Түн түшкөн өмүр...
#22 14 Февраль 2021 - 22:25
Силердин комменти окупатып,анан,
уау,кызып баратат деп жалбарганынар бир процессти эстетип кетти. Бутурчу эрте си дагы бар))))ойлонуп атам окусамбы деееп,жалбарып калбасам эле.
#26 17 Февраль 2021 - 09:09
Бугун автор экообуздун тойубуз болтат кыркы чыканга чейин кутосунор Эми.
#27 17 Февраль 2021 - 10:00
#28 17 Февраль 2021 - 17:17
#29 17 Февраль 2021 - 21:29
#32 19 Февраль 2021 - 21:39
#34 21 Февраль 2021 - 07:08
#35 21 Февраль 2021 - 19:53
#36 21 Февраль 2021 - 19:54
#37 23 Февраль 2021 - 13:18
********
Шириндин жашоосу үч бөлүккө бөлүнгөндөй. Башында, кийин,анан.. .
Биринчи бөлүгү бактылуу балалыгы, таттуу күндөрү, эркелик... кудум өмүрүнүн акырына чейин арналып жазылган бактылуу күндөрүнүн баары ошол биринчи бөлүгүндө калып кеткендей. Кийин башына түшкөн не деген азаптарды көтөрүп жатканда ойлогон "балалыгымда өтө эле бактылуу жашап койгон окшойм" - деп. Анткени кийин, анан андай бакыттын даамын сезе алган жок. Бакыт деген сөздүн өзүн, жок деги эле бул жашоодогу жакшы сөздөрдүн баарын унутуп жашады. Шириндин кийинки экинчи, үчүнчү бөлүктөгү өмүрүн жалаң гана кара өзгөйлүк, алдамчылык, чыккынчылык, таштап кетүү, ый, өч алуу, мерездик деген муздак сөздөр ээлеп, жагымсыз сезимдер курчап алды. Бара - бара ошол жаман сөздөргө кулагы эле эмес өзү да көндү. Бул өмүрдө мээрим, жакшы көрүү, бирин - бири аяп сүйүү деген бар экенин унутту. Асмандан жааган кардын сулуугун көрбөй муздактыгын гана сезип, жааган жамгырдын жер бетин көгөртүп жашылдантканын билбей, жолдорду баткак чылаа кылганын гана көрө алды. Өзү да ошондой баткак болуп саздай соруп бараткан чылаа коомго кантип аралашып кирип акырындап батып олтуруп бүтүндөй чырмалып калганын билбеди...
Баягы каргаша баскан кара түндөн кийин жашоосунун экинчи бөлүгү башталды. Ширин али жашоонун мындай чоң агымына даяр эмес болчу. Анын баладай баё жүрөгү чоң адамдардын мындай ыпластыктарын түшүнө ала турган деңгээлге жете элек болчу. Бирок бул турмуш деген таш боор мугалим, сенин даяр же даяр эмес экениңе карап олтурбайт экен го. Сокку берип жыгылсаң шылдыңдап гана карап, теңселе ордуңдан турганда дагы сокку берип жыгытып турат экен. Качан сен анын соккуларына туруштук берип ордуңдан козголбой кайра ага каршы туруп калганыңда тийбей калат. Бирок ага чейин өмүрүң түгөнөт...
Апасынан кайтып базардагы орунун көңүлсүз ачып жаткан Ширинди коңшу сатуучу аял кепке тартты.
-Ширин, ай Ширин?
-Ой эже, кандайсыз? Кечиресиз ой менен болуп, сиздерди байкабай..
-Ооба ай, жанатан бери сайрап какшайм укпайсың.
-Кечиресиз..
-Макул эми. Жийдеге бардыңбы? Кандай жакшы жүрөт бекен?
-Ии, апам жакшы.
-Курган өмүрү ушундай экен да эми арга жок. Жыйырма жыл деген оңой эмес да...
-Буйруса кайра арыз жазып,берилген мөөнөттү кыскартууга болоорун айтышты. Аракет кылабыз, - Ширин элпек кыймылдап товарларын жайгарып жатып сүйлөдү.
-Ооба ошенткиле.
Негедир Гүлүмгө Шириндин бул сөзү жакпагандай ооз учунда сүйлөдү.
-А баса биз эртең товарга барган атабыз, чыгасыңбы биз менен?
-Билбесем мен кайдан, кантип алууну деле билбейм да, - Ширин көңүлсүз ийнин куушурду.
-Ой эмне анча сарсанаа болосуң? Мына мен турбаймынбы? Ушунча жылдан бери Жийде менен товарга барып келип жүрүп, эже сиңдидей эле болуп калбадыкпы? Мен жардам берем.
-Чын элеби? - деген кыздын жоодураган көздөрү ансайын жайнап кетти.
-Анан эмне?
-Рахмат эже, биринчисинде эле жардам берсеңиз мен өзүм үйрөнүп аламын.
-Кам санаба.
-Жакшы болбодубу! Товар азайды деп кыжаалат болуп жаткам...
Көңүлү көтөрүлө кудуңдап алган кыз өз ишини киришип кетти. Анын ар бир кыймылынан көз албай карап олтурган тушундагы Гүлүмдүн ичинде кандай кара ой жатканын кыз кайдан билсин...
Сатыкка коюлган үйү бир жуманын ичинде сатылып кетти. Болгондо да нак акчага сатты. Буйруса товар алып келип алса анан апасына адвокат жалдап чыгарып алат. Кала берсе апасы кош бойлуу. Бул анын сотто акталышына бир аз болсо да жардамы болоор деп үмүт кылды Ширин...
Ширин такыр эле сабака келбей акыры анын окуудан четтетилери тууралуу токтом чыкканда Илим кызды издеп үйүнө келди.
Эшиктин коңгуроосун баскан Илимге кичинекей кыз эшик ачты.
-Сиз кимсиз? - чачын экиге сербеңдетип байлап алган кыз Илимди тааныбагандай тиктеди.
-Ширин.. сенин эжеңби? Үйдөбү?
-Жоок, - деген кыз башын чайкады.
-Кайда?
-Сиздин атыңыз ким? - кыз кайра Илимге суроо узатты.
-Илим! Эжең кайда?
-Аида? Кызым ким экен? - деп ашкана тараптан чыккан аял эшик алдына келди.
-Саламатсызбы эже?
-Саламатчылык? Келиңиз?
-Ширинди мүмкүн бекен?
-Аа, биз бул үйдү жакында эле сатып алдык, - деди тиги аял кызын артына алып жатып.
-Сатып алганбыз? Ширин кайда? - Илим бул сөздү ичинен ойлоп, бирок сыртына чыгарып жиберди.
-Сиз менимче бул үйдүн мурунку ээсин айтып жатат окшойсуз?
-Ооба, Ширин деген.
-Жаш кыз сатты. Атын Ширин деген.
-Сиз анын кайда жашаарын билбейсизби?
-Жоок, анысын билбейт экем. Бирок борбордук базарга чыгып иштейм дегендей кылды эле.
-Аа рахмат эже, рахмат!
Эми кайдан таптым деп кайгырып жүзү томсоро түшкөн жигиттин кубанып чуркап кеткенин көргөн аял баш чайкап күлүп койду.
Борбордук базар. Ала күү түшүп дарыядай агылган эл. Ичине канчалаган тагдырларды камтыган бул базардан ичинен жалгыз Ширинди эми кантип табат? Кайсы бурчунан баштаар экен? Жол боюна мөмө чөмөсүн коюп алып сатканы, тилемчилик кылганы, араба түрткөнү, чөнтөкчүсү андан көп ызы - чуулу базар...
