Жүрөктөн чыккaн ырлaр. Мага жаккан ыр саптары
#2241 17 Июнь 2020 - 23:15
Жашап жүрөм мен алышып өз көйгөйдө
Турмуштун толкунуна мен чайпалып
Жашоодо бирде ылдый бирде өйдөдө
Мен киммин мен бир адам бул ааламда
Сыноолор күтүп турат ар кадамда
Күрөшүп турмуш деген балбан менен
Жашап жүрөм амалын таап мен чыдамда
Мен киммин мен бир жанмын жараткандын
Бул дүйнөгө сыноо үчүн жаралганмын
Жашоо турмуш канча кыйын болсо дагы
Жашаймын мен ишенип жакшы жагын
#2242 17 Июнь 2020 - 23:16
Жашоодо куйуп арманыма мен толдум
Ичип кундо жашоомду озум талкалап
Жап жаш туруп алкаш атка мен кондум
Билбейм кантип келдим бул жолго
Башты ийип колду шилтеп жашоого
Которо албай турмуштун бир ачуусун
Сынып калдым чыдай албай сыноого
А бир кезде жигит элем кырчындай
Журчу элем кайгы мунга алдырбай
Келечекке майсаттарды чон койуп
Иштечуу элем куну туну таалыкпай
Бутту эми менден адам чыкпайт го
Ботолконун тубунон да чыкпайм го
Кечирип кой Апаке бай өз баланды
Ак сутунду актай албай калдым го
Атакемдин менде умуту чон болчу
Сыймыктанам буюрса деп ойлочуу
Кечир Атооу жер караттым жузунду
Тандап кеттим оз башыма бул жолду
#2243 17 Июнь 2020 - 23:17
Москвада күндөрүм өтүп жатат
Акча табып бутка турам деген ойдо
Чет өлкөдө жүрөмүн, башым катат
Мекеним деп көздөрүм жашылданат
Ата энемди сагынып санаам тартат
Жүрө бербей үйдө эле деген ойдо
Апам жапкан даамдуу нан көздөн учат
Мигрант атка мен кондум бөтөн жерде
Мага окшогондор жүрүшөт чет жерлерде
Жаман дебейм Москваны жакшы эле
Жакшынакай иштеп жүрөм орус элде
Эки жылдын жүзү болду келгениме
Аман болсом бараармын мекениме
Барсам чыкпайм жеримден мен экинчи
Андан көрө кызмат кылам өз элиме
#2244 17 Июнь 2020 - 23:17
Жаман балаң темир тоорго камалды
Нечен жылга эркиндиктен кесилип
Аты очуп эми ЗЭКке айланды
Алтын апа кечир жаман балаңды
Жаман балаң козгоду го санаңды
Олтурсаң да турсаң да ойдон кетпей
Оорутту го жүрөктөгү жараңды
Алтын апа кечир жаман балаңды
Жаман балаң сизди эми баалады
Жаныңызга такыр эле жете албай
Айласыздан башын мыжып ыйлады
#2245 17 Июнь 2020 - 23:18
Жашоонун кара жибин аттап ашып
Жоктодук сени чыркырап боздоп ыйлап
Жакындарың кала бердик сага ашык
Жүрчүсуң го дайыма күлүп жайнап
Жаштыктын жыргалында гана кайнап
Жакшы эле ажал менен күрөшсөң да
Жаныңды калалбадык сенде кармап
Жаратканым бейишке ала кирсин
Жаңылып кетирген күнөөңдү кечсин
Жашабай калтырып кеткен өмүрүңдү
Жаш төккөн ата энеңе бөлүп берсин
#2246 17 Июнь 2020 - 23:19
Көргөн сайын зырп этет го жүрөгүм
Көздөрүңүз арбап алды жүрөктү
Кантип айтам деген ойдо жүдөдүм
Ыр аркылуу айтууга мен чечиндим
Ыр саптарым окшошпосо кечиргин
Ыр жазууга түрткү болду сезимдер
Ыр жазам деп канча кагаз кетирдим
Жазган катты сиз эртереек окуңуз
Жообун кайра сөздөр менен токуңуз
Жакшы сөздү аябаңыз сиз менден
Жообсуз мени жалдыратып койбоңуз
#2247 17 Июнь 2020 - 23:20
Көп күндөр өткөн эле ал арадан.
Кысылып жарадар ооруду жүрөк,
Кыйналып бүттүм го жан-жарадан.
Эскирген жаратымды козгоп салдың,
Жарабайт го сенин бул кылганың.
Жана эле жок элең го кең жолумда,
Жетпейби буга чейин кыйналганым.
Мен сени унутуп баратканмын,
Суранамын башка мага жолукпагын.
Ансыз да араң өттү сенсиз күндөр,
Жетишеер өз бактымды жок кылганым.
Жараттар жаңыдан жакшы болуп,
Араңдан амал кылып күчкө толуп.
Жаңыдан сени унутуп келетканда,
Жоолуктуң жүрөгүмө ийне койуп.
Тагдырым неге мынча мага ташбоор,
Сүйүүдөн неге мынча болдум мен коор.
Кечигип кеч келседа жан дүйнөмө,
Чын дилинен мени сүйгөн адам болоор.
#2248 17 Июнь 2020 - 23:21
Сагынычтан жан дилим сага тартат.
Жакын журуп баркыңды биле албаган,
Жаш жүрөгүм сени энсеп кансыратат.
Алаксытып мен озумду алдай албай,
Эркелетип жүзүңдөн сылай албай.
Күндөр өтпөй убакыт токтоп калды,
Асылымды бир озум жандай албай.
Сагынычтан саргайып кун санаймын,
Булугамын, кутомун, жол караймын.
Алыстыктын азабына мен малынып,
Суйгонумду корууну тек каалаймын.
Жалгызымды сагынып жүрөк сыздайт,
Жалгызсырап жан дуйном боздоп ыйлайт.
Отурсамда турсамда ойдон кетпей,
Убакыттын жай отушу жанды кыйнайт.
#2249 04 Май 2021 - 14:31
Mister-X (25 Январь 2020 - 01:01) жазган:
Эмне кылам эт журогум толгонсо,
Эс-акылды журок турса башкарып,
Эрким жетпейт сени суйбой койбошко.
Музыкага кошуп арман,ызасын,
Мундуу чертип махабаттын музасын,
Аткарылбай турса каалоо,мудоосу,
Анан кантип курган журок чыдасын?
Бул жашоодо ким издебейт бактысын,
Бирге сездик махабаттын таттуусун,
Бир кездерде берип мага убада,
Бут омурдо суйомун деп айтчусун.
Унут дейсин,калбагандай башка арга,
Унут дейсин,чын суйуумду тапканга,
Унут дейсин, кантип анан унутам,
Улуу сезим журогумдо жатканда.


#2250 09 Июнь 2021 - 12:11
Жанымда болок жан бар,а бирок сени самап...
Кучагым толо куса,сагыныч ыза менен,
Баратам кыялымда озуно кадам санап..
Негедир бугун менин конулум чогуп турат,
Ийнине башым жолоп ыйлагым келип турат...
Букулдап копко чейин бугумду чыгарууга,
Мумкундук берчи мага башкасын койбойм сурап...
Ал кезде суранаарым- унчукпа ʺтоктоʺ дебе,
Кулбочу,какшыктаба, жону жок айтпа жеме...
Тек гана унсуз тиктеп коз жашым коруп койчу
Жалп очкон умутторум кайрадан жанбайт деле...
#2251 09 Июнь 2021 - 12:19
Эмнеге мен озунду кундо эстейм?
Кетсенда келбешинди билсем дагы
Неге эле бир озунду энсей берем
Балким сени унуталбай жаткандырмын
Откон кундун элестеп барактарын
Жалгыздыка моюн сунгум келбей турат
Келишинди кутуудомун кай жактасын
Коздорумдун молт болуп аккан жашын
Токтоталбай тогуп келем... сагынычым
Унуттум дейм озумчо улутунуп
Корсо мен сени дале унутпапмын
#2252 10 Июнь 2021 - 18:17
Кучтуумун ал жагынан эрким бекем
Канча жан азап тартып ыйлап жатса
Мени бил журогумду кыйнай бербейм
Кутпоймун, кутулбой да жашай берем
Кутуунун азаптарын жакшы билем
Канча жан кутуудон азап чексе
Кутпостон козум жумуп жашап келем
Сагынбайм,сагындырбай коё берем
Санааркап санаа тартып сыздай бербейм
Сызылып саамайымдан жаш акса да
Сездирбей суртуп коюп жашай берем
Ыйлабайм,болду эми ызаланбайм
Ыйымды мындан артык чыгара албайм
Молтуроп карегимде турса жаштар
Жашымдын тамчыларын ырга сактайм
#2253 22 Июнь 2021 - 16:25
Жанашып мен жанына баргым келбейт.
Откоргон эски кунду эстебейин,
Озумду азаптарга салгым келбейт.
Эми мен айтканынды тындабаймын,
Сагынган санааларга ыйлабаймын.
Конулду мен которуп жургум келет,
Жашоодо мен озумду кыйнабаймын.
Куттургон журогумду солутпаймын,
Кусадан конулумду орутпаймын.
Чын эле азаптарга салгым келбейт,
Угуп кой эми сага жолукпаймын.
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 22 Июнь 2021 - 16:25
#2254 23 Июнь 2021 - 11:07
kozunek. (09 Июнь 2021 - 12:11) жазган:
Жанымда болок жан бар,а бирок сени самап...
Кучагым толо куса,сагыныч ыза менен,
Баратам кыялымда озуно кадам санап..
Негедир бугун менин конулум чогуп турат,
Ийнине башым жолоп ыйлагым келип турат...
Букулдап копко чейин бугумду чыгарууга,
Мумкундук берчи мага башкасын койбойм сурап...
Ал кезде суранаарым- унчукпа ʺтоктоʺ дебе,
Кулбочу,какшыктаба, жону жок айтпа жеме...
Тек гана унсуз тиктеп коз жашым коруп койчу
Жалп очкон умутторум кайрадан жанбайт деле...



Жок дегенде эрин нымдап алайын.
#2255 23 Июнь 2021 - 15:53
Сен барда унутулуп кайгы санаа.
Ар убак сени менен бирге болуп,
Жаныма күч бересиң өзүң гана.
Өйдөгө алга жылып өбөк болуп,
Жашоодо бир жүрөлү жөлөк болуп.
Кыйналган жаман күндү алыстатып,
Кетсе экен түбөлүккө бөлөк болуп.
Көңүлдүү жашашыма өзүң себеп,
Сезимди тартуулачы мага белек.
Элге окшоп мансап байлык күтпөсөм да,
Жөн гана мен бактылуу болгум келет.
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 23 Июнь 2021 - 15:53
#2256 23 Июнь 2021 - 15:55
Өзүңдү унуталбай келем сүйүп.
Кайгымды кусамды да артка таштап,
Жеңемин байкатбастан күлүп жүрүп.
Арманым жүрөгүмө дайым толуп,
Көңүлдүн түпкүрүнө алган конуп.
Ичимди кыпкызыл чок өрттөсө да,
Сыртымдан сыр алдырбайм шайыр болуп.
Сени эстөө мага болгон күндө адат,
Айыкпай дале жүрөм жүрөк канап.
Канчалык кыйналсам да жашырып мен,
Күлмүңдөп сени тиктейм шаңдуу карап.
#2257 23 Июнь 2021 - 16:23
Кайсыл жакта журдун экен чырагым.
Сагындырып санааларга калтырган,
Тагдыр мени неге мынча сынадын.
Ой артынан ойлор келет чубалып,
Будомуктоп козум жетпей тунарып.
Булут сымал сагынычым уюулгуп,
Бозоргонсуп алыс жакта мунарык.
Сени мага, мени сага кошпогон,
Кундор отот бир бирине окшогон.
Жолун карап кутуп келем негедир,
Тарынамын журогумдон томсором.
Жылуу сезим калбасынчы унутта,
Журогумду суз кылбачы курутпа.
Бактылуу бол эми сага кааларым,
Суйбосон да мени жаным унутпа
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 23 Июнь 2021 - 16:56
#2258 26 Июнь 2021 - 11:26
Сени издедим коп жерлерди аралап.
Энсей берем коргум келип озунду,
Санаа тарткан сансыз ойлор салалап.
Жалгыз сезим кыялымда уялап,
Ырлар жазам ак баракты сыялап.
Унуталбайм сулуу козун карегин,
Азап тарткан узун тундор чубалат.
Жалгыз сезим тунгуюкка кабылып,
Булундургон мезгил отту чабылып.
Кыялбадым канча аракет кылсамда,
Жашап келем журогумдон сагынып.
#2259 26 Июнь 2021 - 11:32
Туйшолуп тун уйкумда уктабадым.
Сен менин ойлорумду билбесен да,
Мен сени ушунчалык кызганамын.
Мен сени бийик тутуп сыйлагамын,
Сансыз ой санааларда кыйналамын.
Сен менин сезимимди сезбесен да,
Озунду озголордон кызганамын.
Ыр жазып ырларымда ырдагамын,
Сырымды билгизе албай сыздагамын.
Сыртымдан далай жолу сынап карай,
Сыр катып журогумдон кызганамын.
#2260 26 Июнь 2021 - 23:34
Кыйналган сезимимди сезесинби?
Ээн талаа эрме чолго калтырып сен,
Озумду жалгыз таштап кетесинби?
Сен эми жаны турмуш баштайсынбы?
Сага айтаар создорум бар шашпайсынбы?
Куноосуз журогумду томсортуп сен,
Сен мени туболуко таштайсынбы?
Туйшолтуп жан дуйномду куруттунбу?
Мажбурлап сезимимди сууттунбу?
Журогум туболуко сендик деген,
Соз берген убаданды унуттунбу?
Билдирүүнү түзөткөн: kozunek.: 26 Июнь 2021 - 23:36