Саламатсызбы?
Форумчулар кандайсыздар мен 13 жашта болом. Чыгарма жазам. Кандай экенин окуп мага кабарлап коёсузбу? Эң жаш жазуучу болсом керек ээ. Анан да админ менин чыгармам жакса газетага чыгара аласызбы?
- (2 )
-
- 1
- 2
Жаш жазуучунун чыгармалары
#3 16 September 2017 - 15:23
ТАГДЫР БАРАКТАРЫ
Башталышы
Жаз мезгили. Айлана шаңга бөлөнчү кез. Жолдо жаш балдардын кыткылыктап күлгөнү, кишилердин маектери, жагымдуу музыка ыргактары жаңырып турду. Кандай кооз убакыт. Бул көп кабатту үйлөрдө ар ким өз иши менен. Сайкал жолдо бутун араң гана сүдөрөп келе жатат. Башында көк жоолугу бар жана жашыл түстөгү көйнөк кийип алган. Аза күтүп кийиле турган кийим беле? Эрини катып калган. Ыйлаганынан көзү шишип кетиптир. Көзүнөн кичинеден жаш агып турат. Сайкалдын жалгыз иниси бар эле. Ата-энесинен калган жалгыз аманат болчу. Ошол инисине ажыраганына 45 күндөй болду. Баардык ырым жырымын кылып келе жаткан учуру. Коңшуларынын кээ бири көңул айтып жатты. Ага да көңүл бурбай Сайкал өз үйүно көздөй жөнөдү.

#4 16 September 2017 - 15:27
#5 16 September 2017 - 15:48
Кирип үйүн ачты. Күндө мойнуна асылып эркелечүү иниси жок экен. Үйү ошол бойдон. Кандай жыйналса дагы да ошондой турат. Болгону бир аз чан баскан. Мурун иниси күндө келсе даяр жумуш кылып чачып турчу эмес беле. Бут кийимин чечип үйүнө кирди. Бул үйдө Сайкал иниси менен жашоочу. 1 бөлмөлү, ашкана, даараткана жана ваннасы бар. Ушул үйгө шакылдаган Соня эже айына 5.000 ден алат. Мурун кароосуз калган үй эле. Ичи жаман болчу. Анан аны Сайкал актап, полун сырдап кут киргизип алган эле. Кирип иниси мектепке кетип жатып чечкен кийимине көзу түшүп калды. Аны алып жыттап алды да бакырып-бакырып алды. Ата-энеси таштап кеткен жалгыз аманатынан жана ошого удаа келген тайэжесинен айрылганына чыңырып ыйлап алды. Полго төшөлгөн килемди тыткылап чачып тарткылап ыйлап жатты. Анан баардык жашоосунданы татаал ашууларын эстей баштады.
Сайкал 1994-жылы Жалал Абадла төрөлгөн. Атасы Талгат, апасы Гүлсараа Сайкалды эркелетип чоңойтуштуу. Анткени андан башка балдары жок эле. Экөө көпкө балалуу болбой жүрүштү. Анан Сайкал он жашында Гүлсараанын боюна бүтүп калды. Кийин Сайкал инилүү болду. Ошол күн Сайкалдын жүрөгүнө чиймеленип өчпөс болуп тартылып калды.
Көптөн күткөн наристе жарык дүйнөгө келген күнү бул окуя болду.
Гүлсараанын толгосу болуп калды. Ошол убакта Сайкал өз бөлмөсүндө жаткан эле.

#7 16 September 2017 - 15:51
Кичинекей болсонда дуйно таанымын Кен экен.
чыгарманды баштабай ыйлатасынго .
#10 16 September 2017 - 19:20
Чынында эле 13 жаштасызбы.
.?
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#13 17 September 2017 - 12:27
Бир убакта эшик карс этип ачылып апасын жөлөп турган атасы
_Кызым тез кийин! Бол батырак!-деп шаштырып жатты. Кийинип дароо эле жөнөп кетишти. Гүлсараа менен Сайкал артында ал эми атасы астыда кетип бара жатты. Кетип жатып Гүлсараа кызынын нурлуу жүзүнөн бир өөп алды да күлүп койду
_Менин тирегим десе.
Ооруканага барышты. Гүлсарааны алып кирип кетишкен. Атасы экөө олтурушат. Бир маалда даарыгер чыкты.
_Эмне болду дарыгер?
Даарыгер Сайкалды бир карап анан Талгатты эрчитип жөнөп кетти. Сайкалдан узарганда гана.
_Мен сиздерге айткам. Аялыңыз төрөй албайт деп. Төрөгөнү күчү жетпейт.
_Эмне кылабыз анда?
_Бала же аялыңыз болуп турат бирөөнү тандасаңыз экинчисин жоготосуз. А эгер баланы алып салсак. Аялыңыз кийин төрөбөй калат. Эгер бала жарык дүйнөгө келсе аялыңыздан ажырашыңыз ачык эле.
_Мен аялыма жоолуксам болобу?
_Албетте азыр толгоосу токтоп калды кирсеңиз болот.
Талгат кирип кетти. Кирсе Гүлсараа жатыптыр көзүндөгү жаш ак балышка тамчылап жатат. Кирип жанына барса
_Даарыгер айттыбы?-деп Гүлсараа сурап калды.
_Ооба айттым. Кел баланы алып таштайбыз. Сайкал баргоо.
_Жок. Кызым кийин жалгызсырап калат. Анын устунө көптөн күткөн балабыз!
_Жок Гүлсараа кел алдыр-дегенине көнбөй Гүлсара төрөгөнү кирип кетти. Албетте опереция жолу менен. Эч нерсени түшүнбөгөн Сайкал атасына суроо берди.
_Ата апам качан чыгат?
_Чыгат кызым чыгат. А сен апаңды жакшы көрөсүңбү?
_Апама караганда сизди көбүрөк ата!-деп кайгыда турган Талгатты күлдүрүп жиберди.
_Хахаха, эх кызым, эркем менин баары жакшы болот. Апаң азыр чыгат.
Апасы чыкпай калды. Наристе жарык дүнүйөгө келди. Атын Амантур койушту. Аны Сайкал кара жолтой деп жаман көрүп жүрдү. Жаш өспүрүмдү кээде карабай таштап салат. Атасынан жеме угат. Атасы да кийин үйлөнгөн жок. Балдарын өзү багып жүрө берди. Талгат ишке кирип алган. Шаардагы бир курулуштарда иштейт. Иштеп жүрүп атасы төртүнчү кабаттан кулап түшүп кетип каза тап калган эле. Баардык ырым жырымдарын кылып кийин Сайкалдарды алып кеткен. Үйүнө барса ичкиликке берилген жездеси уктап жаткан экен. Үйү караңгы терезелерин төшөнчү менен тосуп алган. Жанында арак жана курулган эт турат. Эти да арамга чыгып кеткен. Анткени чымындар эбак эле ага жумурткаларын төгүп салган. Тайэжеси Гулжайна күндө жыйначуу. Мынтип 5 күндө ушул акыбал. Кирип эле эжеси сүйлөнө баштады.
_Дагы баягы акыбал. Тажадым үйдөн да кут кеткен. Дагы жатат сасып. Арак ичпей каныңы ичсен экен. Кечке арак менен убара. Эмне муну бирөө аракка чырмап байлап салганбы?-деп сүйлөнүп төшөк салды. Ал төшөкө да ичип келип жатып алып кусуп таштаптыр. Тескери салып олтуруп алды. Тамак ашын коюп чай ичип жатышты. Бир убакта жаш ымыркай наристе дасторконду тарта салып баарын чачып салды. Сайкал аны жемелей баштады.
_Ээ дагы чачтыңбы сен! Өлгүр десе!
_Эй Сайкал эмне деп жатасың ыя.
_Карасаңыз эже төктү.
_Дагы бир өлгүр деп сүйлөгүн жаман кылам.
_Эже мен инимди жаман көрөм баары ушунун айынан болду. Апамды ушул өлтүрду. Эже ушул-деп ыйлап жатты.
_Раматылык Гүлсараа сага угул иниңди шерик кылып таштап кеткен. Сени жалгызсырабасын деп. Бул сага аманат кызым. Амантурду мынтсең апаң көрүп капа болот.
Экөө сүйлөшүп жатканда жездеси сючыга калды. Сайкал ордунан туруп салам берсе колун сууз кылып учурашпай чыгып кетти.
Уландысы бар... Патриот жигит

#14 18 September 2017 - 11:38
Теманын аталышы өзгөртүлүп,
тиешелүү бөлүмгө жылдырылды.
Bekbolot88 , чыгармаңызды гезитке жарыялоо боюнча lira@super.kg электрондук дарегине кайрылыңыз.

#16 18 September 2017 - 15:37
Уландысын күтүп жатабыз..
Умей держать всю боль внутри, людям плевать на твои чувства.
#17 03 October 2017 - 11:36
Өлгөн адам бат эле унутулат да калат экен. Талгатты бир да эстебей калышты. Эстегени чамалары да келбейт. Анткени ойлору "жездем бүгүн да ичеби?" деген суроого бурулат да калат. Жездеси баягы эле акыбалда күнүгө ичмей. Ичип алып жөн болбостон үйүндө жаңжал кылуу. Акыркы күндөрү Сайкал да тажай баштады. Дайыма келип алып Сайкалды кошо уруп сого берет. Мурун тайэжеси бир аз болушат эле. Азыр кыңк этсе эле чачынан сүдөрөп алып чыңыртып ура баштайт. Балдарын да байкабаксан болуп бир коёт. Ошондой күндөрдүн биринде чоң баласы Бекназар араларына түшө койсо муштуму менен күлөнтүп туруп урган. Байкуш бала өлүм менен тең күрөшүп араң айыккан. Апасы болсо көрүнгөндүн эшигин сагалап карызга акча сурап даары алып айыктырып алган. Атасынын жардамы да тийген эмес. Кайра карызга алган акчасын алып таштайт эле. Арак ичкен адам катуу кетсе жадагалса баласын да унуттурат экен. Байкуш Гүлжайна балдары үчүн баарын чыдап көтөрөт да. Ажырашып кетсе балдары эмне болот. Кайжерге барат, бир туугандары жок. Кээде дүкөнчүнү да каргап алат. Бирок анда эмне күнө.
Убакыт адамды өзгөртөт тура. Сайкал баарын чыдап көтөрүп жүрдү. Кээде бети көгөрүп кеткенде билгизбегени аракет кылат. Бирок айла жок да. Кээде билинип калса кыздар менен мушташты деп жапырт шылдыңга алышат. Классташтарынын бири да ага сылык мамиле кылышпайт. Эмне кийгени жупуну болсо элеби? Эч түшүнбөйсүң. Же элдей кийине алышпайт. Убакыт зымырык куш деп бекер айтышпаса керек. Сайкал 11-классты бүтөйүн деп калды. Мектепти бүтүп эле жумушка кирип бөлүнүп кетүүнү самайт.
Көп өтпөй эле мектеп аяктап калды. ЖРТ нын жыйынтыгы чыгып Сайкал 230 бал алып эң алдыңкы окуучу болду. Бир күнү үйүнө кетип жаткан. Жолдон жарыя окуп калды. Албетте жумуш боюнча экен. Сайкал сүйүнүп айтылган дарекке барды. Чоң ресторан экен. Ичи абдан кооз. Кирип эле аңтаң боло калды. Чынында Сайкал 12жашынан бери мындай нерселерди көрбөптүр. Куту кеткен үйдү жана мектепти гана кээде автобус бекетин эле көрбөсө мындай жерге келе элек. Кирип сураштырып жүрүп башчысын тап ага жолукту. Башчысы өз бөлмөсүндөолтурган эле. Эшик тыкылдап калды.
_Кир!
_Саламатсызбы? Уруксат бекен?-деген акырын үнү менен ай чырайлуу кыз кирди. Тиги башчысы эси оогондой көрүп жаткан сыналгысын өчүрүп:
_Келиңиз айым олтуруңуз! -деп жанындагы килейген столду көрсөттү. Сайкал акырын келип жанына олтурду да :
_Жарыя боюнча келдим эле. Официантка керек депсиздер го?
_Ооба керек-деп бир дептерди алды да калемсап кармап жазууга камданып.
_Аты-жөнүңүз?
_Сайкал Талгатбек кызы.
_Жашыңыз?
_17.
_Ай аттиң бир жаш жетпейт экен бирок мейли ала беребиз. Телефон номериңиз?
_Менин телефонум жок.
_Эмне азыр баары эле телефон көтөрөт. Сизде жокпу?
_Жок!
_Анда биз сиз менен кантип байланышабыз?
_Качан келем, мага айтың ошол замат жетип келем.
Башчысы бир аз ойлонуп туруп. Анан өзү колдонуп жаткан телефонду алып
_Меңиз сизге бизден белек!-деп телефонду жанына койду.
_Жок мен ала албайм.
_Ала бериңиз биз сизге чалып барлашабыз ушу менен!
_Рахмат-деп алып чөнтөгүнө салып алды.
_Бүгүн бара бериңиз эртең жумушка чыгасыз?
_Макул рахмат сизге.
_Менин атым Мырзабек. Сиз менен танышканыма кубанычтамын.
_Мен дагы саламатта калыңыз.

#18 03 October 2017 - 11:46
Мырзабек башын ийип койду. Сайкал телефонду жана сумкасын алып чыгып кетти. Сайкал телефонду түшүнчү бирок кээ бир жерлерин билбейт эле. Анан оюнда кайра кайтарып берем. Ага чейин акырын этият кылып кармайм. Мага сүйлөшү үчүн гана керек-деп жатты. Үйү көчөнүн эң башында жетүү үчүн чоң жолдон баштап кыйла узак жүрү керек. Үйүнө жетейин деп калган. Бир убакта кыйкырык бакырык боло калды. Үйдө дагы жаңжал. Жездеси дагы арак ичкен. Негизи арак ичкен кишинин үйүндө сөзсүз жаңжал болушу керек да турабы? Азаптуу күндөрдүн бири дал ушул күн. Арак ичкен адамды бүт минип алат окшойт. Баса албай тамтаңдаганы да ошондонбу? Бул каргыш тийгир шайтандын суусу кыргыз элибиздин жарымын эле азгырып алган. Көйгөйсүз адам жок демекчи арак да бир көйгөй экен. Аны бир ичкен адам кайра таштай албайт ко? Жездесин да жаш кезинде атасы зоордоп жүрүп. Аны дарыгерге көрсөтүп тазаланган.
Бирок натыйжа болгон эмес эле. Рамаатылык Талгат буларга көп нерсе кылып берген. Жадагалса олтурган үйүн да Талгат салып берген. Анысын эске албай Сайкалды урганын карасаң. Жездеси соолукса берешен, ачык көңүл эле адам. Бирок соолукканчакты дагы ичип алып мас болуп алып жатпайбы? Бүгүн да үйүндө ызы-чуу экен. Киргиси келбей турду. Бир убакта инисинин ыйы угулуп калды. Сайкалдын жүрөгү оозуна тыгылып калды
Инисине мурункудай мамиле кылбайт. Инисин жакшы көрөт. Килейип 4-класста окуса да көтөрүп ойнотот. Тайэжесинин балдарын да жакшы көрөт. Көзү чекчейген Сайкал туура дарбазаны ачып кирип барды. Кирип эле инисинин аман эсен экенин көрүп оор үшкүрүнүп алды. Көрсө тайэжесин уруп жаткан экен. Тайэжесин башына таш менен чапканда кан атса ошого чыңырыптыр. Ойлонуңузчу мындай окуяларды көргөн бала чоңойсо кандай бала болушун. Бул нак жаман балага алып барат ко? Сайкал эжесин көрүп жаны ачышып кетти. Бирок баарына көз жумуп, эч нерсени көргүсү келбегендей түз баарып инисин кучактап
_Баары жакшы болот, жакында! Баары..
_Качан эже, тайэжемди карачы башы канап жатат. Ажыратыңчы! уу-уу--уу-деп шолоктоп ыйлап жатты. Бир убакта жездеси келип Сайкалга карай
_Акчаң барбы?
_Жок. Эмнеге?
Жездеси сумкасын алып чукулай баштады. Сумкасынан 100 сомду алып жана телефонду көрүп калды. Кызарган, сакалы өсүп кеткен, кебетеси келишип калган өңү менен Сайкалды тиктеп карап калды.
_Бул эмне? Сен эмне урдадыңбы?
_Жок тиги....тиги?
_Эмне тиги!! Менин үйүмдө ууру жашабаш керек жогол тез-тез. Тур жөнө!
_Жезде мен!!
_Эмне сөздү укпайсыңбы? Жөнө!!-деп Амантур менен Сайкалды түрткүлөп чыгарып таштады. Сайкал өзү чыгып кетти. Амантурдун жаман тапичкеси чечилип кетип аны алууга барганда жанында турган чырпыкты алып
_Сен менин үйүмөн кеткиң келбей жатабы ыя?-деп сабап кууп чыкты да дарбазаны жаап койду. Жадагалса бут кийимин да ала албай калды. Сайкал жини келип дарбазасына чоң таш атып анан инисинин жанына келди.
_Амантур болду ыйлаба! Болду эч нерсе болбойт. Жездеми билнсиң го-деп көз жашын төгүп ыйлап алды. Балким ата-энеси болбогондо бул кордукту көрмөк эмес. Эх жалган жашоо. Эмне алың ушул эки жетимге жеттиби? Эмне буларды мынча кыйнайсың?
_Эже эми кайда барабыз? Эмне кылабыз?
Экөө бири бирин кучактап ыйлап алды. Анан кетип жатышып тайэжеси экөөнүн үнү чыгып калды.
_Кана балдар?
_Кууп чыктым эмнеге?
_Эмне? Сен...сен..Сайкал токто! Сайкал!
_Эй жаман катын. Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат деп бекер айтпаган экен. Туугандарыңы топтоп аласың?-деп жөнөп кетип жаткан эжесин тороп алды.
_Тур аары? Адам болбойсуң! -деп түртө салганда жездеси жыгылып түшөт. Анан жинденип эжесин чыңыртып жатты. Мурункусунан да катуу уруп жатты сыягы? Үнү бир бийик чыгып жатты. Уккан адамдын жүрөгүн эзип жиберет. Токмок жээп жатса да эжеси
_Сайкааал! Кечир мениии! Кеечиир!-деп ыйлап жатты. Аны угуп Сайкал үйдүн сырткы дубалына жөлөнө отура калып ыйлап жатты.
_Эжее, сиз да мени кечириң, кечириң эже!
Ыйлап бүткөн бир туугандар кетип жатышты. Амантур баса албай жүргөндүктөн аны артына көтөрүп алды. Экөө туура Мырзабектин ресторанына көздөй жөнөдү. Жолдо
_Эже мен да сизди кийин ушинтип көтөрүп алып айлантам ээ! Бут кийимиңиз болсо да ээ!
_Ооба Амантур сен чоңойосуң. Анан биз чоогу жашайбыз ээ. Сени аял аласың! Мен турмушка чыгам анан жездеңе айтып сени жаныма алып алам-деп сүйлөшүп кетип жатты. Инисинин бул сөзүнө ыразы болгонубу же күйүттүн көз жашыбы? Сайкал дагы да жаш тамчылатып жатты.
_Эже ыйлабачы? Мен чоңойсом сени эч ыйлатпайм! Күндө ар нерсе алып берем.
Сайкалды бул сөздөр ансайын ыйга киргизип салды. Амантур эжеми кыйнабайын деп түшүп басмакчы болуп кайра баса албай койду. Анан артына кайра көтөрүп алды.
_Эже апамдар эмнеге бизди таштап кеткен.
Ый аралаш сүйлөгөн Сайкал
_Таштаган эмес. Алар биздин жаныбызда.
_Кана кай жерде эже? Мен апамды, атамды көргүм келет эже. Кана мага көрсөтчү?
_Алар бизди асмандан карап турат. Амантурум эмне кылып жатат деп күндө карайт. А сен мектепте шоктук кылсаң апамдар капа болот. Ошого акыл эстүү болуп жүр ээ? Апамдар сүйүнүп калсын.
_Макул эже.
Экөө сүйлөшүп кетип жатты. Амантурдун ар бир берген суроосу Сайкалга көз жаш алып келип жатты. Анын бири сүйүнүчтүн көз жашы болсо бири кайгынын.
Саламатсыздарбы? Ушул темага сүрөт жүктөсөм болобу? Кантип? Жазып кетсеңиздер.

#20 03 October 2017 - 15:05
Толук версиядан киресиз
кененреек жооп жазуу
файл жуктойсуз
жонотосуз...
кененреек жооп жазуу
файл жуктойсуз
жонотосуз...
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео