Kyrgyzka-95 Өздүк маалымат
- Тайпасы:
- Кыймылы жок
- Билдирүүлөр:
- 13 (0 күнүнө)
- Активдүү форуму:
- Адабият жана поэзия (7 билдирүүлөр)
- Катталган:
- 11 Октябрь 16
- Кароолор:
- 7 718
- Соңку аракети
- 11 Мар 2017 02:56
- Учурда:
- Offline
Маалымат
- Статус:
- Момун
- Жашы:
- Белгисиз
- Туулган күнү:
- Март 19
- Жынысы:
- Аялзаты
- Калаасы:
- Москва
Байланыш маалыматтар
- E-mail:
- Жашыруун
Мага баш баккандар
-
unt_75
12 Фев 2019 - 08:20 -
Bolunbo.kyrgyz
20 Мар 2017 - 16:57 -
Buudaiuk
19 Мар 2017 - 11:36 -
umar92
21 Фев 2017 - 00:41 -
konurat.93
21 Фев 2017 - 00:32 -
argen.kg4
20 Фев 2017 - 18:06 -
aziret-92
19 Фев 2017 - 20:34 -
Sagyn.91
18 Фев 2017 - 23:20 -
Bekko
18 Фев 2017 - 20:16 -
Arlenchik
18 Фев 2017 - 17:46
Менин билдирүүлөрүм
-
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 1 Мар 2017
ЖЫЛАНДЫН СУЙУУСУ
ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН
28
Жыландын боорун туш келди кескилеген колдору калчылдап, өзу кара терге түшүп кеткен Абылай бир убакта Касен сарыны айласы түгөнгөндөй, жалооруй тиктеди:– Жүрөгү жок го, Каке?!
Бектемирдин жанына аралжы издеп, Алладан шыпаа сурап, алынын келишинче аракетин кылып отурган Касен адегенде оңурайып, суроолуу карап калды да:
– Тиги ташты ачып карагылачы? – деди анан. – Ошол жакта калбасын?
Абылай баш болгон жоон топ киши анын айтканына адегенде түшүнө беришкен жок. Бир убакта гана мээсине эми жеткендей, Абылай ордунан калдаңдап тура калып, үйүлгөн ташка келди. Бирок жыландын башы таштардын арасынан сороңдоп чыга калчудай, дароо катыла албай, элди карады. Кооптонуп турган балдар адегенде артка кетенчиктеп барышып, көп өтпөй эле камчынын, союлдун учу менен таш корумду ачып жиберишти.
Абылай жыландын кыймылсыз жатып калган башына адатынча чапанын жаба салып, бир топко чейин басып жатты да, жансыз экенине көзү жеткенден кийин да башты чапанын этеги менен орой салып, тизеси менен ныгыра басып алып, сороюн чыккан моюнду узатасынан тилип жиберди.
Көп өтпөй эле Абылай солкулдап согуп турган, бармактын башындай болгон жүрөктү алаканына салып, кубангандан алдастап, кара терге түшүп турду...
* * *
Ок атылганда алда кайда ыргып-секирип кеткен Жан жакын эле жерде мунун баарын карап жатты...
Кечээ кара чаар экөө Жер-Куйдун түбүндө кармашып жатып, Эне-жыландын бир булак суудай жыбылжып «агып», аларды көздөй келе жаткан шооратын угуп, туш-тушка бөлүнө качып, бири-бирине болгон кектери ичинде букулдап кайнаган боюнча өз-өз жолдоруна түшүшкөн да, Жан дароо эле Бектемирди карай ашыккан. Анкени кара чаардан мурда жетип, адам баласын андан коргогусу келген. Эми ошол кара чаардын аёосуз өлтүрүлүп, боору тилинип, жүрөгү ысуулай дары болуп жатканын көрүп, эмне ойлоп, эмне кыларын билбей, эси эңгиреп турду...
Бирок кара чаардын алдында анын эч кандай күнөөсү жок эле. Бар болгону – ортого арачы болгон.
Бир убакта Жан «селт» этти! Башын жерге коё коюп, бир нерсени тыңшап калды. Алда нени угуп, туюп, айласы кете түшкөндөй анан куйругу менен же сабай кышылдап, ыйлап жиберди! Анткени, так ушул маалда ордодон үрккөн жыландар ордунан козголуп, кудум былтыркыдай кылкылдап, жар өйдө «агылып», жер үстүнө чыгып келатышкан болчу!..
Жандан кийин эле аларды жылкылар сезип, кошкурук атып, үрпөңдөгөн боюнча алда кайда үркүй качышты. Кээси ээр токумчан, кээси жайдак татырактаган аттардын туяк алдынан сапырылган чаңы менен азынаган ачуу үндөрүнөн талаа-түскө алаамат түшүп кеткендей, адырдын ичи ызы-чуу эле болуп жатып калды. Жаңы эле Актуякка кызыгып мине калган, балдардын эң кенжеси Эрмек да үрккөн аттын үстүндө эбелектей болуп кетип баратты. Эмне болуп кеткенин аңдай албай, аңырайган адамдар эми айлана-тегерегин чочулап карай баш ташты.
– Жыландар! ! !– деп чаңырып жиберди аңгыча балдардын бири.
Жыландардын алды жыбылжып, жар астынан чыга баштаган болчу!
Адамдар нес болуп катып турушту... Алардан беш-он эле кадам арыда кара чаардын башы, тулкусу жаткан...
* * *
Так ушул маалда, тээ айыл тараптан уюлгуган чаң чыгып, тумшуктан бери имериле чаап келаткан жалгыз атчан көрүндү... Кубалашып келе жаткандай, артынан дагы бири пайда болду...
Кулактары жапырылып, жал-куйругу сапырылып, оозунан ак көбүгү куюлуп, алдыда келе жаткан – Актуяк. Үстүндөгү Эрмек эчак эле эбелектей болуп ыргып түшүп, жолдо калган... Анын ордуна эркек баланын тебетейин, кемселин кийген Кызмончок келатат. Арткы карагердин үстүндөгү – Алымкан экен.
Эртең менен Актуяктын жайдак келгенин угуп, Жинди-Чапта бир укмуштар болуп жатканын сезип, санаасы тынчыбаган Кызмончок Алымкандан жол сураган. Алымкан аны жалгыз жибергиси келбей, уулуна деп багып-тегип жүргөн жалгыз атын токуй салып, кошо аттанган болчу. Учкашкан экөөнүн алдынан жыландардын үрккөн Актуяк кезиккен. Кызмончок карагерден түшө калып, Актуяктын артынан чуркаган. Чакчаңдаган жаныбар Кызмончоктун үнүн таанып, тээ бир далайга чейин токтоно албай барып, артына кайрылып келген да, келинди жыттагылап, жер чапчып, алда нени айтып жаткандай азынап турган. Анын минтип, экинчи жолу да жайдак келиши жөн эмес экенин түшүнгөн Кызмончок атка ыргып минип, камчы артынан камчы уруп, алып учуп келаткандагы кези эле.
* * *
Жыландардын алдында келаткан эне-жылан бир убакта токтоп, артында кыжылдап келаткан жыландарды да токтоткондой башын көтөрдү. Ылдый жактан таштардын тарсылдап кулаганы, кум-шагылдын шагырап агылганы болбосо, эми эле шуудураган, шуулдаган бир башкача добуш басылып, жымжырт боло түштү.
Эне-жылан алда нени сезген, туйган окшоп тунжурап, жар үстүндө жабалактап турган адамдарды кыдырата карады. Алардын арасында кызыл-жаян болуп жанчылып, башы үзүлүп жаткан кара чаарды көргөндө денеси жыйрыла түшүп, ошону тиктеген калыбында көздөрү бир далайга чейин катып калган окшоду...
Бир гана Бектемирдин акырын кыңкыстап онтогону болбосо, адамдардын ооздорунан келмелери ыргып, демдерин ичине жутуп турушту. Эне-жыландын оор тулкусу эми кара чаар тарапка бурулганда. .. Жан ордунан аткан октой ыргып-секирди. .. Чагылгандай ийрелеңдеп, адамдарды ушунчалык тездик менен аралап өтүп, эне-жыланга жетип-жетпей токтоду.
Жыбылжып жылып келаткан эне-жылан токтоп калды.
Адамдарга бир аз жан кире түшкөндөй болду. Туш-туштан:
– О, Кудай?! – Айланайын Кудай?
– Жан, айланайын?.. – деп күбүрөнгөн үндөр угулду. Жан ордо жылан менен адамдардын ортосуна арачы болгондой, ортодо ышкырып турду:
– Тс-сс..!
Жыландар тараптан да бирөө-экөө ага жооп бергендей, сыягы акараат кылгандай баш көтөрө коюшуп, бирок эне-жыландан ыйбаа кылгандай кайра «жыгылышты. ..»
Эне-жылан менен Жан тиктешип калышты...
Экөөнүн диалогу бара-бара курчуп бара жаткандай, тулкулары кез-кез «калч-калч» этип, куйруктарынын учуна чейин титирей түшүп, токтоп жатты. Моюндары бирде оңго, бирде солго, бирде алдыга, артка карай ойдолоктоп, кызуу талкууга киришкендей эле...
