтүп жаткан бир тууган, бир боорубузга жардам берели. Кудай ыраазычылыгы үчүн...
Дүйнөдө балдар оорубасынчы. Амиин... -
"Тагдырдын тамашасы"
Жазылган күн: 25 Авг 2017
Окуу жылын аяктап, келечекте жакшы бир кесиптин ээси болууну каалаган Аскат ата-энеси, бир туугандары менен коштошуп шаарга сапар алды. Кыялында " шаарга барып, өз күчүм менен окуп, кичине өзүмө жардам болуш үчүн бир жумушка иштешим керек"- деген ой менен шаарды көздөй бара жатты. Көп өтпөй убакыт зымырап учуп, кыялындагы шаарга келип түшөт. Айыл жергесинде жашап, шаарга бир да жолу келбегендиктен эч бир жерин билбейт. Вокзалдан көп алыс баспай, чөнтөк телефонун алды да, апасынын бир тууган иниси Марат тайкесине чалат.
-Алоо.
-Алоо.
-Марат тайке сизби?
-Оа мен.
-Кандайсыз Марат тайке?
-Жакшы, а ким экен бул?
-Мен Айжан эжеңиздин баласы Аскат
-Аа кандайсың жээним, жакшыбы? Ооба мага апаң чалган, "Аскат шаарга чыкты, биринчи жолу барып жатат, адашып кетпесин тосуп алгыла"деп дайындаган эле, анан кандай жакшы эле жетип алдыңбы?
-Жакшы, жакшы эле жетип алдым.
-Кайсы жерде, вокзалдасыңбы?
- Ооба вокзалдамын, адашып кетпейин деп бир ордумдан жылбай турам-деп жооп берди күлүп.
-Анда ошол жерден жылбай тур, мен өзүм барып алып кетем-деди да телефонун өчүрүп койду.
Аскат тайкеси менен сүйлөшкөндөн кийин бир кыйла жеңилдеп алып, кыялдарымды орундата баштайын деп, ичинен сүйүнүп алды.
Вокзалдын ичиндеги ары-бери баскан элдерди таң калып карап олтурган кезде, чомаданын сүйрөп, боёнуп жасанган, колуна кымбат телефон кармаган бир кыз Аскат олтурган олтургучка келип олтуруп калды. Чомаданын ары коюп, бутуна кийип алган бийик туфлисин бошотуп олтурганынан чарчаганы билинип турду."Көрүнүшү караганда бир бизнесмендин кызы көрүнөт, көп тигилип карабай эле коёюн, дагы бирдемелерди айтып ийбесин" -деп Аскат ичинен кобуранды.
-Ии байке жакшы болбодубу, телефонуңуз болсо берип туруңузчу, бирөөгө чалып алайын. Күтүүсүздөн суроо бергенин чочуп, Аскат катып калды.
-Байке сизге сүйлөп жатам.
-А эмне дейсиз?
-Телефонуңуз болсо берип туруңузчу, бирөөгө чалып алайын, меники өчүп калыптыр.
-Макул, алыңыз-деп Аскат чөнтөк телефонун кызга берди. Кыз ыраазычылыгын билдирип, номер терип, кимдир бирөө менен " Алоо, бул мен Элгиза,ооба шаарга азыр эле келдим, соткам өчүп, башка бирөөнүкү менен байланышып жатам, вокзалда турам, келип алып кетиңиз"- деп ара-бери басып сүйлөшүп жатты. Көп өтпөй,
-Алыңыз байке, чооң рахмат.
-Эч нерсе эмес, жардамым тийгенине кубанычтамын.
-Жардамын аябаган мырзанын атын сурасам болобу?-деп кыз жылмаюу менен суроо узатты.
-Атым Аскат.
-Меники болсо... Капысынан Аскаттын телефону шыңгырап
-Алоо
-Алоо Аскат, вокзалдан чыга бер, мен келип калдым.
-Мына тайке бара жатам-деп Аскат шашылып сумкаларын алды да кызга карап,
-Танышканыма кубанычтамын- деп жылмайды да кетип калды.
Тайкеси менен көрүшүп, учурашып ал-абалды сурашып, тайкесинин үйүнө сапар алышты. Жол жүрүп, үйүнө келишип, көпкө чейин маек куруп олтурушту,
-Сен жээним аябай өзгөрүпсүң, кичинеңде мойтойгон бала элең, эми кара чоңойуп эр жигит болуп калыпсың. Эсиңдеби кичинеңде мен сага айткан элем, эгер калп сүйлөсөң мурдуң чоңойуп кетет деп, бир күнү капысынан калп сүйлөп алып, мурдуңду кармап алып кечке ыйлагансың- деп тайкеси бир каткыра күлүп.
-Ии тайке, башкасын унутсаңызз да ушул окуяны унутпайт экенсиз да, тайэжем укса мага күлөт гоо- деп жылмайып койду.
-Ии жээним эми кайсы окууга тапшырайын деп жатасың?- деп суроо узатып тайкеси Аскаттын даалын таптап.
-Билесиз тайке, үйдө атам сүрөтчү, атамдын ошол өнөрү мага да өтүптүр. Кудай берген талантты кур кылбайын деп сүрөтчү болоюн деген кыялым бар эле-деп жооп берет.
