Суперстан: К.Абылов: "Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак!" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

К.Абылов: "Эгерде ошол убакта Чубак ажы болгондо, биздин ата-бабалар Чубактын чучугун чубап салышмак!"

#21 Пользователь офлайн   no.comment   02 Август 2017 - 00:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения tahircan (01 Август 2017 - 23:06) жазган:

Аалымдын орду башка, маскарапоздун орду башка.



Туура пикир.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#22 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   02 Август 2017 - 00:48

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Мен да оз пикиримди жаза кетпесем болбос... Учурда коом тундук-туштук деген балээлуу бир илдет болсо, эми эл динчилдер менен улутчулдар деп экиге болунгон жаны илдет пайда болуп жатат... Бул тиреш бул кетиште жакшылыкка алып барбайт...

Мен жакында эле теолог Кадыр Маликовдун айткан созун цитата кылып жаздым эле. Ал киши айтат, коомчулуктун кенири катмары сабатсыздыгынан улам исламдын ар турдуу агымдарынын таасиринде калып жатканын сезбей калып жатат деп... Алыс кетпей ушул форумдун озундо эле мен мусулманмын деп тош каккандардын айрымдары кайсы бир диний агымга мучо болбосо да, ошол диний агымдардын тушунугуно сугарылып, чыныгы ислам ушул деп адашып жургонун билишпейт... Бир тобу ашкере исламчы болуп чындык менен калпты, ак менен караны ажырата албай калганын ушундан байкагыла, кыргыз элинин кылымдарды карытып келген салт-санаа, урп-адаттарына, улуттук баалуулуктарына каршы чыгып, бизге араб маданиятын тануулоодо. Ал эле эмес, Манасын мага эч ким, Сагымбай, Саякбай манасчылар шайтандап калга дегенчеликке барууда. Мындай адамдарды мусулман деп кантип атайсынар, мен мисалы мындайларды манкурт деп атаар элем, оз улутун жээриген, оз ата-тегин унуткан...

Мен кээде дин болумуно баш багып каламын, анда жазылган комментарийлерди, суроо-жоопторду окуп, айрым окурмандар диний сабаты боюнча Чубак ажы мактай турган даражада дин илимин казып изденип жатканын коруп кубанып каламын. Бирок ошол эле форумдун мактоого арзыган айрым таксырлары башканын эмес оз улутунун тарыхын дурус билбегени тан калтырат. Ошолордун акыры ата-теги КЫРГЫЗ болгон го, араб эмес... Динге кандай кызыкса, оз ата-бабасынын баскан жолуна бираз кызыгып китеп барактаса, тарыхты бурмалап, "ачылыш" жасап, калпты чындай урдурбаган болоор эле биз ишенген таксырлар... Эгер оздору билген ислам баалуулуктарына, анын шарттарына амал кылса, билип, каратып туруп калп айтпаган болоор эле..

Мен Кумондор байке менен Чубак ажынын чыры эмнеден башталганынан кабарым жок, бирок эмне болгон кундо да экоо тен ката жасоодо. Мен Кумондор байкенин жогорудагы пикирин окуп отуруп мен макул болгон да, болбогон да жерлери бар. Акыр-аягы экоо тен пенде, пенде болгон сон баары жанылат. Бирок арабызда Чубак ажыны пайгамбарга тенеп, анын ар бир кебин туура коруп, хадиске окшотуп кабыл алгандар коп экени мени кабатырга салат. Анткени ар бир адамга Кудай мээ, акыл берген сон, ким эмне суйлосо укканын анализдеп, калп менен чындыкты иргей билиши керек... Мен Чубак ажыны илимдуу диний аалым катары сыйлайм, бирок анын пикири менен макул болбогон жагдайлар да бир топ... Анан мен Чубак ажынын президент болуусун каалабайм деп оз оюнду айтсан же Чубак ажыны сындасан, анык балээге калганын ошол, сени дароо эле каапырга чыгарып салышат, сенин пикирин орундуубу же жокпу деп угуп отурбай. Алардын Чубак ажыны пайгамбарга тенегени ушул эмеспи?!! Ушулбу алардын динден кабары, жеткен дуйно таанымы?!!

Кыргызстанда учурда диний кырдаал курч, динди тушунуп-тушунбой эле башкаларга акыл уйроткондор коп, башка агымдардын таасиринде калгандар коп... Эртен Чубак ажы "мусулман бир туугандарым которулгуло, биз шарият мыйзамы менен жашайбыз, ислам олкосу болобуз" десе кочого жуз миндеп адам чыгат, ойлонбой туруп Чубак ажы ар дайым туура айтат, биз ал эмне десе макулбуз деген... Чубак ажы дин окулу эмнеге олко башкара албайт деп оолугуп барып токтоду, ким билет, ал президент болуп калса кандай кунго туш болоорубузду, же эл ыйманга келип онолуп баштайт элек же экинчи Афганистан болуп 99 агымга болунуп кырылышып жатып калмакпыз... .

Аягында айткым келгени динчил же улутчул болуп болунбой башкысы адам бололу... Бир келген омурдо адамча жашап отолу манкурт болбой... Ислам динин сыйлап, шарттарына амал кылалы, бирок ошол эле учурда Кыргыз экенибизди унутпайлы, каада-салт, улуттук баалуулугуктарыбызды да сыйлайлы, манкуртка айланбай...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#23 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   02 Август 2017 - 00:49

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения -NURIK- (02 Август 2017 - 00:07) жазган:

Чала эркек болгондон жакшыраак чала молдо болгон:D



Текшерип келдинби?! !...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#24 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   02 Август 2017 - 00:55

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения no.comment (02 Август 2017 - 00:46) жазган:

Туура пикир.



Куудул менен маскарапоздун айырмасын билбесен коммент жазбай эле койбопсун...

Мисалы Тынар, Рахман, Абдылдалар да куудул. Бирок копчулук сатиралары сен экообуз айта албаган чындыкты, бийликтегилердин апендилигин болгонун болгондой курч создор менен айтып келишет. Акылы тетик болгону учун, журогу эл-жери деп соккон учун кыйынчылык, куугунтуктоолорго моюн бербей келишет. Ал эми маскарапоз деп цирктеги клоунду айтсан жарашат.

Эгер эртен Чубак ажын ошол Рахман, Абдылда агалар, Тынар, Борончулар менен тирешип калса, булар адам беле деп чыгат экенсин да ээ жаман акылында...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#25 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   02 Август 2017 - 01:42

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Чубак ажыга кайрылуу!

Ажыке, биз сизди урматтап сыйлайбыз, анткени Сиздин диний билиминиз терен, дуйно таанымыныз кенен. Кеп анда да эмес, кеп ошол билиминизди туура колдонуп, билгендеринизди элге жеткирип, ыйман жолуна чакырганынызда. .. Бирок кээде мактанып барып аша чапмайыныз бар. Сиздин Жанар Акаев экоонордун алым-сабагынарды эл унуткан жок. Ошондо Сиз койгон талап туура болгону менен, ал жигитке кийинки айткан создорунуз сиздей аалымга жарашпас жорук болуучу...

Кечоо 2 катын алуу темасын котордунуз, бирок мындагы форумчулардын 80-90%ти сиздин оюнузга каршы чыкты, же озунуз келип биздин талкууга катышпадыныз же шакирттериниз ондуу пикир жаза алышпады...


Атамбаев качан болсо Бакиевди куноолойт, озунун ийгиликсиздигин да Бакиевден корот. Ошол сынары силер да Союзду куноолой бергенди токтоткула, Атамбаевге окшобой... Ажыке, Сиз азыркы жаштардан айырмаланып Союздун нанын жеп, ал коомдогу адамдардын жашоосун, пейилин коруп калдыныз. Ал убакта адамдардын копчулугу намазга жыгылбаганы менен, пейли кенен, ак конул калк эле... Азыр кадам сайын мечит-медресе, диний аалымдар теле-радио, гезит, интернет менен элгн уну жетип турган убак. Намазга жыгылгандар коп. Ошондой болсо да элдин пейили мурдагыдай эмес, азыр намаз окуганы да, окубаганы да алсам-жулсам деп озун гана ойлоп калган убак... Ошондуктан бир нерсени каралап жамандоодон мурун ак-караны айрып тааный журсок, Атамбаевчесинен куру доомат артпасак... Жалгыз намаз окуу менен адам онолуп кетпейт, журогу таза болбосо, адам биринчи журогун тазалоосу керек...

Сиз Ленин атабыз тууралуу дин аалымына жарашкыс пикир айткансыз, адашпасам Манас атабыз тууралуу да... Мына сиз элди ыйман жолуна тартуу учун коп эмгектенип жатасыз, ал эми Ленин атабыз мусулман эмес, атеист болсо да, кыргыз эли учун сизден коп соопчулук иш кылганын негедир мойнунузга алгыныз келбейт. Эгер ал адам болбогондо ким билет бугун Кыргызстан деген мамлекет болот беле же жокпу, Сиз менен Биз торолуп бугункудой алым-сабак айтышып отурат белек?!! Балким айтаарсыз, Алланын амири менен болгон баары деп?! Туура, Алланын амири менен болгон, бирок Алланын тандоосу ошол кишиге тушуп, ошол киши биздин бугунку кунго жетишибизге себепкер болуп отурат Алланын окумун аткарып. Сиз да Алланын амири, тандоосу менен бул даражага жетип, чон диний аалым болуп, бизди он жолго баштап отурасыз... Бирок ошол он жолдо баратып пендечилигинизге алып, туура эмес пикир айтып же иш жасап койгон учурларынызды мойнунузга алганды уйронунуз...

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya2: 02 Август 2017 - 01:50

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#26 Пользователь офлайн   zaika.tvo9.1990   02 Август 2017 - 02:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 046
  • Катталган: 09 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 05 Авг 2023 14:09
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Москва

Күмөндөр эл мени унутуп калды деп өзүн өзү пиарлаган го))
Я девушка тихая... скромная... Обидите-тихо закопаю, скромно отпраздную…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#27 Пользователь офлайн   General.kg   02 Август 2017 - 03:20

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Күмөндөрдүн дагы өзүнүн чындыгы бар! Жакыныңды жоготсоң эч ким өкүрүп жоктобосо кандай абалда калабыз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#28 Пользователь офлайн   Medinaa   02 Август 2017 - 03:30

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 965
  • Катталган: 13 Май 16
  • Соңку аракети: 06 Июн 2018 22:44
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кооз жер

Сөз жок!Ар кимдин өз ою бар.К.Абылов ашыкча кетиптир.Антип бирөөнүн абройуна шек келтиргенге эч кимдин акысы жок!Сахнада сатирасын аткарып жүрө берсин.Ким унутулуп баштаса эле Чубак ажыга атака комой мода болду бейм?:DАнан адамдын пейили бузулса деле Чубак ажыны күнөөлөй берүү,уяты,ары жоктук!Мечит, медресенин көп болгону жакшы,клуб,кафелерге караганда.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#29 Пользователь офлайн   Oylonkyrgyzym   02 Август 2017 - 03:31

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 793
  • Катталган: 08 Январь 16
  • Соңку аракети: 15 Май 2018 15:19
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кереметтуу Ала-Тоо...

