Эсимде. Күз мезгили болчу. Кечинде адаттагыдай сага жөнөдүм. Кандай сезимдер азгырат билбейм эмнегедир күн батары менен эки бутум сенин үйүнө алып жөнөчү. Ал кезде телефонуң жок эле. Кантип чакырам? Байкең чыгып калса кантем деп үйүңө жеткиче сарсанаага батчумун. Сени чакыра албай айлам кеткенде кудум эле ууру кылган мышыктай болуп терезеңдин түбүндө отура берер элем. Сени көрбөсөм, үнүңдү укпасам дагы терезеңдин түбүндө туруу мен үчүн бакыт болчу. Сенин ар бир кыймылыңды аңдып отуруп кыялымда сени менен жашап алчумун. Ооба. Кыял деген керемет нерсе эмеспи. Бирде көк асмандын алтынчы катарына чыксаң бирде жердин жетинчи катмарына кирип кетесиң. Кыялымда сени менен канча жерди аралап келдим. Анын бирин билбейсиң. Айтсам сага жомок сыяктуу сезилип, ишенбейсиң.
Ошол күнү сага жолукканым эч качан эсимден кетпейт. Кошунаңдын огородуна кирип алганбыз. Кучагыма кысып, ааламдагы эң бактылуу адам болуп, жашоо ошол түн менен токтоп турса экен деп кыялга батып турдум. Назик эриниңден өпкөнүмдө сага ыраазычылыгымды кантип билдирээримди билбей жаттым. Ошол учурда сенде кандай сезимдер болду экен деп күнү бүгүнкүгө чейин ойлоном. Аны убагы келгенде бетме-бет отуруп айтаарсың.
Эсиңдеби, классташың менин каттарымды сага жеткирип турчу. Бирок ошол каттарга бир дагы ирет жооп берген эмессиң? Балким жактырчу эмессиң? Балким улуу деп мени теңиңе алчу эмессиң. Андан бери канча жыл өттү. Айылдагылар айткандай "жапжаш жүргөн Дөпө картайды"
. Азырчы? Үй-бүлөсү бар деп качасыңбы? Ал менин теңим эмес деп качасыңбы? Эмне себептен жолуккуң келбей жатканын билгим келет.
Сага эч кандай жаман оюм жок. Сен дагы кайын журтуңа абийириң менен барышың керек. Менин үй-бүлөлүү болгонумдун бир жакшы жери ушул теманы бойдок балдарга караганда жакшы түшүнөм.
Болгону сени менен жолугуп, сүйлөшүп, сулуу жүзүңдү тойбой кайра-кайра карап, жибектей назик колдоруңду кармап, жумшак бетиңден жыттап, эрдиңден өөп отургум келет. Сулуушкам менден качпачы.
Сулуушкам, менден качпачы...
#2 07 August 2017 - 15:35
ой-боой кызыкго!? уйлонгон болсонуз аялыныз менен эле бактылуу жашаганы аракет кылбайсызбы?
бечара кызды да жаман атту кылбай уй булолуу эркек менен жолугушуп журот дедиртпей эле.
#4 07 August 2017 - 16:09
Ушу үй-бүлөлүү адамдар башка бирөөнү ойлогонуна таң калам. Не кереги бар күнөөгө батып?
#6 07 August 2017 - 21:21
Бул не бала деп салды Аялы бар туруп и тигининда эри бар окшойтко кайын журтуна дегенине караганда.Жыттап Кучактап деп жолуккусу келип анан не болот кучактап опкулолоштон кийин не болушун билбейби бул
#8 08 August 2017 - 00:19
Ушунчалык болуп калыптыр убагында уйлонуп эле албаптырсыз дааа
.....
.
.....
#9 08 August 2017 - 01:22
Тема ачып бир тамаша кылайын дегенго автор чамасы.
Токол кылып уйлонуп ал.Куноого да батпайсын,кантседа ак никелуу аялын болот.
Токол кылып уйлонуп ал.Куноого да батпайсын,кантседа ак никелуу аялын болот.
#10 08 August 2017 - 16:24
Турмушта ар нерсе болот да.Жаман оюм жок деп жатат го.Журок коксоп самап турса уй булосу бар экенине карамак беле.Эрининен ооб,деген жери кичине аша чабыптыр.Бирок суйлошуп отурса эмнеге болбосун.(Менин оюм ушундай,каттуу критакалабагыла).
#11 08 August 2017 - 16:38
Биринчи суйуу унутулбайт окшобойбу…
Откон нерсе откон чакта калганы кандай жакшы, кайра-кайра энсоону кучотпой…
Откон нерсе откон чакта калганы кандай жакшы, кайра-кайра энсоону кучотпой…
В каждой шутке есть доля правды...
#12 08 August 2017 - 17:02
Sweet-like калганы кандай жакшы кайра кайра энсетпей, бирок калбайт да...
#13 08 August 2017 - 17:04
#14 09 August 2017 - 09:58
Турмушта ар нерсе болот да.Жаман оюм жок деп жатат го.Журок коксоп самап турса уй булосу бар экенине карамак беле.Эрининен ооб,деген жери кичине аша чабыптыр.Бирок суйлошуп отурса эмнеге болбосун.(Менин оюм ушундай,каттуу критакалабагыла).
Эмнеге суйлошот?Эмнени суйлошот?Уйлонгон эркек турмуш эмне экенин билбеген,жаш кыз.Экоонун ортосунда кандай соз болушу мумкун?Эркектин оюнда бир эле ой жашайт да озу деле айтыптырго" ооп"деп.
#15 09 August 2017 - 10:01
#16 09 August 2017 - 21:50
Ушу эркектердин мээси башка жагында деген чын. Аялына да бироо ошентип арзып жургондур. Анан Ким жаман аял жаман дегендер сендей адамдан чыгат. Башкага бок издеп уйлондунбу?
Албайт белен Ошо сулуушканды?
Аялды неге алдын анан? Уффф ушу эркектер.

Супер-Инфо
super.kg
видео













