Билдирүүнү түзөткөн: teltaeb: 24 Март 2019 - 01:11
Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер
#122 26 Март 2019 - 21:09
#124 07 Май 2019 - 11:15
aijan (11 Февраль 2015 - 14:04) жазган:
Кулдуросуз го!
Тамактануу эмес, узун жолду кыскартып суйлошуп, кобурашып кетуу.
Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келатып:
— Ат жалына казан ас, балам,— деди. Төлөмырза жерге түшө калып, аттын жалына от коюп, өрттөп жиберди.
— Эй, балам, ат жалына казан асуу — канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз ,— деди атасы.
Дагы бир топ узагандан кийин:
— Балам, узун жолду кыскарт,— деди.
Телөмырза аттан түшө калып, жолду кетмендеп жиберди.
Жээренче чечен:
— Жолду кетмендеп кыскарта албайсьң, балам. Узун жолду кыскарт деген — кызыктуу кеп сал деген сөз. Көп эрмек болуп, жолдун кандай өткөнү билинбей калат.
Сен маңкурт эмессиң!
Атаңдын аты - Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...<
Атаңдын аты - Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...<
#125 07 Май 2019 - 11:21
Bakai_00 (05 Январь 2019 - 22:16) жазган:
Кабелтен созу кандай маанини берет
"Кабелтең" деген сөз "күчтүү" , "алдуу" , "ден соолугу чың" деген маанини берет. Адатта эркек адамга, толукшуп турган жигиттерге колдонулат. Колдонулат дейм да, колдонулчу десем туурарак болот го. Азыр бул сөздү эски китептерден эле жолуктурбасаң, өз ара маектешкенде, жазышканда "зыңк" деп калбадыкпы.
Билдирүүнү түзөткөн: dmd: 07 Май 2019 - 11:22
Сен маңкурт эмессиң!
Атаңдын аты - Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...<
Атаңдын аты - Дөнөнбай, Дөнөнбай, Дөнөнбай...<