Эсил кайран сөздөр.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#30 Пользователь офлайн   General.kg   02 Август 2017 - 03:57

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 317
  • Катталган: 16 Июль 17
  • Соңку аракети: 13 Дек 2019 12:06
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Клаасы Ош жүрөгү бош!

Просмотр сообщения Revolyutsiya2 (02 Август 2017 - 03:54) жазган:

Койгула туугандар, билип билбей куноого батпагыла. Чубак ажы менен Кумондор байкенин талашы эмне экенин мен да билбейм. Бирок бир билгеним бар болсо, чырдын себебин, ким куноолуу экенин билбей туруп эле Чубак ажынын ислам фанаттары армиясы Кумондор байкени каралап талап кетиптир... Бугун билип-билбей каралагандар, эртен ташбаранга албайт деп ким кепилдик бере алат?!! Ал тургай Чубак ажыны сындоого болбойт дейт, Чубак ажы пайгамбар беле?!!

Ойлонкыргызым, жаман иттин аты борубасар деген кепти элестетпей унчукпай эле койсон кутуласын... Анткени биринчиден ар кимдин башы озундо, сындаба деп Аташканын жолунан кетсен абийир таппайсын... Экинчиден азыркы заманда бири башкасынан коркпойт, мойнунду бурайм деген жомогунду жаш балдарга айта жур... Учунчудон маанилуу ой-пикирин болбосо теманы ылайлабай алыс ойно....
Аябай курч, маанилүү сүйлөйт экенсиз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#31 Пользователь офлайн   uikuchu7   02 Август 2017 - 09:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 232
  • Катталган: 14 Декабрь 14
  • Соңку аракети: 15 Май 2025 10:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Белгилуу Куудул,- Кумондор абыловтун Мусулмандарга болгон таш ыргытуусу эмнеден улам келип чыкканын жана Анчалык ээмне жаны ачышып куйунгонун тушунуп коруу учун. Куудулдун Жан дуйносу менен ойлонуп, Суроо салып корууну чечтим!
Куудулдун коз карашы менен карап коройун
; Калаанын кочолорундо Сакал койгон, Хиджап кийген айтоор оймосу жок жашоодо жашап жаткандай туюлуп.
Таан корууу- деп, Журогу эзилип, башын мычкып. тээ Найза кармап жоого аттанган чыныгы Кыргыз жигит элестетип. Бакай атанын Чон Калпакты кондура кийген, Каныкейдин Манаска тигип Берген Булгаарыдан кийими эсине тушуп Жашап жаткан жашоосуна тан Калып ;-
Ай кыргыз качан эле ушинтип кийинген эле? Качаан ушинти жашаган эле ?
Деген суроолору Ушундан улам пайда болуп жаткандыр.
Мен даа каалайм Кыргызча жашаганды ошол айтып жаткан атактуулар чыккылачы бироон. Жашоонорду улгу кылып. Ай минтип кийингиле ,Минтип жашагылаа, минтип суйлогулоо деп. Кыска кийбегиле. Эркектер эрге тийбегиле деп.
Шляпанын ордуна Калпак, Костюмдун оордуна чапан. Машиненердин оордуна Ат минип коргулочу.
Тээ Артист кыздарывыз кийип алган кыска Оймо тушурулгон Кыргыздын койногу дегендерди орттоп.
Кыргыздын жашоо Стандартын озунор улгу кылып изилдеп Корсотуп кийип бергиле.
Биз да силерди коруп Адашсак жер тытмалап, дубал сузгулоп окунойлу.
Адашкан экен элееек деп.
Кыздарывыз чачын жулуп Он алеттен кеткенче кайгырышсынчы Бекер эле узун кийген экен элееек ,- Кыргыз кыздары Мини юпкачан эле жашаган экен тарыхта дешип

Адамдын сыртына карап эле ишенип алба. Анткени кумшекер менен туздун сырты окшош.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#32 Пользователь офлайн   sister   02 Август 2017 - 10:20

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 000
  • Катталган: 04 Июль 14
  • Соңку аракети: 24 Янв 2020 01:12
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

пайгамбарыбыздын айтканы келди:" убак келет элдер аалымдарды жамандап, жек коро баштайт"- деген. Бул элдин убакытын, каражатын теке кетирип, элди Кудайдан алыстатып, Аны бир канча убакытка унуттуруп, элдин алдында сайрандап, тыйрандаган артисттин созу Чубак ажыга чымын чаккандай болбойт болуш керек. Кантсе да " льву все равно, что думает о нем овца"

brother
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#33 Пользователь офлайн   Revolyutsiya2   02 Август 2017 - 10:51

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 160
  • Катталган: 16 Февраль 17
  • Соңку аракети: 30 Мар 2019 14:30

Просмотр сообщения sister (02 Август 2017 - 10:20) жазган:

пайгамбарыбыздын айтканы келди:" убак келет элдер аалымдарды жамандап, жек коро баштайт"- деген. Бул элдин убакытын, каражатын теке кетирип, элди Кудайдан алыстатып, Аны бир канча убакытка унуттуруп, элдин алдында сайрандап, тыйрандаган артисттин созу Чубак ажыга чымын чаккандай болбойт болуш керек. Кантсе да " льву все равно, что думает о нем овца"



Биринчиден орундуу сын болот, орунсуз сын болот... Эгер бироо-жарым же эл аалымды орундуу, жуйолуу сындап жатса, анда аалымдын этегине жабышкан акылдуу адамдын иши эмес. Мен бул окуя боюнча эмес, жалпылап айттым.

Экинчиден бироого сын айтып жатканда анын личностуна асылып ал ким эле деген кыязда кеп айтуу да акылдуу адамга жарашпаган жорук... Элге тобосу корунгон чон аалымга чол кезген, эч ким тааныбаган дербиш келип, аны созго жыкса, дербиш сен ким элен тентиген деп айтуу акылсыз адамдын кылаар иши....

Билдирүүнү түзөткөн: Revolyutsiya2: 02 Август 2017 - 10:51

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#34 Пользователь офлайн   vavilon.   02 Август 2017 - 11:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Кумондордун айтайын дегени ашынган фанаттарды айтайын десе керек . Чубак ажы эмес анын фанаттарын сындоо керек эле.
Айжан айым туура айтасыз бизге баарыбир ким кимди сындайбы башка болобу оздорунун иши. Болгону кээ бирлер мусулман дегенде эле арабдарды туурап, аларды бир жолу ээрчип албай кыргыз боюнча калайлы дегени динчилдерге жакпайт. Ар бир адам кандай жолду тандайт оз эрки албетте. Бирок учурда копчулук адамдар агрессивдуу маанайда динди угуттоп келишет. Араб дегенделе аларды бир башкача биринчи сорт адамдай коруп, аларды туурап кийинип дуйного кең тараган кадимки жалпы адамзат кийген кийимдерден баш тартып, баш оту менен арабдашып кеткендер да жок эмес.

Айтаар элем арабдар деле кыргызга окшоп эле жаманы жакшысы бар. Биз башкача элестеткен Сауд Арабияда деле ушундай бузуку адамдар бар экен. Андыктан адамдардын динине улутуна карабай жеке адамдык сапатына карасак. Кудайга ишенуу учун созсуз эле арабдарга окшошуу шарт эмес. Канчалаган мээси тегеренгендер Араб учун Сирия учун темселеп согушуп тагдырын талкалап журот. Оз мамлекетин, оз улутун оз жерин чангандар. Бакытты арабдардан издеген ашынган фанаттар. Ал эми туура жолдогу мусулмандарга эч кандай соз жок. Кыргыздардын деги эле адамзаттын жашоосундагы терс корунушторду жана ашыкча болбогур нерселерге Ислам дини тыю салат, туура багыт коргозот. Кыргыздарда деле салт санаалары чачтан коп, копчулугу болбогур. Кумондор байке да Чубак ажыга эмес анын созун курал кылып Чубак ажы антип айтты мынтип айтты демек ушундай деп, ар жерге аралаштыра бергендерге асылса болмок. Чубак ажы деле бизге окшогон адам айтат суйлойт озунун ой жугуртуусу бар. Анын созун ким кандай кабылдайт озу учун озуно керек. Ал деле ачууланат же жанылашат. Бирок мен тан калганым Чубак ажы "Манас атабыз" " Манасты окуп жатам" ж.б суйлоп калгандарын угам. Ошончо илимдуу аалым жомоктогу Манасты "Манас атабыз" деп айтпай эле койсо жакшы элего. Же Манастын фанаттарынын жинине тийип албайын дейби айтор Каныкей энебиз, Манас атабыз деп суйлогонун койбоду. Албетте озу билет, балким кыргызды сыйлайм деген максатыдыр. Бирок Чубак ажыны чыныгы жомоктон алыс реалдуу ой жургузгон адам катары коро албадым ошол айткандарынан. Мисалы коптогон бактериялардын жаралуусун болжолдоп чыккан Дарвиндин жаралуу теориясын Жомок деп жомоко чыгармак. Анан эле кандайча адабий эпостогу каарманды атабыз энебиз дейт билбейм. Бул тууралуу албетте озунон да сурап кором убагы келсе. Балким мен тушунбогон себеби бар. Эми айтайын дегеним бул жерде ал жаман бул жакшы тиги андай мындай дебейм. Болгону менда оз оюмду айта кеттим.

.

Ал эми томондо Учкай Саудия тууралуу ал жактагы бузукулар тууралуу макала.

.

Сауд Арабиясында сексуалдык кулчулукка кабылып,

бир ай дегенде араң качып чыкканын айткан

кыргызстандык жигит "Азаттык" радиосуна баштан

кечирген азабын айтып берди.


.

"Ыйлап жиберем... Өткөн күнүмдү эстесем эле ыйлайм.

Сөз таппай жатам..."

.