-Жакшы жээним, берилген өнөрдү аздектеп алыш керек, мындай талант көбүнө бериле бербейт-деген оюн айтып, Аскатка колдоо көрсөттү.
-Эми сен жатып эс ал, калганын эртең шашпай ойлонорсуң- деди тайкеси.
Тамактанып бүтүп Аскат уктаганы бөлмөсүнө кирип кетти. Негедир уйкусу келбей, келечегин ойлонуп, көпкө чейин уктабай жатты. " Шаарга да келдим, кудай буйруп окууга өтүп алып, жумуш издешим керек, болбосо тайкемдерге ашыкча чыгым болом гоо"-деген ойлор Аскаттын уйкусун бузуп турду. Чарчаганына бир убакта көзү илинип кетип, уктап калды. Эртеси күн чыгып, шаардын кыймылы жанданып унаалар ары-бери өтүп жатты. Аскат тамактанып алып, өз бөлмөсүнө кирип, жаш кезинен бирге чоңойгон, бир билектен кармап бекем достукка ант беришкен Тилек досунан жумуш таап беришин сурап чалат. Тилек онунчу классында шаарга көчүп келип, үй-бүлөсү менен ушул жакта жашап калат. Эки достун аралыгы алыстап калса да, бири-бирине болгон байланышын жана бекем достугун бузушкан эмес. Аскат Тилектин качандыр бир жолу айткан " Досум шаарга келсең айтып кабарлап кой, сага жардам берип, иштегенге жумуш, жашаганга үй тапканы жардам берем"-деген сөзүн эстеп Тилек досуна чалат,
-Алоо
-Алоо досум кандайсың?
-Оо Аскат, жакшы досум, өзүң кандайсың?
-Жакшы дос жүрөм.
-Шаарга келдиңби жээ шашпай чыгайын деп жатасыңбы?
-Шаарга кече келгем досум-деп жооп берди Аскат күлүп.
-Неге айтпадың дос, мен өзүм сени тосуп алат элем гоо-деди Тилек таң калуу менен суроо узатып.
-Сени бошко убара кылбайын дедим дос, анын үстүнө вокзалга жакын тайкемдин үйү бар, азырынча ошол жерде жашап турам-деп жооп берет. Аскат ичинен бушайман болуп, досуна жумуш тууралу суроо бере албай көп ойлонот." Өзүм кече келсем, анан таң атпай жумуш сурасам кандай болот болду экен"-деген ойлор Аскатты курчап алат. Кантсе да досум го, жаман көрбөстүр деп сурай баштайт
-Досум, мен сенден бир деме сурайын дедим эле.
-Сурай бер досум, эмне керек болсо жардам берем.
-Эмии дос, мага жумуш керек болуп жатат эле, эгер убактың болсо таап бере аласыңбы?
-Сен эмне деп жатасың, досум үчүн убакыт бөлүп, жардам бербесем, менин достук милдетим кайда? таап берем дос көп ойлонбо. Кандай жумуш болсо да иштей бересиңби?
-Ооба иштей берем. Болгону тайкемдерге ашыкча чыгым болбоюн деп жатам-деп жооп берди Аскат үшкүрүнүп.
-Анда азыр мен сага бир дарек айтам, үйүңөн чыгып ошол дарек аркылуу келе бер, мен сени тосуп алам- деп Тилек Аскатка бир даректи берет. Досунун бул сөздөрүн угуп "Мына эми жумуш да табылайын деп жатат, кудай буйруса иштеп калсам экен"-деп бир сүйүнүп алып, жөнөп кетти. Таксиден таксиге түшүп, досу айткан дарекке да келип түшөт. Досуна келгенин билдирип, чөнтөк телефонун алып чалайын десе, телефонунун кубаттуулугу түгөнүп өчүп калат."Эми эмне кылам, досум менен кантип байланышып, кантип табам"-деп ары-бери басып бушайман болот. Жанынан өткөн адамдардан чалып алганга телефон сураса, эч бири көңүл бурбай басып кете берет. Капысынан Аскаттын артынан бирөө келип, далын таптап:
-Кандайсыз жардамын аябаган баатыр мырза?
Аскат бурулуп артын карап:
-Сенби...? -
Казакбай Абдышев "Мансап"
Жазылган күн: 10 Фев 2015
Элибизге таанымал жазуучу-акын Казакбай Абдышевдин “Мансап” романы тоталитардык учурундаири чиновниктердин түрдүү интригалык оюндарын, трайбализмдин, жердешчиликтин, кызылдай паракорлуктун, көрө албастык менен ичи тардыктын, кошоматчылыктын, эң негизгиси мансаптын кулуна айлангандардын бийлик үчүн күрөшүндө чындык деп чырылдагандардын тарткан запкысын көркөм талдоого алган.Эски доор менен жаңы мезгилдин ичара байланышы – коррупция менен мафия аркылуу аныкталарын автор чеберчилик менен чагылдырат. Чыгармадагы чыныгы турмуштук окуялар окур-мандарды кайдыгер калтырбайт, себеби жазуучу эки доордогу оригиналдуу тез көрүнүштөрдүн коркунучунан сактанууга таштаган чакырыгы катары санасак болот.
Комментарийлер
mister-kim
02 Апр 2016 - 14:48