Менин абалымды жазсам кулбонуздор э? Жон гана тушунуп, кенешиниздерди берсениздер болот. Тамашаласаныздар деле тушуном))). Эми мындай: Мен ачык айрым, шайыр айыммын. Ырдаганды жакшы кором. Унум укмуш деле эмес, бирок мага баары бир эргуу алып ырдап журо берем.Бирок эч ким жокто. Болгону мен ырдап баштасам эле козумдон жаш айланып, шолоктоп ыйлап баштайм. Мейли шандуубу, кайгылуубу айырмасы жок. Анысы аз келгенсип, конокто же башка жактан болсо деле бироо жарым укмуш созолонто ырдап койсо эле ыйлап баштайм. Муун-жунум бошоп, кызарып-татарып, ой-тобоо. Ошондуктан такыр концертке кирбейм. Тойлордон ырдабаганым аз келгенсип, жакшы ырдап баштаса эле жер карап, же болбосо эшикке чыга качам. Уялам элдин баары жыргап атса мен жамандык болуп жаткансып ыйлап жатсам. Албетте бакырып, окуруп ыйлабайм. Козумдон жаш молт-молт этет, тамчылап. Жандуу унго ушундай реакция берем. Теле-радиодон уксам эч нерсе болбойм. Тушунбогондор да болот. Мен эле ушундаймынбы, билбейм. Мага окшогондор барбы? Болсо эми кантебиз? Дарыланабызбы? Кантип токтотсом болот? Психологиялык жактан оорулуу эмесминби? Жогоруда айткандай, эч ким жокто ырдап, болушунча шолоктоп, чарчап калам.Элестеткиле, менин ошондогу кебетемди))) Сыртымдан караган кишиге жиндидей эле корунсом керек. Андан да кызыгы ырдагым келгенин кантейин? Туура тушунуздор, бул ойноп ачылган тема эмес. Бул эмне деген жорук шумдук? Мен точно оруулуу эмесминби?
Билдирүүнү түзөткөн: NIkalike: 24 Сентябрь 2018 - 19:35