Бирде көзүнө жаш толуп, бирде үшкүрүп, бирде

уялганынан бетин алаканы менен тосуп алып татаал

күнгө кабылган учурун баяндап олтурган бул жигит

азыр 23 жашта. Араб мамлекеттеринин биринде бай

эркектердин колунда бир айга чукул сексуалдык

кулчулукта жүрүп келген.

Биз аны Бишкектен Москвага кетип жатканда

жолуктурдук. Каржы жагынан кыйналып турганын

айткан Давран башкалар анын башынан өткөн кыйын

акыбалга кабылбаса экен деген тилегин кайталап

жатты.

Көкүрөгү кирдеп турган жигит баштан кечиргендерин

сүйлөп берүүгө кыйылып жатып араң макул болду.

Дарегин жана башка жеке маалыматтарын ачыкка

чыгарбоону суранды. Аты-жөнүн да коомчулукка

айтууну каалаган жок. Андыктан, өзүнүн уруксаты

менен биз аны шарттуу түрдө Давран деп атайбыз.

Жигит бизге окуя Сауд Арабияда болгонун айтты.

Мындан башка аргумент жок болгондуктан, кайсы

шаарда кулчулукка кабылганын ачык айтпай турууну

чечтик.

.

- Бул окуя 2012-жылы болгон. Ал жакта бай эркектердин

көбү жаш жигиттерди сатып алышат экен. Мен андай

тагдырга тушуккан жигиттердин көбүн көрдүм. Анткени,

байлар жигиттерин ээрчитип алып, кээде бир үйгө

чогулуп, зыяпат да кылышат. Сулуу жигитти бир жумага

5-6 миң долларга алышат экен. Сыртка чыгарышпайт.

Кээде күн бою өөп-жыттап кучактап жатат. Сен ошол

ишти каалайсыңбы же жокпу, маанилүү эмес. Негизгиси

анын каалоосу. Бирок такыр көңүлүңдү оорутпаганга

аракет кылат. Сыпайы сүйлөп, өз каалоосун ишке

ашырат. Кийин билсем, мени 14 миң долларга сатып

алган экен. Аныгын билбейм, бирок ушул сумманы

түшүнгөндөй болгом.

.

Оор күндөрдү эстеп олтурган Давран улам-улам

тамеки тартып жатты. Мындай тагдырга тушуккан

кезде 18 жашта экен. Үйдө жалгыз уул. Апасы жана

эжеси бар. Атасы дүйнөдөн өтүп кеткен.

Ак жуумал, келишимдүү жигит Давран Жалал-Абад

облусундагы кыштактардын биринде чоңойгон.

Кичинесинен динге кызыгып, мечитке каттап жүргөн.

Ажылык сапарына барып, илимдүү молдо болууну

самап жүргөн кездердин биринде Оштон келген бир

адам менен таанышып калат.

.

- Ал мени өз эсебинен араб мамлекетине алып барып

келерин айтты. Сүйүнүп макул болдум. Ал кишинин аты

Муктар болчу.

.

Бирок Давран таанышынын "асыл максаты" башка

экенин билген эмес. Балким чыныгы ысымы Муктар

да болбошу мүмкүн. Жашоонун өйдө-ылдыйын түшүнө

элек 18 жаштагы жигиттин ишенимине кирип, өз

пайдасы үчүн атын башка айтышы да ыктымал.

Даврандын сөздөрүнө караганда, Муктар аны чет

өлкөдө бир араб эркек менен тааныштырган.

Паспортун алып, ошол эркекке карматкан жана

документ иштерин бүтүрүп берерин айткан. Ошентип,

Муктар "Сени менен ананыраак кезигебиз" деп изин

жашырган. Тигил чет элдик адам болсо Давранды көп

кабаттуу үйлөрдүн бириндеги жасалгалуу батирге алып

барган:

.

Үйүмдөгүлөр менен байланыша албайм. Унчукпай эле

отурам. Телефонум жок. Же тил билбейм. Тигил эркектин

жашы 50дөн ашкан. Бири-бирибизди түшүнбөгөндүктөн,

кол жаңсап гана сүйлөшүп жаттык. Бир маалда тигил

киши мага келип, колдорумду кармай баштады. Анын

максатын түшүндүм. "Колуңду тарт!" деп кыйкырдым.

Болбоду. Күчүм жетпей койду... Динде "кай бир жасаган

күнөөң үчүн кудай сени ар кандай жол менен жазалайт"

деп айтылат эмеспи. Кайсыл жерде жаздым экен деп

ойлодум. Апамдын же эжемдин көңүлүн оорутсам керек

деген ойлор менен алпурушуп жаттым.

Үйүн дүйүм-тамакка толтуруп салды. Бир жакка телефон

чалат, көп өтпөй эле эшик тыкылдап, тамак-аш, мөмө-

жемиш алып келип беришет. Чөнтөгүмдө тамеким бар

эле. Аны чегип жатсам, бир жерге телефон чалып, кальян

алдырды. Анысын чекпей койдум. Ошентип бир жумадай

ошол батирде жаттым. Тигил арабдын аты-жөнүн да

билбейм. Сураган да жокмун. Ал күндүз өзүнүн иштери

менен чыгып кетет. Эшикти бекитип коёт. Бир күнү

телефонун унутуп калды. Андан пайдаланып,

Кыргызстандагы эжеме SMS жаздым. Мени алып келген

адамдардан адашып калганымды, башка шериктерди

тапканымды, жакында кайра бара турганымды жаздым.

Башыма түшкөн окуяны айта албадым. Алар муну көтөрө

албайт да.

Бир күн андан интернет сурандым. Тилин билбейм.

"Интернет, Google" дедим. Ал мага телефонун берди.

Google котормону таптым. Бирок ал жерде өзбекче

сөздөр которулбайт экен. Орусча жакшы билбейм. Эптеп

"сыртка чыккым келип жатат" деген сөздү арапчага

котордум. Ал макул деп, мени көчөгө алып чыкты. Ошол

жерде өзбекче сүйлөшүп жүргөн жигиттерди көрүп

калдым. Алардын жанына барып, адашып калганымды

айттым. Алар тигил арабдын ким экенин сурады. Ачыгын

айткандан уялып, "бул мага жардам берем деп жүрөт"

дедим. Тигилер араб менен бир нерселерди сүйлөштү.

Анан "Сени бул консулдукка алып барат экен. Жакшы

кишиге жолугупсуң, кыжалат болбо" деп айтышты. Эмне

деп жооп береримди билбей, кайра ошол араб менен

кеткенге мажбур болдум.

.

Давран мындай азаптан кутулуунун ыңгайлуу жолу

табылганча тигил арабдын үйүндө калууну чечкенин

айтат. Башына түшкөн мүшкүлдү бирөөлөргө сүйлөп,

жардам сураганга намысы жол бербептир:

.

- Кечке кучактап жатат. Биринчи күнү эле жасаган

жоругун эсепке албаганда, калган күндөрү силер

ойлогондой жаман иш кылбады. Мага такыр катуу

сүйлөгөн жок. Чын айтсам, ал менин көңүлүмө карайт

болчу. Көзүмө тигилип, мени сүйүнткөнгө аракет кылчу.

Бир күнү дүкөнгө алып барып, кийим сатып берди. Бирок

мен каалаган кийимдерди эмес, өзү жактырган кийим-

кечелерди сатып алды. Узун көйнөк алды эле, анысы

мага бир аз кичинекей экен. "Ушуну киесиң" деди. Анысы

денеме жабышып турат. Баш бармагын көрсөтүп, сонун

дегенсиди. Башыма бир чүпүрөктү оротуп койду.

Ал жакта бай эркектер сулуу жигиттер менен көңүл

ачканды жакшы көрөт экен. Тигил киши бир күнү мени

зыяпатка алып барды. Бирөөнүн үйүбү же эс ала турган

жайбы, билбейм. Улгайган кишилер жаш жигиттер менен

отурушат. Мени көрүп, дароо эки-үчөө келип, кучактап,

бетимен эркелетип кармалап жатышты. Унчуга албадым.

Эмне кыларымды билбей отура бердим. Бир-эки жигит

аларга бийлеп берди. Мага улам тийишип жатышты. Оозу

аябай сасыгандары бар экен. Кускум келип кетти.

Ушундай күнгө туш келгиче, кудай деп Кыргызстанда

жүрө бербейминби дедим.

.

Тигил кишинин мен үчүн төлөгөн акчасынын мөөнөтү

бүттүбү, билбейм. Башка эркектер менен тааныштыра

баштады. Мен чоң-чоң кишилер менен жатканга мажбур

болдум, байке... Бир айга жакын убакыт өткөндө көчөгө

чыкканга мүмкүнчүлүк болуп, качып кеттим. Полицияга

бардым. Адашып калганымды эптеп түшүндүрдүм. Алар

мени Аюб Хан деген кишиге алып барышты. Анын теги

өзгөндүк, бирок азыр ошол жактагы чоң байлардын бири.

Чачы узун экен. Ага да чындыкты айта албадым.

Адашып калганымды түшүндүрдүм. Ошентип, алардын

жардамы менен Кыргызстанга келдим.

Давран Кыргызстанга кайтып келгенден соң өзүн чет

элге алып барган Муктарды издеп табат жана

түшүндүрмө талап кылат:

.

- Жасаган ишин моюнуна албай койду. "Сен адашып

калгансың" деди. Башкаларга даңаза болбоюн деп, унчуга

албадым. Азыр намазымды окуп, диний амалдарды

жасап жүрөм. Менин башыман өткөн окуяларды

тааныштарым, туугандарым билбеши керек. Алар билген

күнү мен өзүмдү жок кылышым мүмкүн. Ошондуктан

тиги уятсыз, наадан киши менен тирешким келбеди.

Унчуга албадым.

.

Давран ошол окуядан соң Москвага кетип калган.

Жогорку диний билим алуу ниетинен кайткан. Апасы

менен эжеси үчүн гана жашап жүргөнүн айтат.

Жакында эки жумага Кыргызстанга келди. Көргөн-

кечиргендерин бизге Москвага кайра кетерден эки күн

мурун айтып берди. Ушул күндөрү Орусиядагы

курулуштардын биринде эмгектенип жатат. Милиция

же башка күч органдарына кайрылуу же психологдон

кеңеш алуу тууралуу сунушубузду четке какты...

.

- Эмне деп арыз жазам? Араб эркектердин коюнунда

жатып келгенимди жазамынбы? Тигинин жоругун кантип

моюнуна коём? Беш жылдан бери депрессиядан чыга

албай жүрөм. Аң-сезимимди коркуу сезимдери бийлеп

алган. Аны бирөөгө айта албайм...

