Барс агайдын өздүк чыгармалары Барстан бытыгый, жөнөкөй аңгемелер, новелла, монолог, тамсил...
#61 04 Май 2014 - 20:51
Калдык заман
Кызматчыны каралоо мода болду,
«Кетсин! » деген «учкул сөз» Ода болду.
Анткендиги чоңдордун кызмат орду,
«Алды-сатты» сыяктуу соода болду!
Бөтөн элдин терс жагын алдык дагы,
Биз байыттык сапаттык, сандык дагы...
Өөрүп бизде жүргөнсүйт биттей каптап,
Өткөөл заман ыпылас калдыктары.
Кыйкыр десе кыйкырган жалданма баш,
Кыйкырыкка ишенме алданма жаш.
Чыркырашып жаткансыйт түгөл баары,
Чын-төгүнү билинбей калды аралаш.
Чочоңдошкон көралбай тыңсынышып,
Чоңдоруңдун бири – ит, бири – мышык....
Кылдан кыйкым табышса, элди айдап,
Кырылышып жатышат, кырылышып...
Кызматчыны каралоо мода болду,
«Кетсин! » деген «учкул сөз» Ода болду.
Анткендиги чоңдордун кызмат орду,
«Алды-сатты» сыяктуу соода болду!
Бөтөн элдин терс жагын алдык дагы,
Биз байыттык сапаттык, сандык дагы...
Өөрүп бизде жүргөнсүйт биттей каптап,
Өткөөл заман ыпылас калдыктары.
Кыйкыр десе кыйкырган жалданма баш,
Кыйкырыкка ишенме алданма жаш.
Чыркырашып жаткансыйт түгөл баары,
Чын-төгүнү билинбей калды аралаш.
Чочоңдошкон көралбай тыңсынышып,
Чоңдоруңдун бири – ит, бири – мышык....
Кылдан кыйкым табышса, элди айдап,
Кырылышып жатышат, кырылышып...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#62 18 Май 2014 - 17:18
Барс (05 Май 2009 - 19:31) жазган:
"Майрамда окулган ыр"
(Аңгеме)
«Мугалим тегирмен сыяктуу.
Тегирменге тынымсыз жаңы суу агып келип,
парасын тегеретип турбаса, ал иштегенин токтотот.
Демек,чанагынан чубуруган данды негизги азык-ун кылып чыгара албайт.
Андыктан, тегирмендин суусу жок токтоп туруусу,
анын бузулуп, талкалануусуна алып келет» Автор.
Анын бул жааматта мугалим болуп иштегенине бир айдын эми жүзү оогондо, мугалимдер күнү келип, баарысы жумуштан кийин өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилеп коюш үчүн мектептин ашканасынын залында сайран курушуп, жеп-ичип дегендей, бирин-бири куттукташып дегендей аския айтышып, тамашалашып көңүлдүү отурушту. Сөз кезеги акыры ага да келип жетип, кесиптештерин куттуктаган соң, алардын аны-муну, көр тиричиликти сүйлөшкөн сөздөрүнөн бир аз болсо да алаксытып, жан дүйнөсүнө таасир этер деген максатта, ( балким, башкалардан өзгөчөлөнгүсү келиппи же…) баарысына угуза:
-Урматтуу кесиптештер, азыр мен сиздерге бир ырды көркөм окуп берем. Эгер кимде-ким ушул ырдын авторун жана атын тапса, майрамдык белек тартуулайм. Ал 50 сом!- деп жар салды да, өтө берилүү менен окуп кирди.
«Айнегинен чагылат аккан суунун
мажүрүм тал шактары чуудаланып.
Мажүрүм тал наз менен ашкан сулуу,
тарайт күмүш саамайын сууга малып…»
.................. ..
.................. ..
.
................
Шаңдуу окуп жатты ал.
«…кылыч менен талдарды чаап шакка
кетти кызыл атчандар батыш жакка,
батыш жакка күн батып бара жаткан.»
………………………………………………
Бир кезде чочуткандай селт эттире үнүн көтөрүп:
«Кушка окшоп канатка аткан
бир жаш атчан
кулады аттан…»-деп окуусун улантты. Анын көзүнө күндүн кылкылдап батып баратканы элестеп турду. Кулагына аттардын дүбүрттөрү угулгансып жатты. Бара-бара үнүнөн кайгы, муңайымдуулук угулуп, анан барып:
«ыйлаба, мажүрүм тал, ыйлабачы,
ыйлаба,
ыйлабачы…»- деп бүтүрдү.
Баары тым-тырс болуп калышты. Баягы саясатты «сайроочулар» да, «мен башкаларга караганда билимдүүмүн» деп үн чыгарып айтпаса да, дымагынан билинип туруучулар да, «мугалим дегендин кругозору кенен болууга тийиш. Өзүң окуткан предметиңдин окуу китебинен башка да нерселерди билбесең, анан кайсы мугалимсиң» дечүлөр да, алибетте, мектепке мойнунан байлагансып келип кетип жүргөндөр да, а тургай мектептин директору да, анын орун басарлары да үн чыгарбай калышты. Өлүү тынчтык алда канчага созулду. Мунун себеби окулган ырдын көркөм касиетиби, же берилген тапшырманын татаалдыгыбы? Бул ал үчүн табышмак эле. Акыры чыдабады окшойт бир математик мугалим:
-Ой, бул Аалы Токомбаевдин ыры да…-дей салды. Анын бул айтканына караганда акын атпайлардан А.Токомбаевдин гана атын биле тургандыгы сезилип турду. «Туура эмес,»дегенчелик кылып, ал башын чайкады.
Дагы тымтырс болуп калышты. Убакыт өтүп жатты.Ал ичинен өзүнө-өзү кейип койду: «Кайдагы балээни баштадым эле?!. Мугалимдердин мынчалык экенин («өтө билимсиз экенин» дегиси келип, бирок, өзү да мугалим экенин ойлоп, анте албады) кайдан билдим кокуй?! Ушу алтымыш ашык мугалимден кантип эле бири билбесин?»
Аңгыча мектептин директору ишенимдүү өкүм үнү менен:
-Эй, жолдоштор, токтогула,-деди эле баары ага карап
калышты. «Кудайга шүгүр- деп ойлонду ал-бар экен го бир адам!..» Үмүттөнө карады ал директорду.
-Менимче,-деди директор сөзүн чоё айтып-бул жигиттин өзү да ыр жазып жүрөт деп укканмын. Абдан берилип, жүда кайдасын келтирип, айтканына караганда, бул ырды өзү жазган, ырдын атын алибетте, өзү айтат да,-деп салса болобу, кысталак ылайым кысталышта өзүңдүн да үмүттүң акталбагыр!
-Ие, туура, туура,-деген үндөр жапырт коштоп кетти.
Ал чийки май чайнагандан да жаман болуп туруп калды.
Ошол кезде бир кызык болду. Столдун о ылдыйында кенже техникалык кызматкерлер деп аталуучу топто отурган ( алар: пол жуугучтар, мектептин карагулу, электриги, от жагуучулар) бирөө:
-Биз айтсак да болобу?-деп үн салды.
-Болот,-деди айласын таппай турган неме.
-Эми биз силердей билимдүү эмеспиз,-деди ал какшык аралаштыргансып сүйлөп-Катасы болсо кечиресиңер, агайлар, эжекелер. Менимче, бул ыр түрк акыны Назым Хикметтин «Мажүрүм тал» деген ыры.
-Ой, туура!-деди ал шашып- Туптуура! !! Сый белек сеники!-деди да, 50 сомдун ордуна колуна кире калган 100 сомдук бир кагазын берип жиберди.
Дагы тымтырстык өкүм сүрдү.
Өзү бир кечиримсиз иш кылып койгондой, бардык мугалим атпайды эл алдына алып чыгып маскара кылып таштагандай болуп, ал өтө жаман кыжалат абалда барып ордуна отурду. Ошол оор, ыңгайсыз тынчтыкты бузуп:
-Ии, кандай экен?-деди о бир оокумда, ошол мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалим, куду бир чоң жеңишке жетишкен шекилдүү, көздөрүн жүлжүйтө кытмыр, табалагансып, кыт-кыт күлүп, баарысын айландыра карап-Тил менен адабият сабагын огеле оңой ойлогон пенделер, кандай экен? (Ким антип ойлогонун, же айтканын айткан да жок)
оозуңарга талкан сугунуп алгансып, бириң да ооз ача албай калдыңар го!
Дагы окутуп койгон экенбиз, мына биздин окуучу жооп берди… Азаматсың-сен, ким элең, фамилияң да эске келбей турат, чорттуку?..
«Ой, өзүң кайда элең, неге өзүң жооп бербедиң?» деген да эч ким болбоду. Жанагы ырдын автору менен атын тапкан неме: «Мен бул мектептен окуган эмесмин!»- деп да айтпады.
Мындан кийин отуруш көп деле узабады. Баары үйлөрүнө тарап кетишти. Анткени, эртең сабактары бар эмеспи, окуучуларга билим беришет эмеспи!..

Супер! Кудум азыркы абал! Синдим агайына агай Жаны Зеландия каерде корсотуп беринизчи десе, агайы Жаны Зеландия жаны ачылган учун картага тушо элек деп айтыптыр(((.
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#63 18 Май 2014 - 19:56
Барс агай калеминиз курчуй берсин, чыгармаларыныз аябай жакты.
Алланын корсоткон ар бир күнүнө миң мертеден шүгүр!
#65 31 Июль 2014 - 10:14
Акыр-ын аяай сылайт
агаңдын бош алаканы.
Чынында көкүрөгүң
чымчыктын кош балапаны...
агаңдын бош алаканы.
Чынында көкүрөгүң
чымчыктын кош балапаны...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#66 31 Июль 2014 - 10:21
#67 08 Август 2014 - 08:31
Биз окуп, анан каалоо айтып коюп отура берет экенбиз.
Кокурокко бек орногон талантыныз боксорбосун агай! Ак барактар корком создорго толо берсин!

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.
Байдылда Сарногоев
#69 11 Август 2014 - 18:31
Сага жакпаса, өчүрөм да!..
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#70 12 Август 2014 - 00:45
#71 12 Август 2014 - 13:01
#72 19 Август 2014 - 08:50
Өзүң бил!..
Баары бир акын болосуңбу, жазуучу болосуңбу башкалардын деңгээлиндеги эле чыгармаларыңды жазып жүрө бергениң өзүңө да, өзгөлөргө да тынч. Эгерде биздин азыркы адабияттагы көркөм чыгармалардан өзгөчөлөнгөн бир жаңыча чыгарма жаратып алсаң болду, көйгөйдү өз башыңа үйгөнүң ошол. Анткени, андан соң ошол чыгармаңдан көркөмдүүлүгү, мазмуну төмөн чыгарма жазууга таптакыр дитиң барбай туруп алганы жаман. Ошондон улам кайрадан изденүүгө, түйшүктөнүүгө кириптер болооруң анык. Демек,эч болбосо андан бир ээлидей жогору деңгээлдеги чыгарма жаратмайын жаның жай албай, өзүңдүн ич этиңди өзүң жеп бүтөсүң.
Андан да жаманы - жаныңдагы дос, жоро болуп жүргөн калемдештериң сенден четтей баштайт. Ар кандай ушак-айыңдар каптайт. Себеби, сен алардыкына окшошпогон чыгарма жазып, бейпил турмушуна бүлүк салдың да. Анан ичтери күйбөй, өз «мамилелерин» билдирбей жандары жокпу?!!
Ошондуктан, тынч эле эл катары жашайын десең, башкалардыкынан айырмаланбаган, өң-түссүз эле чыгармаларды жарата бер. Аларды үзүлүп-түшүп окуган окурман деле жок азыр.Китебиңди эптеп сатып алсаң, мөөрөй сеники... Ал эми «Эл акыны», «Эл жазуучусу» деген наамды маңдайыңда болсо, таанышың чоң бийликке келип калгысы бардыр... аласың!Ошентип алышып жаткандар жок дейсиңби?.. Бирок... өзүң бил!
Канайымды сүйүү
- Канайымды (ханды кызы, азыркы түшүнүк боюнча Президенттин кызы...) сүйүүгө болобу? – деп менден көп жигиттер сурашат.
- Неге болбосун?! !Канайым деле башка кыздар сыяктуу сүйүүгө да сүйүлүүгө да татыктуу жан.Бирок... бир татаал жери: бул сүйүү - чын эле канайымды сүйүүбү, же канайымдыгын сүйүүбү, ажыратууга болбой тургандыгында. ..
Анткени, эгерде ал бир кедейдин кызы болгондо мынчалык көп жигиттер баштарын сайып коюп ашык болуп калышы күмөн эле!
Президент болбоймун! ..
Бишкектен айылга келип, жердештеримди сагынып калган экенмин, бапырап, эл-жер туурасында, мамлекетибиз туурасында, аны кантип ушул кыйын абалдан сууруп чыкса боло тургандыгы туурасында, койчу, тим эле көп акылдуу сөздөрдү сүйлөп тыным алсам, угуп тургандардын бири:
- Агай, сиз эле Президент болуп албайсызбы! .. – деп калса. Ага мен түз эле:
- Эч качан болбоймун! – дедим.
- Эмне үчүн?.. – деп жаалап калышты тургандар.
- Ой, өзүңөр ойлосоңор: баары эле Президент болгонго чейин мендей акылдуу сонун сөздөрдү сүйлөп жатышып эле, Президент болоору менен таптакыр баягы сөздөрүнө тескери иштерди жасай башташат. Ал жерде аларды буза турган бир балээ бар. Мен да ал балээге кабылгым келбейт!
Тургандардын кээлери жылмая, кээлери таңдана мени карашты. А мен болсо сыймыктуу басып кеттим. Демек, мени деле ылайык көргөндөр бар тура!!!
Кайын журттун кадыры
Уулунун кайын журтундагылар келип, аларды Арстан-Бабаны көрсөткөнү баратканда атасы үйдөн телефон чалат.
- Уулум, эгер мүмкүнчүлүгүң болсо телефонума элүү бирдик салып кое аласыңбы?
- Макул, ата, азыр жакындашып калдык, барганда эле салып коём.
Андан соң 3-4 саат чамасында убакыт өттү, бирдиктен дайын жок! Атасы кабатыр болуп, кайра чалат:
- Тынч элесиңерби, уулум?
-Кудайга шүгүр тынчпыз, ата! Баары ойдогудай...
-А анда жакшы экен... Жанагы мен айткан бирдикти салбадың го, ал жерде андай чекит жок бекен?
-Ии, ата, унутуп калыпмын...
- Айланайыным менин, жазбай өзүмдү тартыпсың! Мен да кайын журтумдагылар менен бирге болгондо, атамдын сөзүн уруп да койбочу элем!..
Уулунун телефонду өчүргөнгө да буямасы келбей, бирдик салчу жайга чуркады!
Наалуу
Жайдын аптабы жылдагыдай эле быйыл да куйкалап туруп алды. Ана ушул күндөрдүн биринде ажатканасынан келе жаткан байбиче сүйлөнүп жатпайбы:
-Бу Кудайдын күнү кантет? Тиги жерге барып келгенче эле күйгүзүп салмай болду кишини. Жамгыр-памгыр да жаабай койду.
Ошонун эртесинен баштап тилекти бергендей үч күн катар жамгыр улам токтоп куюп жаап жатты. Ажатканага барып келатып баягы кемпир наалып атпайбы:
-Кантет ботом, асмандын түбү тешилип калганбы, кишини сыртка чыгарбай?.. Тигиден үйгө жеткенче сыгып алма суу кылып салмай болду го! Күндүн көзүн качан качан көрөөр экенбиз?..