Алдастап өзүн жоготуп, эмне кылып жаткан өзү да билбей калган, эс-акылында бир гана: «Баламды сакташым керек», – деген ой менен турган Абылай да адатынча мылтыгын ала коюп, мээлей баштады.
Аңгыча, Актуяктын азынаганы угулду...
Көл кечип келгенсип, булоолонуп тердеп алган Актуяк буларды аралап кирип келе албай, кош аяктап тура калды.
Кызмончок аттан ыргып түштү да, чылбырды таштап жиберип, эми жөө чуркады. Алымкан да алда кайдан эле аттан түшүп алып, каргылданган үн менен:
– Кызмончо-ок? ! Кагылайын кыз?! – деп, Кызмончок бир балакетке кабылганы бараткандай колдорун булгалап, жыгылып-туруп, ыйлап келатты...
Адамдарды, Жанды карап кышылдаган жыландардын мойну эми Алымкан менен Кызмончок тарапка бурулду.
Эне-жылан менен Жан ошондо да бири-биринен көздөрүн тартып ала албай, бири-бирине бир топко чейин «байланып» турушту да, качан Кызмончок аларга аралашып кирип келгенде гана бурула карашты.
Эки ийнин солкулдата энтигип, күйүккөн келин жыландарды аралап кирип келип, башындагы эски тебетейди колуна ала койгондо, төбөсүнө ороп алган олоң чачы далысы ылдый куюлуп, такымына жабыла түштү.
– Кызмончок?! – адамдар жандана түшкөндөй болушту.
Жан тикесинен тура калды.
Кызмончок адегенде Жанды, андан кийин эне-жыланды, анын айланасындагы чубалжып, жыбыраган макулуктарды айланып-тегеренип карады. Адамдардын бу жолу да калпыстык кетиргенин түшүнгөндөй, жыландардан жансоога сурагандай, жерге тизелеп отурду. -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 24 Фев 2017
ЖЫЛАНДЫН СУЙУУСУ
ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН
7
Өткөн-кеткенди көз алдынан чубата өткөрүп жатып, келип-келип аягы ушул күнгө такалган кезде гана Кызмончок ордунан турду. Этек-жеңин кагынган болуп, жоолугун оңдоп, алда неге бел байлагандай боюн түзөп, үйгө кирди. Босогону аттап эле төрдө илинген комузду көрдү. Чаң, желе басып кеткен комуз кол тийсе эле азыр даңгырап ыйлап жиберчүдөй туюлуп кетти, сунуп келаткан колун кайра тартып алды Кызмончок. Ушул тапта, жанынан кандайдыр бир караан «булак» этип өтүп кеткендей болду...
Кызмончок көздөрүн жумуп жиберди. Артынан куугунчу келгендей сезип кетти. Азыр Бектемир же башка бирөосү келип каруудан алып, аркта жетелечүдөй элестеди. Эмнегедир ушуну каалабай турду... Жандүйнөсүнүн тынчтыгын каалап турду. Бирок... эч ким үн каткан жок. Дабыш да угулбады. “Ким?” – ушуну ойлоду келин. Жан да эмес... Ата-энесиби? Алар да мунун келгенин билип, ушул жерди айланып-тегеренип турушту бекен? Коздөрү умачтай ачыла түштү... Жок! Башка...!
Бурчта бир топ жылдар мурун жүзгө чыгып өлгөн Бүбү байбиченин сөлөкөтү турган! Бакырып жибере жаздап, бирок корккондон тамагы буулуп, үнү чыкпай калды. Ыраматылык Бүбү эненин элесин ушуну менен экинчи жолу көрдү. Биринчи жолкусунда мүрзөлөрдүн арасынан көргөн. Анда айылдын эли куран окуганы Бүбү кемпирдин бейит башына барышкан. Дөбөдө кыдырата тизилген мүрзөлөрдөн анча алыс эмес жерге дасторкондорун жайып, даам сызып, энеге багыштап куран окуп кайтышкан. Кызмончокту да: «Кой, балам, комуз менен жыландан башканы билбей каласыңбы? Эл менен аралашып көн», – деп ата-энеси ээрчитип барган.
Эл бейит башында отуруп, куран окулуп жатышкан маалда, Кызмончок бир чекиттен көз албай көпкө катып калган. Бул тууралуу заматтын ичинде элге күбүң-шыбың тараган:
– Капырай, ошо жерден Кызмончок жыланга айланып кете жаздаптыр. Кареги катып, денеси муздап баратканда энеси алып калыптыр!
