Мектеп кезиндеги открыткалар болсо керек биринчи белектерим.
Эс тартып иштеп баштаганда биринчи айлыгым деп озумо кумуш сойко шакеги менен алганлем.Апам жактырып " жаш кыздар тагынчу эмес чон аялдар тагынчу сойко экен" деп кулдургону эсимде.Жакса алыныз деп бергенмин.Ал кезде айлыгым аз.Жакшы жумушка кирсем ар айлыкта бир нерселерди алперем деп кыялданчумун.
Бишкеке келип бир частный компанияга жумушка киргенмин,айлыгым жакшы эле.Бирде туулган кунунузго туфли алып алыныс деп 2000 сом берсем аябай суйунгон эле алтын апам.Ошол менин апама болгон акыркы белегим экен эле.Сыздатып гана кете берди,айла жок.Азыр тируу болсо нелерди гана кылмакмын.Конулун которуп,суйунтуп,
кулдуруп,жон гана жашаса болмок деп кыялданам.
Апакеңизге алгачкы белегиңиз?
#22 26 Август 2017 - 22:57
Апама берген биринчи белегим жоолук болгон. Себеби апам жоолук салынат башынан тушурбой,озумун иштеп тапкан акчама алгам, озунчо бир сезим болгон.
#23 27 Август 2017 - 00:31
Тааак апама 8-классымда бекен же 9-класс беле кыскасы : 8-мартка белек деп кызыл соонун жолук белек кылгам, ошол менин биринчи белегим болгон, ошондон бери жылда жолук берип келем, быйыл эле акча азыраак болуп Орифлеймдин жыттуу самынынан бирди ала келдим, үйгө келсем бир нерсени үмүт кылгандай мени тиктейт, унутуп калыптырмында белекти бергендичи анан апам мени карап-карап койот ошондо түшүндүм баарын, сразу белекти сумкамдан алып апама берсем кубаныыып олтуруп калгааан)
#24 27 Август 2017 - 13:01
Эсимде жок биринчи жолу берген белегим. Туулган кунунузго бир нерсе алып алын деп 5000 бергем. Ошол эле окшойт козго корунуктуусу.
)
#25 27 Август 2017 - 20:53
Апаларга эң чоң белек бул. Машина же үй же алтын саат,шакек эмес. Биздин апакелерибизге берген эң чоң белегибиз жылуу сөзүбүздү аябоо суроо берсе терс жооп берип же катуу айтып каяша айтып турбай күндө жагымдуу тиктеп көзү менен тең айланып турсак ошол эң чоң белек болот деп ойлойм.
Эсимде жаш кезимде энем чоң атам айтып калчу. Атам,агамдарга айтчу бир жыл же бир айда бизге белек же башка нерсе алып келбей жөн гана убактыңарды аябай келип кабар алып тургула ошол бизге жетет деп.
Эсимде жаш кезимде энем чоң атам айтып калчу. Атам,агамдарга айтчу бир жыл же бир айда бизге белек же башка нерсе алып келбей жөн гана убактыңарды аябай келип кабар алып тургула ошол бизге жетет деп.
Билдирүүнү түзөткөн: atai9292: 27 Август 2017 - 20:53
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#26 02 Сентябрь 2017 - 11:21
Мен да апама мектепте окуп жургондо бергем экем эстесем. Анда индианкалардын суротунон открыткалар мода эле. Сентябрда кундо бир сом берчу, 27-сентябрга чейин чогултат элем да открытка, шоколад алып бекитип, 28зи тан эрте турганда белегимди берип кубантат элем. Азыр деле альбомунунда сактап журот ошол открыткаларды.
Студент мезгилде кобунчо кийим алып берет элем. Акыркы жылдары акча эле берем, озунуз каалаган нерсенизди алыныз деп. Быйыл "Арноо концертинен"
каало-тилек айттырсамбы деп турам.
#28 13 Сентябрь 2017 - 12:43
Мен да кичине кезимде майда-барат нерселерди белек кылчумун...открытка,
гул сыяктуу.Ал эми биринчи эсте каларлык белегим сумка болду окшойт,же концертке билет алганым...
Мы никогда не будем моложе,
Живи здесь и сейчас.
Живи здесь и сейчас.
#29 03 Октябрь 2017 - 09:02