Себептери
Белгилүү болгондой, ай сайын аялдардын организминде жумуртка клеткасы бышып жетилет. Эгер бойго бүтүү болбосо, ал өлөт. Ал эми организм өзүндөгү ашыкча нерселерден арылууга аракет жасайт: жатындан керексиз ткандарды жана суюктукту бөлүп чыгарат. Ашыкча нерселер жакшы бөлүнүп чыгыш үчүн бул учурда организм булчуңдардын жыйрылуусуна жардам берүүчү простагландин аттуу затты иштеп чыгарат. Эгер бул зат өтө эле көп иштелип чыкса, анда оору менен коштолот. Бул албетте, айыз учурундагы оорунун жалгыз эле себеби эмес, мындан башка да төмөнкүдөй себептери бар:
Гинекологиялык оорулар. Эгер айымдын ички жыныс органдары сезгенген болсо, жыныс органында инфекция болсо, анда айызы келген учурда айым катуу ооруну сезет. Бойго бүтүүдөн сактоочу спираль да оорунун бир себеби болушу мүмкүн.
Физикалык кыймылдын аздыгы. Көп кыймылдабай бошоп калган булчуңдар организмдеги ар кандай өзгөрүүлөрдү оор көтөрөт. Андыктан, айыз келгенге чейин спорт менен машыгуу керек.
Тукум куучулук. Эгер сиздин апаңыз айызы келген учурда ооруга кабылса, анда ушул эле көрүнүш сизде да кайталанат.
Кальцийдин жетишсиздиги. Организмде кальцийдин жетишсиздиги да айыз учурунда ооруну жаратат. Мындай учурда курамында кльций көп азыктарды көбүрөөк пайдалануу керек. Кальций сүт жана сүт азыктарында, брокколи капустасында, төө буурчакта, бадамда көп.
Магнийдин жетишсиздиги. Магний булчуңдардын калыптагыдай иштешине таасир этет. Эгер организмде магний жетишсиз болсо булчуңдар жыйрылып, айыз учурунда оорутууга жеткирет.
Ооруну басаңдатуунун ыкмалары
- Ысык ваннага түшүңүз
- Бүктөлгөн чүпүрөктү үтүктөп же бөтөлкөгө ысык суу куюп алы ошону ооруган жериңизге басыңыз. Бул жыйрылган булчуңдарды бошоңдотуп, ооруну азайтат.
- Туздуу, майлуу, таттуу, ошондой эле сүт азыктарын азайтыңыз. Айрыкча айызыңыз башталаарына бир жума калганда. Ал эми жашылчаларды көбүрөөк жеңиз.
- Чөп чайлар, мисалы, ромашканын чайы да оорунун басаңдашына жардам берет.
- Курамында кофеин бар коюу кара чай, кофе, шоколад сыяктуу азыктардан жана алкоголдон качыңыз. Кофеин ооруну күчөтөт, ал эми алкоголдук ичимдиктер суюктуктун бөлүнүп чыгышын жайлатат.
- Айыз келип жаткан учурдагы ашыкча кыжырдануу, жинденүү, стресс болуу - ооруңузга оору кошот. Андыктан, өзүңүздү тынч алып жүргөнгө аракет кылыңыз.
- Такыр эле оору басылбай койсо, анда таблетка ичүүгө туура келет. Анальгин, баралгин, спазган, но-шпа ооруну басат, бирок буларды көп ичүүгө болбойт.
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 24 Август 2014 - 01:09