Суусундукка жутсун деп булак берип,
Шылдыр үнүн уксун деп кулак берип,
Бул жашоону ынтымагын ыдыратар,
Арабызга эл бузар чунак берип,
Сынаганын көрчү эй, Жараткандын!
Жылынууга Күн нурун тегиз берип,
Дене-бойду арык, же семиз берип,
Мисал алып напсисин тыйышын деп,
Түрмө түшөр арабызга жегич берип,
Тарбиясын көрчү эй, Жараткандын!
Кере-кере дем ал деп аба берип,
Тукумуңду ула деп бала берип,
Бийлик берсе кээлерге абдан бийик,
Акыл-эсти, а бирок, чала берип,
Тамашасын көрчү эй, Жараткандын!
Иштесин деп тоо берип, талаа берип,
Ыш, чуусу жок жаша деп калаа берип,
Адамдыктан адашып баратканда,
Ажал сепкен таажылуу балаа берип,
Эскерткенин көрчү эй, Жараткандын!
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 17 Апрель 2020 - 14:48