Мен 2 жылдан бери агентство да иштейм озубуздун кыргыздарга батир маселесин чечкенге жардам берем.по всей Москве кимге керек болсо чалыныздар 89670875566
Москвада ким эмне жумуш кылат? Же болбосо кандай жумуштарда иштегенсинер...
#282 11 Апрель 2018 - 03:16
Дорогие соотечественники,
мы растём и расширяемся!
Наше агентство “Паритет” работает на рынке недвижимости Москвы более 10 лет и зарекомендовало себя как лучшее и надежное решение в поиске квартиры! У нас большая, дружная и профессиональная команда из 34 человек.
И теперь мы открываем новые офисы по всему городу для Вашего удобства.
Мы рады сообщить, что нас теперь можно найти на метро Технопарк, ВДНХ, Дмитровская и Волгоградский проспект.
Наша команда профессионалов найдёт Вам удобную и уютную квартиру для жилья рядом с вашей работой, офисы и помощения для открытия бизнеса в любой точке города!
Мы сэкономим Вам деньги, время и нервы!
Жумабек 89670875566 Вотсап 89623618442

#283 11 Апрель 2018 - 11:51
#284 11 Апрель 2018 - 15:03
#285 11 Апрель 2018 - 16:22
#287 23 Апрель 2018 - 20:05
Shanson (07 Апрель 2018 - 02:45) жазган:
Жогордо бир тамашакөй жазган экен "Мен Маскөөдө эч кандай иш кылбаймын, анткени, мен Кыргызстандамын"
деп. Анын сыңарындай,
мен деле Маскөөдө эч нерсе кылбайм, анткени, ал жакта өмүрү болуп да көргөн эмесмин . Качандыр бир убакта бир барып көрүп кетким келет. Бирок, "ни в коем случае" иштегени эмес. (себебин төмөндө жазам).
Теманы жана иштен келатып окуп баштап бүтпөй калдым эле. Азыр үйгө келип, курсакты кампайтып, бир сыйра короодогу койлорду түгөлдөп (дегеним күнүгө көрчү жаңылыктарды, соц.сеттерди бир сыйра барактап чыгып болуп), анан кайра бул теманы аягына чыгарып окудум. Эмне дейм?.
Орусияда таанышым иштебегендиктен же иштесе да да алыс тааныштарып болгондуктан алардын маяналарын сураган эмесмин такыр. Негедир, баягы, Фриман өзүнүн бир видеоблогунда "...силер айлык тууралуу суроо берилгенде жаныңарды сууруп алчудай ал суроодон коркосуңар" дегениндей, кээлер айлыкты сурасаң укмаксан болушат, же жооптон буйташат (мен буйтабай-этпей эле шарт эле айтып салат экенмин). Негизи, культур-мультур тууралуу кеп кура турган болсок, бул тууралуу суроо берген орунсуз экен. Бирок, ошондой болсо да бул жерде Маскөөдө эмгек кылып маңдай тери менен пул таап аткандардын маяналары, жумуштары тууралуу бир сыйра маалымат алып чыктым. Рахмат маалымат менен бөлүшкөндөргө!
Байкасам, баары эле кызмат көрсөтүү жаатында иштейт экенсиңер. 12 саат... Айлык КР дагыга караганда жакшы болгонуна карабай, ата-энени, бала-чаканы алыста таштап белди бекем бууп чет жакта иштеп жүргөндөргө таазим кылганга эмнеге болбосун?! (Ылайым, өз элин ушундай абалга туш келдирип эми оозуна ээ боло албай патриот болуп, "баатыр" болуп аткандар оңбосун!)
Мен адамды топуксуз деп билет элем. Бул жерде баары эле алган айлыгына, күнүнө 12 саат иштегенине шүгүр келтиргендер го
Бишкекте окууну бүтүп иштеп жүргөндө (айлыгым 8000 сом болчу, 2010-жылдары) үйдөгүлөр "баланчанын баласы Орусияга барып иштеп үйүнө ай сайын 20 миң сом акча салып турат экен" деген сөздөрдун четин чыгарса да укмаксанга салып койчумун. Анткенимдин себеби бар эле. Негедир орусту негизинен эле кыртышым сүйө бербейт. Андайлар менен башка жумуштан да, башка жерден да аз-маз көрүп калып Орусияга барганга болбойт деп чечкем башынан эле. Орустардын орой, агрессивный, расисттик иттиктерин билгеним менен азыр алардын ырчысы Михейдин "Мы поплывем по волнам" (эскии бирок душевный ыр) деген ырын угуп отурам.
Былтыр, Маскөөдө бир канча кыз өрт кырсыгынан өлгөн учурда мен орустардын фейсбуктагы бир группасында админ элем. Өзүмдүн барагыма орустардын ошондой учурда да циничный сөздөрүн жазган жерлерди скриншот кылып жүктөп койгон элем. Анан мени ал группадан админдиктен алып коюшуптур. Болбосо өздөрү "админ болчу" деп келишкенде макулдугумду берип, ал группаны көзөмөлдөп, анча-мынча жаңылыктарды чыгарып турчу элем.
Орустар сага күнү түшүп турганда эле миленький болбосо, башка учурда өздөрүн "пуп земли" эсептешет. Мындай реалд, телефондо алар менен сүйлөшкөндөн заарканам. Аларга караганда ошол эле тектеш славяндар: украин, молдован, белорустар алда канча адамгерчиликтүү, сылык.
Мына ушундай себептерден улам, Орусияга эч качан иштегени барбайм! Бирок, поездге түшүп алып бүтпөс токойлорун бир аралагым келет качандыр бир убакта саякат кылып.
Жакынды эле бир таанышым айтат: "Ал өзү бир авиакомпанияда VIP кардарларды тейлеген жагында стюардесса болуп иштейт. Алар менин кебетемди көрүп орусча сүйлөп баштаса да, мен орусча билбеген киши болуп англисче сүйлөйм. Анткени, кыргыз экениңди билип калса эле кыргыз мындай жерде иштегени фантастика болгонсуп "Ничего себе!! Как ты вообще сюда ПОПАЛА?" дешип таң калышат. Алардын андай сөздөрун угуп нерв болгондон көрө орусча билбеген киши болуп койгонум артык".
Орусияга барганда тилди сөзсүз үйрөнгүлө! Тилиң сайрап турса өзүңдүн укугуңду да коргой аласың.
Ийгилик баарыңа!

#288 01 Июль 2018 - 15:56
Shanson (07 Апрель 2018 - 02:45) жазган:
...

crazyloop (11 Апрель 2018 - 09:12) жазган:
Ар бир улуттун жаманы бар, жакшысы бар. Интернетте группага админ болгондо баардык нерсеге адилеттуу болуу керек. Улутчулдуктун кыпындай нерсесин билдирбоо керек. Албетте мындай админдерди жумуштан алып коет, орустар эле эмес, башка улут болсо да ушинтмек. Эгер орусту чынында кыртышын суйбосо, аларга жакын жолобоо керек. Иши тушкондо баары эле,ал эле эмес жакын тууганын да кулуп суйлоп, башка учурда кыйын болуп, сага конул бурбайт.
Мен скриншотторду фб дагы өзүмдүн дубалыма чыгарган элем. Группага андайды коюуга менин ар кайсы жактарда админ болуп жүргөн тажрыйбам жол бербейт эле Кыскасы, орустардын көбү (баары деп айта албайм) баары бир чектен чыккан улутчул жана империалисттик көз караштагы шовинист келишет. Бул факт!
> Mен эл менен <
#289 01 Июль 2018 - 18:11
"Башка барактан чыгарыш керек болчу".
Бул жагы эч кандай логикага жатпаган таза кокуй болуп кетти го?..
Мага ал жерде эч ким босс эмес - анчага жетти: мен алар менен кагаз жүзүндө келишим түзүп анан ошонун бир пунктунда "баланча бастанчага босс, бастанча баланчага кызматкер. Кызматкер боссунун ачуусуна тийбеш үчүн анын көңүлүнө жакпаган чындыкка дал келген маалымат болсо да анын көзүнө көрсөтпөй, башка аккаунт менен кирип, ал жактан муну блоктоп (чтоб көрүп көңулү айнып калбасы үчүн) анан гана чыгарыш керек" деп көрсөтүлгөн эмес да?!
Жакшылары бар, бирок, кеп анда эмес, кеп алардын көпчүлүгүнүн башкаларга кандай мамиледе экенин айтып жатам.
Өткөндө бир кызык болду. Ош базарына сыр алайын деп барып бал алууну да чечтим. Башка жерден алмак элем кокусунан бир орус кемпир менен сүйлөшүп калдым. Жанымда акча жок эле. Банктан акча чыгарайын анан алам деп сүйлөшүп, алар болсо мага улам чалып (кардарды колдон чыгарбаш керек да), акыры кайра келдим. Мен ала турган көлөмдөгү бал жанында жок экен. Үйүнө барыш керек болдчу. Кызынын унаасына отуруп үйүнө бардык Селекция тарапта. Жакшы кыз экен. Тагыраагы эже. 81-жылкы. Ар кайсыны сүйлөшүп, үйүнө барып чай ичип, атасы менен таанышып, айтор, тим эле эски тааныштардай сүйлөшүп отурдук. Жакшы адамдар экен баары. Кайра мени үйүмө жеткизип койду унаасына салып. Жолдо келатып анан ошондой сөз болуп кетти. Ал айтып калды, бияктан кеткен орустар кайра келип атышат. Маскөөгө көнө алышпай коюптур. Мага бул жак аябай жагат. Эч жакка кетким келбейт деп. Ар кайсы улуттар тууралу, мамлекеттер тууралу, менин жумушум тууралуу, саякат тууралуу да узун-сабак аңгеме куруп келаттык. Үй-бүлөсү жөнүндө да айтып берди)) Айтор, абысындардай болуп сырдашып кеттик, ай. Анан сөздөн-сөз чыгып, ушу канча жылдан бери ар кайсы улуттагылар менен (арасында орусу, белорусу, украини, молдаваны, африкалыгы, кытайы, жапону, индусу, пакистаны, филиппиндиги, европалыктары, арабы, деги койчу мен алака кылбаган улут деле калбай калды болушу керек) иштешем, бирок, ошолордун ичинен кмшлыктар ороюраак келет. Особенно орустар десем унчукпай, анан. Ооба, биз ороюраак келебиз, - деп мойнуна алып. Бирок, баары бир менин бетке айтканын жакпай калды окшойт. Мурункудай ачылып сүйлөшпөй калды Мага эмне, мен байкаганымды айттым.
Ата-бабабыз бекеринен айткан эмес - "орус менен жүрсөң айбалтаңды ала жүр" деп.

#290 04 Июль 2018 - 14:08
Кандайсыздар?
Мен да жакында барсамбы деп аткам буйруса.Ошого сиздерден иш сурап жазып атам... Болсо жазып коюнуздарчы.