„Хадис” . Мухаммад Пайгамбардын(САВ)осуяттары.
#21 28 Май 2013 - 17:44
Абдулла ибну Аъмир (р.а),риваят кылды,Алланын элчиси (сав) айтты:"Чындыгында, силердин көкүрөгүңөрдөгү ыйман-кийим эскирген сыяктуу эскирет.Андыктан Алладан жүрөгүңөрдөгү ыйманды жаңылоосун сурагыла:" (Мустадрак Хаким).
Чындыгында, адамдарга жалганчшы жылдар келет.Ал кезде жалганчыга ишенип,чындыкты сүйлөгөн адамды жалганчы дешет,кыянатчыга аманат иш тапшырылып, аманатка бекем адамды кыянатчы дешет жана ошол кезде ар-Рувайбида сүйлөп калат".Сурашты: "Оо,Алланын элчиси,ар-Рувайбида деген эмне?".Ал айтты:"Ал жалпы коомчулук иштери боюнча сүйлөгөн эч бир нерсеге татыксыз адам".(ас- Силсилатус-Сахиха)
Алланын элчиси (сав) өзүнүн хадисинде мындай деп айтты:"Кимде- ким өзүн кандайдыр бир коомго окшотсо,анда ал ошолордон" .(Абу Дауд)
#22 29 Май 2013 - 11:03
#23 01 Июнь 2013 - 05:30
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#24 01 Июнь 2013 - 07:07
#25 01 Июнь 2013 - 23:21
1-Жүрөгүндө кымындай ыйманы бар адам бейишке кирет.
2-Мусулмандардын арасында ыйманы эң толугу-кулк- мүнөзү эң жакшысы
3-Тазалык-ыймандын жарымы.
4-Адамдын эң жакшысы-адамдарга пайдалуу болгону.
5-Силердин эң жакшыңар-Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр.
6-Мусулман мусулмандын бир тууганы.
7-Калп айтуу жамандыкка алып келет.
8-Алла Таала силердин сырткы келбетиңерге эмес,жүрөктөрүңөргө жана жасаган иштериңерге карайт.
9-Адамдарга ыраазычылык билдире албаган адам,Алла Таалага да шүгүрчүлүк келтире албайт.
10-Ар дайым Алланы эстеп жүрсөң,Ал да сени менен чогуу болот.
11-Жакшы сооптуу иштерди жасаганга умтулгула.
12-Чыныгы мусулман-тилинен да,колунан да башкаларга зыяны тийбеген адам.
13-Тамагын жеп,суусун ичкенден кийин Жаратканга мактоо айткан пендесине Алла Таала ыраазы болот.
14-Бирөөнүн унаага минүүсүнө жардам берип,жүгүн же азыгын жүктөшүп берүү да садака,Жакшы сөз да садака.Мечитке баргандагы ар бир кадам да садака,Жолдон тоскоолдуктарды алып салуу да садака.
15-Адамдарга мээримдүү болбогонго Алла Таала да мээримин төкпөйт.
16-Жарым курма болсо да садака бергиле.
17-Кимде-ким мусулман бир тууганына жардам берсе,Алла Таала ага да жардам берет.
18-Кимде-ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ишенсе,кошунасына жакшылык жасасын.
19-Адепсиздиктен сактангыла! Анткени,Алла Таала адепсиздикти жакшы көрбөйт.
20-Намаз-диндин тиреги.
21-Дуба мээримдүүлүктүн ачкычы.
22-Бейиштин ачкычы-намаз. Ал эми намаздын ачкычы-даарат.
23-Өзүңө да башкаларга да зыян кылба!
24-Алланын ысымын айтпастан көп сүйлөбө!Анткени, Алланын ысымын оозго албай туруп сүйлөй берүү-бул жүрөктүн катуулугу.
25-Дүнүйөгө кызыкпа,Аллага жагасың.Адамдарда бар нерсеге көз артпа,адамдарга жагасың.
26-Аллага ишенем деп айткын,түз жүр!
27-Өзүңөргө каалаган нерсени башкаларга да кааламайынча толук момун боло албайсың.
28-Ислам беш нерсеге негизделген: Алладан башка кудай жок жана Мухаммад Алланын элчиси деп күбөлүк берүү,беш маал намаз окуу;Рамазан айында орозо тутуу;Зекет берүү;Ажылыка баруу.
29-Дин бул-насыйкат.
30-Аалымдар-пайгамбарлардын мураскорлору.
31-Ыйманыңарды: "Лаа илааха иллалах"менен жаңылап тургула!
32-Бейиш-энелердин таманы астында.
33-Сенин эң чоң душманың-напсиң.
34-Эки чоң сыйлык бар,адамдардын көбү анын баркын билишпейт.Булар: ден-соолук жана бош убакыт.
35-Адам баласынын ар бири ката кетирет.Бирок алардын эң жакшысы-тообо кылган киши.
36-Жүрөгүндө кыпындай текебердик бар адам бейишке кирбейт.
37-Ачуулануу- шайтандан,шайтан болсо оттон жаратылган, от болсо суу менен өчүрүлөт.Ошондуктан ачуулансаңар дароо даарат алгыла.
38-Кимде-ким кайгы капасын унутуп,бир гана акыреттин кайгысын ойлосо,Алла Таала анын дүйнөлүк кайгы-капаларын жок кылат.Кимде- ким дүйнөнүн кайгы-капасын ойлой берсе,Алла анын кайсы жерде өлүп калышына маани бербейт.
39-Эки жүздүүлүктүн үч белгиси бар:Жалган сүйлөйт,сөзүнө турбайт жана аманатка кыянаттык кылат.
40-Кимде-ким билип туруп менин атыман жалган хадис чыгарса,Тозоктогу ордуна даярдана берсин.
#26 05 Июнь 2013 - 00:21
@muslimbizkg: Күйөсүнө рахмат айтпаган аялга Аллах карабайт,чындыгында ал аял ансыз жашай албайт.(Насаи)
@islamjolu: «Момундун эн пас сыпаттары - коп создуулук, сыр сактай албагандык жана ар ким менен эле макул боло бергендик» (Мухаммад ибн Кааб, даанышман)
душе, а кто-то саму душу забирает.
#27 05 Июнь 2013 - 12:56
Дуйнодон отуп кеткендердин жакшы сапаттарын гана эстениз.Жаман сапаттарынан тилинизди тыйыныз.
Алла Таала жаман коргон торт турдуу адам бар.
1-Коп касам ичкен соодагер.
2-ак соок.
3-катынпос кары .
4-зулум падыша.
Атугул Кытайда болсонуз да илим алыныз.Анткени илимге ээ болуу-ар бир момун учун парз.
Уктаардан мурда чырактарды очуруп,дарбазаларды бекитип ,суу куюлган идиштерди жана оокат-азыктардын устун жаап коюнуз.Эгер жапканга эч нерсе табылбаса устуно чоп болсо да таштап коюнуз.
Аялдардын берекелуусу- каржына азыырак талап кыла тураны.
Беш нерседен мурда беш нерсени канимет деп бил.
1-олумдон мурда тируулугунду.
2-сыркоолугундан мурда саламаттыгынды.
3-чолосуздугундан мурда бош убактынды.
4-карылыгындан мурда жаштыгынды.
5-жакырчылыгындан мурда байлыгынды.
Садаганын жакшысы момун адамдын илимин уйронуп,андан сон аны башка момун бурадарларга да уйротуу болуп саналат.
#28 05 Июнь 2013 - 13:09
1-Аллага шек келтируу.
2-Акыйкатсыз кан тогуу.
3-ата энеге ак болуу.
4-жалган кубо отуу.
Жадыгойлук, коз боочулук кылуу-Аллаша шек келтируу менен барабар.
Бактылуу адам - бузукулуктан, кайраштыруудан оолак жургон жана оор кацгыга сабыр кыла билген адам.
Жакшылыктын эн мыктысы-атасынын козу откондон кийин да анын достору менен алака узбо.
Кишилердин малын акысыз жегенге маш адамдар акыр кыяматта тозокко окум кылынат.
Эн оор куноолор-Аллага шек келтируу,ата энеге ак болуу,жалган касам ичуу.Алланын наамы менен касам ичкенде чымындын канатындай калпты кошсо,ошол нерсе акыр кыяматка чейин дилинде кара так болуп калат.
Момундун козу откондон кийинда жазыоып туруучу амалдары.
1-таркаткан илими.
2-кабыл перзенти.
3-мурас калтырган Кураны.
4-курган мечити,мейманканасы
5-салган арыгы
6-эсендиги жана тируулугундо кылган садагасы.
Сиздер адамдарды короо-короо мал,эсеби жок дунуйонуздор менен канааттандыра албайсыздар, балким жаркын маанай,жакшы пейилиниздер менен гана ыраазы кылышыныздар мумкун.
Дил-дайым озгоруп тургандыгы учун дил деп аталган.Ал кудум талаада оскон дарактын бутагына илинип калып,бирде тиякка,бирде биякка жапырылган назик жалбырактын сынарындай.
Эки бечаранын-жетим менен аялдын акысын жегенди сиздерке арам кылам.
#30 06 Июнь 2013 - 16:19
Билдирүүнү түзөткөн: zzz: 06 Июнь 2013 - 16:22
#31 06 Июнь 2013 - 16:43
ЖАДА КАЛСА ДУШМАНЫҢ ДА ДУШМАН БОЛГОНУНА ӨКҮНСҮН.
#32 06 Июнь 2013 - 17:25
#33 06 Июнь 2013 - 19:45
#34 07 Июнь 2013 - 16:48
Билдирүүнү түзөткөн: mayoral: 07 Июнь 2013 - 16:49
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#35 11 Июнь 2013 - 14:24
1. Ал аманатка кыянат кылат.
2. Ал сүйлөгөндө калп айтат.
3. Ал келишим (убада) түзсө, аны аткарбайт.
4. Ал урушуп кетсе акылсыздык, каардуулук жана акарат кылуу менен мамиле кылат." (Сахих Аль-Бухари, 1-Том, Хадис № 33).
* Мунаафык - эки жүздүү, мусулман окшоп көрүнөт, бирок чынында мусулман эмес.
#36 11 Июнь 2013 - 15:09
#37 11 Июнь 2013 - 15:52
Эгер быссымылда дегенде эле намаздан сурак бере турган болсок, анда бул жашоодогу эң негизги ишибиз да намаз экенин билебиз. Ошондуктан намаз окуйлу. Туура жана жакшы ниет, ыклас менен окуйлу.
#38 09 Июль 2013 - 14:28
"Ыймандуу болмоюн бейишке кире албайсынар, бири-биринерди жакшы кормойун ыймандуу боло албайсынар"
" Не притесняй и не угнетай ни себя ни другого. И в день Суда Аллах поднимет тебя в свете"
"Не жалуйся людям о своих делах и будешь благородным из людей. Упавай на Аллаха и будешь сильнее всех"
" Акыйкатта,Бейиште "АР-Раййан" деген эшик бар. Акыретте бул эшиктен орозо кармагандар гана кире алышат..."
"Бойся Аллаха и будешь самым знающим среди людей. Довольствуйся тем что дал тебе Аллах и будешь богаче всех"
"Кимде ким ААЛЛАХТЫН мээримин издеп бир кун орозо кармаса , ушул кун анын жашоосунун акыркы куну болсо, ал бейишке кирет"
Помните о временности удовольствий и вечности последствий.
Билдирүүнү түзөткөн: mayoral: 09 Июль 2013 - 14:30
КОЛ ТИЙБЕГЕН ЭРКЕК БОЛ!
#39 10 Июль 2013 - 19:15
#40 10 Июль 2013 - 19:17
Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Ким калп айтып ага амал кылганды жана жахилдикти (наадандыкты) таштабаса, Аллах анын тамак жана ичимдикти таштагандыгына муктаж эмес» (Имам Бухарий).
Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) айтты: «Орозо (тозоктон сактоочу) калкан. Кимиңер орозо кармасаңар, жаман уят сөздөрдү сүйлөбөсүн, фасыктык жана жахилдик (наадандык) кылбасын. Эгер аны менен бирөө урушса же кемсинтсе: «Мен орозомун, мен орозомун» -деп айтсын». (Абу Давуд).
Билдирүүнү түзөткөн: baksid: 10 Июль 2013 - 19:18