Altyshok (23 Апрель 2019 - 13:12) жазган:
Ар нерсени кайталабай бир айткан
Аңдай албай жүрөм десең, а бирок
"Акын элем" деп жигитке ким айткан?
Өнөм десең кам көргүнүң бешиктен
Өнөрүңдү туура болбос бекиткен
Оңой акын көрүнбөйсүн сен деле
Оюң кандай Кыргызжигит чекит ком?
Катпасам да билдиң окшойт сырымды
Түзөтсөмда окупсуңар ырымды
Жок талантты көрүп туруп акыры
Эп көрдүмгоо айтууну мен чынымды
Поэзия илим эмес казчуудай
Поэзия билим эмес жазчуудай
Талантым жок абийирим бар акыры
Сен эмесмин акынмын деп алчуудай
Азилдешип койдум аман болгула. Уйкашса болду деп жаза бербей жан дүйнөңөрдөгү сөздү жазгыла.