– Мен да өз көзүм менен көрдүм, ооба! – дешип. Бирок Кызмончок анда эч кандай жыланга айланбай эле, маркум Бүбү эненин элеси менен тиктешип, нес болуп калган. Бүбү эне анда да кудум азыркыдай – Кызмончокту аягандай, ага жан тарткандай карап турган. Көзгө илешпеген ирмем ичинде ушуларды ойлоп ийди келин.
– Балам, тек гана элестетип алсаң керек. Коркпо. Андан көрө тирүүлөрдүн ар кандай арам ойлорунан, жаман жорук-жосундарынан коркуш керек, – деген кечинде апасы. Ушуга өзү да ынанып, коркпой калган. Ушундан улам го, эми да Кызмончоктун тулку боюн ээлей калган коркунуч акырындап тарап, тескерисинче Бүбү эненин элесин караан тутуп кетти. Бирок кайра кайрылып караганда эненин элеси жок болуп чыкты... Дубалда илинген комузду алды... Алаканы менен аяр сылап, комуздун тулку боюнда илешкен желени тазалады. Эриндери эмшеңдеп, карегине тегеренген ысык жаш комуздун бетине тыпылдап таамп кетти. Ата-энеси каза болгондо, кайын журту булардын болгон жүгүн Абылайдыкына көчүрүп келген. Кызмончок ошондо атасынын комузун таппай калып:
– Апа, атамдын комузу көрүнбөйт го? – деген.– Бир-эки буюмун калтырдык, ботом. Өздөрү кеткени аз келгенсип, үйүн томсортуп коймок белек. Байкуштардын арбагы ыраазы болсун. Кийинчерээк аларбыз, – деген Сайракан. Кызмончок да муну эп көрүп, кайненесине ыраазы болуп калган. Бирок чынында Сайранын комузду алдырбай койгонунун жөнү башкада болчу. Өз көзү менен көрбөгөнү менен Сайракан Жандын комузду муюп угарын, Кызмончок да жыланга күү чертип берерин эшиткен. Ошондуктан, бул аспап жыландарды ордосу менен чогултуп келчүдөй чочуп, үйгө алдыргысы келген эмес. Атүгүл, колунан келсе, Кызмончоктун өзүн деле куттуу үйүнүн босогосун аттаткысы жок эле. Бектемир эле: «Кызмончокту алам!» – деп, айтканынан кайтпай туруп албадыбы. Болбосо, башынан эле көрөйүн деген көзү жок эле. Эмнеге ушундай экенин Кызмончок да билгиси, Сайранын оюн окугусу келчү. Бирок сыртында эле мынчалык каардуу кайнененин ичинде андан да катуу каар жатканын сезип, дити даабайт. Заарканат. Деги эле Кызмончок адамдардын оюн окугандан коркот. Чынында эле, сыртында күлүп, жакшынакай карап турган адамдын ичинде таптакыр башка дүйнө, башка сезим, башка ой жатканын билүү кандай кы йын?! Кызмончоктун көп учурда адамдардын көздөрүнө тик карабай жалтактап, деги эле адамдардан боюн ала качып, оолактап калышынын бир себеби ушул болчу. «Андан көрө жыландын оюн окуп, дилин туйган канча эсе оңой», – дейт баамында. Бир жолу бир кызык окуя болгон. Кайсы бир тойдо Кызмончок Бүбү эненин келини Алымкан менен маңдайлаш отурган. Ошондо, дудук аял Кызмончокту көпкө чейин көз албай, жалдырап тиктей берген. Адегенде аны анчалык деле этибар албаганы менен, кыз капилет эле ошол көздөрдүн ары жагындагы жазууларды окуй койгон: «Кандай жакшынакай кыз сың... – деп «жүгүрүп» турган Алымкандын ойлору. – Бирок сени алдыда эмне күтүп жатканын билбейсиң да. Бечара апаң да билбейт. Атаң болсо, баа рын ичине жутуп, батырып келет. Кайненем менен акыркы жолу сүйлөшкөндөн бери «ичкени – ирим, жегени – желим», байкуштун. Көрүнүп эле турбайбы... Сени ушулардын сүйүүсү гана сактап жүрөрүн билсең кана?! Болбосо, эчак эле жыланга айланып кетмесиң, шордуум!.. » Кызмончок «селт!» эткен. Ошондо эсине келе түш көн Алымкандын карек учкундары алда кайда ыргып, быркырап кетпеди беле. Ал оюн окутуп койгонун билген. Көздөрү алаңдап, анан Асылбек экөө саамга тиктеше калышкан. Асылбектин каны башына тээп, эки чыкыйынан кан тамырлары бүлкүлдөп чыга түшкөн болчу. Ачуусу катуу келгенде ошентип кетер эле. Ошондо Алымкан алдына аш келгенине карабай, элди аттап-буттап, эшикке чыга качкан. Эмнегедир, ошондо Асылбек да кызынан көздөрүн ала качып, кайпактап калган болчу. – Апа, мени эч ким жакшы көрбөй калса, жыланга айланып кетемби? – деген үйгө келгенде кыз.