.

P.S.: АКШ мамлекеттик департаменти адам сатууга

жана кулчулукка каршы күрөш боюнча дүйнөдөгү абал

тууралуу 2017-жылдагы отчетунда Кыргызстанды

экинчи орунга чыгарып, муну өкмөттүн акыркы

жылдардагы алгылыктуу аракеттери менен

негиздеген. Кыргызстан адам сатууга каршы күрөшүү

жана мигранттарды мыйзамсыз ташуунун алдын алуу

боюнча БУУнун глобалдык программасына Борбор

Азия чөлкөмүнөн кошулган

жалгыз мамлекет. Расмий маалыматтар боюнча өткөн

жылы Кыргызстандын 175 жараны кулчулуктан

куткарылган. Алардын тең жарымы кыз-

келиндер .Сексуалдык кулчулукка кабылгандар

арасында эркектер болгондугу тууралуу маалымат

жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#35 Пользователь офлайн   vavilon.   02 Август 2017 - 11:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 055
  • Катталган: 12 Февраль 17
  • Соңку аракети: 01 Сен 2024 19:51
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Супер-Инфо

Фанаттар мн жонокой адамдардын урушу аягы жакшылыка алып барбайт согушка чатака алып барат Сирияга окшоп. Фанаттар ото агрессивдуу мамиле кылат башкаларга, как Игилдин согушкерлери сымал башка багытты коро алышбайт оздорунуку гана туура. Алар биринчи сорт адам башкалар адам эмес.
Бирок Кудайга шугур толлеранттуу ой жургузгон адамдар да арабызда коп. Инша Аллах баарыбыз мусулманбыз. Бирок динди ортого салып чырдашпайбыз.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#36 Пользователь офлайн   admin_superstan   02 Август 2017 - 12:31

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Жеке айтышууларга, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө, кимдир бирөөнүн жекелигине асылууга, кемсинтүүгө тыюу салынат!
Oylonkyrgyzym, 5 күнгө БАН!
Revolyutsiya2 , General.kg, clay, 2 күндөн БАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#37 Пользователь офлайн   admin_superstan   02 Август 2017 - 12:37

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Ernjs , кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат. Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#38 Пользователь офлайн   no.comment   02 Август 2017 - 15:46

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Revolyutsiya2 (02 Август 2017 - 00:55) жазган:

Куудул менен маскарапоздун айырмасын билбесен коммент жазбай эле койбопсун...

Негизги комментти мен жазбаган элем..


Просмотр сообщенияRevolyutsiya2 (02 Август 2017 - 00:55) жазган:

Мисалы Тынар, Рахман, Абдылдалар да куудул. Бирок копчулук сатиралары сен экообуз айта албаган чындыкты, бийликтегилердин апендилигин болгонун болгондой курч создор менен айтып келишет. Акылы тетик болгону учун, журогу эл-жери деп соккон учун кыйынчылык, куугунтуктоолорго моюн бербей келишет. Ал эми маскарапоз деп цирктеги клоунду айтсан жарашат.

Аа, ошондой беле? К. Абыловдун "обу жок" асылуусу менен жогорку аты аталган куудулдардын ортосунда кандай байланыш бар?

Просмотр сообщенияRevolyutsiya2 (02 Август 2017 - 00:55) жазган:

Эгер эртен Чубак ажын ошол Рахман, Абдылда агалар, Тынар, Борончулар менен тирешип калса, булар адам беле деп чыгат экенсин да ээ жаман акылында ...

Биринчиден, Чубак ажы меники эмес.
Экинчиден, жакшы адамдар бироону жамансын сен деп айтышпайт.
Учунчудон, тоо десе, бээ деген кем акылдыкка кирип калат. Менин кайсы учурда, кандай позицияны кармашымды бир эле коммент аркылуу кантип билип алдын?
Эгер алар бири-бири менен тирешип калышчу болсо, акыйкат тараптагысын колдоп чыгам.

Жума кунку эс алууну эки саатка узартуу маселесинде мен Жанар Акаевди колдогонмун.
..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#39 Пользователь офлайн   Meruet84   02 Август 2017 - 16:30

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 308
  • Катталган: 09 Март 15
  • Соңку аракети: 24 Июл 2021 23:47
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Алтын -алтынды канчалык ылайлап күлгө оонатсаң да, жаркыраганы жаркыраган бойдон кала берет.......
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#40 Пользователь офлайн   no.comment   02 Август 2017 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 375
  • Катталган: 19 Апрель 13
  • Соңку аракети: 31 Авг 2020 23:51
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Revolyutsiya2 (02 Август 2017 - 01:42) жазган:

Чубак ажыга кайрылуу!

Кайрылуунуздун мага тиешеси болбосо да, кээ бир учурлар учун жооп берип откум келди.

Кечоо 2 катын алуу темасын котордунуз, бирок мындагы форумчулардын 80-90%ти сиздин оюнузга каршы чыкты, же озунуз келип биздин талкууга катышпадыныз же шакирттериниз ондуу пикир жаза алышпады...
Негизи, 2 же андан кобуроок аял алуу, Чыбак ажыдан чыккан пикир эмес. Бул ошол мезгилге карата жана айрым бир шарттарга карата мусулмандарга тушурулгон Аллахтын буйругу, а балким кандайдыр бир денгээлдеги женилдик шарты болгон. Чубак ажы "тут не при чем". Бул амалдын башаты, Аллах жана анын элчиси С.А.В. болгон. Аны унутпоо керек.

