Билдирүүнү түзөткөн: raia: 09 Июнь 2017 - 12:41
- (26 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »
Бала чак Бала чак
#1 09 Июнь 2017 - 12:40
#2 09 Июнь 2017 - 13:00
Кыздын сыры..
Мен кундолук ачтым.
Кундолугум, сен менин сырдашым бол.Журогумдо толуп ташкан кубанчымды да откон капачылыгымды да саа айтам,сен сырдашаар сырдашым бол,кенешер кенешчим бол.Мен саа баарын,баарын айтам...
Балалык кезде тируулой жетим калып,азап чекен балалыгымды, таятамын мээримине жылынап аз да болсо сагынып куткон атамы унутуп,балалыктын аз да болсо жакшы кундорун откоруп бирок тез эле томолок жетим калып,таятам менен тайэнемен ажырап,куса болуп саргарып,ар кимден мээрим издеп.,эчен жаздыгыма коз жашым тогулуп,ата энемдин караанына зар болгонумду жазгым келди...
Эч кимге айта албаган, эн жакшы коргон адамым тууралуу да саа айткым келди...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 09 Июнь 2017 - 13:01
#4 09 Июнь 2017 - 13:34
- Акен,атты оз эркине кой,бош кой,дээр эле.
- Байке жыгылып кетсемчи коркуп атам.
- Жок коркпо атты оз эркине койсон, ат озу билет кай жерди басса оной тушушту.Ат жаныбар озу акылдуу болот.Эч качан сени жыкпайт,сен ээрге бышык отуруп,узонгуго бутту салып,озунду эркин сез дээр эле.Ошонтип кичинемен ат жалында журуп чонойдум.Атам, энем жана мен дайыма ээн жерлерде жашар элек.Бирде асман тиреген тоолордун арасында же болбосо кол жээгинде жашар элек.Эч ким жок зеригер элем.
Уйго мейман келип калды кийин улантышка туура келип калды..
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 09 Июнь 2017 - 13:34
#5 09 Июнь 2017 - 14:11
#6 10 Июнь 2017 - 01:30
Уктап жаткан жеримен
- Алтын кызым тура гой,атан бизди кутуп атат деп тургузду.Атам бир атка минип,энем бир атка минип,мени оноруп айылга кеттик..
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 01:31
#7 10 Июнь 2017 - 01:46
Аркама кылчак,кылчак карайм бирок коро албадым.
-Шук отур,жаман уйунду жер сорбойт деп энем урушуп берди.Канча журдук эсимде жок,келсем куурчактарымдын беттерин чожолор чокуп,шалтактап бизди уйдо кутуп жатыптыр.Коруп ыйлабадым бирок ичим жаман ачышты.,уялганыман куурчактарымды карай албай,кыйналганым эсимде.Корсо ошол мезгилдеги куурчактар, апилкеден жасалат белем. Оор болот эле,зорго которор элем.Бирок коп отпой атакемдин заказы менен .
#9 10 Июнь 2017 - 08:07
- Ата мына сиздин заказыныз деп атама берип.Атам жаш баладай суйунуп,корбкаларды ачып,курчактарымды мага берип,койногумду кийгизип.
- Балапаным, койногун морт болсун,жанын бек болсун,куурчактарынды эми эшике чыгып ойной бер,чожолордун тиши отпойт.Балам куурчактарына куноокор болуп ойной албай калбадыбы,сомсойуп калды деп бажырандап карс карс кулуп,кыз куйосуно ракматын айтып отурду.Ушул учурлар менин эн бактылуу кундорум экен.Бирок негедир коп ыйлаар элем,ыйлаганда да жол карап ыйлаар элем.Энемдин жини келип,ачууланып мени опузалап урарар эле.
- Абышканай кара мынабуу чаар ичегини,унутпай атат деп чымчылап жанымы кыйнап жиберер эле.Атакем буту ооруп баса албаса да
- Кач ,кызым,тозокудан кач деп мага кулачын жайар эле. Кучагына кирип кетсем,кутулуп жаным жай алып,женилдей тушор элем.Балдагы менен тап берип,урдурбай арачалап,бооруна бекем басып,чачыман шуу шуу жыттап,кээде мени менен кошо болоктоп ыйлап алар эле...
#10 10 Июнь 2017 - 08:41
Журогумдо бир нерсени сезгендей болор элем бирок акылым жетпей,энемдин урганына тан калар элем.Ичимен бушайман жеп энемди жаман да коруп кетет элем.
Кыш мезгили келгенде оз уйубузго жашап,келим кетим коп болор эле.Бир куну эки мейман келди.Атам менен кучакташып корушуп, тордо сыйлуу конок болуп отурду.Дагы сакалчан кары Манасчы ата келди,эки уч атамын достору келди.Кой сойулуп,конок каадасы болуп атты.Мен атакемдин жанында жылбай отурам,эки козум кара плащ,кара шляпа кийип келген кишиден козуму албайм.Ошол адам чыкырса,учуп эле жеткидей акыбалда отурам.Ал адам да сездиби.
- Кел кызым келчи деп чыкырып калды.Барып эле кучактап калдым.Башымы кокурогуно катып,астына жайгашып алдым.Мага ушунчалык жагымдуу, ынгайлуу болду.Атам канча чыкырса да барбай бекем кучактап алдым.Манасчы манасын айтып,ал чарчаганда санжырачы санжыра айтып уйдогулор бей кам отурушту.Бир мен эле уктап калбасам экен деп коркуудамын. Уктап калсам кетип калсачы деген ой мыжыйт.Ошонтип атып уктап калыпмын.
- Доке бер баланы чарчаты го неберем деген атамын уну кулагыма шак деди.
- Курган бала атам деп атат окшойт.Иса келип атабы?
- Жок келбеди.Ишинен которулуп Ош тарапка кетти деп уктук деген созун уканда эле чыргоолонуп ыйлап,атама бой урдум.Канча ыйладым билбейм бирок мен ошондо ото ото жаман болгонум эсимде.Бирок кийин айтып журушту ыйлап басылбай,келген меймандар эт жегенинин артыгы чыгып,беймаза кылып кыйнап жиберген экем.Эки уч кун ыйлап,чыргоолонуп анан озумо келген экем.Корсо ал киши атамын жээни болуп,Фрунзеде пуркурор болуп иштеп турган кези экен эле.
- Ушул кыз чоноймой сайын келбейм деп кыжаалат болуп,чындап кийин мен чонойгончо катабай койгон экен...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 08:43
#11 10 Июнь 2017 - 09:29
- Экоон чык,Зина апанарга баргыла деп чыгарып жиберчуу.Экообуз эрчишип алып биздин уйго келчуубуз.Кобунчо биздин уйдо тушку тамагыбыз беш бармак.Эн жаман коргон тамагым эт болгондуктан аргасыз энемен корконуман кана дасторконго келип отурар элем.Колума тийген сурсугон этен бир талдан оозума салып, эптеп жеген аты болот элем.Бирок энем баарын байкап отуруп,туураган этке келгенде зордоп кашык менен оозума тыгат эле.Арасында сурсугон чучук болуп,ого бетер майды жегим келбей кыйналат элем.Айдакеден уялганыман ыйлабаганым менен эгер озубуз болсок чыдабай ыйлап жиберер элем.
- Э кемпир баланы кыйнаба болду деп атам менин талабымды алат эле.
- Кара арыктыгын, тим койсон тамак жебейт,эрчитип жургондон уялам,бала ондонуп тамак жебейт деп мага капа болуп,кээде мени уруп,атам мага болушуп,жанжал менен тамгыбыз ичилет.Ошол кундорубузго дагы деле тан калам.Болгону беш адам бир уйдо жашайбыз бирок эки болок тамак ичет элек.Атам,энем жана мен болуп торку уйдо ичет элек.Байкем менен эжем кухняда ичишет эле.Эт туурап берип байкем чыгып кетет эле бизден ашкан туураган этти эжем алып чыгып, экоо жешет эле.Эжемдин бир баласы болор эле бирок коп деле биз менен жашабайт.Жашаган кундору мага кун жок.Мени туртуп,колумдагыны жулуп жеп алып же ойноп отурсам ойунчуктарымды тээп чачып,кетер эле.Ошон учун да мен аны жек корот элем.Мен арызданбасам деле энем же байкем коруп калса урушуп же уруп койушат эле.Токмок жеп алып менден коруп энем мындай болду дегенче мени уруп анан качып кетет эле.Кээде копко жок болуп кетчуу.Уйдогулор атасына качып кетиптир деп капа болуп,кейип калышар эле бир кана мен ичимен суйунуп калат элем...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 09:31
#12 10 Июнь 2017 - 10:48
Эртен менен туруп эле колго чуркачуумун. Ал учурда энем уй саап,уй жумуштары менен алек болор эле.Эртен менененки аткан кундун нуру колго тушуп,кол уч туско болунуп кооз болуп, шарпылдап токуну жээке урунуп анан барып мелмилдеп калар эле.Мен колду кароо менен асмандагы турмоктошкон булутарды карап,ар нерсеге окшоштуруп, кыйялга батар элем.Ак булутун устуно чыгып алып алыс, алыс шляпа кийген адамга кетким келчуу.Ал адам ким экенин билбесем да ошол адам,менин дуйнодогу эн жакын ,жакшы коргон адамым экенин кичинекей журогум менен сезер элем.Ал адамды менден башкасы жаман коруп жектерин да сезчуумун.Ошон учун да эч кимге айтпай ичимде сактасам керек....
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 10:49
#13 10 Июнь 2017 - 11:36
- .Кызым кыймылдаба, жыланды басып алба,тийбесен сага тийбейт деп безилдеп балдагына жолонуп ары бери басып чыйпылыктайт. Энем ыйлап журот.Мен болсо корконуман чанырып ыйлап алгам бирок бир деле жылан мага конул бурбай, оздорунчо жыргап куностоп жатышат.Энем кудайга мин жалынып.Жыландардын паашасына,ханышасына жалынып сут чачып журот.Акыры энем мага жетип,бооруна басып кучактап эсен аман ылдый тушуп алдык.Ошол болду ал менин тоомо чыкыс болдум.Корсо ошол жерде жыландардын ордосу болгон экен.Элдердин айтымында атамын аруусу жылан болуп дайыма жылан менен аралашып жашачуу экенбиз.Ошол жылы мен туш мезгилинде боз уйдо уктап аткам.Колум кокурогумдо муздак нерсеге колум тийип кетти.Бул эмне экен деп тошогумдгуну колума алып карасам,тоголок болуп оролгон аппак ак жылан экен.Менин бакырганыман энем чуркап кирип,жабандын тубуно кирип бараткан жыланды коруп калды.
- Абышканай бир куну ушул баланы чагып алат,жыландарынды уйго киргис кыл,кудай жалгагыр жогот.Эгер бул кыз бирдеме болсо мен бул дуйнодо жашай албайм,деп зар какшады.Акыры атам чыдабады окшойт,балдагы менен зорго басып,бирденкелерди айтып,азыр эсимде жок,эмне дегендери.Бирок уйдон кууп чыкты.Уйдон нары чыгып жылан атам менен тен тайлашып,тике туруп соймондоп тилдерин чыгарып,кыш, кыш деген ун чыгарып,шамалга ыргалгансып термелип туруп,шарт озун жерге таштап чоп жака сойлоп кирип кетти.
- Эми кайрылып келбейт,тиричилигинди кыла бер деп зорго басып келип атам да тошоко жыгылып эки уч кун тошоктон тура албай жатып калды.Чындап дайыма жолуга калчуу ак жыланды экинчи корбодум..
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 11:39
#14 10 Июнь 2017 - 13:03
#16 10 Июнь 2017 - 13:16
Ошол жылы атамын буту ооруп,кол жээгиндеги ылайга комуп койот эле.Башы эле калгандыктан коркот элем,чыкпай калса эмне болот деп сарсанаага батар элем.
- Атоов тез эле чыкчы,мен коркуп атам деп беймаза кылып ийет элем.Атамы айланчыктап, чымындан коруп,ойно десе да болбой,жанынан чыкпай.айланчыктап туруп алат элем.Качан кана атамы жерден чыгарганда кана колумо ойноп,озумо келе тушор элем.Куз келип,суук тарта баштаганда айылга кочуп келдик.
#17 10 Июнь 2017 - 13:26
- Атов Айдеке кана,ал эмнеге жок.
-Атам чымчык болуп учуп кетиптир десе.
- Энем шук отур,энеси укса жаман болот.Шук деп зекип салды.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 13:28
#18 10 Июнь 2017 - 14:12
- Кел кызым, столуна отур азыр тамак алып келем деп калды.
- Энекебай курсагым ток деп безилдеп жибердим.Атакем адатынча мага болушуп.
- Ток болсо токутур да баланы кыйнабачы деп мени арачалап калды.Мен чон уйго жылып кирип,алып келген тарелкамды ката баштадым.Кайда катпайын мен мындамын деп корунуп тургандай болуп,тынчым кете баштады. .Эн жаман иш кылганымды сезе баштадым.Энемдин уктоочу болмодон уну чыгып.
- Кел кызым уктаар убагын болуп калды,кел жата кой деп калды.
#19 10 Июнь 2017 - 15:31
- Жене деп женемдин уну чыкты.Мен ордуман тура калып эле.
- Энекебай, мен Закендин бир тарелкасын сурабай эле алып келдим эле,Энекебай экинчи андай кылбайм кечирип койунуз деп ыйлап жибердим.
- Бул кыз эмне дейт деп энем эшике чыгып кетти.Атакем эмне кылганымды сурап угуп.Жытоочум экинчи андай кылбай жур.Ошол нерсе жакса мага эле айт кызым мен кайдан болсо да таптырып берем.Сураксыз алсан сени ууру кыз деп ойлоп калышат.Андай жаман созго сен да мен да татыксызбыз кызым.Алтын кызым андай кылбай жур деп эскертип, кабагын буркоп ойлонуп калды.Мага баарынан да атакемдин капа болгону оор тийип,эн жаман иш кылганымды сезип турдум.Энем уйго кирип,женем милиция менен келгенин,жалынып атып милицияны кетиргенин. Эгерде мен дагы бир нерсе уурдап келсем,милиция камап койорун айтып келди.
- Кана алып келчи.
Мен чуркап барып катып койгон жеримен алып келдим.
-Бар женендин уйуно алпарып кел.Мен бара албай,кыйылып томсордум.Дагы эле атакем жардамга келип.
- Энеси озун эле берип келчи деп суранып энемди жонотту.Коп отпой эле куду ошондой ойунчук идиштерге ээ болдум бирок негедир ошол кунку азаптарымды эске салып,журогумду оорутуп турар эле.Коп отпой эле авам башка мектепке дирекор болуп,кочуп кетишти.Мен дагы жангыз калдым...
- (26 бет)
- 1
- 2
- 3
- →
- Акыркы бет »