– Кайдагыны айтпачы, балам! – деген апасы. – Ким айтып жүрөт антип?! -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 21 Фев 2017
ЖЫЛАНДЫН СүЙүүСү
ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН
6
Чыны менен эле Алымкан кайненесинин жетилигине жетпей жыгылып, эс талма болуп калган. Анын чоо-жайын ар кайсыга жоруп келишет. Кээ бири: «Бечара Алымкан, кайненесине катуу күйгөндөн ушинтип тил-ооздон калып, жалдырама болуп калды. Анан эмне, бармактайдан колуна келип, эне-баладай эле болуп калышкан да», – десе, дагы бири: «Ой, антпей эле бу байкуш кайненесинин каргышына калып, ошондон ушинтип калыптыр. Тилдүүрөөк эмес беле бечара», – деп кеп кылып жүрүшөт дале. Ошондой көп аңыздын ичинен чындыкка жакыны – Сайранын божомолу боло турган...
– Деги, оюңда эмне бар? – деди аялынын кебине муюй түшкөн Абылай.
– Келиндин өзү менен сүйлөшүп, тамырын тартып көрсөңчү, аялсың го.
– Ой, ошонуң сүйлөшөт дейсиңби? Бала кезинен кишиге кошулбай, жылан менен жандашып жүрүп эле жедеп көнүп алыптыр. Мелтейип бир сөз чыкпайт. Жанагы балаң эле ошонун эмнесин жакшы көрөрүн билбейм. Чырайын чылап иччүдөй болуп. Жаш келин деген жаркылдап, күлүп-жайнап турса жарпың жазылат да, кокуй!
Аялынын сөзүндө жөн бар өңдүү, Абылай унчукпай калды.
– Түндө түшүмдө экөөнүн үстүнө кирип барсам, Бекибай эки колун эки жакка жайып таштап, бейкапар уктап жатыптыр. Тигиниң, Кудай бетин көрсөтпөсүн, түрү укмуш! Көкүрөктөн өйдөкүсү – өзү, ылдый жагы чубалган эле жылан!
Сайра ушинтип айта баштаганда Чынтемир «бырс!» этип мыйыгынан күлүп ийди эле, экөө тең аны карап калышты.
– Бир жагынан мобунуку өттү! Кишини бир келесоо көрөт! – деди Сайра ага тап берип.
– Анан? – бутун үйлөгүлөп жатып сурады Абылай. Анткен менен Абылайдын жаш кезинен эле Сайранын түшүнө ишенип, төлгө кармап алган жайы бар.
– Баламдын каруусун жазданып жатат бейбак! Аны ойгонуп кетпесе экен деп, баламды жаналаектке түшүп: «Бек? Бекибай?» – деп атыпмын. Аңгыча балам чочуп ойгонуп кетип, жанында жаткан ажыдаарды көрүп, тура калайын дегиче, тиги да ойгонуп кетип, экөө кудум баягы мен арбашкандай арбашып калып жатпайбы! Ой, жанымдын бир чыкканын айтпа! Жандалбастап экөөнүн ортосуна тура калайын дегенимче, баламдын бакырып ийгени тим эле жүлүнүмдү көсөп, мээмди тешип өттү го чиркин! Мунун баарын өңүндө көргөндөй энтигип, ыйламсырады Сайра. – Уктуңар го силер деле. Анан чуркадык го баарыбыз... Унчугушпай калышты. Атүгүл Чынтемир да апасын адатынча шылдыңдап күлбөй, ойлонуп калды.
– Бектемир да бирдемени сезген окшойт деп калдым. Ботом, акыры акыл-эстүү адам болгон соң, аңдайт да бирдемени, – деген Сайра оюна бир жамандык түшүп кеткендей уулун жумшады:
– Ай, Чынтемир, карачы тигилерди! Дымдары чыкпай эле калды да?!
Чынтемир шар чыга калгандан зааркангандай, босогодо саамга тыңшап туруп, анан каалганы кыйчылдатып, акырын ачты да, аркы үйгө баш бакты.
– Чыкпайсыңбы, ботом! – энесинин ушу сөзүнөн кийин гана чыгып кетип, кайра эле бат кирип келди.
– Эмне?! – үрпөйө түштү экөө.
– Жеңем жок! – ыйлап ийчүдөй сүйлөдү Чынтемир.
– Жок болсо, жеңеңди эмне, Кудай алып, курт жемек беле?!
Чыккандыр да сыртка!
– Короонун эшиги да ачык калыптыр.
– Бектемирчи?
– Жатат ал... Көңүлү жайланыша түшкөн Сайра кайра бат эле өң алеттен кетип, чыңырып ийди:
– Ыя-аа?!
– Жатат дейм.
– Жатканы эмнеси, кокуй?!
Сайранын артынан дамбалчан Абылай, анын артынан Чынтемир болуп, чуркап чыгышты. Айткандай эле, эзели күндүз уктабаган Бектемир башын бир жагына кыйшайткан боюнча, ууртунан шилекейи чыгып, жерде жаткан болчу...
* * *Кызмончок ата-энесинин үйүнө келди. Короонун ичи-сыртын тикенек, чөп басып кетиптир. Бир кезде Асылбектин комуз күүсү чертилип, Сырганын шаңкылдаган, Кызмончоктун кытылдаган күлкүсү чыгып, атүгүл Жандын шоораты угулуп турчу үйдү каптап алган кунарсыз жымжырттык, ансыз да араң келген Кызмончоктун өпкө-жүрөгүн эңшерип жиберди. Көкүрөгү солкулдап, энтиге-энтиге дем алып, анан бугу жарылып кеткендей бир бакырып алып, короонун так ортосунда теңселип турду.
– Апаке-е?! Атакеба-ай! !! Ыы...
Сыртынан каршы-терши жыгач кагылган каалга азыр ачылып, ата-энеси, алардын артынан Жан чыга калчудай элестеп, жакындап келди... Андай болбосуна көзү жеткенде гана босогону кучактап жыгылды. Келинди соороткон эч ким болгон жок. Жандилинде Кызмончок өзү да ушуну – эч кимдин келбешин каалап турду. Көптөн бери көкүрөк-көңүлүнө толуп, көлкүлдөп батпай кеткен кусалыкты, ызаны төгүп-чачып алганга бирөө-жарымдын тоскоол болушун каалаган жок! Качан гана көз жашы түгөнүп, андан ары ыйлаганга күч-кубаты келбей калганда гана тынчып жатып калды. Ошондо да көздөрүн ачпай, кудум төркүндүн төрүндө, ата-энесинин тизесинде эркелеп жаткансып, кире беришти жазданып, көшүлүп жата берди. Апасынын, атасынын жыты келди... Алардын дайыма бири-бирин эркелетип, тамашалап сүйлөгөн кобур-собуру алда кайдан угулгансып жатты... Ара чолодо комуздун күүсү угулуп, Асылбек үн созуп ырдап, Сырганын каш серпе эркелегени элестеди... Бирде атасына, бирде апасына жароокерлене караган өзү... Ага удаа эле, кайдан-жайдан жыландын «шырп» этип угула калган дабышы... Андайда кыз элейип тыңшай калып, жан досунун кайда экенин туюму аркылуу сезип-билип, жаңылбай-жазбай таап алчу. Анан, экөөнүн маңдай-тескей отуруп алып ойногону, Жанга жомок айтып бергени... А кокус сырттан дабыш чыга калса, жыландын «култ» этип алда ненин алды-артына кире качып, жашынганы... А кийин, Кызмончок бой жеткен сайын бул үй да, бул короо да, атүгүл бул айылдын ичи да экөөнө тардык кыла баштаганы... Анткени, алар тууралуу эл арасында адамдын төбө чачын тик тургузган бүгүнкү имиш-имиштердин учугу ошол жактан башталган. Айрым уганаак-көрөнөөктөр ар кайсыны шылтоо кылып, алардын үйүнө атайылап эле келип ары жак-бери жакты карап, тыңшап кетчү болушкан. Байкуш Асылбек менен Сырга андайда алдастап калар эле. -
Темасы: Москвадагы форумчулар! Кимдер бар?
Жазылган күн: 20 Фев 2017
Москвадан чоооң Салам! -
Темасы: Жыландын сүйүүсү
Жазылган күн: 19 Фев 2017
ЖЫЛАНДЫН СҮЙҮҮСУ
ЭКИНЧИ КИТЕПТЕН
5
Аңгыча эшиктин алдында жаткан кара дөбөт жылан көргөнсүп катуу ажылдап жиберди эле, жаңы эле кайнатасына куурма чай сунуп келаткан келиндин колундагы кесе ыргып кетип, сызыкка куурулуп жасалган майлуу-сүттүү куурма чай кайнатасынын колу-бутуна жабыла берди.
– Кокуу-уй, каран күн! – деп чаңырып ийди Сайра. Абылай да:
– Эк, Кудай каары! – деп кагынып-силкинип тура калды. – Ушуну кылмак, каран күн! Карыганда кууратпадыбы! Колуңа шал тийип калгыр! – деп какылдаган Сайра абышкасын аркы үйгө алып кирип кетип: – Бол, чеч! Иий, ылжырап түшүп калган тура, кокуй! Бектемир, алып кел баткак! – деп араң турган эме аркы үйдө буркан-шаркан түшүп жатты.
– Тур, апкел! – деп Бектемир Чынтемирге тап берди.
– Эмне турасың жалдырап! Баткак алып кел. Чынтемир чыгып кеткенде үйдүн ичин жымжырттык уялай түштү. Бектемир Кызмончокту энтиге карап турду да:– Кетесиңби?! – деди зекий. Кызмончок унчукпай жер тиктеди. – Эй, кетесиңби деп атам?! Айтпайсыңбы? ! – деди Бектемир ныгыра сүйлөп. – Көзүмө көрүнбөй ылдамыраак кетип калчы! Бар! Тигил үйдө бакылдап аткан Сайранын үнү өчүп, бул экөөнү тыңшап калгансыды. – Кудай урган эме экенсиңер, атайылап кылды дейсиңби?! – Абылайдын Сайрага
– Кайда кетем?! – деди Кызмончок акырын унчугуп.
– Төрт тарабың – кыбыла!Кызмончоктун кош кареги ылдый мончоктоп жаш куюлуп кетти. – Атам-энем болсо, токтобойт да элем...
– Сага ата-эненин, күйөөнүн, башкалардын эмне кереги бар?! Сага жыланың болсо болот да! Күтүп жүрдүң эле го, бар эми чык! Тигине, келди эшикке. Сүйлөшүп, чакырып алдың го!
– Бектемир?! – Кызмончок күйөөсүнө жакындады. Күйөөсү чындап эле андан иренжигендей боюн ала качып, артка кетенчиктеди. – Жакындаба мага! Тажадым! Кааласаң талагыңды да берем! Уктуңбу? Талак, талак, талак! Кызмончоктун сунулган колу селейип катып, умсунган боюнча туруп калды. Жүзүндөгү эми элеки жалооруунун илеби сууп, сумсайып, бүт тулку боюн таштай муздактык ээлеп баратты. Күшүлдөп-бышылдап, бир чака ылай көтөрүп кирип келген Чынтемир бул экөөнү бир азга карап туруп калды да, төркү үйгө кирип кетти. Кызмончок өзүн азыр бул үйгө эле эмес, бүтүндөй бир айылга батпай калгандай, баарына ашык баш, керексиздей сезип кетти. Жыланы гана ага боор ооруп, ошол гана аны түшүнчүдөй, ошол гана муну танбай, чанбай, бар азаптан арачалап кала тургандай, жалгыз ошого гана керектей сезилди. Ушу азыр ага жолуккусу, ата-энесинен ажырап калганын, сагыныч менен жалгыздыгы жанына батканын айтып, көз жашын жамгырдай көнөктөтүп, өксүп-өксүп ыйлагысы келди. Балким, ошондо бир аз жеңилдеп калат беле?!. Ошентет болчу... Ошого булар чын ыкылас менен макул болуп, акыркы ирет бир чай кайнам гана жолугушууга мүмкүнчүлүк берсе, анда буларга ал өмүр бою карыздар болот беле. Бүт өмүр бою бар азаптарына чыдап, оту менен кирип, күлү менен чыгат беле? Жандан да сагынычы тарап, санаасы тынып: «Эми биротоло кош бол, менин макулугум. Мен бул үй-бүлөгө биротоло байланып калдым,» – деп жолуна салат беле. Бирок мунун баары куру кыял болчу. Бектемирдин бир ооз жылуу кебин, боор тартып, ымала санаган мамилесин самады. Бирок күйөөсү мындай жакшылыкты жубайына ыраа көргүсү келген жок... Сыртта жаткан сомодой болгон ак жыландан айбыгып жаткандай, же бул жерден чыгып кетсе эле үйдө бир укмуш нерсе болуп кетчүдөй, адатынча эшикке да чыгып кетпей, үйгө байралды да калды! – Мен сенден суранам, Кызмончок, көзүмө көрүнбөчү! Кетип калчы, турбачы бу жерде! – деди бир убакта Бектемир жалдырап сурангандай акырын, аялуу үн катып. Ушул убакта аркы үйдөн Абылайдын үнү угулду:– Ит кимге үрүп атыптыр? – Ишенбайдын торпоктору, – күңк этти Чынтемир. Муну уккан Бектемир, үстүнөн бирөө оор жүктү алып ыргытып жибергендей, бир азга жеңилдей түштү. Денесин жерге таштап жиберип, чалкасынан жата кетти. Аны саамга карап турган Кызмончок үйдөн чыгып баратып, аркы үйдөн атасы менен Чынтемирдин кобурашканын эшитти:
– Короого кирип кетиппи?
– Ооба.
– Атаңдын оозун урайындар... – бар балээнин баарына ошол торпоктор күнөөлүү өңдүү ачууланды атасы.
– Чыгардыңбы анан?– Баласы айдап кетти. Сайра кыңайып ачылган эшиктин жанына келип, сыртка кулак түрдү. Оюнда ал уул-келини элдешип алып, адатынча үн-сөзсүз кучакташып турушабы деп ойлоду. Буларды ошол «жымжырттыктан» ойготкусу келгендей анан калп жөтөлүп, тамагын кырган болду. А бирок жөтөлдүн жообун күтүп отурганга чыдамы жеткен жок, эшикти акырын ачып, сырткы үйгө баш бакты. – Ууру мышыктай болбой, чыксаң жөн эле чыкпайсыңбы! – деп Абылайдын «барк» этип ийгени Сайраны куйрукка сайгандай, дене боюн «селт» эттире чочуп, жаңы эле оозгу үйгө баш баккан тумшугу кайра «култ» этип ары кирип кетти.
– Капырай, эмне?! – деди Сайра ызаланган, таарынган кыязда.
– Эмне баркылдайсың? !
– Сен өзүң эмне эле болуп жатасың, баладай болуп?! Жаш келин менен эрегишкенден уялбайсыңбы? ! Деги бирөөнүн баласына жашоо бересиңби өзү?! Эне-атасынын өлгөнүнө деле жыл айлана элек, «Өлгөндүн үстүнө көмгөн» кылып, кайгы басып турган эмени ого бетер... Анча-мынча кемчилигине көз жумуп койсоң болобу?! Балаңдын да мээсин жеп!..
– Тигини! Балаң экөөңдүн башыңды жылан келиниң таптакыр айландырып алды! Болбосо, мен көргөндү кантип көрбөйсүңөр, мен сезгенди кантип сезбейсиңер? !
– Эмнени сезип атасың сен? Ыя?! Сайра эми эринин жанына отура калып, акырын унчукту:
– Жаз келди. Жыландар сыртка чыккан маал. Келиниңдин кылык-жоругун, баскан-турганын байкап жатасыңбы, абышка, башкача боло баштады. Мунун канында бар да, бирдемени сезип-билип атабы, баягысы кайра келатабы дейм. Айтор, ойдолоктоп эле отура албай калды, бир балакети бар... Баятан бери аялын жаман көрүп, ачууланып жаткан Абылай, эми анын айтканында жөн бар өңдүү, ойлонуп калды. – Эмне балакет болмок эле? – жанагыдай одураңдабай, жоош сүйлөдү. – Бир Кудай билет, абышка. Эл жөн айтпайт. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт». Бүбү кемпир өлөөр алдында Асылбекти элден эле эмес, Сыргадан да бөлүп чакырып алып, бир укмушту айтканы тууралуу кеп кылып жүрүшпөйбү. Ыраматылык Асылбек аны Сыргага да айтпай жүрүп, акыры ошону айта коём деп, аялынын жүрөгү жарылып өлүп жатпайбы. Жөн эле жарылды дейсиңби? Артынан шордуу өзү кете берди го анан.
– Андай экенин ким текшериптир?
– Бүбү кемпир менен Асылбектин сөзүн ушу эле Алымкан угуптур ботом. «Бу кайненем Асылбекке эмне кызыкты айтар экен?» – деп, узун кулак неме тыңшабайбы.
– Ии? – Абылай суроолуу карап калды.
– Ии, анан анча тыңшаганга жараша, ал кургур бир-эки сөзүн укпай жаны жокпу? Ошону ичине ката албай, кайненесинин сөөгү узай элек жатса дагы бир-экөөнө айта салып, ошондон ушинтип тирүүнүн өлүгү болуп отурбайбы шордуу! Бүбү кемпир да жөн кемпир эмес эле да...
Комментарийлер
Kyrgyzka-95
19 Фев 2017 - 21:11aziret-92
19 Фев 2017 - 20:34Kyrgyzka-95
18 Фев 2017 - 13:29