Ысык жан
«Ысык жан» деп коюшканы чын экен эй. Аялымдын төркүнүндө боло турган отурушка акча жетишсиз болгондуктан бара албай тургандыгыбызды айтсам эле... а-ал, чачтарымды сылап жаткан колу селейип катып, улам башымдан алыстап, жапжакшынакай угуп жаткан кулактары каңырыштап, туруп барып мага алып келе турган буюмду көзү жакшы ылгабай, аны араң тапкан соң, алып келе жатканда бир аягы тескери жакка шилтенип калса...
«Э Кудай, шыпаасы тезирээк табылса экен!» - деп эле олтуруп калдым...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 19 Август 2014 - 09:02
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#73 20 Август 2014 - 01:31
Агатай эч качан оорубаныз,дагы жаны чыгармаларды кутуп калабыз.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#74 02 Сентябрь 2014 - 13:20
Жакшы экен, Арстан-Баба деп жазганыңыздын себебин сурагым келип жатат...
#75 04 Сентябрь 2014 - 22:01
Gupa (02 Сентябрь 2014 - 13:20) жазган:
Жакшы экен, Арстан-Баба деп жазганыңыздын себебин сурагым келип жатат...
Кыргыз өз атасын "ата" дейт, атасынын атасын "чоң ата"дейт, анда чоң атасынын атасын менен, чоң атасынын атасынын атасын не дейт?
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#76 05 Сентябрь 2014 - 17:02
Барс (04 Сентябрь 2014 - 22:01) жазган:
Кыргыз өз атасын "ата" дейт, атасынын атасын "чоң ата"дейт,
анда чоң атасынын атасын менен, чоң атасынын атасынын атасын не дейт?
Бул жерде жаңгак токой жөнүндө сөз болгон жокпу? Арстанбабды көрсөткөнү алып барган деп түшүндүм. Анан сызыкча менен жазылбайт, баба (чоң, чоң, чоң ата) болсо...
#77 02 Ноябрь 2014 - 02:13
Агай сизге чыгармачылык эргуу каалайм,жана сизден жаны чыгармаларды кутуп жаткан окурмандарыныз бар экенин унутпасаныз экен
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#79 16 Январь 2015 - 17:32
Сары-Челек
Сары-Челек, суктанаарлык мөл экенсиң,
Саматып, кусалантчу көл экенсиң.
Жараткан жасаган бейм көрсөтмөккө,
Жаннатын жер бетине көлөкөсүн...
Сары-Челек, суктанаарлык мөл экенсиң,
Саматып, кусалантчу көл экенсиң.
Жараткан жасаган бейм көрсөтмөккө,
Жаннатын жер бетине көлөкөсүн...
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#80 16 Январь 2015 - 17:48
ЖАЗ, АЙТМЫРЗА!
Жаз, Айтмырза, күүгө кош келиштирип,
Кыска көйнөк, буту түз маралдарды.
Сулуу мүчө, мөлтүр көз, кынтыгы жок
Ушундай да адамдан жараларбы?! !
Күлкүлөрү чачылат өткөн жолго,
Ал күлкүнү салыштырсаң, бермет эмне?..
Берметиңди дүкөндөн алсаң болот,
Бул күлкүнү ким таап бермек эле?
Баскандары өзүнчө ыргак берип,
Окшойт жаңы обондун кайрыгына.
Аны көрүп бир туруп ичиң күйөт,
Бутуң ийри, өзүңдүн майрыгыңа!
Лала гүлү – бөйтөйгөн эриндери,
Араң барат өзү эле өптүргөнү.
Кундуз кара саамайы желге ыргалып,
«Сылаңызчы. .. сылаңыз, – деп тур – мени!»
Жаз, Айтмырза, сүрөттө келиштирип,
Кыз кейпинде бараткан маралдарды.
Боздоп, боздоп... артынан ак урбастан,
Бойдок балдар кайда жүрөт, караң калгыр!! !

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 16 Январь 2015 - 17:50
Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...