Бала чак Бала чак
#22 10 Июнь 2017 - 18:04
#23 10 Июнь 2017 - 18:26
- Энов качан жетебиз деп акырын сурап койом.Тэтиги тоо турат го ошого жеткенде жетебиз деп койот.Ал тоого деле жетебиз бирок айыл жок.Бала болсом да тоолордун сурудуу каранынан коркуп энеме ыктайм.Алыстан булбулдоп жанган чырактын жарыгы корундуу.Ичимен суйунуп жетик окшойт деп тез ,тез басып чарчасам да куч кирип кетти.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 18:27
#24 10 Июнь 2017 - 20:47
- Эй ким бар,деп ун салды.Ит ажылдап уруп,артынан бир кары кемпир корунду.
- Ким бул?Крангыда келген кимсинер?
-Байбиче кудай конокпуз.Кызымкына кетип аттым эле жетпей калдым.Которгонум оор жук,эрчиткеним жаш бала болуп,жолум узарбай кеч калып кеттим. деди.
- Келгиле, кудай конок болсонор келгиле бирок салып береге тошогум бар,чай берерге наным жок,келгиле. Жаш кызын менен ушуп калыпсын,кире гой кызым деп жылуу кабыл алды.Энем экоо суйлошуп отурушту.Ошол уйдун ичинде очок бар экен,ичи капкара ото эле ынгайсыз экен.Ушундай шарта жашаганына тан калып,мага оон корунуп атты.Энем бышкан эт,боорсок,май алып дасторконго койуп тигил чон эне чай кайнатып,кечки чайыбызды ичтик.Бир байке бизди карабай тетири карап отурган.Чай ичерде энем чайга чыкырды бирок ун соз жок,жаныбызга келбеди.Корсо ал байке сокур экен.Ушул корунуш менин эсимде унутулгус болуп, калып калды.Дайыма ошол жепирейген кир там,кары чон эне,козу корбогон байке.Наны жок кантишти экен деп ойлонуп,негедир ачкадан олуп калышпады бекен деп конулум ооруп кетер эле...
Энем экообуз эртеси эжемдикине жеттик.Эжемдин кичинекей ыйлаак кызы бар экен.Биз алпарган тошоко орогондо,саймалары баш жагына келип,эн кооз болуп кызчага жарашып калды.Энем экообуз Караколдон Шахтыга чейин жоо барган окшойбуз бирок чындап биле албайм.Кайсыл жерден жоо басып,кайсыл жерге чейин автобус менен барганыбыз эсимде жок.,кантип келгенибиз да эсимде жок.Жездемдин жаны ишке киргенин кана эсимде.Жездем инжинер болуп,шахтерский кийим кийип чыгып кеткендери элес булас эсимде.Мага мандайындагы лампочкасы кана козумо кызык корунот эле.Окууну буткондорго молодой спецалист деп уй берди.Майрам экообузду чыкыртып уй берди деп эрчитип,жаны жаркыраган, терезелери чон,чон уйго кирип чыкандарым, анан кочуп баргандарыбыз да эсимде.Бир куну энем мага парпыраган, ак койногумду кийгизип,эжем менен кочого чыктык.Эки жакка барып анан суу жээктеп бастык.Суу жээгинде уйдой чон таш бар экен.Усту тегиз келип,тузу саргылтым ак болуп,эн бир кооз экен.Таштын устундо отуруп алып эжем экоо созго кирди.Мен жанында ойноп отурдум.Суу атырылып,копкок болуп колумо окшоп мени озуно тарты.Акырын колумду сууга салгым келип,колум сунсам жетпедим,Дагы жылдым элем койногум сыйгаланым мен башым менен суугав тушуп кеттим.
#25 10 Июнь 2017 - 22:49
-Эй ким кыз жоготтуу десе энем ошондо мени издеп бакырып журот дейт.Бирок менин эсимде жок.Кийин деле ал орус бала,дайрада сузгон русалка, сен мага бир омур карызсын деп тамашалап калат эле...
Атамын мени менен сегиз кызы бар болчуу.Эжелерим коп болгондуктан, энем экообуз айылчылап эжелериме коп барар элек.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 10 Июнь 2017 - 22:51
#26 11 Июнь 2017 - 04:54
- Э Зукен,мобул татынакай периште кимдин кызы.
- А жанагы эри таштап кеткен,шордуу синдимдин кызы. атасына окшоп сулуу ,чачын кара тармалданып. Ушу деп эрге тийбей жаш жанын кор кылып,огойдун колунда отурат.
- Бечара эрден конул калып калгандыр да.
- Ошону айтпайсынбы. Эрден конулу калып калып,эрди коройун деген козу,угайын деген кулагы жок.Ошого жараша энем эле тируу болсочу.Огойдун колунда балдары менен отурат.Ай чырактай синдим кор болду.Тигил ойношун алып Ошко качып кетти.Синдимде эле айып болсочу,колунан баары келет.Курак кураганын айт,сайган саймасын айт,тамак жасаганын айт,ошон учун огойго батып отурат.Же онундо же бойунда айып болсочу.
- Суналган чачын айт,басса такымына тийип ,селкилдеп турат.Сага келе атканын коргондо коруп аял биз деле суктанып карап калабыз.
- Олугунду коройун балдарын айт биринен отуп бири сулуу.,ушул желмогуздар синдимди жыргатабы?
Желмогуздун балдары желмогуз болот да деп мени карап калды да созун токтотуп башка созго буруп кетти.
Ошол соз менен кошо ошондогу эжемдин мени жеп жиберуучудой жек коргон коз карашы омур бойуу эсимде калды.Жек коргон коз карашы,тушунуксуз создорун ошол учурда толук тушунбосом да мага катуу тасир берип,узаака унуталбай кыйналып журдум.
Бул созду негедир ата энеме деле айтпадым...
Чон эжем айткан сулуу синдиси ким экенин анын желмогуз эри ким экенин,огой ким экенин андап тушуно албадым окшойт...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Июнь 2017 - 04:57
#27 11 Июнь 2017 - 05:25
- Кызым бул чон атана жомогундан окуп берчи деп калды.Адатымча бетин ачып шатыратып окуп калдым.Мен буткончо унчукпа тыншап отурушту.
- А кызым ракмат,чон кыз болуп атана жомок окуп беришке жарап калыптыр кызым.
- Ой Чеке,бул кызын китепти тескери кармап окууганы кызык экен.Же китептеги чал экообузго окшоп карыганынан алжып тескери карап алганбы ? деп карс карс кулуп калды.Китебимин тышын карасам чындап тескери кармап алыпмын.Уялганыман чуркап эшике чыга качтым.Ал китеп Балыкчы жонундо жомок болсо керек эле.
- Э баламды уялтып койдун,кызым беште мектепке бара элек.Энеси окуп берсе жаттап алып мага окуп берип атпайбы деп атам да кошо кулуп отурду.Ошол кундон энем мага тамгаларды уйрото баштады.Мектепке барганча жазганды уйронуп,шыр окуп калдым.Мектепке да кечигип баргам.Атам энем учообуз алыска курортго барганбыз.Окууга кеч келдим,кечиктинер бир айдан ашып эки айга чукулдап калдык деп албай бирок атамын кадыры менен окутуп,жаздырып анан биринчи класска алган.Бойум кичине арык элем,доскага жетпей кыйналган кундорум да болгон.
#28 11 Июнь 2017 - 09:00
Мен экинчи класс окуп калдым...
Кар калын.Мектептен келе атып кыздар муз тебип ойношот.Сыйгалак ботинка болбосо керзи отук кийишет.Мен ойной албайм,кийгеним кийиз отук.Аппак нерсе булганып калса энем урушат,туз барып,туз келмей.Бир куну энем айылчылап коншу айылдагы чон эжемдикине кетти.Суйнгонум чексиз эжемдин баласынын эки отугу бар.Колуна жаны дептеримен карматып,отугуно алмашып алып мектепке жонодум.Муз тээп ой жыргадым го перемендерде кыздар балдар болуп аябай муз тептик.Эми мектептен чыгып алып ойноп,энеме билгизбей койуп койушум керек.Акыркы сабакта эжейибиз сабак отуп атса энем адатынча кирип келип,кечирим сурап аркага барып отуруп калды.Жаным калбай чыйпылыктап отурам,эжейим доскага десе,отугум корт корт деп билинип калат.Созсуз чыгарышы турган кеп.Эжейим сабагын отуп бутуп.
- Балдар откон темага тушундунорбу?
- Биз оба дедик.
- Исаева доскага чыгып,бугунку откон теманы кайталачы деди.Отук бутума ого эле чон болгондуктан, эки бутуму сууруп алып доскага жун носкичен чыгып жооп бердим.
- Жакшы, беш отур деп энкеийип журналды карап атып,менин бутумду тиктеп туруп.
- Ай неге носкичен журосун,отугун кана дебеспи.Корконуман турган жеримен ыйлап жибердим.Энем жаныма келип.
- Жур кеттик уйго деп астына салып,артыман ойлуу келди.Отугум кортулдап добуш чыгарган сайын куноомду сезип,айламын жогунан,атам уйдо болсо экен деп кудайдан тиленип келдим.Бирок энем адатынча урбады.Отургузуп алып кыз бала чолчондоп керзи кийсе уят болорун,колунда жок кембагал адамдар айласыз кыздарына кийгизерин, Атам кадыр барктуу адам экенин анын кызы жаман окуп,керзи кийип чолчондоп журсо уят болорун тушундурду.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Июнь 2017 - 09:02
#29 11 Июнь 2017 - 09:36
Атакем менен учурашканы коп адамдар келер эле,кой сойулуп, конок кутуп,энекем казаны менен алышып мейман кутор эле.Ошол аксакал адамдар санжырадан кеп кылып,тан атканча кеп багып отурушар эле.Кээде Манасчы аксакалын жайкалткан карыя келип,узаак узаак Манас айтаар эле.Кээ кундору уркундон кеп кылып,кайгырып канчалаган кыргыз кырылып калганын айтышып, эскерип ыйлап да алышаар эле.
Куз келип жайлоодон жакага кочуп келдик.
Менин окуум башталды.Баягыдай эле тартип,сабактан беш алмай,уй оокатарга жардам берип,бойлорум осуп чон кыз болуп калдым.Бир куну атамын досу келди.Жакын инисинин растрата болгонун,толошко чамасы чак келбей атканын айтып.Тын чыйраак кызы бар,ошо кызды келин кылып,калынына берсен карызын кутулуп алсын. Жангыз уулун бар тигил иним да жангыз,отуруп калбасын.Аккан дос элек,достугунду бир корсот деди.
- Жон эле карызга берип турбайымбы. Балама ал кыз жагабы да жакпайбы деп конулсунбоду.
- Жок,Чеке карыз берсен толой албайт,мен тиги кордо жон жатайын.Кызды келин кылсан адашпайсын, тын чыйрак,чон энесинин тарбиясын коргон.Чон энеси ооруп тошокто жатып калганда жаш болсо да озу карабадыбы. Озун билесин жангыз уулдун келини начар чыгып калган.Курган бул кыздын энеси,ажаалын жетпегир жакшы келин эле,озу да уядан жангыз эле.Ошол жангыздан калган жангыз туяк,кыз болсо да,деп атамын ар жак бер жагына чыгып атып кондуруп,атамын акчасын алып кетти.Чындап эле коп отпой тонго ороп байкем туну,женемди ала качып алып келди.
#30 11 Июнь 2017 - 10:13
Бир куну уйго бир байке келип калды.Атамы кучактап,экоо тен соолуктап ыйлашты.Ал байкенин аты Нуржигит экен.Биз аны Нур байке дейбиз.Ал байкени эжемдин уйуно жатканы учун эжемин баласы экенин тушундум.Атам аны эркелетип,жакшы корот мен ичим куйуп таарынып кетем.Атам менен энемдин суйлошконуно караганда ал баккан ата энесине таарынып качып келиптир.Эжем баласын эмнеге башка адамдарга бергенине акылым жетпей тан калам.Бирок бул байке жакшы,мени менен ойноп,мойнуна которуп журуштон эч тажабайт.Энем уйдо жок болсо экообузго кудай берет,кечке ойноп жыргап калат элек.
Бирок уйдо чыр коп болуп бир уйдо энем ыйласа,бир уйдо женем ыйлап атам ортодо беймаза болчу болду.Бир куну уйдо чон чыр болуп,энем бир жакка кетти.Мени байкем эрчитип алыска барып копко ойноп келдик.Келсек уй ангырап бош,энем уйдо жок.Создорунон энем экинчи келгис болуп кетиптир.Атам экообуз кучакташып копко ыйладык,чындап атам экообузго кана керек экен.Башкалар энемин кеткенине суйунуп ар ким оз тиричилигин кылып журушот.
Атам ооруп тошоко жатып калды.
#31 11 Июнь 2017 - 11:18
Эже мени коруп эле мандайыман сылап.
- Байке куса болуп калган жокпу,кусалыктын дарты жаман.Энесине 3-4 кун жиберип турсак кантет деп.
Эжем бушайман жеп кабатырланып атты.Мен ичимен эзилип,энем атам экообузго кайрылып келбесине козум жетип,коз жашымды колдой тогуп ыйлап аттым.Энемдин кетип калганына тушуно албай.Бир кана себеби женем менен уйдогу эжем экенин чон эжеме айта албай,айтышка жаштык кылып коз жашымды тогуп турдум.Кайда барса колуман жетелеп жургон энем,мени кантип таштап кеткенине ишене албай эзилип ыйлайт элем.Кээде ойлонуп энеме да капа болуп кетет элем.Эмнеге мени таштап кетти деп сарсанаага батып,таштап кеткенине ишене албай,жол карап эзилип ыйлайт элем.Эжем менен атам менин жанымда копко суйлошушту. Мени уктап калды дедиби атам эжеме энем тууралуу суйлоп берди.Корсо женем экоо бири бирине оч чыгып,бири бирине кун корсотпой атамы кыйнап жиберишкен экен.Жангыз баласынын аялын кетиргенче, оз кемпирин кетиргенин, малдан болуп берип,уй оокаттан каалашынча ал дегенин.Мени чырылдап эрчибесин деп мен алыс жонотуп ийгенин .Энем кетип атып.
- Омурумдо баккан биринчи балам эле,журогумдун жартысы эле,бир корсотуп койгула деп энемин ыйлаганын айтып отурду.Ушул жерге келгенде мукактанып айталбай атам мен жакты карап калды.Ал учурда манин коз жашым салаа,салаа болуп,атамы жек коруп карап турган элем...
#32 11 Июнь 2017 - 11:36
- Артындан келет бир келин.
Алдына бала оноруп.
Деген жерине келгенде мени ырдап атат энем деп мадырайып калар элем.Учообуз жашаган боз уйду эстейм.Ошондо энем кулуп,жайнап абышканай деп атамы,эрмегим, журогумдун толтосу,жанымдын жарымы деп мени эркелетер эле.Кунуго чачымы тарап кооздоп орор эле.Ар бир жасаган тамагы татту болор эле жада калса анда санда берген токмогун да сагындым.Кайрылып келип жанчып салса да менин ыйлабасым анык эле...
#33 11 Июнь 2017 - 12:05
- Атакебай жанына эле жатайынчы деп атамын жанына жатам.Кичине болсом да бирдемени сезип коркуудамын. Бир куну сабактан келсем, ак матиралдан кепин тигип атабыз деп эжем Сайра энем болуп отурушуптур. Чынында кепин атама экенин билдим го бирок олгондо кийип жатарын билбепмин.Уйубузго адамдар кобойуп кирип чыгып,атамын жаны бош эмес.Эки козум атаман отот.Кечинде эжем,байкем, атамын женеси Сайра энем,иниси,келини анан да бир эки туугандар болуп уйго кирип,эшикти жаап алышып копко суйлошушту. Тышта женем ,мен,эжемин баласы Нур байке учообуз эле калдык.Корсо атакем бул жашоосу аз калганын сезип,балдарына туугандарына керездерин айткан экен.Коп соз болуп,мага тийешелуусу булар болгон экен.Кыз меники,мен бактым.Кызым бала байкем менен калам десе сен талашпа,Темике эжем менен калам десе сен талашпа.Бала озу суйгон уйдо жашасын.Каап баарынан ошол кызыма жаман болот.Кызыма этийет мамиле кылгыла.Баарынарга аманат кылам,аманатыма кыйанат кылбагыла мен силерден ушуну суранып кетем.Эжен чогуу жашаса балдары менен кыйналып кетет,уй салып бер даходу озуно жетет.Энчисин бирин калтырбай бер.Кудай буйурса турмуштан кыйналбайсынар, кор тиричилике жетер мал калды деген экен.Эжемдин кичи баласы уйдо коптон бери жок эле ошону алдыргыла бир коройун деп созун токтотуптур. Эртеси ал байкени да алып келишти.Туну уктап атсам,баланы жаныман алып болмосуно жаткыргыла. Сен аягымды бош кой кызым,мен кыйналып атам деген созу угулуп кетти.
- Атов деп мен ыйлап жибердим.
- Ыйлаба кызым сен жанымда жатсан кыйналып кетип атам.Сен байкендин жанына жатып турчу.Сенин ордуна эжен мени карайт да деди.Байкем мени которуп кроватыма жаткызып,чачыман сылап копко отурду,мен уктап кетипмин.Ошол куну танга маал атам бул дуйнодон кетип калды.
Мен жангыз калдым...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Июнь 2017 - 12:07
#34 11 Июнь 2017 - 12:42
#35 11 Июнь 2017 - 12:43
- Жытоочум,балапаным кол жылуу дагы суз,эч коркпо ,мен сени жээкте карап турам дейт.Тан атканча атам менен энем менен чогуу болом.Ойгонуп кетсем тан атпаса экен дагы туш корсом экен деп козуму жумуп тиленем...
Атам менен энем жок турмушка коно албай аябай кыйналдым ,жудоп да кеттим.
Ата энем баарында кечки тамактан кийин эжем же энем китеп окуп берет эле,биз тыншап баарыбыз угат элек.Уйдогу нерселер таза дыкан оз оз ордуларында турат эле.Ар бир нерсенин оз ордуулары бар эле.Жада калса эт бышырганда энем камырды тегерек жука жайып,шорпого салып бышырып берет эле.Даамы озгочо даамдуу болуп, байкем экообуз талашып жейт элек.Байкем женеме канча айтса да бир жолу да бышырып бербеди.Энем жасаган нерсени айтса атайлап жасабашка аракет кылат.Энеми жек коргону билинип турат.Байкемдин аялына тили ото бербейт эле.Беттерине айткандан коркот элем го бирок эжем менен женемди жек корот элем.Энемин кеткенине ушул экоо себепчи.Энекем кетпесе атам олбойт болчу деп жаман коруп,айлам жогунан кана чогуу жашап журор элем.Балким байкем болбосо бир жактарга кетип кала белем бирок да билбедим...
Бир куну ыйлап кол жээгине кетип калдым,атам мени ошол жерде кутуп тургандай сезилди.Кол жээгине келсем биздин уй жок,эски ордуна келип ыйлап отурсам байкем келип калды.Аттан тушуп кучактап,экообуз копко айладык.Мен ошондо биринчи жолу.
- Байке тоого баралычы,тоону сагындым дедим.Ушул эле созумдо канчалаган арман бар экенин байкем тушунду.
- Акен,бугун кеч болуп калды,эртеге баралы макулбу .Сен ыйлабасан эле болду.Сен кай жакка десен мен ошол жакка алпарам бир кана сен ыйлабагын.Журогумдо энеме алып барчы дегим келди бирок ал максатым тилегиме ашпашына козум жетип,дилимдегини тилиме чыгара албай томсоруп турдум...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Июнь 2017 - 12:45
#36 11 Июнь 2017 - 13:06
- Баланы ойуу менен болосун,чон кыз болуп калды тушунуш керек.Ал жакта ата энеси жок.Жок,жок болгон.Балага кошулуп талаага темселеп келесин.Уйдо канча иштер турат деп сайрап атты.Женем байкем жок болгондо,кобунчо эле козумчо эле кирген чыкан кишилерге,мени жамандап,жиндиге чыгарып койот эле.Атам каза болгондо да ыйлап отурсам да.
- Э бул атасына ыйлап отурат дейсинерби, уйкусу келип ыйлап отурат.Жинди энесинин тарбиясын алганда.Толике жиндини сагынып,бул делбе тап болот.Нескара, отурган жеринде отура берет.Жинди учун курсагынын ачканын деле билбейт. Буга кудайым онду тусту эле берген,жаман атты жал басат болуп анан чачты берген.Мен уй иштерин кыламбы же бул чала жинди,эси оома нескараны караймбы деп кирген чыканга жамандайт.Биринчи кундору ызаа болуп ыйлайт элем бара бара жаман созго конуп калдымбы,ыйлабай эле кайдыгер болуп койом.Байкеме айтайын дейм бирок ансыз деле экоо коп урушат.Аны коруп байкеми айайм.Бир эки мен учун деле уруп корду бирок тили тартылбай кайра кучоп кетет.Ушундай чаржайыт ойлор менен айылдын этегине чыгып,тоого бет алдык.Менин журогум турсулдоп согуп,тез эле жетип ата энемди коргум келди...
#37 11 Июнь 2017 - 13:43
Ушул жолдор менен атам,энем ,мен болуп эчен шатыра шатман болуп ары бери каточуу элек.Асман тиреген карагайлар, шаркырап аккан суулар,бардыгы козумо жакшы корунот.
- Байке биз жашаган жерде чатыр тигилип турат карачы.Ошояка баралычы деп атымдын башын ошол тарапка бурдум.Менин созумду кыйа албадыбы байкем да артыман жетип келди.Биз жакындаганда чоочун иттер уруп тозуп алды.Чоочун эже чатырдан чыгып,байкем менен учурашып,мени бетимен ооп жакшы тозуп алды.Мен эки жакты карап,биз жашаган учурга окшото албадым.Ошол кездеги очоктон башкасы бут озгоруп кетиптир.Чатырдын эки жагы чачылган,кир баштыка айран куйуп асып койуптур.Жакын эле жерге музоону байланып турат,асты таза эмес.Эже кир алжапкыч тартынып алган,жоолуктан чачтары саксайып чыгып турат.
Жок,жок энем башкача эле.Баардыгы таза болуп турат эле.Энемдин алжапкычы таптаза эле колдоруу аппак эле.Ага чейин атчан киши келди,тааныдым уйго коп келет эле.
-О,Чекемдин эрке кызы,кенже кызы конок болуп келип калыптыр,кел кызым кел деп мени ооп,байкем менен учурашып бажандап атты.
- Ой байбиче,чыкырса келгис коноктор келип калыптыр,кол жууп кетпесе болбойт.Улунду чыкырт багылан козум бар эле балдарга сойуп берейин деп бизди кетирбей алып калды.Эртеси ушунча келип кымыз ичип кетпесенер болбойт тиги жылкычы байкен укса таарынат тийе кеткиле деп бизди эрчитип ал жака алып барды.Алар да козу сойуп,атамы эскеришип,узаака отурушту.Кайтып кетип атканда жургуло кийиктин сур эти бар эле силерге насип экен жеп кеткиле деп кетирбей дагы бир кунго алып калды.Мен адатымча суу бойлоп,таштан ташка секирип,таш чогултуп ойноп бир черим жазылды.Чатырга жакындасам байкем мен жонундо суйлоп отуруптур.Эски журта ыйлап отурган жерден таап алдым.Жарытылуу тамак деле ичпейт,бала ондонуп ойнобойт,отурганы отурган,томсоруп бир жерди тиктеп отура берет,суйлобойт деле.Уйдогу желмогуз да мен жокто коп жемелейт окшойт,кетирейин деймин бойунда бар.Ой байке баланын куйут тартканы жаман экен.Мен аркама тызылдап чуркап жонодум.
Эй,тоолор,суулар мен жакында бобоктуу болом,мен эми жангыз болбойм,бобгум болот деп кучагымы жайып суйунчумду биринчи тоолорго,шаркырап агып аткан сууларга айтып аттым...
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Июнь 2017 - 13:44
#38 11 Июнь 2017 - 14:02
Уйго келгенде баякы эле корунуш.Атамын карышкыр ичиги тордо илинип,мага окшоп атамы сагынып кутуп турат.Уй ичи томсорот.Уй ичи мага окшоп энеми кутуп томсоргону томсоргон.Эжем менен байкем ишине кетет.Мен мектепке келем баягыдай беш алам деп деле жулунбайм,эч ким менен деле ойнобойм.Качандыр бир жетимсин деп бироо кемсинтет да деп,журогум зырылдайт.Эжейим жанына чыкырып алып эчен кенештерин айтып,жакшы окуушумду суранат.Мен ыйлагандан башка эч нерсе дей албайм.Ата энемдин кадыры менен мен отличник болуп учунчу классты да буттум.Эжем эки баласы менен уй салып кочуп кетишти.Уйдо байкем,мен анан заар жылан женем эле калдык.Эми чындап менде кун жок,кулагым калбайт,колуман келишинче уй иштерине жардам берем.Арык болгон учунбу алсызмын...
#39 11 Июнь 2017 - 14:26
Бир куну чон энем ачуусу келип байкемди тилдеп,женеми жемелеп,мен учун чон чатак салды.
- Балада он жок,кубарып, сенерип турат.Ата энесин сагынып саргарып турат.Бир кездеги шуру кошуп оргон суналган чачы туйдоктошуп турат.Баланы карабай экоон эмнени карап журосунор.Эртеге бала сары оору болуп олуп калса уулга тигил жактан эмне деп жооп беребиз.Багалбасанар ээсине бергиле.Ай чырактай баланы айып кылып отурасынар деп жанжал салды.Эртеси эле туугандар чогулуп келип,менин тагдырымды ортого салып калышты.Байкем озу мени мандайына отургузуп алып.
- Акен,сен мени тыншап тургун деп кеп баштады.Корсо, атам таятам экенин,озумдун тайэнем мен торолгондон 7 кундон кийин каза болгонун.Кийин тайэнемин ордуна энемди алганын.Мен уч жашка чыканымда ата энем ажырашып кеткенин.Ошон учун энем мени озуно энчилеп багып алганын,уйдогу эжем оз энем экенин айтып отту.
#40 11 Июнь 2017 - 15:51
- Байке мен эч жакка барбайм,мени эч кимге бере корбонуз,мен сизден ажырасам олуп каламын деп кучактап ыйлап ийдим.Эч ким даап соз кошо албады.Уйдогулор, женем баш болуп мага кошулуп шолоктоп ыйлай башташты.
- Алтыным,менин аппак кызым,беркем ыйлабачы,мен сени эч кимге бербейм.Мен каякта болсом сен ошоякта болосун.Сени коргусу келбегендердин жолу ачык,туш тарабы кыбыла,кете берсин деп муштумун туйуп столду бир койду да мени которуп эшике чыгып,огордун башына барып отуруп,чачыман сылап,кучактап бооруна басып,туруп буркурап ыйлап жиберди. Байкеме кошулуп аран турган жаным бакырып ыйлай баштадым.Атамы эстеп кечеги олгон энеми эстеп,экоону тен эстеп боздоп турдум...
Биз кеткенден кийин эмне соз болгонун билбейм,ыйлап атсак чон энем келип,олбосон олбой калган уул ай.Буларды мынча кууратын.Элге окшоп 60 тан ашсан не болмок,жетимишке жетсен не болмок деп энем да ыйлап,кайра бизди сооротуп уйго жетелеп келди...
Ошол кундон баштап биздин уйдогу мамилелер озгорду.Женем мага жакшы мамиле кылып, сабагыма жардам берип,конулум эмне тамак коксойт ошону сурап. Ошого жараша тамак жасап.Окууга баратсам китеп дептерими караштырып, сумкама салып,кийимдериме, чачтарыма коз салып,кыздарга кошуп ойно деп эшике чыгарып,менин санаага баткан кезимде ойумдан болуп,башка жака буруп койчуу болду.Эжемдин уйуно эрчитип барып,эжемин жакшы жактарын айтып,мени жакшы корорун эскертип турчу болду.Ошонтсе деле эжеме боор бере албай,энеме кылган экоонун кылыктарын кечире албай,жатыркап турам.Озумдун алтын энекеме эч ким жеткис эле, ал эми алтын атакемчи,атакем озгочо бир жан эле го.Экоону ойлогондо заманам тар болуп,жарык кунум карангы болуп,козумон жаштар чубуруп кетер эле.Эки асылым,айтып бутпос арманым эле...