Карда жаткан кичинекей баланы тепкен кишиге кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын маалымат кызматкери Адыл Оморов билдирди.
Анын айтымында, интернетте тараган тасма боюнча Октябрь райондук милициясы ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада 50 жаштагы А. Б. аттуу Улан-2 кичи районунун жашоочусу кармалган. Ал суракта өз баласын тепкенин моюнуна алган.
Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кармалган жарандын мас же соосу, баласын эмне үчүн тепкени азырынча белгисиз. Сот анын баш коргоо чарасын дүйшөмбү күнү карайт.
2-декабрда интернетте тайгак жолдон баса албай жерге жатып калган 1,5-2 жашар наристени белгисиз бир киши тепкен видео тарап, кызуу талкуу жараткан.
Баракча 1 - 1
Жыгылып, ордунан тура албай жаткан наристени тепкен киши. Кырнеттеги кызуу талкуу.
#2 04 Декабрь 2017 - 13:27
Leylektik-77777 (04 Декабрь 2017 - 10:18) жазган:
Кечээтен бери кирип-чыгып,
качан, ким ушул масалени которуп, тема ачат деп куттум.
Мына тема да ачылды! Бул окуяны ысссыгында биз да талкуулайлы, достор!
Мына тема да ачылды! Бул окуяны ысссыгында биз да талкуулайлы, достор!
Биз талкуулаган менен толк чыкпайт.
Эгер сот ушуга татыктуу жаза бере албаса, соттордон умут узууго туура келет. Азыркы учурдагы соттордун бизге бир тыйынча пайдасы тийбей турганын дагы бир жолу далилдеп берет.
#3 04 Декабрь 2017 - 14:03
Видеого тартылбаган мындан хуже урган ата энелер деле журот Анда баарын камаш керек болотко,коруп эле журобуз баласы тил албаса шапалак,чыбык м н урат когортуп кызартып,бул киши баласы калын кийиминен отпойт деп секин эле тепкенде муз м н тайып катуу учкандай болуп калганго. Мен мисалы ушул учун Эле Аны иштен алып камаганына каршымын мындай нерсе почти бардык Уй булодо болуп келген боло берет
#4 04 Декабрь 2017 - 16:35
Leylektik-77777 (04 Декабрь 2017 - 14:12) жазган:
Тилекке каршы, ооба. Комускодо, коз жаздымда силер айткандай окуялар ондоп, жуздоп саналат. Жазоосуз калганы да ондоп, жуздоп...
Ошентип өз балдарына мыкаачылыкча мамиле кылгандарга сабак болот эле, эгер мыйзам кабыл алышса, бирок билбейм дагы .....
Бизде күнөөлүнү актап, күнөөсүздү каралап коюшчуле.
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#5 04 Декабрь 2017 - 16:46
Missing-u (04 Декабрь 2017 - 14:03) жазган:
Видеого тартылбаган мындан хуже урган ата энелер деле журот Анда баарын камаш керек болотко,коруп эле журобуз баласы тил албаса шапалак,чыбык м н урат когортуп кызартып,бул киши баласы калын кийиминен отпойт деп секин эле тепкенде муз м н тайып катуу учкандай болуп калганго. Мен мисалы ушул учун Эле Аны иштен алып камаганына каршымын мындай нерсе почти бардык Уй булодо болуп келген боло берет
#6 04 Декабрь 2017 - 17:33
Suiomseni (04 Декабрь 2017 - 16:46) жазган:
Жанылай секин эле тепкен эмеско катуу тепкени корунуп эле турат.Мындайларды мыйзам чегинде жазалаш керек
Камагандан кийин кайра онолот деп ойлойсунарбы же башкалар балдарын урбай коет деп ойлойсунарбы? Медициналык текшеруу боюнча эч кандай залака тийбесе аны камаганда не?иштен айдаганда не?аялы бизди баккан ушул дейт баласы менен ачка калса Андан хуже болбойбу?
#8 05 Декабрь 2017 - 12:09
Ата - эне укугунан ажыратылып,
омур бою камакка кетсин!
Жүрөгүмсүң
#9 05 Декабрь 2017 - 13:25
Arlenchik
, Missing-u, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
#10 05 Декабрь 2017 - 15:42
Кичинекей бала жыгылса ийилип колун менен которосунго,
озунуку эмес башканын баласы болсо да. А бул киши керсейип ийилип да койбоптур, буту менен туртуп, тээп. Кооп кеткен бироо да!
Аллах-кудуреттуу зат!
#11 05 Декабрь 2017 - 19:27
Баракча 1 - 1