Окуу жылын аяктап, келечекте жакшы бир кесиптин ээси болууну каалаган Аскат ата-энеси, бир туугандары менен коштошуп шаарга сапар алды. Кыялында " шаарга барып, өз күчүм менен окуп, кичине өзүмө жардам болуш үчүн бир жумушка иштешим керек"- деген ой менен шаарды көздөй бара жатты. Көп өтпөй убакыт зымырап учуп, кыялындагы шаарга келип түшөт. Айыл жергесинде жашап, шаарга бир да жолу келбегендиктен эч бир жерин билбейт. Вокзалдан көп алыс баспай, чөнтөк телефонун алды да, апасынын бир тууган иниси Марат тайкесине чалат.
-Алоо.
-Алоо.
-Марат тайке сизби?
-Оа мен.
-Кандайсыз Марат тайке?
-Жакшы, а ким экен бул?
-Мен Айжан эжеңиздин баласы Аскат
-Аа кандайсың жээним, жакшыбы? Ооба мага апаң чалган, "Аскат шаарга чыкты, биринчи жолу барып жатат, адашып кетпесин тосуп алгыла"деп дайындаган эле, анан кандай жакшы эле жетип алдыңбы?
-Жакшы, жакшы эле жетип алдым.
-Кайсы жерде, вокзалдасыңбы?
- Ооба вокзалдамын,
адашып кетпейин деп бир ордумдан жылбай турам-деп жооп берди күлүп.
-Анда ошол жерден жылбай тур, мен өзүм барып алып кетем-деди да телефонун өчүрүп койду.
Аскат тайкеси менен сүйлөшкөндөн кийин бир кыйла жеңилдеп алып, кыялдарымды орундата баштайын деп, ичинен сүйүнүп алды.
Вокзалдын ичиндеги ары-бери баскан элдерди таң калып карап олтурган кезде, чомаданын сүйрөп, боёнуп жасанган, колуна кымбат телефон кармаган бир кыз Аскат олтурган олтургучка келип олтуруп калды. Чомаданын ары коюп, бутуна кийип алган бийик туфлисин бошотуп олтурганынан чарчаганы билинип турду."Көрүнүшү караганда бир бизнесмендин кызы көрүнөт, көп тигилип карабай эле коёюн, дагы бирдемелерди айтып ийбесин" -деп Аскат ичинен кобуранды.
-Ии байке жакшы болбодубу, телефонуңуз болсо берип туруңузчу, бирөөгө чалып алайын. Күтүүсүздөн суроо бергенин чочуп, Аскат катып калды.
-Байке сизге сүйлөп жатам.
-А эмне дейсиз?
-Телефонуңуз болсо берип туруңузчу, бирөөгө чалып алайын, меники өчүп калыптыр.
-Макул, алыңыз-деп Аскат чөнтөк телефонун кызга берди. Кыз ыраазычылыгын билдирип, номер терип, кимдир бирөө менен " Алоо, бул мен Элгиза,ооба шаарга азыр эле келдим, соткам өчүп, башка бирөөнүкү менен байланышып жатам, вокзалда турам, келип алып кетиңиз"-
деп ара-бери басып сүйлөшүп жатты. Көп өтпөй,
-Алыңыз байке, чооң рахмат.
-Эч нерсе эмес, жардамым тийгенине кубанычтамын.
-Жардамын аябаган мырзанын атын сурасам болобу?-деп кыз жылмаюу менен суроо узатты.
-Атым Аскат.
-Меники болсо... Капысынан Аскаттын телефону шыңгырап
-Алоо
-Алоо Аскат, вокзалдан чыга бер, мен келип калдым.
-Мына тайке бара жатам-деп Аскат шашылып сумкаларын алды да кызга карап,
-Танышканыма кубанычтамын-
деп жылмайды да кетип калды.
Тайкеси менен көрүшүп, учурашып ал-абалды сурашып, тайкесинин үйүнө сапар алышты. Жол жүрүп, үйүнө келишип, көпкө чейин маек куруп олтурушту,
-Сен жээним аябай өзгөрүпсүң,
кичинеңде мойтойгон бала элең, эми кара чоңойуп эр жигит болуп калыпсың. Эсиңдеби кичинеңде мен сага айткан элем, эгер калп сүйлөсөң мурдуң чоңойуп кетет деп, бир күнү капысынан калп сүйлөп алып, мурдуңду кармап алып кечке ыйлагансың-
деп тайкеси бир каткыра күлүп.
-Ии тайке, башкасын унутсаңызз да ушул окуяны унутпайт экенсиз да, тайэжем укса мага күлөт гоо- деп жылмайып койду.
-Ии жээним эми кайсы окууга тапшырайын деп жатасың?- деп суроо узатып тайкеси Аскаттын даалын таптап.
-Билесиз тайке, үйдө атам сүрөтчү, атамдын ошол өнөрү мага да өтүптүр. Кудай берген талантты кур кылбайын деп сүрөтчү болоюн деген кыялым бар эле-деп жооп берет.
-Жакшы жээним, берилген өнөрдү аздектеп алыш керек, мындай талант көбүнө бериле бербейт-деген оюн айтып, Аскатка колдоо көрсөттү.
-Эми сен жатып эс ал, калганын эртең шашпай ойлонорсуң-
деди тайкеси.
Тамактанып бүтүп Аскат уктаганы бөлмөсүнө кирип кетти. Негедир уйкусу келбей, келечегин ойлонуп, көпкө чейин уктабай жатты. " Шаарга да келдим, кудай буйруп окууга өтүп алып, жумуш издешим керек, болбосо тайкемдерге ашыкча чыгым болом гоо"-деген ойлор Аскаттын уйкусун бузуп турду. Чарчаганына бир убакта көзү илинип кетип, уктап калды. Эртеси күн чыгып, шаардын кыймылы жанданып унаалар ары-бери өтүп жатты. Аскат тамактанып алып, өз бөлмөсүнө кирип, жаш кезинен бирге чоңойгон, бир билектен кармап бекем достукка ант беришкен Тилек досунан жумуш таап беришин сурап чалат. Тилек онунчу классында шаарга көчүп келип, үй-бүлөсү менен ушул жакта жашап калат. Эки достун аралыгы алыстап калса да, бири-бирине болгон байланышын жана бекем достугун бузушкан эмес. Аскат Тилектин качандыр бир жолу айткан " Досум шаарга келсең айтып кабарлап кой, сага жардам берип, иштегенге жумуш, жашаганга үй тапканы жардам берем"-деген сөзүн эстеп Тилек досуна чалат,
-Алоо
-Алоо досум кандайсың?
-Оо Аскат, жакшы досум, өзүң кандайсың?
-Жакшы дос жүрөм.
-Шаарга келдиңби жээ шашпай чыгайын деп жатасыңбы?
-Шаарга кече келгем досум-деп жооп берди Аскат күлүп.
-Неге айтпадың дос, мен өзүм сени тосуп алат элем гоо-деди Тилек таң калуу менен суроо узатып.
-Сени бошко убара кылбайын дедим дос, анын үстүнө вокзалга жакын тайкемдин үйү бар, азырынча ошол жерде жашап турам-деп жооп берет. Аскат ичинен бушайман болуп, досуна жумуш тууралу суроо бере албай көп ойлонот."
Өзүм кече келсем, анан таң атпай жумуш сурасам кандай болот болду экен"-деген ойлор Аскатты курчап алат. Кантсе да досум го, жаман көрбөстүр деп сурай баштайт
-Досум, мен сенден бир деме сурайын дедим эле.
-Сурай бер досум, эмне керек болсо жардам берем.
-Эмии дос, мага жумуш керек болуп жатат эле, эгер убактың болсо таап бере аласыңбы?
-Сен эмне деп жатасың, досум үчүн убакыт бөлүп, жардам бербесем, менин достук милдетим кайда? таап берем дос көп ойлонбо. Кандай жумуш болсо да иштей бересиңби?
-Ооба иштей берем. Болгону тайкемдерге ашыкча чыгым болбоюн деп жатам-деп жооп берди Аскат үшкүрүнүп.
-Анда азыр мен сага бир дарек айтам, үйүңөн чыгып ошол дарек аркылуу келе бер, мен сени тосуп алам- деп Тилек Аскатка бир даректи берет. Досунун бул сөздөрүн угуп "Мына эми жумуш да табылайын деп жатат, кудай буйруса иштеп калсам экен"-деп бир сүйүнүп алып, жөнөп кетти. Таксиден таксиге түшүп, досу айткан дарекке да келип түшөт. Досуна келгенин билдирип, чөнтөк телефонун алып чалайын десе, телефонунун кубаттуулугу түгөнүп өчүп калат."Эми эмне кылам, досум менен кантип байланышып,
кантип табам"-деп ары-бери басып бушайман болот. Жанынан өткөн адамдардан чалып алганга телефон сураса, эч бири көңүл бурбай басып кете берет. Капысынан Аскаттын артынан бирөө келип, далын таптап:
-Кандайсыз жардамын аябаган баатыр мырза?
Аскат бурулуп артын карап:
-Сенби...?
"Тагдырдын тамашасы" Ак Канаттын чыгармасы
#2 25 August 2017 - 22:17
-Ооба мен,...тиги вокзалдан жоолуккан кыз. Эмне мынча таң калдыңыз?
-Аа жоок, мен тиги.... капысынан эле артымдан келип, суроо узатса башкача болот экенсиң- деп жооп берди Аскат тартынып сүйлөп.
-Сизди чочутуп алсам кечирим сураймын- деп жылмайып койду. Мен жакын арадан өтүп бара жатып капысынан эле сизди көрүп калдым, карасам ары-бери басып бушайман болуп жатыпсыз. Анан барып сурап көрөйүн, мүмкүн жардамым тийип калат деген ой менен сизге басып келдим. Жардам керек болсо, тартынбай айта бериңиз. Аскат көп ойлонуп, кыздын бул суроосуна жооп бергенден кичине тартынып турду.
-Мен бул жерге досумдун айтуусу боюнча келгем. Анан келгенимди досума билгизип кабарлайын десем, телефонумдун кубаттуулугу түгөнүп өчүп калыптыр, анан көптөн бери бул жерде турам чалаарга телефон таппай-деди Аскат уялганынан башын кармап.
-Келиңиз меники менен чалып алыңыз-деп кыз Аскатка телефонун сунду.
-Аа чооң рахмат, сен болбогондо эмне кылмак элем-деди Аскат сүйүнгөнүнөн жүзүнө жылмайуу келип. Аскат досуна чалып, ал берген дарекке келгенин айтып, күтүп турганын билгизип, кабарлашып алат.
-Алыңыз-деп сотканы кызга сунат. Рахмат сизге, мага чооң жардам тийгиздиңиз- деп ыраазычылыгын айтат.
-Эч нерсе эмес Аскат байке.
-...Кызык, сен менин атымды кайдан билесиң?-деп таң калуу менен суроо узатат.
-Эсиңизде жокбу? Ошол күнү вокзалдан таанышкан элек.
-Таанышуу...бирок сенин атыңды эстей албай жатам негедир.
-Мен атымды айтайын дегенимде капысынан сизге бирөө чалып калып, шашканыңыздан кетип калгансыз. Кайра таанышып алалы атым Элгиза-деп жылмайуу менен Аскатка колун сунуп.
-Аскат
-Дагы бир жолу таанышканыма кубанычтамын- деп бир жылмайып койду.
Аскат менен Элгиза бат эле тил табышып, көпкө чейин бири-бири менен сырдашып, өздөрү жөнүндө айтып бир топ убак сүйлөшүп олтурушту. Көп өтпөй Тилек досу келип:
-Оо кандайсың досум, жакшыбы?
-Жакшы досум, кел таанышып алгыла дос кызым Элгиза-деп Аскат кызды көрсөтүп. Аскат досуна жолуккандан кийин
-Мейлиңиз анда Аскат байке, дагы жолугушаарбыз- деди да Элгиза Аскат менен коштошуп кетип калды. Аскат болсо досу менен көпкө чейин сүйлөшүп, ары басышып, бери басышып досуна болгон сагынычын бир таркатып алды. Кеч курун Тилек Аскатты өзүнүн жакын эжелеринин кафесине алып барып, официант кылып орноштурат.
Арадан күндөр өтүп, Аскат шаардын турмушуна көнө баштайт. Эч талбастан мээнеттенип окуусуна да, жумушуна да убакыт бөлүп экөөнү тең бирдей алып жүрөт. Ал эми капысынан таанышып дос болушуп калган Элгиза менен жакшы мамиледе болуп, бош убактысы болгондо ал менен жоолугуп, шаар айланып келишет эле. Элгиза менен бат-бат жолугуп, шаардын көп жерлерин ошол аркылуу билип алды.
Элгиза байдын кызы болсо да, жөнөкөйлүктү сүйгөн, жан дүйнөсү таза, жүзүнөн жылмаюу кетпеген шайыр кыз эле. Мына ушундай сапаттарга ээ болгондуктанбы Аскат күндөн-күнгө Элгизага жакын боло баштайт. Элгизанын Аскатка кылган аруу таза жана жылуу мамилеси Аскаттын жүрөгүнө сүйүүнү жаратат. Аскат Элгизаны канчалык сүйүп турса да, ал үчүн эч нерсесин аябай, жада калса бүтүндөй жан дүйнөсүн арнаганга даяр болсо да, өз сүйүүсүн эч билдирбестен жүрөгүнүн түпкүрүндө сактап жүрө берет.
Өмүр сааты өз жебесин кагып, арадан күндөр өтөт. Аскат күндөгүдөй өз жумушуна келип ишин уланта берет. Ошол күнү Аскат иштеген кафеде кардарлар көп болуп, жумуш күнү аябай оор өтүп жаткан кезде, колуна кара папка кармаган, жашы элүүгө чамалап калса да, костюм шымды тыкан кийинген бир киши кирип келди да, терезеге жакын эң акыркы столго олтуруп алат. Оюнда эчтеме жок Аскат, ручка кагазын алып, ал кишиге заказ алганы басып келип
-Кутмандуу күнүңүз менен, эмне заказ кыласыз?
-Мага... мага болсо эки кружка чай анан,... анан бир вазага суу алып келип бересизби-деп жооп берди киши. Бул кишинин мындай сөзүн уккан Аскат көпкө ойлонуп катып калды.
-Болсо эртерээк ээ-деп ал киши Аскатка кайталап айтты.
-Аа кечиресиз, заказыңызды азыр алып келип беребиз-деп жөнөп кетти. Басып бара жатып " Өзү жалгыз келсе, неге эки чай, неге бир ваза суу, көрүнүшүнө караганда бир колунда бар бай кишидей көрүнөт, бирок неге жөнөкөй заказ берди" деген ойлор Аскатты курчап, оюнан кетпей койду. Ашканага барып ал кишинин закасын даярдап алып барып берет. Аскат басып келип, ал кишиден анча алыс эмес столдун үстүн тазалаган болуп көз салып олтурат. Бир убакта киши папкасынан бир куураган роза гүлүн алып суусу толгон вазага салды да, бир кружка чайды өзү алып, экинчисин бет маңдайына коюп, бирдемелерди сүйлөнүп кобуранып жатты. Кишинин мындай иш аракетин көргөн Аскат таң калуу менен карап тура берди. Капысынан башка столдо олтурган кардарлар Аскатка кыйкырып, закас алуусун сурап чакырып калат. Ары-басып бери-басып, Аскат кардарларды тейлеп жумушун уланта берет. Кеч курун кардарлардын саны суюлуп, жумушу жеңилдеп калганда, Аскат бир аз эс алганы столдо олтурган кезде, акыркы столдо олтурган киши келип, капчыгынан акчасын алды да Аскатка сунуп.
-Алыңыз, чай абдан даамдуу болуптур, бизге абдан жакты-деп акчасын төлөп кетип калды. "Бизге дегени кандай? Ал өзү эле жалгыз олтурбады беле"-деп Аскат бир топ ойлуу туруп калды. Күн батып, иштеген кафеси жабылат. Аскат тегерегин жыйнап, столдорду тазалап жүргөн кезде жанагы киши олтурган столго келет. Келип караса, заказ кылган чайдын бири ичилип, экинчиси ошол бойдон туруптур. Аскат үчүн бул киши уламдан улам табышмак бойдон кала берди.
Жумуш убактысы бүтүп, кийимдерин алмаштырып кеткени жатканда капысынан чөнтөк телефону шыңгырап.
-Алоо
-Алоо Аскат байке бошодуңузбу?
-Аа Элгиза сенби, ооба бошодум,
-Жакшы болбодубу, келе жатысыз да ээ?
-Кайда барайын, жээ бир деме болдубу-деп чоочурканып суроо узатты Аскат.
-Эмн унутуп калдыңызбы? Бүгүн мен сизге шаардын кечки сулуулугун көрсөтөм дебедим беле-деп таарынгансып жооп берди Элгиза.
-Каап, мен аны таптакыр унутуп калган турбаймынбы. Кечир бүгүн негедир кызык күн болду, анын үстүнө кардарлар да көп келип, чарчаганымдан эсимден чыгып кетиптир. Капа болбо ээ, анда кайсыл жерден жолугушалы? -деп Аскат Элгизаны таарынтпаганга аракет кылып көңүлүн алды.
-Эми биринчи жолуккан жерибиз болбойт, анда мен сизди экөөбүз экинчи жолу жоолугуп таанышкан жердеги отургучта күтөмүн-деп күлүмсүрөп жооп берди Элгиза.
-Күтө тур, мен бат эле барып калам-деди да, телефонун өчүрүп Аскат жөнөп кетти. Элгизанын үнүн угуп, чачыраганын унутуп, маанайы көтөрүлүп, оюна сүйүүнүн түркүн-түстүү кыялдары келип, Элгизаны көздөй бара жатты. Сүйүүсү жүрөгүн толкундатып, "Мына ушул түнү, ушул кереметтүү кечте мен өз сүйүүмдү Элгизага билгизем, мына бүгүн билгизем. Ал мага канчалык кымбат экендигин, мен ансыз өз жашоомду элестете албаарымды, мен аны чексиз сүйөөрүмдү билгиземин" -деп колуна бажырайып ачылган роза гүлүн алып, жаркыраган айлуу түндө, Аскат өз сүйүүсүнө сапар улап кетип бара жатты.

Бул дүйнөдө эң бактылуу адам - баласы бар адам...
#3 25 August 2017 - 22:38
Жолдо бара жатып бир гана өзүн эмес, сүйүүсүн айта турган Элгизаны да көп ойлоду. "Мен сүйүүмдү билдирейин,
ал мага канчалык кымбат экенин билгизейин бирок, ал менин сүйүүмдү кабыл алабы, мүмкүн ал мени эң жакын досу катары көрүп, жүрөгүнүн ээси башка адам болсочу"-
деген ойлор Аскатты бирде кубантып, бирде кайгыртып эч оюнан кетпей койду. Баскан сайын жол арбып, өз сүйүүсүнө да жетип келди. Көпкө күткөн Элгиза Аскатты көргөнүнө кубанып, чуркап келип учурашты да, бир кучактап алды. Ушул жерде, ушул саатта, ушул мүнөттөрдө Аскат аябай бактылуу эле. Анткени өз сүйүүсү жанында экенин сезинип, жүрөгү багынган махабаттын кучагына алып, "жашоомдун жарыгы болгон бул инсан ушул бойдон түбөлүккө кучагымда калса гана"-деп кыялданып турду.
-Эмне мынча кеч келдиңиз? Күтө берип чарчап да кеттим гоо-деп Элгиза Аскаттын кучагынан алыстап, таарынгансып суроо узатты.
-Кечирчи мени, алымдын келишинче чуркап келдим, бирок эрте эле келет болчумун-деди Аскат Элгизаны кандайдыр бир сыр каткандай көздөрү менен жылмайып карап.
-Бирок, эмнеге бирок, жээ жолдо келе жатып бир деме болдубу-деп чочуркады Элгиза.
-Коркпой эле кой эчтеме болбоду, болгону бул жака келгенде сенин таарынарыңды билип, анан ал таарынычыңды жазыш үчүн мына бул кыпкызыл роза гүлүн көпкө издедим-деп Аскат артына бекиткен гүлдү жылмаюу менен Элгизага сунду.
Бажырайып ачылган гүлдү көргөн Элгизанын сүйүнүчү коюнуна батпай, күтүүсүз жерден Аскатты катуу кучактап алат. Элгизанын Аскатка уламдан-улам жакын болушу Аскаттын жүрөгүн балкытып, ага болгон сезимдерин ойготуп, сүйүүнүн балдай даамын таткызып турду."-Мына ушул мүнөттөрдөгү жан дүйнөмдөгү сүйүүгө жетелеген сезимдерди Элгиза да сезсе кана"-деп Аскат өз махабатын кучагына алып турду. Бул сезимдердин эч жоголбошун, ушул мүнөттөр аяктабышын, өз махабаты кучагында турганда аны түбөлүккө кучагынан чыгарбашын каалады.
-Чооң рахмат, гүлүңүздү көрүп, сизге болгон таарынычым кайда кеткенин билбей калдым. Кана эмесе кетеликби?-деп сурады Аскаттан
-Кайда кетебиз, жээ сен коштошуп жатасыңбы?-деп таң калуу менен сурады Аскат.
-Ушул сиз унутчагыңызды качан коюсуз. Мен сиздей болгон досума шаардын түнкү сулуулугун көргөзмөйүнчө эч жака кетпеймин-деди Элгиза Аскаттын колун кармап алдыга жетелеп.
Аскат менен Элгиза бир топ убакыт шаар ичин кыдырып, нечен түрлүү кооз жерлерде сейилдешет. Шаар ичин айланып бүткөн соң, бул сулуулукка алыстан көз чаптырып көрүү үчүн шаардын чет жакасындагы бийик дөңсөөгө келип олтурушат. Элгизанын Аскатка болгон ар-бир кыялы, ар-бир ширин сөздөрү, нурлуу жүзүндөгү ар-бир жылмаюсу анын сүйүүсүн уламдан-улам күч алдыра берди.
-Элгиза
-Оуу
-Мен сага бир суроо берейинби?
-Угуп жатам, эмне суроо болду экен? Сиздин ушул кечте мазаңызды алып, ойлондурган кандай суроо ал?
-Бирок сен эч шашпастан, терээң ойлонуп жана чындыкты гана айтам деп сөз бер.
-Макул аракет кылайын.
-Кандай десем. Сен аябай ак көңүл, боорукер, жүзүңдөн жылмайуу кетпеген жан дүйнөсү таза адамсың. Бирок байдын кызы болсоң да жөнкөйлүктү жактырган кызсың. Эми менин ушундай алтын, ушундай сулуу досумдун сүйгөнү бар болду бекен-деди Аскат Элгизаны бир кылчайып карап.
-Жакшы суроо экен, бирок чынымды айтайынбы?
-Ооба чыныңды айт, эгер калп сүйлөсөң досуң сага таарынат-деп Аскат тамашалуу бир сүрдүү көздөрү менен карап.
-Макул айтайын, эми мен чынын айтсам менин сүйгөнүм...
Капысынан Элгизанын телефону шыңгырап Аскаттан кечирим сурап телефонун алып
-Алоо
-Алоо бул Элгиза айымбы?
-Ооба мен, а ким экен бул?
-Биз ооруканадан чалып жатабыз.
-Макул, азыр мен тез арада жетип барам, ага менин келе жатканымды билгизип коюңуз-деп Элгиза телефонун өчүрүп Аскатты карады да
-Мен тез кетишим керек, шашылыш жумуштарым чыгып калды.
-Тынччылыкбы, ким ал сага чалган?-деп Аскат чочуркануу менен суроо узатты.
-Эчтеме эмес баары жайында, болгону бир дос кызым бир жакка барып келүүмдү өтүнүп суранды-деп жооп берди Элгиза Аскаттын көңүлүн ооруткусу келбей.
-Макул анда, дос кызыңдын үйү кайсыл жакта, узатып жеткизип келейин.
-А жоок бошко убара болбоңуз, мен өзүм эле жетип алам, анын үстүнө сиз таң эрте жумушка да барышыңыз керек.
-Макул анда шаардын ичине чейин чогу баралы-деп Аскат Элгизаны колунан жетелеп кетип калышты. Шаарга кирип келишип коштошушту да экөө эки тарапты көздөй басып кетишет.
Арадан күндөр өтүп, убакыт өз кызматын аткарып алдыга жыла берет. Аскат болсо ар бир күнүн ойлонуу менен өткөрүп, бирде айылындагы ата-энесин, бир туугандарын ойлонуп, бир туруп окуусун ойлонуп, бир де түбөлүктүү тунук махабаты Элгизаны ойлоно берди. Аскат ар дайым өзүн бекем алып жүрүп, турмуштун күтүүсүздөн берген сыноолорунан сынбай өз жашоосун уланта берет. Бир күнү таң эрте окуусуна барып, түшкө маал сабагынан бошонуп, жумушка жетишип калуу үчүн үйүн көздөй шашып келет. Үйүнө келип өз бөлмөсүнө кетип бара жатса, капысынан башка бөлмөдөн кимдир бирөөлөр сүйлөшүп жатканын кулагы чалып калат
-Эми сен түшүнсөң, ал менин бир тууган эжемдин баласы да.
-Эжемдин баласы эле деп анда баардык эжелериңдин балдарын үйгө алып келип ал.
-Муну менен эмнени айтайын деп жатасың?
-Айтарым, жээниң бизге жөн эле ашка жүк, башка жүк болуп жатат. Жок дегенде бир тыйын пайдасы жок жашап жатат.
-Эмне ал сенин тапкан акчаңдан жеп жатабы. Жесе жегендир бирок ал өзүнүн тайкесинин акчасын алып жатат, а мен болсо бул үчүн эч өкүнбөймүн. Анткени ал менин бир тууган жээним болот, ушуну эсиңден чыгарба-деп ашканада тайкеси менен тайжеңеси экөө кыйкырышып жатыптыр. Башка сөздөрүн укканга чыдабай Аскат чуркап өз бөлмөсүнө кирип кетет. Бөлмөсүнө кирген соң сансыз ойлор Аскатты курчап алды. Тайжеңесинин ар-бир сөзү кулагына ызаалуу жаңырып, терээң ойго түшүп кетет. Көпкө ойлонуп "-Эмнеси болсо да болот, бүгүн жумушума бара берейин, анан кеч курун жумуштан бошогондо Тилек досума чалып жайгашканга жай сурап көрөм"-деп кийимдерин алмаштырды да, бөлмөсүнөн чыгып кетет. Чыгып бара жатып капысынан алдынан тайкеси чыгып.
-Ии сен келип калдың беле, качан келдиң?
-Аа... мен азыр эле келдим, кийимдеримди алмаштырып жумушка бара жаткам.
-Тамактанып албайсыңбы, курсагың ачкан чыгаар.?
-Тайке мен кафеде иштеймин да, барып ошол жактан бирдеме жеп алармын-деп Аскат тайкесине сыр билгизбестен жөнөп кетип калат. Канчалык алаксыбасын жолдон жумушуна жеткиче ойлонуп барат. Жумушуна келип ары басса да, бери басса да үйүнөн уккан сөздөр кулагына жаңырып, оюнан кетпей коёт. Жумуш күчөп, кардарлар биринин артынан бири кирип келе берет. Капысынан баягы киши, ошол кийимин кийип, ошол папкасын көтөрүп кирип келди да, басып барып мурунку ордуна олтуруп алат. Аскат өзү башка столду тейлеп жаткандыктан, ал кишиге башка бир официант кыз барып заказ алып келет. Аскат басып келип ал кыздан сурай баштайт.
-Элина токтосоң, тээтиги акыркы столдо олтурган киши эмне заказ берди?
-Ал кишиби, ал кишинин мурдагы эле адаты, дайыма ошол жерге олтуруп алат. Карасаң колунда бар бай киши болуп алып берген заказы мына бу, эки чай анан бир ваза суу.-деп жазган закасын Аскатка көрсөтөт.
-Макул түшүндүм, сен барып ашканадан буларды даярдап келе бер мен өзүм алып барып берейин-деп Аскат кыздын жолун бошотту. "-Эмнеге мындай кылып жатат болду экен, эмнеге ар күнү окшош заказ берет-деп Аскат ал кишини карап көпкө чейин ойлуу турду. "-Эгерде мен бул жерде катылган сырды билбесем дагы да сыр бойдон кала берет"-деп Аскат даяр болгон заказын алды да, катылган сырдын түйүнүн ал кишинин өз оозунан угуш үчүн басып кетет. Жанына келип.
-Саламатсызбы? заказыңызды алып келдим-деп бир ваза сууну столдун үстүнө коюп, бир чайды кишиге берип, экинчисин Аскат өзү алды да
-Мүмкүн болсо олтурсам болобу?-деп суроо узатты ал кишиге
Ойлуу олтурган жерине чочуп
-Түшүнбөдүм эмне дейсиң?
-Сиздин столго олтурсам болобу, эгер кап этпесеңиз?
-Кел олтур, эмне жумуш оор болуп чарчап калдыңбы?-деп сурады ал киши Аскаттан.
-Ооба кичине чарчадым, анан карасам сиз бул жерде жалгыз олтурупсуз, барып бир аз сүйлөшүп сизди зериктирбейин деп атайы сиздин жаныңызга келдим-деп Аскат ал кишини жылмайып карады.-Анан мени көптөн бери кызыктырган, сизге берээр бир суроом бар эле. Мүмкүн болсо жооп бере аласызбы?-деп Аскат сөздүн нугун сыр ачууга буруп.
-Эмне суроо экен ал сизди кызыктырган?
-Мен сизди ар бешинчи күн сайын ушул кафеде, ушул орунда жана ушул абалыңызда көрөм. Күн ара келсеңиз да, берген заказыңыз бир ваза суу жана эки чай. Эмне мындай кылып жатасыз-деп Аскат көптөн бери кызыккан суроосун кишиге узатты.
Киши Аскаттын бул суроосун угуп бир үшкүрүнүп алды да, алдындагы чайынан бир ууртап, папкасынан баягы гүлүн алып, суусу толгон вазага салып сөзүн мындай баштады.

#4 28 August 2017 - 08:41
-Мындай суроо бергениңе караганда жөнөкөй жигит эмес окшойсуң. Күн ара келип бул кафеге кардар болсом да, эч бир жанга бул абалымды билдирбестен эң акыркы орунга олтурсам дагы сенин мага көңүл буруп, байкаганың жөн эмес-деп жооп берди киши Аскатты карап бир үшкүрүнүп алды.
-Эмне үчүн? Эмне үчүн ар бешинчи күнү сайын, эмнеге окшош заказдар, өзүңүз жалгыз келсеңиз да, эмнеге эки чай, жана сураарым эмнеге мынча муңдуусуз-деп бул кишинин көөдөнүндө катылган сырды билиш үчүн, шашканынан бир суроонун артынан бирин берип жатты.
-Иним, түшүнсөң, сен көргөн нерселердеги катылган сырларды эч бир жан билбеши керек деп мен өзүмө сөз бергенмин-деди киши өзүндө катылган сырды Аскатка ачкысы келбей.
Анда Аскат, көпкө ойлонуп, оюн топтоду да:
-Уксаңыз байке, өткөн күндү элестеткен же болбосо сизди ойго салуучу кандайдыр бир сырыңыз болсо жана ал сырды өзүңүздөн башка эч бир жанга айтпай ичиңизде сактап жүрө берсеңиз, андан сиз жаныңызды кыйнаган муңдан башка эч бир пайда таба албайсыз. Ооба түшүнөм, сиз айткыңыз келбей жаткан сырлар өзүңүздүн жеке жашооңузга тиешелүү деңизчи, бирок ошол сырыңызды кимдир бирөө менен сыр чечишип бөлүшсөңүз бир кыйла жеңилдеп, тынчыңызды алган ойлордон да арыла аласыз-деп Аскат бул сөздөрү менен ал кишинин көңүлүн алып.
-Кандай гана акылдуу жана таасирлүү сөздөр, байкашымча абдан акылдуу жигит көрүнөсүң, сендей мыкты жигитти кандай ата-эне тарбиялады экен.
-Чооң рахмат, бирок айтайын дегеним сырыңызды мени менен бөлүшсөңүз болот.
Аскаттын мындай сөздөрүн уккандан кийин ал киши Аскаттын жөнөкөй жана сырын бөлүшүгө татыктуу экен деп, көптөн бери катып келген сырларын ачууну туура көрдү да, Аскатка айта баштады. А Аскат болсо кишинин ар-бир сөзүн кунт коюп угуп олтурду.
-Мен да бир кездерде сага окшогон жаш, күчкө толгон жигит элем. Ата-энем колунда бар бай кишилер болгондуктан акча эмне, ал кайдан келип жатат, анын кадыр баркы кандай экенин билбей, бир үйдүн эң кичүү эрке баласы болуп чоңойдум. Байлыкка кызыгып жашап, баарын акчага сатып алганга көнгөн жаным акчаң болсо баарын сатып алат экенсиң деген ойдо жүрдүм, бирок акчага сатып ала албаган нерселер да бар экен, ал адамдын көңүлү, жүрөктөгү сүйүүсү жана адамдын өмүрү экен. Мен бул нерселерди ошол адамды жолуктурганда гана түшүнүп сезе баштадым.
-Ал адам ким эле?-деди күтүүсүз жерден кишинин сөзүн бөлүп Аскат суроо узатты.
-Ал адамбы, ал адам менин жубайым эле. Мен аны окуу жайда окуп жүргөндө бир көргөндө эле жактырып сүйүп калган элем. Арадан күндөр өтүп, аны менен таанышып көп убакытка чейин жакшы мамиледе болуп жүрдүк. Жаш кезимден акча-акча деп жүрүп, ички дүйнөмдү курулай байлык ээлеп алып, жүрөгүмдүн түпкүрүндө адамга болгон мээрим жана тунук сезим дегенден күкүмдөй да нерсеси жок экен. Мына ушундан улам ал адамга мээримимди төгүп, таттуу сезимдер менен өз сүйүүмдү билдирүүгө менин күчүм жетпей койду. Ойлонуп көрүп ошол жерден өз сүйүүмө жетиш үчүн көп сандаган акча эмес, кыска жана жүрөктөн чыккан татуу сөздөр жетишпей турду.
Күн айды кууп, ай жылды кууп ошентип арадан жылдар өтөт. Мен ага өз сүйүүмдү билгизген соң биз көп жылдар бою бактылуу түгөйлөрдөн болуп жүрдүк. Заңгыраган ресторанда той өткөрүп, түбөлүктүү турмуш жолуна бирге аттанганбыз. Турмуштун ар кыл сыноолорун бирге жеңип жашадык. Ошентип үйлөнгөүбүзгө үч жылды жүзү болот. Бирок ошол жылдар арасында эч наристе жытын жыттай алган жокбуз. Наристе жытын жыттабасам да, жубайымдын жанымда болгонуна сүйүнүп жашап келдим. Күн артынан күн өткөрүп жашап жатканда күтүүсүздөн жубайым мага кош бойлуу экендигин айтат. Кубанычым койнума батпай, бүтүндөй жашоом өзгөргөндөй сүйүнгөн элем. Мына ушундай бактылуу күндү эч унутпай белгилеп алуу үчүн жубайымды ушул кафеге алып келген элем. Келип, мына биз олтурган столдо олтурган элек-деп киши Аскат экөө олтурган столдун үстүн кармап. Мына ошол күн, бакытка башым жеткен күн аптанын бешинчи күнү эле. Аптанын ар бешинчи күнү жубайымды жетелеп, көңүлүн көтөрүп эс алуу үчүн ушул кафеге алып келчүү болдум-деди да алдындагы чайынан бир ууртады да терезени көпкө тиктеп туруп сөзун улантты.-Жубайым бул жерде олтуруп терезеден сыртка көз чаптырып, кыялданып олтурганды жакшы көрчү. Биз ошол учурларда абдан бактылуу элек. Ошондой бактылуу күндөр менен, эч билинбей арадан тогуз ай өтүп кетет. Ошол күнү адатымча аптанын бешинчи күнү жубайымды кафеге алып келген элем. Келип өзүбүздүн орудубузга олтуруп калдык. Ошол күнү негедир гүл алгым келип, бажырайган кызыл роза гүл берип, жубайымды сүйүнткүм келип бир тал роза гүлүн алып алган элем. Жубайыма байкатпастан бекиткен гүлүмдү берип жүзүнөн күн нурундай чачыраган күлкүсүнө бөлөндүм. Официантка кол көтөрүп, гүлдү салууга бир ваза суу сурадым. Сууну алып келген соң, " азырынча эки чай алып келиңиз, калганын кийинчирээк заказ кылабыз" деп эки чай алып келүүсүн сурандым. Адатыбызча терезеге көз чаптырып сүйлөшүп олтурган элек. Мына ошол мүнөттөрдөн тарта менин жашоом түп тамыры менен өзгөрдү-деп киши терезени карап олтурган кезде көздөрүнөн тамчыдай болгон жаштары тып-тып эте тамып жатты. Ичиндеги муңу жаш аркылуу сыртка чыгып, көшөргөн ыйга батса да сөзүн токтотбостон уланта берди.
-Мына ошол мүнөттөр менин жашоомду өзгөртүп жиберди. Жубайым экөөбүз сүйлөшүп олтурган кезде капысынан жубайымдын толгоосу башталат. Бир туруп коркуп, бир туруп кубанганымдан эмне кылаарымды билбей калдым. Ордумдан тура калып жубайымдын колунан кармап жетеледим да, унаама олтургузуп ооруканага жөнөп кеттик. Ооруканага жеткенибизде врачтар жубайымды колумдан алып төрөт бөлмөсүнө алып кирип кетишет. Сааттын жебеси менен кошо жарышып соккон жүрөгүм бат-бат согуп, ичимден " мен ата болом, мен ата болом" деп сүйүнүп жатсам, бир туруп " баары жакшы болсо экен" деп ойлонуп олтурдум. Шашканымдан ары-бери басып жаткан кезде кулагыма наристемдин ыңаалаган үнү угулду. Бул үндү укканымда сүйүнгөнүмдөн көзүмөн жаш агып, тизелеп жыгылдым да жараткан Аллага алакан жазып, "ушул күндү насип эткениң үчүн миң мертебе шүгүр" деп тообо кылдым. Көп өтпөй башкы врач чыгып келип:
- Сиз кимиси болосуз?
-Менби, мен жубайы, мен ал наристенин атасы болом деп-сүйүнгөнүмдөн эмне дегенимди билбей калдым.
-Эмне болду баары жакшы элеби, жубайым кандай, аа баламдын абалы жакшы элеби, азыр кирип көрсөм болобу,-деп сүйүнгөнүмдөн бир суроонун артынан бирин берип жаттым.
-Кубанычыңызга ортокбуз.
-Айтыңызчы кызбы жээ балабы?
-Кыз, сиз кыздуу болдуңуз,бирок- деди да врач башын жерге салып туруп калды.
-Эмне бирок, айтыңызчы баары жайындабы-деп жүрөгүм бир нерсени сезгендей зарылдай түштү. " эмне, эмне болду"деп бир суроону кайра кайра берип жаттым.

#5 28 August 2017 - 20:44
Ал врач акырын башын көтөрдү да:
-Уксаңыз, биз колдон келген аракетибизди жасадык бирок, бирөөсүнүн гана жанын сактап калат элек. Жубайыңыз аябай оор акыбалда болду. Эмне кылаарыбызды билбей жубайыңыздан баланы алып салып сиздин жаныңызды сактап калалы деп сурандык. Канткенде да жубайыңызды аман алып калат элек, бирок ал " баламды, баламды аласыздарбы, анда да бей күнөө наристениби? Жоок мен андай кыла албаймын. Врач сизден жалынып суранамын, менин жанымды эмес, наристемдин жанын аман алып калыңыздар. Мен бул жашоодо жетишээрлик жашап, кызыгына баттым, а бирок менин кипкичине наристемдин бул жарыктыкты көрбөй калышына жол бербеймин. Алдыда дагы канча күнүм калды мен аны билбейм. Байкуш жолдошум канча жылдан бери наристе жытын жыттабай, ата деген сөздү уга албай келет. Кантсе да баламдын өмүрү үчүн, жолдошумдун бактысы үчүн мен баарына даярмын. Суранам сизден баламдын өмүрүн сактап калыңызчы" деп көзүнөн жашын тыя албай ыйлап туруп алды. Эч кандай аргабыз калбай, жубайыңыздын айтканын аткарууга туура келди-деп мени сабыр кылыңыз деди да, далымдан таптап басып кетип калды.
Бул сөздөрдү уккан өз кулагыма ишене албай, жан дүйнөм жардай көчүп туруп калдым. Эмнеге? Эмне мындай кылдың? Эмнеге мени мындай жолдо сынайсың? Көп жыл бою күтүп келген бул бактылуу күндөрүмдүн артын ыйга толгон азап менен коштойт белең. Болбосо бул тагдырдын мага кылган тамашасыбы? Бакыт артынан кайгы, ызаа, муңду жетелетип өз тамашаңа салып жатасыңбы-деп ошол жерден жаратканга тизелеп, күтүүсүздөн келген кайгы көөдөнүмө батпай, көкүрөгүмдү кайра кайра уруп бакырып ыйлап жибердим.
Кишинин бул сөздөрүн уккан Аскат чыдабай көздөрүнөн жаш агызып ыйлап ийди да:
- Кечирим сураймын. Сизде катылган сырлар мынчалык кайгылуу экенин билбептирмин. Өткөн күнүңүздү эстетип, жараатыңызды бетин тырмап, жан дүйнөңүздү оорутканым үчүн кечирим сураймын-деп чөнтөгүнөн жүз арчуусун алып кишиге сунду. Жүз арчууну алып көздөрүнүн жашын сүрттү да, өзүнүн сөзүн уланта берди:
- Көп өтпөй врачтар кызымды алып чыгышып колума беришти. Өмүрүмдө биринчи жолу, биринчи жолу өз баламды колума алдым. Акырын жүзүн ачсам кызым таттуу уйкуда жаткан эле. Колумду көтөрүп өзүмө жакындатып, көп жылдар бою эңсеген бала жытын балкып жыттап турдум. Мени көптөн бери күткөн бакытымдын артынан кайгыга салган күн мына ошол аптанын бешинчи күнү эле, жубайымдын эң алгач кош бойлуу экенин уккан күн бешинчи күн эле, жүрөгүмдүн жарымынан ажырап, жубайымды жоготкон күн бешинчи күн эле. Кантсе да тагдыр экен. Тагдыр деген ар адамды өзүнүн ар кыл тамашалуу сыноолору менен сынайт экен. А мен болсо бул сыноолорунан кыйналып ийилсем да, эч сынбастан жашап келдим. Ошол күндөн тартып жалгыз кызым деп, жашоомдун баардыгын кызыма арнап ушул күнгө чейин жубайымдын аманаты болгон кызым үчүн жашап келдим. Өз энесиндей мээрим төгө албасам да, ата ордуна ата, эне ордуна эне болдум. Бирок бир суроодон аябай коркуп, ал үчүн көп жылдар бою ойлонуп келдим-деп киши башын чайкап сөзүн улантпай токтоп калды.
- Эмне болгон суроо деп-Аскат кишиден сурады
- Ал, суроо качандыр бир кызым мага берүүчү " Апам кайда?"деген суроо эле. Мен бул суроону көп ойлонуп, кызым мага берип калса эмне деп жооп берем деп коркуп келдим. Күн өткөн сайын кызым бара-бара акылдуу кыз болуп чңойуп жатты. Арадан билинбей беш жыл өтүп, мен коркуу менен күтүп келген күн да келди. Мен ал күнү жумушта элем. Негедир жумушубуз эрте бүтүп, түшкө маал үйгө келдим. Үйгө кирип келсем кызым качандыр бир кезде жубайым экөөбүз түшкөн сүрөтү кармап олтуруптур. Эмне кылаарымды билбей, сүрөттү эптеп алаксытып алайын деп жанына барып:
- Атакеси жумуштан келди, атакесин ким сагынды? Атасы болсо кызын абдан сагынды-деп эркелетип сүрөттү алайын десем, кызым мага эч кароосуз:
- Ата бул сүрөттөгү эже ким?-деп суроо берди. Бул суроону укканымда эмне кылаарымды билбей эч сүйлөөсүз катып калдым.
- Ата бул эже ким? Сиздин жаныңызда турган-деп кызым суроосун кайталап берди. Жүрөгүм чыдабай, мен айтпасам бир күнү болбосо да бир күнү чындыкты угуп алат деп, калп айтуудан коркуп кызыма чындыкты айта баштадым:
- Бул эжеби?, бул эже сени ушул жарыктыкка алып келген сенин апаң болот-деп жооп бердим.
- Апам дейсизби. Ата мен апаларды көргөм, алар аябай жакшы адамдар экен. Менин чогу ойногон курбуларымдын өз апалары бар да. Алар болсо өз кыздарын эркелетип, чачтарын соонун кылып өрүп берет экен. Ата а эмнеге менин апам жанымда эмес?
- Кызым сенин апаң дайыма сенин жаныңда жүрөт, болгону сен аны көрбөйсүң, анткени ал бийик-бийик асманда.
- Анда менин апам периште экен да э ата, мен уккам периштелер аябай сулуу, кооз жана мээримдүү болушат деп
- Ооба кызым, сенин апаң да ошондой сулуу жана мээримдүү.
- А эмнеге ал асманга учуп кетти ата?
- Анткени ал сени акылдуу, тартиптүү жана атасынын тилин алган жакшы кыз болуп чоңойсун деп сени мага таштап кеткен.
- А мен акылдуу, сиздин тилиңизди алган тартиптүү сонун кыз болуп чоңойсом апам кайра келеби ата?
- Келет кызым келет-деп кызымдын мындай суроолорун угуп жүрөгүм чыдабай кызымдын башынан сылыап, чекесинен өөп ага билгизбей ыйлап алдым. Канткенде да апанын кадыры ыйык экен, мен айткандарды угуп кызым акылдуу жана тартиптүү кыз болуп чоңойуп жатты. Бирок бул кылгандарынын баарысы апасы үчүн эле. Ээх андан бери көп жыл өтүп, кызым бой жетип чоңойуп барын түшүнүп калды. Мына иним менде катылган сырлар мына ушундай окуяларды камтыйт. Жубайымды эстеп аптанын ар бешинчи күнү сайын ушул кафеге келип ушул орунга олтуруп алам. Вазадагы сууга салынып турган бул куураган роза гүл болсо, жубайым экөөбүз акыркы жолугушканда ага берген гүлүм эле. Мен бул гүлдү дайыма сактап келем. Ансыз өткөргөн ар-бир күнүм жөнүндө, ал жарыктыкка алып келген кызы жөнүндө ар бешинчи күн сайын ушул жерге олтуруп алып, өзү жок болсо да, көз алдыма бардай элестетип алдына бир кружка чай коюп баарысын айтып берем. Кээ бирлери менин өзүм менен өзүм сүйлөшүп жатканымды көрүп, бул жинди болуп калган экен деп ойлогондору да жок эмес-деп ал киши үшкүрүнүү менен башын чайкап, сөзүн токтотуп туруп калды.
- Сырттан караганда жөнөкөй көрүнгөнүңүз менен көөдөнүңүз кайгы капага толо экен. Сизди ойлонтуп, ый үстүнө ый кошсом кечирим сураймын-деп Аскат кишинин көздөрүн тик карай албай башын жерге салып туруп калды.
- Эч нерсе болбойт, баары жакшы. Ушул убака чейин эч ким менен мынчалык сүйлөшүп сыр чечишкен эмес элем. Өзүң айткандай ичимдеги кайгы капаны сени мнен бөлүшүп бир жеңилдеп калдым. Сен абдан акылдуу жакшы жигит экенсиң. Атың ким сенин-деп ал киши Аскаттын атын сурады:
- Атым Аскат болот- деп кишиге колун сунду.
- Меники Нурбек-деп Аскаттын колун кармап учурашып таанышып алышат.
Мына ушул күндөн тартып Нурбек мырза менен Аскат жакшы тааныштардан болуп жүрдү. Нурбек мырза кафеге келген сайын Аскат ал менен чогу олтуруп сүйлөшкөндү адат кылып алган эле. Аскат Тилек досунун жардамы менен өзүнө жайгашканга жай таап, тайкесинин үйүнөн көчүп келип өзүнчө бир батирде туруп калат. Аскатты окуусунан да, алдыдагы келечегинен да көп ойлонтуп санаасын санга бөлгөн бул Элгиза эле. Аскат ар күнү " мен сүйүүмдү айтсамбы же айтпасамбы, мүмкүн жүрөгүнүн ээсин билбей туруп сүйүүмдү билгизип алып достук мамилемди бузуп алсамчы, ал мендей карапайым жигитти жактырмак беле"-деп ар күнүн Элгизаны ойлоо менен өткөрөт. Бир күнү Аскат жумушунда жүрүп Элгизага чалат:
- Алоо Элгиза кандайсың?
-Жакшы, өзүңүз кандайсыз Аскат байке?
-Менде да жакшы. Элгиза көптөн бери жолугушбай калдык, бүгүн бир жолугушуп сүйлөшүп олтурбайлыбы?
- Макул, сиз айтсаңыз мен кантип жок дейин. А кайсыл жерде жолугушалы?
- Сени бир кафеге чакырайын, келе аласыңбы?-деп Аскат өзү иштеген кафенин дарегин Элгизага берет.
- Макул анда, кечке жолугушканга чейин Аскат байке-деп телефонун өчүрүп коёт.
" Мына бүгүн, мына ушул кечте өз сүйүүмдү мен Элгизага билдиремин. Жүрөгүмдөгү тунук, таза сезимдеримди ошого гана арнаймын-деп бүгүнкү кечти чыдамсыздык менен күтүп жатты.
Күн батып, шаардын ичи кечки сулуулукка бөлөндү. Элгиза Аскат берген дарек боюнча келип, ал иштеген кафеге кирип келди да, терезеге жакын бир орунга олтуруп Аскатты күтүп олтурду. Капысынан Элгизанын артынан бирөө келип эки колу менен анын көздөрүн бекитип алат. Элгиза колун түшүрүп, артын караса

#6 28 August 2017 - 20:51
-Келип калдыңбы-деп Аскат Элгизаны жылмайып карап
-Аскат байке сиз белеңиз, ким экен деп чочуп кетсе.
-Чочутуп алсам кечирим сураймын-деп Элгизанын бет маңдайына олтуруп алды.
-Аскат байке, үстүңүздөгү эмне болгон форма?
-Ии унутуп калган турбаймынбы, баса мен ушул кафеде иштеймин. Эртең менен окууга барып, окуу бүткөндө өзүмө кичине жардам болсун деп ушул жерге келип официант болуп иштеймин-деп жооп берди Аскат. "Элгиза менин мындай жумушта иштегенимди билип, мени чанып кетпесе эле болду"-деп ичинен негедир бушайман болуп турду.
-Сен олтуруп тур ээ досум, менин бир аз жумуштарым бар эле, ошолорду бүтүрүп келе калайын, а сен болсо ага чейин кофе ичип олтуруп тур-деп Аскат жумуштарын бүтүргөнү кетип калды. Ары басса да, бери басса да Элгиза менен Аскат бири-бирин карап жылмайып турушту. Көп өтпөй Аскат башчысынан эртерээк бошотуусун суранып, кийинүүчү бөлмөгө басып кетет. Элгиза оюнда эчтеме жок, терезени тиктеп олтурган кезде, анын столуна бир официант келип:
-Саламатсызбы, кутмандуу кечиңиз менен-деп столдун үстүнө эки шам коюп, анан аларды күйгүздү да, Элгизанын алдына "бул сизге"-деп бир кичинекей кагазды таштап кетет. Эмне болгон кагаз деп ичин ачса ал кагаздын ичинде " Мен" деген жазуу жазылып туруптур. Кагаздагы сөзгө түшүнбөй, ойлуу олтура берди. Көп өтпөй дагы бир официант келип столдун үстүнө эки бакал жана бир шампанский койду да, ал дагы Элгизага кичинекей кагаз таштап кетет. "Эмне эле болуп жатат, эмне болгон кагаздар" -деп ал кагазды ачса бул жолкусу анын ичинде "Сени"деген жазуу жазылган экен. Бул жазууга да түшүнбөгөн Элгиза ойлонуп олтурган кезде дагы бир официант келип, жылмайган жүзү менен столдун үстүнө эки кишилик орун даярдап, идиштерди койду да, ал дагы кичинекей кызыл жүрөкчө кагаз таштап кетет. "Дагы эмне болуп кетти"-деп кагазды ачып, көз жүгүртүп окуса "Сүйөм" деген жазууну окуйт. Бул кагаздагы сөздөрдү окуп, көпкө ойлонуп олтурду да, капысынан үч кагаздагы үч сөздү бириктирсе "Мен сени сүйөм" деген сөздү курап чыгат. "Бул кагаздарды ким жөнөтүп жатат, ким ал, ким мени сүйөт экен?"-деп эки жагын карап жатканда:
-Мен, мен сени сүйөмүн Элгиза-деп Аскат байкатпай келип Элгизанын жанына олтуруп. Бул сөздү уккан Элгиза бурулуп астын караса Аскат өзүнө жарашыктуу костюм кийип, колуна бажырайган роза гүлүн алып олтуруптур.
-Аскат байке бул жерде эмне болуп жатат?
-Уксаң Элгиза, бул нерселердин баары сен үчүн. Мен бул учурду көпкө күткөн элем, эми минтип ал учур да келди. Сен мен айткан сөздөрдү кандай кабыл аласың, ойлонуп-ойлонуп кандай чечим чыгарасың мен билбейм, бирок мен сага айтышым керек. Элгиза биз экөөбүз көптөн бери таанышбыз. Мына ошол учурларда, деги эле экөөбүз биринчи жолу таанышкан учурдан ушул учурга чейин аябай бактылуу күндөрдү өткөрдүм. Кээ бир күндөрүм кайгы, капа менен башталса, сени көргөндө негедир ал кайгыларымды унутуп, өзүмө кандайдыр бир башкача сезимдерди алам. Качан сен менин колдорумду кармаганда, качан сен мага бир жылмайып күлгөнүңдө жан дүйнөм эргип, өзүмдү бир күч кубат алгандай сезем. Бул сөздөр менен эмнени айткым келип жатат. Элгиза, сенин мага кылган жылуу жумшак достук мамилең мени сүйүүгө алып келди. Мен .... мен сени сүйөмүн Элгиза-деп акырын Элгизанын колунан кармап, колундагы кызыл гүлүн Элгизага сунду. Элгиза Аскат сунган гүлдү алды да, көздөрүнө жаш алып ыйлап ийди.
-Эмнеге ыйлап жатасың, жээ мен туура эмес бирдеме сүйлөдүмбү? -деп Аскат жалооруп Элгизаны карап.
-Жоок, жаман эч нерсе айтпадыңыз, ооба сизди туура түшүнүп жатам, бирок мындай нерсе болот деп эч күтпөгөн элем. Сиз туура айтасыз, биз сиз менен көп убакыт өткөрдүк. Эки жаштай чогу бастык, чогу жүрдүк, чогу ыйлап чогу күлдүк, бирөк менин сизге кылган достук жылуу мамилем качандыр бир кезде сиздин жүрөгүңүздүн түпкүрүндө жаткан сүйүүнү ойготот деп эч ойлонгон эмес элем. Эң кызыгы сиздин мендей кызды, мендей байдын кызы андай, мындай кыз болот деп жаман көрбөстөн сүйүп калганыңызга таң калып жатам. Аскат байке, мен сизге бул сөздү кантип айтам, бул сөздү айтууга менин күчүм жетпейт-деп Элгиза көздөрүн ала качып жерди тиктеп олтуруп калды. А бул сөздөрдү уккан Аскат болсо " Мына сөздөрүнөн эле билинип жатпайбы, ал мендей карапайым официант баланы кайдан жактырмак эле"-деп башын жерге салып маанайы суз боло түштү. Элгиза Аскаттын колдорун кармап:
-Аскат байке, мен да сизди сүйөм, мен сизди алгач көргөн учурдан тартып сүйүп келем-деп жооп берди. Элгизанын бул сөздөрүн уккан Аскаттын кубанычы койнуна батпай, күлө албай же ыйлай албай туруп калды. Заматта ордуна тура калып, Элгизаны бекем кучактап, өз кучагына алды. Мына ушул мүнөттөрдө, мына Аскатты ушундай абалда көргүсү келген кесиптештери өздөрүнчө берки жакта чогулуп, Аскат менен Элгизаны көрүп сүйүнүп турушту.
-Эмне турабыз, баскыла эки бактылууга романтика кечесин уюштуралы, кана-кана баскыла-деп бирин-бири түртүшүп, Аскат менен Элгизага көңүлдүү кеч куруу үчүн ар кимиси өз оордуларына кетип калышты. Бири келип "бактылуу болгула"- деп столдун үстүнө түркүн-түстүү тамактарды койуп кетсе, кийинкиси келип "бири-бириңерге куп жарашат экенсиңер" -деп Аскат даярдаган топ гүлдү суусу толгон вазага салып, өз каалолорун айтып кетип жатышты. Аскат өзү чогу иштеген кесиптештери менен Элгизага унутулгус бир соонун кеч куруп беришет.
Элестетсеңиздер, качандыр бир кезде өзүңүздөр сүйгөн адамдан "Мен да сени сүйөм"деген сөздү укканда кандай гана бактылуу болобуз. Мына Аскат да өзүнүн көптөн күткөн сүйүктүү адамынан бул сөздөрдү укканда, дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардан болуп турду.
Мына ушинтип күтүлбөгөн жерден Аскат менен Элгизанын ортосундагы достук мамиле жалындаган тунук сүйүүгө айланат. Колдорунан бекем кармашып, сүйүүнүн ачуусун да, таттуусун да баштарынан кечирип келишти. А Аскат менен Нурбек байке ортолорундагы байланышты үзбөй, эң жакын тааныштардан, жада калса бирин бири ага инидей көрүп калышты.
Күн артынан күн, ай артынан ай өтүп арадан билинбестен бир жыл өтөт. Аскат негедир Элгиза экөөнүн ортосундагы мамилени көпкө созбостон Элгизага турмушка чыгууну сунуш кылмак болот. Эч талбастан иштеп Аскат Элгизага эң кымбат шакек сатып алат. Кур убакыт өткөзүп, убакытын уттургузу келбей, Элгизаны жолугушууга чакырып телефон чалат:

#7 28 August 2017 - 22:30
-Алоо жаным
-Алоо кандайсыз?
-Жакшы жаным, өзүң кандайсың?
-Сиз жакшы болсоңуз, сиздин жаныңыз абдан жакшы-деп күлүп койду Элгиза.
-Сүйүктүүм гоо менин. Элгиза бүгүн кечке сага даярдаган бир белегим бар эле, бүгүн жоолугалы ээ.
-Эмне болгон белек Аскат байке?
-Азыр айта албаймын, эмесе кызыксыз болуп калат да.
-Мага белектердин кереги жок, мага эң башкысы сиз болсоңуз болду Аскат байке. Сиз мен үчүн эң кымбат белексиз.
-Алтыным менин. Бирок бары бир жолугушалы ээ, мен сөзсүз бул белекти беришим керек.
-Сизге кантип жок дейин. Кайсыл жерден жолугалы-деп сурады Элгиза. Аскат жолугуша турган жерди айтып дарегин берет.
-Сиз менен жолугуп бир сагынычымды таркатып алат экенмин. Сизди аябай, аябай, аябай сагындым Аскат байке.
-Мен да сени аябай сагындым жаным-деп телефонун өчүрүп койду.
Аскат Элгиза менен сүйлөшүп бүткөндөн соң, кечки жагымдуу кечти чыдамсыздык менен күтүп жатты. Ары басса да, бери басса да, негедир ал күткөн кеч ал үчүн бир жылдай сезилип убакыт өтпөй койду. Акыры күн батып, шаардын ичи түнкү сулуулукка бөлөнөт. Аскат жолугуша турган жерге келип койну толгон кызыл роза гүлү менен Элгизаны күтүп турду. Капысынан Элгизаны алыс аралыктан көрүп калып, гүлүн артына бекитип алат. Аскат менен Элгиза бирин бири көргөндөн кийин жүздөрүнө жылмайуу келип бирин бири көздөй жакындап келе жатышты. Чуркап келип Элгиза Аскатты кучактап:
-Мен сизди аябай сагындым.
-Мен да сени аябай сагындым жаным.
-Билесизби Аскат байке, мага эч кандай белектин кереги жок, мен үчүн эң кымбат табылгыс белегим бул сизсиз. Болгону сиз ар дайым менин жанымда болуп, мени ушинтип кучагыңызга алганыңыз эле жетиштүү-деп Элгиза көпкө чейин Аскаттын кучагынан чыкпай турду.
-Мен үчүн да сен эң кымбат белексиз жаным. Сенин мындай жагымдуу сөздөрүң мени эң бактылуу адам кылыт жана сени менен бул өмүрдө түбөлүктүү бирге болгум келет. Элгиза сага айта турган бир сөзүм бар эле.
-Унчукпаңыз, сүйлөбөңүз. Мен болгону сиздин кучагыңызда жүрөгүңүздүн мен деп сокконун уккум келет.
Аскат акырын Элгизанын кулагына жакындап:
-Мага турмушка чыгасыңбы жаным-деп акырын шыбырады. Бул сөздү уккан Элгиза чочуп кетип Аскаттын жүзүнө карап:
-Эмне дейсиз?
Аскат акырын шакегин алып чыгып:
-Мага турмушка чыгасыңбы Элгиза?
Көргөн көзүнө, уккан кулагына ишенбеген Элгиза сүйүнгөнүнөн көздөрүнөн жаш агызып:
-Ооба, мен макулмун, мен макулмун Аскат байке-деп кайрадан Аскатты кучактап алды. Айлуу түндө экөө көпкө чейин сырдашып, жагымдуу сөздөр менен бирин бири эркелетип, кыялдарында махабаттын тунук көлүндө сүзүп жүрүштү.
Мына ошентип Аскат менен Элгиза көптөгөн бактылуу күндөрүн баштарынан бирге кечирип келишти. "Окуумду аяктагандан кийин Элгиза экөөбүз баш кошобуз"- деп Аскат эч талбастан алдына койгон максатына умтула берди.
Турмуш өз сапарын улап, күн артынан күн, ай артынан ай өтүп, арадан билинбей жылдар өтөт. Аскат акырындап өз окуусун аяктай турган жыл да келет. Күнүмдүк жумушун кылып кафеде иштеп жүрө берет. Күндөр өтүп, аптанын бешинчи күнүндө Нурбек байке кайрадан ошол кафеге келип өзүнүн мурунку ордуна олтуруп алды. Нурбек байкени көргөн Аскат заказын айттырбай даярдап жеткизди да, сүйлөшүп сырдашканы жанына олтуруп алат:
-Кандайсыз Нурбек байке, иштериңиз кандай?
-Менде баары жакшы, көрүп турганыңдай, өзүң кандайсың, чарчабай эле иштеп жүрөсүңбү иним?
-Аа рахмат, чарчабай эле иштеп жүрөмүн. Эгер чарчасам сизге окшогон агам менен бир маектешип алсам, чарчаганымды бат эле унутуп коюмун-деп бир жылмайып күлүп койду.
-Жакшы жакшы, чарчабай иштей бер иним. Окууларың кандай, ийгиликтүү элеби.
-Рахмат баары жайында, окуумду бүтөөрүмө саналуу эле күндөр калды. Ии баса сизге айта турган бир жаңылыгым бар эле Нурбек байке.
-Иниңиз жакын арада үйлөнтөт-деп кубанычтуу жүзү менен өз сүйүнүчүн Нурбек байке менен бөлүшүп ага айтып берет.
-А койчу, чын элеби, анда куттуктаймын иним. Ата-энең угуп кубанып жатса керек ээ?
-Жоок мен азырынча бул жөнүндө аларга айта элекмин.
Нурбек байке Аскат менен көптөн бери тааныш болгондуктан ал аны беш колундай билет эле. Өзгөчө ал Аскаттын жөнөкөйлүгүн, акылдуулугун ыймандуу жана тырышчаактыгын баалайт эле. Ушундан улам Нурбек байке өз кызын ага татыктуу көрүп, келечекте Аскатты күйө баласы кылууну самап жүргөн. Бирок Аскаттан күтүлбөгөн бул жаңылыкты угуп маанайы түшсө да, бул абалын ага эч билдирбегенге аракет кылып, ал үчүн кубангандай түр көргөздү.
-Мүмкүн ата-энең менен бул кубанычтуу кабар менен бөлүшсөң кантет иним?
-Туура айтасыз, мен аларга бул жөнүндө кийинчирээк айтайын дегем, бирок эрте күндү кеч кылбай, эртелете берсем өзүмө да жакшы-деп ата-энесине бул тууралу айтайын деп телефонун алса, ошол учурда Аскаттын атасы чалып калат.
-Кызык атам чалып жатат, алар да бир несени сезген гоо-деп Аскат кубанычтуу көтөрүнкүү маанайы менен телефонду алып:
-Алоо ата
-Алоо уулум кандайсың-деп атасынын үнү башкача чыгып жаай сүйлөдү.
-Менде баары жакшы, өзүңүздөр кандайсыздар? Эмне оруп жатасызбы, үнүңүз башкача чыгып жатат ата?
-Жоок оорубадым уулум, болгону..... сага чалганымдын себеби-деп атасы сүйлөшүп турган жеринен ыйлап кирет.
Эч несени түшүнбөгөн Аскат:
-Эмне болду ата, эмнеге ыйлап жатасыз-деп ордунан заматта туруп.
-Балам.... Апаң ооруканага түшүп калды. Кан басымы көтөрүлүп, жүрөгүнүн иштеши начарлап кетиптир. Врачтар тез арада операция жасабаса жоготуп алышыңар мүмкүн деп жатат. Ал эми операцияга көп суммадагы акча керек экен. Эми эмне кылабыз уулум, акчаны кайдан табабыз...-деп атасы телефондон көз жашын төгүп, жаш баладай ыйлап турду. Атасынын бул сөздөрүн уккан Аскат өз кулагы уккан сөздөргө ишенбей, колунан телефонун түшүрүп эч кыймылсыз бир ордуна катып туруп калды. Атасынын ар-бир сөзү кулагына жаңырып, көздөрүндөгү тентек жаштар бирин-бир түртүп Аскат турган жеринен ыйлап ийди. Аскаттын мындай абалын көргөн Нурбек байке:
-Иним эмне болду, эмне жаман кабарбы-деп ордунан туруп Аскатка суроо узатат. Аскат акырын ордуна олтуруп, эки колу менен башын кармап, апасынын оор абалын көз алдына элестетип, көз жашын тыя албай ыйлай берди.
-Аскат иним, деги тынчылыкбы, түшүндүрүп айтчы эмне болду?
-Апам, апакем өлүм алдында жатыптыр Нурбек байке, аман алып калыш үчүн көп суммадагы акча керек экен, мен андай акчаны кайдан табам? Кайдан табам-деп Аскат атасы менен сүйлөшкөндөрдү Нурбек байкеге ыйлап-сыздап айтып берет.
-Капа болбо иним, баары жакшы болот, бир айласы табылып калаар.
-Кандай айла айтыңызчы Нурбек байке, кандай айла? Мен кантсем да ал акчаны табышым керек, бирок кантип табам-деп кайгырып сыздай берди. Нурбек байке көпкө ойлонуп, акырын келип Аскаттын далын таптап:
-Мен жардам берем иним, бирок..... бир шарт менен.
-Кандай шарт айтыңызчы, мен баарына даярмын, эмне кыл десеңиз да аткарам Нурбек байке. Мына ушул учурда Нурбек байкеге ыңгайлуу шарт туулуп, Аскатты күйө баласы кылып алууну ойлонуп:
-Аскат сен менин кызыма үйлөнөсүң, канча акча сурасаң берем, болгону менин шартымды аткара алсаң.
Бул сөздөрү уккан Аскат чочуп кетип:
-Эмне деп жатасыз Нурбек байке, менин абалымды көрбөй турасызбы, мен азыр тамашалашканга алым жок.
-А мен тамашалашкан жокмун. Сен өз апаңдын аман калышын кааласаң ушул шартымды аткар, себеби мен да жалгыз кызымдын бактылуу болушун каалаймын. Кызымды сендей болгон жигитке бергениме эч өкүнбөйт элем.
-Нурбек байке түшүнсөңүз, мен кантип мындай кылам, сиз мени ыңгайсыз абалда калтырып жатасыз.....
-Мени ук Аскат, апаңдын жаны кымбатбы жээ сүйгөн кызыңдын көңүлүбү?
Нурбек байкеден мындай сөздөрдү уккан Аскат, көпкө чейин алтындай болгон апасын ойлонуп, Элгизага болгон тунук сүйүүсүнөн баш тартып:
-Мен макулмун-деп Нурбек байкеге колун сунат.
-Эң жакшы, туура жолду тандадың иним. Ал эми акчаны эртең ушул жерден алып кетесиң-деп Аскат менен коштошту да басып кетип калды. Эртеси Аскат кафеге келип Нурбек байкеден акчаны алды да, айылга жол тартып кетип калат. Врачтар сураган сумманы толугу менен жана убагында жеткизип апасынын жанын аман алып калууга жетишет. Арадан күндөр өтүп апасы бутуна туруп жакшы болуп кетет. Аскат үчүн апасынын мындай абалында көрү эң чоң бакыт эле.
Бир күнү Аскат үй бүлөөсү менен тамактанып олтуруп:
-Ата, апа, уулуңар эр жетилип чоңойду. Мени ушул эрезеге жеткиргениңер үчүн сиздерге өмүр бою карыздармын. Эми... мен бул сөз менен эмнени айткым келип жатат, апа сиз ушул убакка чейин бизге кабагым кашым дебей кызмат кылып келдиңиз. Эми кызмат кылууга биздин кезек келди. Сизди колуңузду узартып мен үйлөнөйүн дедим эле апа.
Аскаттын бул сөздөрүн укканда үйүндөгүлөрү кубанып, апасы Аскаттын чекесинен өөп:
-Айланайын уулум десе, кагылайын тилегиңе жет. Эмне сүйлөшкөн кызың барбы?
-Ооба апа, сүйлөшкөн кызым бар, жана да анын атасы менен да жакшы мамиледемин- деп апасын кучактап эркелеп турду. Сыртынан сыр билгизбей, үй бүлөөсүнө жылмайып турса да, жан дүйнөсү жүрөгүнүн жарымынан ажырап Элгизаны жоготуп алганына кайгырып ыйлап турду.
Айылда көп күн өткөрбөй, үй бүлөөсү тойго даяр экенин Нурбек байкеге билгизгени шаарга жөнөп кетет. Шаарга келип, өзүнүн иштеген кафеде Нурбек байке менен жоолугуп:
-Нурбек байке, сизге ыраазычылыгымды билгизем. Билбейм, эгер сиз болбосоңуз апам аман калат беле.
-Иним менин бул кылган ишим сага да, мага да жардамын тийгизди. Эч ойлонуп көп кайгыра бербе. Ии баса мен сен жөнүндө өз кызыма айттым, бирок атыңды айтпадым, өзүңөр таанышып билип аласыңар. Ооба кызым да кичине карышылык көргөзүп, жигитим бар деп туруп алды. Бирок мен бир сөзүмдү кайра кайталатпай макул болду. Кызым сендей жигитке турмушка чыкса жаман эмес-деп Аскаттын ийинин кармап. Аскат Нурбек байкенин сөздөрүнө эч маани бербей ойлуу турду, анткени анын ойлогону бир гана Элгиза эле. "Мен ага бул жөнүндө кантип айтам, мен андан баш тарттым деп кантип айтам, эгер ал бул сөздөрдү укса кандай абалда болот. Ал менин бул кылгандарым бир гана апам үчүн экенин билсе кана"-деген ойлор Аскаттын жүрөгүн катуу мыкчып, оорутуп турду. Аскат Нурбек байке менен сүйлөшүп бүткөн соң жумушунан чыгып, чыдабай Элгизага чалат:
-Алоо.
-Алоо Элгиза кандайсың?
-Жакшы, жаман эмес, өзүңүз кандайсыз.
Негедир Аскатка Элгизанын сүйлөгөндөрү капалуудай сезилип жатты.
-Элгиза, азыр каяктасың?
-Окуудан жаңы эле бошоп үйдү көздөй бара жаткам.
-Азыр экөөбүз жолуга алабызбы, менин сага айта турган бир маанилүү сөзүм бар эле.
-Макул, мен сизди окуу жайдын алдындагы сейил бактан күтөмүн.
-Мен азыр барып калам-деди да телефонун өчүрүп жолго чыкты. Аскат жолдо келе жатып көп ойлонду. "Ал менен мындай сөздөрдү угуп кандай абалда калат болду экен деп, өзүнөн да Элгизаны көп ойлоп бушайман болуп келе жатты. Баскан сайын жол арбып акыры Элгизага да жетип келет. Келип экөө учурашты да акырын олтургучка олтуруп алышты. Аскатка негедир Элгизанын да маанайы суздай көрүнүп турду.
-Бүгүн эмне маанайың жок?
-Жоок жакшы эле.
-Элгиза мен сени бул жерге чакырганымдын себеби.... мен жаңылышып алыпмын
-Жаңылышып алдым... бул эмне дегениңиз Аскат байке?
-Эмии...Элгиза сен мени туура түшүн
-Эмнени түшүнөйүн, эмнелерди эле айтып жатасыз сиз?
-Сөзүмдү эмнеден баштаарымды билбей турам. Элгиза мен сага сунуш айтып жаңылышып алдым, мени кечир, мен мен жакында башка кызга үйлөнөм. Ортобузда болгон нерселердин баарысын унут. Менин сага болгон сезимдеримдин баарысы жалган-деп Аскат башын жерге салып туруп калды. Аскат үчүн оозу менен бул сөздөрдү айтуу оңой болсо да, ичинен жан дүйнөсү жараланып, ар-бир айткан сөзүнө өкүнүп турду.
-Мен сизге ишене албай турамын Аскат байке, мен сизден бул сөздөрдү уккан өз кулагыма ишене алба турам Аскат байке, эмне үчүн менин тунук сезимдерим менен ойнодуңуз. Кантип ушундай жолго бардыңыз билбейм-деп Элгиза ордунан туруп, жан дүйнөсү муңга батып ыйлап турду. Аска Элгизаны тынчтандырганга аракет кылып ордунан туруп:
-Элгиза түшүнчү суранам, баары сен ойлогондой эмес, убагы келгенде өзүң түшүнөсүң.
-Айтыңызчы Аскат байке, эмнеге? Эмнеге? Эмнеге? Айтыңызчы эмнеге мындай кылдыңыз?-деп Элгиза көз жашын көлдөтүп алсыз колдору менен Аскаттын көкүрөгүн кайра кайра уруп сурай берди.
-Менин башка айлам жок, мени кечир, бул менин акыркы чечимим. Мен бул чечимимди өзгөртө албаймын-деди да эч сүйлөбөй туруп калды. Ыйлап боздоп турган Элгизаны ушунчалык кучагына алып соороткусу келсе да, ага жакындабастан басып кетип калды. Ыйлап турган Элгиза акырын тизе бүгүп жерге олтуруп калды да:
-Мен да, мен да сизди унутамын Аскат байке. Унуту канчалык кыйын болсо да унутамын. Себеби мени да жакында башка жигитке турмушка бергени жатышкан. А мен болсо сизге ишенип, сиз мени алыс жактарга алып кетет деп ойлогом, бирок жаңылыпмын- деп ызаалуу сүйлөп, көз жашын тыя албай акырын ордунан туруп кете берди.
Аскат ичинен сыздап, "Элгиза сени жоготуу мага эң оор азаптын бири экенин, сага болгон сүйүүм тунук жана түбөлүктүү сакталып кала берээрин билсең гана"-деп ичинен сыздап кете берди.
Аскат менен Элгиза коштошкон күндөн бери арадан нечен деген күндөр өттү. Ал эми бул күндөр экөөсүнүн жүрөктөрүн кайта-кайта терээң жараттарды жарата берди. Мына ошентип Аскаттын үй бүлөөсү менен Нурбек байкенин көптөн күткөн күнү да келет. Нурбек байке кыз үчүн эч бир акчасын аябастан заңгыраган ресторанды тойго деп камдап жатат эле. Айылдан Аскаттын туугандары, шаар ичинен Нурбек байкенин жакын адамдары келип убакыт өтүп, кеч кирген сайын ресторандын ичи адамдарга толуп жатты. Ал эми Аскат болсо кычырап жасанып кийинсе да, анын маанайы аябай чөгүп турган эле. Анткени ал өзүнүн сүйгөнү Элгизага эмес, башка бир бейтааныш, ушул убака чейин жүзүн бир да жолу көрбөгөн кызга үйлөнүп жатканына өкүнүп турган. Аскат ушундай абалда ресторандын алдында, жасанганы кеткен Нурбек байкенин кызын колуна гүл алып күтүп турган эле. Акырын жанын Нурбек байке басып келип:
-Кандай гана кычыраган күйө бала, бул турпатыңды бир гана суз маанайың бузуп турат. Кана иним маанайыңды көтөр, той күнү мынчалык капалануу болбойт гоо.
-Баары жакшы Нурбек байке болгону өткөн күндөрдү унутуу кыйын....
Капысынан ресторандын алдына Нурбек байкенин кызы олтурган унаа келип токтойт. Акырын унаанын эшиги ачылып, барпыраган аппак үлпөт көйнөгү менен, маанайы суз Элгиза түшүп, эки көзүн жерден албай туруп калат. Көргөн көздөрүнө ишенбеген Аскат, таң калып карап, колундагы гүлү түшүп Элгизаны тиктеп туруп калды. Нурбек байке акырын Аскаттын ийинине колун койуп:
-Ии эмне мынча таң калдың иним, бул унаадан сенин жүрөгүңдүн ээси, менин жалгыз кызым Элгиза түшөт деп эч күтпөдүң беле-деп жылмайып карап турду.
-Бирок.... Нурбек байке бул кантип?.
-Ээх иним бул узуун окуя. Сен бул жерде турба бар келинчегиң күтүп калды, же ал сага өзү келеби-деп Нурбек байке жылмайып Аскатты Элгизага жөнөттү. Аскат басып келип акырын Элгизанын жүзүн ачса, Элгиза башын өйдө көтөрүп:
-Сиз..... кантип? Мен ишене албай турамын
-Ооба мен жаным, тагдыр бизди айрыбай, кайра башыбызды ушул бактылуу күндө бириктирди.
Аскат менен Элгиза бирин-бири кучактап, бул жолкусу кайгыдан эмес, кубанычтан, сүйүүдөн, махабаттан жана көптөн күткөн бакыттын айынан көздөрүнө жаш алып, бирин бири катуу кучакташып көпкө чейин тура беришти. Ал эм башкалар болсо болгону эки жашка суктануу менен карап турушту. Алар үчүн бул күн кандайдыр бир жөнөкөй күндөй сезилсе, Аскат менен Элгиза үчүн бул күн буга чейин баштарынан нечен деген кубанычтуу да, капалуу да, ыйлуу да, ыйсыз да, чогу жүргөн, жалгыз жүргөн күндөрдү кечирип, көптөн күткөн эң бактылуу күндөрдүн бири болуп турду!!! !
" Ак Канат "
Аягы

#9 03 September 2017 - 22:38
Менимче билип сынаган окшойт да.
Бул дүйнөдө эң бактылуу адам - баласы бар адам...

Супер-Инфо
super.kg
видео