Адам Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 670 (0,12 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Оюн, күлкү, тамаша (142 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 26 Ноябрь 09
- Кароолор:
- 65 507
- Соңку аракети
- 31 Май 2024 03:12
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Активист
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Декабрь 31
- Жынысы:
- Эркек
- Калаасы:
- Жер эне
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
beytaanysh
03 Июн 2024 - 00:44 -
Sweet-Lika
23 Июл 2021 - 14:15 -
KAPAGAT
18 Окт 2020 - 04:31 -
Pankration_MMA
02 Окт 2020 - 18:19 -
Bluetooth
01 Июн 2020 - 16:19
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Форумду кызытуунун жолдору
Жазылган күн: 31 Май 2024
Оо, 2009-2010-жылдар кандай өзгөчө эле. Ал кездери суперстан азыркы твитер, фейсбук, инстаграм, тикток дегендердин баарын камтыган жер болчу... -
Темасы: Атеистминби .....
Жазылган күн: 29 Сен 2020
2020-жылдан 2013-жылга салам!
Бул жети жыл мурунку талкуу экен. Окуп отуруп эмнени байкадым, төмөндө кыскача түшүндүргөнү аракет кылайын.
Daud (30 Май 2013 - 06:02) жазган:
Адамгерчилик деген эмне экендиги тууралуу оюнузду кутуп калам анда.
Daud жана ал сыяктуу ой жүгүрткөндөр менен менин ортобуздагы айырмачылык — ишенимде. Алар өздөрү ишенген нерсесин туура деп эсептейт, мен өзүмдүкүн. Бир мунасага келишибиз мүмкүнбү? Балким. Бирок мунасага келип келбөө башкы максат эмес жана ага кажет деле жок.
Ал учурда кандайдыр бир изденүүдө болуптурмун (азыр деле изденүүм уланууда). Өз алдымча гуманист болуп адамгерчиликтин чектерин аныктоого аракет кылыптырмын. Айтор дараметимди жакшы эле сынап көрүптүрмүн.
Болгон байкаган нерсем — ал кезде өз оюмду жеткиликтүү айта албай кыйнала берген экенмин. Эмнени айткым келген эле? Жооп төмөндө.
admin_superstan (15 Июль 2014 - 12:51) жазган:
"Мен динсизминби? " темасы менен бириктирилди.
Талкуу башталгандан кийин бир жыл өтүп админдер эки теманы бириктирип салган экен. Эки жыл мурда (2018-жылы) теманы өзүнчө бөлүп алууга аракет кылыптырмын, кылбасам деле болмок экен. Эми ошол кезде талкууну уланткым келген экен. Азыр 2020-жылы улантууга эч кандай кажет деле калбады окшойт. Бирок ошол оюмду азыр кеч болсо да түшүндүргөнү аракет кылайын.
Адам (12 Август 2018 - 16:38) жазган:
Мындан беш жылдай мурун ачкан темамды Суперстандан көп жолу издеп, акыры таптым окшойт. Эмнеге админдер эки башка багыттагы теманы бириктирип салганын түшүнбөдүм.
Атеист менен динсиздин ортосунда чоң айырма бар: атеист эч кайсы динге ишенбеген адам болсо, мен ачкан динсиздик темасы кудайга ишенген, бирок эч кайсы диндин эрежелерине баш ийгиси келбеген адам жөнүндө сөз козголгон болчу. Ошондуктан кичи пейилдикке менин темамды кайра өзүнчө бутакка бөлүп койсо, ошол багытта талкуумду улантсамбы деп тургам.
Жыйынтыктап айтканда, адамдар дини жок эле ак менен караны айырмалай алат деп эсептейм. Кайсы гана дин болбосун дин тутунгандарды сыйлайм, аларга эч кандай каршылыгым жок. Болгону дин дагы, илим дагы бул дүйнөнү, ааламды жана адамзатты таанып билүүгө, түшүндүрүүгө аракет кылган жолдор деп түшүнөм. Бул экөө кээде тирешип кетиши мүмкүн, кээде бирин-бири толукташы мүмкүн. Кандай болгондо дагы мен дин менен эмес, илим жолунда адамзатты таанып билүүгө аракет кылууну чечтим. Анткени илим сезүү органдары менен кармап-сезип, угуп, даамдап, жыттап, көрүү аркылуу акыл-эске басым жасайт. А дин болсо — (көбүрөөк биринчи орунда) адамдын ишенимине, жан дүйнөсүнө багытталат. Акыл-эсиңди иштет, оку, тааны, бил деген нерселер дагы динде бар. Туура. Бирок айланып келип эле диний окуулардын түпкүрүндө ушул жол туура жол деген бир фундаменталдык чындык таңууланат. Кайсынысы чын жол, кайсынысы калп жол экенин айта албайм. Ошондуктан диний окууларды (баарын эмес, көпчүлүгүн) Кудайга алып барган жолдор деп эсептейм. Ал эми Кудай менен ким кандай мамиле түзгүсү келерин өзү чечет — кааласа буга чейин негизделген диндер аркылуу, кааласа өз алдынча...
-
Темасы: Кыргызстанды канткенде өнүктүрөбүз!?
Жазылган күн: 26 Окт 2019
Автордун суроосуна жооп: Качан гана ар бир жаран өз укук жана милдеттерин так билип, аткарганда. -
Темасы: Диний фанатизм - улуттун келечегине чабылган балта
Жазылган күн: 26 Окт 2019
Автор ошондо эмне сунушуңуз бар? -
Темасы: Атеистминби .....
Жазылган күн: 12 Авг 2018