Ошол күнү айлананы караңгы каптап базарга жабылганга чейин издеп таппай кетти кызды. "Самандын ичинен ийне издеп жаткандаймын. Мынабу аянты канча гектарды ээлген базардан аны кайдан тапмак элем? Же бир аныгын билбесем? Балким бул базарда иштебейттир. .. Бирок башка кайжактан издейм аны? Андан көрө бир аз болсо да үмүт бар, эртең да келем!" - деп ойлонуп баратты Илим.
Эртеси кайра ошол эле көрүнүш. Жык жыйма болуп шагыраган элдин агымына кошулуп, базарды аралап жүрдү. Бүгүн да тапкан жок. Күүгүм түшүп, баары орундарын жаап атканда көзүнө тааныш караанды көрдү. Ооба дал өзү да. Колундагы көтөрүп бараткан оор баштыктарына карабай түптүз басып бараткан кыздын келбетинен тааныды.
-Ширииин?!
Илим кубанып кеткенден кантип кыйкырып жибергенин да билбейт. Кызга чуркады. Артынан чыккан үндөн бурулган кыз өзүнөн төрт беш кадам арыда турган Илимди көрдү.
-Сен кайдан?
-Таптым!
Илим келип эле кызды катуу кучагына басып алды.
Бир аз убакыттан соң экөө тынч жерге кирип маңдайлаш олтурушту. Илим сагынган экен кызды. Жөн эле ушул турган сулуу бирок муңайым жүзүн сагыныптыр.
-Эмнеге баарын таштап салдың? - деди кыздан көзүн албай акырын сүйлөп.
"Охххх! " - онтоп алды кыздын жүрөгү. Үнү кандай жагымдуу! Көздөрүчү... мээрим менен эзилип тиктегеничи. .. камкордугучу? !... Бирок мунун баарына өзү татыктуу эмес да өзү... Неге мынтип кайрадан келди десең? Башкасы башка бирок ушул Илимге кезикпеш керек эле... Ага болгон өзүнүн оргуштаган сезимдери көздөрүнөн окулчудай жигитти батынып кароодон качат. Жанында көп эмес бир аз эле турса анын кучагына бой таштоого даяр болуп өзүн араң карманат. Баарына кол шилтеп, баарын айтып туруп Илимди жетелеп алыстарга, керек болсо дүйнөнүн башка бурчуна кеткиси келет, бирок...
-Эмненин баарын таштадым? - кыз кайдыгер унчукту.
-Баарын. Окууңду, мени, биздин сезиилерди?
-Окугум келген жок! Жөн эле убакытты, анан акчаны кетиргендин эмне кереги бар?
-Алдап жатасың!
-Мен окууну каалабайм, чоң энем мени мажбурлап окуткан. Бирок кийин баары бир окуй албайт экениме көзү жеттиби унчукпады. Таштап салдым...
-Ширин.. - Илим алдындагы кашыкты кармалап олтурган кыздын колдорун кармады. Билинер билинбес болуп титиреп жаткан экен.
-Айтчы эмне болду? Эмнени жашырып жатасың?
"Баа деп бакырып ийсем кана?! .. " Ширин ичинен ушинтип ойлоду. "Мынчалык жумшак сүйлөбөчү суранам! Мен азыр күчтүү болушум керек!" - деп жатты ичинен тиштенип.
-Эч нерсе болгон жок! Баары жакшы! Эң сонун. Окуу мен үчүн эмес! Анан экөөбүздүн сезимдерди таштадың дейсиңби? А бизде сезим бар беле?
Ширин ушул убактагы өзүнүн кайратына кийин да таң калып жүрдү. Кантип мынчалык таш боор боло алды десең? Кантип жанып турган анын көздөрүнө карап туруп мазактуу жылмайды? Ошондогу Илимдин бозоргон жүзү...
-Мен... бизде. Мен сени жакшы көрөм Ширин!
-Мен да, бирок дос катары. Илим мен үйгө барышым керек. Кечир, сага үмүт бергеним үчүн. Мен менен сенин жолуң такыр башка!
