Өз каалоондон корк.
Автор: Димедра.
Өз каалоооңдон корк!
Аянанын күндөгүдөй эле солуктап ыйлап, алсыз керебетте жатканын көргөн Данияр бутунун учу менен басып келип анын жайылуу жаткан чачтарынан сылады.
-Ыйла жаным, акыркы ирет ыйлап ал. Мындан ары сенин көздөрүн көз жашты эмес бакытты батыра албай толуп ташып турат.
Аяна көптөн бери мындай абалда жатканы үчүн, жолдошунун акыркы күндөрү эмнелер менен алек болуп жүргөнүнөн кабары жок эле. Жада калса анын үйдө бар же жок экенин да капарына албай калган экен.
"А баса" деди ал ошол жаткан абалында, "баарына күнөөлүү ушул эмеспи, мени ушундай абалга жеткирген дал өзү".
Эсинде анда да ыйлап солуктап жатып, адамдардан бүт ааламдан качып калган, бирок андагы кайгысы башка эле, өзүнүн дарты, жолдошун кыя албаганы, жалгыз калуудан коркуу сезими болчу. Бирок ал кетпеди, тескерисинче дем күч берип, жашоо бүтпөгөнүн,
али да бактылуу болуу мүмкүн экенин айтып жанында болду.
Догдурлар жубайына жугузуп койгон жаман илдет да Даниярды коркута алган жок.
-Эч нерсе эмес. Мен сени айыктырам, деди ал ар кимди тилдоонун ордуна.
-Кантип? Бул илдеттен айыккан адам жок. "СПИД" деген кандай илдет экенин билесинби? Сен кетишин керек, сен азыр тазасын, сага да жугат, деп буркурап ыйлап жаздыкты жүзүнө баскан Аяна.
-Аяна, деген Данияр каардуу. Экинчи бул сөздөрдү укпайын, мени эч ким даап, турган жеримден кубалап сала албайт, сен да. Эмне кылышты мен өзүм чечем, деп сөздү бүтүрүп кайрадан үйүнө жетелеп кеткен.
Айтканындай эле жасабадыбы.
Эч кайда кетпей жубайынын жанында болду. Аяна экөө дарыгерлер көргөзгөндөй бардык санитардык тазалыктарды сактап жашашты. Азыркы замандын өнүккөн мезгилинде бардык нерсе мүмкүн экен, жада калса жасалма жолу менен бала белек кылып, бакыттын туу чокусуна жеткирди жубайын. Анан… анан ал чокудан кулатып жиберди. Азыр болсо Аянанын аянаары калбады, тескерисинче жашагысы келбей турат, уулунун артынан кете албаганына ичи күйүп өрттөнүп жаткан учуру. "Дарыгерлер өзүнө жабыштырган бул дарттан кутулуп болбосо демек өлүп эле калганы оң", ал акыркы кездерде ушул ойду гана ойлоп калган. Бир карайлаганы эле Данияр, кантип жолдошун жалгыз таштап кетет, анда чыккынчылык кылган болбойбу.
Бирок жолдошу азыркы айткан сөздөрү ал ойлорго чек койгонго окшойт. Аяна өзүн күнөөлөп жата берүүдөн чарчады, кимдендир ачуусун чыгаруусу керек. Чынында эле эгер Данияр баарын баштап "ЭКО" деген балээни угузбаганда,
эгер эле бала жоготуу ушундай оор экенин билгендеби,
баары башкача болмок. Болгондо да ага өзү күнөөлүү болоорун туйганда, эч качан жолдошунун сунушуна макул болмок эмес. Аяна ушуларды ойлоп ордунан тура калып айбаттуу көз карашы менен Даниярга тигилди.
-Сен… Мени табалагын келип турабы? Мага берген азабын аздык кылды деп ойлойсуңбу?
Данияр бул сөздөргө даяр келгендей, аялынын сөздөрүнө маани бербей кучагына кысты.
-Аяна мен сени эч кимге табалатпайм.
Сенин бир тамчы аккан көз жашын үчүн тик туруп тагдыр менен таймашууга даярмын.
-Сен эмне деп сүйлөп жатканыңды билесинби? Тагдырды женген бар деп уктунбу? Коргозчу мага!
Аяна үнүнүн барынча кыйкырып жатканы менен жолдошунун сөздөрүнон коркуп турган. Себеби билет, жолдошу ким экенин, ал айтып жатса демек жасайт, дагы бир демени ойлоп жаткан өңдүү. "О Кудай, дагы бала деп жаткан болбосун, мен башкасына чыдай албайм" деп ичинен тиленип кетти да өз ойлорунан өзү алсыздана шалдайып отуруп калды.
-Биз жакынкы күндөрү Штаттарга учабыз, даяр бол.
Даниярдын бул сөздөрүнөн кийин женилдей тушту Аяна, саякатты айтып жаткан экен деп.
-Мен эч кайда барбайм, деди да кайра ордуна жатып калды, жанакы ачуусу тарап кеткендей.
Данияр жубайынын жоошуй түшкөнүнө кубанып турду, үн катып эки ооз сөз сүйлөгөнүнүнө шүгүр дейт. Антпесе акыркы күндөрү бир гана "Ариет"
деген ысымдан башка сөз сүйлөбөй калган.
Данияр өзү да сыздап турат, Ариет анын да баласы эмес беле, ал да жакшы көрдү уулун апасынан кем эмес. Уулу бул дүйнөдө көпкө кармалбашын билсе да ага катуу байланды. Ариетин жоготкон күнү асман үстүнө түшүп калгандай эле тумчукту. Бирок келинчегинин абалы аны чыйралууга аргасыз кылды. Ал Аянаны жашоо деп билет, ал жашабаса өзү да жашабайт. Ошондуктан азыр аны уулунун жок болгонунан да жубайынын абалы катуураак ойлондуруп жаткан, аны жашоого кайтарыш үчүн, мурункудай көздөрү күлүп бактылуу болушу үчүн баарын жасайт. Ошол себеп ал Американын өнүккөн медицинасына кайрылган. Күн түн дебей интернеттен издеп, сураштырып отуруп тапты акыры издегенин, ал адам белгилүү доктор наук, учурунда белгилүү окуу жайда эмгектенген профессор, азыркы учурда "башка планеталык"
деген лакап аты менен белгилүү болгон дарыгер Джозеф Лир деген адам экен. Ал ар кандай эксперименттерге ачык экенин айтып, колумдан баары келет деп жар салыптыр. Жана Даниярдын көңүлүн бурганы, анын "жаңы туулган бала ата энесинде бар илдетти көтөрүп жүрүүгө милдеттүү эмес" деп жазылган урааны болду. Бардык дарыгерлердин өмүр таржымалын,
жасаган иштерин окуп келип кайра эле Джозефке токтоло берди. Анын тажрыйбасында болуп көрбөгөндөй мисалдар бар экен, ага кайрылган айыкпас жугуштуу дарты бар ата энелердин балдары эч бир дарты жок торолушуптур.
Кээ бирлери балдарынын келбетине алдындан кам көрүп, чоңойгондо жүзүнө эч бир так калтыруучу зат чыкпай тургандай кылып, андайга алып баруучу нейрондорду алып таштоосун өтүнүп кайрылышат экен.
"Мына сага, азыркынын Франкенштейни!
Мен издеп жүргөн инсан так ушул" деп колдорун ушалады ал. Арасында бул көрүнүшкө терс карагандар да жок эмес, Данияр аларга көңүл бурбай эле коюуну туура көрдү. Бул чечимди кабыл алганда кандай кубанды ал, аалам койнуна батпай, азыр эле дени сак, акылдуу баланы колуна алып жаткандай. Келинчегинин колдору мойнуна оролуп эркелеп турганын элестетип жыргайт. Бир гана ага угузуу калган.
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Өз каалооңдон корк. Фантастика, триллер, драма
#2 22 Апрель 2020 - 22:35
Даниярда күмөн да жок эле Аянанын кубануусунан.
Ананчы, элестетип эле көрбөйү мурду башына түтүкчөлөр тыгылып ар күн анын өмүрүнөн коркуп эмес, колунан жетелеп келечегинен үмүт кылып эркелеткен баланы.
Бирок жанына барганда тайсалдап дароо айта албай койду, келинчегинин жанагындай өзүн жээрий караган көз карашын биринчи ирет көрүп турганга кайратынан жана түшкөндөй.
Биринчи кабатка түшүп келип жумшак эмерекке жеткенде шалдая өзүн оор таштап отура кетти. Жан дүйнөсүн болуп көрбөгөндөй боштук ээлеп, аалам таарый түшкөндөй сезимге капталып турду. "Жок" дейт ал, "Мен сенсиз жашай албайм, сенин сүйүүнсүз мен дем ала албайм. Мени жээрибе. Суранам менден алыстабачы, кайтчы мага". Аянанын сүйүүсүн издеп тээ алыскы күндөргө кайтып барды.
Эсинде Штаттан "Гарвард" деген белгилүү окуу жайды бүтүрүп келип, мактоолорго батып, ата энеси кубанычка балкып турганда үйлөрүнө түрдүү адамдар келип кетип жатышты, куттуктап. Анын окуусун бүтүрүүсүн эмес үй бүлөөлук бизнестери алдыга жыла турганын. Атасы ооруп жатканга, аз убактардан бери бизнес анча каралбай жаңы кожоюнун күтүп жаткан. Мына эми баары жайына түшөт, жаңы күч менен ишти баштап, компанияны мурункудай гүлдөп турган абалга жеткирет.
Бирок атасынын уулуна койгон планы такыр башка экен. Тез аранын ичинде үйлөндүрүп улпот той жасагысы келип туруптур. Үйүнө келген коноктор эмнеге эле дайым бой жеткен кыздары менен келип жатышканын ошондо түшүнүп жетти. Бирок ал атасынын эмнеге анча шашылганын түшүнө албай көп каршы болду, качан гана аяш атасынын кызын көргөнчө.
Данияр жакында эле бул кызды көргөн көчөдө унаа менен баратып. Асаналиев Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа сүзүшуп калыптыр, күнөөлү айдоочу ушул кыз эле, экинчи унаадагы эркек адам кызды аябай тилдеп жаткан. Алар жолду тосуп калышкандыктан унаалар аста өтүп жатышкан болчу, рулда баарын угуп олтурган Данияр чыдабай түшө калып кызга болуша кеткен, кантсе да Американын маданиятында жүрүп үйрөнө түшкөн экен, ал жайда аялдарга кыйла эле сый көргөзөт, алар эркектерден тең укуктуулук талашкандарына карабай. Бирок кыз Даниярды колдободу.
-Байке кечиресиз рахмат сизге. Биз өзүбүз чечишип алабыз, мен чынында күнөөлүүмүн, ойлонуп кетипмин, деди.
Ошондон бери ал кыз жаадынан чыкпай жүргөн, бир алдын кичи пейил экен тарбия көргөн кызга окшойт өз күнөөсүн сезип десе экинчи тарабы балким ал мындай кордукка көнүп бүткөндур өзүн коргоону каалабаган, деп.
Эми мына ошол сулуу кыз олтурат үстөлдө, учурдагы коноктордун катарында. Баары жада калса атасы да ооруп жатканына карабай аябай жасанышкан, күлүп жайнап бир гана мактоодон башка сөз сүйлөшпөй отурушат. Бир гана ошол сулуу кыз бул ааламга коошпогондой, мактоо сөздөр жакпай ыңгайсыз болуп жаткандай сезиле берди Даниярга. Аны куткарып кетүү үчүн ордунан тура калып,
-бүгүн бизде жолугушуу бар эле, эгер уруксат берсениздер сулуу кыз менен бирге барып келсек кандай дейсиздер, деди.
Ата энелер колдогон менен кыз көңүлдөнгон жок.
-Мен ушунда эле болом, деп болбой койду.
Данияр да өзүн жоготпой,
-анда мен да барбай эле койгонум оң, жалгыз барсам шылтоо жок алар мени кайра жиберишпейт, деп отуруп калган.
Ичинен "мынча жапайы болбосон, энендин колтугунан алыс чыгып көрбөгөнсүн го" деп кыжынып да алды. Ананчы ушуну менен экинчи ирет жардамын четке какты ал кыз. "Шашпа, кийинкисинде өзүң жардам сурайсын, ошондо көрөбүз" деп кала берген.
Коноктор кеткенден кийин дароо эле апасы Аяна тууралуу сайрап баштады, байкап калса керек кыз уулунун көңүлүнө жагып калганын, башка конокторго мынчалык көңүл буруп карабаган, балким ал күндөрү атасынын оюн билбегени үчүнбу. Апасы мактап жаткан кыз менен азыркы өзү көргөн кыз такыр эле бир бирине төп келбей жаткандай болду Данияр үчүн.
Көрсө Аяна да жакында Германиядан окууну бүтүп келиптир, атасы чоң уулуна караганда ушул кызына көбүрөөк ишенет имиш, жана аны компания башкарууга даярдап жатыптыр. Бул сөздөрдөн кийин Данияр өзүн жөн гана Аянага жакпай калыпмын деп эсептеп калган. Анчалык акылдуу болсо демек өзүнө ишеними күч, анча мынча адамды жактыра бербесе керек деп түшүндү. Ата энесинин сөздөрүнө да кулак салбады, жактырбаса зордомок белем деп. Бирок кызды сыртынан көзөмөлдөп жүрөт. Ал негедир дайым жалгыз басат, тегерегиндегилерге да маани бербегендей, дайыма саатына карай берген адатын да байкай алды, кыязы убакытка так жүргөндү жактырат. Бара бара аны андымайды адатка айландырып алды байкабай, кайсы убакта кай жерде болоорун да билип бүттү. Дайыма түшкү саат бирде Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан япондордун "Фурусато" деген ашканасына кирип тамактанат.
Бир күнү алдындан кирип аны күтүп олтурду көзүнүн кыйыгынан кире беришти тиктеп, капысынан көрүшүп калгандай болсун үчүн ал олтурчуу үстөлдүн жанынан орун алган. Кашайып ал кечигип жатты, сааттын жебеси 13-20ны коргозуп калса да жок, демек бүгүн келбей калган экен деп туруп кеткени жатканда, кыз көрүндү. Ал туура эле анын жанына басып келип өзүнүн дайымкы ордуна жайгашты.
-Аяна? деп суроолуу тиктеген Даниярга карап бырс күлүп жиберди кыз.
-Окшошпой калды жүзүң. Мени күтүп жатканынды билем, атайылап кеч кирдим. Качан аңдыганын коёр экен деп жүргөм, а сен кыймылга өтүүнү туура көргөн экенсиң.
Данияр аз убакыттын ичинде тердеп кетти, мынчалык сүрдүү адамды көрбөгөн. Жада калса атасынын алдында да мынчалык тердебейт.
-Чын эле жетекчи болууга татыктуу жан экенсиң, деп олтуруп калды.
-Ооба, деп кабагы бурколо түштү кыздын. Ошондойго гана жарайт өңдөнөм.
Данияр дээринен дилгир эле, кыздын жарасына туз сээп алганын түшүндү.
-Сендей жандар бактылуу болуу үчүн гана эмес бактылуу кылуу үчүн жаралышат. Ишенем үй бүлөөну да жакшы жетектейсин. Сенин тандооно татыган адам өзү бактылуу, деп элестете чуңкур дем алып койду.
Ошол күндөн тарта экөө ынак болуп, көп өтпөй баш кошушкан. Көрсө Аяна биринчи сүйүүсүнөн да досторунан да ажыраган экен, эгер аны сүйүү же достук деп атап болсо. Кыязы ажыроо оор болсо керек, ошондон бери бирөөгө көнүп калуудан коркуп жалгыздыкты жакын тутуп алыптыр. "Жалгыздык эч качан сени таштабайт, көңүлүңдү оорутпайт" дейт жылмайып. Данияр ага сөз берип "жалгыздыктан бетер жабышаарын, эч качан жанынан алыс жылбаарын" айтып макулдугун алган. Ушуну эле күтүп тургандай Даниярдын атасы алардын улпот тою өткөн күндөн көп узабай көз жумду, артынан эле апасы кете берди жапжаш курагында. Эгер Аяна болбогондо Данияр жер кезип дербиш болуп кетмек, өзү да жалгыз уул, жөлөк болоор бир тууганы жок. Жубайы сүйөдү, жыгылууга жол бербеди. Ошондон бери Данияр жоготуудан коркуп калган, Аянадан бетер. "Эгер эле жубайын жоготсо анда өзү да адам катарынан чийилет", Ушул ойду туу тутуп алса керек башкача жашоону элестете да албайт. Тилекке каршы Аяна көп убакыттар бала көтөрө албай жүрдү, көрүнбөгөн дарыгери калбады Бишкекте. Тилегени эле бала төрөп жолдошунун жүзүн кубантса, жалгыз эмес экенин көргөзсө. Мунун баарын Данияр көрүп билип эле жүргөн, бирок ундобойт, ошону каалап жатса жасай берсин деп. Өзү болсо жаштыгына салыппы көп деле кайгыра бербейт эле, убакты сааты келсе болот да бала да дегенсийт, азырынча Аяна болсо болду ал үчүн.
Бир күнү эле Аяна түнгө чейин жоголду, Даниярдын ааламы астын үстүн болуп издеп жүрүп суй жыгылган ошондо. Утуру келип калбадыбы деп үйгө кайрылып жаткан, таңга маал гана дагы бир ирет үйүнө кайрылса дарбазанын түбүндө Аяна олтурат, жүзү шишип көздөрү кутурган иттей кызарган. Ошондо айтып жатпайбы жанагындай шумдуктуу окуяны, кай жерден жуктуруп алганы белгисиз "СПИД" деген аты жаман илдетти илештирип алыптыр. Албетте ооруканалардын биринен, андан башка эч кайда да барбаган, бирок кайсы биринен экенин билбейт, ал барган жайлар бары эле менчик "элитный" ооруканалар болчу. Аянанын оорусуна кайгырды албетте, бирок анын өзүнүн жанын кыйууга аракет кылып бирок жасай албай койгонун укканда жүрөгү титиреп кетти. "Кантип?" Кантип ал ушул ойго барды, Даниярды бул ааламга жападан жалгыз таштап кете берем дедиби.
-Данияр жүрү! деп көз жашын сүртүп дароо ордунан туруп жөнөп калды Аяна ангыча, маанилүү нерсени эсинен чыгаргандай.
-Кайда?
-Ооруканага, сен да текшерүүдөн өтүшүн керек да.
Ушул сөздөрдөн кийин деле Даниярда ал илдеттен коркуу сезими болгон жок, балким ал ошол тапта тескерисинче кубанып да кеткен. "СПИД" дартын билет албетте, анын канчалык коркунучтуу экенин да билет, ошон үчүн да кубанат. Эмне жубайын бул оор жолдо жалгыз калтырып коймок беле, ал илдеттен көрө жалгыз калуу, Аянасын жоготуу алда канча оор туюлуп жатты, эгер экөө бирдей ооруган болсо анда жеңилирээк жашоо болот. Ушуларды элесинен өткөрүп эч каршылыксыз, кийим которууга да жарабай келинчегинин колунан ала унаага отургузуп ал айткан жакка жөнөй беришкен.
Анализдери чыккан күнү экөө ээрчишип барып дарыгердин сүйүнчү кабарын угуп келишкен. Ошондогу Аянанын кубанганын айтпа, тим эле энеси эгиз төрөгөндөй сүйүнгөн. Данияр да ошондой кубана алса кана, анын ичи түпөйүл болуп жубайын көзүнүн кыйыгы менен карап коюп гана келе берген. Ошондон бери ал эч нерсеге көңүлү жок болуп калды, жумушта да тынч отура албайт, ар нерсени шылтоолоп үйгө бат баттан келе берет. Кыязы Аяна өзүн бир деме кылат деп күмөндөнөт өңдүү. Бекеринен антип коркпогон экен, бир күн да жумуштан келсе Аянасы жок, дароо үйдү тинтип чыгып анын буюмдарын таппаганда шайы кете түштү, ал кетип калган экен. Көп ойлонбой аны издөөгө өттү. Ата энесикинде жок, анын курбулары да жок эле сураштыра койгонго, кайда кетүүсү мүмкүн. Ошондо эсине дарыгер түшүп, ошол адам аркылуу таап келген. Албетте Аяна көп каршылык көрсөтүп жатып араң келди үйүнө, жолдошуна да ал илдетти жуктуруп алам деп коркту, "кет" деди. Бирок Данияр ага көнбөдү, жалгыз калганча ал илдетке чалдыккан оң деп келинчегин коркунучка кептеди. "Эгер менден да ошол оору табылса бирге жашайсыңбы" деген суроосу Аянанын үшүн алган, ал Даниярдын бул жолго баруусунан күмөндөнө да албайт, ал баарына баруусу мүмкүн, жакшысы жанында болуп аны бул жолдон кайтарууну туура көрүп келген. Данияр жубайынын дартына даба издеп дүйнө кезүүгө даяр эле, эгер Аяна өзү токтотпогондо. Ал "эч ким билүүсүн каалабайм" дебегенде. Бирок тымызын келинчегине жардам берүү жолун издөөну токтотподу, акыры дарыгердин көргөзмөсу менен Казакстандын Алматы шаарына барып жасалма жол менен балалуу болушту. Аянаны көндүрүү оңойго турган эмес, качан гана дарыгер "бала сак саламат торолуусу мүмкүн" , дегенде ал макул болгон. Тилекке каршы андай болгон жок, бир эле "СПИД" дарты менен эмес ага кошумча өпкөсу да начар иштейт экен чурпонун. Байкуш бала төрөлгөндөн тутукчолордо жатып, ооруканадан башы чыккан жок.
Оюнун ушул жерине келгенде тумчугуп кетти Данияр. Уулу көз алдында соолуп баратканын көрүп, чаарасыз карап туруу ал үчүн канчалар оор болгонун бир өзү жана бир Жараткан билет. Ал азыр көздөрүнөн кантип сызылып жаш агып жатканын байкаган жок. Бар жакындарын ала берген тагдырга катуу таарынып өчөшкөнго окшойт, колдору бек түйүлүп моюндарында тамырлары чыгып кетиптир. Бул учурда үстүнкү кабаттан түшүп келген келинчеги анын кебетесин көрүп аяп кетти. Аста басып келип чачтарынан сылай баштаганда, аны кучагына кыса отургузуп алып өпкө өпкөсуно батпай ыйлады Данияр. Жакындарын жоготкон күндөрү да мындай ыйлаган эмес, келинчегин чочутуп албайын десе керек. Мына эми жыйылып жүргөн ачуу жаштар токтобой агып жатышат.
Уландысы бар.

#4 25 Апрель 2020 - 17:22
-Биз качан жолго чыгабыз, деди бир убакта Аяна да көз жашын сүртүп.
Данияр дароо токтоп келинчегин карады.
-Сен макулсунбу жаным?
-Сени менен бирге болсом болду, кайда болгонубуздун айырмасы жок.
Азыр экөө эки ойдун айланасында болгону менен максаттары бир, бири бирин бактылуу кылуу, бири биринин каалаганын берүү эле.
Данияр кубанганынан жубайын өпкүлөп жиберди.
-Көрөсүң бизде баары жакшы болот. Биздин да сак саламат, эң сулуу эң акылдуу балабыз болот.
-Эмне? Данияр сен эмне деп жатасың? Кайдагы бала?
-Мени уксан, Джозеф Лир, ушул адамды интернеттен терип көр, ал жасаган ишине кепилдик берет…
-Эч качан! Аяна жолдошун толук сүйлөтпөй бөлүп жиберди. Башка мага угузба ал тууралуу. Ал ордунан тура, жогору карай жүгүрүп чыгып кетип баратты.
-Аяна сен бир эле жолу карап көрсөң, деп артынан кыйкырып кала берди Данияр. Ал азыр жасай турган иштеринен күмөндөнгөн жок. Баары бир ал балалуу болот, дени сак бала. Эч ким ага тоскоолдук жасай албайт.
Эркек менен аялдын айырмасы ушунда, аял болуп өткөндөрдүн жаман жактарынан сабак алса эркек жакшы жактарынан. Ошондуктан азыр экөө канча айтышса да бири бирин түшүнө алмак эмес. Данияр болуп өткөндөрдүн жакшы гана жактарын эстеп жаман жактарынын себептерин изилдеп жатпайбы, аларды болтурбоонун жолун издеп.
Аяна болсо бөлмөсүнө кирип бир аз солуктап ыйлап жаткан соң, баарын башынан элестетип, жаманын да жакшысын да көз алдынан өткөрүп баштады.
"ЭКО" жасатып, төрөгөнчо Алматы шаарында болду дарыгердин көзөмөлүндө. Курсагындагысы алты ай болуп калганда, дарыгер өзүнө чакырып кыскача сүйлөп.
-Баланы алдырып салуун керек, деди.
-Жок!
Аяна, эч бир себебин сурабай туруп кесе жооп берди.
-Түшүн, анализдери жакшы эмес, оорукчан бала төрөлөт.
-Жок, дебедимби. Кандай болсо да сиздин айтканынызды жасабайм. Мен өз баламды өлтүрбөйм, деп каалганы катуу жаап чыгып кеткен.
Экөө тең жалган айтышпаган экен, Аяна уулун сактап жарык дүйнөгө алып келди, ошол эле учурда дарыгердин айтканы да болуп чурпо оорулуу төрөлду. Энесинин дайыма дары ичкендигине байланыштуу өтө эле алсыз, аз келгенсип өпкөсу өз алдынча иштөөгө жарабайт экен. Азырынча операция жасоого да болбойт дешти. Негизи эле баланы жашап кетет деп эч ким ишенген эмес, болгону энесине муну түз айта алышпады, бир гана дарыгер балага көп байланбашын өтүнүп кеткен.
Байкуш чурпо төрөлгөндөн эле мурду башына тутукчолор сайылып, атайын идиште жатып көп азап чекти. Аяна шише идиште жаткан уулун идиштин сыртынан сылап жакшы көрөт, "тазасын сен" дейт, керек болсо анын тазалыгын даңазалап Ариет деп ысым ыйгарып алган. Ал катуу сүйдү уулун, эч качан эч кимди суйбогондой сүйдү, айланадагылардын көз карашы, сөздөрү аны кызыктырбады. Ариетинин ар бир күнүн бакытка бөлөду, уулунун ар бир туулган күнү чоң майрам эле. Ал жашаган алты жыл ичинде кайда гана алып барбады, ооруканадан бир аз убакытка бошой түшкөндө колунан жетелеп кыдырбаган өлкөсү, тартуу кылбаган оюнчугу калбады. Канткен менен жүрөгүнүн түпкүрүндө сезээр эле уулунун өмүрдө көпкө кармалбашын, ошондуктан шашылыш бул жашоо менен тааныштырып жаткан болуш керек.
Аракети текке кетпептир, чын эле уулу менен өткөргөн ар бир көз ирмеми элесинде сакталып калыптыр. Азыр аларды элестетип жатып көөдөнү бир аз боштуктан арылгансый түштү. Ошондуктанбы көздөрүн жуумп бул күнгө кайрылып келбестин аргасын жасап жата берди.
Акыркы туулган күнү, ал алтыга чыкты деп адаттагыдай чоң майрам жасаган. Баардык дос, туугандары балдары менен бирге келишет ар жылы, быйыл да ушундай. Уулунун жаңы эле ооруканадан чыккандай түрү жок балдар менен секирип ойноп жүргөнү кандай кубандырды эле. Бирок Ариетине бат кыймыл жасап, секирип, жүгүргөнго болбойт дешкен дарыгерлер, андыктан атасы менен апасы уулуна утуру жетип барып жүгүрүп жүргөн жеринен так көтөрө коюшат. Курдаш балдарынын алдында ыңгайсыз болбосун дешкенсип атасы желкесине отургузуп, "туулган күн ээси хан менен бирдей, хандарды жөө жүгүртүүгө болбойт" деп балдардын артынан жүгүрүп коёт. Апасы болсо аста кулагына шыбырап "уулум көп жүгүрбө, жүрү тиги олтурган конокторго да баралы, алар да сени деп келишти" деген шылтоо менен үстөлгө карай жетелейт. Дагы бир ирет ошондой кайталанганда уулу апасынын мойнун кучактап кулагына шыбырап,
-апа мен сени кандай жакшы короорумду билбейсин, атамды да. Бирок азыр мени коё берчи, бул менин акыркы туулган күнүм эмеспи, ойноп алайын, мен да буттарымдын жугургонун көрүп калайын. Сен да көр апа, деди.
Аянанын колдору титиреп өзүн жоготуп коё жаздап уулуна тигилсе көздөрү кулмундоп бир бактылуу, аруу эле. Азыркы уккан сөздөрүн ушул уулу айтканына ишене албай көпкө карап тура берген. Качан гана Ариет анын жүзүнөн сүйүп,
-бол эми, дебегенче.
Ошондо гана аргасыз уулун бек кучактап мойнунан шуу жыттап алып жерге коё берди. Ары балдарга карай жүгүрүп кеткен уулун көрүп, ордунан тура калып артынан чуркап бара жаткан Даниярдын колунан тартып токтотту.
-Жайына кой!
Данияр түшүнбөй уулуна бир карап жубайына бир карап кала берди. Аяна болсо эрктуу жылмайып, жолдошунун колдорунан жетелеп үстөлгө карай баса берген. Кеченин аягына чейин Даниярдын Ариеттен көзүн албай отурганын байкабай коймок беле, бирок эч нерсе болбогондой кечени аягына чыгарды Аяна.
Оюнун ушул жерине келгенде көздөрүнүн жашы тама берди, ошондогу кайраты азыр болсо кана. Чындап эле бир апта өтүп өтпөй уулун өз суранычы менен ооруканага алып барбай үйүндө, келбес сапарга узатып кала беришти.
Ойлоп көрсө, уулу алдын эч качан жанагындай сөздөрдү сүйлөбөгөн экен, ооруканада тутукчолордун арасында жаткан учурда да. Бир да жолу буларды алып сал, же үйгө барам деп чыр салбаптыр.
- Байкушум, акылдуум, деп жалынып алды. Демек сезсе керек акыркы күндөрүн жашап жатканын.
Кандай гана таттуу сезимдер, мындай сезимди өз баландан башка эч ким тартуулай албайт. Башка ал сезимдер кайтып келбешин эстегенде соолуп калган көз жаштар кайрадан ага баштады. Аста ыйлап баштаган бир убакта кадимкидей жинденип балыш жууркандарды тытып, көзүнө көрүнгөндун баарын жерге кулатып, жин кирген немедей өкүрүп ыйлай баштады.
Мунун баарын угуп олтурган Данияр ордунан козголуп да койгон жок, тескерисинче жубайынын бул кылыгын ичтен колдоп жатты. "Ыйласын, баарын ичине катпай сыртка чыгара ыйласын. Каргасын, аны менен бул оюнду ойноп койгондорду каргасын, таарынсын тагдырына, болгону өзүн күнөөлөбөсүн" деп отурду.
Бир убакта барып токтоду тополоң, кыязы чарчаганга окшойт. Дагы бир аз күтө туруп, такыр эле доош угулбай калган соң үстүнкү кабатка көтөрүлүп келсе Аяна полдо чоголоп отуруп алып компьютерде бир демени терип жатыптыр. Ал жада калса жолдошунун басып келип артына өткөнүн да байкаган жок, аябай берилүү менен экранга тигилип отурат. Ал жана Данияр айткан Америкалык дарыгердин атын терип, жасаган иштерин карап жатыптыр. Данияр кандай кирсе ошондой жылжып чыгып кетти, эми баарын анын өзүнө коюп берүүсү керек. Ал жубайын жакшы билет, качан өзү ынанып миң текшерүүдөн өткөрбөгөнчө эч ким анын оюн өзгөртө да ынандыра да албайт.

#5 27 Апрель 2020 - 14:50
Айткандай эле ошол күндөн тарта Аяна жашоодон максат тапкандай болду. Келечектен күтөр үмүтү өчүп жатып калганда дароо ошол ой акылына келе берет. Адамды акыл, акылды сөз башкарат демекчи күйөөсүнүн бир сөзү акылына кирип чыкпас болуп жайгашып алгандай. Эми Аяна ал сөздүн тегерегинде гана жашап калды. Канча ирет акылына каршы туруп көрдү, бирок бир жанып алган үмүттү өчүрүү анын жок экенин далилдемейинче мүмкүн эместей. Акыры, эгер чындап керемет бар болсо татып көрөйүн, жок эгер жалган болсо акылыма далилдеп берейин деген ойго такалды ал.
Джозеф Лир деген адамга кайрылып жардам алгандардын көбүнчөсу жабык баракча колдонушат экен, айрым гана жашырынбай ачык жүргөндөр менен байланышып балдарынын акыбалдары тууралуу таанышып баштады. Өзүнө окшогон окуяны да тапты, күйөөсү экөө тең "СПИД" менен ооруп баласы сак саламат төрөлгөн да үй бүлө бар экен. Чет өлкөдө мындайды анчалык жашыра беришпейт тура, элдери аларга башка планетадан келген адамдай карашпаса керек. Күндөн күнгө маалыматы көбөйүп, ал дарыгер тууралуу ойлобогон күнү болбой калды.
Акыркы күндөрү Джозеф жаңы ачылыш үстүндө иштеп жатканын, жакынкы күндөрдө дүйнө элин дунгуротоорун айтып чыкты. Кабарчылардын берген суроолоруна ал, "Мен ар дайым айтканымды аткарган адаммын, азыр болсо жаңы төрөлө турган чурполорго өзүмдөн он эсе көп акылды бергим келет. Жерди кооруп, сырткы көрүнүштөрдөн сактап калбасак, планетабыз коркунучта турат. Кийинки муунга ушул талапты койгум келет, бизде ал тууралуу ойлоно турган акылдуу балдар төрөлүшү керек" деп жооп берип жатты. Бул сөздөр Аянаны коркутуп койду, жок ал мындай экспериментке даяр эмес, болгону дени сак гана бала төрөлсө, бактылуу болсо дейт.
Данияр да бул жаңылыктан кабардар эле, бирок бул сөздөргө анча деле маани бербеди ал. Жубайын качан келип даяр экенин айтат деп күтүп жүргөн, Аяна антмек турсун акыркы күндөрү кайрадан соолуп жатып калды.
-Аяна карачы, деди компьютерди ал жаткан керебеттин башына көтөрүп келип.
Экранда уктап жатып бактылуу жылмайган, кара чачтуу бөбөктүн сүрөтү бар эле.
-Билесинби бул кимдин баласы? Бул деген "хаста олма" деп жаңырта ырдаган белгилүү түрк ырчысы Азардын чурпосу. Ал адамды баары уруксуз катары керектен чыгарышкан экен. Карачы кандай ширин урук улаптыр. Кимдин жардамы менен?
-Джозеф, деди Аяна шыбырап.
Ал көздөрү жумулуу жатканы менен баарын кунт коюп угуп жаткан.
-Ооба, деп жубайы көзүн ачып карабасын түшүнгөндө компьютерди ары алып барып коюп өзү анын жанына жата кетти.
-Сен кайгыра бербечи. Макул болбосон мейли, бизге эч кимдин кереги жок, экөөбүз бир бирибиз үчүн жашайбыз. Анын үстүнө Ариетибиз бар. Аны биз көрө албаган менен сезип жатпайбызбы, акылыбыз жүрөгүбүз менен. Карачы жада калса бүт үйдүн дубалдары да ага толгон. Анын сүрөттөрү сенин колдорунду сагынды, мен аларды сылаганым жакпай жатат өңдүү, сени чакырышат. Кыязы менин колдорум катуу болуп жатса керек, алар апасынын назик колдорун күтүшөт. Аяна мен да сени сагындым. Биздин бар экенибизди такыр унутуп койдун. Карачы мага, менин сенден башка кимим бар айтчы. Бул кең ааламда мени жалгыз калтырбачы, кайтчы мага, жанымда болчу, жүзүңдү бурбачы, деп жалынып жатты.
Аяна бир кыйладан соң көздөрүн ачып Даниярдын жүзүнөн сылай мойнунан шуу жыттап, экөөнүн элдешуусу кайрадан биригууусу мына ушундай башталды. Экөө да тээ жүрөк түпкүрүнөн сезип турушту, бир биринен баш тартып кете албаштарын, сөз менен айтылбаса да.
-Сен эмнени кааласан мен да ошону каалайм, деди Аяна жаш арасынан.
Даниярдын да көздөрү жашка толуп турган, аны жашыруу үчүн мойнун көтөрүп келинчегинин чекесинен өөп койду.
Ошол күнү үн сөзсүз убада беришип, алдыдагы көп нерсе чечилип коюлду алар үчүн.
Андан көп өтпөй жубайлар Американын Техас штатындагы белгилүү Фор Уерт аэропортунда турушту. Аларды күтүп алуу үчүн атайын адам жөнөтүлүптүр.
Биринчи мейманканага барып өздөрүн иретке келтирип андан кийин дарыгердин алдына барабаыз го деп ойлошкон, бирок андай болбоду. Күтүп алган адам түз эле дарыгерге алып бараарын, ошондой көрсөтмө алганын айтып Даллас шаарынын четинде жайгашкан чоң короолуу имаратка алып келип түшүрдү. Дарбазанын сыртында аларды Джозеф Лир өзү күтүп турган экен. Ал жетип келип Данияр менен кол алыша учурашып өзүн тааныштырып, Аянанын колунан өөп койду.
-Таанышканымдан кубанычтамын.
-Биз дагы, деди Данияр келинчегинин көздөрүнөн коркуу сезимдерин байкап аны далысынан кучактай.
Дарыгер экөөнө кезек менен карап коюп жылмая күлүп колун алдыга карай жансады,
-Кана баштаныздар. Биздин куттуу үйүбүзгө куш келипсиздер.
-рахмат, деп алдыга умтулган Данияр жубайынын жылбай туруп калганынан арга жок токтоп калды. Ал Аянага карап бир деме билгенче болбой дарыгер алардын жанына жакын басып келип,
-Мен телефондон сүйлөшкөндө экөөңөр бирдей каалагандай туюлдунар эле. Эгер бириңер эле каалабай турсаңар анда эч нерсе болуусу мүмкүн эмес. Данияр мырза балким сиз жубайынызды зордоп жаткан болсонуз… деп сөзүнүн аягына чыга электе Аяна бөлүп жиберди.
-Жок! Мен өз каалоом менен келдим.
-Андай болсо, балким ушул жерге жеткенде оюнуздан кайтып калган болуунуз мүмкүн. Албетте сиз уруктукту жатынга салганга чейин ойлонуп, артка кайтууга укугунуз бар.
Жубайлар бир бирин карап калышты. Экөөнүн тең ичтеринде коркуу сезими бар, бирок бири бирин аяп турушат. Аз эмес убакыт кыйналыштыбы алар, жакынкы күндөрдөн бери эле ал азаптын ордун кыял басып жашап калышкан. Эми мына ошол кыялды орундатуу алдында туруп, артка чегинип кетүү канчалык туура эмес экенин, мунун акыбети эмне болоорун түшүнүп турушту. Мындан ары өздөрүн гана ойлоп бир бирине азап бере бербей, тескерисинче бири бири үчүн ичиндеги түпөйүл коркунучту жеңип, бак тартуулоону туура көрүштү. Экөө оюн бирдей жыйынтыктаган өңдүү чогуу ооз ачышты,
-бизде баары жакшы.
Жарышып жооп бергендерине өздөрү да күлүп жиберишип, аны менен бирге ортодогу абал өзгөрүп, чочулоо сезимдер жоголгондой бир аз ачыла түшүштү.
-Жубайым сизди көрүп апкаарып кеткен өңдүү. Ал эле эмес мен да мындайды күтпөгөм чынында. Сиздей дүйнөгө таанымал аты чыккан инсан өзү бизди утурлап чыгуусу бул күтүлбөстук.
Джожеф каткырып күлүп жиберди. Ал күлгөндо оозун кере ачып, бар тишин коргозуп, ичиндегисин төгүп күлөт экен. Бир топко чейин күлүп, анан сөзүн улады.
-Сиздей эле таң калуу менде да болду. Айтайынбы? Сизден кат алган соң Кыргызстан тууралуу окуп чыктым. Ал өлкөнүн адамдары орто же кембегал турушаарын түшүндүм, өлкөнүн казынасы да курук. Эгер бизде Америкалыктарда бир адамдын шаарда батири, шаар четинде заңгыраган үйү жана унаасы болуусу кадимки көрүнүш болсо, силерде мындай адамдар бай деп эсептелет. Маалым менин алаар акым аз эмес, жүз элүү миң доллар силердин аймак үчүн өтө эле көп сумма. Анан ошондой кырдаалда жашап жаткан адамдардын арасынан бири мага кайрылууну туура деп таап, ага каражат таба алса демек ал инсан өз мамлекетиндеги алдыңкы жашоочулардын бири. Андай акчалуу адамдар кайда барбасын өзгөчө мамилеге көнүшкөн . Мен да бул себеп сиздерди тосуп чыгууну туура көрдүм. Бул көрүнүш мен үчүн да биринчи ирет болуп жатат, себеби менде бош убакыт жокко эсе. Мисалы мына азыр сиздер менен баарлашып турганга жарым саатым кетти, бул учурда билесизби кандай чоң жумуш бүтүрүп болот, мээдеги керексиз торчону карап көрүүгө жетишсе болот. Аны издеп таап алып таштабаганча керектүү торчону жайгаштырууга орун болбойт эмеспи.
Аянаны бул нерсе кыжырдантып турса, Даниярды кызыктырып жатты. Аяна албетте аял катары дарыгердин айткандарын мактанып, милдет кылып жаткандай түшүнүп жатат да. А Данияр болсо анын сөзү менен иши бир жерден чыгып жатканына кубанат.
Ал "ар бир мен жараткан бала жөн гана жумуш эмес мен үчүн, алар менин да балдарым, ошон үчүн кандай шартта жашашаары мага кызык" деген, эми аны тастыктап жатат. Демек ага баланын тагдыры баары бир эмес, анын ата энеси ким болоору да кызыктырат. Бул жакшы кабар эмеспи, бирөөнүн жумушун жасап жаткандай эмес өз жумушун башкага тапшырып жаткандай мамиле жасаса анда баары башкача болот, өзү гана аяр мамиле жасамак турсун башкага да ушундай кылууну табыштайт.
-Урматту Джозеф мырза, сиз менен кезиккенимден кубанычтамын. Бизди тосуп чыгып сый көрсөткөнүнуз биз үчүн өтө маанилүү, кымбат турат. Биз сизге толук ишеним арттыра алабыз. Ошондой эмеспи ээ? деп келинчегин карап койду.
-Албетте, деп күйөөсүн коштоп сүйлөгөнү менен түпөйүл боло берди Аяна. Алдындагы адамдын эмнеси жакпай жатканы же өзү эмне каалап жатканын да айрамалап биле албайт. Эгер Даниярды таарынтып алуудан коркпогондо азыр артка бурулуп кайдан келсе ошондо кайтып кетмек, болгону азыр ал жолдошун ансыз да көп кыйнап койгонун эстеп аргасыз макул болуп турду.
-Жакшы, мен да кубанычтамын сиздер менен жолукканымдан. Андай болсо так бүгүндөн баштап даярдана баштайбыз. Мен ойлойм сиздер бул чечимди бир эле күндө кабыл албаган болсонуздар керек жана мен билген көйгөйдөн башка каалоонуздар болсо угууга даярмын.
Дарыгер бул сөздөрдү басып баратып сүйлөп баратты. Бир да мүнөттү текке кетиргиси келбегени көрүнүп турат.
-Биз айткандай эле дени сак, ата энесинин күнөөсү үчүн өз саламаттыгы менен жооп бербей турган бала болсо дейбиз. Ата эне үчүн баланын саламаттыгынан өткөн бакыт барбы.
Аяна жолдошунан мурун оозанып шаша жооп берип койду.
Джозеф бир азга токтоп Аянага бир башкача көз караш менен карап туруп көз карашын Даниярга оодарып кетти. "Чындап эле Ошондойбу?" дегенсип. Данияр көздөрүн ирмеп, башка да каалоосу бар экенин билдирип алды, бирок ал азыр айтуудан, дегеле бул тууралуу айтуу керек экенинен күмөн санап турган. Дарыгер да муну түшүнгөндөй аны ыңгайсыз абалга коюп такып сурай бербеди.
