Суперстан: "Суперстан сулуусу-2017" - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо
Форумдан кенен издөө
• > Негизги темалар
• > Суперстан
• > Суперстандын архиви
• ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
• Соңку билдирүүлөрдү кароо
• RSS поток
• RSS поток
• (4 бет)

• 1
• 2
• 3

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Тема жабык

"Суперстан сулуусу-2017" Катышып, өз күчүңүздөрдү сынап көрүңүздөр, айымдар!

#1 Пользователь офлайн   Maika   01 Август 2017 - 18:07

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 824
• Катталган: 23 Август 08
• Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Кыргызстан

“СУПЕРСТАНдын”< br>Маданият жана маалымат, туризм

министрлигинин 2017-жылынын 31-июлундагы< br>
№1 жарлыгы менен бекитилген. (тамаша)

Салт болуп калган сулуулар сынагын быйыл да өткөрүү үчүн өз ойлоруңуздарды билдирип, колдоп бергениңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем. Анда эмесе,

< div align="center" >“Суперстан сулуусу-2017” сынагынын< br>
ЖОБОСУ< /div>< br>
2017-жылдын эсебинен бир да Суперстанды кызытып, форумчулардын маанайын көтөрүп, алардын башын бириктире турган кароо-сынактар өткөрүлбөгөндүктөн бул сынак уюштурулат.

" Уркуя", " Ак Мөөр" көркөм тасмасында аялзатынын ажайып сулуулугун даңазалаган Таттыбүбүнү, кыргыз элине бир келген ажайып сулуу экендигин убагында эч ким элебесе керек. Таттыбүбүнүн өлгөнү – бир арман,сулуулугу – бир арман болуп атпайбы” – деп агасы айткандай, арабызда сулуулар көп экендигин кызуу талкуу жараткан темалардан эле байкаса болот.

Колдонуучулардын буга чейин айтылган сын-пикирлеринин негизинде кароо-сынакты уюштуруу жана өткөрүү үчүн калыстар тобу түзүлгөн. Калыстар тобунун курамы “Суперстанга” эмгеги сиңген, кеп-кеңештерин аябаган,активдүү, акыл десе акылдуу, сулуу десе сулуу, колдонуучулардын сыйына ээ болгон улуу, урматтуу 7 форумчудан турат. Калыстар тобунун тизмеси ушул темада кийинчерээк жарыяланат.

Кошумча маалыматтар: Калыстар тобунун бул сынакты баалоосунун себеби колдонуучулардын билдирүүлөрүнүн, сунуштарынын негизинде чечилген. Атына заты жарашып калыс болуп берет деп ишенем. Добуш берүү жабык түрдө болот.

Сынактын шарттары:
< br>1-Тур.  “Өзүн-өзү тааныштыруу”.

Катышуучулар өзүлөрүнүн кыскача биографиясын жазып, 3 сүрөт жүктөшөт.

1- селфи. Жүзү так, даана көрүнүүсү керек.

2- баштан аяк тулку бою көрүнүүсү керек.

3-“Эркин тема” аталышындагы сүрөт болуусу керек.

Кошумча маалыматтар: Бул үчүн 7 күн убакыт берилет. Катышуучулардын эсебине чек коюлбайт.

Эскертүү: Сүрөттөрдүн сапаттарына, оригиналдуулугуна, катышуучунун кийинген кийимине, жалпы фантазиясына көңүл бурулат. Жүктөгөн сүрөт катышуучунун өзүнө таандык болуусу зарыл. Андай болбогон учурда сынактан четтетилет жана чара көрүлөт. Фотошоп жана башка программалар менен жасалгандар эске алынат, баасы төмөндөтүлүшү мүмкүн.

< b>2-Тур. “Акыл кампасы”

Викторина. Катышуучуларга ар тараптуу 10 суроо берилет.

Андан соң сулууларга атайын тандалган 3 тема сунушталат. Өзүнө жакын болгон бир теманы тандап алып, кыскача дил баян жазат (10 сүйлөмдөн ашык болуусу керек).

Кошумча маалыматтар: Дил баян катышуучунун өз калемине таандык болуусу зарыл. Катышуучунун ой жүгүртүүсүнө, жазган дил баянынын маани-маңызына, грамматикасына көңүл бурулат.

Бул тур үчүн 3 күн убакыт берилет.

< b>3-Тур. “Видеокайрылуу”

Сулуулардан видеокайрылуу. Ал видеодо өздөрүн тааныштырып, “Эмне үчүн мен “Суперстан сулуусу” болуп тандалышым керек?” деген суроого жооп беришет.

Кошумча маалыматтар: Катышуучу видео тартып, аны “Элдик видеого”жүктөйт. Кантип жүктөйт дегендер купуяга кайрылгыла. Видеонун сапатына, кайсы жерде тартылганына, сулуунун келбетине көңүл бурулат.

Бул тур үчүн 3 күн убакыт берилет.

< br>Калыстар тобу тарабынан "ЖЕҢҮҮЧҮ" деп табылган сулуулар сыйлыктар менен сыйланат.

< br>Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм!

Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   Maika   01 Август 2017 - 18:07

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 824
• Катталган: 23 Август 08
• Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Кыргызстан

Анда баштадык!
Сулуулар чамдаңыздар! "Суперстан сулуусу" сиз болуп жүрбөңүз.

1-Тур. “Өзүн-өзү тааныштыруу”.

Катышуучулар өзүлөрүнүн кыскача биографиясын жазып, 3 сүрөт жүктөшөт.
1-селфи. Жүзү так, даана көрүнүүсү керек.
2-баштан аяк тулку бою көрүнүүсү керек.
3-“Эркин тема” аталышындагы сүрөт болуусу керек.

Катышуучулардын эсебине чек коюлбайт. Үй-бүлөлүк абалына карабай бардык айымдар катыша алышат.

Эскертүү: Сүрөттөрдүн сапаттарына, оригиналдуулугуна, катышуучунун кийинген кийимине, жалпы фантазиясына көңүл бурулат. Жүктөгөн сүрөт катышуучунун өзүнө таандык болуусу зарыл. Андай болбогон учурда сынактан четтетилет жана чара көрүлөт. Фотошоп жана башка программалар менен жасалгандар эске алынат, баасы төмөндөтүлүшү мүмкүн.

Бул тур үчүн 7 күн убакыт берилет. 7-августта токтотулат

Бардык турлар ушул темада уланат.

Бул жакка катышуучуларга карата комментарий калтырууга болбойт.
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   sultansha_1996   02 Август 2017 - 13:40

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 233
• Катталган: 30 Апрель 17
• Соңку аракети: 31 Июл 2020 03:46
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Бишкек

Салам суперчилер!
Сулуулары коп болгон,
Суперстанга жанылык.
Мына минтип,мына минтип
Короолорду шыпырам!

Жашым болсо он тогуз,
Диплом алам кузундо.
Алганда эмне кылмакмын,
Сандыкка катам озумчо.

Мына минтип,мына минтип
Катышайын деп чечтим.
Колдоп коштоп койгула,
Баш бармакты которуп!

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: 2016-11-27-15-52-15-599.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170530-WA0035.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170530-WA0043.jpg

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Sagizgan   02 Август 2017 - 23:30

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 1 931
• Катталган: 28 Сентябрь 12
• Соңку аракети: 23 Янв 2024 23:09
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Тез тез озгорулуп турат

Салам суперстандын суппер форумчулары! Андай деле созго чечен эмесмин мындайле тааныштырайын озумду.Атым Sagizgan 1991 жылы Кадамжай районунда туулгам.Учурда Москвадамын. Эки уулдун бактылуу апакесимин. Суперстанга катталганыма коп болду.Биринчи катталганда суперстан жашоом болуп калган болчу.Эми азыр ааз маз алыстадым.К
Ошшо соз деле табылбай калдыго.Кыска болсо деле калтырып кеттим

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: 2017-07-25-15-16-40-387.jpg
• Прикрепленное изображение: 2017-07-25-20-33-01-529.jpg
• Прикрепленное изображение: 2017-05-25-18-02-20-180.jpg

[color="#006400" Куйуту жок кулуп журот дебегин, Куйутумду кулуп журуп женемин!!!!?[/ color]
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Nuriza.kubatova   04 Август 2017 - 22:55

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 332
• Катталган: 26 Июнь 16
• Соңку аракети: 09 Июн 2018 11:57
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:КыРгЫзСтАн

Мен Алмагул аКылбекова оруктун мекени болгон Баткен облусунан 1999-жылы берекелуу куз айында жарык дуйного келгем..

Эрке кызмын бир башымда мин жорук
шугур кылам сулуулугум -Ден солук

Суйомун тазалыкты тыкандыкты
Баалаймын инсандагы асылдыкты
жашоодо туу туткан девизим
жактаймын эн биринчи адамдыкты

Форумда нуриза...Атым Алмагул
сынакка катышсамбы деген кезим
Мейли албайн байгелуу орундардан
мен колдойм чыгарсанар кандай чечим

Баардык Катышуучуларга ИЙГИЛИК

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: caesarapp_2017690175890.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG_20170707_173311_0.jpg
• Прикрепленное изображение: caesarapp_201765191358374.jpg

Аа
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   nazikoooo   06 Август 2017 - 00:04

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 176
• Катталган: 09 Ноябрь 16
• Соңку аракети: 14 Май 2021 14:18
• Жынысы:Аялзаты

Салам Суперстан колдонуучулары! Атым Айназик. 18 жаштамын. Жалал-Абаддын сүйүктүү кызымын. Азыркы учурда студентмин. Катталганыма көп болбосо дагы сонун адамдар менен маектешип, сырдашып калдым. Жакшы адамдарды таптым Суперстандан. Өзүм жөнүндө айтсам баардык эле сулуулар ата энемдин эркесимин дешет, а мен жөн гана ата-энемдин баштагы балээсимин.

Жашооңдогу эң кызык, шайыр, маселесиз күндөрүң окуучулук күндөрдө болот эмеспи. Мектепти бүтүп, балалыгымдан да кош айтышып, чоң инсандардын катарына кошулуп калдым.

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: IMG-20170805-WA0030.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170805-WA0028.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170805-WA0027.jpg

Апама атырдын кереги жок.
Анткени апам БЕЙИШ жыттанат
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Begai_kg   06 Август 2017 - 02:03

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 318
• Катталган: 20 Апрель 13
• Соңку аракети: 24 Янв 2022 12:14
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Жаштардын шаары Жалал абад

Атым Бегайым, 18 жаштамын. Озумду сулуулардын катарына кошпосом да, сулууларга "массовка" болуп коеюн деп чечтим. Колледжде 3-курста окуйм. Келечекте озумду ийгиликтуу адам катарында кором.. Коп кыялданам, биздин олкону онуккон олколордун катарына кошулуусун каалайм, жана озумдун чоон клиникамды ачкым келет.

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: ‪+7 950 023-44-28‬ 20170805_225056.jpg
• Прикрепленное изображение: 20170727_205754.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG_20170727_202919_855.jpg

Salam baaryna
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   Maika   07 Август 2017 - 14:07

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 824
• Катталган: 23 Август 08
• Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Кыргызстан

Суроолор боюнча биринчи турдун мөөнөтү 13-августка чейин узартылат.

Калыстар тобунун мүчөлөрү менен таанышып алыңыздар. Алар форумдан өз ордун тапкан, баарыбызга белгилүү болгон Суперстандын дөө-шаалары:

1. Adalsvards;
2. USSR;
3. Aydashka;
4. Likvidator;
5. Rnurzida;
6. Barpynynkyzy;
7. Arstan.

Макулдугун берип, сунушту кабыл алгандыгы үчүн баарына ыраазычылык билдирем.
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   __anna__   08 Август 2017 - 14:50

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 511
• Катталган: 13 Июнь 17
• Соңку аракети: 21 Фев 2024 14:28
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Ош

Саламатсыздарбы, Супер форумчулар. .!
Атым Уулкыз. 18 жаштамын.Ооматтуу Ноокат шаарынанмын. Жаңы гана мектеп босогосун аттап чыгып,өзүм каалаган университеттин эшигин каккылап барганы турам. Бул сынакка катышуумдан биринчиликти багындыруу эмес. Жөн гана өзүмдү сынап көрүү.Жалпы катышуучуларга ийгилик каалайм..

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: IMG-20170808-WA0005.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170808-WA0029.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170808-WA0024.jpg

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   KAPAGAT   09 Август 2017 - 01:44

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 888
• Катталган: 25 Август 16
• Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

Салам,Супер фооумчулар!
Коптун катарында менда катышууга бел байладым,келбетим суктанаарлык болбосо да ,алты саным амандыгына шугур.
"Ар бир адам биринчи озун сыйлап,суйуу керек"деген принципти колдойм.
Жашым 19да,окууну ийгиликтуу аяктап, оз кучум менен озум суйгон университетке тапшырганыма бир жылга жакындап калды, жашоодо тагдыр таразасы бирде ойдо бирде томон тура, учурда тиричиликтин аркасы мн Россия Федерациясында европейский ресторанда повар болуп эмгектенип жатам,келечеке койгон абдан чон ой максаттарым бар, алардын арасынан алдынкы орунда #суйуктуужар, #мээримдууэне болуу))) жана оз эмгегим менен бизнестин соода-сатык жаатында ийгиликтерди багынткым келет.

5 сурот жуктолду,ар бир созду так-далили мн суйлогонду жактырам.Админ кечиримге алып койуунузду отуном
Бул сынакка катышуумдун бирден бир себеби озумо болгон ишенимди кучотуу. Сынактагы урааным "Жениш деле максат эмес,женилуу да жакшы ат эмес !!!" Баарыныздарга ийгилик ))))
Бул сынака катышуум озум учун СЕН

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: IMG-20170809-WA0000.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170809-WA0002.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170809-WA0003.jpg

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   lucky_star   11 Август 2017 - 08:28

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 230
• Катталган: 05 Декабрь 13
• Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
• Жынысы:Аялзаты

Саламатсыздарбы, дуйнонун торт бурчундагы кыргыздардын башын бириктирген "Супер-Инфо" гезитинин сайтындагы, Суперстан олкосунун жашоочулары!
Биринчиден ушул сайттын негиздоочулоруно ыраазычылык билдирем. Канча жылдан бери бул форумда канчалаган жакшы санаалаш, курбу-курдаш, ага-эжелерди тапканыма абдан кубанам.
Экинчиден, ушундай сынактар менен элди бириктирип, ынтымакта уюштурулган уюштуруучуларга ыраазычылык!

Мен, Арстанбекова Альбина, Ордолуу Ош шаарынын кызымын. Жашым болсо, жакында он сегизге чыкканыма толук эки жыл болот :ханыша:
Уй-булодо беш кызбыз, чырактай кылып тарбия берген ата-энеме ыраазымын.
Турмуш-шартка байланыштуу, мектепти аяктагандан сон, ата-энем менен Орусиянын борборунда иштеп келдим. Азыркы учурда, "окуунун эрте-кечи жок" деген ой менен Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетине тапшырдым. Бул сынакка эл катары, озумду сынап коруу максатында катышып жатам) Конул бурганыныздар учун рахмат!

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: IMG_2899.JPG
• Прикрепленное изображение: IMG_2061.JPG
• Прикрепленное изображение: IMG_2137.JPG

Билдирүүнү түзөткөн: lucky_star: 11 Август 2017 - 08:27

АльхамдулиЛлях!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   biznes   13 Август 2017 - 00:12

• Активист
• Тайпасы: Жаран
• Билдирүүсү: 1 182
• Катталган: 22 Январь 16
• Соңку аракети: 29 Май 2025 10:28
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Бишкек

Саламатсыдарбы? !
Менин атым Жайнагул. Токтогул районунда 1999-жылы жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 5бир туугандын кенжесимин. 2006-жылы мектеп босогосун аттап, 2017-жылы ийгиликтүү аяктадым. Быйыл 1-курстун студентимин. Келечектеги кесибим боюнча тарыхчымын. Бош убактымда спорттун футбол түрү менен алектенем. Баардык катышуучуларга ийгилик каалайм!

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: IMG-20170812-WA0018.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170803-WA0006.jpg
• Прикрепленное изображение: 20160917_175755.jpg

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   Begimkyz   13 Август 2017 - 22:39

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 046
• Катталган: 13 Декабрь 11
• Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Οω- Μοsκβα

Бору карыса да бир койчолук алы бар... :crazy-girl:

Ф. И. О; Талантова Бегайым Талантовна

Туулган жылы; 03.06.1994

Бою; 170 см

Салмагы; 61 кг

Билими ; Орто билим ээси (башталгыч класстар мугалими)

Уй булоолук абалы ; Уй булоолу.

Мен Begimkyz мындан жыйырма уч жыл мурун Жалал-Абад облусуна караштуу, Сузак районунда карапайым уй-булоодо торолгом. Атам мал доктур, апам мугалим. Торт бир туугандын экинчисимин. Мен да апамдын жолун жолдоп мектепке чейинки Жана башталгыч класстар мугалимимин. Кесибим боюнча иштей элекмин, учурда элдин агымы менее Москва шаарында эмгектенем. Жолдошум экообуз бир кыз, бир уулдун ата-энесибиз.

Ар бир женем деген катышуучуга ийгилик! А биз Кудайдын буйруганын коруп, колдон келген аракетибизди кылабыз! :күн:

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: 2017-08-05-17-12-39-167.jpg
• Прикрепленное изображение: 2016-09-07 11.26.51.JPG
• Прикрепленное изображение: 18_07_2017-20_07_41.jpg

Билдирүүнү түзөткөн: Begimkyz: 13 Август 2017 - 22:42

Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Suikumduu98   14 Август 2017 - 01:20

• Карапайым
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 147
• Катталган: 27 Июль 15
• Соңку аракети: 03 Янв 2022 14:46
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Эл катары

Саламатсыздарбы? Мен Алтынбек кызы Нагима 1998-жылдын кычыраган кыш айынын 2синде Илек-Илек мекендеген Лейлектин айылдарынын биринин үй-бүлөсүнө көптөн күткөн, болуп көрбөгөндөй кубаныч тартуулаганмын. Атымды атакем улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун апасынын атынан Нагима деп коюптур. Чоңоюп эс тарта баштагандан кийин атым жакпай калды. Ойлоп көрсөм ар бир аттын өзүнчө маани- маңызы, жарашыгы болот тура. Азыр мен атым менен сыймыктанам! Кудай буюрса мен дагы Чыңгыздай чыгаан уулду тарбиялап өстүргүм келет...

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: IMG-20170814-WA0001.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170814-WA0002.jpg
• Прикрепленное изображение: IMG-20170814-WA0004.jpg

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Aselyaakunova   14 Август 2017 - 15:06

• Момун
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 6
• Катталган: 12 Август 17
• Соңку аракети: 21 Авг 2017 18:06

Акунова Аселя. Ушул сайтка эки жылдан бери кирем. Бирок регистрация боло элек болчумун.
Жене албасам да сулууларга массовка болуп коеюнчу. Учурда студентмин. Келечектеги лаборант.

Прикрепленные изображения

• Прикрепленное изображение: image-2.jpeg
• Прикрепленное изображение: image-1.jpeg
• Прикрепленное изображение: image.jpeg

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Maika   14 Август 2017 - 22:40

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 824
• Катталган: 23 Август 08
• Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Кыргызстан

Кутмандуу кечиниздер менен!
Катышуучулардын жазылуу мооноту, 1-тур аяктады.
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   Maika   15 Август 2017 - 12:09

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 824
• Катталган: 23 Август 08
• Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
• Жынысы:Белгисиз
• Калаасы:Кыргызстан

2-тур старт алды.

2-Тур. “Акыл кампасы”

Викторина. Катышуучуларга ар тараптуу 10 суроо берилет.

Андан соң сулууларга атайын тандалган 3 тема сунушталат. Өзүнө жакын болгон бир теманы тандап алып, кыскача дил баян жазат (10 сүйлөмдөн ашык болуусу керек).

Кошумча маалыматтар: Дил баян катышуучунун өз калемине таандык болуусу зарыл. Катышуучунун ой жүгүртүүсүнө, жазган дил баянынын маани-маңызына, грамматикасына көңүл бурулат.

Бул тур үчүн 3 күн убакыт берилет. Дилбаянды үч күн аралыгында дароо ушул темага жарыялайсыздар.

Ошондой эле айта кетчү нерсе, викторинанын суроолору купуя аркылуу акыркы бир күн калганда (17-август күнү) жиберилет. Бул суроолорго жооп берүү үчүн бир саатка жетпеген убакыт жетерлик болмок. Бирок ар кимдин убактысына жараша бир күн берилди. Жооптор кайра мага купуя аркылуу жооп берилиши керек. 18-августка чейин баарыңыздар жооп берип бүткөн болушуңуздар керек. Бардык катышуучулардын жооптору кабыл алынган соң гана ушул темага ар бир катышуучунун жооптору суроолор менен биргеликте жарыяланат. Суроолор баарында бирдей болот.

Анда эмесе, дилбаян үчүн катышуучуларга сунушталган темалар (арасынан бирөөнү тантап алып, ошол темада дилбаян жазасыздар):

1. "Кыялымдагы Кыргызстан"
2. "Аялзатынын азыркы коомдогу орду жана идеалда кандай болушу керек эле?"
3. "Суперстан" тууралуу ой-толгоо"

*дилбаян үч күн аралыгында жарыялануусу абзел.

Сулууларга эргүү жана ийгилик!
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   lucky_star   16 Август 2017 - 02:27

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 2 230
• Катталган: 05 Декабрь 13
• Соңку аракети: 07 Июл 2019 03:54
• Жынысы:Аялзаты

" Суперстан" тууралуу ой-толгоо.

Саргычтанган, ным жыттанган дарактардын жалбырактары күбүлүп, жер бетин жамына башташты. Кыш мезгили жакындап калгандыктан, суук тартып, күндүн жүзү булуттарга жашынып, созолонто сайраган чымчыктар алыс жактарга, планетабыздын ысык өлкөлөрүнө сапар алышкан. Ушундай күндөрдө биз, адам баласы да жан-дүйнөбүз үшүгөнсүп, капа тартып, жаратылыш менен терең сырдашып калат эмеспизби.
Орусиянын борбору болгон, "көз жаштарга ишенбеген" шаар- Москвага келгениме толук тогуз айдын жүзү болуптур. "Жанымда ата-энем, бир туугандарым бар, мага мындан артык эмне керек?",- деп өзүмдү жоошутканым менен, мекенге болгон сүйүү, кусалыктын орду таптакыр башка болот тура. Кандайдыр бир күч ич-ичимди уйгу-туйгу кылып, мекенге болгон сагынычтан улам өзүмдү коёрго жер таппай жүргөм.
Ошондой күндөрдүн биринде, өзүм ар кандай жаңылыктарды окуп жүргөн super.kg сайтына катталып калдым. Мурда жөн эле ар кандай жаңылыктарды окуп жүргөнүм менен, эми "Суперстан" форумуна кирип, жердештерим менен сүйлөшүп, монологго өз бугумду чыгарып, жүрөк сырында ар бир форумчунун кайгы- муңун тең бөлүшүп, күнүнө жыйырма-отуздай форумчунун туулган күнүн белгилеп, оюн-күлкүдөгү "чоң атабыз" менен, он чактыбызды "жөжөлөрүм" деп бизди канаттууга кактырбаган Лика эжебиз менен, жашоодогу кайгы-капабызды бир азга болсо да унутуп, өзүмдү бир белгисиз мейкиндиктеги белгилүү өлкөдө бактылуу сезип жашачумун. Москванын жашоосу көпчүлүккө маалым эмеспи. Кудайдын куттуу күнү он-он эки сааттан жумуш, үй толо квартирант. Ошондой болсо да күн сайын "Суперстанга" убакыт таап, чай ичип жатсам чайымды коё калып, түндөсү түн уйкумду кечип, өзүмдү "Суперстанга" арнап салдым. Себеби мен бактылуу болчумун. Дүйнөнүн төрт бурчунан кирген форумчулардан татыктуу ага-ини, эже-синди, дос-курдаш таап, а тургай "кумир" тутуп алган форумчулар да болгон.
"Суперстан" өлкөсүнүн он бир облусу бар, ар бир облустун аким-губернаторлору, райондору бар эмеспи. А биз, алгач "конок" болуп, кийин "жаран" дыгын алып, "активист" , "супер-активист" болгонубузга сүйүнчүбүз. Ошол күндөрү биздей эле форумчулар, бирок, акылынын тунуктугу, активдүүлүгү менен Rinatik, Clara эже жана башкалар аким болуп шайланышкан. Биз да аларды көрүп сыймыктанып, үлгү алып, суперге болгон кызыгуубуз артып, дем-күч алчубуз. Raia эже, mother эжелердин кеп- кеңештерин кулагыбызга түйүп, aijan эженин универсалдуулугуна аябай суктанчубуз. Биз форумда жөн эле убакыт коротпой, "адабият жана поэзия" бөлүмүндө көптөгөн чыгармаларды окуп, "жүрөк сырынан" турмуш, жашоо боюнча тарбия алып, көзгө да жаш алчубуз, илим бөлүмүндө азыркы учурдун технологияларын, дин бөлүмүндө бизге эң керектүү болгон таалимдерди алып, ашкана сырларын үйрөнүп, спорттук мелдештерди чогуу өткөрүп, ар өлкөдөн ысык салам жолдошуп, жылдыздар менен байланышып, кыргыздын улуттук салттарын терең үйрөнүп, дарылоо жолдорун, косметология боюнча билим алмашып, деги эле койчу, жок нерсенин өзү жок да бул форумда. Өзүбүз бара албасак да, жолугушуп- аш уюштурушкан форумчулар, футболдук курама команда менен сүрөттөр аркылуу таанышканбыз. Убакыт учкан куш сымал, ошол бактылуу күндөрдүн өткөнүнө быйыл төрт жылга жакындап калыптыр.
Мен үчүн форум бул- белгисиз мейкиндиктеги "бактылуу" өлкө. Бул өлкөдө ар бирибиз бактылуу боло алабыз. Канчалаган форумчулар менен мамилебиз эч муздабай, келечекте да жакын санаалаш, дос-курдаш болуп өтүүгө ишенем. Бул форум мага жакшы гана эмоцияларды тартуулайт. "Супер" форумдун мындан ары да өсүп-өнүгүүсүнө, келечектеги жаркын жашоосуна тилектешмин.

АльхамдулиЛлях!
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   KAPAGAT   16 Август 2017 - 16:55

• Активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 888
• Катталган: 25 Август 16
• Соңку аракети: 14 Апр 2024 21:26

"Кыялымдагы Кыргызстан. ".

Мекенге болгон сагыныч,ата энеге болгон кусалык...Бул сезимдерди мен сыяктуу ботон жерде эмгектенип жаткан бир боорлорубуз жакшы тушунсо керек.
Убакыт учкан куш сыяктуу,мынтип быйыл он ттогузунчу куздо жашап жжатам,мен курактуу курдштарым билим алып,окуу жайда окуп жатышат, мен да алардан кем жайым жок, болгону азырынча мен тапшырган окуу жайда мен эмес ,акчам окуп жатат...Мындай корунуш олкобуздо жуздоп,миндеп саналат, бул да болсо мекенибиздин билим денгээлинин кузгусу.
Кыргызстанда 6млн калк болсок анын ишке жарамдуусу 3млн,бул корсоткучтун тен жарымын мен сыяктуу кундо 10-14саат иштеп, тун уйкусун калтырып, Жан уроп,жашоо учун курошкон мигранттар тузобуз. Оз олкобуздо жумуш болсо мынтип торт тарапка чачылбайт белее,ким билсин...

"Эгемен мамлекет" болгонубузга 25жылдан ашты,ушул убакытта бизде коп нерсе озгорду,окунучтуусу завода фабрикалар талкаланды, турдуу падышалар шайланды,ар кандай митингдер,пикет которулуштор элди зээриктирбейт, адилетсиздик, коррупция гулдоп осту,айта берсе соз, санай берсе сан жетпейт ондонот.

Мен олкобузду келечеги кен, онугууго жол алган жаш олколордун катарына кошоор элем. Ал учун ар бир кыргызстандык жаран аракет кылуусу абзел ."Откон кун тарых, келечек-сыр, бугунку кун чон сый!"Бизден кийинки муунга жакшы шарт тузуу азыркы муундун милдети!
Менин создорум кур болбоосу учун онугууго карай 3 мисал келтирип берейин:
-Туризм.Биздин кымыз,Боз уй,боорсок, беш бармак, калпак,элечек ж.б.у.с жопжонокой турмуштук оокат-ашыбыз озголорго озгочо жанылык болуусуна шегим жок.Мындан сырткары канчалаган тарыхый жайларыбыз, колдорубуз, токойлорубуз, тоолорубуз бар.Туризмди каалаган адам онуктурууго салымын кошсо болот.

-Кен-байлыктар. Коз алдынызга Менделеевдин элементин алып келиниз, андагы элементтин дээрлик баары биздин олкодо кездешет
Эгерде олкобуздо бул тармак эл учун иштесе, бизди кен-байлыктарыбыз эле багып алмак...

-Завод-фабрика. бизде эмне коп мал жандык, осумдуктор. Мисалы аймактарда эт комбинаты ачылса ,андан чыккан эт озубуздон артып Ботон мамлекеттерге экспорттоого да жетмек, союлган малдын терисин иштетсек бизден чыккан кийим,баштык, буюмдар дуйнону каптамак, эн керексиз торт тулуктун кыгын "азот"ордуна пайдалансак, башкаларга сатсак канчалаган киреше тушмок, малдын арткан жаман майларынан самын жасап иш ордуларын тузсок болот.
Мына менин кыялымдагы Кыргызстан ушундай дуркуроп осуп, элибиздин жузундо кулку, баары уй булосу мн бактылуу омур сурсо дейм)Албетте, кыялдар орундалат...

• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Begimkyz   16 Август 2017 - 23:09

• Супер-активист
• Перейти к блогу
• Тайпасы: Кыймылы жок
• Билдирүүсү: 3 046
• Катталган: 13 Декабрь 11
• Соңку аракети: 13 Фев 2024 19:51
• Жынысы:Аялзаты
• Калаасы:Οω- Μοsκβα

Аял затынын азыркы коомдогу орду Жана идеалда кандай болушу керек эле?

Уулу тарыхы бар кыргыз калкыбыздан чыгаан кыздарыбыз чыккан. Айтылуу Алай ханышасы Курманжан Датка, Совет доорунда биринчилерден болуп журт башкарган Уркия Салиева Жана онор адамдары Бубусара Бейшеналиева, кайталангыс сулуу , таланттуу Таттыбубу Турсунбаева. Булардын артында очпос эмгеги калды. Биз ар качан озубузду ушул инсандарга карап туздойбуз.

Азыркы биздин кылымдын аялдарын сиз кандай элестетесиз? Туура, уйдо суйуктуу жар, камкор эне, кочодо ийгиликтуу коомдун активисти жана сулуу айым. Бул нерсенин баарын биздин кыргыздын айымдары гана мойнуна илип алышкан. Энелерибиз " кызым сен бала тороп, аларды эрзеге жеткирууго, уйдо суйуктуу аял болууга гана милдеттуусун" деп чонойтсо, азыр балким ордубуз болок жерде турмак беле. Кудайым аялзатыны жолдошунун кенешчиси, суйуктуу жары, балдарынын мээримдуу апасы, бир уйдун тукум улоочусу, куту кылып жараткан. Бирок, азыркы коомубуз муну моюндагысы келбейт. Аял уй булоо, кочодо, карьерада да кучтуу болушу керек. Эгер бир уйдун очогу бузулса аял куноолуу, анткени ал чыдаган эмес. Иштебей уйдо отурса да балээ. Эркектерибиз жоопкерчиликти аялына турто салышкан, же биз эркектер менен тен тайлашып, ар кандай кырдаалдан тапкычтык менен жол таап, чечкиндуу болгонубуз учун эркектердин уй-булоодогу милдетин унуттуруп койдукпу? Демократия орногондо аялдар баш болуп соодага киришти, анан эле миграция агымын да биринчилерден болуп бир этек баласына кошуп, жолдошун таштап бет алышкан. Жараткан кыргыз айымдарынан сезилбеген, билинбеген кучту аябаган экен. Жашоонун бардык туйшугуно жарамдуу. Кара куч катары колдонулуп, уй-булоодогу орду, сыйы, укуктары тебеленип калган сыяктанат. Мен аялзатыбыз сыйга гана татыктуу назик жандар экенин айткым келет. Алар мээримдуу, ажарлуу, боорукер, колу гул бейиштер. Ооба, менин апам - Бейиш. Жасаган тамагы, суйлогон созу, жаркылдаган кабагы, эч качан тугонбогон мээрими ай. Баланын кашында энеси болсо конулу ток, дуйнону энеси менен таанып чоноет. Анын ордун сагынуу, кусалык, кутуу ээлеп жатпайбы. Апасы балам деп кара жанын карч уруп, бир уйдун жоопкерчилигин артып кайталангыс бакыттан кол жууп жатат, бала бир эле жолу жаш болот экен, кичинесиндеги таттуу кылыктары, акча тапканда кайталанбайт тура. Эхх, тубун тушкур дуйно ай, сен учун аялзатыбыз кайраттуу, чыдамдуу, чокпос болдук го.

Тыйындын деле эки бети болот эмеспи, ошол сынары ыйык наамыбызга дак тушургон кыздар да аз эмес. Ыплас иштерге кириптер болуп, арзыбаган акчага ар намысын сатып, конулубузду иренжитип келет. Сурап келсен уй булоодогу зордук-зомбулук, жумушсуздук туртку болгон. Кыздар силер биздин келечектеги баатырларды тороп берчуу, урпагыбызды улачуу, элибиздин кутусунар. Силер бактылуу болууга татыктуу жансынар!

Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
• Жогоруга of the page up there ^
• Жооп жазуу Цитата
• Жооп жазуу Жооп жазуу

• ← Мурунку тема
• Суперстандын архиви
• Кийинки тема →

• (4 бет)

• 1
• 2
• 3

• Акыркы бет »
• Сиз жаңы тема ача албайсыз
• Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт

• Жогоруга
• Форумдун тизмегине
• Cookies тазалоо
• Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

• Азыр убакыт: 15 Июн 2025 00:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: