Кимдин кандай аттары бар?.
Мисалы, мени мектепте окуп жургондо "Сыр сандык" деп коюшаар эле.. Анткени, ошол убакта КТР каналынан "Сыр сандык" оюну болуп.. Биз аны класстан туурап, мен макал-лакап, табышмак, жанылмач дегендерди жакшы билгендиктен ошондой атка конгонум бар эле..
Ал эми университетте "Профессор" деген атка конуп алгам уялбай .
Маекте болсо Жума5 деген форумчу акыры "Шыпылдак" деген атка кондурду. Элдин баарына жарыя салып жатып.
Азыр окуп жаткан жеримде болсо "Mysterious" деген ат жармашты. Анын себеби - мугалим болбогон бир нерселерди, магия тиги-буларды аайта бергендиктен жана мен ага дайыма каршы чыгып талашып-тартыша бергендиктен, "Мен сени тушуно албайм, сен башкача ойлойсун деги" деп.. ушундай дей берет..
Ал эми бир досум мени "Чечек" деп телефонуна жазып койгонун кантейин. "Эу, не минтип жазасын" десем, "Тилиндин кесепети - ушул", - деп кайра куйгузду.
Ушундай, достор. Ушуну менен токтосо экен деп тилеп жургон кезим
Билдирүүнү түзөткөн: EmMiR: 14 Апрель 2011 - 14:01