Ширин баштыктарын көтөрүп чыгып кетти. Илим болсо ошол ордунда кала берди. Бул өзү билген Ширинби? Жок, кудум алмаштырып салгандай. Же болбосо Шириндин ичине башка бирөөнү киргизип койгондой. Же башынан эле ушундай муздак жан беле? Бирок анын көздөрү муңдуу болчу. Ошол көздөрүндө бир айтылгыс да, жашырылгыс да сыр жаткандай...
Ширин ыйлап баратты. Өмүрүндө пайда болгон эркектерден жалгыз Илимге гана сезим ойгонгон. Анын экинчи, үчүнчү бөлүктөгү кыямат жашоосундагы жалгыз жарык Илим болгон. Азыр да, кийин да... Өзүнүн азыр эле Илимдин алдында аткарган ролун карап, мыкты актриса экенине таң калды.
Ушул экөөнүн акыркы жолугушуусу болуусун каалады Ширин. Башка Илим деген адам жашоосунда да, жолунда да пайда пайда болуусун каалаган жок. Бирок бул деген табышмакка бай сыноолу жалган дүйнө деп аталат. Тагдырдын буйругу менен инсандын каалоосу эч бири - бирине дал келбейт...

#38 23 Февраль 2021 - 13:19
*********
-Деги аның ишеничтүүбү?
- Албетте.
-Сен аны көрдүң да.
-Өңүндө сөз жок. Бирок бизге кандай иштеп берет?
-Акыл, кандай иштеп берери сага байланыштуу! Аны башка жолу жок кылып чарасыз калтыруу керек! Эми сен мындай иштерде тажрайбалуусуң го. Мени кантип торуңа түшүргөнсүң? - деген Гүлүм көздөрүн сүзүп жанындагы Акылга жармашты.
-Сенин ишиң башка да. Ал эми бул кыз... таак өңү бизге жакшы иштеп берет дечи. Аны колго алууну пландоо керек го дейм жакшылып. Оңой эле кылтакка илинчүлөрдөн эмес бул кыз...
Акыл жанындагы Гүлүмгө маани бербей көз алдына мөлтүрөп турган Ширинди элестетип шилекейин жутуп алды.
-Анда эртең товарга чыккыла, мага кабар берип турасыңар да.
-Макул, - деген Гүлүм Акылдын өзүнө көңүл бурбай койгонуна таарынгандай тултуюп калды.
-Эже жол узакпы?
-Узак.
-Үйдү инилерим менен энем жалгыз калды. Батыраак эле барып келсек экен...
-Кудай жолубузду ачса бат эле барып келебиз, - деди Гүлүм машинанын терезесинен сыртты карап.
-Апаң менен бул жолдо өмүрүбүздүн канча бөлүгү калды.
-Ооба, бир жумага чейин жоголуп кетчү апам.
-Мына ушундай жол азабын көрүп тиричилик кылып жатабыз. Ушинтип Жийде үй - бүлөөсүн бакты.
Шириндин көз алдына апасынын чарчаган жүзү тартылды. Дайым товарга барып келген соң соолуп жатып калчу эмес беле? Ал эми тиги эр сөрөйүчү? Кечке кылган иши телевизор көрмөй. Ошол акмакка кор болгон өзүн, апасынын өмүрүн аяп кетти да, ошол түнү Сагындыкты өлтүрүп салганына ыраазы болуп алды ичинен. Бирок апасы абака кирип кетпедиби? Товардан кайтса эле апасынын иши боюнча чуркайт.
Ушулардын баарын көз алдынан бирден өткөрүп бараткан Ширин ойлуу тартап терезеден жолду тиктеп кете берди. Айланага күүгүм түшүп келе жаткан убак. Ширин негедир ушул күүгүмдү жактырбайт. Дайым ушундай, айланага караңгы каптап келе баштагандан жүрөгү тыпырап алда неден кыжаалат болгондой оопколжуп алганычы. Эстеп көрсө эң жагымсыз окуялардын баары ушул күүгүмдө болгон экен. Азыр да жүрөгү катуулап согуп, бир нерседен кабар бергендей тынчын алып жатканы эмнеси? Жанындагыларды тиктеп алды. Узак жол болгону үчүн баары мемиреп уйкуда.
