tagokg Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Жаран
- Билдирүүлөр:
- 145 (0,03 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Суперстан (27 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 12 Март 13
- Кароолор:
- 31 274
- Соңку аракети
- 05 Сен 2024 13:40
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Карапайым
- Жашы:
- 27 жашта
- Туулган күнү:
- Сентябрь 4, 1997
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Бишкек
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Мени туура түшүн алтыным.
Жазылган күн: 16 Окт 2016
"Мени туура тушун алтыным!" 28-барак!
Мен атам менен апамдан кабар алганча Салиманын тагдыры жонундо билгени бардым.Атам менен апам мен соз баштабайынча Салима жонундо эч нерсе айтышкан жок.Акыры озум соз баштадым.-Ата, апа Салиманы кокусунан коруп калган болчумун.Абалы ото аянычтуу корунду мага.Ал бактылуу жашап жатабы озу апа?Анын коздорундо когу бар болуучу.Кантип мындай эркекке турмушка чыгууга руксат бердистер ата дедим.Атам оор ушкуруп калды.Апам эч качан атамдан мурун соз баштоочу эмес.Бирок бул жолу чыдабай кетти окшойт.Атамдан мурда -эй балам.Ким ойлоду дейсин мындай экенин.Жакшылап сураштырыпда билбеген экенбиз.Карыган ата энеси бар.Ото жакшы адамдар.Ошолорду коруп эле макул болгон элек.Салима озуда танышып суйлошкон сон -апа эр тандап олтургудай бойдок кыз белем.Пешенемдегини корормун.Жашымда отуп жатат деп макул болгон болуучу.Эми минтип ай сайын эле козу когоруп журот.Бизгеда айтпайт.Бизда ар кимден угуп калабыз.Бир жери когоруп калса уйго такыр келбейт,ар нерсени бир шылтоолоп деди апам.-озу деги Салиманын кадырына жетпеген жолдошу кандай адам.Уй-булолук абалы кандай?Салима ошол инсан менен туболук жашап кетерине ишенсе болобу ата.Салимага кантип жардам берсем болот.Анын абалын коруп чыдай албай келдим ата дедим.-балам Бир жолу аялына кол которгон эркекке кудайым ыйман бербесе ал дагы кол которо берет.Озун билесин Салима мееримдуу зат.Ал жолдошунун каарыган кайнене кайнатасында таштай албайт.Анын устуно жакында эне болот.Балалуу болсок баары озгоруп кетет деген умут менен жашап жатат байкуш кызым.Озу ажырашам дебесе анан биз кантип аны мажбур кылабыз.Бираз куто туралычы жакшы болуп кетер.Куйо бала биротолу атасы менен апасынын пенсясына таянып алган.Ото жалкоо бала экен.Салима баргандан бери урушуп талашып бекер жаткан жерлерине эгин тегин кылышыптыр. Бардык уруш ошол иште деп айткандан болуп жатса керек.Таныштар аркылуу жумушкада орнотуп койгон болчумун,бир жумадай иштеп иштебей койуптур.Озу деги ойагында болбосо мин колдогонун бекер балам.Салимага уйго келгенде турмушуна иштет деп акча берсем албайт.-ата эмне кылас куйоо баланызды жаман уйротуп.Ансыз деле кайнатам менен энемдин пенсясына биротолу таянып алган.Алардын козу откон сон эмне кылат.Андан коо мен аны алдап болсода иштегени кондуром.Азыртан уйдон ташысам болбойтко деп эч албай койду.Сенда жардам жонундо ойлобой эле кой.Оз очогуна кул тарт балам деди атам.-Демек жалкоо жана арамза кишиге туш болуптурда Салима деп ичим ачыша тушту.-эй айта корбо.Иштебегени аз келгенсип тапканын ичип алат экен.Анан Салима биртке эгин тегин кылып тапкан акчасында талашса бербей калтак жееп жатпайбы?Мас болгон сайын эле -Салима атан сенин биринчи жолдошуна бир короо малды коросу менен берген экен.Эмнеге бизге эч нерсе берген жок.Менин андан эмне кем жерим бар.Атана барып айт бизге сенин улушунду мурунку эринден алып берсин деп чатак салат миш.Атан менен кенешип биртке мал кал кылып берели десем Салима керек эмес барибир ичип койот деп конбой жатат.Кее учурда чыдабай кетип Салима чырагым койчу ушул эринди.Адам куйуп калгансып ушуга эле жабышасын ажырашып тынч эле жашачы десем.-апа эмне кылам эрдин санын кобойтуп.Куйоо баланызды жаман десем ким мага жакшы эрин бермек.Жамандыда жакшы,жакшы дей берейинчи,бир кун онолор.Торосом балким озгоруп калар.Анын устуно карыган кайната менен кайненемдин куну эмне болот мен кетсем деп эле эч конбойт балам деди апам. -Анда эмне кылабыз апа Салиманын козунун когоргонун коруп корбогондой жашай беребизби?Салима менин болок аялым эмес.Бирок ал менин карындашым. Анын акеси катары мен чыдап жашай албай ата дедим.-Балам турмушта ойдо ылдый коп болот.Уй-булодо казан табак кагышат.Эри катын урушат,эси жогу болушат.Салима озу ооз ачмайынча биз анын турмушуна аралаша албайбыз.А сени айтпасамда болот балам.Оз бактын жонундо кобурок ойлон.Салимага биз озубуз кам коробуз.Арканды узун ташташ керек,тартатурган мезгил келгенде тартабыз балам деди атам.Ошентип атам менен апам мени Салиманын турмушуна аралашыма жол берген жок.Жардам берууну айтпасакда болот.Ооба алардын созу ак,бирок бир мезгилде мени бутума тургузган адамдын кыйналып жашап жатканын коруп билбегендей жашоо ото кыйын экен............. ........
Ар бир эркек заты бул жашоодо оз канынан жаралган балдары болушун ото энсеп жашайт.Кудайым мага азырынча перзент ыраа корбогон болсода менин жашоодон конулум ток.Оз канымдан жаралбаган болсода,алыстан барсам аталап чуркап чыгар бир эмес уч балам бар.Алар учунда мен ар дайым уйумо шашамын.Уйундо куто турган жарын жана балдарындын бары озу чон бакыт турбайбы?Баарыбыз бала деп омур сурот турбайбызбы? .. Убакыт отуп жатат.Кайрадан жалбырактар тогуло баштады.Салиманын гана кыйналып жатканын эске албаганымда мен досторум катары бактылуу жашап жаттым....
Коптон бери энсеген кунубуз келип мен балдарым жана аялымды алып досум Белетикине конокко бардым.Алар бизди келет деп аябай дайарданышыптыр. Коптон бери жолукпаганыбыз учун болсо керек бири бирибизден коз узо албай копко суйлоштук.Создорда топтолуп калыптыр.Мен алардын уйуно Салима менден кеткенден бери биринчи жолу бардым.Салиманын ордунда жанымда Гулкайыр болуучу.Венерада бизди коруп аябай кубанды.Мен Венерадан ачуу устундо айтылган создор учун кечирим сурадым.Ак конул жана меримдуу эне болгон Венера -Койсончу Тилек достордун арасында тарынуу болгону жарабай.Кечирим сурагандын кереги жок деп койду.Гулкайыр болсо эч нерсени тушунбой бизди бир карап койуп олтурду.Биз Гулкайырдын козунчо Чынара жонундода,Салима жонундода Суйлошо алганыбыз жок.Бири бирибизге алар жонундо айта турган создорубуз ото коп болуучу,бирок олтурган жерибиз тардык кылды окшойт суйлошо албадык.Биз Белек окобуз аялдардан ажырап сыртка чыгып суйлошуп калдык.Белек сурагандан мен Салима жонундо билгенимдин баарын айтып бердим.Ал да аябай Салимага ичи ачышты,ото кейип -Салима сенден кетпей эле койсо болмок досум.Бирок бала дегенде аялдардын эки козу торт болотда.Жакшыда кош бойлуу экен,аман эсен тороп алса ажырашып кетседа мейли эле деди ал.Бир убакта мен Белектен-Эрмек менен Чынара да журушобу?Алар биздин келишибизди уктубу дедим.Белек бираз озгоро туштуда анан озун ондоп-Жакшы эле журушот досум.Билесинда Эрмек азырынча сени уйуно конокко чакыра албайт.Ушундай тагдырда досум.Ал сен менен Чынаранын жолугушунан коркот.Менда аны колдойм дос.Озун ойлоп кор.Чынара сенин мурунку чогу жашаган аялын болгон.Азыр болсо Эрмектин аялы.Аялын кызганбаган эркек эркек эмес досум.Кызгануу бул ото жаман сезим.Адамды жаман жолго баштайт.Менин ойумча сен Чынараны такыр унутупда болдун корунот.Сен арабызда ото жолдуу жигит болдун досум.Жолдуу жигитке ажалдуу кийик жолугат болуп,айланандагы бардык аялдар сабырдуу жана акылдуу.Тим эле бироо сенин тагдырынды колу менен жасап жаткандай.Ушундай акылдуу сабырдуу аялдар менен жашаган ар кандай эркектинда козу ачылбаса олгон экен дос деп Белек тамашалашып калды.-Ошондой окшойт досум деп кулуп койдум.-Эртен окообуз бала чакасыз озубуз эле барып Эрмек менен жолугушуп келебиз деди мен макул болдум..... Эртеси куну Белек окобуз Белектин машинасы менен Эрмекти коргону жолго чыктык.Барар баргынча Орусияда иштеп жургон кундорубузду эстеп кулдук,кее жерлеринде окундук,откон омурубуздон сабак алдык.Ошентип кантип жеткенибиздида билбей калдык.Белектин машинасы туура мен Салима менен шаарга келгенимде жашаган конок уйуно келип токтоду.Мен тан калып -Белек эмнеге бул жерге келдик деп сурадым.Ал -Эрмек ушул жерди тандады деп ал машинадан тушту.Менда тушуп колу бутубузду жаздык.Белек мага жакын келип -Досум азыр шашылбай сен озун жашап кеткен болмого которулобуз. Ал жерде бизди Эрмек кутуп турат.Сен эркексин озунду колго ала бил деди.-Деги озу тынччылыкбы Белек менден эмнени жашырып жатасын дедим тасирлене.Ал -азыр оз козун менен коросун кеттик деди.Биз ошол мен жашаган кабатка которулдук. Колдорум калтырап болмонун эшигин ачтым.Кандай гана коз менен карабайын болмодо Эрмек майыптар каласкасында, коздорунон жаш тегеренип олтуруптур. Онумбу тушумбу деп ишене албай оозум ачылып акырын барып Эрмектин колдорунан кармап анын алдына олтурдум.Окобуздунда коздорубуздон жаштарыбыз жамгырдай куйулуп жатты.Эрмектин абалын коруп бардык дене бойум дуркуроп чачтарым туруп кеткен болуучу.Биз бири бирибизге бир ооз соз айта албай кучакташып, унубуздун барынча окуруп ыйладык.Эшикке суйонуп коздорунон жаш агып жаткан Белекда бизге келип кошулду.Бир убакта -Досум эмне болду сага?Эмне учун мындай абалга тушуп калдын?Эмнеге мага бир ооз кабар бергенинер жок.Кайдан болсода жетип келмекмин дос дедим коздорумдун жашын арчып.-Бул мага кудайымдын берген жазасы Тилек.Эми акыйкатты жашырган менен пайда жок.Абирим алдында ушул кунго чейин кыйналып жашадым.Сен болсо мени чыныгы дос деп эсептейсин. А мен болсо сага эчак эле кыйанат кылганга жетишкем досум.Билал менин балам экенин дарыгерлер аныкташкан болсода сен ишенген эмессин.Ишенгинда келбеди.Оба озун айткандай Чынаранын намысына биринчи сен тийгенсин.Сага чейин ал кыз бала болгон.А мен болсо кош бойлуу Чынарага уйлондум.Бирок Билал сенин балан эмес менин балам болуп чыкты.Сен бизге соз бергенин учунда бизди тынч койуп кетип калдын.Сен ишенгенин жок.Балким сен Белекти таныш дарыгерлери менен тил бириктирип койду депда ойлогон болушун мункун.Бирок бул акыйкат досум мага ишен.Билал менин канымдан жаралган балам деди Эрмек коздорунон сызып жаткан жаштарын арчып.-Кандайча дос деп сурадым.-Тилек Чынараны сенденда каттуу суйгонумду билесин.Ал сени тандаганы учунда аны жек коруп,бирде суйуп,бирде тарынып журдум.Махабат менин коздорумду кор кылып койду.Ошондо мен Чынарадан болок эч нерсени корбой калдым.Куну туну ойлогонум жалгыз кана ал болуп калды.Ал болсо сени менен кыз жигит болуп журот болуучу анда.Менин ого бетер ичим куйуп журду.Канткенде Чынараны озумуку кылсам болот деп ойлоп журдум.Эч кимге билдирбей аны мен алыстан дайыма коз салып журдум.Чынара иштен ото кеч чыкчу.Кееде автобуска илешпейда калчу.Ошондо Чынара жашаган жерине жоо кетчу.Ар дайым ал кеч калганда сен аны тосуп алып жеткизип койчун.Мен силерди корчумун.Бирок бир куну ал сенин келишинди кутпой озу жоноп кетти.Корсо ошондо ал сен намысына тийгенин учун сенден таарынып жургон турбайбы.Ал жалгыз кетип жатканынан пайдаланып менда анын артынан байкатпай жонодум.Озун билесин бир жерде жакын жол деп гараждарды аралап отчу эленер.Ошол жерге келгенде мен Чынаранын артынан барып оозу мурдун басып карангыга судуроп барып зордуктадым дегенде Эрмек мен ордумдан туруп кеттим.Ичим алоолонуп куйуп чыкты.Тиштенип гана дерезеден сырты карап туруп калдым.Белекда олтурган жеринде эстеликтей катып калыптыр.Эрмек болсо созун уланты-Карангыда Чынара мени таныган жок.Оз мокумумду кандырган сон эмне кылып койгонумдан коркуп кетип Чынараны таштап кетип калдым.Жаман ойумда эгер Чынара кош бойлуу болуп калса барибир Тилек ага уйлонбойт.Чынара меники болот деп ойлодум.Бирок сен менден мурда Чынаранын намысына тийгенинди Белек айткандан сон гана билдим.Эгер кокус Чынара кош бойлуу болуп калсада бала кимден экени белгисиз калат.Тилек эми барибир баланы меники деп ойлойт деп кылган ишимден аябай окундум.Кыйналып кеткенимден айылга кетууну чечтим.Бирок Чынаранын кош бойлуу экенин билип кете албай калдым.Башым катып турган кундордун биринде кутулбогондон сен кош бойлуу Чынараны таштап кеттин.мЕН Чынараны чексиз суйгонум учунда сенин катандан пайдаланып калууну чечтим.Чынараны мага турмушка чыгууга кондуруу учун озумду ага боорукер жана акылдуу жигиттей корсоттум.Чынара такыр мага конбой туруп алды.Акырын озун билесин Тилек биз сеникине бардык.Сен Чынараны кабыл алганын жок.Мен Чынарага уйлондум.Бирок ал торой турган бала менден болуп каларын озумда кутпогон болчумун.Ал торогунчо ойлонуп жашадым бала киден болду экен деп.Чынара торогондон кийин наристени коргону шашылдым.Мен ошондо баарына дайар болчумун.Бала сенденби менденби барибир менин балам болот деп.Билалды биринчи жолу колума алганымда эле сезгенмин ал менин балам экенин.Ал чонойгон сайын кубанычым тоодой которулуп жашадым.Ошондуктанда сен менден Билалды талашканында сага бере албадым.Жанымды сурасанда бермекмин ошондо бирок баланы беруу кыйын экен.Сен мага днка тестен откорууну сунуштадын, Билал кочуруп койгондой мен экенимдида билип туруп.Мен дагы бир жолу бала меники экенин далилдеш учун макул болдум.Чынарага билдирбей баарын аткардым сен ойлогондой. Бала меники болуп чыкты.Сенин шанын сынып,ыйлап кеттин мен болсо кубанганымдан озумду койорго жер таппай асманда учуп журдум.Бул менин сага кыйанат кылганымдын бир болугу.Аяш энемеда мен сен жана Чынара жонундогу жалган жала кабарларды жеткизип тургам.Мен аяш энеме Чынара болок адамдан кош бойлуу болуп алып,Тилектин ак конул ишенчек бала экенинен пайдаланып алдап кармап алып олтурат.Чынара жакшы кыз эмес.Кандай гана болбосун баланызды чакырып алын деп коп жолу айтып катындын кейпин кийген эркек болуп жашадым.Мен аяш энемдин номерин сенден эмес Белектин номеринен уурдап алган болчумун.Менде мурда мындай арам ой пайда болгон эмес эле.Белектин телефонунан сенин апандын номерин коруп калганым учунда ушундай жаман ойлор пайда болгон эле.Бул жерде Чынаранында Венаранында, Белектинда айыбы жок баарысына мен кунолуумун жалгыз досум.Мына эми азабын тартып жатам.Ошол днка кагазы канчалык тагдырымды озгортуп саларын эч ойлобогон экенмин.Кандай ой менен ал кагазды уйго алып барып катып койгонумду озумда азыркыга чейин тушунбойм.Ошол Билалды менин балам деп далилдеген днка кагазын бир куну Чынара уйду жыйып терип журуп таап алыптыр.Уйубуздо уруш башталды.Чынара аны карангыда зордуктаган бала мен экенимди билди.Окобуз копко тартыштык.Мен ага тушундургону арекет кылдым.Бирок ал тушунгусу келген жок.Ал мага -Билал эч качан сенин балан болбойт,Ал мен учун ар дайым Тилектин баласы бойдон калат деди.Мен анын создорун укканымда коздорумдон от чачырап кетти.Токтоно албай аны жузунон ары бир шапалак уруп жибердимда болок болмодо уктап жаткан Билалды которуп барып машинама салып жоноп кеттим.Чынаранын -токто суранам шашылба деген создорунода карабай.Кайакка жол алганымды машинамды кандай тездикте айдаганымдыда озумда билбей калдым.Башымда бир гана Чынаранын -Билал эч качан сенин балан болбойт.Ал мен учун ар дайым Тилектин баласы бойдон калат деген созу айланып жатты.Андан болок эч нерсени эстей албаймын досум -А Билалчы? Билалга эмне болду? Билал кайакта дос деп айттым шарт бурулуп Эрмекке карап.Ал мурдагыданда оксуп ыйлап жиберди.Мен болсо коркуп кеттим.Эрмек башын которуп -Эми болок Билал жок досум.Ал бизди таштап учуп кетти деди.-Жок дос болушу мункун эмес.Билал деп тизелеп жыгылып,жер муштап ыйлап калдым.Коздорумдон жаш эмес,бардык жан дуйномду сыздатып кандар агып кетти.Башымды которуп-Эрмек сен эркектин ишин кылбаган экенсин.Бугундон баштап менин сендей досум жок.Мен баарысы учун сени кечиришим мункун.Бирок Билал учун мен сени эч качан кечирбеймин, эч качан унутпагын! дедимда сыртка карай жонодум досум Эрмек болсо Тилек дегенче калды олтурган жеринде.Белек болсо мени токтоткону арекет кылды бирок пайдасы болгон жок.Алар эмне жонундо суйлошту билбедимго айтор Белек менин артымдан эле чыкты.Биз жоноп кеттик.Мен канча озумду колго алганы арекет кылсамда коздорумдун жашын эч тыйа албай койдум.Биринчи коргон наристем болгону учунбу билбедимго Билалга мееримим озгочо болуучу.Жолмо жол Билалдын элеси коз алдымдан кетпей койду.-Эх кулунум Билал биз акылсыз чондорду кечир.Сенин алдында баарыбыз кунолуубуз деп ыйлап келе жаттым.Белек болсо мага Эрмек жонундо бир демелерди тушундургусу келди.-Мен ага кыйкырып -Эрмектин атында уккум келбейт дос дедим........... ............ уландысы бар.
Периште карындашым капа болбо жаза элек экенсин жазып койдум элдер кутуп калышты -
Темасы: Мени туура түшүн алтыным.
Жазылган күн: 15 Окт 2016
"Мени туура тушун алтыным!" 26-барак!
-Апаке мен дагы келдим бугун сиздин алдынызга.Сизди канчалык коргум келип жатканын,сизди канчалык сагынганымды билгенинизде эле,балким мени эч качан таштап кетпеген болот белес.Алтыным апа сиз коруп тургандай,менин бактымды коштоп,аппак каар жаап жатат.Сиз аябай карды жакшы корчу элес.Менда жакшы коруп калдым.Кыш мезгилин копчулук жактырбайт. Бирок кышта мен бактымды тапканым учунда,бул мезгилге мееримим озгочо болуп калды.Менин ойумча бул акыркы кар болсо керек,окобузду кубанычка бологон.Себеби жакында жаз келет апаке.Апаке мени акылсыз деп ойлобон.Мен дуйнодо эч бир аялды сизди жакшы коргондой коро албайм.Менин суйум бир гана сизге арналган.Апаке Чынара окобуздун тойубузга каршы болгонунузда ичимден барибир капа болгон элем.Бирок сиз ак болуп чыктыныз апаке.Билал менин балам эмес Эрмектин баласы болуп чыкты.Сиз айткан элес ал сенин балан эмес деп.Мен ошондо бул жонундо ойлогумда келбеген болуучу.Сиздин журогунуз сезген экен апаке.Сизге кулак салбай кокус Чынарага уйлонгонумдо бала менден эмес Эрмектен экенин билуу,мен учун олум менен барабар болот эле.Мен эч качан Чынараны кечире албаган болот элем.Жакшыда Салимага уйлонуп туура кылган коруном.Чынараны бир омурго жек коруп жашагандан коро,анын алдында кунолуу болуп жашаган мен учун артык апаке.Апаке кантип Билал Эрмектин баласы болуп калды депда жаткандырсыз. Мен акыйкатты эми издебеймин. Кандай болсо баарын ошондой калтырып гана бактылуу жашагым келип жатат.Мен Чынараныда Эрмектида кечирдим.Болгону Салимага азыркыга чейин ичим ачышат.Эмнеге экенин билбедимго апаке Салимага болгон ички туйгуларым озгочо болуучу.Такыр аны унутуунун эч мункунчулугу болбой жатат.Ал барибир мен учун башкача апаке.Капа болуп жаткандырсыз апаке озунон канча улуу аялга уйлонуп алды деп.Апаке эгерде капа болгон болсон мени кечир.Апаке азыркы уйлонгон аялымдын тагдыры сиздин тагдырынызга коп жерлери окшоп кетет экен.Ал да сиздей,Салимадай аябай кучтуу аял.Сабырдуу жана ыймандуу аял.Апаке сиз ойлобон ал мени суйуп калды деп.Ал балдарынын келечеги учунда мага турмушка чыкканы мажбур болду.Атам ичип жумалап,айлап уйго келбей жургондо сиз бизди,кундуз кечке талада иштеп,туну келип кир жууп,нан жаап кантип кыйналып бактыныз эле.Кышкысын отун жок канчалык кыйналчубуз апаке.Мени тушунун апаке.Мен дагы бир аялдын сиздей азап чегип жашашына жол койо албадым.Анын коздорунон сиздин кайратынызды, сиздин сабырынызды, сиздин ыйманынызды кором апаке.Колубуз нанга жетпей жургон кезде,бироо бир туйрам нан бергенде канчалык кубанчубуз. Сиз айтчу элес балдарым бир кун келип колдорунар бутун нанга жеткенде,жардамга муктаж адамдардан жардамынарды аябагыла дечи элес.Мен сиздин айткандарынызды гана аткардым апаке.Биринен бири ширин болгон балдарды бир коргонунуздо эле апаке.Сизда мендей жипсиз байланмаксыз. Канча ойлонуп корупда барибир мен ал балдарды таштап койо албадым апаке.Мен ардайым ушулардай балдарым болусун арзу кылган болчумун.Алар уйубузду бутундой бакчага айлантырып жиберди.Эрте менен кечке чейин балдар менен алек болуп,откон армандуу омурду эстегенида убакыт болбой калат экен апаке.Ошондуктанда баласыз турмушту элестете албай Салима менден кеткен турбайбы?Анын менден кеткенин,мага кыйанат кылгандай кабыл алып бирда издеп барганым жок болуучу.Эми аны тушундум.Бала жашоонун негизги мазмуну экен.Апаке билем эмне жонундо айткын келип жатканын.Буйруса бир куну озумдунда балам болуп калар.Биздин урпагыбызды улай турган.Жашыбызда канча айырма болсода мен аялымды сыйлайм жана урматтайм.Анын эне деген аты учунда.Элдер эмне деп айтышса айта беришсин.Ит уро берет,кербен журо берет.Мен бактылуу болуу учунда ушул жолду тандадым.Женелерим мени коптогон жаш кыздар менен таныштырышты. Мен дагы бир жаш кыздын убалына калуудан корктум.Ошондуктан болсо керек,Эч кимисине конул койо албадым.Конулу жок адамдан ким болсода бир кун зеригет.Бардыгы эле Салимадай боло алышпайт.Ошондуктанда апаке мен озумо бир турмушту коргон,тажрибалуу аялды тандадым.Биздин арабыздагы жылуу мамилени балким суйуу деп айтып болбостур.Бирок биз бири бирибизди ото сыйлап кадырлайбыз. Демек суйуусузда жашоо боло берет экен апаке,эгерде ортодо ынтымак болсо.Мен келечектеги балдарымдын апасы сиздей кучтуу жана сабырдуу аял болушун кааладым.Апаке жаштык кылып,турмушту тушунбой журуп канча аял журогумдон откон болсода,мен эч бироосун сизди суйгондой суйо алганым жок.Менин суйум бир гана сизге арналган апаке.Эч бир аял журогумдогу сизге болгон суйумдун ордун баса албайт.Сизге болгон суйумдун канчалык кучтуу экенин далилдеп,козунуз отконуно канча жылдар болсода сиздин корсоткон жолунуз менен жашап келе жатам.Сиз мен учун салып кеткен чыйыр жол менен гана бакытка жеттим апаке.Канча аял журогумду жаралап отту.Мен аларды жактырдым,суйдум. Алар менин тируулуктогу бейишиме айланды.Бирок бейиш сиздин бутунуздун астында апаке.Окобуздун суйубуз киндик каным тамган тоолордун арасында жашай берет апаке.Тоо которо алгыз кайгыны биз котордук апаке.Демек биздин суйуу тоолордун кереметиненда кучтуу турбайбы? мен дагы келем апаке сизди сагынып деп апакем менен копко суйлошуп олтуруп гана жоноп кеттим.Мен учун эн тынч жана эн кереметтуу жердин бири бул апам жаткан жер.Мен апам менен кечке чейин суйлошкондон тажабаймын. Эч кимге айта албаган сырларымдын баарын апа менен гана болушом.Башыма канчалаган тагдыр сыноолору жамгырдай жааган болсода,баарысын апамдын деми менен гана жендим,апамдын элеси менен гана туболук жашаймын..... .....
Бирде кулку,бирде жылмайуу менен гана жашоо улана берет турбайбы.Мен аялымды эже деп тамашалап чакырып,озумдун кулкум келе берет.Ал болсо чычалап -болдучу Тилек тамашанды койсон.Сен эми менин жолдошумсун. Атымды айтып чакырчы деп калат тарынгандай тур менен.Мен ого бетер аны тамашага салып -уйроно албай жатам.Эже деп эле чакырганым он болсо керек деп койом.Ошентип окобуз эч ким жокто тамашалашып турмайда болдук.Аялымдын аты Гулкайыр.Мен анын атынан чакырганы,аны сен деп суйлогонго бара бара конуктум.Салима дайыма мени сиздеп суйлоп,бир жолуда атымды атабаганына уйронуп калган экенмин,Бирок Гулкайырдан мени сиздеп айтуусун сураганымда жок.Болгону анын жанымда болгону гана озу гана жетиштуу болучу.Копчулук менен суйлошуп калсам мага коз карашынан байкап калам.-канчалаган жаш кыздар турса,кайдагы уч балалуу бир немеге уйлонуп алды дешет.Ар бир эркек затынын мунозу ар турдуу.Мен учун конулум болбогон жаш кыз менен жашоо,сойку кыздар менен тунду чогу откоргон менен барабар.Мейли жашыбызда айырма болсун.Бирок конул кушум конгон аял менен бир кун жашоо,мин кун конулум жок кыз менен жашаганга барабар.Эмне учун мен Салимадан омур бойу ыразы болуп жашап келе жатам.Анын бактысы жонундо коп ойлоном.Корсо Салима менин коздорумду ачып мага ото коп нерсени уйротуп кетиптир.Байкуш озу алгач кучагымда азап менен жашаган болсода,мага бирда коз жашын корсотпой,мени турмушка дайардаган экен.Мен ага сездирбегени арекет кылып анын создорунон ото коп тарбия алчумун.Журогум муздай тонуп жургон кундорумдун биринде Салиманын,уйго келген адамдарга жылмайып кулуп мамиле кылганы,кочодо озун бактылуу жандай алып жургону коп деле жага берчу эмес.Мен ага -Салима журогундо канчалаган арманын боло туруп эмне учун эч кимге билдиргин келбейт? деп сураган элем.Ошондо ал муздак узун тундордун биринде ал -мен сиздин аялыныз кана эмес,ар намысынызда болом.Менин жылмайып кулуп жургонум сиздин жетишкениниз, сиздин намысыныз.Конулум чогуп,капа болуп журсом бул сиздин кемчилдининиз болот.Мен адамдардын коздоруно жудо корунуп сизге соз тийишин каалабаймын. Ичимден эмне отуп жатканын,жалгыз кудайым,жалгыз озум жана бизди коштогон жалгыз муздак карангы тун кана билет.Жузумду болсо бутун эл коруп сизге баа берет.Биз аялдардын ар бир бакытка карай баскан кадамыбыздын баарысы жолдошубузга коз каранды деген болучу Салима.Азыр аялым Гулкайырды карап олтуруп,мен биринчи жолу коргон жудогон эжеден изда калбаганын байкадым.Ошондо эже козумо суу жетпеген дарактай куруп бара жаткандай корунгон болуучу.Эженин солокотун балдарына болгон суйуусу гана кармап тургандай эле ошондо.Азыр болсо такыр болок аялга айланды.Жузуно кан жугуруп,мурункуданда жашарып кеткендей сезилди мага.Жолдошун кутуудон каректери чарчаган эженин,бугун менин аялым болуп гулдой ачылып жатканын коруп ичимден ойлоп калам.Салима мен сен айткандай Эркек болуп жашап жаткан коруном деп.Барибир эркекпизда эч бир жерден аялыма сыр бергим келбейт.Болгону ичимден гана ага ыраазы болом.Кудайым мага канча сыноо берген болсода барибир шукур кылам,учунчу жолуда мага ыймандуу аял менен жолуктурганы учунда.Уч балам оздорунчо эле бир дуйно.Тан калыштуу,мындай кереметти сезбей мурда кайда журдум экен.Учоосунун кылык жоруктары уч болок.Кун сайын осуп улгайып жатышканы учунда,ар куну ар турду жоруктарын байкап калам.Эх бала деп кана жашайт экенбизда.Балдарынын кылык жоруктарын корбой,осуп жатканын сезбей канчалаган ата эне талаалап журот,гор тиричилик деп.Эх арманду дуйноо кандай гана заманга туш келдик........
Жадырап жаз келип талаа жумуштарыда башталды.Малы кал менен чабандарды жайлоогода кочуруп таштап келдим.Баары биз ойлогондой эле жакшы болуп жатты.Белек менен тез тез суйлошуп турдум.Бирок Эрмек мага эч чалган жок.Белектен сурасам жакшы журушот.Алар тынч аман жашашып жатышат дейт.Озу болсо ар чалган сайын -аштын бойунда болдубу деп сурай берет чын тамаша аралаш кылып.Мен болсо -буйруса болуп калар дос куто туралычы деп кана кутулам.Бир куну аялым Гулкайыр аба алмаштырып жайлоого чыгып келбейлиби эмне дейсин деп калды.-озумда ошону ойлоп жаткам.Талаа жумуштарын жайгаштырып болдук.Балдарда тазза абада кымыз ичишип эс алып келишет дедим.Гулкайыр балдардын кийимдерин туйуп дайардана баштады.Мен болсо азык тулук алып келгени базарга жонодум.Балдарым болсо -менда атам менен барам деп баарысы чурулдашып мага эрчишет.Гулкайыр ата деп айткыла деп балдаргада уйротуп койгон болуучу.Алар ата деп чурулдашса, ден бойум дуркуроп муздак тер баса тушот.Менида бироо ата деп чакырат экендеп коздорумо жаш тегеренет.Ата деп алар мага эркелешкен сайын аларга болгон аталык мееримим кундон кунго кучой берди.Эми ойлоп калам кайсы жуз менен барып Эрмектен Билалды талаштым экен деп....
Балдарды Гулкайыр жуунтуп тараймын деп ыйлашсада мага кошуп жоноткон жок.Шашылып эле базарга жонодум.Тез эле базарлык кылып кайтайын балдар ыйлап калышты деп жургонмун кокустан эле базарда эки оор сумканы которуп жудоп калган Салиманы коруп коздорум карегимден чыгып кете жаздады.Алда мени коро калып,кормоксунго салып шашылып ары карай басып жоноду.Мен колумдагы базарлыгымдыда таштай салып Салиманы коздой жугурдум.Анын жолун тосуп -Салима дегенче катып калдым.Салима менин жузумду караганда жок.Кош бойлу Салима унсуз гана ыйлап жатты.Анын бир козу когоргонун коруп,жолдошу жакшы адам эмес экенин тушундум.Аз эле убакыттын арасында ондон тайып,ушунчалык жудоп калган Салиманы коруп ичим туз куйгандай ачышып кетти.Ошол Салимадан асыл жанга кол которгон акмакты барып олгончо тепкилеп ургум келип турду........ уландысы бар. -
Темасы: Бүгүн ЖКнын ачылыш жыйынын бөтөн улуттун уулу ачты
Жазылган күн: 29 Окт 2015
Мыйзам боюнча ошондой, ага эч кандай уялуунун кереги деле жок. Эн улуусу болсо ошол ачат да, куру намыска алдыра бербегиле, эртен эле спикер шайланат. -
Темасы: Ош шаарынан 2 бөлмөлүү батир сатылат.
Жазылган күн: 1 Сен 2015
баасын жазсаныз. -
Темасы: Өч алыш керекпи?
Жазылган күн: 20 Апр 2015
Бир кездеги озумдун башыман откон окуяны эстеп бир жылмайып алдым))).
Тема боюнча айтсам, сен ал кызга ото эле коп конул буруп жибергенсин, кызындын мамилеси ошондон. Сен канчалык жабышкан сайын ал сени коргусу келбейт. Эми сен бир аз озгоруп, ал кызга коп корунбогонго аракет кыл, капыстан коруп калсан учурашып гана отуп кет. Башка кыз менен мамиле тузуп кор. Ансыз деле жашоон отуп жатканын билдир. Убакыт отуп аны унутасын, ал кыз учун баш оорутканыны эстеп кийин кулкун келет мага окшоп))), себеби туболук суйуу деген нерсе жок.
Достору
-
FIANIT -
vaselisa -
лунка -
Asecha -
admin_media -
uchkunbek -
ainura220888 -
Oshaninka -
Begimkyz -
Jakusya -
Merin -
Umnitsa -
Leila86 -
Ziregul -
88inara88 -
kalpakkg -
eldiyarmacho -
Aizatka.kg -
nooken.kg -
jass00 -
alibekova94 -
aika2013 -
Sweet-Lika -
Ackap -
SAMAT.96 -
Aisanat -
gemma95 -
Dauletika -
myrzayym -
meerim8793 -
DNurgiza -
danko2013 -
Kaky25 -
antiwithin14 -
momuntay -
madina.87 -
mrbin777 -
Aijamal_95 -
burn