Союзду куноолой бергенди токтоткула. Сиз азыркы жаштардан айырмаланып Союздун нанын жеп, ал коомдогу адамдардын жашоосун, пейилин коруп калдыныз. Ал убакта адамдардын копчулугу намазга жыгылбаганы менен, пейли кенен, ак конул калк эле...

Туура пикир, биз бардык нерсени акыйкат коз караш менен карап баалай билгенибиз туура болот. Союздун адамдары андан мурунку муундун тарбиясын алган адамдар эле. А Союздан мурунку адамдар кимдер эле? Демек ошол адамдардын эмгегинин натыйжасы.

Азыр кадам сайын мечит-медресе, диний аалымдар теле-радио, гезит, интернет менен элге уну жетип турган убак. Намазга жыгылгандар коп. Ошондой болсо да элдин пейили мурдагыдай эмес, азыр намаз окуганы да, окубаганы да алсам-жулсам деп озун гана ойлоп калган убак...
Мунунуз да туура пикир. Бугунку кундун жаштары кечээги муундун тарбиясын алган жаштар эмеспи? Эгер алар, сиз мактагандай даражадагы тарбиялуу, ыймандуу, билимдуу болушканда, ошол Союздан калган завод-фабрикаларды уурдап, тоноп, тыптыйпыл кылып сатып, бузуп жок кылышпаган болот эле да. Мен туулуп, эс тартып эле, алдым-жуттум, уурдамай, тоноп кетмей, тааныш аркылуу баарын бутурмой коомду кордум(92-98жж). Мен билгенден ал кезде, адамдар намаз эмес, келимени аран билишчу. Даават эмес, мечитке барып намаз окумай деле жок болчу. Арабдар да эч нерсени бизге тануулаган эмес.

Учурдагы кыргыз коомчулугунун абалына оз таасирин тийгизип жаткан факторлордун эн кучтуусу, капитализм(базар экономикасы), демократия(типа билгенинди кыл), интернет.
Каада-салт, диний угут-насаат иштери ж.б. салыштырмалуу абдан эле алсыз.

Ошондуктан бир нерсени каралап жамандоодон мурун ак-караны айрып тааный журсок.
Ии, мына эми озунузго келдиниз. Ошондуктан намазга же намаз окугандарга асылуудан алгач, "бузулуунун башаты" кайсы мезгил болгон, ошону тактоо керек. Андан сон гана ак-караны айрып таанууга болот.
Жалгыз намаз окуу менен адам онолуп кетпейт, журогу таза болбосо, адам биринчи журогун тазалоосу керек...
Бул пикириниз да туура. Адам болуу учун бир гана намаз окуунун озу жетишсиз.

Сиз Ленин атабыз тууралуу дин аалымына жарашкыс пикир айткансыз, адашпасам Манас атабыз тууралуу да...
Чындыгында алар тууралуу кандай пикир калтырганын билбейт экенмин, ошондуктан бир нерсе деп айта албайм.
Мына сиз элди ыйман жолуна тартуу учун коп эмгектенип жатасыз, ал эми Ленин атабыз мусулман эмес, атеист болсо да, кыргыз эли учун сизден коп соопчулук иш кылганын негедир мойнунузга алгыныз келбейт.
Соопчулук иш бул - Аллахтын ыраазычылыгы учун, Аллах жана Анын элчиси буюрган амалдарды аткаруу болуп саналат. Аллахтын ыраазычылыгы учун болгондо гана - ал иш соопчулук болуп саналат. А В.И. Лениндин кылган иштери биздин келечегибиз учун, биздин олкобуз учун эн чон жакшылык, эн чон бурулуш болгон. Аны моюнга алып, ыраазы болбогон адам мусулман болуп деле кыйратпайт(жеке пикирим). Ошентсе да соопчулук менен башка бир жакшы амалдын айырмасын билип алсаныз сизге да ашыкча болбос.

Эгер ал адам болбогондо ким билет бугун Кыргызстан деген мамлекет болот беле же жокпу, Сиз менен Биз торолуп бугункудой алым-сабак айтышып отурат белек?!! Балким айтаарсыз, Алланын амири менен болгон баары деп?! Туура, Алланын амири менен болгон, бирок Алланын тандоосу ошол кишиге тушуп, ошол киши биздин бугунку кунго жетишибизге себепкер болуп отурат Алланын окумун аткарып.
Жогоруда калтырган ойлорунуз аралаш болуп кеткендиктен, айрымдарына кошулсам, айрымдарына кошулбайм. Бирок Алланын окумун аткарып, деген пикириниз анчейин чындыкка дал келе бербейт.


Сиз да Алланын амири, тандоосу менен бул даражага жетип, чон диний аалым болуп, бизди он жолго баштап отурасыз... Бирок ошол он жолдо баратып пендечилигинизге алып, туура эмес пикир айтып же иш жасап койгон учурларынызды мойнунузга алганды уйронунуз...
Бул боюнча Чубак ажы озу жооп бергени дурус болот...



..
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (6 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 24 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 24, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 25 Авг 2025 21:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: