ПыСы: Баян учунчу жак менен эмес, биринчи жак менен жазылат.
Саламатсыздарбы? Менин атым Айдай. Биз уй-булодо 7 бир тууганбыз. Орто уй-булодо чонойдум. Биз чоноюп калганда атам башка аял алып алган. Бирок, биз жаш олгондуктан уйго келип жардам берип турчу. Ушинтип жашообуз уланып жатты. мен да мектепти бутуп, ЖОЖдордун бирине окууга отум. 2-курсту аяктан 3-курс болгондо туугандарымдын жардамы менен Америкага келдим (атамдын бир тууган карындашы). Мени чакырган эжем Американецке турмушка чыккандыктын уйундо 4 кун турдум да, менден 3 ай мурда келген эжемдин уйуно барып жашап калдым. Бул жакка келе жатканда акчам жок болгондуктан коп акча алып келген эмесмин. Кийин Москвадан бир тууган эжем 200 доллар салып жиберди. Аны да эжема берип койдум 20 кун жашаганыма уйундо. Жанымда болгону 24 доллар канган, озум башка штатка кетишим керек эле. А бул жерде 24 доллар эч нерсеге жетбейт экен же тилди билбейм кыйраткансып. Башка штатка да бардым, уйлорду жыйноочу болуп жумушка орноштум. Бир кичинекей болмодо 2 кыз жатабыз. Мен жерге бир одеял салып, устумо да андан кичине жука одеял жабынып алам. Кыштын куну тонуп чыгасын туну менен. Бул жакка келгениме ушунчалык капа болом, бирок бир туугандарым, ата-энем учун чыдашым керек эле. Жумушубуз чан менен байланышкан учун колдорум жарылып, тазалоочу буюмдарга аллергия боло баштадым. Бул жумушум эрте буткондуктон, кечки жумуш да карай баштагам. Кечки жумушка уйго жакын жердеги тунку клубка ишдиш жуугуч болуп кирип алдым. Кундо эртен менен саат 7 де уйдон чыккан бойдон тунку 1де келем. Тапканым 100 доллар болот, буга ду Кудайга шугур кылам. Акчамды уномдойм деп тамак-аш аз алам. Ошентип журуп ашказаным "гастрит" оорусу менен оорутуп алдым. Бир жолу ашказанды бузгандан кийин бат-баттан ооруй берет экен. Ооруган убакта акчамды аяп больницага барбайм, барайын эле дейм ото кындайт. Ушундай кыйналып жургондо туугандарым бир да жардам берген жок. Алардан сурагым да келбеген. Бир жардам корсотсо омур бою айтып журушот. 2 жыл ичинде кандай гана кыйынчылыктарды кордум, душманыма да тилебем мындай кыйналууну. Идиш жууп иштегенде, чандан жарылган колдорум былжырап кетет. Кийин колдорум ооруй турган болуп калды. Ушундай кыйналгандан коро уй-буломдун жанында болгонум жакшы деп ойлонуп калдым. Буюрса жакында жаман болсо да Кыргызстаныма эле кетем.
Билдирүүнү түзөткөн: Evelet: 02 Июнь 2013 - 07:38