Кытайга жетишип керектүү товарларын алып кайра жолго чыгышты. Ширин биринчи жолу товарга келгендиктен али эч нерсени билбей. Гүлүм жанында бежиреп сүйлөп, үйрөтүп аябай эле көп товар алышты. Көтөрө келген акчасы жетпей карыз да болуп кетти. Кийинки келгенде берип жиберем деп. Кайра эле узак жол. Бирок бул жолу товарлары да болгон үчүн чоң жүк ташуучу унаа менен Гүлүм дагы бир аял үчөө кайтышты. Бекеринен "жол азабы көр азабы" - айтышпаган экен деп алды Ширин. Канча күн жүргөнү деле белгисиз, оор иштен денеси жанчылып калгандай ооруп шалдырап калды. Мына Кыргызстанга жетебиз деп калганда, айдоочу чарчагандыктан жол четине токтоп бир аз эс алып анан кайра жолго чыкмай болушту. Бара жатканда уктай албай барган Ширин кантсе да жолдо чарчадыбы жанындагыларга кошулуп мемиреп уйкуга кетти. Кайсы убак экени деле белгисиз тапырап ызы - чуу түшкөн үндөрдөн көзүн ачкан Ширин чоочуп кетти. Жанындагыларды алда качан сыртка түшүрүп коюшкан экен. Ширинди да сүйрөп барып ошолорго кошушту. Кеминде 8 адам беттерин чүмбөт менен ороп жүрүшөт. Баары орус тилинде акцент кыйкырып сүйөп жатышат.
-Булар кимдер? - деди Ширин титиреп жанындагы Гүлүмгө жармашып. Ай талаадагы түнкү сууктан денеси калтырап, бир жагынан бул коркунучтуу көрүнгөн немелерден коркуп денеси калтырап чыкты.
-Унчукпа! Бир үнүң чыкса атып деле салышат. Булар ушул чөлкөмдүн кожоюндары. Шүмшүктөр шимелеп артыбыздан келген туура, болбосо бул жерден кармашпайт эле да.
-Алар эмне кылышат бизди? - Ширин андан бетер жүрөгү түшүп ыйламсырап жиберди.
-Чыыш акырынчы?! Сени эч нерсе кылбайт! Жагып калбасаң эле! - деген Гүлүм кызды бутунан башына чейин сыдырып тиктеп койду.
-Товарларды тытышып өздөрүнө керектүүсүн алып кетишет.
-Булар биздики да!
-Сага жаныңдын аман калганы керекпи?! - Гүлүм көздөрүн акшыйта Ширинди тиктеп койду.
-Башыңды төмөн салып тур! Жүзүнө карабаганга аракет кыл. Сенин өңүңдү байкап калчу болушса сүйрөп кетишет чаңыртып эле! Убалыңа калып жүрбөйүн!
Шириндин даана жүрөгү оозуна тыгылды. Дароо көз алдына Сагындык өзүн кордоп жатканы тартылып, бул зөөкүрлөрдү көргөндө ичи муздай түштү. "Мейли баарын алышсын, аман калсак болду!" - деп ич - ичинен жалынып жиберди. Тигилер болсо унаанын ичин каалагандарынча аңтарышып, өздөрүнө керектүүлөрдү унааларына жүктөп алып кандай күтүүсүз пайда болушса, кайра ошондой жөнөп кетишти. Караңчы жолдо алар кеткен унаанын жарыгы көрүнбөй калгыча кыймылдабай турушкан Гүлүмдөр качан гана айланан кайра тыптынч болуп калганда унаага жүгүрүштү. Колдорундагы кол чыракты күйгүзүшүп чачылып жаткан товарларды карап турушту.
-Оо кудайым ай! Буларга деле шорун куруткан бирөө табылаар!
-Эже кантип ушундай болсун?! Бул биздин эмгек, бул биздин өз акчабызга сатып алган товарлар да! Аларна бекер карматып кала беребизби? Эмнеге милицияга арыз жазбайбыз?! - Ширин чыйпылыктап жиберди.
-Сен али билбейсиң да, булар керек болсо милицияң эмес, прокуроруң менен сотуңу, андан өтүп бийлигиңди да колго алып коюшкан. Тилдери бир баарынын, андыктан пайда жок кайжака кайрылсаң да, - деди кол шилтеп улутунуп алган Гүлүм.
-Сен да чек арага жетерде уктайм деп! - жанында олтурган айдоочуга кыйкырып алды Гүлүм ый аралаш.
-Карачы эми абалыбызды!
-Өзүң деле көрдүң го, артыбыз таза келдик! Булар кайдан пайда болду билбейм. Кудум асмандай түшкөндөй...
Жүктөп келген товарларынын жарымынан көбүн алып кетишиптир. Ыйлап сыктап болгонуна канаат кылышып, жандары аман экенине шүгүр келтиришип таңга жуук Кыргызстандын чек арасына келишти. Негедир бул жерде да дайымкыдан кайтаруу күчөтүлүп, ар бир унааны тыкыр текшерүүдөн өткөрүп жатышыптыр.
-Эми мунусу бар беле?! - деп сүйлөнгөн Гүлүм эки санын чаап алды.
-Саламатсыңарбы!
-Биз дайымкы эле каттап жүргөндөрбүз, ошол эле товар, - деди айдоочу чек арада турган күзөтчүлөргө кайрылып.
-Жумуш байке, жүктөрдү текшерип коёлу.
-Макул, текшергиле.
Аңгыча эле баарын жерге түшүрүп коюп, эки жигит колдоруна иттерин жетелеп унааны текшерүүгө өтүштү. Аз убакыт ичинде эле кичинекей кара сумканы көтөрүп чыгышты.
-Бул кимдики?
-Менин сумкам... - деди Ширин шашыла.
-Кармагыла баарын кеттик!
-Ай эмне болду деги? - колдорун артка кылып кишендеп жаткандарга кыйкырды Гүлүм.
Кара сумканын ичинен кичинекей баштыкка оролгон ак нерсени көтөрүп чыккан орган кызматкери булардын алдына келип:
-Бөлүмгө барып сүйлөшөбүз! - деди.

#40 26 Февраль 2021 - 11:34
jindirak (25 Февраль 2021 - 22:51) жазган:
Дагын жаным
********
-Аскар тигилерди тергөө сага тапшырылган беле?
-Кимдерди? - деди жаңы эле иш бөлмөгө кирип үстүндөгү күрмөсүн чечип жаткан жигит.
-Чек арадан баңгизат менен кармалгандар.
-Аа, алардыбы...
-Дайым чыгып жүргөн соодагерлер, арасында жаш кыз жүрөт. Ошонун сумкасынан чыкты дешти.
-Көрөбүз го териштирип, - деген Аскар толо кагаздар салынган папкасын көтөрүп жөнөп калды.
-Абайла, тиги чүрөк экен. Канчасы кызыгып калды. Андай шайтандар кантип торуна түшүрөөрүн билишет.
-Койсоңчу, - досунун сөзүнө аргасыз баш чайкап күлгөн Аскар тергөө бөлүмүнө баратты.
Кармалгандарына эки күн болгон адамдар менен өз - өзүнчө сурак алып барды. Баары эле окшош жооп айтышат. Акыры жаш кызга кезек келди. Колундагы өздүгү жазылган делону ачып жапжаш кыз экенин билди. "Мындай иштерге кайдан аралашып жүрөт десең" - деп ойлонгуча кызды алдына алып киришти.
-Ширин Тилекбековна! - Аскар катуу сүйлөдү.
-Ооба, - деген кыздын назик дирилдеп чыккан үнүнөн шарт башын көтөрдү жигит. Маңдайында баңгизат менен кармалып, соодага чыгып жүргөн кыз эмес мөлтүрөп периште олтурган. "Кайдан түшкөн пери бул?" - деген ой кылт этти. Анткени бул кыз мындай чөйрөнүн адамына такыр окшобойт эле. Кала берсе делодо жазылган жашынан алда канча жаш көрүнөт экен. Балапан бойдон. Аскар кыздын жүзүндөгү баёлукту, коркууну көрүп турду. Анан да бул жашка толуп турган муңдуу көздөрдү мурун да бир жерден көргөн. Бирок кайжерден? Унутуп калдыбы? Жоок, мындай көздү кантип унутсун? Балким түшүндө көрдү бекен?
-Байке, чын ал нерсе кантип менин сумкама түшүп калганын билбейм. Ишенип коюңуз! - деген кыздын үнү Аскардын алыстарга учкан ойлорунан селт эттире чоочутту.
-Анан кантип ал сенде болуп калды? - Аскар кызга жумшак кайрылды. Тергөөдө эч бир адамга мынтип жумшак сүйлөбөгөн адам. Жада калса бул кыз менен кошо келген аялдарга да катуу сүйлөп суракка алган Аскар кызга жумшак сүйлөдү. Неге? Өзү да түшүнгөн жок. Өзү табиятынан оор, көп сүйлөбөгөн Аскар жумушу да катуу болгон үчүн андан бетер каардуу адамга айланып кеткен. Дайым эки кабагын бириктирип, ачуулуу көрүнгөн Аскар алдында турган бул ийнеликтей кызга жибип турду.
-Билбеймин, - деди кыз көз жашын агызып.
Анын жоодурган кош каректеринен тамган тамчы да апакай жүзүнө жарашып турат экен.
-Айтчы мурун да каттап жүрчү белең?
-Жок, - деди Ширин баш чайкап.
-Анан?
-Мурун апам каттачу, кийин ал камалып кетип жумушун мен аткарып жүрөм.
-Камалып дейсиңби? - Аскар эки кашын бириктире калды. Оюнда апасы дагы ушинтип колго түшкөн го деп болжоп.
-Ии,
-Эмне болуп?
-Күйөөсүн өлтүрүп! - Шириндин доошу кээкерлүү угулду.
-Атаңдыбы?
-Ал менин атам эмес!
-Анда?
-Экинчи күйөөсү!
-Эмнеге өлтүрдү?
-Билбейм, биз жер тамда болчубуз. Алар кабат үйдөгү батирге кетишкен.
-Сен ал адам менен мамилең жакшы беле?
-Сизге кандай тиешеси бар? - Ширин Аскарды тике карады. Азыр эле корккондон калчылдап турган кыздан мындай эркти күтпөсө керек Аскар тайсалдай түштү.
-Деги сураганым... Апаңдын канча болду абака түшкөнүнө?
- Эки айга жакындап калды.
-Токтой турчу, сен баягы Жийде Жакыповнанын кызы эмессиңби?
-Ооба.
Мына бул кызды кайдан көргөн. Баягы сот залында апасы көп жылдарга кесилип кеткенде баарынын жүрөгүн эзип ыйлаган кыз да. Бирок ал аялдын ишин Аскар алып барган эмес болчу. Жөн гана сотко келип катышкан эле. Ошондо бул кызды көргөн. Көздөрүнө ашык болгон. Анан кантип унутту десең?...
-Кандай жүрөсүң?
Неге мынтип сурады өзү да билбейт. Анткени ошондо кыз "апа сенсиз мен кантем?!" -- деп боздогон эле. Кызды изилдеп жардам бергиси келгенде жетекчи муну башка жака командировкага жиберип салбадыбы? Ошол бойдон эми келип, бул ишти алган убагы.
-Жүрөм, - деди Ширин да таң калып.
-Ширин, сен баарын ачык айтсаң мен сага жардам бере алам, - деди Аскар чын дилинен.
-Мен эч нерсе жашырганым жок байке. Чын айтып жатамын. Товар алып эле кайттык. Ашыкча адам менен да сүйлөшпөгөм. Сумкам ар дайым жанымда болчу. Ошол бизди тоногондор келгенде гана сумкам унаада калган. Байке мен жада калса ал эмне экенин түшүнбөймүн. Апамдын жумушун аткарып жүрөм. Анткени үйдө инилерим бар, карыган энем бар. Алардын түйшүгү эми менде...
Ширин ыйлап жатты. Тим эле шолоктоп, бүт ичиндегиси төгүлүп ыйлап жатты. Аскар чөнтөгүнөн жүз аарчы алып кызга сунду.
-Сен кайгырба, эгер күнөөлүү эмес болсоң далилдейбиз.
-Менин үйдө инилерим калды...
Ширин дале ыйлап жатып сүйлөдү.
Сурак бүтүп кызды камерага алып келгенде Гүлүм менен дагы өздөрү мене кошо келген бир аялды коё берип жатышыптыр.
-Ай эмне болдуң сен?
-Билбеймин, - деди Ширин шалдырай келип эски керебетке олтуруп.
-Бизди коё берип жатышат.
-Менчи? - деген кыз ордунан ыргып турду.
-Сени дагы алып калышат окшойт. Тиги сенин сумкаңдан чыкпадыбы?
-Эже ал мага тиешелүү эмес да! Сиз билесиз го?! - Ширин кантип кыйкырып жибергенин билбей калды.
-Мен билем, тигилериң ишенбей жатпайбы?
-Эми мен эмне болом? - деди ыйламсырап.
-Сен сарсанаа болбой тур, мен өзүбүздүн тааныш байке бар, ошого кайрыламын, бул жак менен байланышы жакшы.
-Ошентиңизчи? Анан үйгө барып коюңузчу. Энемдерге эч нерсе дебеңиз. Мени товарды кармалып калды деңиз.
-Макул, мен сага дагы келем! - деген Гүлүм шашыла чыгып кетти.
Сыз жыттанып көркү кеткен муздак бөлмөдө Ширин жалгыз калды. Тигилер барында дагы билинбептир, көрсө абак дегениң өзү ойлогондон да алда канча коркунучтуу турбайбы?... Апасын эстеди. "Байкушум мен үчүн өмүрүнүн жыйырма жылын ушундай жерде өткөрүүгө макул болду. Көрөсүң мен чыгып, сени да сөзсүз алып чыгам!" - деп алды ичинен.
Аскар шашылып Ширин аралашкан иштин түйүнүн чечүүгө киришти. Ошол күнкү каттаган бардык жүк ташуучу унаалардын көзөмөл пункттарынан өткөргөн кызматкерлер менен сүйлөшүп баштады. Аскар эч бир адамга мынчалык жан үрөбөгөн. Өзүнүн жумуш тажрыйбасында көп эле күнөөсүз көз жаштардын күбөсү болгондур, бирок Шириндикиндей көздөргө кабылбаган. Анын уктап калган, тагыраагы мындан көп жыл мурун өлдү деп эсептеген жүрөгү бул кызды алгач ирет көргөндө эле кайра тирүүлүккө кайткан. Аскар керек болсо ушундай сезимди, ушундай кызды издеп жүргөн. Жүрөгүн, өзүн ойгото алчу адамды жылдар бою күткөн. Кудум ушундай делөөрүтүп кубаныч тартуулаган сезимге кабылууну самап жүргөн. Бирок Ширин анын жашоосунда калабы, деги эле кыз Аскарга келечекте ким болот? Жашоосунда кандай орунду ээлейт? Бул жагы өзүнө да табышмак эле...