Суперстан: Биз баскан жолдор - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Биз баскан жолдор Жаш уй-булонун басып откон сыноого толо,мээнеттуу жашоосу.

#1 Пользователь офлайн   jai   16 Июль 2024 - 20:01

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 02:30

Азыр жайдын аптаптуу куну бутуп,салкындап калган абаны терезени ачып,болмо ичине киргизип терен,кере кере дем алып карангы болмодо отконду эстеп,канчалык кучтуу болгонубузга бир чети сыймыктана бир чети жалындаган жаштык чагыбызды кор турмуш жулуп алганына таарына калам да кайра Кудайга шугур деп уктаганы болмомо кирем.
Жашообу же тагдырга жазганыбы билбейм. Бирок бизди турмуш эрте уй-було куруу менен сынады. Уйдун эркеси,эч кыйынчылык корбой чонойгон мага турмуш жолуна конуп кетуу аябай оор болду. Биз баш кошкондо мен мектепти аяктап да бутконго жетишпей калдым. А жолдошум эми окуп жаткан студент эле. Ооба жаштыктын жанылыш жолу болуп,уйлоноор замат наристелуу болуп эми чыныгы сыноолор келе баштады.
Оз уйумдон озго уйго коно албай кыйналган мага эми жапжаш туруп эне болуп,энелик милдетимди аткаруу бир топ кыйын болду. Жудоо экен деген созду укпадым,озумо тыкан,баламды да таптаза кармап,жаркыратып эски,кичине уйду дагы кутконго жетишип жаттым. Аптасына 2 гана кунго келген жолдошумду кайра таза кийим кечеси менен окуусуна узатып,кунумдук жашоо менен алек болдум да калдым. Албетте мунун баары башталышы гана болчу)
Эртен менен мен турганда танкы тамак даярдап,жок дегенде жаны уюган айран ичип алсын деп Чон атам, Чон энем кутуп олтураар эле... Эми минтип тан атпай туруп уй саап,нан жасап,ботко бышыра калып тын келин болдум.)))
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   jai   16 Июль 2024 - 20:13

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 02:30

Жокчулуктун жону-кайыш деп Чон атам клп айтаар эле. Ал кезде тушунбоптурмун. Корсо чындап эле жокчулуктун кыйынчылыгы аябай эле оор экен. Озум бала эмизген жаш келин болсом,же жарытылуу курсагым тойбой айтор аябай арыктап,жудоп кеттим. Конщу айылга эле турмушка чыккандыктан бат эле соз жетип барчу ата-энеме. Бир куну агам келип-Карындашымды коро кетейин деген шылтоо менен эт аш,толо жер жемиш,бир топ продукты таштап кетти. Мен суйунуп калчумун. Корсо атакем мени кыйналып калбасын деп бат баттан агам менен женемди жиберип турчу экен да(
Ошентип журуп 8ай убакыт отту. Жолдошум колледждеги окуусун бутуп,балабыз бир аз тооролуп калганда озубузчо болунуп,бир аз мал жандык кылалы деп айылдын устундогу агамдын фермасына управление кылганы кочуп бардык. Колубузда 4 тошок,2 туйунчок киийм жана балабыздын манежи гана бар эле. Ошентип,оз алдыбызча жашоого кириштик.

Агам чон фермасын озу башкара албай калышына мамадын сыркоолоп калуусу себеп болуп,женем экоо карап,бакканы шаарга кочуп кетишти. Баса,чон ата,чон эненин колунда чоноюп осуп калганым учун ал кишилерди ата-апа деп,оз ата энемди-папа, мама деп чонойдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   jai   16 Июль 2024 - 20:30

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 02:30

Жолдошум,мен жана балам. Жана фермада иштеген 10 адам. Кунуго ушунча адамдын тамак-ашы,уй тиричилиги, сыртта уй саап,ал кезде колго кир жууп бир топ эле быштым окшойт). Ошол кездеги ак конул,жан дуйносу аруу да таза,кыялдары коп,келечекке болгон ишеними бийик келинчекти эстесем жылмая тушом)))
1 жыл иштеп,алган бир аз маянабызды кайната,кайненебизге берип коюп журдук. Же алар чогылткуда деп айтпагандан киийн кой деп оз келечек жашообуз учун кам коро баштадык.
Ошол кезде жаны кийим,жакшы унаа,эс алуу менен жашаган адамдарга суктанчубуз) Акырындан мал-жан куто баштадык. Кыйынчылык коргон кундор коп болду. Жумушчуларына тамак аш бергени менен,кичинекей бала менен жаш ата энеге тагдыр боор тарта койгон жок. Бала чонойо чон ичип,чон жей баштаганда тушуно баштадык) Озубуз жебесек да балабызга деп бир аз таттууларды, шириндиктерди алабыз да кайра бири бирибизди карап кулобуз) Антсек дагы,кийим кечесин карап,тыкан, таза багып,балабыз менен озубуз кошо чоноё баштадык.
Бир аз малыбыз 2 эсе кобойду,кичине балабыз мойтондоп чоноюп калган кезде оз уй,олон тошогубуз болсо деп кыялдана баштадык. Сарамжалдап чогултуп,тытына иштеп журуп 8жыл дегенде чекчейген там тургузуп,кочуп келдик.
8 жыл. Билинбеген ушул кичинекей сандын ичинде канча туйшук,уруш- талаш,канча ый,мээнет калды. Чон сыноого,чон жашоого чогуу кадам таштаган жолдошум экообузго бул 8 жыл оной боло койгон жок. Тундору ызгаар суукта мал толдотуп,мындай жашоону коро элек экообуз далай кучакташып ыйлап,анан кайра таттуу кыялдарды куруп-биз да буйруса жакшы жашоого жетээрбиз деп ниет кылып койчу элек). Алган тарбияманбы, коргон турмушкманбы айтор жакшы жар болууга тырыштым. Бирин эки кылып,жаманын жакшы корсотуп,жыртыгын жамап,айтор эриш аркак кол кармаша ал сыноолордон оттук. Шириш ширин балдардын ата энеси болдук. Ушунча басып откон жолубуздан кийин дагы да чонураак жашоого жол ала,оз уйубузго кочуп келдик.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   jai   16 Июль 2024 - 20:39

  • Активист
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 517
  • Катталган: 18 Май 16
  • Соңку аракети: 12 Май 2025 02:30

Чон кыйындыктардын кичинекей узуру.

Сыртка чыксан туш тарабы курчалбаган, бир аз жудоо корунгон,анча бутуп буто элек уйдо биз бактылуу ойгондук. Кубанычыбыз койнубузга батпай,эки жактыр тен туугнадарын чакырып,бата алдык. Кичинекейибиздин тушоосун кестик. Ак ниет,асыл тилектер менен оз уйубуздо жашоону баштадык. Аздан аздан бутка туруп,жаныдан осуп келе жаткан чынар чырпык сыяктуу кун коро баштадык. Ишибиз илгерилеп,орто турмуш коро баштаган кезибизде Кудайдын буйруганы,жазганына шугур,чон уйго кочуп,оз унаабызды айдап жакшы жашоо кече баштадык. Анда да откон жолду унутпай,каниеттуу аял болууга аракет кылганым кылган болду.

Ошентип,дагы 3 жыл убакыт отту. Эми мурдагыдай тартынып жашоо жок,биз дагы эл агымы менен жакшы жашоого коно баштадык. Балдарыбызды кем кылбай багып,озубузду карап,кенен эс алып,баягы кундорду унута тушкондойбуз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

Баракча 1 - 1
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 19 Май 2025 02:12

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: