-Ало Ырыскелди аяштар менен бүгүн шеринебиз бар эсиңдеби?
-Аа ооба эсимде, бирок жаным сен бара берчи, менин ишим көп болуп жатат. Билесиң жакында мнистирликтен текшерүү келет.
-Ыргал менен Жылдызды кимге таштайм?
-Кыздарымды карындашымдыкына таштай тур,карап турса иштен чыгып үйгө ала кетем.
-Макул анда.
-Айтканча Гүлбара эртерээк кел.
-Макул.
Ырыскелди менен Гүлбаранын турмуш курганына сегиз жылдын жүзү болду. Ал арада мотурайган эки кыздуу болушту улуусу Ыргал төрт жашта, кичүүсү Жылдыз бир жарым жашта.
Экөө сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Бул түгөйлөрдө кызганыч жат көрүнүш, себеби экөө бири-бирине абдан ишенишет. Эркек башкарат деген принцип буларда байкалбайт,
экөөнүн тең пикири баалуу. Ырыскелди областык билим берүү бөлүмүндө эсепчи, ал эми Гүлбара китепканачы.
Ырыскелди көп учурда жумушта болгондуктан мындай той-топурга Гүлбара барат достордун катарынан чыкпайлы деп.
-Ой эмне кечигип, Ырыскелди кана? Деп бир ооздон чурулдаган аяштарынын алдына кирип барган Гүлбара
-Досуңар иштен колу бошобой, келе албай калды.
-Дайым эле ушундай, Ырыскелдини көптөн бери ырдатпай калдык.
-Ооба десең деп бирин бири коштой кетишти.
Булардын шеринеси тим эле укмуш болот, бири бирине сөз ыргытышып шыңкылдап күлгөн келиндер, мындайда эркектерге кудай берип салбаспы алардан өтүп тамашалашат.
Отуруш дагы аяктап уктап калган эрлерин келинчектери ойгото албай убара. Мындайда Гүлбара тыкылдап эшике чыгып үйүнө кетүүгө машине караштырып баштайт. Эки көчө өйдө жашаган аяшы Сыймыкка түшүп аяштар менен жылуу коштошуп үйүнө жөнөйт.
"Тирешкен эже сиңди" Аким Микенов
#2 02 September 2017 - 02:36
Карындашы Ширин дагы карьера деп жүрүп турмушка чыкпай, агасынын эки кызын эрмек кылып кез-кез үйүнө алып барып, шириндиктерди бышырып берип, сейил бакка алып барып ойнотконду жактырчуу.
Кантсе дагы каны бир эмеспи эки сиңдисин карап туруп өзүнүн бала чагы эске келет.
Ырыскелди жумушунан чыккан соң кыздарын алганы барып жаңы гана уктаган кызларын ойготкусу келбей карындашы менен кыйлага чейин божурашып олтурду.
-Кой биз кетели анда.
-Байке жеңем келгичекти тура турсаңыз болмок.
-Жеңең келсе деле өзүбүздүн үйгө барат.
-Макул анда кыздарды ойготпой эле,көтөрүп барып машинага салыңыз. Мемиреп уктап жаткан кыздарын аяр кучактап машинесине салып үйүн көздөй сапар алды.
Кыздарын бөлмөлөрүнө жаткырып, акырын гана жүздөрүнөн сүйүп
-Оо АЛЛАХЫМ кыздарымын өмүрлөрүн узун кылып, бекем ден-соолук бер деп ичинен Кудайга жалынып жатты.
Гүлбаранын келе элегин көрүп эмнегедир санааркап жатты. Улам улам саатты карап ал жок үйдө бир боштук бар экенин сезди "Аял үйдүн куту"деген ушу тура деп эшике кирип чыгып аны куттү саат 1:00 өтүп дагы деле жок.
Жүрөгү уйгу туйгу болуп аны күттү. Бирок ал жок. Көзү илинип кеткен экен үйүнө кирип келе жаткан бир топ кишинин үнүнөн улам ойгонду. Аяштары Гүлбараны таштаганы келген тура деп эшике шашып чыгып көзүнө жаш алып турган карындашын, аягандай түр менен караган кошуналарын көрүп жүрөгү бир жамандыкты сезгендей селейип туруп калды!

#3 02 September 2017 - 13:05
Карындашы чуркап келип кантип айтаарынын айласын таппай көзүнөн мөлт-мөлт аккан жашын тыя албай
-Ага сабыр кылыңыз! Жеңемден айрылып калдык!
-Эмне? Кандайча? Болушу мүмкүн эмес мен Гүлбара менен түштө эле сүйлөшпөдүм беле деп байкуш боздоп жиберди.
Аңгыча эле эл чогулуп боз үй тигилип жылкы союлуп тажыянын камылгасын көрүп башташты. Байкуш Ырыскелдинин асманы кулап, өңүмбү? түшүмбү? Деп эч нерсени түшүнө албай Кудайдан түш болуп калса экен деп жалынып жатты. Ойгонууга аракет кылды. Бирок болбоду. Анткени бул окуялар өңүндө болуп жаткан эле. Гүлбаранын өлүмүнүн кандайча болуп кеткенине башы маң! Түркүн ойлор, түркүн суроолор! Бирок жооб табууга чама чаркы жетпейт. Гүлбаранын туугандары келип айрыкча апасынын заманасы куруп жүрөгү сыздайт! Зыңкыйган инилери келип боз үйдүн алдында эжесин жоктоп өкүрүп турушту!
-Айланайын эл журт кызыма эмне болду түшүндүрүп бергилечи? Деп жалынып олтурган Гүлбаранын апасын көргөн эл баарын көздөрүн андан ала качышат. Акырын көз жашын аарчып Сыймыктын аялы Аида мынтип сөз баштады.
-Сыймык экөөбүз шеринеден чыккан соң машине менен кетели деп жатсак, Гүлбара бүгүн Ырыскелди жок машинеңер менен мени үйгө таштай кеткилечи деп калды. Жаман оюбуз жок салып алдык. Сыймык дагы бир аз мас эле көзү илинип кетип, каршы тилкеде келе жаткан машиненин алдынан чыга калды. Жанымда олтурган Гүлбара жактан сүзүптүр эле айнеги сынып гүрө тамырын кесип кетиптир байкуш ошол жерден тез жардам келгиче эле жан берди деп сөзүнүн аягына чыгара албай ыйлап жиберди.

#4 03 September 2017 - 15:35
-Ай курганым ай шоруң каткан турбайбы!
! Деп Гүлбаранын апасы эс учун жоготту. Курган эне бул ааламга батпай,кызын өлүмдөн куткара албадым деп өзүн күнөөлөп эсине келгендеги биринчи эле сөзү
-Ажал кызымдан көрө мени албайбы мени деп көкүрөгүн ургулап жатты. Гулбаранын бир туугандары өзүн бул дүйнөдөгү эң бактысыз адам сезип жатышты.
Гүлбара үйдүн эң улуусу мындан кийин төрт иниси бар эле. Инилерин карап, өзү кичине болсо да жаштайынан акылдуу болуп чоңойгон. Бою узун кашы көзү капкара болуп ак жүзүнө ого бетер сулуу кылып көрсөтчү. Чоң кызы Ыргал апасына окшош токтоо,акылдуу сулуу эле. Ал эми Жылдыз эжеси Ширинге окшоп турар эле.
Элдин баары жаназага чогула баштаганда Гүлбаранын бетин ачып коштошуп жатышты жакындары. Алгач инилери келип биринен өтүп бири боздошот байкуштар
-Эже биз сенден ыраазыбыз! !! деп кезектешип ырахматын айтып жатышты. Кезек апасына келип.
-Эх каралдым бизди, эки кызыңды кимге таштадың экен, мынча жаш кеттиң деп буркурап боздоп жиберди. Жанатан түркүн ойлорго жетеленип бул жашоодо өзүн жоготуп койгондой абалда турган Ырыскелди келип жубайынын жүзүн ачып, тээ жаш кезинде эркелеткендей саамайынан назик сылап
-Билесиңби сен менин жашоом элең, сен жоксуң бирок мен жашоого аргасызмын Ыргал менен Жылдыз мени бул жашоодо кармап турат! Мен албетте бир күн сөзсүз сенин жаныңа барам сен экөөбүз түбөлүк бирге болобуз деп көзүнөн жашын тыя албай ыйлап жиберди. Ырыскелдинин көзүнөн тамган ыссык жаштар Гүлбаранын бетине аянычтуу тамчылап жатты. Баары коштошуп бүткөн соң сөөктү короосуна алып чыгып эң аянычтуу жаназа окулуп баштады. Сөөктүн алдында молдо, эң башкы сапта Гүлбаранын катар турган инилери андан соң бул ааламда жалгызсырап турган Ырыскелди.

#5 03 September 2017 - 16:11
Жаназа окулуп бүтүп Гүлбара жалгыз кыз болгондуктан жалгыздыгын билгизбейли деп атасы менен бир тууган акесинин кыздары кошок кошуп олтурган. Сөөктү алып машинага салаарда апасынын эки жагынан эки аял жөөлөп алган, курган эне боз үйдүн алдына чыгып
-Кызыыым!! ! Бизди кимге таштап кеттиң ?! Кызымды кайда алып барасыңар деп боздоп жатты. Акесинин эки кызы да жаштайынан бирге ойноп, куурчак талашкан күндөрүн эстеп үнүн болушунча ыйлап жатышты.
Сөөктү машинага салаары менен биринин артынан бир чууруп сөөктүн артынан машиналар айылдын четиндеги күмбөзгө жөнөштү.
Ырыскелди Гүлбаранын инилери баары тең көздөрүнөн жашын тыя албай буркурап ыйлап баратышты. Топурак салып бул дүйнөдөгү эң жакын, эң мээримдүү, эжесин жерге берип инилери өздөрүн коёрго жер таппай турушту. Ал эми Ырыскелди бул дүйнөдөн аны ээрчип кеткиси келет эки кызын ойлоп аргасыз заманасы куруп турду.
Баардык адамдардын ичинен Сыймык кана Ырыскелдиден көзүн ала качып өзүн өзү күнөөлөп опол тоодой күнөөсү бар экенин мойнуна алгандай башын шылкыйтат. Сыймыкты камап койгондо тосмо арыз жазып Гүлбаранын жакындары кайра чыгарышкан. Себеби АЛЛАХЫМ алам деген пендесин алат, Гүлбараные өмүрү кыска экен тагдыр экен айла жок анын үстүнө Сыймыктын чийедей алты баласын төшөктө жаткан атасын аяшты көрүнөт.
Кеч да кирди баары тең сумсайып баштарын шылкыйтып боз үйдө олтурушат. Акырын сөз баштады Гүлбаранын иниси
-Жезде эки кызды бизге бериң, сиз жашсыз дагы көп балалу болосуз үйлөнсөңүз булар эжемден калган белек.
-Сен эмнедеп жатасың кайним булар бар мен бул жашоодо кармалып турам буларды сурагандан көрө менин жанымды сурасаң ошол мага жеңилирээк.
-Кыздарды бир өзүңүз карашыңыз кыйын болоткоо?
-Карайм...карайм. ..
деп Ырыскелди муңайган көздөрү менен кайнисин карады. Жанатан мунун баарын карап турган Ширин
-Ага кыздарды бир өзүңүз карашыңыз кыйын болот мага бериңиз. Таякелерине берели десек эртек эле жетим деген сөз угушат бөтөн эл бөтөн жерде деп курч көздөрү менен Гүлбаранын туугандарын караганда бири дагы талашканга даай албай олтуруп калышты.
Анын үстүнө кыздарды мурда карап жүргөн Ширин ошого дагы бергиси келбей чечкиндүү сүйлөдү окшойт.
Ширин өзү адвакат бир аз бою жапыс толмочураак бирок дайыма жарашыктуу кийинип жүргөндүктөн бийик такасы ого бетер ишенимдүү айым көрсөтөт. Жашырганда эмне агасына караганда бир топ бай турат жан сакчысыз эч жака чыкпайт. Кыздарды ойнотуп жүргөндө Жылдызды тааныштары сенин эле көчүрмөң деп көп айтышар эле.

#8 06 September 2017 - 15:10
Кыздарынын кайын-журтуна кетпей, карындашында калганын көрүп Ырыскелдинин бир аз да болсо ичиндеги тынчыздануусу жоголду. Эл аягы суюлуп, Гүлбаранын каза болгонуна үч күн болду. Байкуш кыздары чыргоолоп ыйлаганын койбойт апасын сагынып. Үйүнүн алдына бата кылганы келген машина келип токтосо Ыргал чуркап чыгат апам келдиби дегенсип көп аялдардын ичинен апасын издеп таба албай чүнчүп баратты.
Сөөктү жууганы кирген Кадича жеңе Ырыскелдинин үйүнө пайшамбалиги күнү келип Гүлбарага багыштап куран түшүрүп андан соң жүрсөң бала деп Ырыскелдини чекеге чыгарып бир нерсени айта албай түпөйүл....
-Эй бала билесиңби сенден сурабайын бул нерсени дедим эле, бирок айтпасам болчудай эмес.
-Жеңе эмнени айткыңыз келсе айта бериңиз, мен баарын түшүнөм.
-Анда сенден сурайын дегем Гүлбара кош бойлуу беле?
Бул суроону укканда Ырыскелдинин денеси муздай түшүп эмне дээрин билбей куудум эле жүрөгүн бирөө бычак менен сайып алгандай болду, себеби акыркы күндөрү Гүлбаранын тамака табити жок болуп тез-тез ичи ооручу болгон. УЗИге барып түшөм деген күнү аяштары шаштырып туруп алышкан. Өзүнун ичинин ооруп тамака табити жоголгонун ашказанда көйгөй баргоо деп ойлоп койгон
-Балаа угуп жатасыңбы мени?
-Аа ооба жеңе угуп жатам
-Сөөкту жууганы киргенде мен баш жагына кирдим эле эмнегедир эле ичи бир аз чыгып калгансыйт. Көөп кеттиби дейин десем көпкүдөй деле боло элек эле.
-Билбейм жеңе деп кана тим болду Ырыскелди. Себеби ооба жеңе дээри менен бул сөз айылды каптап калмак Кадича жеңесинин кыялын билет эмеспи.
Түндөсү жубайынан ажырап калганына эми гана ишенгендей акыркы жолу телефонуна түшкөн Гүлбаранын сүрөтүн Ырыскелди көпкө үн сөз жок карап олтурду. Акыркы күндөрү бетине эмнегедир так түшүп кеткенин байкап
-Чын эле кош бойлуубу деген суроонун жообун таба албай түпөйүл. Бул тынчтыкты карындашы Ширин эшиктен кирип келип бузду.
-Аке Ыргалдын ыссыгы түшпөй жатат, Жылдыздын дагы тамака табити жок.
-Эмне дейсиң? Деп эле кыздарына аткан октой кирип барды
Ыргал терлеп-булап уктап жатыптыр Жылдыз дагы өңүнөн азып эки кызы тең жүдөп чыгыптыр. Тезинен тез жардам чакыртып тийиштүү даарыларын берген соң
-Ширин сен барып уктай бер кыздарды мен карайм
-Аке мен тынч уктай албаймгоо жанында эле болоюнчу
-Ширин!! ! Деп үнүн өктөм чыгарганда агасынын кыздары менен жалгыз калтыруу керек экенин түшүнүп акырын бөлмөдөн чыгып кетти.

#9 09 September 2017 - 16:44
Атасы кыздарын таң атканча карап үч күн ысытмасы түшпөй Гүлбаранын күмбөзүнөн топурак алып келип сууга бир аздан кошуп түндөсү жылдыздардын алдына коюп эртеси кыздарына ичирип жатып бир аз да болсо кусалыктан арылтып молдого окутуп жатып араңдан зорго айыктырды. Мына мынтип Гүлбаранын кыркылыгына да даярдык башталып Ырыскелдинин бир туугандары чогула башташты.
#10 09 September 2017 - 16:47
Ырыскелди өзү алты бир түуган эң улуу эки эжеси Сирен менен Махабат өз балдары менен очор-бачар болуп жөн гана үй кожейкелери.
Эң кичинеси, байы курч көздөрдүн ээси Ширин. Күндөн күнгө Ырыскелди өзүн таштап баратты. Бир тууганынын түгөйүнөн ажырап кыйналганын көрүп Ырыскелдинин эки агасы Канболот менен Санжар Ширинге акырын кеңеш салышты
-Ширин менин акылдуу карындашым Ырыскелдиге аял караштырсаң кантет?
-Санжар аке бул эмне дегениңиз жеңемдин сөөгү муздай элек жатып акеме катын караштырсам болмок беле!
-Билем Ырыскелдиге азыр оор. Бирок өлгөндүн артынан өлмөк жок да. Инимди бул акыбалда жүрүшү жакшы эмес
-Анан эмне кыл дейсиз! жеңем өлдү башка катын ал демек белем.
-Ырыскелди сени угат ошол үчүн айтып жатам
-Жок болбойт. Караштырсам дагы жеңемдин ашынан кийин караштырам! Деп кесе сүйлөдү. Жанатан бери экөөнүн талашына көз салып турган Канболот Ширинге
-Эй кыз Ырыскелдинин кыздарын өжөрлүгүңө салып алып койдуң! Ал үй-бүлөсү жок өзүн жаман ишке кыят деп ойлободуңбу?
-Аке..
-Сөз бүттү! Сен караштырбасаң деле алып беребиз!

#11 09 September 2017 - 16:49
Ушуну менен сөз токтоп үчө үч жерде бир тууганынын тагдырын ойлоп селейип катып калышты.
Түн бир убак Ширин көз ирмебей ойлуу жатат.
-Эмне кылсам экен агам макул боло койбосу анык! Кыздарды берсем карай албайт. Аял алып берип койсок көңүлү келбей бирөөнүн кызын бактысыз кылып коюшу анык. Аял алып берип кыздарыңды өзүң бак деп карматып койсом өгөйлүгүн кылсачы деп түркүн ойго жетеленип уйкуга кетти түшүнө маркум апасы кирип
-Кызым бул кызды Ырыскелдимин үйүнө киргизип койчү деп чачы узуун кызды көргөздү.
-Апа бул ким дегиче болбой түшүнөн чоочуп ойгонду. Бир туугандары Ырыскелди өзүн бир нерсе кылып коёбу деп жандарынан чыгышпайт. Кыркылыгын өткөрүүгө камынып баары келишкен. Эрте менен чайга баары тең маанайлары сууз олтурушту. Бир туугандары Ырыскелдини көрүп жандары кейип тааныбай турушту. Сакалдары өсүп кийимдери мурдагыдай үтүктөлгөн эмес атыр дагы себинбептир. Баардыгы эле сен айт сен айт деп бири-бирин түрткүлөп акыры Канболот сөз баштады.
-Үкөм эми өлгөндүн артынан өлмөк жок! Гүлбара бизге жакшы келин болуп берди бейиши болгур. Биз андан ыраазыбыз. Канчалык кайгырсак да кайрып келе албайт турбайбызбы өлгөндү. Мына эми кыркылыгы да болуп калды бир башыңды экөө кылсакпы дегенбиз деп Ырыскелди эмне дээр экен деп санааркап жооп күтүм инисин карап туруп калды.
-Аке азыр ушул сөздү сүйлөй турган убакбы?
-Сен дагы бизди түшүн сенин бул акыбалыңда таштап кете албайбыз ойлонуп көр. Атам менен апамдын арбагы сенден камсанабасын десең деп сөзүн жыйынтыктады. Аңгыча эле Ырыскелдинин тээ бала чагында апасынын
-Айланып кетейиним ушу сен бактылуу болуп турсаң мен тиги жакта дагы тынч жатат элем деп кобуранган сөзү эсине түштү. Бир чети кайын журтунан дагы айбыгып эгер үйлөнсө Гүлбаранын арбагы таарына турчуудай сезилип ойлонуп көрсөмбү деп турду. Кыздарын Ширинге берип жибергени чечкинсиздигинен эмес карындашын аягандыгы эле. себеби Шириндин дагы жашы өтап карыйт ошондо кыздарым жөлөк болуп турат анын үстүнө байкуш карындашым өмүр боң жалгыз жашап калбаса экен деген үмүтү эле.

#12 09 September 2017 - 16:51
Ырыскелдини алты айдан соң үйлөмөк болушат. Мындай ишти заматта майын чыгара бүтүргөн Ширин жеңесинин үйүнө барды (төркүнүнө) . Гүлбаранын апасы менен жылуү учурашып конок үйдөн орун алды сөздү эмнеден баштаарын билбей жанатан коёорго ашын таппай дастарконун жайнатып күйпөлөктөп жүргөн Гүлбаранын апасын карап ушунчалык аяп кетти. Байкуш аял кызын жоготкон соң өңүнөн азып чачтарын бубак басып ал үчүн жашоонун маңызы кетип калган сыяктуу. Чай үстүндө ыңгайсыздана акырын сөз баштады.
#13 11 September 2017 - 22:54
-Эже кандайсыз анан ден-соолуктарыңыз жакшыбы?
-Ээй кандай болоюн кызым Гүлбарасыз. Ал жок бул дүйнөм арманда өтөт эми.
-Эже баарыбыз кайгырып турабыз ажалга айла жок тура.
-Ошол ажал мени алып кетсе кана мени!!! деп буркурап ыйлап жиберди. Анын бул абалын көрүп Ширин айта албады. Эженин көңүлүн көтөрөйүн дедиби айтор Ыргал менен Жылдыз жөнүндө көпкө кобурашып олтуруштү.
-Эже көпкө отуруп калдым кетейин эми-э деп ордунан козголгондо
-Ширин кызым Ырыскелдини үйлөп койсоңор боло деп Гүлбаранын апасы муңайымкы үн катты. Себеби күйө баласын өз баласындай көпүп калган эле, сыягы жаман жолго түшүп кетпесин күйүттөн деди окшойт.
-Акелерим дагы ошентип жатышат эже бирок жеңем дагы бир тууганымдай болуп калган сөөгү муздай электе ордун басар адам издеш мага оор чынында
-Кой кызым андай дебе жакшылык иштин бүткөнү жакшы
-Эже ырахмат сизге караштырым көрөм деп ордунан туруп сумкасын алып жөнөгөндө Гүлбаранын апасы
-Кызым сен менен маанилүү нерсени сүйлөшсөмбү дегем
-Угуп жатам эже деп супсак жылмайды
-Эгер макул десең чоң кайнагамдын кичине кызы бар турмушка чыгып бир ай болбой жатып ажырашып кетти. Турмуш экен эми. Күйө балабыздын никесиз аялын билип калып канча кечирим сурап келди кечирбей койду
-Анан
-Эгер макул десең Ырыскелдиге тааныштыралы