-Андай болсо, ар бириниздер каалоонуздарды кагазга ирети менен жазып берсениздер жакшы болот. Мен жумуш учурунда уккан маалыматымды унутуп коюум мүмкүн, бирок жазылган баракчаны жоготпойм. Бүгүн эс алыңыздар, эртеңден сиздерде эс алууга убакыт болбойт, деп күлө алдынан чыккан аялга аларды табыштап берип өзү бат баттан басып узап кетти.

#6 01 Май 2020 - 03:33
Ал аял андан ары жубайларды ээрчитип ошол эле имараттын арткы тарабына алып өтүп, анча чоң эмес бирок кооз эки кабаттуу үйгө алып кирди. Үйгө киргенде биринчи эле андагы жагымдуу жыт мурунга урунуп акылга сүңгуйт экен. Мындай кубулуштан соң мээ бир гана жакшы ойлордон башка эч нерсе ойлонбой калат, көз эмне гана көрбөсүн баары жагымдуу, керемет туюла берет.
-Кызык, деди Аяна. - Бул атыр жытка окшобойт, мен билген бир да жытка дал келбей жатат, эмне болгон жыпар жыт болуусу мүмкүн?
Ал таң калып эмес, ырахаттанып айтып жатты.
-Билбейм эмненин жыты экенин, бул жагылып турган шамдардан чыгат, деди тиги ээрчитип келген аял.
-а сиз ал шамдар кайдан келгенин билбейсизби? Данияр да кызыгуусун жашыра алган жок.
-Билем албетте.
-Кайдан алынып келинет?
-Мистер Джозефтин лабораториясынан.
-Ал шам да жасайбы?
-Оо, жакшысы ал эмне жасабайт деп сурагыла. Дүйнөнү кооздоо үчүн эмне керек болсо анын баарын жасайт.
-жана ким!
Аяна үйдүн ар бурчуна барып буюмдарды сыйпалап көрүп жатып ушундай деди. Анын эмне тууралуу сүйлөп жатканын түшүнбөй калды аял. Балким англис тилин жакшы билбегендиктен суроо ордуна ушундай туура эмес сүйлөп алдыбы деп.
Чынында Аяна туура эле сүйлөгөн, ал англис тилде сүйлөөдо бул аялдан кем калышпайт. Бирок азыркы сөзүн ал сүйлөп эмес ойлоп гана коём деген, дүйнөгө керек болчу буюмду гана эмес адамды да чыгарып жатат ал деген ойдо, эмне гана чыгарбайт деген сөзгө жана кимди гана да деп кошумчалап койгон.
Даниярдын оозун тиктеп түшүндүрүп берет го деп күткөн аял каалаганын уга албады. Жолдошу дароо эле түшүнгөн жубайынын сөзүн, бирок ал анын үнүндөгу кыжырданууга түшүнө албай турду. "Джозефтин эмнеси жакпады, аны көргөнгө чейин мынчалык кыжырданбаган" , деп ойлонуп жатты. "Балким ал өз эрки менен эмес дарыгердин айтканы менен бул жайда турганына кыжырдантып жаткандыр" дейт. Чынында эле Аяна эркиндикти сүйгөн жан, ал өз каалоосу болбогончо бирөөнүн каалоосуна баш ийип бербейт, бирок азыр ал бул жайда турганына анчалык ачуусу келбей эле, туура түшүнөт мындай тобокелге барып жаткан адам биринчи дарыгердин сынагынан өтүүсү керек. Ал азыр Жаратканга жан тартып жаткан, Джозефти жаратылыштын мыйзамына кийлигишип жатат деп жактырбай жатат. Бирок маселе мында гана эмес болчу, эгер бир адамды көрүп жактырбаган болсоң, демек сендеги өзүңө жакпаган сапат анда да бар, ал адам эмес ошол мээндин ичинде жайгашып калган сапат сенин кыжырынды келтирип жатат дегени. Аяна да так ошол үчүн кыжырданып жаткан, аны азыр аныктап отурууга кудурети жок. Ал да жаратылыш мыйзамына кийлигишип, учурунда Жараткандын берээрин күтпөй эле адамдардан жардам издеп жүргөн, балким азыр ошол өткөн учурду эстеп бул көйгөйдүн башталышын эсине түшүрүп кыжырданып жаткандыр.
Эки кабат үй жалгыз алар үчүн арналыптыр, ичи кооз эң керектүү жабдыктар менен жабдылган. Көп буюм болбосо да керектүүнүн баары бар. Уктоочу бөлмө экинчи кабатты бүт ээлейт экен, бурчта жайгашкан жуунчу бөлмөнү эске албаганда, терезелери дубал бою менен бир. Адам өзүн бактылуу сезиш үчүн баары бар. Бирок эмнегедир бул эки жубай бактылуудай көрүнбөйт, жада калса шамдан чыккан жагымдуу жыт да аларды алаксыта албай койду. Экөө бири бирине ооз ачып сүйлөмөк турсун тик көздөрүнө карашпайт, бир күнөөлү иш жасап койгондой.
-Жаным бил, деди акыры Данияр сөз баштап. Бул жымжырттык анын жүрөгүн өйүп чыдатпай бараткан. -Менин жашоомдо эң негизгиси сенсин. Башкасы болсо да болбосо да жашай алам, сенин күлкүнсуз, жытынсыз тура албайм. Эгер кааласан кетели бул жерден, уктуң биз азыр да баш тартсак болот.
-Жок! Биз баарын женебиз.
Аяна ушинтип жооп берди, ичтен чыккан "Ооба, тезирээк кетели бул жерден, мындан баш тарт, мен каалабайм" деген үндү сыртка чыгарбай басып. Даниярын аяйт, жолдошу дайым анын каалоосун аткарып келет, эмне үчүн кезек өзүнө келгенде баш тартуусу керек. Ал азыр балалуу болгонду абдан каалап жатат, Аяна азыр бул мүмкүнчүлүктөн баш тартып кетсе, айта албаганы менен өмүр бою оксуктто өтөөру белгилүү.
Уктоочу керебеттин үстүнө ыргытып койгон кол сумкасынан Ариетинин сүрөтүн алып чыкты Аяна.
-Мен кыздуу болгум келет, деди көпкө сүрөтко тигилип туруп.
Чын эле бул тууралуу сүйлөшүп корушбоптур. Бул жерге өздөрү каалагандай бала көрүү үчүн келип олтурушат, бирок ал жөнүндө эч бири ооз ачып кандай калаагандарын айтышпаган ушул күнгө чейин. Балким ар кимиси өзүнчө кыялдангандыр ымыркайдын кандай болушун, же калыптанган түшүнүк ага жол бербеген. Адам көрбөгөн, укпаган нерсесин акылына келтире албайт эмеспи, канча ой жүгүртүүсү өнүккөн болсо да. Бул эки жубайга да азыр өз баласын каалагандай кылып жасап алат деген түшүнүк жете электир балким, а балким жетсе да бир бирине муну айтууга батына албай жүрүшкөндур.
-Эмнеге? Мен сени уул бала каалайт го деп ойлогом, уулубузду сагынып жүрөбүз.
Данияр бул нерсени күтпөгөн экен чочуп кетти. Ал ишенимдүү уулду болом жүргөн.
-Уулубуз болду, эч кимде жок жароокер уулубуз бар эле. Мен эми кыздуу болгум келет. Кийинки чурпомдон анын окшоштугун, кыялдарын издей бергим келбейт Данияр. Мен кызымды жакшы көргүм келет, аны эч кимге окшотпой өзүнчө сүйгүм келет.
-Биз уулду да жакшы көрөбүз, анда сөзсүз Ариетибиздин кыялдарды болот. Себеби ал да биздин балабыз да, биздин кандан жаралат.
-Данияр! Аянанын сөзү өктөм чыкты. Сен эмнелерди ойлоп жүрөсүң, бул сөздөрдү айтып жатканына ишене албайм. Кантип? Сен Ариетти кайрадан жасап алам дегени турасыңбы?
-Мен аны сагындым.
Аяна угуп турган кулактарына ишенбей алсыздана колунда кармап турган уулунун сүрөтүн жерге түшүрүп жиберди. Азыр ага жер астын үстүн болгондой туюлуп жатты. Алдында турган өзүнүн акыл эстүү, бардыкты көрө билген, сүйүктүү жары Данияр экенине ишенбейт.
"Жок" дейт ал өзүнө өзү, "Данияр айтпайт, мындай сөздү ал айтуусу мүмкүн эмес. Ал Ариетинин ордун башкага ыйгарып, ага болгон сезимдерин алмаштырганы турабы? Кантип? Дүйнөдө канча ата эне бар, бир эмес бир нече бала тарбиялаган, алардын ар биринин орду ар башка, ар бирин өзүнчө сүйүшөт эмеспи. А Даниярдын жүрөгүндө бир эле балага орун бар беле? Аны дагы бир ирет ата болгусу келип жатат экен десе, көрсө жөн эле Ариетин сагынып жатыптыр."
-Бул эмне кылганын? деп полдо жатып калган уулунун сүрөтүн көтөрө коюп бооруна басты Данияр, кудум сүрөт эмес тирүү баласы кулап кетип денеси оруксунуп калгандай.
Аяна эч үн сөзсүз турган жеринде боюн туздой албай бош таштап, жер таяна отуруп калды.
-Аяна!
Катарлаш турган жубайынын кандайча кулап калганын байкабай калган Данияр эми эле эңкейип сүйүктүүсүно үнүлө бергенде,
-Тийбе! деп шыбырады Аяна. Кармаба мени, жакшысы менин кандай экенимди билбе.
-Жаным сен эмне деп жатасың? Бул эмне дегениң?
Данияр колдорун тартып кете албай же аялына жакындай албай катып отуруп калды.
-Сен өзүмчүлсүн. Эгер мен өлсөм мени да кайрадан жасап аласыңбы? Жоок, тагыраагы мени өлтүрбөйсүн, ага жол койбойсун, менин денемди катырып төрүно коюп аласың. Сенин жүрөгүндө бирден гана адамга орун бар, андан артыгын батыра албайсың, туурабы. Башканын каалоосу менен сенин жумушун болбойт, баары сени менен эсептешип туруусу керек, ушундайбы? Эч качан, эч кимге женилбешин керек, жада калса Тагдырга да моюн сунгун келбейт. Эми Тагдырга ким экенинди коргозгун келип жатат ээ? Ал алган нерсеге сен жан берип женилбегенинди далилдегин келип жатат.
-Жетет!
Данияр кыйкырып жиберди.
- Мен киммин? Тагдырдын өгөй баласымынбы? Бир бурчтан алып экинчи бурчка ата турган оюнчукмунбу? Эмнеге күрөшпөшум керек? Колумду куушуруп туруп берейинби? Ааламда алек боло турган башка адам жокпу эмне? Ата энемди катар алды, жар берип бирок ага жакындаганга тыю салды, бул да аздык кылды, чурпо берип ал жашаган ар бир кунду тозокко айлантты. Ага да ыраазы элем, жада калса ошол тозокту да ыраа көрбөдү мага, тирүүлөй отко куйкалап таштады. Аянаар эмнем калды менин! Качанга чейин кол куушуруп туруп берүүм керек?
-Мен күнөөлү.
Аста унчукту Аяна.
-өзүмдүн кайгым менен болуп, сени такыр жалгыз калтырган мен күнөөлү. Сени карманып жатат го дегем, кайдан билдим сенин өчөшуп жатканыңды. Жашынды ичине жутуп туз кылып үйүп жаткан экенсиң да.
Даниярдын колдорунан кармады.
-Жок антпе жаным. Тагдырга өчөшпо. Ансыз да жүгүн оор, ыргыт баарын, женилде. Тагдырдан жакшылык кутсон ыраазы бол, уулубуз болду, жанда жок жароокерибиз эч кимде болуп көрбөгөндөй бакыт тартуулады, мейли аз болсун бирок биз ал бакыттын даамын сезе алдык. Эми аны коё бер, биз бакыттын башка даамын татабыз, ал үмүттү туздап салба. Ариетти коё бер эркиндикке, ансыз да жоготуудан коркуп өзүбүздү ойлоп көп кыйнап койдук аны. Эми тынч болсун.
-Эми ал кыйналбайт да. Аны кыйнаган дарты жок болот, ошон үчүн келип отурбайбызбы.
Данияр эч жеңилип бергиси жок.
-Шайтан алгыр! Сен өзү башка менен эсептешесинби? Тагдыр да сенин көлөкөн, сен кандай болсоң тагдырын да ошондой. Уулубуз алты жыл кыйналганы аз беле, сен эми байкуш али жарала элек баланы кыйнаганга даярданып жатасың. Жок! Мен андайга жол бербейм! Биз баарынан баш тартабыз.
-Жок! Сен ойлоп эле көрсөң Аяна, эмнеге болбосун. Дагы бир Ариетибиз болот. Бир ысымды эки адам көтөрүп жүрсө болбойт деген мыйзам жокко. Ариетибизге бере албаган жашоо беребиз, ал үчүн кыялдана албаган келечекти кыялданабыз. Ариетибизге, уулубузга экинчи өмүр берсек эмнеси жаман.
Аяна жолдошунун көздөрүнө багып,
-Мен сенден бала көргүм келбейт! деди.
Даниярдын үстүнөн бирөө суу куюп жибергендей эле болду. Жаңылыш угуп алдым деп өзүн сооротоюн десе келинчегинин жүзү кубарып, өзүнө окшобой турат.
-Сен эмне дедин?
-Мен сенден бала көргүм келбейт. Сен атаңдын уулусун өзүнүн каалоосун эң жогору койгон, сенин уулун да ошол болот. Эгер сен экөөбүздүн каалообуз атандыкы менен төп келип, ал айткан күнү баш кошуп калсак, бул сенин чурпондун каалоосу да сеники менен дал келет дегени эмес. Дагы сендей өзүмчүл бир инсандын жаралышын каалабайм.
-Токтот! Жап оозуңду!
Даниярдын көздөрү кутурган иттей кызарып, мына азыр жубайы дагы бир ооз сөз сүйлөсө жаагын карыштыра койгонго даяр болуп муштумдары туйулуп, жаактары жыйрылып, мойнуна тамырлары чыга түштү.
-Чын каалабайм. Билесинби мен эмнеге өкүнөм, өзүмдү ойлоп, уулумдан ажыраштан коркуп аны кыйнап судуроп, эркине каршы жашатып жүргөндугум үчүн өкүнөм, анын ар бир кыйналып жашаган күнүнө мен күнөөлү экенимди билип өзүмдү жээрип жаттым. Ал үчүн өзүмдү кечире албайм эч качан. Бул ирет да ошол жолду кайталап алыштан коркуп кетенчиктеп жаттым, балалуу болушту каалабаганым үчүн эмес. А сен бул учурда эмне ойлоп жаттын, өзүңдү гана. Бир да жолу акылына келдиби, уулум үчүн бул дүйнөдөгү оор жашоосунан ошол жер алдындагы тынч жашоосу жакшы экени. Сен дегеле ойлойсуңбу өзүңдөн башканы! Мени! Балким мен үчүн да ушундай дарт менен жашап ар күн азап чеккенче биротоло тынчтанганым жакшыдыр. Ар дарыгердин алдына барыш мен үчүн өлүм экенин билесинби сен! Мен көп жолу өзүмдү өлтүргөнчо бир жолу чын өлгүм келээрин эсине алдынбы!
Аяна үнүнүн барынча кыйкырып баштаган сөзүнүн акырларына барып такыр эле басандап калды, жада калса ый аралаш титиреген үнүнөн улам сөздөрү даана угулбай да калып жатты. Бирок так ошол басандап бараткан үн Даниярдын жүрөгүн канжар сымал тилип өттү. Тээ бийикте учуп жүргөн булуттан жерге кулап түшкөндөй эле болду сыягы. Чындап эле баланы көтөрүүчү өзү эмес да, анан калса ал баланы ушул жанынын жарымын кубантмак үчүн каалабады беле.
"Өзү адам эч нерсеге тойбойт" деди ичинен, бул апасынын дайымкы айтып жүрчүү сөзү болчу. Данияр атасынын мактоосу үчүн аракет кылып баарын жасаар эле, атасы бир аз гана сөз айтып туруп кийинки каалоосун угуза берчүү. Анысы жакшы дечи, айтып жүрүп уулун чоң адам кылды, көп нерсеге жетиштирди, бирок атасынын бул кылганы апасына жага бербейт эле, уулунан көп нерсе талап кылгандыгы үчүн болсо керек. Эне да ал күйөөсүн Даниярды жөн гана уулу болгону үчүн жакшы көрүүсүн каалайт бир жумуш бүтүргөндугу үчүн эмес. Улам бирин айтып талап кыла бергенде жогорудагы сөздү айтып кейип калаар эле. Аталар башкача калк келет, алар үчүн анын баласы эң алдыңкы адам болуп дайыма ийгилик жаратып туруусу керек, ошон үчүн жакшы көрүшөт, сыймыктанышат.
Ушуларды акылынан өткөрүп жатып бир убакта эки адамды түшүнө алды Данияр. Эч качан токтобой талап кыла берчүү атасын жана ушул учурда аны кошуп тилдеп жаткан аялын.
-Жаным кечирчи мени. Мен чындап эле ач көз болуп баратыптырмын. Сенин жүзүн күлүш үчүн гана каалагам баланы, Артетимди анчалык жакшы көрүп байланып калаарымды кайдан билдим. Макул сен айткандай болсун. Сен каалагандай кыздуу болобуз, ай чырайлуу энесиндей сулуу, данектей акылдуу керемет кызыбыз болот, ысымын да Данек коебуз, же башка ысым, ал мааниге ээ эмес, кандай болсо да аны жакшы көрөбүз, ал сен экөөбүздүн каныбыздан жаралган чурпо болот, уругубузду улайт. Жок эгер каалабасан кетебиз,баш тартаарбыз, баарын унутабыз. Болгону чарчадым дебе. Биз бир бирибиз үчүн жашайбыз. Жок! Жок! Карачы дагы деле өзүмдүкүн айтып жатам, дагы да өзүмдү ойлоп жатам. Ооба жаман адаммын мен! Мен чын эле жаман адаммын!
Ал чачтарын мыкчып тетири карап баса берди.
-Балким апам да чарчагандыр, Атамдан, анын озумчулдугунон, аз келгенсип өзүнүн уулу менден, менин көздөрүмо карап атамды көрүштөн чарчагандыр. Байкушум чарчап түгөнүп болгондо тынч жатууну тандап кете бергендир. Уулум да ошондой, ал жүгүрүп жүрүүнү кааласа, мен ага койбодум, ал жанымда калып жашашы үчүн өз каалоосунан баш тартышын талап кылып, кадимки балалык шоктукту да ыраа көрбөдүм ага.
Күйөөсүнүн жинди болгон адамдай аркы терки басып сүйлөнө бергени Аянанын тынчын ала баштады. Эмне ал чындап эле акылын алдырып койсо. Эгер өзү анын жашоосунан жок болуп кетсе эмне менен бүтөөрун көз алдына элестетип коркуп кетти, аялдык, энелик мээрими менен аяды жолдошун. Ордунан туруп бөлмөнүн ал бурчунан бул бурчуна токтобой басып жаткан Даниярга жетип белинен кучактады.
-Андай дебе. Мени кечир, ачуумду баса албай калдым.
-Жок жок, сен күнөөлү эмессин. Сен барын сүйлөп жатасың. Туура сөзүң үчүн кечирим сураба. Болгону айтчы, кандай кылайын? Эмне кыл дейсиң?
Данияр бурулуп жубайынын колдорун эки алаканына салып көздөрүнө тигилди.
-Мен сени капа кылайын деген эмесмин.
Аяна көздөрүн жашылданта, ээсинен кечирим сураган кулдарча жалдырай тиктеди жолдошуна. Ал ушунчалык боор ачырлык корккон абалда эле Данияр кучагына кысып тынчтандырбай коё албады.
-Мен капа болбодум жаным. Мен сенден эч качан капа болбойм. Болгону чарчадым. Бир аз чарчадым.
Анын далысын сылап жатып ушундай деди.
Ошол боюнча алардын сөзү уланбады, андай кылууга экөөндө тең күч калбагандай. Кеч да кирип калган, бүгүн баары бир, бир маселе чечип болбойт. Узак жолдон соң чарчашкан да эле, канча жайлуу болбосун учактагы орундук баары бир үйдүн тошогуно келеби.
Жуунчу бөлмөгө кирип чайканып чыгышып уйкуга аттанышты. Эки дене биригип бир бирине жуурулушуп жатканы менен, анын ичиндеги ойлор бириге албай жатышты, ар кимиси өз ойлору менен алек, балким эмне ойлонушаарын да билбей жатышкандыр.

#7 04 Май 2020 - 16:00
Аяна эрте менен ойгонуп жанынан жолдошун таппай калды, төшөгун сыйпаса муздак, эчаак туруп кеткенге окшойт. Саатка карап жаңы гана таң атып келе жатканын көрдү. Демейде Данияр эч ордунан жубайынан алдын турчуу эмес, ойгонуп калса да анын жүзүнө тигилип жата бере турган. "Демек кечиндеги сөздөр катуу таасир бергенге окшойт. Мындан ары жашоосун өзгөрткүсү келип жаткан болбосун"
, өз ойлорунан өзү коркуп кетти Аяна. Ушул тапта даана түшүндү, ал эч нерсени озгорткусу келбей эле туруптур. Даниярын андан өтүп суйоорун, өмүрүнүн маңызы ал экенин түшүнүп жетти, кудум ошол өзүмчүл адам жашоосунун маңызына айланган экен көрсө. Башын көтөрүп көздөрү менен издеп бөлмөнүн ичинен аны таба албаганда жүрөгү мыкчыла түштү, элесинде ал азыр дарыгердин маңдайында каалоосунан баш тартканын айтып олтурганын ойлоп шаша ордунан туруп үстүнө халатын иле тепкич менен төмөн карай жүгүрдү. Данияр паднос көтөрүп алып жогоруну карай чыгып келе жаткан экен, күйөөсүн көрө сала эч нерсеге карабай жетип келип мойнуна асылды.
-Асылым этият бол, бул кофе ысык, деп паднос кармаган колун андан узак тута берди Данияр.
-Башка мындай кылба! Мени жалгыз калтырба, болгондо да бейтааныш жайда.
-Болушу мүмкүнбу? Жаным мен сени өз колдорум менен эски сүйгөнүно, жалгыздыкка тапшырып берип коёт деп үмүт кылсаң катуу жанылышасын. Жалгыздык карасын да турсун, ага эч качан кезек жетпейт. Жүрү кофе ичели, короонун кооздугуна суктанып басып жүрүп убакытты өткөрүп жибериптирмин, сени өзүң сүйгөн кофенин жыты менен ойготоюн дегем.
Аяна эми гана анын колундагы падноско көңүл бөлдү, үстүндө эки идиште буусу чыккан кофе жана өзү сүйгөн жашыл түстөгү "Ritter sport" шокалады бар экен. Жаш балача жыргап жылмайып алды.
-Менин шокаладымды кайдан таап келдин?
-Кааласан дүйнөнү төшөйм алдына, болгону сен каала, деди Данияр да сырдуу жылмайып.
-Мен өзүнө окшогон күчтүү бала каалайм.
Даниярдын жүзү ошол калыбында катып калды, уккан сөздөрүнө же суйуунорун же таарынаарын билбей.
-Бирок өзүмө окшогон эрке кыздуу да болгум келет.
Жубайын кучактап турган колун коё берип падносту эки колдоп көтөрө, жооп бербестен жогору карай басып кетти Данияр. Керебеттин башында турган үстөлгө коюп, эки идиштин бирин алып, кофеден удаа-удаа уурттап алды.
-Сен али да менден капасынбы?
Аяна жалооруй тиктеп керебеттин четине отура кетти.
-Жок, мен сенден капа эмесмин. Биз бул тууралуу башка сүйлөшпөйбуз, деди жолдошу кыска гана.
-Данияр сенин апан эң бактылуу аял болгон. Билесинби аял үчүн бакыт эмне? Ал жообу бар сүйүү. А сенин апанда андай сүйүүдөн бир эмес экөө болду. Бири атаң, экинчиси сен. Экөөбүздүн окшош жагыбыз бар экен, ал да биринчи сүйүүсүн бийик тутчуу мага окшоп, аны жоготуп алган соң көп кармала албады, өз сүйгөнү жок жашай албады. Мен да бир сүйүүмдү жоготтум, бирок жашап жатам, билесиңби эмнеге? Анын себеби сенсин. Мен да апабыз сыңары биринчи сүйүүмө көбүрөөк байланыптырмын, ал дем алып жатат экен мен да жашайм. Уулубузду сенден кем сүйдүм дебейм, ал өзгөчө сүйүү эле, бирок билбейм эгер сени жоготсом ал сүйүүнүн күчү жетээр беле мени бул дүйнөдө кармаганга.
Данияр бул сөздөрдү укпай жаткандай түр көрсөтүп терезе тарапка карай басып кетти.
Аяна анын артынан келип кучактап, башын аркасында жөлөй берди.
-Билем менден капасын, бирок мен дагы бир ирет өзгөчө сүйүүнү таткым келип жатат, наристе сүйүүсүн, эки эселенген сүйүү. Мага ушуну белек кыл, көп көрбө муну мен үчүн.
-Асылым, сен каала баары болот дебедимби, демек баары болот, биз өзүнө окшош эрке кыздуу болобуз, деди Данияр кофеден ууртаганча жубайынын колдорун кармалай.
-Жана сага окшогон өзүмчүл бала.
Данияр бурула калды.
-Сен… Эки ирет… Даярсынбы ошого?
Аяна сырдуу жылмаят.
-Мен даярмын. Бирок бир ирет. Дароо экоону.
-Эгизби? Сен чын эле эгиз бала каалайсынбы?
-Ыхы, деп башын ийкегилеп турат алдында жубайы.
Бул анын канчанчы ирет жолдошун таң калтыруусу болду экен, эсеби жок. Бирок мунусу баарынан өтүп кетти. Кечинде эле жер таянып ыйлап отурган асылы бүгүн мынтип эң бактылуу, болгондо да анын оюна келбеген сунуш киргизип турат.
Данияр идишти сол колуна алып, оң колу менен жүзүн шыпырып артка кетенчиктей берди.
-Эмне, сага жакпадыбы?
Аяна байкуш боло түштү.
-Жок, жок. Мм… Дагы бир ирет кайталачы, сен эмне каалайсын?
-Мен экөөбүздүн эгиз балдарыбыз болуусун каалайм, өзүндөй өзүмчүл уул жана өзүмдөй эрке кыз. Бул мүмкүн да. Джозеф мырза баарын жасай алам дебедиби.
Данияр үнсүз керебетке карай басты. Идишти үстөлдүн үстүнө коюп, өзү керебеттин четине отура кетти.
Артынан басып келген келинчегин тартып алдына отургузуп, далысын жаап турган чачтарын сылай артка таштап мойнунан шуу жыттап алды.
-Жытындан сенин. Джозефтин жасаган шамдарын бүт жагып койсо да менин башымды мынчалык айланта албас. Ошондой эле эч бир сезимди сага болгон сүйүүм менен салыштырып болбос. Дүйнө бир тарап, сен бир тарапсын мен үчүн. Ошентсе да перзент тартуулаган сезим мага да аябай жакты, дагы бир жолу ал сезимди татуу үчүн бүт дүйнөмдү бермекмин. Эгер ал сезимди эки эсе көбөйтүп бере алам десең, жашоомду берем.
Мурду менен анын мойнун кытыгылап төшөккө жыгытты, эриндерин назик тийгизип өппөгөн чоло жери калбады жубайынын. Эркелешип бүтүп экөө чалкалай катар жатып кыялдана башташты.
-Алар ынтымактуу болушат, бири бирин бүт дүйнөдөн корушат, деп Данияр айтса.
-көздөрү кара, бир бирине куюп койгондой окшош болот, чачы сеникиндей кайраттуу болсун, дейт Аяна.
-Акылдуу болушсун.
-Ден соолуктары бекем болсо болгону, акылы албетте болот атасы ким алардын.
-энеси да кем калышпайт.
-Ооба десең, сенин озумчулдугун болсун балабызда.
-анда кызыбыз да ошондой болот, себеби энеси да өзүмчүл. Нечен ирет кыйнады мени ал өзүмчүлдугу, билээр бекен. Эсиндеби сага жан тартып атайын унаадан түшүп келсем, сиз кийлигишпениз деп жолго салганын, андан кийинчи жакпаган жагдайдан кутултуп кетейин десем ага да көнбөй койгонсун. Эмне болсо болсун өзүнө жагып турса да башканын айтканы менен болгун келбейт, биринчи болуп өзүң баштабаганча. Ошондо эми сен жалдырайсын деген элем, бирок алиге чейин ал күн келе элек, дагы деле мен жалдырап жүрөм.
-Сенби? Сен мага жалдырап жүрөсүңбу ээ. А муну сүйлөп жаткан адам билет болду бекен, ошол кыз нечен ирет ичиндегисин сындырып, сыртка чыгарбай ага жеңилип бергенин. Жана ошол женилуудон ырахат алаарын.
-Ошондойбу?
Экөө эркелешип көпкө жатышмак, кечеки аял кирип келбегенде.
-Кутман таң сиздерге. Бактылуу мунотторунуздорду уурдамак эмесмин, аргам жок. Джозеф мырза сиздерди таңкы тамактанууга чакырды.
-Аны менен биргеби?
Данияр кубана ордунан тура калды, азыр эле бардык каалоолорун жеткиргиси келип, батыраак эле эгиз балдарды колуна алууну самап.
-Ооба, жыйырма мүнөтто дасторкон жайылат, деп артка карай түшүп кетти. - а баса, ал киши бир мүнөттү да кечигуу деп эсептейт.
-Албетте, деп жооп бериши берип алып, өзү даяр болгону менен жубайы даярдануусу керек экенин, ага көп убакыт талап кылынаарын ойлой кыжаалаттана артына караса, Аяна эчаак күзгүнүн алдында өзүн иретке келтирип олтурган экен.
-Сен менин акылдуумсун, деди жалбарып кубанганынан.
-Чынбы? Сенден да акылдуумунбу?
-Албетте. Бирок балдарыбыздан акыл талашпа ээ. Баласы атасынан акылдуу болмоюнча келечек түзөлбойт дейт, ошондуктан алар экөөбүздү жөн эле басып өтүүлөрү керек.
Данияр буларды келинчегинин койногун илгичтен алып жатып сүйлөп жаткан.
Аяна ага бир деме дейин деп, күзгүдөн анын кандай кубанычтуу кыймылдап жатканын көрүп анын ушул көңүлүн бузгусу келбеди. Эмне болуптур акылдуу болсо, жөн эле айтып жатат, деп өзүн соороткону менен ичин уйгу туйгу сезимдер аралап өттү. Ал Джозеф тууралуу өзү окуган акыркы маалыматты али да эсинен чыгара элек. Ал деген окумуштуу ар ачылыштарды жасагысы келет, менин балдарым анын тажрыйбасындагы эксперимент болуп калуусун каалабайм, мага жөн гана ден соолугу чың, башка балдардан эч айрымаланбаган бала керек, муну баарлашуу учурунда сөзсүз айтам деп даярданып койду.
Нанүштө үйдүн ичинде эмес короодо болот экен, алар үчүн даярдалган үстөлдү аялдын коштоосунда жетелешип бара жатышып көрүштү. Джозеф да үстөлгө кудум өздөрүнчө аралыкта ары тараптан басып келе жатыптыр, чачтары сенселип күндүн жаңы чыккан нурларына чагылып жалтырайт, жүзүндө жылмаю, кийген ак көйнөгу жана шымы кенен болгонуна карабай анын денесинде ашыкча бир да бүдүр жок экени байкалып турат, басканы шамдагай, жада калса көйнөгүнүн түрүлгөн жеңи да өзүнө жарашат. Анын ушул келе жатышы эч эле окумуштууга окшобойт эле, балким кийимдер көргөзмөсундо иштеген моделдергеби. "Кызык" деди Аяна, "кече деле ушундай беле". Албетте кече анын кебетесине карай турган абалда эмес эле, анын ички дүйнөсүн аңтаруу менен алек болуп жаткан. Бүгүн башка кеп, эрте менен күндү өзүнүн келбетине кароо менен баштады, ички дүйнөсүн антаруу менен эмес, андыктан башкадан да ошону көрө алат, кубанычты, келбеттеги сулуулукту. "Дүйнө үчүн күрөшүп жаткан адам албетте өзүнөн баштайт, өзү да дүйнөнүн бир бөлүкчосу эмеспи" деп койду. Аңгыча алар үстөлгө жете берип дарыгер менен бет келишишти.
-Жемиштүү күндүн башталышы менен Данияр мырза, Аяна айым, деп баш ийкеп саламдашып орундуктарга кол жаңсай көргөзуп өзү да төгөрөк үстөлдүн бир четинен орун алды.
Данияр ага жооп кылып,
-сизге да кутман таң, дегенче орундукту артка жылдырып жубайына отурууга жардам берип кийин өзү да жайгашып отуруп калды. Аяна болсо жөн гана жылмайып койду.
-Сиздер кой жана уй эттерин жеп көнгөнсуздор, бирок мен балыктан башка жандык жеп көрбөгөнмүн. Бүгүн биринчи жолу сиздер менен кой этинин даамын татам. Кана даамга караныздар.
-Урматтуу Джозеф мырза сиз өзүңүзгө кайрылган ар бир адамды изилдеп окуп чыгасызбы? деди Аяна.
Ага чынында эле кызык болуп жаткан, ушундай улуу инсан өздөрү тууралуу мынча көп билгени.
-Ооба. Алар деле мен тууралуу көп изилдешет да, туурабы Данияр мырза? деп оң тарабында өзүнө жакын олтурган Даниярга карап коюп сөзүн улады. - Мен да ал адамдарга көңүл кош мамиле жасагым келбейт. А баса жылкынын эти аябай сыйлуу болот ээ сиздердин аймакта. Мен да сиздерге аябай катуу сый коргозгум келди, бирок андай асыл жандыктын жанын кыюга колум барбай койду.
Ал толук сүйлөп бүтүп гана колун дасторконго узатты.
-Ах, ах. Эмнеге мен муну алдын татып көрбөдүм, кой эти мынча таттуу болоорун билген эмесмин чын, башка эч ким да мага айтып койбоптур. Ким билет, сиздерди учуратпаганымда бул ырахаттан такыр куру калмак экенмин.
Отко какталган этти татып жатып ушинтип тамшанып жатты дарыгер.
-Эгер алдын билгенинизде азыр жер жүзүндөгү койлордун санына эсеп жетпей көбөймөк экен, деди Аяна да эттин кичине кесилген бөлүгүн оозуна салып жатып.
Данияр жубайынын эмне дегиси келгенин түшүнө албай карап калганча Джозеф күлүп жиберди.
-А сиз тамаша сүйлөгөндү билет экенсиз.
Данияр ал экөөнө карап эле отуруп калды, сөздүн тегине түшүнө албай.
-Эмнеге болбосун, деди Джозеф кайрадан күлкүсүн токтотуп. Мен дүйнөнү керектүү нерселерге толтургум келет. Эгер кой адамзатка ушунчалык керек экенин билгенимде чын эле аны көбөйтүү жолдорун издемекмин. Кызык, бирок мага андай сураныч менен кайрылган адам болбоптур. Демек койлор адамдарды ойлондурган маселелерге кирбейт болуш керек.
Аяна дарыгердин сөздөрүнө алаксып отурбай тамактануусун улантып жаткан, ал сөзүн бүткөндө жөн гана кашын серпип койду.
-Данияр мырза, биздин тил бүт ааламга түшүнүктүү жана үйрөнүүгө оңой экенин билем, бирок жубайыныз кайдан жүрүп Техасча диалекти менен сүйлөп калган. Тамашасы да биздин элдердикинен. Сиз башкачасыз, чыныгы адабий тилде сүйлөп жатасыз. Менимче тескери болуш керек баары, Америкада сиз окугансыз да жубайыныз эмес.
-Оо сиз туура байкадыныз, деди Аяна күлүп. Бул жерде сиз менен келишпей коё албайм. Менин жолдошум өз тилибизде сүйлөсө да ушундай, китепте жазылгандай сүйлөйт. Анткени ал китептен башын көтөрбөй окуйт, а мен кадимки тирүү адаммын, китепке караганда тасманы тандайм.
-Ошон үчүн биз бир бирибизди жакшы түшүнүп жаткан экенбиз да. Мен канча китеп адамы болоюн десем да болбой эле тасма адамы болуп кетем. Китеп окусам да кино кылып элестетип алып окуйм.
Данияр какап кетти.
-Эгер мен сиз экөөнүздон ашыкча китеп окуган болсом анда сиздер такыр китеп окубапсыздар. Себеби мен бир гана китепти чыгаргам аягына.
Үчөө тең бирдей күлүп жиберишти.
-Билимдүү жандар экенинерди билгем, бирок мынчалык жөнөкөй адам болоорунарды күтпөгөм. Гарвардды аяктап бир компанияны туптоп келе жаткан адам ушундай сүйлөп турса кандай жагымдуу. Сиз окуган жайда да айым, эгер Мюнхенде да немистер жашаган болсо алар китеп окутпай ойнотуп койбосо керек. Мындай адамдар менен баарлашуу жагымдуу, китеп ачпай туруп илимпозмун дегендерге караганда.
Жубайлар бири бирин карап жылмайып коюшту. Ушул учурду күтүп тургандай дарыгер өзүн кызыктырган туз суроолорго өттү.
-Ошентсе да келечектеги баланар кандай болот деп ойлойсуңар? Китеп илимпозубу же тасма сындоочусубу?
Джозефтин сөздөрү толук тушуноорлук болбосо да ага анча токтоло беришпеди. Алдыларында чыныгы илимпоз олтурбайбы, анын ар бир сөзүн түшүнүү кайдан.
-Балдарыбыз.
Экөө бирдей жарыша жооп беришти.
Дарыгер жубайларга алмак салмак карап, алардын сырдуу жылмайган бактылуу жуздорун көргөндө көздөрүнүн чанагын чонойтуп, демин ичине тартып кубанычтуу жылмайды.
-Демек эгиз балдар! Бири тасмадагыдай экинчиси китептегидей. Тамашалайм албетте.
-Бири кыз бири уул, деди Данияр.
-экөө коёндой окшош, деп кошумчалаган Аяна жолдошуна карап үстөлдүн үстүндө турган колун бекем кысып кармап койду. Мындай көрүнүш адамда же корккондо же ийгиликке жетип сүйүнгөндо болот.
-Бул күтүлбөгөн жаңылык.
Джозеф аларга сырдуу карап ойлонуп калды.
Аянаны анын бул отурушу бир аз кыжаалатка салып жатты.
-Бул мүмкүн да ээ, деди ал акыры жооп күтүүгө чыдамы жетпей.
-Менимче толук мүмкүн, алар бир бирин толуктап турат, акыл жагынан да алака жагынан да. Данияр дарыгердин ордуна жооп бергендей болду.
-Керемет! Бул чынында керемет ой! Мындай ой чындыгында керемет адамдардын акылына гана келет. Бири кыз бири уул. Алар жашаш үчүн башкага муктаж болбойт, бири бирин толуктап турат!
Дарыгердин акыркы айтылган сөздөрүн да түшүнө беришпеди жубайлар, болгону анын көздөрүндө жанган кубанычтын учкундары аларды кубантып турду.
-Джозеф мырза, биз түшүнүп турабыз албетте. Дегеним сумманын өсүшү бизди токтотпойт, деди Данияр.
-Сөз болушу мүмкүн эмес. Дагы бир жолу тамагыныздар таттуу болсун. Мен барайын, сиздерди бир сааттан соң кабинетте күтөм, деп кол саатына карады да кичине чачыкка колун, оозун сүртүп туруп кетти дарыгер. Ал кадамдарын чоңдон таштап аябай баттан басып бараткан, маанилүү чогулуштан кеч калгандай.
Аяна менен Данияр бир бирин карап бактылуу жылмайып отуруп калышты. Алардын каалоосу ишке ашканы турат, болгондо да баары бүтүндөй, эч кыйынчылыксыз. Дарыгер мынчалык тез түшүнүп, эч суроосуз алардын сунушун кабыл алат деп ким ойлоптур. Алар баарын түшүндүрүп жеткирүү үчүн көп сөз керек болот дешкен, бирок Джозеф сөзсүз да түшүнүп коё ала турган инсан болуп чыкты.

#8 06 Май 2020 - 15:26
Айтылгандай так бир сааттан кийин алар Джозефтин бөлмөсүндө отурушту.
-Мен сүйгөн инсансыздар сиздер, билесиздерби ушуну, деп эки алаканын ушалап алып өзүнүн жазуу үстөлүнун үстүнө отура кетти Джозеф. Мен куттургонду жакшы көрөм, кээде атайылап деле кечигип барам чакырылган жакка, бирок эч эле куткум келбейт. Өзүмчүл дешке шашпаныздар, болгону адамдардын сабырын сынагым келет.
-Менин жубайым да так ошондой. Кааласа жолугуу белгилегенин унутуп да коё берет, бирок башка бирөө ошентип көрсүнчу, деп Аяна тарапты күлө карап койду Данияр.
-Демек сиздин жубайынызды Техастык деп атап койсок болот. Кана эмесе Техастык айымдан баштайлы. Сиздер жөнөткөн бардык анализ жыйынтыктар бар менде, сиздерди көп кыйнабайм. Аяна сиз гармонго көп эле жолу анализ тапшырып жүргөнсүз, анын жооптору да бар, ошого карабай мен да андай анализ алуум керек. Биздики кадимки анализден бир аз айырмаланат, кана баштаныз деп төрдө жабылуу турган каалганы ачып киргизип жиберди.
Ал жайда бети башын чумконуп космоско уччуудай аппак кийинип алган адамдар басып журушуптур. Аяна бир алдын чочулап артына кылчактап барып, ага жетип келип колунан жетелеген бир аппак кийимченди ээрчип аргасыз ал баштаган тарапка баса берди. Аны жалтырак айнек идиштен болгон отургучка отургузуп, чачынан бир канча даана, колунун бутунун тырнактарынан бир аздан кесип, денесине сары суюктукту куюп катырып туруп сыйрып алып, курсагынан, арка белинен, бутунун, колунун манжаларынан кан алып болуп ордунан тургузду. Мунун баарын бир эле адам беш мүнөткө жетпеген убакытта жасап улгурот экен, Аяна эмне болуп жатканын андаганга да улгурбой калды. Андан ары аны жетелеп, ошондой эле идиштен болгон узун орундукка жактырып үстүнө ийилчек туссуз айнекти жаап коюшту. Ушул абалында ал уулу Ариетин эстеп жатты. Чоң эле адам өзү, мунун баары бир аз убакыттан кийин бүтөрун билип турса да коркуп жатат. А байкуш баласы айлап ушундай идиштерде жатып журбодубу.
Бул учурда сырткы бөлмөдө Джозеф анын жолдошу менен жай сүйлөшүп олтурушкан. Андан уулу Ариет тууралуу сурап, анын кайсы кылыктары көп эсине келээрин айттырып отурду.
-А сиз келечек балдарыныздан эмнени күтөсүз, Ариетке окшош жароокер, анын сезгич акылындай акылдуу болушунбу?
-Ооба, ал бүт ааламды сүйчүү, кичине болсо да бардык адамдарга түшүнүү менен карай турган. Башкалар андан эмне каалап жатканын дароо туйчуу, жана адамды капа кылуудан коркот эле. Мен кечеки түнгө чейин дал ушундай болуусун каалагам. Бирок азыр андай эмес. Мен балдарымдын андай болушун каалабайм. Алар биринчи ирет өздөрүнүн каалоосун түшүнүп орундатуусун каалайм. Башканы эмес биринчи өздөрүн корусун. Жашоодон эмне каалагандарын так айырмалай ала турган акылдуу да күчтүү да болууларын каалайм. Албетте ден соолуктары жайында болуусу биринчи орунда турушу керек.
Ал дагы бир деме айткысы келип, бирок ага батына албай отуруп калды, сөзүнүн аягына чыга албай.
Бир аз күтүп отурган соң Джозеф Даниярдын жанына басып келди.
-Жана?
-Алар менден акылдуу жана бактылуу болушсун.
-Экинчисин мен жасай албайм албетте, адамдын мээсинде ага жооп берүүчү торчо кийин өзүнөн өзү пайда болот экен, изилдедим, ал нерсе генден берилбейт. А мына биринчисин катуу эле айтсаныз болмок, эмне али жарала элек балдарыныздан уялып турасызбы, же менденби. Эсинизде болсун ошол каалаганынызды алуу үчүн мага акча төлөп отурасыз. Менин балдарым дүйнөгө салым кошо ала тургандай акылга ээ болсун деп ачык эле айта салыныз, мында турган эмне бар. А бул нерсени аткаруу менин колумдан келет, сиздин жана жубайыныздын акылына өзүмдүн билгичтигимди кошумчаласам дүйнөдөгү эң акылдуу баланы жарата алам.
Канча жашырып өзү тан алууга батынбай жүргөнү менен Даниярдын каалоосу так ушундай эле. Ким каалабасын баласынын акылдуу болуусун.
Джозеф үч төрт кагазды алып чыгып ага сунду,
- жубайыныз эки саатсыз чыкпайт, ага чейин шашпай окуп чыгып, кол тамганызды коюнуз.
Кызык, ал кагаздарда экөөнүн азыр сүйлөшкөн сөздөрү жазылуу экен. Демек дарыгер, Даниярдын каалоосун өзүнөн биринчи эле биле алган.
Ал кагаздарга кол коюлуп бүтөрү менен ошону эле күтүп тургандай Аяна да чыгып келди.
-Аяна айым корккон жоксузбу биздин учкучтардан, деп күлө анын алдын торой басты Джозеф.
-чочуладым албетте.
-Алар лабораторияда болгондуктан ошондой жүрүүгө мажбур, өздөрүнүн жана келгендердин коопсуздугу үчүн.
-түшүнүктүү, деп сумсая түштү Аяна. Кыргызстандан айрылгандан бери биринчи ирет өзүнүн оорусу үчүн кысылып.
-жок сиз түшүнгөндөй эмес менин айтканым, деди Джозеф, анын ар бир кыймылын байкап турган. -Сиздин дененизден алынган болукчолорго кокустук болуп өздөрүнүн бир бөлүгү кошулуп кетпестиги үчүн. Мен кайсы торчолор менен иштешим керектигин так айырмалап билиштигим үчүн.
Дарыгердин сөздөрү баары бир Аянанын көңүлүн көтөрө алган жок. Ал оорулуу экенин, бир гана ошол себептүү ушул жерде экенин эсине түшүрүп болгон соң эч бир сөз жоошута алмак эмес.
Аянанын жүзүндө озгоруш болбогонун көргөндө дарыгер аны жайына коюну туура көрдү көрүнөт, Даниярга кайрылып,
-кезек сиздики, деди.
Данияр текшерүүдөн өтүп, бөлмөдөн чыкканда ал экөө күлүп отурушкан экен.
-Данияр мырза куттуктайм, деди Джозеф күлкүсүн токтотпостон туруп. Сиздердик жумуш бүттү. Эми бара берсениздер болот, даяр болгондо өзүм чакырам, ага чейин шаарга чыгып Даллас менен таанышып турсаныздар болот. Жубайыныздын тамаша түшүнүгү өзгөчө экен, менимче сиздер убакытты эң жакшы откоросуздор.
-Сен кагаздарга кол койдунбу?
-Ооба, мен айттым ал терди компьютерде, акырында окуп туруп колумду койдум. Биз чоң жумуш бутурдук, деди Аяна кубанычтуу жылмайып.
Алар Джозефтен чыгып өздөрү жайгашкан үйгө карай багыт алып кобурашып баратышкан.
Данияр аны карап жана эле кайгырып турган жубайын тааныбай турду.
-Кантип ал сенин маанайынды өзгөртө алды?
-ким?
-ким болмок эле, Джозеф да.
-А ал укмуш күлкүлү инсан экен. Менин устумдон күлүп жатпайбы. Эмне сен оорусан эле баары кайгырып алыш керекпи дейт.
-Мунун эмнеси кулкулуу?
-Ардагым түшүнсөн, ал эмне дегенин. Сенин жанын ооруса башканын боорунда эмне күнөө деп жатпайбы, алардын боорун ая алар сенин жаныңды аяганчалык дейт. Эгер аягын келбесе таш боорсун, таш боор адамга оору да жарашпайт дейт. Ал мени эмес өзүнүн боорун аяп жатпайбы, сен үчүн оорутуп эмне кылам деп. А мен аны таш боор деп жаман көрүп жатпаймбы. Көрдүңбу мен таш боормун, ошон үчүн мага оору жарашпайт, эми сен да таш боор бол дейт. Таш боорлор гана бардык жерде күлө алышат, боорукер болсоң көз жашын тыйылбайт дегенин айтсаң. Чын да, деп дагы күлүп алды.
Данияр баары бир эле түшүнө албады. Ал кайдан билсин жубайы аяган көз караштан чарчаганын, дарыгер кичине убакытка болсо да анын дартын унуттуруп, жалгыз эле ал оорулуу эмес экенин аёогоо татыксыз экенин айткандыгы анын көңүлүнө жага бергенин.
Алар чын эле убакытты эң жакшы өткөрүп жатышты. Даллас гана эмес бүтүндөй Техастын аты чыккан жайларын кыдырып, качан катуу чарчаганда гана жатагына кайтышат. Алардан бактылуу жан жоктой, эң бактылуу күндөрүн жашап жатышты. Бул жайга эмне себептен келгендерин да унуткандай, ар бири бул күндөрдүн бүтпөсүн тилешет. Толук бир апта өткөндө Джозеф алардын келген максаттарын эстерине салып өзүнө чакыртты.
-Жакшы да жаман да жанылыгым бар. Жакшыны айтып артынан жаман менен жаап, айлык берип кайра алып алгандай болбой жаманынан баштайын ээ. Анда мындай Данияр мырза сиздин ген сизге жакшы дем алуу органын тартуулаган эмес.
-Кандайча? Ооба менин атамда астма оорусу бар болчу, кийин өпкө ракынан каза болду. Бирок мен көп жолу текшерилгенде баары таза дешкен.
- Кээ бирлер өмүр бою мындай дартты көтөрүп жүргөнүн билбей деле жыргап жашап өтүп кетишет, менимче сиз да ошолордун катарына киресиз. Бирок дарт сиздин уругунузга берилбей койбойт дегени эмес, алар бул илдетти кандай көтөрүшот ким билет. Анткени сиз көтөрүп жүргөн илдет жөн эле астма эмес, опконуздо тешиктер бар, эгер энтигип катуу дем алсаныз өпкө жарылып кетүүсү мүмкүн. Бирок кубанычка карай аны каптап турган чел кабык күчтүү экен сизде. А мына сиздин баланызда ал чел кабык кандайынан болот эч ким айта албайт.
Данияр жубайына карап башын чайкады. Алар экөө тең бирдей азыр Ариетин ойлоп кетишкен эле, байкуш бала энесинин гана дартын көтөрбөй атасынын да генине жооп берип өткөн тура.
Аларды алмак салмак карап коюп сөзүн улады дарыгер.
-Бирок сиздер мага кайрылдыныздар, демек мен өз өпкөмду коюп болсо да дени сак бала беришим керек эле сиздерге. Аны бажардым. Дегеле генден өтүүчү бир да ооруга жол койбодум. Эч кандай вирус да жукпайт балдарга, вируска каршы турчуу торчо да коштум, сөөктөрү бышык болот кальций жетиштүү өлчөмдө болот дайыма. Бир гана сиздер айткан бакыт деген торчону кошо албадым, эмненидир өздөрүнө калтыруум керек эле да туурабы? Алар жашоодо бир нерсе менен алек болуулары керек да, бакыт торчосун өздөрү түзүшсүн.
-Даярбы?
Экөө Жарышып сурап алышып бир бирин карап калышты.
-Эмне даяр? Джозеф эриндерин чуйруйтуп койду.
Жубайлар бул суроого чындап эле эмне деп жооп бериштерин билбей калышты.
-Торчолор даяр. А балдарды али жайгаштыра элекпиз да, өсүүчу жайларына, деп жылмайып койду кайрадан Джозеф.
-Качан?
-Так мына азыр. Данияр мырза кааласаныз бирге катышыныз, бирок сиз кызыгып карай турган деле нерсе жок. Шприц гана өз ролун аткарат болду.
-Жок, деди Аяна жолдошунан алдын жооп берип.
-Сиз тартынып жатасызбы?
-Ооба.
Чынында Аяна күйөөсүн аяп турган, кийин балдарын көргөн сайын ушул күндү ойлой бербесин. Балдарды бөтөндөй көрүп калбасын деп. Жакшысы ал өзү уруктук тапшырган күндү эстеп, аларды бир өзү гана жаратып алгандай сезгени жакшы.
Төрдөгу каалга ачылып Аяна чыгып келгенче Данияр жанын оозуна тиштеп араң чыдады. Ал өздөрү жашап жаткан үйгө барып туруудан баш тартып ушунда калып күтүүну чечкен. Эми мынтип ал жок болгон бир саат бир кылымга тете болду.
-Мына сиздин жалгыз жубайыныздын ордуна үч адамды тапшырып жатам сизге. Эми мунун баары сиздики, кастарлап багып алыңыз, деди Аянаны колунан жетелеп Даниярдын жанына алып келе жатып Джозеф.
Ал болсо жубайына карайт, күнөөлү көздөрү менен, сен жалгыз кыйналып жатасың дегенсип.
-Мындан ары ээн эркин каалаган убагыныздарда короодон чыгып кете албайсыздар. Үч ай, бул аралыкта такай менин көзөмөлүмдо болуп, мен уруксат берген учурда гана бул жайды таштай аласыздар. Азыр барып эс алдырыныз суйуктуунузду, деди жылмая.
Джозеф жылмайып кадимкисиндей болууга аракет жасап жатканы менен Даниярга ал эмнегедир толкунданып, кыжаалат болуп жаткандай туюлду. Бирок азыр андан ары дарыгер тууралуу ойлонууга чамасы жок эле, бардык көңүлүн келинчеги ээлеп турган.

#10 11 Май 2020 - 01:27
Дарыгер айткан үч ай да өттү. Бул аралыкта тынымсыз текшерүүдөн өтүп жатты Аяна. Джозеф жасаган текшерүүлөр ал көнгөн Алматы шаарындагыдан айырмаланып,
дайыма укол менен кандайдыр заттарды организмге куят. Албетте баарын түшүндүрүп да берет, бирок өзүнүн медициналык билими болбогондон кийин түшүндүргөндон эмне пайда. Интернеттен издегени менен жарытылуу да жооп таба албады. Албетте илимпоз жаңыдан изилдеп таап жаткан нерсе интернетте кайдан болсун, өзү ал жакка киризмейинче.
Аянанын бир гана чочулаганы курсактагы бала үч ай болгончо эч кандай дары дармек колдонулбашы керек экенин бардык дарыгерлер бир ооздон айтышканына карабай ал өтө көп өлчөмдө дары колдонуп жатканы эле. Бирок УЗИ курсактагы түйүлдүктордун жакшы өсүп келе жатканын көрсөтүп жатты, жана эгиздер бир да жолу энесин кыйнашкан жок.
Данияр бул аралыкта бир дагы ирет жубайын жалгыз калтырбады. Түн бир убакка чейин келинчегинин курсагын сылап эгиздер менен сүйлөшөт, бул жашоодо аларды аябай күтүп жаткан атасы бар экенин айтат, али алар көрө элек дүйнө менен тааныштырат, суунун тунуктугун, тоолордун бийиктигин, таттуунун даамын, сүйүүнүн сырын айтып берет. Бул абага көп көнбөшторун да өтүнөт, алар жашай турган жай бул жер эмес, бийик тоолордун арасында жайгашкан өлкө экенин айтып, кыргыздын салты менен тааныштырып чыгат, аларды курсагында көтөрүп жүргөн апасынын сулуулугун даңктап ырдап да берет.
Эгер убакытты токтотуп болсо алар так ушул учурда токтотуп калышмак, жада калса курсактагы балдар да ушундай кылса керек эле. Жакшылыкты күтүү, аны көрүүдөн да жакшыраак сезим болоорун сезишти. Бирок убакыт токтободу, алар күткөн үч ай да өттү. Джозеф Аянаны дагы үч ай ушунда болуусу керек экенин айтып, мекенине кайтууга уруксат бербеди. Жубайлар көп деле каршы болушкан жок, балким ушундай болгону жакшыдыр, дарыгердин козомолундо болуу коопсузураак деп кала беришти.
Кийинки үч айда канга куюлган суюктуктар биринчи учурдагыдан да көп өлчөмдө болуп жатты. Аяна анын зыянын денеси менен сезбегендиги үчүн, анчалык да маани бербей калды. Эгер курсактагы балдарына ушул керек болсо литрлеп куюууга да даяр.
Данияр болсо Бишкек Даллас аралыгында жашап калды, компания иштерин да таштап коюуга болбойт, жарыкка келүүчү балдарына келечек куруусу керек.
Джозеф муну менен тынган жок, ал эми балдар төрөлгөнчо көзөмөлдө болуусу керек экенин айтып Аянаны коё бербеди. Жада калса үч ай алдын алар төрөлуучу так датасын да атады. Ар дайымкыдай ал бул ирет да сөзүнүн үстүнөн чыгып, аталган датада эгиз балдар Джозефтин лабораториясында жарыкка келишти. Атасы да өзү айткандай аларды жарык жашоодон тосуп алып кубанычтары койнуна батпай жатты. Балдардын ден соолуктары текшерилип баары жайында бир да дарты жок экенин уккандагы жубайлардын кубанычтарында чек жок эле.
Джозеф аларды дароо эле мекенине кайтууга уруксат берип койду.
-Балдар торолгончо балким аба алмаштырбай турган жакшыдыр, деп Аянанын чочулаганына,
-Бул балдар дароо азыр космоско учушса да көнүп кетишет, ар кандай оору вируска каршы турчуу иммунитети бар булардын, деп жооп берди Джозеф.
Ошондой болсо да Аяна дароо кете койгон жок, үч айга чейин ал шаарда калып жашап турууну чечти. Кантсин байкуш, жакшылыкка көп ишенбей калбадыбы, азыр болсо Джозефти пир тутуп андан алыстаса эле бир деме болуп кетчүдөй карайлап кете албай койду. Данияр да жубайынын оюн колдоп алар дагы бир аз убакыт анда калууну көздөп анча алыс эмес жайда мейманканага жайгашып жашап калышты. Арада Джозеф да баттан аларга каттап эгиздерден кабар алып турду. Алардын ата энеси алдындан даярдап жүргөн ысымдарын балдарына ыйгарып, уулун Амир кызын Альмира деп атап коюшкан.
Амир менен Альмира чындыгында эле чыйрак балдардан болушту. Оорумак турсун бир дагы ирет ыйлагандарын көрө алышкан жок ата энеси алардын. Адамга тиктегенде кара көздөрүн чоң ачып жүзүңдү бүтүндөй изилдеп жаткандай көз ирмебей тиктешет. Аяна аларга жалынып айтпаган сөзү калбайт, ошентсе да балдар бир жылмайып коюшпайт. Мунусун ал күйөөсү менен бөлүшүп, кээде ал өз балдарынан коркуп кетээрин айтып ичиндегиси менен болушкондо Данияр келинчегин жооткотуп,
-алар азыр кичине да көздөрү көрүп кулактары ачыла турган боло элек, деп койду.
-Бирок алар мен кайда жылсам карап, көздөрүмо даана тиктеп жатышпайбы.
-Сен ашырып жатасың. Алар кадимки балдардай, бир аз чонойсун көрөсүң кандай жагымдуу жылмайгандарын.
-Алар бир да ирет ыйлашкан жок үч ай ичи.
-Ыйлатып эмне кыласың. Болгону алардын кароосу жакшы, эч жери оорубаса, карды ток болсо эмнеге ыйламак эле, деп ар айткан сөзүнө жооп айтып турду Данияр.
Ал да билет балдары өзгөчө болуп жатканын, бирок ал баарына тик карап туура талдай алып жатат. Жаратылыш жолу менен эмес лабораторияда пайда болгон балдар баары бир озгочолонот да дейт ичинен, бирок үнүн чыгарып келинчегине муну айта албайт. Анте турган болсо Аяна балдардан алыстап өз баласындай көрбөй, куурчактай карап калабы деп күмөндөнөт.
Күйөөсү эмнелерди гана айтып жоошутпасын Аяна баары бир чоочулап жүрөт, кантип эле бир да жолу ыйлабаган бала болсун. Кээде атайылап убакытты өткөрүп да тамактандырып көрдү, анда дале эч өзгөрүш болгон жок. Бирок бул нерсе анын энелик мээримин азайта алган жок, азайта алмак да эмес. Өз канынан жаралган, мончоктой кара көздөрү бар, өзү каалагандай күйөөсүнүн кайраттуу чачтарын белек кылып алган наристелерин сүйбөй кою мүмкүнбу. Балдардын дагы бир өзгөчөлүгү алар эч кыйынчылыксыз эле өз убагында уктап өз убагында ойгонушат, экөө бирдей көздөрүн ачып сүйлөшүп алышкандай.
Джозеф кабар алып келген учурда алар менен чоң адамдай сүйлөшүп жер жана космос тууралуу көп нерселерди сүйлөп кетет. Эгиздер да түшүнүп жаткансып андан көздөрүн албай кунт коюп угушат да сөзсүз баяндын акырында колдорун жогору көтөрүп коюшат.
Данияр канча ирет көп жомокторду айтып берип көрдү, алар Джозефтин баянын уккандай кызыгып угушпайт, ар тарапка карап алаксый беришет. Ал да бүгүн балдарына жакындоо максатында космос тууралуу билгендерин сүйлөп берүүнү чечип, экөөнүн керебетин сүйрөп терезеге жакын алып келип жогору асманга карай кол жансады.
-Кордунорбу, бул мейкиндик. Силер көрүп турган тетиги көк асман өзү жок, ал болгону мейкиндик. Биз жашаган планета жер жана ушундай эле башка планеталар да бул мейкиндикте өз кезеги менен айланып жүрүшөт. Бүт ааламды изилдөө үчүн атайын жер жүзүнүн атынан курулган космос да бар, Силер чоңойгондо ал космоско учуп биздин аалам басып жүргөн жер менен эле чектелбешин көрөсүңор.
Аяна жуунчу бөлмөдөн чыгып келе жатып күйөөсүнүн акыркы сөздөрүн кулагы чалып калды.
-Сен эмнелер деп жатасың, булар азыр ошону тушунмок беле. Джозефти тыя албай жүрсөм сен да ошону баштадынбы. Менин балдарым космоско учпай эле бактылуу болушат, деп сүйлөнүп барып балдардын керебетин сүйрөп ордуна алып келип койду. Эгиздер болсо терезе көрүнбөй калганча баштарын буруп атасы коргозгон мейкиндикке карай беришип, качан көрүнбөй калганда гана адаттагыдай апасын теше тиктеп жатып калышты. Аяна алардын көз карашынан коркуп кетти, кандайдыр муздак анан жек көрүү бар эле аларда азыр. Алдан тая шалдайып керебетке отуруп калды эмне кылаарын билбей. Азыр эгиздер уктайт, аларды кыйналып алпештоонун да кереги жок. Дегеле балдарга апасынын кереги барбы, эч нерсеге муктаж эместей жана да ким кармаса тиктеп алышып үн да чыгарбай кете беришет, бөбөктой болуп апасынын жытын да издешпейт, айтып берген жомогун уккусу да келишпегендей.
Ал кандай кыялданды эле. Бири ыйлап аны караса экинчиси кызганып өзүнө көңүл буруусун талап кылып кошо ыйлайт, мындай учурда Данияры жардамга келип экөөнү араң сооротушуп, ыр ырдап жомок айтып уктатышып, уктап жаткан балдарына карап, алар үчүн чарчагандарына курсант болуп бактылуу болушмак. Альмирасына катуу кол тийгизбей өзү гана жумшак колдору менен кармап дүйнөнү назик коргозуп, назиктикке уйротмок. Амирине атасын мактап, койгон максатына жете билгендерин, коркпос жүрөгү бар экенин, уй булоо жакындарына камкоорлугун айтып, кандай адам болуу керек экенин түшүндүрмөк. Алардын кулкулору үйүн жаңыртып туруш керек эле Аянанын кыялында. Бирок азыр алардын бири жок, бакырайган кара көздөрү жана убак убагында сүт ичкени эле болбосо, балдары куурчактан айырмасы жок.
Жубайынын жүзү озгоруло түшкөнүн көрүп Данияр аста басып келди.
-Баары жакшы болот. Сен алардан көп нерсе кутуп жатасың, бирок балдарыбыз азыр кичине да, эч нерсе түшүнбөйт. Сен бир аз сабырдуу бол. Көрөсүң алар али сенин көңүл буруунду талап кылып чарчатышат.
-Чарчадым, деди Аяна бир чекитти тиктеген калыбында.
-Түшүнөм. Бирок баары өтөт. Бул көп эле жаңы төрөгөн аялдардан болуучу көрүнүш эмеспи.
-Жок тушунбойсун. Сен болгону Джозефтин айткандарын кайталап жатасың. Менде силер айткан көрүнүш жок, баары жакшы. Кеп чурполордо. Сен аларды карабайсынбы, чындап эле эч нерсе байкабай жатасыңбы? Биздин балдарыбыз куурчактай, тирүү балдардай эмес. Мен алардын көз караштарынан коркуп кетем кээде билесинби. Алар менин мээмди антарып жаткандай карашат. Ариетим төрөлгөн күндөн мени тааный алган, башка бирөөнүн колун дароо айырмалап биле алчуу.
-Токтот! деди Данияр жанагы мээримдүү жүзүн башкага алмаштырып. Мындай кылууга акын жок. Балдардан Ариеттин окшотуктарын издебе. Ариет башка Амир, Альмира башка, алар бир бирине окшош болууга милдеттүү эмес.
Азыр алар орун алмашып калышкандай, Данияр Аяна сүйлөөчу сөздөрдү сүйлөп, Аяна жолдошундай ой жүгүртүп жатат.
-Ооба милдеттүү эмес, бирок эгиздер андан башка да эч бир балдарга окшошпойт. Данияр мен коркуп жатам, менин дүйнөм толукталбай эле бошоп жатат күндөн күнгө.
-Сен эмне жер жүзүндөгү бардык балдарды тааныйсынбы? Алар ар кандай болушат.
Аяна жолдошунун ар бир сөзүнөн Джозефти көрүп жатты. Анын Данияры дарыгердин ар бир айткан сөздөрүн кайталап жатат. Аяна эми чындап коркуп кетти. Эми ал Джозефти жаман көрө баштады.
-Данияр, кетеличи. Мен үйүбүзду сагындым. Балким чын эле алыста жүрүп чарчагандырмын, деди жолдошунун колдорун кармап жалооруй.
-Дарыгер эмне дейт экен. А сен андан алыс болсоң эптей аласыңбы?
-Ал эмне демек эле. Эсиндеби, үч ай алдын жаны төрөлгөн мезгилинде эле айткан, кете берсеңер болот, деп. Өзүң деле көрүп турбайсынбы, балдарыбыздын дени карды соо, оорудан коркпой эле койсок болот, а тамактантып тарбия берүүну ансыз да өзүбүз эле жасай алабыз да. Сен жардам бересиң.
Эми ал жолдошун алдоого өттү. Бул жайдан, Джозефтен узак кетпесе балдары биротоло бөтөн болуп калышынан коркот. Ал эле эмес дарыгер күйөөсүнүн акылына да кирип болгон экен.
-Макул, ошентсе да бир сурап көрөлү.
-Туура айтасың, коштошуп да кетүүбуз керек эмеспи. Эртең өзүбүз барып келели өзүнүн келишин күтпөй.
Аяна ичиндеги бурганакты кандай күч менен басып, күйөөсүнө жумшак сүйлөп жатканын өзү да билбейт. Эгер эле ал бурганакты сыртка коё берсе, Данияр аны төрөттөн кийинки зеригууго чыгарып коёру анык. Джозеф анын кулагына абдан жакшы куюп улгуруптур, абал кудум ушундай болушу мүмкүн экенин көп жолу айтса керек. Эми чындап Аяна кооптоно баштады. "Эмне эгер дарыгер анын балдарына бир деме жасаган болсо, өзүнүн башындагы оорулуу ойлорун ишке ашыруу үчүн так ушул эгиздерди колдонгон болсо". Өз ойлорунан өзү коркуп кетти.
-Учакка чыпта айттырасынбы, же мен карай берейинби? деди ойлорунан алаксый.
- Биринчи дарыгердин уруксатын алалы. Чыпта алуу кыйынга турбайт го.
-Макул, андай болсо жардамдаш. Амирчикти кийиндире бер мен Альмирага карайын, өзүң да даяр бол батыраак. Азыр эле барабыз дарыгерге.
-Бирок биз ага кабар да берген жокпуз, ал биз каалаган эле убакта кабыл ала албайт да.
-Данияр! Өзүнө кел! Качан эле сен бирөөнүн убактысына, каалоосуна карап жашачу элең. Кааласан өзүн ушул жерде калып дарыгерди угуп жашай бер, мен кетем, сен кааласан да каалабасан да. Мени күч менен бул жерде эч ким кармап тура албайт, балдарым меники, дарыгерден уруксат суроого мажбур эмесмин мен. Өз балдарым үчүн өзүм жооп берем!
Аянанын чыдамы түгөндү көрүнөт, акыры тамагында тыгылып турган кыйкырыкты сыртка чыгарып алды. Анын көздөрүндөгу өзүнө тааныш чечкиндүүлүкту көргөндө жолдошу макул болбоого аргасыз экенин түшүндү, мындай учурда жакшысы жубайынын каршысына чыкпаш керек экенин Даниярдан жакшы билген адам болбос. Келинчегине жетип келип башын өзүнүн мурусуно жөлөп, эркелете баштады.
-Макул асылым, макул. Сен көптөн бери ата энеңди көрө элексин, аларды да сагынган чыгаарсын. Кетсе кетели.
-Сагындым. Мен аларды аябай сагындым, деп бышактап ыйлап алды Аяна. Ал эми жолдошу экөө эч качан тил табыша албай тургандай сезип жаткан.
-Бирок Джозефке учурап кетпесек болбойт. Жо - жок уруксат сурап эмес, алкышыбызды айтып.
-Ыхы, ал күйөөсүнүн мурусуно жөлөнгон абалында башын ийкегиледи.
-Мен даяр элемин, балдарды кийиндирип турам, сен өзүңдү даярдай бер, бүгүн болсо бүгүн барабыз.
Күйөөсүнүн али толук темир кишиге айланып Джозефтин буйругун күтүп жашап калбаганына кубана анын айткандарына макул болуп дароо даярдана баштады.
Алар короодон кирип Джозефтин азыркы тапта бош эмес экенин угушканда аны күтө турууну туура көрүп, өздөрү жашап кеткен эки кабаттуу чакан үйгө карай бет алышты. Анда өткөргөн бактылуу мүнөтторду, күтүү учурунда өткөргөн бактылуу күндөрүн эске түшүрүп, биротоло ал үй менен коштошо кетүүнү туура көрүшүп.
Ал жай азыр бош эмес экен, учурдагы бакыт издеп келген жубайлар жайгашып жашап жатышыптыр. Алар да алыстан келген болушу керек ырас мында жайланышкан болсо, деп аларды көрө кеткилери келди.
Чындап эле жаны жашоочулар Италиядан келген коноктор экен, бир бирине куп жарашкан түгөйлөр. Алар азыр эле Джозефтен чыгышкандарын, эгиз күтүп жатышкандарын кабарлашып, Амир менен Альмирага суктанып карап жатышты.
-Биздин да балдарыбыз ушундай ширинтайлардан болушат. А баса силер да дарыгердин акыркы ачылышын колдонуп көрүүнү чечтинерби? Балдардын көздөрү акылдуу карашат экен.
-Кандай ачылыш? деди Аяна жылмайып, кооптонгонун жашырууга аракет жасап.
Ал жообун алганга улгурбой Джозеф кирип келди.

#11 11 Май 2020 - 20:11
-Силер мында беленер. Келди деп угуп короону карап таппай калдым. Тынч элеби? жургуло короодо сүйлөшөлү. Менин убактым аз, деп саатына карап эшикке карай кол жансады.
Аяна жаңы таанышкан Италиялык аялга карап, кылчактап жатып аргасыз сыртка карай жөнөдү. Анын акылында "Эмне болгон ачылыш, кандай көз караш?" деген суроолор кайталанып жаткан. "Демек менде төрөттөн кийинки зеригуу болуп жаткан жок, менин балдарым чын эле өзгөчө. Биринчи эле көргөн адамдар байкап жатышкан болсо, демек алардын көз карашы чынында башкача".
Джозеф жанатан бери балдарынан көзүн албай карап, ортодогу сөзгө кошулбай турган Аянага карап кыжаалаттана түштү. "Булардын жолугушуп калганы жакшы болбоду, эмнелерди сүйлөшүүгө улгурушту болду экен" деп ойлоно аны сөзгө тартты.
-Аяна айым сизди кыжаалатка койгон маселе барбы?
-А, жок, деп чочуп жооп берди Аяна, кутулбостон берилген суроого.
-Мекенди сагынып жүрөт, деп анын ордуна Данияр жооп бере салды.
-Албетте, түшүнөм. Мынча убакыт мекенден алыс жүрүү кыйын. Сиздер каалаган убактыныздарда каалаган жайда боло аласыздар да, акча тартыш эмес.
Ал Даниярга карады.
-Жок албетте, маселе акчада эмес, балдардын ден соолугу кандай болот деп жатканбыз.
-Балдардын ден соолугу эң мыкты. Айтпадымбы бизге жукчуу анча мынча илдеттер аларга жакындабайт. Камсанабай каалаган жайынарга бара берсеңер болот.
Бул сөздөргө Аянадан өтүп Данияр абдан кубанды. А Аяна болсо башкача жооп алса да бул жайдан кетээринен кумондонбогон, анын оюнун баары жанагы италиялык аялдын айткан сөздөрүндө болуп жатты.
-Мен сиздердин мекенди изилдеп жатып кызыгып калдым, балким барып калсам эгиздерге сөзсүз учурайм.
-А албетте, биз сизге ар дайым кубанычтабыз, рахмат баарына, деп кол алыша учурашып коштошту Данияр дарыгер менен.
Джозеф аларды дарбазадан чыгарганча коштоп келип, качан гана алар таксиге отуруп кетишкенде артка карай жөнөдү. Ал эмнегедир түгөйлөрдүн мында келгендерин жактырбагандай түрдө эле.
Аянада үйгө кайтып кирип, аялга берилген суроосунун жообун алганга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Дарыгерге бир да ооз сөз айтып, жакшылыктуу коштошпой койгон келинчегинин кылганын жакшы түшүнө албай баратты Данияр.
-Сага эмне болгон? Джозефти жаман акыбалда калтырдын, коштошуп койсоң болмок.
-Жок сен уктун да тиги аялдын эмне дегенин. Көз караштары башкача экен деди. Кандай ачылышты айтып жатты ал?
-Аяна берекем, дагы баштадынбы. Ал айта берет да. Өзү бир да төрөп көрбөсө кайдан билсин бала кандай болоорун.
-Менчи, мен төрөп көргөнмүн да.
-Кудай жалгагыр, болду кылчы ушул сөздөрүндү. Балдарыбыз Ариетке окшош болбойт деп айткан ким эле, булардан анын окшоштугун издей бербечи. Келе мага бер, деп анын колунда апасынан көзүн албай карап жаткан кызын алып эки баласын эркелетип баштады.
-Мен силерди жакшы көрөм, кандай болсоңор да жакшы көрөм. Жашоом силерге садага.
Аяна аларга жат адамдай гана карап отурду.
Аңгыча алар мейманканага жетип келишип, такси менен эсептешип түшүп баратышкан, али да ордунан кыймылдабай отурган Аянага карап айдоочу,
-Сиз бобоктор менен кыйналып калдыңызбы, түшүнөм. Менин да жубайым төрөттөн кийин ушундай абалда болгон. Убайым тартпан, алар бат эле чоңоюп калышат, анан бир аз эс ала түшөсүз, деди.
Ал кайдан билсин Аянанын ички дартын, күйөөсү экөө кыргызча сүйлөп баратканга түшүнбөй башкача ойлоп калган тура.
Аяна ок айткандай унаадан түшө качты, кудум бирөө кармап кала тургандай. "Бул шаарда эмне баары эле ушундай адамдарбы, дубаланган сымал бир эле сөздү сүйлөшөт" , деген ойдо ал эми чындап бат кайтууну каалап кетти.
Бөлмөгө кирип да өзүнө келе албай аркы терки баса берди. "Силер да дарыгердин акыркы ачылышын колдонуп көрүүнү чечтинерби" ушул сөздөр мээсинде жаңырып тынчтык бербей койду.
-Ооба, ошондой биз силерди абдан кутконбуз. Апанар азыр бир аз кыйналып турат, бирок ал силерди менден да катуу жакшы көрөт.
Аянанын кулагы бул сөздөрдү чалып калды.
Данияр балдарын керебетке жактырып алып эркелетип жаткан экен, эгиздер бир бирин карап алып кыткылыктап күлүп жатышат.
Аяна кандай аларга жетип келгенин билбейт, чындап эле анын бөбөктору күлүп жатыптыр, биринчи ирет. Ал ыйлап жиберди.
-Айтпадымбы, алар кичине деп. Мына эми алар күлгөнго да жарап калышты. Карачы кандай ширин балдарыбыз бар.
Күйөөсү тура калып анын далысынан сылап чачтарынан сүйдү.
Аяна керебетте бири бирин карап жыргап ойноп жаткан балдарын алмак салмак опкулоп энелик бакытка балкып жатты.
-Мен силерди жакшы көрөм. Жанымдан артык жакшы көрөм.
Ошол эле күнү учакка чыпта алып эртеси учуп кетишти.
Мына эми алар өз мекенинде. Джозефтен, Аянаны кыжаалатка бөлөп тумчуктурган шаардан узакта. Даллас албетте дүйнөгө атагы чыккан шаар, андагы жашаган адамдар Американын башка шаарларына салыштырмалуу бай жана билимдүү, интелегенттердин шаары деп койсо болот. Бирок Аяна үчүн ал жай акыркы убактарда түрмөдөй туюлуп, анда жашаган адамдар бирдей ойлонгон желим адамдардай сезилип баштаган. "Чынында эле алардын өз алдынча ойлонуу мүмкүнчүлүгү жоктой, кайсыл адис эмне айтса ошол гана сызыкта жүрүшөт экен, эгер дарыгер соо адамды өлөсүн десе өлүп деле кала турган акыбалда болушат. Эгер ал адамдарды биздин өлкөгө алып келип таштап койсо жашап кетүүлору кыйын болсо керек" деп ойлоп койду Аяна. "Ананчы, өзүң каалагандай жаша, өз жаныңды өзүн бак, жумушу жок болсоң эч ким сага утурумдук жашооно акча бербейт, дешсе эмне кылышат. Анан да кимдин сөзүн угушту билбей баштары катышмак. Мыйзамды угайын деп келе жатса алдынан чыккан бирөө, айта берет бас бул жакка деп сүйрөп кетсе кантишет. Алар деген бир тараптуу башкарууга көнгөн жана адистердин айткандарын так аткарып жашаганга үйрөнгөн калк да. Жоок, алар биздин жашоого үйрөнө алышмак эмес" деген тыянакка келди Аяна. Ал алдын да чет өлкөлөрдө жашап келген эле, бирок ал учурда жаш болгонгобу көп нерселерге көңүл болбоптур. Ал эми кийинки сапарлары саякат болгон, саякаттап бир эки апта болгон башка, көп убакытка калып жашаган башка тура.
Унаада, аэропорттон үйүн көздөй бараткан жолдо ушуларды ойлоп баратты, өз мекенинин таза абасынан кере- кере дем алып. Алдында өзүн тиктеп келе жаткан кызын улам жүзүнөн сүйүп, атасынын колунда олтурган уулунун башынан сылап коёт. Эми ал такыр башкача жашоо баштайт оюнда, артта эмне болгондордун баарын унутуп, эч кимден көз каранды болбой өз балдарына өзү каалагандай тарбия берет. Оюна койсо Джозеф деген атты жашоосунан чийип жолдошунун акылынан да өчүрүп койгусу келет. Бирок ушул учурда ал билбеди дарыгерди эмне себептен жаман көрүп жатканын, жөн гана тую сезимдери аны ушундай ойго түртүп жаткан. Эгер бир убакта Джозефти жер кыдырып издеп калаарын билсе эмне кылмак эле? Анда деле сезимдери өзгөрмөк эместир балким…

#12 11 Май 2020 - 20:59
Кызыл Димедра айым,
Бул чыгарма чынга жакын болду бекен?
Аябай кызыгып жатам!
Бул чыгарма чынга жакын болду бекен?
Аябай кызыгып жатам!
#13 16 Май 2020 - 15:24
Жубайлар кубанычын бөлүшүү үчүн жакындарын чакырып, эгиздер менен мактанып жатышты. Тай энеси менен тай атасы аларды айрыкча жакшы көрүштү, колдорунан түшүрбөй көтөрүшүп.
-Сен азаматсын!
-Балдарын бакыттуу болсун! деген каалоо тилектер туш тараптан жаап, жада калса эгиздер да кубанычтуудай жакшы маанайда болуп жатышты. Бир гана алар канча узакта болушса да бир биринен көз албай карап турушкандары өзгөчө туюлбаса. Аяна мындан ары алардын мындай өзгөчөлүктөрүно көңүл бурбоону чечти. "Эмне болуптур, Ооба менин балдарым өзгөчө" деп тан алды өзүнө. Чындап эле кадимкидей женилдей түштү, кыйналткан миң түркүн санаалардан бир заматта арылып. Негизгиси алар күлүп жатышпайбы, демек куурчак эмес тирүү жандар.
Күндөр өтүп жашоо кадимкидей уланып жатты бул үй бүлөөдө. Өз үйүнүн дубалы дарылайт дегендей Аянанын кайгы капасын да дубалдар жууп кеткенге окшойт. Бир гана кыйынчылык балдарды карашканга келген жардамчылар көпкө кармалбай жатышты. Данияр кечке жумушта болгондуктан үй жумушу да балдарды кароо да жалгыз Аянага калып жаткандыгына байланыштуу жардамчы алып жатышкан, эмнегедир алар көпкө кармалбай ар себептер менен бат эле бошоп кетишет. Бир гана Аянанын апасы келип жардам берип, эгиздерди таза абада эки сааттан ойнотуп келет күнүнө Аянага өзү үчүн убакыт болуусуно шарт түзүп. Калган учурда өзү эле карай турган болду, балдары ыйлаак болбогон соң.
-Кызым, деди бир күнү апасы Аянага. Балдардын басканын эмне мага кабарлабадын?
-Апа кайдагыны айтпачы, алар али кичине да басканга, эми алты айга толбодубу.
-Жүрү, деди колунан жетелей эгиздердин бөлмөсүнө карап.
Каалга ачык турган, алар келгенде эгиздер желим оюнчуктарды тиштеп жерде томолонуп гана ойноп жатышыптыр. Тайэнеси отура калып келекелеп колдорун ойноутуп көрдү эле алар карап да коюшкан жок.
-Азыр эле өз көздөрүм менен көрдүм, алар жүгүрүп жатышкан. Болгондо да буттарынын уучтары менен басышат экен.
-Кайдагыны айтпачы апа. Кантип эле өз балдарымдын басып калганын байкабай калмак элем, деп таарына кетти Аяна.
Апасы кызынын кабатырланган жүзүн көрүп андан ары сөзүн улабай эле коюну чечти.
-Балким мен алардын батыраак эле жүрүшүн каалап жаткандырмын, деп тим болуп.
Бирок ошол күндөн тарта ал неберелерин эки саат гана ойнотпой, керээли кечке Данияр жумуштан келгенче кызынын жанында кала турган болду. Качан күйөө баласы кирип келгенде гана айдоочусун чакыртып үйүнө кетет. Бул көрүнүш Аянага жагып жатканы менен апасын аяйт.
-Апа сиз бара бериңиз, мен өзүм эле улгуром баарына, балдарым ыйлаак эмес го, деди бир күн.
-Мен да неберелеримдин жанында болгум келет, муну көп корбочу тайэне үчүн.
-Жок албетте, болгону сиз чарчап калып жатасыз го дегеним, атама да жакпай жаткандыр.
-кайдагы чарчаганды айтасың, балдар эстүү эмеспи чарчатышпайт. Анан ансыз да атаң керээли кечке жумушта, мен үйдө жалгыз олтургандан көрө силердин жанынарда болоюн.
-Байкем үйлөнөйүн дебейби? Аяна эми апасына чындап боор тарта сүйлөдү.
-Таң ай, же атасы менен жакшы сүйлөшпөйт же мени менен. Баса атаң Данияр менен сүйлөшөм деп жаткан, эки компанияны бириктирүү жөнүндө. Байкене тапшыруудан чочуп турат, ушунча жыл кылган мээнетим заматта сапырылып калат деп. Билесиң да уулум ал нерсеге кызыкпайт.
Аяна качан укса да апасы уулун ушинтип коёт. Байкеси жакшы, аябай ак көңүл, күлкүлү окуяларды көп билет, бирок жашоого да ошондой жеңил гана көз карашта карап эч нерсеге толук токтоло албайт.
-Ал ынабайт го дейм. Менимче атам өзү иштеткени жакшы, Данияр ансыз да көп иштеп чарчап калып жатат. Балким эгиздерим бир аз чонойсо мен жардамдашаармын атама, деп күлүп койду айткан сөзүнө өзү да көп ишене бербей.
-Атаң уксабы бул сөздөрдү, өзү эле келип чоңойтуп коймок балдарды. Ал сени компания жетекчиси катары элестеткенден эле канча ырахат алат.
Алар кызуу сүйлөшүп олтурган учурда Данияр кирип келди.
-Бизде кандай талкуу? Апа жакшы отурасызбы, чарчабадынызбы, деп жылуу саламдашып.
-Жөн эле кобурашып отурганбыз, жакшы келип алдынбы балам. Мен барайын эми деп жөнөп калды апасы.
Кайненесин узатып унаага салып коюп сыртта бир аз ойлонуп туруп калды Данияр. Ал үчүн да бул көрүнүш табышмак болуп жаткан. Ал Данияр келээри менен дароо жөнөйт, шашылып жатканы көрүнүп эле турат, ошого карабай Даниярдын келишин күтөт. Кызын жалгыз калтырбоону ойлоп жатканы түшүнүктүү болду, бирок эмне үчүн? Же Аяна дагы өзүн башкача ала баштаганбы, анысын апасы байкап калды бекен, бирок Даниярга андай сезилбей эле, жубайы кадимкисиндей эле жүрөт. Эмне болсо да Аянага жардамчы алып кайненесинин көңүлүн тынчтандырбаса байкуш эне да кызынан кыжаалат болуп жаткандыр, мындайын өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланганы жарабайт. Кийин келинчеги да жалгыз зеригип апасынын калуусун суранып жүргөнгө окшойт, батыраак маселени чечпесе болбойт." Ушуларды ойлоп жогору балдарынын бөлмөсүнүн терезесине карап, көргөн көздөрүнө ишенбей катып туруп калды. Терезе чоң дубал бою менен бир болгонго ал ичкериде экөөнүн кубалашып жүргөнүн көрүп калган эле.
-Аяна! деп жубайын чакырды.
Эмне болуп кетти деп жүгүрүп чыга калган жубайы ал караган тарапты карап, эч нерсе түшүнө алган жок.
-Эмне болду?
-Менден жашырган эмне сырын бар? Ал күлө карады келинчегине.
-Кандай сыр. А апам атамдын айтканын жеткирдиби?
-Атам эмне дептир?
-Сени эки компанияны бирдей башкарууга татыктуу дептир. Эгер сен анын кымбаты болгон кызын алган болсоң ага тиешелүүсүн кошо ал деп жатса керек.
-Жок! Данияр дароо терс жооп узата салды. Байкем бар эмеспи, ал киши менен эң жакшы шериктеш болуп иштеше алабыз. Кийин атам али да алдуу күчтүү, андай чоң компанияны бир гана ал адам башкара алат.
-Мен да айттым. Атамды билесиң да, байкемди эмес мени ал орунга даярдаган, эми аргасы кетип турса керек. Кызынын күйөөгө чыгып кетээрин билсе да даярданбаганга окшойт, деп күйөөсүнүн алдына келип эркелей кетти.
-Сен иштегин келеби? Данияр да эркелете сурады.
-Азыр кайдагы жумуш, балдарыбыз али кичине.
-Жок, алар чуркап журушпойбу, демек бала кароочу алсак болот, бирөө жалгыз улгурбойм десе экөөнү алабыз. А баса сен эмне үчүн муну мага айтпадын дейин дегем.
-Эмнени? Аяна жолдошунун сөзүн укпай калгандай чочуп сурады.
-эгиздердин жүгүрүп калгандарын.
-апам сага да айттыбы, жөн эле алардын басып жүргөндөрүн көп элестетип алганга көзүнө ошондой көрүнүп кетсе керек.
-Апам билеби?
-а сага ким айтты?
-өзүм көрдүм, ошону сага көргөзмөкко чакыргам.
Аяна да жогоруну карап, бирок балдарын терезеге жакын жайдан көрө албады.
Данияр келинчегинин жүзүнүнон коркууну да ачуусун да көрүп, анын мындан кабары жок деп түшүндү. "Бирок кантип? Алар жүгүрүп калганча байкабай калабы? Бала деген биринчи там-тун кадам шилтейт да", деген ойлорду чубултуп, бирок суроого батынбай турду. Жо-ок келинчегин балдарын жакшы карабайт дегенден алыс, тескерисинче бүт көңүлү аларда, балдары да муну билип алса керек, келген жардамчыларга көнбөй жатышкан болсо. Тай энеси гана ашыкча мээрим төгүп алардын жанында.
Балким ата энесинин каалаганы да ушул беле.
-Жүрү киреличи, деп аялына карабай эле өзү биринчи үйгө кирип кетти. Эки кадам эле артта келе жаткан Аяна балдарынын болмосунун босогосуна жетейин дегенде токтоп калды. Данияр босогодо, кел-келдеп колдору менен балдарын өзүнө чакырып отура калган.

#14 16 Май 2020 - 22:06
Аяна өзү да билбейт эмнеден коркуп жатканын. Качан гана Данияр ичкери кирип кеткенде уурдана басып артынан кирип келсе эгиздер бейкапар килемдин үстүндө оонап ойноп жатышкан экен, атасына карап да коюшкан жок. Аяна кирип келгенде гана оюндарынан алаксып апасына карай талпына беришти. Экөөнү бирдей алдына ала отуруп, алмак салмак моюндарынан жыттап жатты, көздөрүнөн жаш да таамп кеткен. Бул анын балдарына болгон ыраазычылыгы болсо керек, коркунучун актабай, көңүлүн жайгаргандары үчүн.
Данияр бул жөнүндө эмне ойлоорун билбей, калды. "Чын эле ал адашып көрүп алдыбы." Жубайынын жанына отура калып балдарын эркелетип жатып ушинтип ойлоп койду.
Жумуш менен болуп жүрүп ал күндү да унутуп калган эле, бир күн жумушун эртерээк бүтүрүп үйгө келсе экинчи кабатта бактылуу үндөр жаңырып жатыптыр.
-Кана-кана бери келчи. Ох! жарыгым менин.
Бул даана кайненесинин доошу.
Эмне болуп жатканынана кызыгып жогору карай жүгүрүп чыгып келип, Амирди кучактап жыргап жаткан жубайын көрдү босогодо. Уулу да кыткылыктап күлүп жатыптыр.
-Атасы, карачы Амирчигибиз биринчи кадамдарын таштап калды, деди ал босогодо мостоюп ичкери кирбей туруп калган Даниярга карап.
-Кана уулум атаңа барчы, колунан жетелеп басып койчу.
Амир да тил алчаак бала болуп там тун басып келип атасынын бутунан кучактап туруп калды. Данияр болсо эңкейип уулун жерден ала коюп,
-Айтпадымбы мен. Менин уулум басып жүрөт дебедимби, деп аны бийик көтөрүп айлантып жыргап жатты.
Аны карап турган кайненеси жылмайып жаткан ууртун жыя, мостоюп тиктеп калды.
-Болду кой эми атасы, баланын башы айланып кетет, деп колунан ала жерге коюп
- Кана уулум, карындашына барчы, деди Аяна апасынын колунда турган Альмирага каратып.
Амир бул ирет да элпек кыймылдап тай энесине карай барып Альмираны колунан тарта баштаганда баары кыймылсыз тиктеп калышты. Бирок Альмира бул ирет алардын күтүүсүн актаган жок, Амирди ээрчибей кыткылыктап тай энесине жабышып калды.
Амир болсо кичине колдору менен оозун жаап ары бери басып жатты чарчабай.
-Карачы апа басып алганына мактанып жатат уулум. Ооба уулум сен чын эле азаматсын, мындай куракта басуу чоң жетишкендик, деп мактап да мактанып да жатты Аяна. -Эми Альмирам да бат эле басат, Амирчикти көрүп ал да кадам шилтейт, деп апасынын колунда турган кызына да жалынып койду. Ал дегеле эгиздерди бирдей мактап, бирдей сүйүп турат, атаандаш болушпасын деп.
Апасы кызын колдоп, неберелерин сүйүп жыргап олтурганы менен оюнун баары күйөө баласынын айткан сөзүндө болуп жатты. "Ал да мен көргөндү көргөн, антпесе кайдан айтмак уулум басып жүрөт деп. Демек мен жаңылыш көрбөгөм. Бөбөктор эми гана эмес көп убакыттар алдын аякка турушкан. Эмне себептен алар муну бизге, чондорго коргозгусу келишкен жок. Жашыруу акылына келгидей куракка жете элек да булар. Деги эле эгиздер башкача… " оюн ушул жерден токтотту, мындан ары ойлонууга өзүнө тыю салды, ар дайым ушинтет. Ар күн эки сааттан таза абада сейилдеп жүргөн учурунда да эгиздер өзгөчөлүгүн көргөзушот, көк асмандан көздөрүн албай карап жата беришет. Алардын башка жаш балдарды жактыра беришпегенин байкаган күндөн тарта, коляска сүйрөгөндордон ыраак жүрүп калган, алар неберелери тууралуу жаман сөз айтып коюшпасын дегенсип. Бирок булардын бирин да кызы Аянага же күйөө баласына айта алган жок, ал тургай аларды өзгөчө деп ойлонууга өзүнө тыю салган. Адам ар кандай болууга акылуу, башканы жактырбаса өз эрктери, анан калса неберелерим али өтө эле кичине дагы канча өзгөрөт, дегеле кандай болушса да менин неберелерим, мен аларды жакшы көрүшүмо эч нерсе тоскоол боло албайт деп тим болот.
-Мен барайын балам, деп ордунан турду апасы.
Жаңыдан ордунан козголуп келе жаткан кызын токтотту.
-Сен отура бер, мен эмне жолду таппай калмак белем.
-Макул апа жакшы барын, атама салам айтыныз, деп коштошуп кала берди Аяна.
Чынында апасы күйөө баласы менен сүйлөшкүсү келген. Данияр да муну түшүнүп койгондой ыкчам ордунан туруп жол баштап жөнөп калды.
Эшикке чыгып жогору карап балдарын жетелеп турган Аянага кол булгалап дагы бир ирет коштошуп коюп дарбазага карай басты. Качан гана сөздөр угулбай калган жерге жеткенде,
-Сен жана эмне дедин балам, деди.
Данияр ал айтканын эчаак унуткан, балдарынын кыялына балкып отуруп.
-Эмнени?
-Менин балам басып жүрөт дегендей болдунбу?
Данияр өткөндө болгон окуясын айтып берип күлүп койду.
-Жаңылыш көрүп алганга окшойм, деп кошумчалап. Антпесе азыр Альмира да басып кетмек да.
-Ошондой болдубу? Ооба десең жаңылышка окшойт.
Данияр оозун ачып сүйлөөгө камынып жатканда,
-Жакшы тур балам, балдардан көзүңдү алба, алар сага аманат, деп далысынан таптап коюп алдына келип күтүп калган унаага отуруп узап кетти.
Данияр кайненеси отуруп кеткен унаанын артынан бир кыйла көрүнбөй калганча карап туруп кийин үйгө карай басты. "Анык бир демени айткысы келген, же менден уккусу келдиби. Эмне жашырганы болду экен" деп кирип келе жатып жогорудан эгиздерди эки жагына жетелеп өзүнө карап турган жубайына көзү түштү. Алар кудум китепте сүрөттөлгөндөй кооз тизилип турушкан, ушул сүрөт өзүнө таандык экенин эстегенде кубанычтан жүрөгү жарылайын жаздады анын. Терезеге карап, андан эч көзүн алып кете албай турду. " Ушул боюнча эле кучагына батырып алса кантет, анан эч коё бербесе. Ооба азыр так ушундай кылат".
Атасы жүгүрүп экинчи кабатка көтөрүлгөнчо анын кубанычтары алдын торой келе жатышкан. Амир Альмираны жетелеп босогого жете берген, апасы аларды ар кандай кокустуктардан аркалап артынан келе жатат.
-Менин жашоомдун маныздары! Кубанычым, байлыгым, бакыттарым, деп жалынып келип балдарын кучагына ороп калды Данияр.
Аяна да алардын катарына кошулуп, тегерек болуп эң бактылуу үй бүлөөнүн сүрөтүн тартып отуруп калышты.
-Данияр, деди Аяна балдарды уктатып болуп өз бөлмөлөрүно киргенде. Мен сенден бир нерсе суранайынчы. Джозеф тууралуу балдар эч нерсе билбештери керек, кантип жаралгандары тууралуу да.
Аяна башын көтөрүп күйөөсүнүн көздөрүнө тигилди.
-Бирок…
Данияр оюн толук айта албай такала түштү.
-Эмне бирок?
-Джозеф билет да. Биз тууралуу баарын билет.
-Сен ал келет деп ойлойсуңбу? Эмне себептен ал келүүсү мүмкүн?
Данияр көздөрүн ала качты.
-Джозеф Кыргызстанга келемин деп жатпады беле ошону айтам.
Аяна андан көзүн албай бир кыйла карап турду да,
-демек ал бизди таппай тургандай кыл, деди.
Экөө бирин бири жакшы эле түшүнүшкөндөй болушту окшойт, сөз сүйлөп убада беришпестен төшөккө барып жатып калышты.

#15 17 Май 2020 - 23:20
Эгиздер короодо, үйдө эркин басып жүрүшкөнү менен көчөгө чыкканда жерге коё беришпейт. Конок келген убакта да аларды көбүнчө колдорунан тушурбой кармап же өз бөлмөлөрүнон чыгарбай турган болду Аяна. Бирөөнүн көзүндө , бирөөнүн сөзүндө бар деп бөбөкторду аярлап жатышкандары эле бул. Албетте алты айында баса калуу катардагы эле көрүнүштөрдөн эмес. Эгиздер да так ушуну каалшкандай,
экөө гана калган учур жагат аларга. Эч ким түшүнбөгөн бала тилинде суйлошушуп,
кыткылыктап күлүп жыргашат. Бөлмөгө башка адам баш багаары менен алардын оюну да күлкүсү да токтойт, кирип келген адамды баштан аяк сыдыра карап көздөрүнөн көзүн албай тиктеп тура беришет. Данияр болсо аларды күнүнө эки маал гана көрөт, жумуштан башы чыкпай жүрүп.
Убакыт деген учкан куш, эч ким аны кармап тура албайт. Айрыкча жаш бала жашаган үйдө күн менен түндүн айырмасы жок зымырап биринин артынан экинчиси алмашып өтө берет. Бул үй бүлөө да адаттан тыш калган жок. Эгиздер жарык дүйнөгө келип жашап коюшкандарына жыл айланып алар алгачкы туулган күн белгилөөгө да жарап калышты. Эмне болсо да бул күндү Аяна жөн эле өткөрүп коё алмак эмес. Анда аларды жакындары түшүнбөй калышмак, эгиздерин тун уулу Ариетинен кем жакшы көрүшөт деп ойлоп калышпайбы. А чынында андай эмес, эгиздерди алар өтө жакшы көрүшөт. Ошондуктан Аяна күн мурунтан алардын туулган күнүн белгилөө үчүн даярданып көп адамды конокко чакырган. Болгон өзгөчөлүк алар бул ирет өздөрү жашаган үйгө эмес шаар ичиндеги конок үйлөрүнүн биринде майрамдай турган болушту. Мындан үч ай алдын алар мурунку жашап жаткан жайларын алмаштырып жаңы жайга көчүп кетишкен. Ал жаңы конушун саналуу гана адамдар билишпесе башкаларга жарыя кылбоону туура көрүшкөн, жада калса Аянанын бир тууган агасы да ал даректен кабарсыз. Себеби өздөрүнө белгилүү.
Мына азыр ижарага алынган конок үйдүн чоң залында жасалган швед столунун тегерегинде алыс жакын деген санаалаштар чогулган. Мындагы коноктор бири бирин биринчи ирет көрүп турушкан жок, жок эле дегенде акыркы алты жылдын ичинде бир жолудан корушушкон, бул үй булоонун тун уулу Ариеттин туулган күндөрүндө. Адаттагыдай эле жаш балдары менен бирге келгендер да бар. Аларды да унутушкан эмес, атайын балдарга арнап оюн залын да уюштурган Аяна, бала кароо үчүн атайын эки жардамчы чакырып. Андыктан чондор аларга алаксыбай өздөрүнчө кобурашып, экиден үчтөн болуп чогула калышып кээ бирлери өз маселелерин чечишсе, кээлери бул күндүн өзгөчөлүгүн айтып таңданып жатышты.
-Мен ар дайымкыдай өз үйүндө жасайт го дегем Даниярды бул кечени.
-Алар жай которушту деп жатышкан, балким жакшы жайланыша электир.
-Ата конушун алмаштырып жибердиби?
-Ошондой. А балким ата конушун да сактап калгандыр. Данияр үчүн эмне жаңы конуш сатып алуу кеп жаратмак беле?
-Мм, ошондой де. Албетте азыр Даниярдын ити чөп жеп жаткан учур да. Тигиндей бакыйган кайын атасы турганда ал үчүн дегеле эч нерсе кеп эмес. Чынында Данияр акылдуу жан экен, жакында эки бакыйган компанияны бириктирип башкарганы жатса керек.
-Эмне дегин келип турат?
-Кайын атасын айтам, өз уулуна караганда күйөө баласы менен бирге жүргөнүн көбүрөөк көрүүгө болот. Уулу атасынын жумуштарына аралашпайт дешет. Демек азыр Данияр эң күчтүү мураскер. Ал үчүн жада калса башка бирөөнүн балдарын да бооруна кысып отурат.
-Түшүнбөдум.
-Тиги эгиз балдар өзүнүкү деп ойлойсуңбу? Көп жылдар балалуу боло албай жүрүп эле бирден эгиз балалуу боло калмак беле. Жылдап жоголуп көтөрүп келген балдары, кийин дароо жер которуусу сага таң калычтуу туюлбай элеби? деди колундагы бошогон шампандын идишин столго коюп жатып, жашы кырктарга барып калган мойлочон арык узун киши.
Анын маектеши болгон боз костюмчан кырдаач мурун сулууча келген адам оозун ачып сүйлөөгө улгурбой калды, мойлочон анын артындагы адамга баш ийкеп ал тарапка жылып кеткен.
"Чын эле ойлоно турчуу маселе экен" деген сулучумак келген киши балдар жүргөн тарапты карап ойлонуп туруп калды. Ал убагында белгилүү телерадио компанияны жетектеп турган, убактылуу ал чөйрөдөн алыс болсо да, көнүп калган адаты боюнча кызыктуу маалыматты кулак сыртынан кетире койбогон Жеңиш эле.
Туулган күн аягына чыгып баратканда тай атасы неберелерин алып келүүсүн сурады, коноктордон бата тилеп алкыш алууга. Эгиздерге келген Аяна ойноп жаткан балдардын арасынан аларды таппай калды. Аларды карап жаткан кыздар, азыр эле ушунда жүрүшкондорун айтып, заматта көздөн кайым болгондордуна таң калып ийин куушуруп туруп беришти. Ал дароо ары бери жүгүрүп балдарын издей баштаган, бирок эч кайда корунушпойт. Аңгыча жубайын жоктоп келе калган Данияр да издөөгө кошулду. Балдардын жок экенин уккан коноктор да бирге издеп, баары жапырт бала кароочу кыздарды тилдеп жатышты. Бир гана Аяна башкаларга кошула алган жок. Ал билип эле турат, кеп кыздарда эмес, алардын ордунда ким болбосун эгиздердин ойлогонун аткарууга тоскоол боло алмак эмес. Бир гана Жеңиш издгендердин арасында жок, анын өңү бозоруп көздөрү ичке тартып арыдан келе жатканын көргөн Данияр жанына жетип келди.
-Сага эмне болду?
-Алар экинчи кабатка чыгып бараткан, бирок алар жарым жолдо көз ирмемче аралыкта жок болуп кетишти. Мен- мен… деп сөзүнүн аягына чыкканча болбой Данияр экинчи кабатка карай жүгүрүп кетти.

#17 20 Май 2020 - 16:26
Эгиздер узун коридордун аягындагы дубалда чийилген сүрөтко карап турушкан экен.
-Амир, Альмира! деп аларга жүгүрүп келе жаткан атасына бурулуп бир карап коюшуп кайра сүрөттү тиктеп тура беришти эгиздер.
Күйөөсүнүн артынан жетип келген Аяна андан өтүп келип балдарын кучактап отура калды.
-Садагаларым мындасынарбы, бизди коркутуп жибердинер, деп алмак салмак жыттап.
-Бизге балдар жаккан жок, деди экөө бир ооздон.
-Эмне? Аяна уккан кулагына ишенбей экөөнө карады. Бул алардын биринчи ирет ачык сүйлөп жатыштары эле, ал сөзү апа же ата деп эмес ушундайча болду.
-Мен Альмираны алардан коорудум, деп жетелешип алып алдыга карай басып кетишти. Данияр болсо эмне болуп кеткенин түшүнбөй балдарына жол бошотуп берип келинчегине карай басты.
-Аяна! Эмне болду асылым?
Ал күйөөсүнө бир карап алып чочугандай ордунан ыргып туруп балдардын артынан жүгүрдү.
-Амир, Альмира! Уулум, кызым, азыр ылдый конокторго тушобуз, силерден суранам бир аз чыдагыла кийин үйгө кетебиз. Сөз берем бул акыркы ирет болот, мындан ары силерди капа кылдырганга койбойм, ким болбосун.
Балдары бир бирин карап баш ийкешип апасынын колдорунан жетелеп жөнөй беришти.
Балдар табылып коноктордун да көңүлдөрү жай алып тегеректеп туруп калышкан, аларды эркелетишип. Жеңиш гана аларды кароого батынбай жатты, эгер эле көздөрү чагылшып кетсе денеси титиреп мээси курук калчуудай сезилип, кичине балдар анын мээсин уурдап алчуудай болот.
Акырлап калса да бул кеченин бүтмөгу тозок болду Аяна үчүн. Балдарынан көзүн албай карайт, кичине эле алаксып калса жоготуп ала тургандай. Данияр балдарын колдоруна алган барабар кеченин акырына чейин тушургон жок. Качан үйүнө келип эгиздерди жуунтуп төшөккө жактырып жатканда алар менен ачык сүйлөшүүгө өттү Аяна.
-Амирчигим менин баатырым, коркпос жүрөк акылдуум. Альмирочкам кичинекейим, назик гана менин чурпом. Мен силерди өзүңөр ойлогондон алда канча көп жакшы көрөм. Силер бар менин жашоом, бактым толук. Бүгүн мен силерге бир сырымды айтайын деп келдим. Мен силерди көп оозумду тийгизип өппөй жыттап гана койгонумдун себебин айтышым керек. Себеби апаңарда айыккыс дарт бар, ал дарт силерге кандайдыр жол менен жугуп калуусунан корком. А силердечи? Сенде Амир мен биле турган кандай сырын же оюн бар.
Ал сүйлөшү сүйлөп алып өзүн бир башкача сезип жатты. Чындап эле ушул, бою жетимиш сантиметр болгон, айыккыс дарт эмес баш оору эмне экенин билбеген наристелер менен ушундай сүйлөшүп жатабы, өзү ишенбейт.
Балдары кадимкисиндей көздөрүн тегерек кылып гана туруп беришти.
-Макул, мени кечиргиле чурполорум, деп жаткырып устулорун кымтып жаап, күндөгүдөй жомогун окуп, жарыкты өчүрүп чыгып кетти.
Ал өз бөлмөсүнө кирип төшөккө жатканда гана аябай чарчаганын сезди. Денеси талып, колдору журканды тартып жамынууга жарабай калыптыр. Жубайынын абалын көрүп Даниярдын зээни кеий түштү.
-Асылым чарадынбы? Мени кечир, бары жокту сага таштап, жардам берип койбогонум үчүн. Мындай майрамдарды уюштурууну жакшы көрчү элең, ошондой эле ойдо жүрө бериптирмин. Бир балага караганда эки бала менен кече уюштуруу оор болоорун да ойлобоптурмун. Келе колдорунду ушалап берейин деп, эки колун ушалап кирди.
-Эсиндеби мындай майрамдардан кийин кандай жыргап калаар элең. Ошондо сенин чарчабаганына таң кала берчүүмүн.
Аяна да жылмайып алды, ошол күндөрдү элестетип.
-Баламдын бактылуу болгонун көрүп туруп кантип жыргабай коймокмун. Ариетиме жакчуу да андай майрамдар.
-Ооба десең, баарынын суймончугу болчу. Бир да адамды капа кылгысы келбей, башкалар анын белегин талашса да берип коё турган. Канча адам көп келсе ошого эле курсант боло берчүү, адамдын көптүгү ага аябай жага турган ээ.
Алар бир кыйлага чейин уулу Ариетти эстеп отурушту. Анын кылык жоруктарын айтканда экөөнүн тең көздөрүнөн бакыт нуру жана түшөт. Көптөн бери өздөрүнө тыю салып ал тууралуу сүйлөшпөй калышкан, жүрөк дартын жаңылай бербөө үчүн. Бирок бул эскерүү дарт эмей эле бакыт, жылуулук тартуулап жатты аларга.
-Атасы, деди бир убакта Аяна отура калып маанилүү нерсе айта тургандай.
-Ии. Данияр да чыканактай башын көтөрүп жатып калды.
Бир аз ундобой отуруп кайра ордуна жатып алды Аяна, оюнан кайтып кеткен өңдүү.
-Эмне дегин келди? Жолдошу анын бул кылганын жактыра бербеди, ал эми эле эң кызыктуу окуя угууга даярданып жаткан эле.
-Балким күчүк алаарбыз дейин дегем үйгө. Балдардын сырткы дүйнө менен байланышы болуп, кыймылдагандын баарынан чочубай калат беле.
-Эң жакшы ой. Акылыңдан сенин, деп жалынып жүзүнөн өпмөкчү болуп баратып токтоп калды.
Аяна да ордунан тура калган. Каалга артындагы дабышты экөө тең угушту. Дагы бир аз тыншап калышып, доош уланбаганда сыртка чыгып эч нерсе таба албай келди Данияр. Балдардын бөлмөсүнө чейин барып алардын уктап жаткандарын көрүп, демдерин тыншап кайра кайткан. Ал кирип келгенде Аяна керебетте отурган эле, жолдошунун көздөрүнө суроолуу карады. Данияр ийиндерин куушуруп, эч нерсе болбогонун билдирип келип ордуна жатып калды.
-Балдардын бөлмөсүн карадынбы?
-Уктап жатышат, деп гана кыска жооп берди. Азыр ал экөө тең өз ойлорун ачык айтуудан коркуп турушкан. Угулган дабыш балдарына таандык экенин сезип эле турушат. Бирок кантип? Кантип ошол кичине балдарын сөз тыншап жатышат деп ойлой алышат.
Эртеси күнү Данияр ак саргыл, көздөрү балдарыныкындай капкара болгон, Хаски тукумундагы күчүк көтөрүп келди. Эгиздерге да жакты бул белек, байкуш күчүктун баш аягын антарып изилдеп чыгышты, оозун ачып мурдуларынан бери чукулап көрүшүп.
Алыс эмес жайда аларды күзөтүп отурган Данияр балдарынын ар бир кыймылын изилдеп, байкуш күчүкко жан тартып ошол эле учурда анын сабырына тан берип турду. Жаны кыйналса да алардын колунан качып кетпей оорлошуп ойной бергени кызыктырды. Балким чындап эле ушул күчүктон көп нерсени үйрөнүшоор, адамдардан качпай жакын болууну, деп ойлоп коёт. Бир убакта экөө бири бирин карашып үнсүз келишкендей күчүкту көтөрүп ашкананы көздөй жөнөп калышты. Андай кылууга мүмкүн эмес экенин айтып балдарынын көңүлүн ооруткусу келбей, жөн гана артынан күзөтүп карап турду. Апасына мактанганы жатышат го деген, жок алар андай кылбады. Апасы турган тарапка карап да коюшкан жок. Өздөрүнө арналган кичине столдун үстүндө идиштеги сууну алып күчүктун оозуна такап жатат Амир. Муну көргөн Аянанын жүрөгү элжиреп кетти.
"Күчүктун оюнчук эмес тирүү жан экенин, ага тамак берүү керектигин билгендерин" дейт. Көчөдө балким күчүк көрүп калышкандыр, бирок үйдө эч качан көрүшпогон. Тай атасынын үйүндө да ит багылбайт. Анан кайдан ага кам көрүүнү билип алгандарына таң. Аларга жетип барып кучагына кысып эркелетмекчи, күчүк тууралуу көп сүйлөп бермекчи болуп ордунан козголо бергенде жаңы кирип келген Данияр колунан кармап токтотту. Сомойун оозуна такап "жайына кой" дегендей баш чайкап.
Күчүк да балдардын эмне каалап жатканын түшүнгөндөй, оозуна такалган упчудан сооруп суудан жутуп баштаган. Аны да акырына чейин жуткура койбой тартып алды идишин Амир. Кайрадан сыртка алып чыгып жөнөштү. Эмне болуп кетээр экен деп карап турган ата энеси, качан алар өздөрү отурчуу горшокко күчүкту кыйнап отургузуп жатышканда аргасыз аралашууга мажбур болушту.
-Амирчик, бул ирет күчүк сенин айтканына баш ийбейт. Себеби сен андан эмне каалап жатканыңды түшүнбөй жатат. Бул деген горшокко отура албайт да, анын өзүнүн атайын жалайыгы болот, жүрү көрсөтөм деп эшикке алып чыгып атайын жайылган топурак толгон жалайыкты коргозду Аяна. Жана ал ит тууралуу көп нерсени айтып, алардын канчалык адамга жакын болоорун, эч качан таштап кетпесин айтып берди. Ошол күндөн тартып, балдарда жаңы кызыгуу пайда болуп күчүкко кам көрүү башталды. Жубайлар чечиминен адашпагандарына сүйүнүп, балдары үчүн кубанып жатышкан. Кичине күчүк бул үйгө байыр алып, үй тургуну эсептелип жашай баштаганына жаңы гана бир ай болгон. Баары өз ордуна түшүп жашоо өз нугунда өтүп жатканда үрөй учура турган иш болду, бул сыртынан караганда эң бактылуу адамдар жашай тургандай көрүнгөн заңгыраган эки кабаттуу үйдө. Кадимкидей эрте менен төшөктөн туруп балдары менен көрүшүп, жытын искөө үчүн алардын бөлмөсүнө кирип келип эле балдарын өз жайларынан таппай калды Аяна. Ойноп жатышкан го жашырынып деп керебеттин алдын карай сала чанырып жиберди.
Уландысы бар

#18 20 Май 2020 - 18:45
Жүрөгү калпынан чыгып кетчүдөй согуп, денеси титиреп ордунда катып туруп калды, кадам шилтейин десе буттары баспайт. Келинчегинин ачуу кыйкырыгынан жетип келген Данияр кече эле үйдүн суймончугу болуп жүргөн күчүктун кескиленип керебеттин алдында жатканын көрдү. Эки аттап жетип кучагына басып жубайынын корккон көздөрүн далысына жашырганча болбой,
-Балдар! алар кайда? деди дирилдеген үнү менен Аяна.
Кызык ал айтканча Данияр балдарынын бар жок экенин байкабаганга окшойт. Качан бул сөздү укканда гана бөлмөнү кыдыра карап аларды таппай калып, жубайын жайына коюп сыртка жүгүрдү. Оюна эмнелер гана келбеди дейсиң. Туулган күндөгү ар адамды көз алдынан өткөрүп улгурду ал биринчи кабатка түшүп келгенче, ал эмес Джозеф да келип кетти акылына, балким ал балдарды аңдып жүрүп алып кеткендир деп. Эмнеге бирөө анын балдарын алып кетүүсү керек экенин өзү да түшүнбөйт, бирок бул ой дайым акылында жашай берет, болгону азыр ал ой ачыкка чыгып жылт эте көрүнө калды.
Биринчи кабатта сыналгынын доошу чыгып жаткандай. "Ал өзү да жубайы да али ылдый түшүп аны жандыргыдай болгон жок, анык үйдө башка адам бар" оюна ушул келди. Тепкичтин дубалына жашырынып, залды тегерете карап чыкты. Жымжырт, баары эле ордунда тургандай, эч ким деле көрүнбөйт. Жашынган жайынан чыгып жакындап келе жатып сыналгынын бет маңдайында турган жумшак эмеректин кырынан эки эличе чыгып турган кичине башты көрүп калды. Жетип келсе эгиздери, эч нерсе болбогондой жанаша, сыналгыны кунт коюп тиктеп отурушат.
-Амир, Альмира! деп жанына келген атасына бир карап коюшуп кайра эле баштапкы багытын карап отура беришти.
Алар тиктеген тарапты карап, балдары эмне көрүп жатканын билгенде жүрөк титирөөсу басандамак турсун эки эселеп катуулап кетти. Сыналгыда кадимки Джозеф сүйлөп жаткан экен. Ал адамдын мээсинин макетин коюп алып бир демелерди түшүндүрүп жатат. Кайсы болукчо коркунучка, кайсы болукчо ооруга жооп берээрин айтып, эгер ал бөлүктөрдүн иштөөсүн басандатып анын ордуна кабыл алууга жана ал маалыматты иштеп чыгууга жооп берчуу болукчонун иштөөсүн күчөтүп койсо адам өлүмдөн да коркпой калат экенин жана эч кандай ооруну сезбей турганын, бул тууралуу жаныбарларга эксперимент жасап көргөнүн айтып, кабарчы менен кызыктуу талкуу куруп отурат.
Данияр эмне кылаарын билбей алардын катарында сыналгыны тиктеп эле туруп калды. Бир нерсе жасамак турсун эмне ойлоноорун да билбейт, мээ тапшырма бербесе дене кыймылга келмек беле. Аны келинчегинин өзүнүн атын атап чакырып жатканы эсине келтирди. Дароо сыналгыны өчүрүп, өзүн түшүнүксүз тиктеген эки баласын эки колуна көтөрүп жогору карай жөнөдү. Аяна аларга карай келе жаткан экен, жетип келип балдарын кучактап калды.
-Садагаларым, мени коркуттунар. Ким? Силерди ким коркутту? Ким келди?
Балдары эле жооп бере коймок беле, ундобой апасына карап тура беришти. Данияр болсо келинчегин кантип жоошутаарын билбейт. Азыркы өзү көргөн көрүнүштү айтпайт ага, антсе эле анын жүрөгүн өзү сууруп алган болбойбу.
-Күчүк жок, деди бир убакта Альмира.
Аяна күчүкту унутуп эми эсине кетиргендей балдарын коё берип, кызын чекесинен сылады.
-Кайда кетти?
Данияр аялынын аткаруу жөндөмүнө тан берип оозунан сөзү түшүп карап турат. Кантип ал ушундай суроо бере алат, азыр эле өз көзү менен көрбөдүбу анын кайда кеткенин.
-Ал күчүк жашоо үчүн көп деле керек болбосуна көзүбүз жетти. Аны жашоого үйрөтүү мүмкүн эместей, абдан кеч түшүнөт. Анан да ал көп учурда адамдарга ачуусу келет, зыян да келтирип коюсу мүмкүн. Жашоого зыян келтирүүчү заттардан арылуубуз керек.
-Ким айтып жүрөт муну?
Аяна колдорун түшүрүп шалдырап туруп калды. Кулагы жаңылыш угуп алдыбы же чындап эле ал өз үйүндө ушундай жан алгычтарды тарбиялап өстүрүп жатабы түшүнбөйт.
Данияр жубайынын кебетесин көрүп, балдарын жерге коюп аны сүйөдү.
-Жүрү суудан жутчу, деп ашканага баштай.
Балдар ошону эле күтүп тургандай жетелешип өз бөлмөлөрүно карай басып кетишти.
-Сен ойлонбо. Кээде кырдаал биз көрүп тургандан алда канча башкача болуп чыгат, балким баары биз ойлогончолук абалда эместир. Көп кыжаалаттана бербе, деп чачынан сүйдү да экинчи кабатка карай басып кетти. Аяна ансыз да ойлоно турган абалда эмес эле, дагы бир аз ойлонсо башы жарылып кетчүү акыбалда турат.
Балдары өз бөлмөсүндө күчүктун бөлүнгөн денесин кармалап жатышыптыр.
-Эмне кылып жатасыңар?
Ал кичине балдарга эмес, өз ишин аткарып жаткан чоң адамга кайрылгандай кайрылды аларга.
-Сөөгү абдан катуу экен, деди Амир атасына карап.
-Муну ким жасады? Данияр уулунун сөзүн кулак сырттан кетирип ачуулу сурады.
-Мен, дешти экөө тең жарыша.
-Эмне үчүн?
Бул ирет жооп болгон жок.
-Эмнеге муну бөлүп салдынар, деди эми ал үнүн жумшартып.
-Антпесе мээсин таба алмак эмеспиз.
-Мээси башында болот да.
-Ооба, билип алдык.
-Сыналгыдан көрдүңорбу мунун баарын?
Унчугушкан жок, тескерисинче күчүктун башын кармалып отура беришти.
-Бирок күчүктун мээсин эмне себептен көргүнөр келди? Данияр чындап эле кызыгып сурады бул ирет. Ал азыр алдында турган бул кичине адамдардын акылында эмнелер жатканын билгиси келип турду.
Жооп берүүнүн ордуна эгиздер ордуларынан туруп басып бөлмөдөн чыгып баратышты.
-Токто! Бери баскыла!
Атасынын өктөм үнүн укканда дароо токтоп калышты.
-Мен киммин билесиңерби?
-атабыз.
-Ооба мен атанармын. Силерди ар дайым угуп, коргоп, түшүнүп, сүйүп жүрчүү адаммын мен. Силер мага толук ишене берсеңер болот. Данияр канча ачуусу келип турса да жумшак үн менен ушундай деди. Жанагы сыналгыда Джозеф сүйлөп жаткан сөздөр эсине түшүп кетти, коркуу сезими жок болуп калат деп жатпады беле. Ал азыр балдарын кичине адам катары эмес Джозеф тендуу кабыл алып жатты. Эгер коркутуп болбосо демек алдоо керек дейт. Эмнеге Джозефтин сөздөрү өзүнүн балдарына тиешелүү болуш керек деп ойлонгон жок, даана сезип турду ал сөздүн так ээлери алдында тургандарын. Дагы да жооп боло койгон жок. Данияр аларга тең отура калып жуздорунон сүйдү.
-Мени кечиргиле, үнүмдү көтөрүп сүйлөгөнүм үчүн. Аталар кээде ошентип коёт.
Эгиздер эми бир аз ага жакындай түшүштү.
-Биз жаман иш жасадыкпы?
-Ооба аябай жаман иш жасадынар. Апанардын жүрөгүн ооруттунар, мына ушул нерсе эң жаман иш болот. Күчүкту пайда алып келбегени үчүн эле өлтүрүп койгонунар туура эмес. Кээ бир жандыктар эмес адамдар да пайда алып келишпейт жашоого, алардын баарын өлтүрө берсек болбойт да. Бул мыкаачылык деп эсептелет, анын артында жаза күтөт.
Данияр бир топ сөз сүйлөп балдарына түшүндүрүп жатты. Акырында барып өзүн кызыктырган суроону бербей коё албады.
-Жанагы сыналгыда сүйлөп жаткан адам ким билесиңерби?
-Ооба ал окумуштуу Джозеф Лир. Анын биз менен кандай байланышы бар? деп кайра өзүнө суроо узатышты балдары.
-Эч кандай, а эмнеге сурап жатасыңар? Данияр шашып калды.
-Анын жүзү, доошу биздин мээбизде сакталып калыптыр.
-А эмнеге сен экөөңөр үчүн жооп бересиң дайыма, балким Альмирада андай эместир. Сага жөн гана ошондой туюлуп жатат. Кичине кезиңде, дүйнө менен таанышып жаткан учурда ушундай сезимдер боло берет.
Данияр азыр алынын барынча өзүн токтоо тутуп сүйлөп жатат, балдары менен бир тилде сүйлөөгө аракет жасап. Антпесе алар өздөрү башкача экенин сезип алыстай башташаарын туюп, аларга баардык эле адам өздөрүндөй болоорун коргозууну чечти.
-Альмира ойлоп баштабаганча Амирдин оюна келбейт, Амир билген нерседен Альмира кабарсыз калып кетпейт, дешти экөө бирден.
Ушуну менен Даниярдын суроосу да бүттү, эми жалаң ойлор орун алды анын акылында чууруп. "Демек баары мен ойлогондон да татаал. Менин балдарым жөн гана акылдуу эмес " Индиго". А бирок кандай түрүнөн, физикалык жактан кандай болушту экен, балким ал күчү да чоң кишидей же мээси гана ошондойбу. Толук контролдо сактап турууга болобу, эгер болсо качанга чейин жана кантип? Мен ар дайым жумушта болсом Аяна кантип буларды карап тура алат. Менин акылым эле андан бат иштейт эмес, бирок Аяна апа да, ал балдарына акылдуу инсан катары эмес бала катары карайт эмеспи. Жоок аны жалгыз калтырганым болбойт, сөзсүз жардамчы табышым керек".
Бул учурда бөбөктор үнсүз атасынын көздөрүнө тигилип турган.
-Амир, Альмира силер албетте абдан акылдуусунар. Бирок ал акылдын пайдасы гана эмес зыяны да болот. Ошондуктан силерден өтүнөм, башка адамдардын арасында өзгөчөлонбогуло, силер тендуу балдар силердей эмес, алар менен бирдей ойлонуп ойноого аракет кылгыла. Кийин менден эч нерсе жашырбагыла, мен силердин атанармын, ар дайым түшүнөм жана жардам берем. А баса дагы бир өтүнүч бул сүйлөшүү тууралуу жана силердин жөндөмүнөр жөнүндө апанар билбеши керек. Аны капа кылбай айтканын аткаруу эң эле жеңил нерсе силер үчүн. Үй бүлөө баарынан жогору турат, деди да полдо жайнап жаткан өлүк күчүктун денесин чогултуп жаздыктын сыртын сыйрып салып алып, экөөнү эки колуна көтөрүп ылдый көздөй жөнөдү. Сыртка чыгып жерди кичине кылып казып күчүктун денесин коюп үстүн топурак менен көмүп таштады.
-Биз эми андан кечирим сурашыбыз керек, антпесе Жараткан жазалайт, деп томпоюп калган топурактын жанына отура кетти. Балдары да аны туурап отуруп калышты.
-Жараткан деген эмне?
-Жараткан деген эмне эмес ким? болот. Ал бүт ааламды силерди мени жараткан жана ар дайым күзөтүп турат, ар бир кыймылыбыз ага белгилүү.
-Ал кайда? деди уулу.
-Бардык кыймыл ага белгилүү болсо демек бардык жерде. А эмнеге биз аны көрбөйбуз?
Альмира атасынан мурун жооп берип кайра суроо узатып улгурду. Амир анын суроосуна жооп берип кайра суроо узатып, экөө өздөрүнөн башка эч ким жоктой талкуу куруп жатышты. Аларды сырттан карап отурган Данияр бул көрүнүштү бир адамдын акылында жүрүп жаткан диологго окшотту.
-Жүргүлө үйгө кирели, апанар жалгыз калды, деп ордунан козголду эле балдары да элпек туруп жөнөп калышты.
Алар кирип келгенде Аяна али да ошол ордунда олтурган экен. Балдары келип эки тарабына өтүп жүзүнөн суйушкондо гана кыймылга келип алардын беттеринен сылады.
-Жакшыларым менин. Кардынар ачпы?
-Бүгүнкү күн өзгөчө болсун, силер карагыла да отургула, мен аракет кылып билгенимди жасап көрөйүн, деп Данияр газдын жанына келди шымаланып, жубайын ордунан тургузбай.
Аяна жолдошун аяп карап отурду. Байкушум мени тиктей албай жатасың го, бир деме даярдамак кайдаан сага, өмүрү казанды кармап көрбөгөн жан эмессинби, кимден эмнени жашырып жатканыңды аңдасанчы деп ичинен элжирей эркелетип. Бирок туруп келбеди, күйөөсү эмне жасаса да мактап жегенге даярданып отуруп калды.
Данияр болсо өзүнөн коркуп жаткан, азыр Аяна туруп кетсе балдары менен отуруп өзүн кандай тутаарын билбейт, бир деме менен алек болуп турбаса акылдан азып кала тургандай. Келинчегинин алдында өзүн күнөөлү сезип жатты. Эми кантип анын көздөрүнө карайт, эртеби кечпи балдарынын абалын билет эмеспи ал. Ошондо өзүн кандай тутат болду экен, болгондо да Данияр алардын ушундай туулушун каалаганын билсечи?
Ушундай миң сан ойдун ичинде жүрүп эң сонун омлет, балдарына өтө даамдуу ботко даярдаптыр. Ыссык бышырылган сүттүн үстүн каймактатып идиштерге куюп келип столго койду.
-Кана-кана атасы даярдаган тамактан таталычы. Аяна балдарынын оозуна боткодон салып, өзү омлеттен татып бактылуу болуп жатты, азыр эле болуп өткөн окуяны унуткандай. - Ах, кандай керемет даам. Ардагым кантип бул өнөрүнду бизден жашырып жүрдүн. Кайдан жүрүп билесиң мунун баарын. Өзү сен билбеген нерсе барбы? Жок-жок жакшысы баарын билгенин жакшы, мен сенин артында гана жашайын. Атам мени акылдуусун дей берсе уялчуумун кайдагы акыл менде деп, эми анын айтканына ынанып отурам, сени тандаган акылыма ыраазы болуп.
Данияр келинчегин карап жылмайып койду, сөз сүйлөгөн жок. Мындан ары балдарынын алдында суйлонуучу ар бир сөзүн талдап сүйлөбөсө болбойт, алар баарын түшүнүп отургандардын билет, эми аларды бөбөк катары кабыл алуу жок. "Балким эң чоң жанылыштыгын мендирмин, мага жолуккан күндөн көйгөйлөрдөн арыла албай койдун. Жакында билчүү нерсен баарынан өтүп кетээрин билгенинде азыр эч мындай сүйлөбөгөн болоор элең" деп ойлонуп баратып токтоп калды. Балдары оюн окуп коё тургандай.
Эч нерсе ойлонбой, сүйлөбөй бир столдо отуруп тамактануу азап эле болду Данияр үчүн. Дасторкон жыйналып үстөлдөн турганда кадимкидей жеңилдей түштү. Кызык эми ар дайым ал ушундай абалда жүрөбү өз үйүндө түрмөдөгудой. Ошол күнү жумушка кетүүсү да тозок болду, ары басып бери басып майда баратка алаксып жүрө берди. Качан жубайы,
-баары жайында, бизден кабатыр албай жумушка бара бер. Биз эне балабыз, бир бирибизди эң жакшы түшүнүшүп алабыз, деп жылмайып келип жүзүнөн суйуп жолду көрсөткөндө аргасыз жөнөп кетти.
Жумушка келип да бир ордунда тынч отура алган жок, оюнун бары үйүндө болуп жатты. Сырткы бөлмөдө отурган катчы кызды өзүнө чакыртып тез аранын ичинде Кыргыз Казак өлкөсүндөгү бар болгон психология илимдеринин докторлорунун тизмесин, дарегин тактап берүүсүн буйруду...

#20 21 Май 2020 - 19:30
Иий фанатизм. Ушу Димедранын чыгармаларын кууп окуйм го. Кайра кайра кирип карап атам качан жазат деп
- (6 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »