Байкем,женем жана мен болуп кол жээгине жашап калдык.Синдимди эжем багып алды.Мен атчан атамын конушуна барам.Кол жээгин кыдырам,баягы кара добо менин тоомо чыгам.Ата энемин караанын издейм.Мурункудай эзилип ыйлаган кундорум арта калды.Тиричилике чыйраак тын кыз болуп чыга келдим.Байкем уул болгонунда камчыма сап болмок экенсин деп оксуп калат.Ойдо чыксам обогум,ылдый тушсон жологум болуп жангыздыгым билинбей калмак экен деп калат.Мен да кыз болгонума окунуп бирок кучум жеткенче колунан ишин алганы тырышам.Аттын кулагы менен тен ойноп,эшике чыгып эркек баланын,уйго кирип кыз баланын ишин кылам.Байкем менен женемдин козун карап,ушуларды капа кылып албайын деп тырышам.Бир куну кичи байке келди.Байкем экоо суйлошуп,сен бара бер биз мал жанды киргизип койуп арканан барабыз дегенин угуп калдым.Мен айылга барарыбызды тушунуп,кеч болуп бара атканынан малдарды сарайга жайгаштырып, уйго кирсем женем менен байкем кыжылдашып ,тартышып аткан экен.Мени коруп унчукпай калышты.Байкем мени карап.
- Акен,эжемкине Балыкчыдан конок келиптир деп мукактанып калды эле.Женем ортодон чыга калып.
- Чынын эле айт да,эмнесин жашырасын.
- Канкылдабай эшике чык,эмне айтышты мен сенден сурабайм.
- Озун бил,канчага жашырып,канчага алчандатып эркелетет экенсин аны да коро жатарбыз деп келе атты эле.Байкем камчыны коздой басты эле сайраган женем эшике чыга качты.Байкем экообуз копко унчугушпай оз ойлорубуз менен туруп калдык.
- Акен, эми чон кыз болуп калдын келчи берекем деп мандайына астейдил отургузуп кеп баштады.Айылга жездем келиптир.Ал сенин атан болот.Атаыйн алыстан Ош деген жерден силерди коргону,туугандарын эрчитип келиптир.Барбасак болбойт,барып учурашып келели.
- Ал менин атам эмес,омурумдо корбогон кишини мен ата дей албайм.Женем экоонуздор барып келиниздер. Мен Зарыл эженикинде кыздары менен ойноп турам.Байке мен барбайм деп кесе айттым.
Билдирүүнү түзөткөн: raia: 11 Июнь 2017 - 16:30