#14 11 September 2017 - 23:00
-Эже мен агама айтып көрөйүн ошентсек жакшы болмок.
Чынында Гүлбаранын апасы кызынын төшөктөрүн чоочун аялга тебелеткиси келбеди. Кызынын идиш аяктарын башкага өткөрүп берүүгө жүрөгү чыдабады. Кайнагасынын кызын дагы эчаак эле көндүрүп койгон алдына чөгөлөп көз жашын көлдөтүп жатып.
Бул учурда бир адамдын жан дүйнөсү эңшерилип, кумсарыңкы жүзүнөн башка эч нерсеси деле көзгө урунбаган жүзүндөгү жан шеригинен түбөлүк айрылуунун, аппак сүйүүнүн,сагынычтын, армандын изи бардай. Ал адам Ырыскелди. Байкуштун ою менен эчким эсептешпейт өзү менен өзү Гүлбаранын сүрөтүн тигилип олтургандан башка кылаарга иши жок.
-эх берекем сен болгондо кыздарыбызды ойнотуп жүрбөйт белек, билесиңби сен мага кандай бакыт тартуулаар элең деп көзүнөн жашы куюлду. Агалары эжелери кабатыр Ырыскелдиден үйлөнтүүгө шашылышат. Эч кимдин сөзүн укпай так секирип туруп алды. Акыры кайын-энеси жалынып жалбарып зорго көндүрдү. Үйлөндү акыры. Сиңдиси Гүлбарага окшоп кетет таза,ыймандуу, сулуу бирок Ырыскелди андан Гүлбарадагы жылуулукту таба албады. Канткен менен экөөнүн ортосунда чоң урмат-сый бар эле бири-бирие аяп аяр мамиле жасашчу.
Экөөнүн үйлөнгөнүнө дээрлик бир ай болду. Ырыскелдинин түшүнө Гүдбара кириптир жапжашыл талаада апапак көйнөк кийип гүл терип жүрүптүр кош бойлуу экен

#15 12 September 2017 - 22:29
Гүлбара адатынча сүйкүмдүү жылмайып Ырыскелдини карап турат. Ырыскелди ага ушунчалык баргысы келди бирок белгисиз күч аны ордунан козголтподу.
Кадам шилтеп аялына бара албай эле умтулат, бакырат бирок майнап жок. Жанында жаткан Айыма шашып ойготту.
-Ырыскелди! Ырыскелди!
-ух!!! Эмне болду!?
-Билбейм кыйналып жатат окшойсуң.
-Аа болду. Жатып эс ал чарчадың деди да өзү ошол боюнча уктабады. Гүлбаранын элесин жүрөгүнө тартып, таанышкан күндөн баштап, акыркы күндөрүнө чейин эстеп жаздыгына ыссык жаштар тамып жатты. Ырыскелди Айыманын көзүнчө Гүлбараны кеп кылбайт. аны эстебейт себеби Айыма дагы бактылуу болгусу келет. Өткөн аялын эстеп муңайыңкы эмес, эркелетип сүйүп турган камкор жолдош керек. Бул нерсени Ырыскелди сезээр эле. Жана жубайынын көзүнчө кабагын салбай жаркылдап күлүп турчу. Көп өтпөй Айыма кош бойлуу экенин билди. Ырыскелдинин жашоого үмүтү пайда болду. Жашагысы келди. Жашоо менен күрөштү. Турмушка үмүт байлады. Бул жаңылык баарын кубандырды өзгөчө Ырыскелдинин бир туугандарын.

#16 12 September 2017 - 22:49
Гүлбаранын жылдыгынан соң кыздуу болушту. Атын Гүлбаранын апасы Сафия деп койду. Сафия арты-артынан удаа эле үч уул эрчитип келди. Бул учурда Ширин борборго которулуп кетип Ыргал менен Жылдызды жанынан артык көрөт эмеспи агасы менен жеңесине бербей алып келип алды. Ошол боюнча туулуп өскөн Ош шаарына кээ кээде келип турат бирок кыздарды такыр Ошко алып келбеди.
Арадан жыйырма беш жыл өттү.канчалаган көз жаштар акты, канчалаган таштар кулады бул убакытта.
Гүлбаранын эки кызы небаак эле бой жетип Гүлбара модел болуп жүрүп турмушка чыкты. Апасынын эле көчүрмөсү. Эч кимге катык сүйлөбөйт өзү дагы көңүлү дагы назик.
А Жылдыз болсо баарын бетке айткан эркек мүнөз кыз. Шириндин эле көчүрмөсү. Өктөм сүйлөп анча мынча адамды өйдө каратпайт. Кесиби боюнча прокрор. Каттык мүнөз. Канчалаган рекеттер кол салды, коркутту. Бирок чымын чакканчалык да таасир этпеди Жылдызга.
Бул учурда бир топ бизнести колго алып жаш болсо да атасынан калган байлыкты он эселеп көбөйтүп акчанын көзүн тапкан Сафия. Чынында сулуу кыз эле бирок Ыргалчалык эмес. Кесиби экономист райондун администратциясында башкы бухалтер.

#17 14 September 2017 - 13:08
-эй кыз тургунуң!
Дем алышта уктай бербей көңүл ачып келсең боло! Ушинтсең качан турмушка чыкмак элең.
-Ой мама эмне болуп кетти даагы эрби?
-Жашың дагы жыйырма сегизге таяп баратат
-Эр качып кетмек беле тием да.
-Эр качпайт туура бирок сенин жашың өтүп баратат.
-Даа бир аз иштеп турайын буюрса кийинки жылы бул жөнүндө ойлонуп көрөм
-Баса агам чалыптыр сенин атаң
-Ии эмне дейт.
-Сени келип кетсин дейт
-Анын балдары бар мени эмнеге чакырмак эле
-Ушинткениңди койчу байболгур
-Өзү келип көрүп кетчүү элегоо. Катынынан айбыгып үйүнө чакырчуу эмес эле
-Агеей ботом ал катыны сенин эжең
-Мам менде эки эже бар бирө сиз бирө Ыргал эжем
-Эгерде мени сыйласаң барып кел
-Макул.
Макулдугун кандай айтканын билбей калды себеби өзү дагы кызыгып жүргөн барууга. "Бир кызы үч уулу бар кызы Сафия аябай тың чыкты" деп мактаганын эжеси Ширинден угуп калганы бар эле. Кызык сиңдим кандай кыз болду экен бул мезгилге чейин сүрөтүн дагы көрүүгө кызыкпапмын.
Эрте менен тамактанып ишинен бир жумага эмгек өргүүсүнө чыкты да Ошко жол тартты.
-Жылдыз жолдон базарлык алып ал
-Макул үйүнө жетейин дегенде токтоп майда-чүйдө кылып алам.
-Үйүнө эмес үйүмө
-Ал үй эсте жок! Баса айдоочума чалып коёюн мени алып барып келсин
-Айдоочуң эс албайбы бүгүн жекшембигоо
-Кошумча акча төлөп берем
-Өзүң бил
Жолдо катар ичиндеги сезимдерге түшүнө албай толкунданып бара жатты. Мындайда жол арбыбайт. Сумкасынан тээ наристе кезинде түшкөн сүрөттү алып улам-улам карап коёт. Ал сүрөттү Гүлбаранын өлүмүнөн мурда түшүшкөн эле.
Гүлбара Жылдызды көтөрүп, Ыргалды Ырыскелди көтөрүп жүздөрүндө бактылуулук бар эле.
-Эх апаке!!! Деп терең үшкүрүнүп алды.

#18 14 September 2017 - 19:09
*****
-Айыма балдарыңа чалчы үйгө келсин.
-Эмнеге тынчылыкбы?
-Тынчылык ..... тынчылык .... тынчылык болбогондочу! Деп көңүлү шайдоот сакалын алып жатты
-Жылдыз дагы келбейм деп койдубу?
-Ошого балдарыңа чалып чакыр деп жатпаймынбы карындашым Ширин чалды эрте менен жолго чыгыптыр. Жолдо бир аз иштери бар экен эртең кеч келет экен
-Иий жакшы болбодубу балдар менен таанышып алышат бир тууган эмесби.
-Ооба десең Ширин кичинесинде оюнчуктарын эчкимге бербей чыр салат эле. Алам дегенин алат эле Жылдыз Ширндин көчүрмөсү.
-Анда эмне Сафиянын өжөрлүгү ошол кыздангоо эээ.
-Мүмкүн.
Ал күн ошентип өтүп кетти. Эрте менен эрте туруп Айыма конок камылгасын көрө баштады. Балдарына чадып эжеси келерин эскертип үйгө келүүсүн айтты. Үчөө тең Ош шаарында студент.
Сафия окуусун бүтүп райондук администрацияда бухалтер бизнести дагы колго алып айтор колунан бардык нерсе келет. Иниси окуусун бүтсө бизнесин өткөрүп берип өзү жигитине турмушка чыксамбы деп жүрөт.
-Сафия бүгүн жумушуңан эртерээк кел дедим эле чыктыңбы?
-Аа ооба атамын кызы келет экен деп жаттыңар беле.
-Атаңын кызы эмес сенин бир тууган эжең анан калса бөлөң менин эжемдин кызы болот
-Анан
-Ананыңы жыйыштырып келип кал атаң азыр эле сүйлөштү. Эки саатта келип калат экен.
-Макул апакеси
-Жолдон торт ала келчи атаң унутуптур жакшылап мейман кылалы кеткенден бери биринчи келип жатат.
-хоп болуптур. Деп телефонду коюп эмнегедир маанайы жок ал келип атасын тартып алчуудай кызганып турду.
Ишинен чыгып торт алганы шаардагы чоң дүкөндөрлүн бирине кирди. Кыялында эжесин такыр элестете албады.
Дүкөндөн торт алып чыкты да эми машинасына отурар замат карс!!! Деген үндөн чочуп кетти.
Мына сага тагдырдын тамашасы Жылдыздын айдоочусу Сафиянын машинасын сүзүп алды капысынан. Жини мурдунун учунда турган Сафия машинадан түшүп артын карасы кымбат унаа арка жагынан келип сүзүптүр. Машинадан түшөөрү менен Жылдыздын айдоочусу дагы түшүп чынында коркуп турду
-Эй жигит бул эмне кылганың деп атып жиберчүүдөй карап турду.
-Төлөп берем чоң кыз байкабай калдым
-Эмне!? Төлөп берем деп коёт дагы кечирип кой дегендин ордуна акчаңы урдум уктуңбу?! Каматам сени шашпа.
-Кечирип кой чоң кыз
-Түштөн кийин кечирим сурап коёт дагы. Акмак деп эле Сафия ызы-чуу салып кетти. Жанатан машинанын арт жагында олтурган Жылдыз басылаар бекен деп көз салып турса басылаар түрү жок. Айдоочусун баласын урушкандай урушуп жатат. Чыдамы кетип машинадан түштү дагы.

#19 14 September 2017 - 23:23
-Эй кыз тарбия көргөнсүңбү теги!? Төлөп беребиз дедикгоо.
-Иий муну кара тим эле төлөп беребиз деп окшошкондо!
-Чоң кыз жетишет ар бир нерсенин чеги болот.!
-Сен мени тыйбай эле кой мынтип
-Акмак турбайсыңбы!
-Сен кимсиң мени акмак дегидей!? Акмакты көргөзөм мен азыр сага деп колундагы телефон менен милицияга чалып алды.
-Колуңдан келгенин кылчы деп артына бурулду да Сафиянын ызылдаганын чымын чакканчалык да көрбөгөндөй түр көрсөттү.

#20 14 September 2017 - 23:25
Сафия ызаасына чыдабады. Себеби жанатан ден-соолугун эчкимиси сурабады төлөп беребиз деп акча менен алдап койгусу бар мени деп жинденди бирок сыр бербестен өзүн токтоо кармап
-Эй катын карап тур төрөлгөнүңө өкүнөсүң! Муну уккан Жылдыз артын карап туруп
-Хм катын дечи колуңдан келеби?
Сафия жылмайып туруп
-Сөз берем деди. Муну уккан Жылдыз акырын жанына басып келип көздөрүнө тике карап туруп
-Эй кыз бутуң жетпеген жерге колуңду сунба!

Супер-Инфо
super.kg
видео