Форумда же жөн гана көчөдөгү баннер, афишалардагы каталарды көрүп эле жүрөбүз. Башкалардын билбейм, бирок мен ошол жазууларды көргөндө "кайран кыргыз тилим" деп жан кейип кетет. Эмне үчүн орусча которулушу туп туура болуш керек да, кыргызчаны эптеп жазып коё берсе болот??? Мына ушул көйгөйдү чечүү максатында оюн ойнойбуз.
Балким кээ бири чынында орус классты бүткөн, кээ бири жөн эле туура жазганды билбестир. Визуалдык эс тутум эң эффективдүү жол экенин билебиз. Кеттик, ойноп көрөлү, билбегендер кайсы сөздүн кандай туура жазылары тууралуу билип алабыз.
Оюндун шарты оор эмес. Форумда же көчөдө, месенжерлерде ката жазылган сөз көрүп калсаңыз ошол сөздөрдү, мисалы, кечее эмес кечээ, жазайм эмес жасайм деген сыяктуу катасын анан туура жазылышын жазабыз. Ар бирибиз бирден жазып кете беребиз.
Мен баштап берейин,
ыссык эмес ысык
Мен кыргыз тилин мыкты билем Кыргыз тилин үйрөнөбүз
#4 16 August 2017 - 12:19
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
#9 16 August 2017 - 15:31
Майка, супер кыжы корректор издеп жатат дейт
Хехе, менден кайдагы корректор
"потриот" эмес "патриот " (форумдан көп көрүп калам)
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
#11 16 August 2017 - 18:06
Гандайсын эмес кандайсын.(копчулук эле кны г деп айтышат адамды кыжырын келтирип)
#12 16 August 2017 - 19:02
пайпак эмес байпак, пут эмес бут, пешене эмес бешене, кечоо эмес кечээ, жазадым эмес жасадым, ыстык депда окуп калдым эле, ысык) эстесем дагы жазып кетем.
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
#15 17 August 2017 - 11:59
Анан дагы форумда кобу эле КОЮНЧУ БОЛУНЧУ БЕРИНЧИ ЖАЗЫНЧЫ АЙТЫНЧЫ ДЕНЧИ деп жаза беришет.
#18 17 August 2017 - 12:43
Окшойтта эмес, окшойт да.
Ошода эмес, ошо да.
Коп байкайм "да"ны кошуп жазышат..
Ошода эмес, ошо да.
Коп байкайм "да"ны кошуп жазышат..
В каждой шутке есть доля правды...
#19 17 August 2017 - 16:52
Сабр эмес, сабыр..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#20 17 August 2017 - 16:53

Супер-Инфо
super.kg
видео
















