Кумайык адатынча түнү бою шаар ичинде желип-жортуп жүрдү да, таң сүрүлө
баштаганда эски журтун карай бет алды.
Кожоюну өлүп, кожойкеси кызы менен башка калаага көчүп кеткени, ал үйдө
башка адамдар жашап калган. Алардын Кумайыктан алда канча чоң, килейген ити бар.
Антсе да, ошол үйдү ар күн сайын айланчыктап келип, кожоюндарын эстеп, короонун
четинде бир топко жатат да, кайра келген жолуна түшөт...
Ит шаардын сыртындагы таштандылар төгүлчү жайга келатты. Анткени, мындай
маалда бу жер ээн, өзүнө окшош кароосуз ит-мышыктар да чанда. Каалашынча жойлоп,
тишке илинерлик бирдеме таап алса болот.
Бирок, бу саам демейдегиден башкача болду. Эмнегедир, таштандылардын
арасында кийген кийими да, турпаты да селсаяктарга окшобогон, кудум өзүнүн
кожойкесиндей сымбаттуу аял бала эмизип жаткандай, күйпөлөктөп отурат...
Ит жакындап келгенде, аял шыбырттан “селт” этти. Жакын эле жерде өзүн карап,
шоңшоюп отурган итти тиктеп, селейди да калды. Ит акырын кыңшылап коюп, боортоктоп
жата кетти.
Ошондо гана аял эсине келе калгандай, бооруна баскан “түйүнчөгүн” акырын
жерге коюп, өзү артына кетенчиктеп жыла баштады...
Аялдын жылуу кучагынан бошоп, жерге түшкөнү үчүн го, “түйүнчөктүн” ичиндегиге
жан кирип, үн бүткөндөй баркырап ыйлап жиберди! Аял ого бетер шашкалактап калды. Ит
азыр эки аттап жетип баса калып, өзүн үзүп-жулкуп жеп жиберчүдөй энтигип, чалынып-
жыгылып качып жөнөдү! Баланын ыйы ансайын күчөп, катуулай баштады!
Жанагы эле жеринде экөөнү алмак-салмак карап, эч нерсе түшүнбөй жаткан
Кумайыктын шаштысы кете түштү. Антсе да, наристесин таштай качкан адам-энеден
ыйбаа кылгандай, энеси азыр кайра келип баласын ала чуркачудай ордунан туруп, ары
имерилип басып кетти да, обочорооктон жатты.
Бирок, аял кайрылып келмек турсун, карааны улам кичирейип, үрүл-бүрүл
караңгыга сиңип, жок болуп баратты. Бала болсо ошону сезгендей, энесин артынан
чакыргандай Кудайга үнү жетип, үнү чыкпай калгычакты чырылдап ыйлай берди...
Кумайык аялдын келбей турганына көзү жеткенде гана балага жакындап келди.
Жанына бир тирүү жан келгенин туйган окшоп, кудум айлана-тегерекке кулак
түргөндөй, табышты тыңшагандай тынчый калды. Ай аалам заматта жымылдаган
жымжырттыкка ороно түшкөндөй болду. Эски-уску чүпүрөккө чала оролуп, буттары
бошоп, тарбаңдап сыртта жүргөн кызыл эт ымыркай жанындагы тирүү жандан сүттүн
жытын же энелик мээримдин илебин туйгандай эми эмчек издеп, эки жагына кайсалай
баштады. Аны карап турган иттин али сүтү тарай элек эмчектери диртилдеп, энелик
сезими ойгонуп кетти. А бирок, канчалык баланы эмизгиси келип, эмчеги ийип турганы
менен антүүгө даабай, жым-жырт болуп жымылдап тиктеп турган ай-ааламдан айбыгып,
а бирок кан-жаны менен удургуган бир энелик албуут сезими башына тээп, алапайын
таппай турганда алда кайдан шокшоңдоп, дагы бир караан көрүндү..!
Кумайык ичинен “жым” дей түштү. “Ымыркайдын энеси келатат”, - деп ойлоду.
Бирок, көзүнө аял кейиптенип көрүнгөн ошол караан улам берилеген сайын сөлтөңдөп
итке окшошуп келатты... Чын эле ит экен! Шукшуңдап түз эле Кумайыкты көздөй келатты.
Ал жакындаган сайын, эмнегедир Кумайыктын көк желкеси түктүйө баштады. Бир убакта
ордунан ыргып тура калып, мурду-башын бырыштырып,
тиштерин көрсөтө ырылдады.
Жетип-жетет элек берки ит сестене түштү. Бирок, буга чейин ал башка иттерге караганда
кыйла адептүү көрүнгөн Кумайыктын мындай ич тардыгын такыр көргөн эмес болчу. Эми
болсо курдашы майлуу-сүттүү олжо таап алып, өлөрчө тоюп, кардына батпай калганын
кайтарып жаткандай сезилди.
Ороо-чулгоонун ичиндеги ымыркай уктап кеткен окшоду.
Эки ит да эки жерде бири-бирин аңдып, көз ирмебей жатышты. Кумайык балким
жоошуп, жоомарттыгына тартса, же аябай “тоюп алган” неменин көзү илинип, ныксырап
уктап кетсе, чоочун ит ары жагындагы олжону “шып” иле качуучудай комдонуп, улам тура
калып ошо жакты карап, ансайын напсиси ачылып кыңшылап, жаланып-жуктана калып
жатты. Кумайык да ошо сайын баш көтөрүп: “Көчүгүңдү кыс!” – дегендей ордунан обдула
түшүп, сес бере ырылдап коюп атты...
- (2 )
-
- 1
- 2
"Кумайык" Жыпар Исабаева.Повесть.
#2 18 September 2017 - 17:33
Айлана-тегерекке аппак жарык түшүп, бирин-серин машинелердин үнү угулуп,
жашоого жан кире баштады. Ансайын алиги аялдын кайрылып келээри күмөндөп,
Кумайыктын үмүтү кыркыла берди.
Ошо кезде шокшоңдоп дагы бир ит пайда болду да, мурунку келген ит аңдып
жаткан табылгасын андан кызгандыбы же эки күч боло калышканына шердене түштүбү,
ордунан ыкчам тура калып, Кумайыкка: “Сенден келгенди көрөйүн эми!..” – дегендей
бери жылды. Кумайык да ыргып тура калды! Көз ачып жумганча анан иттер бири-бирине
тиш салышып, бир түйүнчөктөй томолонуп-жумаланышып, кимиси экени белгисиз ичинен
улам бири “каңк!” этип ачуу каңшылап, жулмалашып калышты.
Кумайык мындай уруштун далайын көргөн. Селсаяк ит-мышыктардын сабына адеп
кошулганы, сыпайычылык кылам деп, далай жолу денесине тиш салдырган болсо, бара-
бара көгөрүп, жемин жедирбегенге үйрөнгөн. Бу саам да жеңилбеши керек! Азыр анын
этинин ачынганы эч нерсеге татыбай, эси-дартынын баары көздөрүн жылтыратып, эч
нерседен капарсыз эмчек издеп, кайсалап жаткан береги балада болчу! Эгерде эле
Кумайык жаза тайып уруштан чыга качса, же жарадар болуп, дарманы тайса, анда мобу
ачынган экөө ымыркайды... заматта жара тартып, үзүп-жулкуп жеп кетишет!..
Анткени булар Кумайыкка окшоп адам тарбиясын көргөн эмес, адамдардын үй-
бүлөсүнүн бир мүчөсү катары аралашып, алардын мээримине бактылуу болуп жашаган
эмес!.. Туулганда эле таштандылардын арасында туулуп, жапайы жашоо өткөрүп келаткан
селсаяк иттер бу кызыл эт эменин адам баласы экенин билип коюптурбу!
Бир убакта иттердин бири топтон суурулуп чыга качты да, каңкылдаган боюнча
алда кайда кетти. Алиги, биринчи келген ит гана утулгусу келбегендей көшөрүп, бир
далайга кармашып жатып, акыры ал да Кумайык менен теңтайлаша албастыгын сездиби,
чыга качты. Ошондо да үмүтү үзүлбөй, артына улам кылчактап карап коюп баратты.
Кумайык баланын жанында солуп жатты. Бир убакта оюна бир нерсе түшүп
кеткендей ордунан туруп, алиги аял кеткен тарапты карады. Бирок, көзүнө анын карааны
чалдыккан жок.
Аял кеткен тарапка тумшугун созуп, эки-үч ирээт үрүп, эмнегедир улуп-уңшуп
койду...
Ошондон кийин гана баланы ороосунан тиштеп алып, алда кайда – ээн талааны
көздөй алып учуп жөнөдү. Анын оюн сезгендей, жаңы эле кыңылдап ыйлай баштаган бала
да жоошуп, ороо-чулгоонун аягынан эми-эми суурулуп түшүп калчудай эки буту
сереңдеген боюнча кетип баратты...

#3 18 September 2017 - 17:35
***
Ушу убакта баласын жаңы эле итке сала берип, өз жанын ала качкан аял шаарга
кирди да, кайда барарын билбегендей, жол боюнда теңселип туруп калды.
Канчадан бери жүрөгүн өйүгөн бир чоң жүктөн кутулуганы үчүнбү, же кантсе да он
ай көтөрүп омурткасы сыздап тапкан баласын итке сала бергени үчүнбү, көкүрөгү
тызылдап, коңултуктай түшкөнүн сезди. Бирок, таштай катып мисирейип, башын өйдө
көтөрдү да, арышын кенен-кенен таштап, шаарды аралап кирип кетти.
***
Ымыркай көтөрүп, желип-жортуп бараткан иттин да барар жери жок эле. А бирок
азыр эле көз алдында болуп өткөн жагымсыз, жан кейиткен окуялардан улам
адамдардын да, ит-мышыктардын да арасынан алыс-алыс кеткиси келип, ээндикти самап
баратты. Балким, жакында эле досторунун колунан каза тапкан кожоюнун, өзүн бекем
кучактап алып жүдөтчү киичнекей Аруузатты, анан а ашыкча мээримдүү кожойкесин
сагынды бекен, же балким, кечээ эле жоготкон күчүктөрүнүн ордуна адам перзенти болсо
да балалуу болгонуна эреркей түшкөндүр, же баласын ажалга ыраа көрүп, жанын ала
качкан адам эненин кылыгына каңырыгы түтөдүбү, айтор, сүйүнгөнү да, күйүнгөнү да
белгисиз, ичинен аста кыңылдап, каректерине ысык жаш каканактай калып баратты.
Канчадан бери адам буту баспаган, ичи-сыртынан кыңылдап, жымжырттыктын
ыры ырдалып турган жалгыз тамга келип токтоду ит. Бул жерде буга чейин болгон эмес.
Андыктан, үйдү курчай тургузулган, жепирейип желип бүткөн ылай дубалдан обочороок
тынып, баланы жерге койду да, тилиң салаңдата, кокус бир нерсе болсо тура калуучудай
комдонуп, эки жакка абай салып сак жатты.
Бу тегеректе өздөрүнөн башка тирүү жан жок экенин билгенден кийин гана эшик-
терезелери жыгач менен каршы-терши бекитилген жаман үйдү айланта карап келе койду.
Ичкери кирүүгө жол издеп, урап түшкөн дубалдын ары жагына секирип түшүп
кетип, кайра чыкты. Эми баланы ары жакка кантип ашырып түшүрүштүн амалын
издегендей, чокчоюп отуруп алып, акыры каниет кылган окшоду. Жана кандай тиштеп
келсе, эми да так ошондогудай ороо-чулгоону этият тиштеп, күү менен чуркап келип
дубалдын кырына чыкты. Андан аркысы жеңилирээк окшоду. Анткени алдыда дүпүйгөн
кык бар болчу.
Күнгө ысып турган жумшак кыктын үстүнө жеңил секирип түшкөндө, бала да серек
этип жалаяктын аягынан суурулуп түштү. Оозунда калган чүпрөктү таштай коюп, балага
үзүлүп түштү ит. Тырбалаңдап, буту-колун сереңдеткен балага ыктап, сонуркай карап
жатты анан.
Бир убакта адамча бети-башын бырыштырып ары жак, бери жагын кайсалап, эмчек
издей баштады. Башын улам бир жагына кыйшайтып, баланы сүймөнчүк менен карап
жаткан ит, качан гана бала катуулап ыйлай баштаганда ордунан тура калды да, эмне
кыларын билбей калдастап калды.
Катуулап ыйлаган сайын бети-башы кызара түшүп жаткан баланы айланып-
тегеренип, эмне кыларын билбей ары чуркап, кайра бери чуркап, жан айласын таппай
кыңшылап, арга болчудай арсылдап үрүп атты ит.
Ошол убакта, эмчектери диркиреп ийип кетти анын! Антсе да, адам баласын
эмизүүгө даай албай, качан гана эмизүүдөн башка айла-амалы жок экенин билгенде гана
бел байлады . Ансыз да ийип турган эмчектерин баланын оозуна салууга оңтой издеп,
убаралана баштаганда, бала да оозуна уруна түшкөн үрптү “чоп” эттирип эриндери менен
“кармап” ала коюп, жанталашып соро баштады...
***
Экөөнүн эне-балалык турмушу ушинтип башталган.
Андан бери ит-эне эмне деген гана азаптуу ай, күндөрдү башынан кечирбеди.
Анткен менен бала эмизип, энелик бакытка бардүйнөсү балкып турган маалда да,
баласынын чымындай жаны чыркырап, чырылдап ыйлап турган маалда да баягы,
баласын таштай качкан аялды эстечү. Анын таңкы үрүл-бүрүлдөгү эрбеңдеп качып
бараткан карааны көзүнөн учар эле...
Атүгүл ошондон бери баласынан колу-жолу бошой калган маалда аны да, журт
которуп кеткен кожойкеси менен Аруузатты да эл ичинен издей берет...
Далысына жеткен жумшак, тармал чачтары уйпаланган, дырдай жылаңач наристе
үшүгөндөй төрт бүктөлүп, быйтыйган колу менен иттин мойнунан кучактап алып уктап
жатат... Ит да анын уйкусун бузуп албайын дегендей демин ичине катып, былкылдабай
тынч.
Алдыларында анча-мынча төмпөйгөн кык, өңү өчүп, эскире баштаган төшөнчү,
берирээкте беттери ботала болуп кирдеген, чачы эки өрүлгөн куурчак жатат ...
Таңдын атып, күндүн чыкканы качан. Тамдын жыртыгынан түп-түз түшкөн күн
жебеси бүт тулку бою нымшып, мурдунун үстү боргулданып тердеген баланын бетине
тийип турат. Түнү бою кыңкыстап, чабалактап чыккан бала ошону да сезбей, уйкунун
кучагында. Ит да түнү менен кичинекей адамчанын ары жагына бир, бери жагына бир
чыгып, аны менен кошо кыйналып, кыңылдап-кыңшылап, жаны кейип, азаптанып жатып
таң атырды.
Болбосо, түндөсү бала уктары менен кепеден суурулуп чыгып, түз эле баягы өзүнүн
эски үйүнө бармак. Аруузат экөө ойногон, кожоюну менен кожойкеси басып-турган
жерлерде болуп, алардын жыты сууп, суюлуп бараткан издерин “өөп-жыттагылап”, ар
биринин кыймыл-аракетин, элестерин көз алдынан өткөрмөк. Андайда, үчөөнүн элеси
улам бир жерден “жарк” этип көрүнө калып, умсуна түшкөнү канча?..
Айтор, эски журтунда жатып алып, өткөн күндөргө кусалануу ал үчүн ырахат да,
азап да...
Качан гана үйдүн апсайган жаңы Короочусу анын узакка жайланышып алганын
жактырбагандай чынжырын сүйрөп, күркүрөп ары-бери баса баштаганда гана короодон
чыга жөнөп, андан ары башы оогон жактарда жүрө берет да, бир оокумда эсине
адамчасы түшө калып, чымын-куюн болуп кепесин көздөй чуркайт. Бул – ар түн сайын
кайталанчу көрүнүш.
Андан ары адам эне баласын таштай качкан таштандыларга келет да, ошол окуя
өткөн жерде бир топко чейин жата берет. Бардыгын кайра баштан көз алдынан өткөрүп,
эми эле болуп жаткандай көрүп жатат. Аял кеткен тарапты умсуна карайт...
Бирок, түндө антип “саякатка” чыккан жок ит. Эми да, күн уясынан аркан бою
көтөрүлүп калганына карабай, эти от менен жалын болуп, энтигип араңжан дем алып
жаткан баласынын жанында жатат. Кандайдыр бир жамандык болуп кетчүдөй каңырыгы
түтөп, көзүнө жаш кылгырып, кокус эле бирдеме болуп кетсе үнү ай ааламды, асманды
айра улучудай, көкүрөгүнө бир ачуу, катуу нерсе кептелип туруп алды.
Анан калса, бир эле күн, бир эле түндүн ичинде адамчасынын жароокер кылык-
жоругуна кусаланып кетти ит. Демейде, баласы күн менен кошо ойгончу. Желип-жортуп
жүрүп эчак келип калган, өзүн карап жаткан ит-энесинин мойнунан кучактап, жонуна
жөрмөлөп чыгып, оюндун кызыгына батчу бала. Андай кезде, бир колунда ит-энеси жаңы
эле алып келген, жыты алда кайда буркураган май токоч болор эле...
Кээде-кээде гана эки аягына кас-кас тура калып, болбосо төрт аяктап жөрмөлөп,
кээде ит-энесине окшоп ырылдап, атүгүл аны туурап “борс-борс” үрүп, эртеден кечке
жаман кепенин ичин үч көтөрүп ойногон адамчасы, качан гана тегерек-бел күүгүмдөнүп,
түн кирип, эч ким, эч нерсе көрүнбөй калганда гана чарчоодон суй жыгылып, уктап кетчү.
Ошолорду эстеп, ичи элжиреген ит-эне бешенесинен тер менен кошо кири
куюлган, анткен менен эң эле сүйкүмдүү баланы муңайым карап жатты да, зээни кейип
кеткендей аста кыңшылап, баланын бети-башын жалап-жуктап койду.
Ошо маалда бир жери ооругандай адамчасы онтоп, кыңкыстап жиберди эле, жаңы
эле жумулган көздөрү умачтай ачыла түштү! Демин ичине катып, баласын карады. Азыр
ал жарк этип күлүп жиберип, үн салып тура калчудай, анан экөө адатынча жулмалашып,
жыгылып-туруп, кучакташкан боюнча кепенин бир бурчунан бир бурчуна оонап, ойноп
кетише тургандай наристени үмүттүү тиктеп калды да, ал “сулк” жатып калганда гана
шаабайы сууй түштү.
Ошо ирмемде анын ой-санаасы наабайкананы, орто жашап калган, чачын ак
баскан боорукер наабайчыны көздөй чуркады. Анткени, кечээтен бери баласы да, өзү да
оозуна наар ала элек болчу.
Наабайканага, чынында өзү үчүн деле эмес, баласы үчүн барат ал. Анткени анын
адамчасы өзүнө окшоп, тумшугуна илингендин баарын жей бербейт. Ошондуктан ал “тук”
эте түшкөн маалда, көбүнчө түш оой, береги төшөнчүнү үстүнө таштап, туш келди
чачылган оюнчуктарды жанына бирден ташып коюп, нанга чуркайт...
Баса, төшөнчү демекчи, анын да кызык таржымалы бар.
Адамдар менен аралашып жашап жүрүп, адам баласынын төшөнчү жамынып
уктаары иттин дээринде калыптыр. Өзү да бала чагында кожойкеси төшөп берген жумшак
төшөктө уктагандары эсинде. Үйдөн чыгарылып, талаада калган алгачкы күндөрдө ошол
жылуу-жумшак төшөктү самап, кудум береги балага окшоп түйүнчөктөй түйүлүп, өзүнүн
коюн-колтугуна тумшугун катып, кыңылдап-кыңшылап жүрүп, бара-бара кадимки ит
жашоого көнүп калган. Кийин минтип, “балалуу” болгондо жылуу жууркандар кайрадан
эске түшүп жатпайбы...
Уктап жаткан баласынын жанында көздөрүн жумуп, көшүп бараткан эмедей
үргүлөгөн ит ушуларды ойлоду.

#4 18 September 2017 - 17:40

#5 18 September 2017 - 17:42

А кезде күндүн илеби кайтып, эртели-кеч бубак түшө баштаган маал болчу. Бир-эки
жолу ит-эне адамчаны эмизип уктатып коюп, желип-жортуп жүрүп кайра келсе, кызыл эт
ымыркайы селейип муздап калыптыр...
Жандалбастап, баланы бооруна басып, денесинин ысыгын өткөрүп, жалап-жуктап
жатып араң жылытып алган да: “Төшөк керек!..” – деген ой мээсине “тык!” эте түшкөн.
“Бирок кайдагы төшөнчү?! Кайдан табат?!”
Акыры тобокелге салган да, эски үйүн көздөй жөнөгөн...
Бирок, так ошол маалда тээ бурчтагы алакандын отундай болгон оюктан жыландын
башы кылтыйып чыгып, бу жерде кийнчерээк эле пайда боло калган экөөнү карап
жатканын, Кумайык короодон ашып түшүп кетээри менен баланы карай аста ийреңдеп
жыларын Кумайык кайдан билиптир?..
Түн мемиреп тынч. Толгон айдын алтын нуру ай ааламга тегиз чачылып, айлана-
тегерек күндүзгүдөй жарык...
Быйтыйган манжалары менен ит-энесинин жүнүн апчый кармап, жумшак, жылуу
төшүнө тумшугун катып, бейкапар уктап жаткан баланын кучагынан Кумайык акырын
суурулуп чыкты да, адатынча адамчасын айланып-тегеренип карап, баланын үстүнө кык
шилеп, баары жайында экенине көзү жеткен кезде гана кепеден чыгып кетти.
Баятан бери тамдын бурчундагы оюктан кылтыйып башы гана чыгып, береги
экөөнү байкап, дымып жаткан жылан эми жер үстүнө суурулуп чыгып, бала тарапты карай
жыбылжып жыла баштады. Жумуру, кара чаар тулкусу улам ичкерип отуруп, куйругу
оюктан үзүлгөн кезде, башы төмпөйгөн кыктын этегине жетти да, токтоп калды. Кыкты
тегерене сойлоп, наристе беттенип жаткан тарапка айланып келди. Артынан чубалжыган
денесин бир кочуш кылып чогултуп алып, башын кудум адам билегиндей соройтуп өйдө
көтөрүп, баланын жүзүнө үңүлө карады...

#6 18 September 2017 - 17:45
***
Бу маалда Кумайык эски конушуна келди да, короонун бурчундагы баягы өзү
кирип-чыгып жүрчү, атүгүл адамдын тулкусу деле оңой-олтоң батып кете тургандай
тешиктен ичкери “култ” этип кирип кетти. Үйдүн жаңы Короочусу болсо аны таанып,
акыркы убактарда “келдиңби, кеттиңби” дебей деле калган.
Бу жолу да ошентти. Адатынча короонун чок ортосунда кош аягын жазданып, бир
азга жатты. Чоочун жытты сезип, чоочун дабышка серпиле түшкөн Короочу ит адегенде
узун чынжырын сүйрөп, ал тарапка эки аттап учуп жетти да:
- Сен белең?! Деги, ушу сенден кутулбас болдум! - дегендей ырылдап коюп,
теңсинбегендей кайра бурулуп басып кетти. Кудум торпоктой килтеңдеген, үстүндө- үйү,
астында- ашы белен, ашыкча түйшүк, убарасы жок, анткен менен ар дайым мойнуна
темир чынжыр салынган курбалдашы үйдү айланып, көрүнбөй кеткичекти бир чети
суктангандай, бир чети аягандай карап жатты Кумайык.
Эмнегедир, адамчасы экөөнөн башка эч кимге ыраа көрбөгөн жаман кепеси
тарапта жагымсыз бир окуя болуп жатканын сезгендей, жүрөгү опкоолжуй түштү... “Селт”
эте баш көтөрүп, тоо жакты карай тумшугун созо, бир нерсени туюп, билип аткандай
тыңшап, дымый калды. Мына азыр чуркап кетчүдөй, ордунан обдулуп тура калып, бирок,
эмнеге келгенин эстей койгондой кыңшылап, буйдала түштү.
Үйдү айланта басып, бир убакта сүйүнүчтөн жүрөгү “болк!” этти - төшөнчү!..
Тамдын артындагы баягы кожоюну тарткан кермеде баланын жуурканы жайылып турган
болчу! “Көктөн издегени жерден табылып”, “жым” дей түшкөн Кумайык түз эле ошого
учуп жетти да, тиштеп алып булкуп-жулкуп тарта баштады...
Башта тынч эле келип, короонун ар кай, ар кай жеринде көздөрүн жашылдантып
жата берип, бир убакта кетип калчу “жолбун” иттин бу жолку жоругуна Короочу түшүнбөй
калды. Адегенде аны баса калчудай обдулуп тура калып, кебете-кешпирин бузуп,
каардана түштү. Кумайык да кермеден түшүрүп алган олжосун кызгангандай,
курдашынын алдын айбааттана тосуп ыркырады. Экөө ушу азыр астын-үстүн болуп, бири-
бирин тытып жечүдөй жүндөрүн түктүйтө тиктешип, бирок бара-бара жоошуп
баратышты...
- Ырр-рр!.. Азыр башыңды чайнап сала электе, ташта алдагыны! Аяп койсо,
ашынып кеткениң кандай?! – Короочунун үнүндө ушундай маанибар болчу.
- Ырр-рр... Жайыма кой! Сенин эмнең короп атат?! – деди Кумайык да желкесин
түктүйтө.
- Деги, сага чүпүрөктүн эмне кереги бар?! – акырын, жоош ырылдады эми Короочу.
- Аны сен түшүнбөйсүң. .! – Кумайыктын кыймыл-аракетинде, унчукпай бери
бурулуп кетишинде ушундай кемсинтүү бар болчу. Тигинин жоошуй түшкөнүн байкаган
Кумайык жерге түшкөн жуурканды төшөнчүнү тиштеп, сүйрөй баштады.
- Кожоюндарыма эмне дейм?! – дегендей, Короочу кыңшылап, чыйпылыктап
жиберди.
Буга чейин Кумайыкка жогортон карап, аны көп деле этибар албай, теңсинбей,
болгону бир селсаяк ит катары билген Короочу ушул убакта андан кандайдыр бир
өзгөчөлүктү сезип, басырына түштү. Ошого удаа эле тулкуйган оор денесин жыбыратып,
кайдан-жайдан келе калган кандайдыр бир жагымдуу сезим бийлей калды. Кумайыкты
жакындан тааныгысы, аны жыттап көргүсү келгендей анан кыйшаңдап, жараматтана
басып, бирок адам жыттанган, өзүнөн кыйла акылдуу көздөнгөн Кумайыктан
жазгангандай орто жолго шоңшоюп отура калды.
Кумайык болсо, анын эмне ойлогону менен эч иши жоктой, кудум мээнеткеч,
мээрман адам-энедей эси-дартынын баары баласында болчу.
Анан калса, ушул убакта жанагы жагымсыз сезим кайрадан көкүрөгүнө айлана
түштү. Кулагына кичинекей адамчанын ыйлаган үнү угулуп, ансайын жүрөгү канап, ал
баргыча баласы тоңуп өлүп калчудай карбаластап кетти... Эки-үч курдай олжосун ошол
жерге таштай коюп, бир топ жерге чейин чуркап жетип, кайра чуркап келди... Анткени,
аны ушу азыр алып кетпесе, эч качан ала албай калчудай туюлду.
Анткен менен жуурканды короодон чыгарып кетүү кыйынга турду. Күн сайын
кирип-чыгып кетчү, демейдеай аалам бүтүн батып кетчүдөй кең өңдөнгөн көзөнөк ал үчүн
бу саам таптакыр тар эле. Өзү сыртка чыгып алып, олжосун канча ирээт күчкө салып
тарткылаганы менен, анысы тешиктин оозун жаап, кептелип туруп алды. Андан башка жол
да жок эле. Ары жулкуп, бери жулкуп тарткылай берип, акыры чарчап, суй жыгылды да,
жалпайып жатып калды.
Ушул убакта кулагына кайдан-жайдан ый угулду...
Шокшоюп башын көтөрө калып, каяктандыр угулар-угулбас, билинер-билинбес
чыккан үнгө кулак түрдү ит...
Бирок, ый баласынын ыйына окшогон жок. Көңүлү тынчыгандай, ээгин алдыңкы
кош аягына жөлөп, кайрадан жата кетти. Айлана-тегерегинде, деги эле жашоосунда болуп
жаткан жагымдуу-жагымсыз нерселердин баарынан бир азга болсо да алыстагысы
келгендей, көздөрүн жумду... Кирпиктери бири-бирине чапталыша калган кезде, эч кимге
окшобогон ички ит дүйнөсү менен сырт дүйнөнүн ортосуна көшөгө тартылып,
бардүйнөсүн караңгылык каптап, жаны мемирей түшкөндөй болду. Бирок, бул азга гана,
көз ирмемчелик убакытка гана созулду да, буга чейин болуп өткөн жашоосу көз алдынан
тизмектешип өтө баштады... Адегенде эле барпалаңдаган, айкөл кожоюну келди көз
алдына.
Кумайык анын машинесин үйдө отуруп, үнүнөн тааныйт эле. Кеч киргенден тартып
эле эки кулагы сыртта болуп калчу. Тааныш үн угулары менен жаңылып калбайын
дегендей бир азга дымып турчу да, кожойкесине чуркачу.
- Келатабы? – жарк этип, күйөөсүнүн алдын утурлай
чыкчу келин. Кумайык андан ары чуркап Аруузатка жетер эле. Кичинекей кыз анын
эмне айтысы келгенин түшүнчү деле эмес. Тегерете чачып алган оюнчуктары менен
алектенип, айрыкча, Ализа деп ат коюп алган куурчагын ”алдейлеп”, апасын туурап
убаралана берчү.
Бул күндөр иттин эң бактылуу учуру экен көрсө...

#7 18 September 2017 - 17:50
***
Кумайыктын кулагына кайрадан ый угулду...
Бирок, бу саам ит анын кайдан чыгып атканын, кимдики экенин тыңдап отурган
жок. Кожоюндары эсине түшүп кеткенгеби, же чыны менен эле жаман кепесинде адаттан
тыш окуя болуп жатканын сездиби, балким, көп учурда аны алдабаган туюму дагы бир
башка нерседен кабар берди бекен, айтор, заматтын ортосунда бу жерден көздөн кайым
болуп кетти да, көп өтпөй эле иттин карааны баягы таштандыларды жандай, жаман
кепесин карай кенен-кенен арыш таштап, алып учуп баратты.
Жанагы улуп-уңшуган, адамдын ыйына окшогон үн ушул жерге келгенде күчөп,
дааналана баштады.
Катуу бараткан ит үн чыккан тарапка имерилип карады. Ошол үн, ошол ый аны
өзүнө оп тартып жаткандай, башкача бир туюм келип кетти. А бирок, баласынан санаасы
тынчыбай, өтүп кете берди ит.
Каап десең, бир азга аярлап, алиги тарапка кайрылганында го, көптөн бери издеп
жүргөн адамына кезикмек. Баласын таштай качкан аял ушу азыр таштандылардын
арасында таалайсыз тагдырына таарынып, өзөгү өрттөнө өпкөлөп ыйлап, жер муштап
өксүп отурган!
***
Баланын жанында жаткан жылан иттин келатканын туюп, баягы оюкка кирип
кетти.
Шаардан обочо, тоонун этегине жарым кылымдан ашуун убакыт мурда салынып,
кийин минтип кароосуз калган бул үйдө көптөн бери жашаган кара чаар жылан тиги
экөөнүн келген күнүнөн баштап, алардын бар кылыгына кызыгып, абай салып жашап
калган. Ит-эне бу жерден желип-жортуп кеткен сайын уйкудагы наристенин жанына келип
жатат да, балага жакын келген чымын-чиркей болобу, курт-кумурска болобу, кыбыраган
жандуунун кандайы болсо да оп тартып, ачакей тили менен илип алып, кулк эттирип
жутуп коет.
Болбосо, ансыз да балалыктын алгачкы доорун адам катары өткөрүүдөн ажыраган
бечара адамча жер алдындагы арс чычкан менен асманда айланып учкан карга-кузгунга
жем болмок да, байкуш Кумайык эки күчүгүн жоготкондо айланып-тегеренип жаны
кейигенден да жаман акыбалда калмак.
Ит-энесинин келгенин сезгендей чукуранып, ойгонду бала. Катуу келгенге акактап,
тили салаңдаган Кумайык боортоктоп жата калып, баланын оозуна эмчек салды.
Боорундагы адамчасынын колу-бутун тыбыратып, чөлпүлдөтүп эмчек соргонуна дене бою
балкып, бир топко чейин кыймылсыз жатты да, бала бышылдап уктаганда гана ордунан
турду.
Алдын булгап, өзүнүн бок-сийдигинине чылана түшкөн ымыркайдын көтөнүн,
бели-башын жалап-жуктап, боктон арылта тазалады. Балага артын сала коюп, алдыңкы
кош аягы ушунчалык ыкчам кыймылдап, кургак кык менен баланы көөмп жиберди.
Ошондон кийин гана санаасы тынгандай кайра эле ыкчам кыймылдап, дубалдан ашып
түшүп, жанагы келген жагын көздөй чуркады.
***
Короого кирер көзөнөккө төшөнчү кептелип калгандыктан, башка жол издеди.
Дубалдан секирип түшүп, жуурканды кайра ичкери тартып алды. Анын эмне ойлоп,
эмнеге антип жатканын түшүнбөй жаткандай, ары жакта жаткан Короочу жай-баракат
талпаңдап басып келди да, обочороок жатты.
Кумайык жуурканды булкуп-силкип жатып жерге жая салып, айланып-тегеренип
учун издеди. Эми ошол урчуктан тиштеп, олжосун короонун ичинде ары-бери сүйрөгөн
болду. Айткандай эле жууркан жанагыдай тоголоктошпой чубалып, ичкере түштү.
Ошондон кийин гана Кумайык арты менен жылып тешиктен чыкты да, жуурканды
акырындык менен сууруп, чыгара баштады.
Акыры, баары оңунан чыкты! Ошондон көп өтпөй эле үлпүлдөгөн жумшак, жүн
жууркан Кумайыктын соңунда сүйрөлүп кетип баратты...
Бул анын өмүрүндөгү биринчи ирээт уурулукка барышы эле. Дагы жакшы, ошол
күнү таңга маал себелеп жааган жамгыр көнөктөп төккөн ак жамгырга айланды. Болбосо,
ансыз да органда иштеген үй ээси из куумак да, ажаан иттин көзүн жазгырып, короодон
жууркан алып чыгып кеткен “ууруну” оңой эле таап алмак...
Ошондон кийин жууркан жамынган адамчанын буту-колунун селейип муздаганы,
оозу-мурдунун көгөргөнү калды.
А тиги, аларга катарлаш жаткан, эки бети кокочо болуп кирдеген Ализа аттуу
куурчакты болсо, уурдап келген эмес. Аны көтөрүп жүргөн кыз өзү берген... Анткени,
куурчак Аруузаттыкы болчу, кыздар менен ойноп атып тажаган кезде дайыма аны
Кумайыкка тиштетип койчу. Ошон үчүнбү, кичинекей курблар ушундай акылдуу ити бар
Аруузатка суктанышып, анын куурчагы менен Кумайыгына умсунуп карашчу. Көчүп кетип
баратышканында Аруузат аны Жибекке белек кылып кеткен.
Кийин, Кумайык кыздар менен бакта ойноп жүргөн Жибекке капыл-тапыл
жолуккан. Кыз баштагыдан кадыресе чоңоюп, бою өсүп калыптыр. Баарынан да анын
колундагы куурчак Кумайыктын заманасын тарытып жиберген! Жибек да ошону байкай
койгон. Көздөрүн жашылдантып, аларды карап жаткан иттин абалын түшүнгөндөй, үй-
бүлөсүнө болгон сагынычын сезгендей, бечара кейиптенген кебетесин аягандай аны аялуу
тиктеп, куурчакты бере салып атпайбы... Кумайыктын кубанганычы! Кичинекей
балдардын кээде чоң кишилерге караганда сезимталдыгына таң берген. Ошондо ойноп
жаткан кыздардын энелеринин ызы-чуу салганын айпа!.. Тим эле короолоруна карышкыр
киргендей кыйкырык-сүрөөн салышып, таш менен уруп, чаң-тополоң салышпады беле.
Ал мындайча болгон...
Ошол күнү да ит адатынча наабайчынын жанында боортоктоп жатып, бир убакта:
“Мен эми кетейин, берчүңдү бер?” – дегендей ордунан туруп, шыйпаңдай баштаган.
Наабайчы да тээ качантан бери билген, күнүгө бир маал келип нан алып кетчү бул
итти жакынсып алган. Анан калса, наабайчы берген нанды башка иткерге окшоп, ошо
турган жеринде “ап!” эттире сугунуп коюп туруп калбай, тиштеп алып каяккадыр көздөн
кайым болуп кетчү иттин жоругуна бара-бара таң калып да, сонуркап да, анын кайдан
келип, кайда барарын билүүгө куштарланып да баратат.
Бу саам да иттин кеткиси келип, кыйпычыктай баштаганын байкай коюп:
- Кетесиңби? Коё турбайт белең? Ме гой, ала гой,– деп май
токочту баштагыдай ыргытып бербей, сунуп берген. Башта, ал нанды канчалык
көкөлөтүп ыргыткан сайын Кумайык жаны алы калбай жанталашып, жерге түшүрбөй тосуп
калууга аракеттенет эле бечара. Кишиге ошонусу кызык болчу. Бирок, бу саам негедир
анткен жок. Ит да анын колун тиштеп албайын дегендей, нанды ооз учу менен акырын
илип алган да, ыраазы экенин билдиргендей куйругун шыйпаңдатып коюп жөнөп кеткен.
Жолдо, бакчаны жандай өтүп баратып, жыгач отургучка оюнчуктарын жайып
алышып, божурап ойноп жаткан кыздарга буйдала калган. Аруузат менен чогуу ойногон
кошуна кыздар экен! Болгону эле, баягыга караганда бойлору өсүп, чоңойгонсуп
калышыптыр. Умсуна тиктеп калган ит. Чындап эле көзүнө Аруузаттын куурчак көтөргөн
колдору көрүнө түшүп, бүткүл тулку бою, ички ит дүйнөсү менен кошо бир “селт” этип
алган ошондо! Серпиле түшүп, жакшылап тиктеп калган! Айткандай эле, алиги коңшу
кыздардын бири Аруузаттын куурчагын көтөрүп туруптур! Жазбай тааныды аны... Анан
калса, ошол куурчак менен Кумайык Аруузаттын үйүнө бир күнү, бир кечте келишкен!
Ошол кечте Аруузаттын атасы борсойгон Кумайыкты бир колтугуна, жакшынакай
куурчакты бир колтугуна кыстарып, үйүнө кубанып кирип келген!
Анда Аруузат али баса элек, бирок жан-алы калбай жөрмөлөп жүргөн кыз болчу.
Бирде куурчагынын көздөрүн, оозун чукулап, бирде тил-оозсуз, жансыз немеден
тажагандай ары ыргытып жиберип, бойполоңдоп качканына карабай Кумайыкка
жармашчу. А бирок кийин, там-туң басып калган кезде куурчагын да жакшы көрүп,
колунан түшүрбөй калган.
Ошону билген Кумайык да, ал уктап турганда же тек гана эркелеп ыйлай
баштаганда Ализаны издеп таап, тиштеп келип колуна карматчу.
- Айиза, - деп куурчагына божурап, алаксып калчу кыз.
Аруузаттын куурчагына кыздар-балдардын баары кызыга турган. Айрыкча, азыркы
сары кыз бир канча жолу Аруузаттын колунан талашып, чырылдап ыйлаганы эсинде. Көп
өтпөй ага да ата-энеси ошондой куурчак сатып беришкен. Бирок, баары бир эле сары кыз
Ализага кызыга берчү. Анткени ал эч бир куурчакка окшобогон, кудум Аруузаттын өзүндөй
сүйкүмдүү, анан калса экиге бөлүп өргөн чачы күнгө чагылыша кулпуруп, барпыраган ак
көйнөгү да эң эле жарашыктуу болчу.
Ализаны Кумайык да жакшы көрөр эле. Кээде анын кыймылдабай, баспай, үн
чыгарбай отура, же жата бергенине чыдамы жетпей, жан киргизип жиберчүдөй
маңдайында жата калып, тура калып, же айланып-тегеренип чуркап, борсулдап үрүп атса,
аны көргөндөр көзүнөн жаш аккыча күлүп алышчу.
Айтор, Кумайык аны Аруузаттан башка эч кимге ыраа көрчү эмес. Кокус куурчак
башка бирөө-жарымдын колуна тийип калса, дароо ордунан ыргып туруп, ачуулана
баштачу. Ошон үчүн кыздар-балдар Ализаны кармагандан бара-бара жазганчу болушкан.
Эми да ошол сезими ойгонуп кетти анын. Эмне кылаарын билбей жаткандай
кыйпычыктап, боортоктоп жата калып кыңшылап жиберди. Бир убакта анан оюна бир
нерсе түшүп кеткендей ээнирээк жакка чуркап барып, бактын түбүн чукулап казып
жиберди да, оозундагы токочун көмө салып, кайра бери чуркады.
Айткандай эле кыз үйүнө кете тургандай бир колуна куурчагын, бир колуна чака-
чайнегин көтөрүп, камынып калыптыр.
Ит балдарды коркутуп албайын дегендей, берирээкте куйругун шыйпаңдатып,
акырын үрүп, үн чыгарган болду эле, балдар-кыздар аны жабыла карап калышты. А бирок
ит алардын өңдөрүнөн, көздөрүнөн коркунучтун белгисин көргөн жок. Тескерисинче,
куйругун шыйпаңдатып, аларды карап турган, боорукер көздөнгөн кызгылтым итти
качандыр, каяктандыр көргөндөй, буйдалып турушкан.
- А... бул деген – Кумайык! – деп ийди бир убакта Ализаны көтөрүп турган сары кыз.
- Кайсы Кумайык?
- Аруузаттын ити бар эле го, абдан акылдуу эмес беле? Сөзгө түшүнчү го, ошол
экен.
- Кумайыкпы?..
Кумайык канчатан бери Аруузаттын да, өзүнүн да атын уга элек болчу! Бул анын
бир чети ыйлагысын келтирип, эреркетип жиберди. Кичинекей досторуна азыр учуп
жетип, бойлошуп-кучакташып туруп алып улуп-уңшуп ыйлагысы келди. Муун-жүүнү
бошой түштү! Бирок, антүүгө мүмкүн эмес эле. Алар коркуп кетиши мүмкүн, анда бери
жакта отуруп алып, узун сөзгө кирип алышкан энелери мунун сазайын беришмек. Болгону
гана аянычтуу кыңшылады ит. ..
- Кумайык Аруузатты издеп жүргөн окшойт, - деди Жибек деген сары кыз аны
түшүнө койгондой.
- Кантип билдиң? – деди өзү да ошону ойлоп турган экинчиси өз оюн бышыктагысы
келгендей.
- Билем, мен кинодон көргөм, акылдуу иттер ээсин эч качан унутпайт.
- Анын ээси кайда кетти эле? – алардын жанындагы эркек бала бирде итти, бирде
эки кызды аңкая карады.
- Алар деген мурда силер жашаган үйдө жашачу, - деди Жибек “ошону
билбейсиңби? ” - дегендей үн менен. – Алар силердин үйдө жашап жргөндө, сен биякта
жок болчусуң.
Экинчи кыз кепке аралашты:
- Анда Кумайык кичинекей болчу, ээ? Билесиңби, алдагы куурчакты бизге бербей
койчу эмес беле.
Сары кыз колундагы куурчагын карап койду да, күнөөлүүдөй:
- А муну мага кетип баратканда Аруузат өзү таштап кеткен болчу, - деди.
- Ал кайда кетти эле? – деди жанагы бала.
- Анын атасын бандиттер өлтүрүп кетишкенде, үйүн сенин атаңдар сатып алышкан.
Аруузат менен апасы болсо башка жакка көчүп кетишкен болчу. А силер бул байкуш итти
кубалап жибергенсиңер! – сары кыз баланы күнөөлөгөндөй, “ташка тамга баскандай” тык-
тык этти.
Бала чычалап, кызарып-татарып кетти:
- Ики, кубалаган эмеспиз. Мен аны көргөн эмесмин. Мен айылдан келгенде атам
айткан го: “Алардын ити оорулуу окшойт, тамак ичпейт же үй кайтарбайт, жөн эле жата
берет. Ошон үчүн башка ит сатып келдим”, - деп.
- Анткени ал кожоюндарын сагынып ошенткен да!
Балдар-кыздардын кобур-собурунун баарын угуп, түшүнүп, бирок алар менен
аралашып, сүйлөшүүгө тили жок, мүңкүрөп жатты ит.
- Анын курсагы ачып жаткан жокпу? – деди аңгыча
кыздардын бири.
- Билбейм, - ийнин куушурду экинчиси. – Кел, тамак
беребиз.
- Кел, - деген берки кыз эркек баланы карады. – Сен баласың го, бат чуркайсың да,
үйүңө чуркап барып, бир нерсе алып келе койсоң?
- Макул, - кыздын мактап койгонуна жетине албай, эрдин бекем тиштенип алып,
көкүрөгүн кере, чымын-куюн болуп чуркаган бойдон кетти бала.
Ит башын көтөрүп, кыздарга муңайым карады.
- Ал бизди таанып жатат окшойт, э? Карачы, башка эч жакты карабай, бизди эле
карап жатат, - деди Жибек.
- А балким, куурчагын таанып жаткандыр?
Сары кыз колундагы куурчагына бир, Кумайыкка бир
карап койду да:
- Билбейм, - деди.
- Кел, берип көрөбүз?..
- Макул, - сары кыз колундагы куурчакты сунду: – Кумайык, сен муну таанып
жатасыңбы? Бирок мен уурдап алган жокмун, ал өзү берген мага. Кааласаң ме, ал.
Анын сөзүнө түшүнгөндөй, Кумайык баш көтөрүп,
жандана түштү.
Анын чыны менен эле алгысы келип турганын кыздар да анын кыймылынан,
көзүнөн түшүнүштү.
- Алам дейт, - деди берки кыз кошо жандана түшүп. – Чын эле алам дейт! Берип
койбойлубу?
- Чын эле берип жатпаймынбы. Ме, ал! – курбусун эстеп кеттиби, же итке боору
оорудубу, балким куурчагына ичи ачыша түштүбү, сары кыздын үнү азыр ыйлап
жиберчүдөй каргылданып, дирилдеп чыкты. – Кумайык, албайсыңбы келип?!.
Ит анын чын дилинен айтып жатканына ишенгендей шыйпаңдап, акырын басып
келип, быйтыйган колдор сунуп турган куурчакты аяр тиштеди. Так ошо маалда иттин
көздөрү тумандап, башы айлана түштү. Кыздардан Аруузаттын, үйдүн жыты келип,
качанкы бир куттуу бүлөдө өткөн жашоосуна кусалыгы ырбап алды. Кыздардын кучагына
бой таштап, кумардан кана жыттагылап, бар арманын айтып кыңшылап, улуп-уңшуп
ыйлагысы келип кетти. Бирок, антүүгө болбойт эле. Бу жерден тез арада кетпесе,
кыздардын энелери көрсө ызы-чуу салып ийишет. Ошону ойлой калып, чыйралды да,
куурчакты тиштеген калыбында кыздарды бир жалт карап коюп, келген жолуна түштү!
Анын артынан аңкая карап кала берген эки кыз же күлөөрүн, же ыйлаарын билбей
жаткандай, нес болуп эле туруп калышты.
Ошол убакта колуна нан көтөрүп, жанагы бала чуркап келди да, адаттан тыш,
башкача бир окуя болуп кеткенин сезгендей, бир чекитти тиктеп, тунжурап турган экөөнү
алмак-салмак карады:
- Эмне болду? – деди анан акырын. – Ит кана?
- Ал Аруузаттын куурчагын алып кетти, - деди берки кыз.
Бала сары кыздын колун карады. Чындап эле анын колундагы куурчак жок болуп
чыкты. Болгону эле анын колдору куурчакты берген боюнча болор-болбос сунулуп, катып
турган.
- Омо-ой, кантип алып кетти?! – таң калганын жашыра албай кыйкырып жиберди
бала.
- Ушинтип эле... Биз өзүбүз берип койдук, - деди берки кыз. Карегине жаш
кылгырып турган сары кыз ошондо гана кыймылга келип, көзүнөн “тып” этип кулап кеткен
жашты арчыды.
- Куурчагыңа ыйлап жатасыңбы? – дешти достору ага үңүлө карашып.
- Жок. Жөн эле... Аруузатты сагынып кеттим, - деди сары кыз. – Анан... Кумайык
байкушка боорум ооруп жатат...

#8 18 September 2017 - 17:51
Бала аялдар менен отурган апасына карап кыйкырып жиберди:
- Апа, апа-а дейм! Тээтиги ит Жибектин куурчагын алып
кетти!
- Эмне дейт?! - энелер “селт” этип кетишти. Кетип бараткан
итти карап, көзүнөн жашын агызып, селейип катып труган Жибекти көрүп энесинин
эси чыгып кетти. Чуркап келип, жүзүнө үңүлө карады:
- Жибек, Жибешка?! Эмне болду, кызым?!
- Эчтеке! – кыз ансайын эреркеп, энесин кучактап алып, эки ийнин солуктатып
ыйлап жиберди.
Ошол жердегилердин үрөйүн ого бетер учуруп, аңгыча аялдардын бири чаңырып
жиберди:
- Коку-уй, кутурган эме эеспи?! Тээтигинде баратат ит!
- Тиштеп алган жокпу, ыя?!
- Доктур чакырыш керек го!!!
Ызы-чуудан улам бери жактагылар куурчак тиштеп кетип бараткан итти таш менен
ургулап, кубалап калышты:
- Селсаяк ит экен! Балдарга кол сала баштаган тура!
- Милицияга билдириш керек!
***
Бирок, алар кандай деген күндө да куурчак тиштеген ит бактылуу эле! Канчалык
токтолуп, оор басырык тартып калганына карабай, тим эле күчүк кезиндегидей
койколоктоп, жаман кепесине тим эле кубанычы кучагына батпай келген ошондо...
Ошол күнү баласы менен тээ далайга чейин жулмалашып ойноп, адамчасы
куурчакты колуна кармаган сайын терисине батпай кудуңдап атты эле!
Ошондон бери беттери ботала болуп кирдеп, алар менен чогуу жашап келаткан
куурчакты уулу уктагандан кийин деле ит муңайым тиктеп жата берет. Аны менен
сырдашкысы, муңдашкысы келгенсийт. ..
Бирок, куурчак дале баягысындай үн катпай, асманга окшош көгүлтүр, сүйкүм
көздөрүн мөлтүрөтүп, күлүмсүрөөсүнөн жазбайт.
Ал эми бала эс киргени аны колуна көп алчу болгон. Эмнегедир ары айлантып,
бери айлантып карап, эмне экенине акылы жетпей жаткандай жыттап көрүп, көздөрүн
чукулап көрүп, бир убакта тажаган немедей таштап салат.

#9 18 September 2017 - 17:53
***
Ушунун баарын көз алдынан өткөрүп, баласынын жумшак, тармал чачына
тумшугун катып, жыттап жаткан ит-эне, баласы былкылдап ойгоно баштаганда демин
ичине катып, жакшылыктан үмүт эткендей дымып калды...
Бала түнү менен ыйлап, жаны кыйналып чыкканы үчүнбү, аста гана кыңкыстаган
болду. Кичинекей адамчасынын алсыз онтоп, энтигип оор дем алганы Кумайыктын сай
сөөгүн сыздатып, жүрөгүн жанчып жиберди! Анан калса, наристенин абалы аябай эле
кыйын болчу...
Адатынча үксөңдөп тура калып, адамчасынын дене-башын жыттагылап көрдү.
Баланын тулку бою дагы эле от менен жалын эле! Кумайыктын үрөйү учуп кетти! Анткени,
бала катуу ооруп калганда гана ушинтип, эти ысып-күйүп каларын билет.
Энесинин мээрими, ит да болсо үрпөңдөп, үксөңдөп үстүнө үйрүлүп түшкөн
камкордугу жанына шыпаа болуп жаткандай, баланын онтогону азыраак басылып, узун
кирпиктерин алсыз, араң-араң көтөрүп, ит-энесин муңайым тиктеп жатты...
Ошо убакта анын өңү бозомук тартып, эриндери кургап, демейдегиден башкача
эле. Ит-энени бул ого бетер сестентти! Баласынын жалооруй, муңайым караган көздөрү
аны акыркы жолу тиктеп жаткандай өтө аялуу эле... Ушунун баарын көрүп-билип туруп,
чыдамы түгөнүп кетти иттин! Жүрөгү опкоолжуп, көзү алачакмак болуп, кудум ыйлап
жибергендей кыңшылап, уккан жандын зээни кейигендей, созолонто улуп жиберди.
Айлана-тегерекке болгон алгачкы таанымынан бери эле энесин дайыма күчтүү,
кайраттуу деп ишенген бала бу сапар анын аянычтуу көрүнүшүнөн кандайдыр бир
жамандыктын белгисин көрүп, жагымсыз нерсени сезип турду. Анткен менен бала ошол
белгисиз, бүдөмүк нерсенин өзүнө байланыштуу экенин билген жок. Тек гана, элдир-
селдир эс кире баштаган эме иттин аянычтуу кебетесин, жашылданган көздөрүн көрүп,
улуп-уңшуп ыйлаганын угуп, элдир-селдир баамында аны аяп, аны ансайын жакшы көрүп,
өзүнүн быйтыйган муштумундай болгон эт жүрөгү жанчыла түшүп жатты...
Чыны менен эле ал энесинин ушундай – алсыз акыбалын биринчи жолу көрдү.
Жок, буга чейин деле экөөнүн башынан мындай азаптуу күндөрдүн канчасы өтпөдү
дейсиң! Канча ирээт ит-эненин айласы түгөнүп, амалы куруп, адамчасын ажалдан аман-
эсен алып калуу үчүн эмне деген гана азаптарды башынан кечирбеди дейсиң! А бирок,
аны сезүүгө а кезде ымыркайдын акыл-эси жетчү эмес, ошондуктан ушунун баары ага
азыр биринчи жолу болуп жаткандай сезилип жаткан.
Кирпиктери араңжан ирмелген адамча менен жүдөп, арыктап, коркконунан
энтигип, тилин салаңдаткан ит-эненин көздөрү бири-бирине байлана түштү...
- Сен али кичинекейсиң, сен али жашай элексиң! Сен өлбөшүң керек! – деп атты
кыңшылаган ит-эненин жашылданган, суранып жалооруган көздөрү. Бала энесин
түшүндүбү, жокпу, айтор, ууртунан чала-була жылмайган болду.
Иттин эбедейи эзилип, муун-жүүнү бошоп, жанын коёрго жер таппай кетти,
бакыттан өзүнө-өзү батпай, арсылдап үрүп ийди. Ушу маалда:
- Менин адамчам!.. Суранам сенден, өлбөчү?! Өлбөйсүң,ээ? !. – деп жатты анын
ички чаңырыгы.
Бала энесинин эмнеге антип чебеленгенин түшүнгөн жок.
Атүгүл ал “өлүм” деген эмне экенин да билчү эмес.
“Эмнеге эле ушинтип жатат? Эмнеге энем бүдөмүк көрүнүп же көрүнбөй калып
жатат? Эмнеге айлана-тегерек жым-жырт, эмнеге асман бозоруп, киргилт? Балким менин
турушум керектир?..” – ушинтип ойлогон наристенин тургусу келди да, ошого
аракет кылгандай, ордунан обдулгандай болду. Бирок денеси түгүл, башын да
өйдө көтөрө албай койду. Анын оюн окуй койгон энеси аны үмүттүү тиктеди. Баласынын
азыр төрт аяктап тура калып, кепенин ичин үч көтөрүп ойноп, мунун мойну-башына
асылып, жонуна минип, кыткылыктап күлүп, чаң тополоң салышын каалап кетти. Ошону
күттү! Жок, андай болгон жок! Баласы башын бир аз гана көтөргөн болду да, кайра эле
жерге “шалак!” эттирип таштап жиберип, уктап бараткандай көздөрү шашпай жумулуп,
жансыз немедей сулк жатып калды...
Ал ошол бойдон ойгонбой калуучудай, Кумайык тумшугу менен көк сая, бар күчү
менен улуп-уңшуп жиберди!! ! Ушу саам анын добушу Кудайга жеткендей, бала көздөрүн
болор-болбос ачып, кирпиктерин араңжан ирмеп, энесин тиктеп жатты да, баягысындай,
бирок билинер-билинбес күлүмсүрөгөн болуп, кургап бараткан эриндерин жалап-жуктап,
бир нерсе деп кыңылдагандай болду.
Ит-энеси анын жүзүнө, көздөрүнө үңүлө тиктеди. Баланын эмне деп, эмне каалап
жатканын билгиси келип, аны айлана арсылдап үрүп, кыңшылап, жалынып-жалбарып
жаткандай болду.
Бала да аны түшүндү. Эриндерин болор-болбос кыбыратып: “Ав!” – деди. Бирок
анысы сыртка чыкпай, ичинде калды. Ошентсе эле баары жай-жайына келе калчудай,
борсулдап үргүсү, добушун чыгаргысы келди баланын. Бирок үнү такыр чыкпай койду. Тек
гана эриндерин жалап, оозун кыбыратты. Ит-эненин ансайын жаны чыгып кете жаздап,
баланын ичинде калып калып аткан каалоону биле албай, ошого ызадан жапырылып,
жерге кирип кете жаздап атканда, Кудай жалгап... “Суу?!” – ит-эненин оюна, жадымына
ушуну бирөө сала койгондой болду! Ушул сөз, ушул түшүнүк иттин кан-жаны аркылуу
чуркап, ички итдүйнөсүнө, бүт тулку-боюна күч-кубат берип, чыйралтып жиберген
сыяктанды. Заматта өзүнө келе түшүп, бир силкинип алды да, суу алып келе койчудай
эшикти көздөй чуркап..! Бирок ал бу жерден чыкса эле баласы бир нерсе болуп кетчүдөй
кайра бери чуркап, кайра ары чуркап, заманасы куурулуп, баланы айланып-тегеренип, а
бирок ага чыны менен эле суу керек экенин билгенде гана жаман кепеден атып чыгып
кетти!
Ушул кезде баягы оюктан баягыдай жай баракат жыбылжыбай, денесин ыкчам-
ыкчам жыйрып, балага жетип келди жылан. А бирок үйүлгөн кыктын үстүнө чыгып келе
албай, төмпөктүн этегинде тынчы кетип, кандайдыр кышылдаган, ышкырган сыяктуу үн
чыгарып, башын ары-бери койколоктотуп турду. Ошондон көп өтпөй жыландын мойну
узарып, бир карасаң абада асылып тургандай калдактап барып, балага жетти...
Бала ага да тааныгандай аста күлүмсүрөгөн болду...
Ушу маалда чымын-куюн болуп, бирок кайда баратканын билбей эле кетип
баратты ит! Ал ошол убакта буга чейин өзүндө эч боло элек жаңы нерсени сезди –
эмнегедир өзүн-өзү жек көрүү, өзүн-өзү күнөөлөө, өзүнөн-өзү уялуу сезими аны безге
сайгандай арышын ого бетер кенен-кенен арыштаттырып, көздөрүн ала чакмак кылып,
шаштысын алып баратты!
Жолдон демейде өзү келип, шалпылдатып суусунун кандырып кетчү жылжыма
булакка бурулду. Жолду катар, булакты түп орду менен көтөрүп алып кетчүдөй сезилип
келгени менен, ага жеткенде башка жеген эмедей эси оой түштү!
Кантип? Баласына сууну кантип алып кетет?!
Жылжыма булак болсо, көздүн жоосун алып, жыбылжып агып жатат, атаганат! ..
Тили салаңдап, акактаган ит өзүнүн да суусап, оозу кургап кеткенин сезген жок. Өзү
жөнүндө ойлогонго анын чамасы да жок эле. Тек гана, булакты айланып-тегеренип,
кыңшылап бир аз турду да, андан эч айла болбосуна көзү жеткендей шаарды карай “зуу”
койду.
Эми ал түз эле балдарын алып энелер сейилдеп чыкчу бакчаны көздөй келатты.
Ализаны алып кеткенден бери бул тегерекке кенен-чонон келе албай, алыстап калган.
Ошол күндөрү ата-энелер да балдарын көп алып чыкпай, алып чыкса да “кутурган ит бар
экен” деп абайлап калышкан. Кызыл иттин баланын кийимин, оюнчугун уурдай качканын
ошол тегеректегилер да бара-бара байкап, атүгүл аны чөнтөк телефондору менен
видеого, сүрөткө тартып алгандар да болгон. Андайда журналисттердин чырагына май
тамат эмеспи, бирөөлөрдүн көбүртүп-жабыртып айткан маалыматтарына таянып, ар
кандай макалаларды жазып: “Ушундай бир укмуштуу жорук-жосундарга ээ ит пайда
болду. Бирок, анын кутурган эмес экендигине, адамдын өмүрүнө коопсуздук жарпатпай
тургандыгына эч ким кепилдик бере албайт”, - деп иттин сүрөтүн гезиттерге чыгарып,
телеберүүлөрдөн көрсөтүп да жиберишкен. Бул уу-дуу бүтүндөй шаарды дүңгүрөтүп, бир
топко чейин Кумайыкты акмалап, аны кармаганга же жок кылганга атайын адамдар пайда
болушкан. Бирок, иттин ошондон кийин дайынсыз жоголгонунан улам баары акырындап
унутулуп баратан.
Эми ошол жерге кайрылып кайра да келатты ит...
Тээ бактылуу бир күндөрүнүн бир күндөрүндө Аруузатты сүйрөмө арабасына
салып, Кумайыкты эрчитип алып, кожойкеси күнүгө бир маал ушул жерге келе турган.
Ошондо, сүйрөмө арабанын чөнтөгүндө дайым суусундук, таттуу токоч, дагы башка тамак-
аштар жүрөр эле. Кожойкеси аны атайылап салып алчу. Качан гана экөө оюндан
жадаганда, же суусап, курсактары ачканда бактын көлөкөсүнө отуруп алышып, баягылар
менен өзөк жалгашчу. Кожойкеси андайда Кумайыкты да унутчу эмес. Анын желим,
жеңил табагын алдына коё салып, адегенде кийин кызы жегенден тең бөлүшүп, андан
кийин желим бөтөлкөдөн суу куюп берчү.
Кумайыктын көзүнө ошондогу желим бөтөлкө гана элестеп, ошону гана дегдеп, эс
акылынын баары ошол гана болуп келатты.

#10 18 September 2017 - 17:55
***
Баары баягыдай...
Бакта бир топ балалуу адамдар сейилдеп жүрүшүптүр. Чоңоюп калган кыздар
селкинчек тээп жатышат. Кудум өз баласына окшогон, экиге-үчкө чыгып калган эркек
балдар оюнчук машинелерге кум жүктөп, алда нелерди божурап сүйлөп, алардан да
кичинекейлер арабаларында уктап, энелер эки-экиден аңгемеге киришкен.
Тээ четте жалгыз отурган келин китептин кызыгына батып кеткендей, анда-санда
чакан арабаны аста кыймылдаткан болот. Наристенин бир колунда- оюнчук, бир колунда-
желим бөтөлкө. Кумайыктын көзү ошол экөөнө барып токтоду. А бирок аны алыш эле
оңой бекен? Адегенде эне-баланы чочутпайын дедиби, же дагы бир нерсени ойлодубу,
обочороокто бир топко чейин боортоктоп карап жатты да, боору менен тына-тына жылап,
жакындап келатты ит...
Аңгыча ары жакта ойногон балдардын бири кумга тумшугу менен сайыла
жыгылып, бакырып ыйлап калды эле, келин китебин арабага таштай коюп, ошону көздөй
чуркады. Ошол учурдан пайдаланып, ит да арабага учуп жетти..!
Маңдайына тура калган саксагай, бирок мээримдүү ит менен бала тиктешип
калышты.
Иттин көзү баланын колундагы суу куюлган картон коробкадан өтүп турду.
Бирок, кудум өзүнүн адамчасы курактуу болбураган сары баланын колунан аны
жула качууга даабай, кыйпычыктап кетти.
Аңгыча, кааяктандыр:
- Аа-й!! И-ит-т!!! – деген ачуу чаңырык бейкапар жаткан бакчанын ичине заматта
алаамат салып ийди. Ким-кимиси кайсалактап, үн чыккан жакка карашты. Ит менен
баладан анча алыс эмес жерде эрмектешип отурган эки аялдын бири үрпөңдөп тура
калып, Кумайыкты сөөмөйү менен сайып көрсөтүп турган болчу.
Эми жапырт Кумайык тарапты карашты.
Коркуп кеткенгеби, же канча күндөн бери адамчасы менен кошо кыйналып, анын
үстүнө ачка да болгонгобу, иттин шайы кетип, көздөрү караңгылашып кетти да, куйругун
кыпчып, жалпайып жапырыла түшүп, бирок, дароо качып да кете албай буттары тушалып
калды. Качан гана баланын энеси жакындап келгенде эсине келе, ордунан “дыр” койду!
Чуркап да, кыңшылап да – ыйлап келатты ит! “Эмнеге?! Эмнеге адамдар
ушинтишет?! . Эмнеге мынчалык таш боор баары?! Өздөрүндөй эле бир эне таштай
качкан, өздөрүнүн балдарына окшогон дагы бир адам баласына суу керек болуп
жатпайбы..! ”
Ит эми түз эле наабайчыны көздөй келатты.
Бирок, ал так ушул маалда ал кишинин да тандырынын үстүндө өзүнүн куурчак
тиштеп качып бараткан сүрөтү бар гезит жатканын билген жок.
Кумайык жетип келери менен эле наабайчы аны таң калгандай, же биринчи көрүп
жаткандай, бир топко чейин нес боло тиктеп турду да:
- Бу сен?.. – деп келатып, андан аркысын айтпай токтоп
калды. Иттин кордук көргөнсүп кыйнгалган, ыргалып арыктай түшкөн, жүдөгөн
кебетесин, кудум адам баласы кейиптенип ыйламсыраган көздөрүн көрүп, тамаша-
чындан: “Бу сен издөөдө жүргөн ит турбайсыңбы? Сени кармап берип, сыйлык алсамбы?”
– деп келатып токтоп калган болчу.
- Кайда жүрдүң? Кебетең эмне болуп калган? – деди анын ордуна камкорлоно. –
Эмне, бирдеме болдубу?
Эреркегендей, ит анын кызыл ашыгын кош аягы менен кучактап, ичинен бүлкүлдөп
ыйлап жаткан кишидей эки бөйрөгүн солкулдатып, сулк жатып алды. Наабайчынын
чындап эле каңырыгы түтөп кетти. “Киши-кара жокпу?” – дегендей эки жагына абай
салып, анан эңкейип иттин көздөрүнө карады:
- Эмне? Бирдеме болдубу, сага? Эн-неңди урайындар,
өздөрү тим эле укмуш болупк етишкенсип, жада калса ушу иттин да жанын
коюшпайт!
Кумайык кыңшылап, башын көтөрдү. Анын көздөрү чындап эле ыйлап жаткан
болчу...
- Нан жейсиңби? – деди наабайчы.
Кумайык унчукпады. Ордунан турганга аракеттенип, бирок денесин такыр көтөрө
албай атты. Антсе да, жаңы телчигип жаткан эмедей төрт аяктап өйдө туруп, муун-жүүнү
бошоп, жыгылып калчудай ыргалып барып оңолду.
- Азыр, - наабайчы ары жактагы ашканага кирип кетип,
табакка куйдуруп чыккан сорпону иттин алдына койду. – Ич, иче гой.
- Бул баягы ит го? – деди аңгыча ары жактан камыр көтөрүп чыккан жардамчы
жигит.
- Тс-сс! – деп койду наабайчы ага. – Ишиңди кылчы...
Алдына келген тамакты ит шашкалактап, шалпылдатып ичип атканда наабайчы
колун жууду да, тандырдын үстүндө турган гезитти ачып, андагы иттин куурчак тиштеп
кетип бараткан сүрөтүнө карады: “Кызык. Бул не болгон ит өзү? Бу куурчакты го кыздын
колунан ала качып кетиптир. “Итке темирдин эмне кереги бар?..” Чыны менен эле не
кылып жүргөн ит болду экен, я?..” Бирок, ал анын гезитте божомолдонгондой кутурган ит
экенине ишенген да, кошулган да жок, бирок “кандайдыр сырдуу кылык-жоруктарга ээ”
дегенине ичинен ынанды.
Тамагын ичип бүткөн ит ирдене түшкөндөй болду. Эми адатынча эки жагын карап
кайсалактай баштады.
- Эмне, нан берейинби? – деген наабайчы сатыкка коюлбайт деп, өзүнчө бөлүп
койгон эки-үч нандын бирин суна койду. Бирок, ит нанды алган жок. Ар кай жакты
шимшилеп, бирдеме издененсип жатты.
Бурчта жаткан желим бөтөлгөгө жетип барып, буту менен ары-бери тоголотуп
көрдү. Камгактай жеңил эменин бош экенин билип, кыңшылап жиберди. Тыпылдап
тамчы таам жаткан бетжуугучка келип, ушул тамчылар анын адамчасынын өмүрүн сактап
калчудай көзү өтө карады эми.
- Суу ичесиңби? – деди наабайчы. “Суу” дегенди укканда Кумайыктын көздөрү
жайнап, куйругун бат-баттан, туш келди булгалап жиберди.
Наабайчы аны түшүнгөндөй ары кирип кетип, бат эле бөтөлкөгө суу куюп чыкты да,
ит эми эле бошоткон аякка куюш үчүн эңкейгенде ит арсылдап үрүп жиберди.
- Эмне болду? – деди сыңар аяктап отуруп калган наабайчы чыны менен эле
түшүнбөй калып. – Эмне дегиң келип атат?
Наабайчы антип аңкайгыча ит анын колундагы билектей бөтөлкөнү “шып!” эттирип
тиштеп ала койду да, тиги азыр оозунан кайра жулуп алчудай “зуу!” этип, көздөн кайым
болуп кетти.
Наабайчы ордунан тура калып, бөтөлкө тиштеген боюнча чуркап кетип бараткан
итти артынан басып, чымын-куюн болуп бараткан итти аңкая карап калды.
“Иттен башкача деги. Бул не болгон ит? – деди чындап эле таң калуудан нес болуп.
– Артынан барып көрсөмбү?..”

#11 18 September 2017 - 17:59
***
Демейде бат эле барып-келип жүрчү жалгыз аяк жолдун тиги учу менен бул учун
кимдир бирөөлөр атайылап эле чоюп, узартып койгон сымак, жол бу сапар оңой менен
арбыбай атты.
Балага эш болуп, маңдайында кышылдап “бийлеп” турган жылан эми да ит
келгенде оюгуна кирип кетти.
Бирок, бу саам ит аны байкап калды, бөтөлкөнү коё коюп, ошол оюкка арсылдап
үрүп барып, шимшилеп жыттагылап ийди. Кайра жетип келип, эки колун эки жакка
таштап салып, араң-араң дем алып, солуп жаткан баланын бети-башын, мойнун, анан да
демейдегиден чоң болуп чандая түшкөн курсагын, буттарын жалап-жуктап, жанталашып
жиберди.
Энесинин келгенин сезгендей, көздөрүн жылтырата ачып, жанагысындай эле
эриндерин жалап, кыңылдады бала.
Ит төкпөй-чачпай тиштеп келген, баланын билегиндей болгон желим бөтөлкөнү
белинен аяр тиштеп, адамчанын оозуна кыңайтты. Айткандай эле муздак, бирок
жагымдуу суюктук тийгенде наристенин денеси уйкудан ойгонуп кеткендей “дирт” этти!
Оозуна куюлган суунун даамын таткандай тамшанып алып, анан жандалбастай түшүп
“кулк-кулк! ” эттирип бир-эки жуткан болду да, азга тыным ала, эси оогон эмедей көздөрү
сүзүлүп жатып калды.
Бир убакта кирпигин көтөргөн бала дагы суу эңсегендей тамшанып, эки жагына
кайсалактап, бу саам бети-башына агып кеткен сууну колу менен чапчыгылап, “тириле”
түшкөн окшоду.
Ит да ошого жетине албай кетти. Адамчасына дагы, дагы суу бергиси, атүгүл суу
менен баланын бүт денесин жууп, киринткиси келип кетти.
Тилекке каршы, суу бат эле түгөндү. Иттин шаабайы сууй түштү. Кыңшылап, ичинен
дагы да суу чыгарып алчудай бөтөлкөнү бир буту менен басып алып тиштегилеп, ары-бери
жулкуп-булкуп ыргытып да көрдү. Эчтеке чыккан жок!
Андан кийин да ит-эне далайга чейин тыным албай, улам кайра эле наристенин
денесин жалап-жуктай берди. Бир убакта бала ыйынгандай кызарып-татарып барып, бир
ууч болуп түйүлө түштү да, чыркырап ыйлап жиберди. Ит-эне адатынча эмне кылаарын
билбей, баланы айланып-тегеренип чуркап калды.
Көп узабай бала коюу-суюгу аралаш заңдап жиберди да, жаны жай ала түшкөндөй
тынч жатып калды. Ит баланын көтөнүн жалап-жуктап тазалап болуп, өзүнүн да жаны жай
ала түшкөндөй, көшүлүп уктап кеткен баласынын мойнуна тумшугун катып, эси ооп жатып
калды...
Көз алдына наабайчы элестеди...
***
Ит болсо да ошол боорукер, сезимтал адамга ыраазы болуп, тээ бир топтон кийин
набайкананы көздөй келатты. Бирок жанагыдай алып учпай, бу саам желип-жортуп
жүрдү.
Кожоюндарынан ажырагандан бери, баягы күчүктөрү бар кезде нан ташыган эки
кичинекей баладан кийин эле мамиле түзгөн, буга түз карап, түшүнүп, каралашкан адамы
эле ушул – наабайчы.
Мына бул жаман кепеден чыгып, анан ушул жерге чейин бирөө болуп келатып эле,
экиге айрылып, бири эски журту менен сейил бак тарапка, бири наабайчы тарапка кеткен
ичке, жалгыз аяк жолду эки-үч жылдан бери анын тамандары таптаган.
Анан калса, акыркы убактарда жылтырап-жултураган нерсе көрсө эле кыйып өтө
албай, баласына тиштеп келе бермей бир жаман адат тапты ал. Аны таанып-билип
калгандарга жек көрүмчү болуп, “ууру ит” атанганы да ошондон.
А бирок, алоолонгон ысык тандырга белине чейин “кирип” чыгып, эки бети кудум
оттой кыпкызыл болуп “күйүп”, кара терге түшкөн, бешенсинен дайыма жылуулук,
мээрим жанып турган наабайчыга ал эч качан кара өзгөйлүк кылган жок. Ал өзү бермейин,
жада калса жерде жаткан нанын да албайт.
Тээ алгачкы күндөрү ага даап жакын келе албай, алыстан акмалап, унчукпай карап
отура берчү. Анан калса, бу кишинин айрым бир кыял-жоруктары, турган турпаты, баскан-
турганы, кебете-кешпири өзүнүн калдаңдаган ак көңүл, боорукер кожоюнуна аябай
окшош. Кээде наабайчыны эмес, байкуш кожоюнунун өзүн көрүп жаткандай элестетип,
андай кезде мына азыр учуп жетип тигинин кучагына бой таштачудай обдулуп тура калып,
бат эле кайра деми сууп, шылкыйып жатып калат...
Андайда аны сагынычтын, чубалган узун санаалардын, ойлордун кучагынан
курсагынын курулдаганы алаксытат. Ысык токочтордун жыты мурунду өрдөп, тим эле
каңылжарын жарып ийет. Шилекейин “кылк” жутуп, кыңшылап жибиргенин өзү да
байкабай калат.
Анан калса, бу кишинин нандары көпкө турбайт. Эми эле эч качан түгөнбөчүдөй
үйүлүп, кып-кызыл болуп көздүн жоосун алган май токочтор заматта сатылып кетип,
ордуна улам жаңылары тизиле баштайт.
Ушунун баарын байкап, унчукпай карап жата берген итти наабайчы да жакшы
көрүп калган. Аны караан тутуп, качан кардарларынан колу бошой калган кезде алда
нелерди айтып, жообу жок калаарын билсе деле иттин атын, бул жерде эмне кылып
жүргөнүн, эмне үчүн көздөрү муңайым, чарчаңкы экенин сурай берет. Ит андайда
көкүрөк-көңүлүндө бугуп жаткан нерселерди айта албаганына, тилинин жоктугуна ыза
болот, кыңшылап жата калып, тура калып, атүгүл тынчы кеткендей жерди тырмалап да
алат. Оозуна нан тийери менен анан, адамчасын көздөй чымын-куюн болуп чуркайт.
- Эй, бери жакын кел? – деди бир күнү наабайчы аны көрө коюп, кубанычы койнуна
сыйбай кеткендей. - Эмне, эки-үч күндөн бери көрүнбөй кеттиң? Кожоюнуң байлап
салгандыр да, ээ? Кел, бери? Мен сени байлабайм, эч нерсе кылбайм. Урбайм да.
Коркпой эле бери жакын келсең, чоочун эмеге окшоп, чокчоюп алыс отуруп аласың да?
Кел, жакын.
А бирок иттин кепке түшүнгөн эмедей, ал чакырганда жаткан жеринен туруп
келерин ал күткөн эмес.
- Сен эмне, сөзгө түшүнөсүңбү? Үй-жайың, кожоюнуң барбы? Кимдин итисиң өзү? –
сынай караган наабайчы иттин аянычтуу кыңшылап, боортоктоп жата калышынан,
кусалуу көздөрүнөн, анын башынан кайгылуу, аянычтуу бир нерсе өткөнүн байкаган.
- Сени журтка таштап, көчүп кетишкен го кайрандар?
- ...
- Ай-ай!.. Жок дегенде ишенимдүү бирөө-жарымга калтырып кетишпейби, мындай
акылдуу итти! – деп башын чайкаган наабайчы оюна бир нерсе келе калгандай имериле
калып бүшүркөй тиктеген. – А балким, ургаачы болуп жүрбө?..
Иттин көзүнүн төбөсүнөн кылыя карашынан:
“Ургаачы болсом эмне экен?” – деген жазууну окуган адам:
- Дегинкисин айтам да, - деген актангандай. - Адамдар көп учурда ошентишет...
“Кайра-кайра тууй берет” деп тажашкандыр да. Кааласаң кел? Мага да бир караан керек
болуп турат азыр. Мен да сендей жалгызмын. Катыным жок. Тээ Россия деген “бир боор
энебизге” иштеп кетип, ошол жактан бактысын таап алыптыр. Албетте, адегенде кыйын
эле болду. Өзөгүм өрттөндү. Ичтим... Бирок, айла жок... Соорондум: “Сүйбөгөн эмени
кыйнап жашатмак белем? Бул жашоого келген ар бир адам өзү сүйгөн адам менен, өзү
каалагандай жашоого акылуу. Бактылуу болушсунчу, ” - дедим. Мен деле аны сүйчү
эмесмин чыны. Жаш кезде бир ак куунун жактырып, эми деле ошонун элеси менен жашап
жүрөм өлбөй.
Бир чекитти тиктеп, мелтиреген ит наабайчыны аягандай карап, өзүнүн да кимдир
бирөөлөргө таарынычы, сагынычы бардай кыңшылап койгон.
- Кудайым мени деле унутпаган чыгаар? – деген
наабайчы андан ары кудум киши менен сүйлөшүп жаткансып. - Маңдайыма
жазгандыр да бирөөнү... А бирок аны тапкыча минтип, жаштык деген күтпөйт экен... Отуз
бештен оодарылып, кырктын кырына баратам... Дагы жакшы, ушул иш менен алаксып
калдым. Нан деген ырыскы да, сен жапкан наныңды бирөөлөр тамшанып жесе, ал да
кумар, бакыт экен. А башта ойлочу элем: “Үстөл кучактап эле бир жерде чочоюп отурсам!”
- деп. Чокумабы? Чоңдукту да көрдүм. Анын иши алдоо, будамайлоо, кара курсактын
камын жеп калп айтуу, жасакерленүү экен. Кааласаң да, каалабасаң да бирөө-жарымдын
көңүлүн алыш үчүн сауна, кыздар... Сыртыңдан жакшы адам өңдөнгөнүң менен көкүрөк-
көөдөнүң былык-чылыктарга толуп, чирип кеткидей! Андан көрө маңдай териңди төгүп,
моминтип карапайым эле жашоо өткөргөн жакшы экен. Саясат менен ишиң жок! Бирөө-
жарымдын каргышына да калбайсың.
Ит анын айрым сөздөрүнө түшүнбөсө да унчукпай угуп жата берип, качан кетчүдөй
ордунан козголуп, кайсактай баштаганында:
- Көп сүйлөп, тажатып ийдим го, ээ? Айтмакчы, менин сунушума эмне дейсиң,
ушул боюнча эле мени менен калып калбайсыңбы? – деген наабайчы чын дилинен. –
Айбан да болсоң мага жактың. Жакынсып алдым? Кандай дейсиң?
Кумайыкка бул сунуш жаккан. Кожоюндуу болуу жаманбы? Наабайчынын өзүнө
болгон мээримине, жакынсып ымала санаганына, ишенгенине эреркей, өзү да аны
жакшы көрүп калганы калппы? Баарынан да анын токочторучу? ! Анан кантип андан баш
тартат? А бирок: “Баламчы? – дегендей кишини суроолуу тиктеген Кумайык.- Балким, аны
да асырап алаарсың?..”
Чынын да эле ошол, баласы жаңыдан жөрмөлөйм деп, боору менен боортоктоп,
томолонуп калган кезде, ит-эне адамчасына “ата” же “апа” издей баштаган. Анткени,
адамчасы канчалык кактап эмгенине карабай, ит-эненин сүтү байып, бала ага
алымсынбай бараткан. Колу-бутун тарбаңдатып, чала тоют болуп кыңылдап ыйлап калган
наристенин курсагын андан ары кантип тойгузаарын ойлогондо, бечаранын замансы
тарып кетер эле.
Азыр да ар күн сайын, таң каракчысы маалда таштанды төгүлчү жайга барып, таң
агарып кеткенге чейин баягы аялды күтө берет. Ал кеткен тарапты карап, көрүнө калчудай
күтө берет да, бир убакта анан желип-жортуп жаман кепесин карай жөнөйт.
Эски үйү – эски журтуна да акыркы убактарда үзүлбөгөн үмүтү жетелеп барат аны.
Баягыдай короонун ичине кирип бара албаса да, үйдү обочорооктон акмалап жатып,
андан да көңүлү суугандай анан бир маалда шарт бурулуп жүрүп кетет. “Балким,
кайрылып келип калышабы?” – деген үмүттө кожойкеси менен Аруузатты күтүүдөн тажай
элек али.
Кээде жатып алып, кыялында өзүнүн адамчасын алардын катарына кошуп көрөт
да, кадимки балдардай кийим кийип, кадимки адам баласындай эки буту менен чуркап,
балдардын арасында бактылуу болуп бойтоңдогон баласын көрөт...
Айтмакчы, бир-эки жолу кермеде илинип турган жеринен эркек баланын шымын,
күрмөсүн сүйрөй качканы да бар. Оюнда ошолорду баласын кийсе деген. Анан аны
эрчитип алып ээн-эркин шаар аралагысы, алиги жакын адамдарын экөөлөп издегиси
келген.
Бирок, кайдан? Бала ит-энеси апкелген кийимдерди карап да койгон эмес. Анткени
алиги күнгө чейин анда кийим кийет жөнүндө түшүнүк да жок...
Ойлонуп, тунжурай түшкөн Кумайыктын оюн наабайчы кайдан билсин:
- Болуптур. Мейлиң, - деген дароо эле бүтүм
чыгарып. – Каалабасаң, зордомок белем? Ит болсоң да, бирөөгө көз каранды болбой,
эркин жашагың келээр? Экөөбүз көп жагынан окшош окшойбуз. Бирок, сен макул деген
убакта деле кожоюндарым экөөбүздү батырмак эмес. Өздөрүнүн да килеңдеген, сендей
эки келген иттери бар. Болуптур, ме гой, - адатынча камдап койгон токочун сунган.
Наабайчыны таң калтырып, ит ошондо биринчи жолу
нанды жебей, каякадыр көтөрүп чуркап кеткен.
Ошондо ит жол бою күйүнүп да, сүйүнүп да жүрүп отурган.
Күйүнгөнү - көптөн бери оюнда жүргөн: “Балким, адамчамды ушул киши асырап
алаар?” – деген тилеги ушу саам ишке ашып кетчүдөй, үмүтү “дүрт” деп жанып, бирок
ошол замат кайра өчүп калганы эле. Кептин баары өзүнүн тилинин жоктугунда болду да!
Сүйүнгөнү – оозундагы наны эле! Буга чейин деле наабайчы мындай токочтун
далайын берген. Бирок, бу саам баласына арнап алып келаткан нан, балким өзү жебей
келаткангабы, демейдегиден башкача таттуу, жыттуу эле. Ошон үчүнбү, жол бою олжосун
канча курдай “ап!” эттирип сунуп алчудай алкымы ачылып кетип, а бирок кекиртегин
тыйган.
Ал келгенде баласы ойгонуп, көздөрүн жылтыратып, буту-колун кыбыр-сыбыр
эттирип, “гы-гылап” үн салып жатыптыр. А бирок ит-энеси канчалык аракет кылып,
оозундагы май токочту баланын колуна карматкысы келгени менен, анын быйтыйган
колдору эч кармабай койду... Оозуна да алып келип, баланын тумшугуна такады. Бирок
ага деле карабай, ит-энесине карай талпынып, тамшанып эмчек издей берди. Ошондо да
ит-эне уулуна алып келген биринчи олжосун өзүнөн кызганып, баланын жанына коюп
койду да, бир убакта бала өзү алып, тамшанып жей баштачудай күтүп жатып, баланын
жей албасына көзү жеткенде гана курсагы ачып, эмшеңдеп эмчек издеген баланын
жанына жатты...
Бир үзүм нан болсо эртеси ошол маалга чейин ошол жерде тура берип, жедеп
катып калганда гана катыратып, кемирип өзү жеди ит-эне.

#12 18 September 2017 - 21:47
***
Кумайык наабайчыга жетпей, эски журтуна карай бурулду.
Анын алгачкы өмүрү ушул кош кабат, заңгыраган үйдө өткөн.
Бирок, азыр анын короосундагы арсылдаган иттен айырмасы, Кумайык мойнуна
чынжыр салынып, итканада жатчу эмес. Анын тирлиги үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу-
чаран, үйдүн ичинде болор эле.
Кожоюну да отуз-кырктын ортосундагы, балпалактаган ак көңүл, жакшы жигит
болчу. Кожойкеси андан да өткөн мээримдүү, жароокер аял. Аруузат болсо, Кумайык
алардын үйүнө жаңы келген кезде там-туң баскан, азыркы адамчасынан да кичирээк кыз
болчу. Уйкудан тура калган кезинде кудум мунун баласына окшоп, көздөрүн алакандары
менен быйтыңдата ушалап, борсулдак күчүктү издечү. Кумайык көзүнө чалдыга калган
кезде кымындай манжаларын ачып-жумуп, кош канатын каккылап, кубангандан көздөрүн
төп-төгөрөк кылып кыйкырып жиберчү. Кумайык тарапка талпынып, аны кармагысы,
кучактагысы келе берет эле.
Кумайык да Аруузатты жанындай көрчү. Анын үнү, дабышы угула калганда ордунан
ыргып-секирип туруп, борсулдап үрүп, кээде ага жетпей калчудай жаны-алы калбай
чуркап баратып өз буттарына өзү чалынып, томолонуп-тумаланып кетчү. Аны көргөндөр
тим эле жыргап күлүп, ого бетер күчүккө ичтери ысып, эркелетип калышчу.
Кудум оюнчуктай болуп борсойгон, жуп-жумшак немени кыз жеткен жеринен
мыжыга кармачу. Кумайык да айбан экенине карабай, этинин ооруганына чыдап, кээде
гана “кыңк!” эте акырын үн чыгарып коюп, анын баардык кылык-жоругуна макул болчу.
Аруузат аны бирөө-жарым талашып алчудан бетер, жатканда да бооруна бекем кысып,
кучактап уктачу. Ата-энесинин “кой-айын” түшүнбөгөн бала күчүктүн капкара, жылтылдак
көздөрүнөн, бетинен өпкүлөчү... Көтөрүп баратып баса жыгылып, бойтоңдоп качкан
күчүктү артынан кубалап, кээде өзү качып... Айтор, экөө тең бир убакта оюндан чарчап,
суй жыгылышчу... Кандай гана керемет кездер эле?!.
Эми андагыдай болбой, өзгөрдү баары. Антсе да, наристесин так ошондогудай
ойноткусу, аны эркелеткиси, жарышып чуркаткысы келет. Ит да болсо баласын Аруузатка,
башка балдарга окшосо деп убайымдана берет. Бирок кантип? Эмнегедир эле бир нерсе
жетишпей жаткансый берет. Дырдай жылаңач, жылаңайлак, бети-башын чач басып
жүдөгөн, ботала болуп кирдеген баласын карап зээни кейийт. А бирок баласы энесинин
эмнеге анткенин сезбейт. Анткени ал жашоону азыр кандай көрүп, кандай таанып турса,
так ошондогудай гана түшүнөт. Ал бул жашоодо ит-энеси экөө гана жашап жаткандай, бул
жаман кепеден, бул айлана-тегеректен башка эч ким, эч нерсе жоктой сезет.
Адам баласына гана таандык таптакыр башка дүйнө, башка жашоо бар экенин
азырынча биле элек. Курсагы ток болсо, анан да ит-энеси жанында болсо болду. Башка эч
нерсе менен иши жок, бойтоңдоп ойной берет,борсулдап үрө берет. Колуна эмне тийсе,
ошонун баарын сонуркап карайт, тиштеп да көрөт...

#13 18 September 2017 - 21:48
***
Болгондо да адам баалсын багыш оңой бекен?! Аз эле жылдар ичинде кадимкидей
жүдөп, чарчап, шылына түштү Кумайык. Жок эле дегенде тили болгондо эмне! Анда
баланын эне-атасын эчак эле сураштырып тапмак! “Эмнеге мынча таш боорсуңар,
адамдар?!” – деп көкүрөгүндө жүк болуп жүргөн суроосун таштап, кыйкырмак.
Наабайчыга окшогон боорукер адамдардан акл, кеңеш, жок эле дегенде суу
сурамак!
Эмнеси болсо да, баланын эптеп эле киши болуп, эки аягына туруп, өзү менен өзү
болуп кетишин каалачу болду эми. “Баланы өз тукумуна кошуп ийип, ошондо гана бар
түйшүктөн арылып, кадимки туугандарындай ит жашоосун улантып, ээн-эркин желип-
жортуп кетермин?” – дейт анын ит дүйнөсү.
Айтмакчы, бир жолу бир шумдуктуу окуя болгон. Ошондо ит-эне аз жерден
адамчасын үзүп-жулкуп жеп да коёт беле?..
Ошону ойлогондо көк желкеси түктүйүп, тулку бою титиреп кетет иттин... Эми да
ошентип, дене бою дүркүрөй түшкөн ит жаман дубалдан ашып түшүп, абалкысындай
оюнчуктардын ортосунда ойноп отурган баласын көрүп, эс ала түшкөндөй болду.
Эки күнгө чукул ооруп, оозуна наар албаган баланын карды ачып, кайсалап араң
турган. Канча ирээт энеси секирип чыгып кетип, кайра секирип кирчү дубалдын түбүнө
чейин келип, өзү кошо ары арып кетчүдөй тамга сүйөнө эки аягына туруп алып, адам бою
дубалдын үстүнө үмүттүү карап, энесин чакырып үрүп, кээде кыңшылап, кээде кандайдыр
бир башкача үндөрдү чыгарып... Андан тажаганда жыландын оюгун барып чукулап, анын
да чыкпасын билгенде айлана-тегерегинде жаткан кызыл-тазыл оюнчуктарды кармалап,
алаксып кеткен.
Ал ойгоо кезде жылан оңой менен оюктан чыкпайт. Кытылдап күлүп, кармайм деп
жан алы калбай артынан кубалаган баланын ою менен боло коём деп, бир-эки ирээт
жалкып калган жайы бар. Наристе “шап!” эттире жыландын башынан алган да, анын
тостоюп, жылтыраган көздөрүнө, чыгар-чыкмаксан соймоңдой калып жок болуп кетип
аткан тилине кызыгып, ипичке сөөмөйү менен чукулап, жерге көтөрүп чаап, ары-бери
сүргүлөп, анысы аз келгенсип жыландын сүйрөлгөн узун тулкусун кайдадыр алып баргысы
келгендей сүйрөйм деп, жыландын эсин эки кылган.
Ошондуктан, ал ойгоо кезде жылан оюгунан чыкпас болгон. Бала уктаганда гана
акырын жылып келип, берирээкте оролуп карап жатат да, кайра өз жолуна түшөт. Анткен
менен ага алардын бар экени жыланга жакшы. Тирүү жан жашаган жерден чымын-чиркей
үзүлбөйт, аларга карап, сороктоп секирип келген бака да жыландын сүйгөн тамагы...
Баарынан да ага адамчанын кылык-жоругу кызык.
Колундагы оюнчук машинени айлантып карап, анын эмне экенине такыр акылы
жетпей, аңкайып карап отурган адамча, энеси кирип келери менен анысын ары ыргытып
жиберип, оозундагы токочко жүткүндү.
Үзүп-жулкуп нан жеп аткан баласын карап жатып, баланын оңолуп, калыбына келе
түшкөнүнө ичи жылып, айбан да болсо ошого каниет кылды ит.
Ырас, канча ирээт ит-эне буга чейин айбандыгына салып да көрдү... Каалаган
жагына желип-жортуп, бул түйшүккө кайра кайтып келбес үчүн ниеттенип, атүгүл эки-үч
жолу кетип да баратып... а бирок анте албай койду! Жаман кепеси менен адамчасына аны
кандайдыр бир күч аркандап, байлап койгондой...
Өгүнү да өзүнө жаккан кара дөбөттүн үнүн эшите калып, ошону менен жер кезип
кетчүдөй кепеден атырылып чыгаарын чыгып алып, анча узай элегинде асман-жери
аңтарылып бараткандай башы айланып, айрыкча адамчанын талпынган боюнча калып
калганы көз алдына элестеп... чыдабай койду го кургуруң! Кантип чыдайт?!.
Капырай десең, бир денеде эки жүрөк тең согуп, ичине батырып тапкан ушундай
керемет баланы анда адам-энеси кантип гана таштандыга таштады экен?! Ошого кантип
чыдап, кантип гана жүрөгү даады?!
А кокус, ошондо Кумайыктан мурун алиги жолбун иттер жолугуп калса эмне болот
эле?! Аларың баланын – бала экенин билип коюптурбу, жаман курсакты тойгузуш үчүн
үзүп-жулкуп жеп коймок..!
Ушуну ойлогондо, “чү” дегенде эле итке баласынын бажырайган
бейкүнөө,жароокер көздөрү элестеп кетет... Андан ары анын тарбаңдаган колу-
буттарынын, мойну-башынын бөлөк-салак болуп үзүлгөнү... Төрсөгөй курсагына иттер
тумшугун малып, ичеги-карынын чубап чыгып жатканы..!
О, жок, жок! Андайды эстегиси да келбейт. Болбосо, эми да жолбун иттер баланы
көздөй чуркап баратышкандай сестене түшөт да, кайда жүрсө да чымын-куюн болуп
артын көздөй жүгүрөт.
Айрыкча, алардын үйүндө башка дагы бирөөнүн бар экенин билгенден кийин,
адегенде а жерден мурункудай ээн-эрикн узап кете албай, көп учурда жаман кепени
айланчыктап, баланы кайтарып калып жүрдү.
Анткен менен жылан деген – жылан, аны менен күч сынашууга анын кудурет-
кубаты жетпейт да беле. Аны деле билбей, жылан кирип кетчү оюкту тикчийип аңдып,
чыга калса эле жулмалап баса калчудай каарданып, канча күн жатты а жерде?
А бирок, алк елген кезде жыландын оюкка сойлоп кирип кеткенин бир канча жолу
байкап, баласынын жакшынакай эле уктап же ойноп отурганын көргөн ит бара-бара анын
буларга зыянсыз экенине, атүгүл өзү жокто балага эш болуп, наристени жагымсыз
нерселерден коруп, кайтарып, жакшы көрүп жүргөнүн билип, ага ишене баштаган.
Кумайык буттарын сунуп, капталынан суналып жата кетти.
Бала ит-энесинин мойнуна мине, эки бутун эки жакка таштай отуруп, колундагы
нанды тамшанып жеп атты.
Ушу саам иттин да өзөгү карарып кетти.
Баланын колундагы май токочко кылыя карап, шилекейин “кылк” эттире жутуп

#14 18 September 2017 - 21:50
***
Напси деген эменин өтө коркунучтуу экенин билет Кумайык... Ал качан араандай
ачылганда, бала түгүл ай ааламдын өзүн кошо оп тартып алчу ажыдаарга айланат тирүү
жан!
Бир жолу жүрөктүн үшүн алган бир укмуштай күн болгон...
Баласы экөөнүн тең багы бар экен! Болбосо, ошол ирмемде экөөнүн тең жашоосу
астын-үстүн өзгөрүлүп, экөөнүн тең ай ааламына алаамат түшүп кетмек! Кудайдын
кудурети болбогондо, көзүң жамандыкты көрбөсүн, шайтан азгырып, ажыдаардай оп
тарткан напсиси баарын күм-жам кылмак! Кепти кыскартып айтканда, туубаса да тутунуп,
эмчек сүтүн эмизип баккан баласын анда ит-эне... жеп коймок!! !
Ал мындайча болгон...
А күнү да адатынча желип-жортуп кетип, кеч кайткан.
Эмнегедир, кепесине жетип, жете электе эле, кандайдыр башкача бир жыт
каңылжаарын жарып жиберген! ..
Баягы күчүктөрүн жоготкон азаптуу учуру мээсине “шак!” эте түшүп, босогодо
саамга жыт алып туруп, жүрөгү бир шумдукту сезгендей кепеге атып кирген!..
Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Көргөн көзүнө ишенип-ишенбей, асман-жери
аңтарылып, көздөрү ала чакмак боло түшкөн иттин! Анткени, бала өзүнүн ордунда эмес,
баягы жыландын уюгунун оозунда, болгондо да жылаңач денеси канга боёлуп, жер сүзүп
томурайып жаткан! Учуп жеткен да, туш келди жыттагылап, тумшугу менен түрткүлөп,
балаын чалкасынан оодара салган! Тирүү экен!!! Кадимкисиндей дем алып, бышылдап
уктап жатат...
Жаны жай ала түшкөн иттин... Бирок, эмне алаамат болуп кеткенине акылы жеткен
эмес. Бир жамандык келе жатканын сезгендей, кыңшылап жиберген...
Көп өтпөй эле жанагы, кандайдыр тааныш сыяктанган жылуу жыт эми так мурдунун
алдынан уруп, башы айлан-көчөк боло түшпөдү беле..! Эмне болуп жатканына түшүнбөй,
муун-жүүнү бошоп, эндирей түшкөн ит. Тулку боюн башкача, кызыктай бир чоочун сезим
бийлеп, ошондон уламбы, буттарын саал калчылдак басып кеткен!.. Ал жыт - кандын
жыты эле!
Эми анын жыт алуусу аркылуу тапкан коркунучуна көздөрү да айгак болуп,
шаштысы ого бетер кетип калган! Анткени, баланын санындагы узатасынан түшкөн
тиликтен жап-жаш эт булайып, Кумайыктын айбандык напсисин ого бетер козгоп
жиберген! ..
Өзүндөгү бул, адам баласына карата эч качан болбогон бейтааныш сезимге
түшүнүп да, түшүнбөй да, азыр эмне болуп кетээрине өзүнүн да көзү жетпей бараткандай,
өзүн-өзү жоготуп, эс-мас эле ит..!
Адатынча анан кыңшылап отура калып, бат эле кайра тура калып, улуп-уңшуп
жиберди ит..!
Эстеди, так ушундай жумшак, жылуу тамакты күчүк кезинде ага кожоюну берген...
***
Ал кезде Аруузат там-туң басып калган. Анда да жылдын так ушундай мезгили
болчу. Эртең менен эрте алардын короосуна кайдан-жайдан жап-жаш, тармал кара козу
келип, байланып калган. Көздөрү башкача бир бадырайган ошол бечара, анткен менен
аны алдыда эмне күтүп турганын билген эмес. Ушундай жакшынакай, сулуу макулуктун
канын чийкилей ичээри Кумайыктын да оюна келген эмес!
Айтор, ошол күнү алардын үйүнө киши-кара көп келип, той болгон. Эшикке ойноп
чыккан Аруузат да, Кумайык да бейтааныш, бирок өздөрүндөй бала козуну жакшы
көрүшүп, а бирок экөө тең андан чоочуркап, жанына жакын бара албай, болгону эле
жаагы талыбай маарай бергенине таң калып, айланып-тегеренип, сонуркап карай
беришкен.
Көп өтпөй эле кожоюну жалаңдаган бычак алып чыгып, үйдөгүлөр уй мүйүз тарта
тегеректеп турушуп, бечара козунун буттарын байлап, бата тилешкен. Кумайык андагы
айтылган сөздөргө толук түшүнбөгөнү менен, мунун баары Аруузатга арналып, аталып
жатканын боолгогон.
- Аруузат акылдуу, бакдөөлөттүү кыз болсун! Омийин!
– деген ак сакалчан карыя. Ал – Аруузатнын чоң атасы болчу. Ошондон кийин гана тармал
козунун алкымына жалаңдаган бычак кадала түшкөндө, кан дирилдеп агып, козунун
буттары тыбырап, коркуп кеткен күчүк “каңк!” этип чочуп, үйдүн кире беришиндеги
жыгачтын алдына кире качкан. Ошол жерден кызыл-жаян болуп союлуп, териси
сыйрылып жаткан бечара козуну карап, а жердегилердин бар кыймылына көз салып
турган.
Эсинде, ошондо да, Кумайыктын мурдуна так ушундай... сызылып аккан жылуу
кандын, чийки эттин жыты келген.
- Жаркынай, күчүктүн идишин берчи? – деген бир убакта кожоюну аялына
кайрылып.
- Эмне кыласың?
- Мобу канды куюп берейин.
- Койчу, чийки немени төгүп эле салчы, - жактырбагандай “күңк” эткен жубайы.
- Ой, эч нерсе болбойт. Төгүп салгандан көрө,
ичип алсын. Ит да.
Айткандай эле Кумайыкка чийки тамак жаккан. Кийин дагы ошондой тамак ичкиси
келип, көзүнө кой-козу чалдыга калса имерилип карап калчу адат таап, бирок, бара-бара
ал жоругун да, жылуу кандын даамын да унуткан.

#15 18 September 2017 - 21:53
***
Канга боёлуп уктаган адамчанын жанында, кирпик ирмемчелик эле убакыттын
ичинде ушуларды ойлоп, көз алдынан өткөрүп жиберди ит. Ошондогу даамга ого бетер
шилекейи агып, напсиси араандай ачылып, эгерде аны кекиртектеп турган бир гана күч
болбогондо, ошол араандай ачылган напси баланы азыр оп тартып алчудай албуут эле!!!
Кумайыктын жаны экиге бөлүнүп, ошол эки жаны эки жаат болуп менен тирешип,
күрөшүп жаткан сыяктанды!
Кумайык өзү менен өзү күрөшүп жатты ошондо!..
Саксагай жүндөрүнүн арасы чылпылдап, тер басып кеткенин айт.
Бир убакта анан арсайган тиштерине баланы басып берүүчүдөй, жогору обдула
түшкөн оң колун кандайча болуп өзүнүн оозуна алып келип “ап!” эттирип “сугунуп”,
качырата чайнап жибергенин өзү да билбей калды!..
Өзүн-өзү ушинтип жеңди Кумайык!
“Каңк!” эткен ачуу үндөн бейкапар уктап жаткан бала да ойгонуп кетип, жанында
бөлөк-бөтөн бирөө эмес, оң буту канжалаган ит-энеси турганын көрүп, “жарк” этип күлүп
жиберди..!
Анын ушул күлүп ийме жоругу Кумайыкка өзгөчө жагар эле! Анан калса, бу
адамдан башкача ыманы ысык бала өзү. Айрыкча минтип күлүп жибергенде ансыз да
көзгө сүйкүм, жылдыздуу бешенеси башкача бир жайнап, каректери күлмүңдөп, жаман
кепенин ичи түгүл, ай ааламдын өзү дагы жарык болгонсуп кетчү.
Бу жолу да ошентти... Түшүнүксүз, коркунучтуу түш көрүп, чоочуп ойгонгон бала
ары оодарылып, уйкуга кетти кайра.
Баланын жароокерлиги эми да иттин эми элеки акыл-эсин, тулку боюн бүт ээлеп
алган кара күчтү, атүгүл өзү тиш салып канжалаткан билегиндеги ооруну да алып ыргытып
жибергендей болду. Эми эле жонуна отуруп алып, шыкактап турган бир азгырык
балакеттен биротоло, таптакыр кутулгусу келгендей жүндүү денесин катуу бир силкип-
силкип да алды!
Ошондон кийин гана кудум сүйүнгөндөн ыйлап жиберген адам баласына окшоп,
муун-жүүнү бошоп, кыңшылап жата калды ит. Бирок ал бутунун ооруганына же жылуу кан
ичпей калганына ыйлаган жок! Өзүнүн напсиси тартыла түшкөнүнө, ошолорду баласы
экөөлөп жеңгенине кубанды ал! Баштагыдай болуп, кадимки энелик сезиминин күчтөнө
түшкөнүнө ыйлады!
Тээ бир убакта анан ордунан турду. Баланын колундагы сынган бөтөлкөнүн оозун
көрүп, акыры окуянын чоо-жайын да түшүндү.
Алар бул жерге келип, жашап калган күндөн бери эле ушул бурчта бошогон
бөтөлкөлөр жатчу. Адегенде буларга анын пайдасы да, зыяны да жок эле. Мындай
болорун кайдан билиптир? Жаңыдан жөрмөлөп, төрт аяктай баштаган тынчы жок бала
ошолорго азгырылат деп ойлобогонун карачы! Жөрмөлөп жетип, айнектерди бири-
бирине ургулап ойноп, сынган айнектерди атүгүл оозуна салып, денесин туш келди
тилдирип, анан бөтөлкөнүн тең жарымын уучтаган боюнча уктаган тура тентек...
Кумайык баланын колундагы айнектин сыныгын тиштеп, акырын сууруп алды да,
сыртка алып чыгып таштап келди. Калгандарын да ошентти.
Ошондон кийин гана эч нерседен капарсыз уктап жаткан баланын жанында
боортоктоп, кичинекей адамчаны бир топко ичи элжирегендей тиктеп жатып, наристенин
бети-башындагы, денесиндеги канды жалап-жуктап, жууп-тазалап жиберди.
Бала да ойгонуп, мойну-башын, колтук-солтугун жалап-жуктаган ит-энесинин
быдырлуу, салаңдаган тилиненен кытыгысы келе кыткылыктап, ошол узун тилди кармап
алгысы келгендей быйтыңдаган колдорун тырбалаңдатып, ойноп жатты.
Ар дайым ушундай. Качан ит-эне баланы ушинтип кир-коктон арылтып, “жууп-
тазалай” баштаганда бала жаман кепенин ичин күлкүгө толтуруп жиберет. Бир чети
кытыгысы келсе, бир чети эркелеп, баарын оюнга айланткысы келген наристе үчүн бир
чети бул жагымдуу эле.
Бу саам да ит баланын денесиндеги канды бүт тазалап, “жууп” чыкты да, жана
эшиктин оозунда калып калган олжосун алып келип, баланын колуна карматты. Анысы –
бу жолу наабайчынын май токочу эмес, бышкан тооктун бир саны болчу.
Аны да ошол наабайчы берген.
- Ме, сен жеп койчу. Менин жегим келген жок, -
деп оозуна кармата салган да, күтүүсүздөн эле Кумайыкка:
- Сен сүйүп көрдүң беле? – деп сурап алып,
кайра анысына өзүнүн күлкүсү келип, эки ийнин сүлкүлдөтүп күлгөн, - Хы-хы-хы... “Боёкчу
боёк боёйт десе, атасынын сакалын кошо боёйт” деген ушу да. Ит менен сүйлөшөт десе...
Сен кайдан сүймөк элең, бечара... Эх-х, - деп анан бат эле күлкүсү басылып, улутунган. – А
мен жаш кезде, студент чагымда бир айдай сулуу кызды сүйгөм. Жаркынай... аты да
ушундай, өзүнө окшош керемет болчу!
Эмнегедир, ушул атты укканда Кумайыктын кулактары диртилдей түшкөн. Оозунда
тиштеп турган этти унутуп калгандай, демейдегидей чуркап кетпей же сугунуп ийбей,
жалпайып жата калып, сөз тыңшап калган. Ошону баамдай койгон наабайчы кебин андан
ары улаган:
- Ал деле мага кайдыгер эмес сыяктанчу.
Карашынан, мамилесинен байкачумун. А бирок, ага ашык болгондор көп эле. Мен
далдыр эсим ооп, суктанып, карап жүрө бергиче, күндөрдүн биринде тыңыраак бирөөсү
иле качып кетиптир. Бирок, бири-бирине төп келип калышса керек, бактылуу жашап
кетишти деп уккам. А кезде мен облуста, алар бу шаарда жашашчу. Кийин күйөөсү каза
болуптур деп уккам... Кечээ шаарга чыгып, аны капысынан көрүп калдым...
Ит ордунан ыргып тура калды!
Арсылдап үрүп жибере жаздап, оозундагы олжосун түшүрүп алам деп араң
карманып калды да, дагы эмне айтар экен дегендей наабайчынын оозунк арады.
Бирок, ал андан ары сүйлөшө алган жок. Анткени, нан сурагандардын кезеги
көбөйүп кеткен...
Ошондон бери иттин эси-дарты ордунда болбой, кожойкесин издеп келет.
Баласы салмак кошуп, төрт аяктап чуркап, чоңойгон сайын Кумайык да өзүнүн бала
чагын, андайда сөзсүз Аруузаты эстейт. Бирок, Кумайык ага караганда бат чоңойду да,
быйтыгый кыз да аны баягыдай көтөрө албай калды. Кайра бул ага жакшы болду.
Анткени, эми чоң оюнчукка окшогон сапсагай күчүгүнүн мойнуна асылып, үстүнө отуруп
алып, тим эле бир жыргалга батып ойнойт дейсиң.
Кумайык баарына кайыл. Иши кылып эле кыз ыйлабаса, жыгылбаса болду ага.
Өзүнүн жүнү жулунуп, кулагы чоюлуп, эти ооруп, баланын курч “туягы” өпкө-жүрөгүнө
өтүп кетсе деле бир “чым” этип койбой, чыдай берет.
Антпесе, Аруузат ыйлай баштаса эле өзүнүн кошо ыйлагысы келип, заманасы тарып
кетет. Ал ыйлаганда ата-энесинен мурда жетип келет да, эмне кылып ийер айласын
таппай айланып-тегеренип калат. Ары чуркап, бери чуркап, акыры оозуна туш келген
оюнчук аттуунун баарын тиштеп келе берет, кыздын алдына таштай берет. Айткандай эле
Аруузат күчүгүнүн ошонусуна маашырланып, кичинекей алакандары менен көзүнүн
жашын арчып, бат эле сооронуп калат.
А бирок, алардын бул бактысына көз көрүнөө эле адамдар балта чапты да, баары
заматтын ичинде күм-жам болду да калды.
Күндөрдүн бир күндөрүндө кожоюну үйгө өтө кеч кайтты.
Ошол күнү бир жамандык болчудай, жүрөгүнө аш барбай, Кумайык кирпик
ирмеген жок. Атүгүл кээде ыйлагысы – улугусу келип эле, ичи эңшерилип туруп албадыбы.
Бир-эки ирээти ошентип, улуп жа жиберди. Кожойкесине бирок анысы жакпай калган.
Чуркапк елип:
- Кумайык! – деген ачууланып. – Жөн жат! Ал эмнең?!
Ошондон уламбы, же анын да жүрөгү Кумайык сезгенди сезип жатты бекен,
ошондо Жаркынай да күйөөсүнө улам кайра телефон чалып, улам кайра саатын карап,
түндүн тээ бир оокумунда бүкүлү кыңайган.
Аруузат болсо бейкапар уктап жатат.
Кумайык сыртка кулак түрүп, “шырп” эткен дабышты тек кетирбей кулактарын
тикчийте калып тыңшап, ал эмес экенин билгенде гана кыңайып жатып калат.
Тээ таңга маал гана машиненин кулакка тааныш үнү угулуп, кожоюну дарбазанын
түбүнө токтогондой болду. Кумайык ордунан тура калып, адатынча эшиктин оозуна келип
кыңшылап, кожоюнунун киришин чый-пыйы чыгып күтүп калды. А бирок, демейде
кожоюну токтогондон көп узабай эле кылдырттап ачылчу дарбаза да бу саам “кечикти”.
Ошол дабышты күтүп, тыңшап турду ит. Андан кийинкиси ылдам эле болот болчу.
Машинесин киргизип коюп, кожоюну үйдүн каалгасын ачкычы менен шарактатып ача
баштамак. Адатынча анан бакылдап, жаркылдап кирип келмек да босогодон тосуп алган
итине жетине албай, кулагын кашып, башынан сылап:
- Кандай, Кумайык? Уктай элексиңби? Кыздар уктап атышабы? – демек.
- Алар – тиякта. Уктап жатышат, - дегендей, уктоочу бөлмөгө жол баштамак
Кумайык. Кожоюну адегенде эле Аруузаттын бөлмөсүнө кирмек. Кызын шорулдата
жыттап, ага арнап алып келгенин жаздыгынын алдына коюп коймок да, өзүлөрүнүн
бөлмөсүнө жөнөмөк. Анда да жубайын ойготкусу келбей, бутунун учу менен басып:
- Кумайык, жүрү, экөөбүз шам-шум этели, - деп шыбырайт болчу. - Курсагым
жаман ачты. Муздаткычыңарда эмне бар?
Газга чай коюп, анысы кайнагыча сууга шапшынып чыкмак. Анан экөө отуруп алып
курсактарын кампыйтат болчу...
Бирок, бу саам андай болбой калды...
Көп узабай эле дагы бир машине келип, кожоюнуна удаа эле токтогон окшоду.
Машинелердин эшиктеринин тарсылдап ачылып-жабылганы, адамдардын күңкүлдөп
сүйлөшкөндөрү угулду. Бир жамандыкты сезгендей жүрөгү опкоолжуй түштү иттин.
Эшикти ачкысы келгендей тынчы кетип, тырмалап ийди.
Адамдардын кобур-собуру катуулап, бир убакта “күпө-күп” түшүп, мушташып
жатканга окшошуп кетти. Ит арсылдап үрүп жиберди. Чуркаган боюнча кожойкенин
бөлмөсүнө кирип, жуурканын тартып түшүрдү. Жаркынай чочуп ойгонуп тура калды да,
иттин тынчсыздангандай кыңшылаганын көрүп, шашып-бушуп кийине баштады. Келин
эшикти ачаары менен аткан октой атып чыгып, дарбазага учуп жетти ит. Айткандай эле
сырттагылар карчылдашып калышкан экен. Жаркынай чыгып дарбазаны ачкыча
Кумайыктын чыдамы жетпей, дубалдын кырына секирип чыкты. Так ошол маалда
кожоюнунун “ык!” этип онтоп жибергенин укту. Ал ыргып түшүп, учуп жеткен кезде
кожоюну бир азга ордунда теңселип турду да, “күп!” этип жерге кулап түштү. Ошо
маалда:
- Кеттик! – деди беркилердин бири. Кумайык аларды жазбай тааныды. Буга чейин
кожоюну менен үйгө далай келип, даам татып жүргөн эле теңтуштары болчу.
- Кеттик! Катыны чыга калса... – деди экинчиси.
Ошентишти да, машинеге түшө качышып, Кумайык жаңы эле багалектен алаарда
бири эшикти ичинен “карс!” жабууга үлгүрүп, “зуу!” этип көздөн кайым болуп кетишти.
Абалап үргөн ит бир далайга чейин алардын артынан чуркап барды да, кожойкесинин
ачуу чаңырыгынан улам кайра имериле тартты.
Ошолор кожоюнун койгондо да келишти. Аларды көрүп, Кумайыктын өзөгүндө
калган өчүгүүсү шакардай кайнап, кежигеси үрпөйүп, азыр барып басып калчудай көздөрү
канталап чыкты.
- Ыррр-рр! – келаткан иттин түрүн көрүп, баягы экөө үрпөйө түшүштү. Аны байкай
койгон туугандардын бири:
- Мобу итти байлап койгулачы, ай! Келген-кеткендерди тиштеп алып, “өлгөндүн
үстүнө – көмгөн “ кылбасын! - деди.
Ошондон тарта, көңүл айтып келип-кеткендердин аягы суюлгуча Кумайык
балкондо камалып калды. Анткен менен баягы экөөнүн дабышы, үнү угулган сайын
титатайы тутулуп, кыжынып, арсылдап үрүп, эшикти тытмалай кыңшылап, айласы
кеткенде улуп-уңшуп жиберип жатты.
- Капырай, ээсин жоктоп жатат окшойт ити, - деп жатышты аны байкагандар. –
Мындайы жок эле мунун.
Анан да келип-кеткен эл өздөрүнчө күбүң-шыбың болушуп, маркумду белгисиз
бирөөлөр өлтүрүп кетишкенин айтып, айрымдары башка да божомолдорду божурап
жатышты. Баарынан өкүнүчтүүсү, алардын арасында Кумайыктын кожоюнун өлтүргөн
экөө да бар эле. Ит болсо да андай бетпактыкка Кумайыктын тим эле куйкасы курушуп,
жаны түтөп кетип жатты. Тилинин жок экенине ошондо дагы бир өкүндү. Кийин, элдин
аягы суюлган кезде да, кожоюнун ким өлтүргөнүн айтып бере албаганы үчүн жаны түтөп
жүрдү иттин. Ыйлай бергенден жедеп солуп, баспай калган кожойкесинин, көп нерсени
түшүнүп да, түшүнбөй да, көздөрүн алайткан Аруузаттын, кез-кез көзү илинип кеткенде
түшүнө кирип, ойгоо кезинде көз алдына тартылып, эсине түшө калчу кожоюнунун
арбагынын алдында да өзүн ушунчалык күнөөлүү сезе берди.
Ошондон тарта, бул үйдүн жашоосу таптакыр башкача нукка өзгөрдү. Баягы,
бапырап конок үзүлбөй, бака-шака түшүп турчу үй таш тиштеп алгандай сумсайып,
томсоруп калды. Дагы жакшы, ошол боштукту али эс кире элек Аруузат гана билгизбей,
кытылдаган тап-таза күлкүсү, атасын сагынганда көпкө чейин басылбай ыйлаган ыйы,
чулдур тили менен жымсалдап жаап турду. А бирок, ал уктаган кездерде үйдүн ичи
үшкүрүккө толуп кетчү. Үйдүн кожойкеси күйөөсүнүн сүрөтүн, ал кармаган буюм-теримди
карап алып деле солуктап ыйлап, анан узак, оор үшкүрүнүп, андан башка кыларга иши
жоктой чүчнчүп, солуй баштады.
- Кой, балам, кайрат кыл, Кудайдын буйругу экен... Андан көрө ошондон калган
жалгыз кызыңдын келечегин ойло. Сен минте берсең оорулуу болуп калбайсыңбы, анда
тиги баланан күнү кантет, кокуй! Атасы да өлүп калса, энеси оорулуу болуп калса... Биз да
минтип карып калдык. Эми белиңди бек буу, – деп апасы күн-түнү кашында отуруп атты.
- Кереги жок! Мага эми эч нерсенин кереги жок! Айтсаңыз, ансыз мага жашоонун
кандай кызыгы болмок эле?! – дейт кызы.
- Балаңчы, капырай?!
- Ой, Кудайым, ай! Ошо канкорлорду бир көрсөм, ошолорго бир жолуксам! .. – деп
өксүп, муштумдай түйүлгөн Жаркынай кызын бооруна кысып, ошону кайра-кайра жыттап,
ансайын көзүнүн жашын буурчактатып жүрүп, бара-бара ошол кызы үчүн жашаш керек
экенин түшүнгөндөй болду. Анткен менен күйөөсүнүн баскан-турган жерлерин карап
алып, жаратын улам кайра жаңырта берчү адат тапты. Айрыкча, дарбаза тарапка такыр
беттенип баса албай койду. Ал жерде дагы эле күйөөсү кызыл-жаян канга чыланып, бул
дүйнөнү, ата-энени, аял-баласын кыя албай жаткандай, улам алсызданып бараткан колу
менен жер чапчылап, диртилдеп жаткандай сезиле берчү.
Атүгүл кожойкеси түндөсү түшүнөн чочуп, кыйкырып тура калчу адат тапты. Өз
көлөкөсүнөн да чочуп тиги бурчтан, бу бурчтан кандайдыр караандар көрүнө калып
жатканын айтчу болду. Ошондон улам ата-энеси кызына жай которууга кеңеш беришти.
Акыры Жаркынай өзү да ошону туура көрүп, үйүн сатып жиберип башка шаарга көчүп
кетти.
Ошондогу Кумайыктын акыбалын айтууга сөз жетпес эле. Кожоюнунун өлгөнүнөн
да, өлтүргөн адамдардын кошо аралашып эле, жик билгизбей аяшына көңүл айтып, кошо
“кайгырып”, келип-кетип жүргөнү аз келгенсип, эми аларды көчүрүшүп жаткандарын
карачы! Ит да болсо ичинен сыздап, атүгүл баса албай, боору менен жылып калды
бечара! Жамийла деле аны кыя албай, кылчактады жакшы эле.
- Муну албай эле кой, эми, - деди Аруузаттын таятасы. – Алыс жолдо бир колуңда
бала, бир колуңда ит болуп, кыйналып каласың, балам. Анын үстүнө, жакшы ит менен ат
ээсинен кийин көпкө деле турбайт. Биз алып кетет элек, ага деле көнбөйт го, бу оңбогур.
Күчүк кезинде болсо бир жөн эле... Чоң ит акыры көнгөн жерине качат. Балким жаңы
кожоюндары менен көнүшүп кетээр...
- Жарынай да ошону эп көргөндөй, сыңар итзелеп отура калып, Кумайыкты
мойнунан бекем кучактап алып, буркурап-боздогон. Ит да ыйлаган. Узап кетип бараткан
машиненин артынан тээ бир далайга чейин чуркап, тигилердин карааны көрпүнбөй
калганда гана солуп жатып калган. Тээ бир оокумда анан төрт аягын араң сүйрөп, такыр
башка адамдар кубанып кирип-чыгып калган үйүнө кайтып келген...
Бирок, күйүттөн бүгүп, тулкусун көтөрө албай жатып калган итти кайсы киши
жактырсын:
- Мобу ит оорулуу эме го, анын үстүнө ээсинин башын жуткан кара жолтой эмени
бакпай эле койгулачы, - деди алардын да бир билерманы. Ошентип, эки күн өтүп-өтпөй
жаңы кожоюну дарбазаны чоң ачып коюп, өзү колуна сөөк кармап алып сыртка чыкты да:
- Ме, ме, - деп чакырды. Анын оюн түшүнгөн Кумайык ордунан оор козголуп турду
да, сүйрөлүп дарбазадан чыгып, бирок анын сөөгүн карап да койбой, башы оогон жакка
кете берди. Үйдүн жаңы ээси бир чети таң калгандай, бир чети ыза болгондой анын
артынан аңкайып карап туруп, башын чайкаган боюнча ичкери кирип кетти.
А бирок, ит ал үйгө көпкө чейин айланчыктап келе бергенин токтоткон жок. Анткен
менен жаңы кожоюндун көзүнө көрүнгөндөн намыстанып, анын карааны көрүнө калган
кезде “жылт” этип коңул-соңулга кире каччу. Ошондуктан, көбүнчө эски үйүнө эл жаткан
маалда келчү да, өзүнө тааныш жол менен короого кирип, баягы өздөрү жүргөн жерлерди
“өөп-жыттап”, шимшилеп жүрүп чыгып кетчү.
Ал үйдүн жаңы Короочусу анда жаш күчүк эле, эми өзүндөй эки келип, кудум
торпоктой чоң ит болду.
Көчөдө калган Кумайык көпкө чейин кайда барарын билбей каңгып жүрдү. Башта
адамдар менен насиптешип жүргөн жаны, бара-бара таштандыны байыр алганга өттү.
Канчалык жагымсыз сезилгени менен, акыры ага да көндү. Ал жерден өзүнө окшогон үй-
жайсыз курдаштарды тапты. Адегенде ыркырашып, кабыша кетип, акыры тил табышып,
атүгүл эрчишип да жүрө турган болушту...
Ошондой күндөрдүн биринде анан биринчи жолу эне болуп, эки күчүгүн көз
жарды.
Боорукер адамдардан айланса болот, таштандыдан анча алыс эмес, бирок адам
аягы көп каттабаган жерде күчүктөрүн асырап жүрүп, бала досторду тапты. Бир күнү,
адатынча таштаныда жүрүп келсе, көздөрү жылтырап жаңы ачылган борсойгон
күчүктөрүн ошол тегеректе жашаган эки кичинекей бала таап алып, ойноп отурушуптур.
Адегенде энтеңдеп жетип келген итти көрүп, балдардын эси чыгып кетти. Күчүктөрдү
таштап жиберишип, элейип эле туруп калышты.
Кумайык алардын коркуп кеткенин түшүндү. Ошон үчүн токтогон жеринде жылбай
туруп калды да, бейкүнөө балдарга атүгүл ичи жылып, эререкеп кетти. Анткени, жарым
жылга жакын убакыттан бери ал адам мээримин көрө элек болчу ит.
Балдар да анын ачууланбай турганын билишип, бара-бара тарамыштай түйүлө
түшкөн денелери жазылып, бири-бирин карап жылмайып:
- Эчтеке кылбайт экен, - дешти.
- Биз сенин балдарыңды уурдаган жокпуз, - деди бири. –
Биз жөн эле, ойнотуп жатат болчубуз...
Ит алардын жанына басып келди да, эмчек издеп чыйылдай баштаган күчүктөрүн
жыттап, кежигесинен көтөрүп ойдуңураак жерге ташып алып, эмизип жатып калды.
- Жакшы ит экен, ээ? – деди балдардын бири кубанып.
- Ийи. Байкуштун курсагы ачка го, жүрү, тамак алып келип беребиз.
Ошондон тарта эки бала Кумайыкка тамак ташый турган болуп алышты.
- Эч кимге айтпайлы, ээ? – деп бир күнү экөө кол алышып, шерт кылышты. –
Антпесек, биз жокто буларды уурдап алышпасын.
Атүгүл жамгыр жааган күндөрү үйлөрүндөгү эски-уску таар, чапан-чупандарды
сүйрөп келишип, күчүктөрдү жаап да жүрүштү. Бир күнү анан балдар кеңешип туруп,
күчүктөрдү энеси менен башка “үйгө” көчүрмөй болушту.
Айткандай эле алар тапкан жерге жаан тийбей, күндүзү көлөкө болот экен.
Ошондуктан Кумайыкка бул жер бир топ эле ыңгайлуу болчу. Анын үстүнө баштагыдай
жалгызсырабай, эки баланы да караан тутуп, алардын божураган сөздөрүн тыңшап,
көнүшүп алышты. Алар ташып келген азыноолак тамак-ашка алымсынып, кичине
оңолгонсуп да калды Кумайык.
Балдар болсо, күчүктөр улам торолуп, бири-бири менен күрөшүп ойноп, атүгүл
төрсүлдөп үрө баштагандарына ыраазы. Бу жерден эч кеткилери келбей, качан гана
апалары издеп, аттарын атап чакыра баштаганда гана күчүктөрдү ордуна таштай коюп,
алакандарын кийимдерине арчып, эч нерсе болбогондой чуркап кетишет.
Ошол балдар бир күнү келишти да, күчүктөрдү ордунан таппай калышты.
- Кана алар?!
- Энеси баша жакка алып кеткен го?
- Эмнеге?..
Адатынча кайдадыр чуркап кетип, кайра келген ит да күчүктөрүнүн жоголгонуна
ишенбей, туш-тушту шимшип, эки баланын коюн-колтугунан бери жыттагылап жиберди.
Чындап эле жок экенине көзү жеткенде гана кыңшылап ийди.
- Мына, энесинде да жок! Уурдаттык! - деди балдардын бири ыйлап жиберчүдөй
болуп. – Эмне кылабыз эми?!
- Ким уурдады?!
- Сен да! Замирлерге айтпа десем болбой... Жүрү, барып сурайбыз! Эгерде алган
болсобу!..
Балдар Замирдин үйүн көздөй чуркашты. Ит да алар менен кошо чуркап келатып
эле, бир убакта балдардан бөлүнүп калып, жерден тумшугун албаган боюнча аялдамага
чейин келди. А бирок андан ары жыла албай, кайсактап калды. Анткени из ошол жерден
үзүлүп, жок болуп кетти.
Чокчоюп отура калып, сай сөөгү сыздап, кыңкылдап-кыңшылады. Тумшугу ылдый
мөлтүлдөп, ысык жаштар кулады.
Бул анын өмүрүндөгү дагы бир катуу өксүгү болду.

#16 18 September 2017 - 21:55
***
Ошентсе да балдар таап берген “үйүн” башбаанек кылып, адамчасын таап алгыча
жашап жүрдү Кумайык. Балдар да аны унуткан жок. Баягыдай эле колуна тийгенин
көтөрүп, чуркап келип жүрүштү. Кумайыктын башынан сылап:
- Ий, байкушум... Биз аларды таба албай койбодукпу. .. – деп өздөрүн күнөөкөр
сезишет.
Бара-бара балдар да ага каттаганын коюшту. Жай мезгилинде окуучулар каникулга
чыгып, туш-тушка эс алууга кетерин ит билип коюптурбу, тек гана досторун күтүп,
коңултуктап, ого бетер жүдөп кетти. Аларсыз уяга келүүнүн деле шааниси жоктой туюлуп,
кийинчерээк тийип-качып калды.
***
Дагы үч жыл өттү арадан.
Кумайык абалкыдай болбой, алы-күчү азайып, саал улгайгансып калды.
Баласы болсо, сапсайып далысына түшкөн чачы бети-көзүн жаап, алда канча
чоңоюп калды.
Эми да ит кыкка оонап, боргулданып тердеп жаткан баласын карап, күтүп жатты да,
боортоктоп жата калып, туш келди жалап-жуктап жиберди. Бала адатынча ары
томолонуп, бети-башын ала качып, кытылдап күлүп ойгонду.
Ит-энеси: “Арс-арс! ” – үрдү.
Экөөнүн дагы бир жаңы күнү ушунтип, бактылуу ирмемдер менен башталды.
Бир азга ит-энеси менен жулмалашып ойногон соң, курсагы ачканын билгизип,
кыңшылап ийди бала.
- Мен азыр!.. – дегендей белги кылды да, ошо замат дубалдан ары ашып кетти ит-
эне. Демейде ойгонору менен токочу колуна тийчү бала түшүнбөй калгандай болду.
Ансыз да күңүрттөнгөн уянын ичи саамга тып-тынч боло түштү. Бирок энесинин
кандай тез чыгып кетсе, кайра эле ошончолук бат кирип келерин билгендей, бала төрт
аяктап дубалдын түбүнө жетип келип, өйдө жакты аңкая караган боюнча күтүп калды.
Айткандай эле, бир убакта дубалдын кырында токоч тиштеген энеси пайда болду.
Бирок, ал кырдан түшпөй, көпкө туруп калганына чыдамы жетпей, бала борсулдап үрүп,
тамга сүйөнүп эки бутуна турду.
Энеси анда да түшкөн жок. Баласынан алда нени күткөндөй, оозундагы кыпкызыл,
жыты буркураган токочко баланын көзүн кызыктырып, куйругун чамгарактатып тура
берди. Атүгүл дубалдын кыры менен басып, бала турган туштан жылып да кетти.
Айткандай эле, бала да дубалга эки колу менен сүйөнүп, ит-энесин эрчий басты. Кумайык
кайра да орун которду. Бала кайра да ошентип артынан эрчип, акыры чыдамы кеткендей
энесин туурап:
- Аф-аф! – деп борсулдап үргөн болду. Бирок анысы ит-энесин анчейин деле
кубанткан жок. Ал кадыресе чоңоюп калган баласынын дубалдан ашып-түшүүгө
аракеттенүүсүн каалаган. Аны жаман кепеден алып чыккысы, кайдадыр эрчиткиси келген.
Бирок, баланын ал жөнүндө ою да жок экенин билген иттин шаабайы сууй, уяга секирип
түштү да, колдорун быйтыңдатып, оозундагы нанды тарткылаган бала менен бир азга
талашып-тартышкан болду. Колунун күчү келбесине көзү жеткендей, бала анан энесинин
оозундагы нанды тиштеп алууга аракеттене баштады.
Баласынын майпаңдап нан жегенине маашыркагандай, көз албай карап жатты
Кумайык. Ошол эле убакта буту-колунун тырматкары өсүп кеткен кичинекей адамчасынын
адам баласына окшобой, жапайы өсүп келатканына жүрөкзаада эле.
Эмнегедир, акыркы убактарда баласын баягы жылжыма булакка алып барууну
ойлочу болгон.
Адамчасы тамагын жеп бүткөн кезде анан ордунан шашпай турду да:
- Жүрү? – дегендей куйругун шыйпаңдата булгалап, эшикти карай жол баштады. Ит-
энесинин бул чакырыгы бала үчүн күтүүсүз болду. Анткени, апасы аны буга чейин эч качан
сыртка алып чыккан эмес. Ал кеткен тарапка канчалык умсуна карап калганы менен,
дубалдын ары жагында эмне бар экени ага табышмактуу, атүгүл кркунучтуу дагы эле.
Ошондуктан:
- Мени эрчи, - деп сырт тарапты баштанып
турган ит-энесин дале ишенип-ишенбегендей карады бала.
- Арс! Арс! – үрдү энеси. Анысы: “Эмне турасың,
жүрү?!” - дегени болчу. Бала бойпоңдоп, Кумайыктын соңунан эрчиди.
Ит-энеси дубалдан ары секирип түшүп кетти да баласын күтүп, өйдө жакты карап
аңкайып туруп калды. Адамчасы азыр дубалдын кырынан “култ” этип көрүнө калчудай
куйругун шыйпаңдатып, кыңшылап, үмүт менен үрүп турду да, бир убакта баланын
айласы куругандай акырын-аста кыңылдап-кыңшылаганын уккан соң гана “шып!” этип
кайра дубалга секирип чыкты. Айткандай эле баласы дубалдын түбүнө сүйөнүп, энеси
ашып түшүп кеткен тарапты карап, эки аяктап турган.
- Бери чык, ашып түш! – деп жатты энеси арсылдап үрүп.
Бала дубалдан ашып-түшүүгө аракет кылгандай эки согончогун көтөрүп талпынган
болуп, бирок такыр ордунан козголо албай койду. Эки аягы талып кеткендей анан бат эле
төрт аяктап, сыртка чыгууга жылчык, жол издегендей дубалдын түбү менен ары-бери
жыла баштады.
Дубалды ашып чыгууга адамчанын акылы да, дарамети да жетпей турганын
түшүнгөн Кумайык кайра ичкери секирип түшүп, дубалдын түбүн шимшилеп жүрүп,
оңтойлуураак бир жерин таап, эки аягы менен чапчылап каза баштады.
Көп өтпөй эле дубалдын түбүнөн көзөнөк пайда болду. Адегенде а жерден өзү
боортоктоп чыгып, кайра кирип көрдү. Оюктун тар экенине көзү жеткендей дагы
чапчылап, тереңдетип казды эле, бир топ кеңейе түшкөн тешиктен эми өзү “шоп!” этип
ээн-эркин кирип-чыгып калды. Ошондон кийин гана баласын алып чыгууга аракет жасады.
Сыртка чыккан бала күндөн көзү уялып, билеги менен бетин жаап, бир азга отурду
да, учу-кыйыры жоктой мелмилдеген ээндикти айланта, аңкая карап, адатынча күн
баласына окшоп күлүмсүрөдү. .. Ушу саамда сырттан караган кишиге ал күндүн алтын
нурларына киринип отурган бала-периштеге окшош эле...
Ит энеси да баласын бир топко жайына коюп, шоңшоюп карап отурду да, бир
убакта:
- Болду эми, кеттик, - дегендей белги берип, кайдадыр жол баштады.
Ит-энесинин соңунан калбай, төрт аяктап чуркап, тейпеңдеп келаткан бала улам
бир жерден токтой калып чоочун да, кызыктуу да көрүнгөн, өзүн курчап турган айлана-
тегерекке сонуркай карап, кээде ар нерсени бир колу менен чукулап, кармалап да көрүп,
качан ит-энеси арсылдап үргөндө гана жүрүшүн улап кетип баратты.
Ага бу дүйнө таптакыр чоочун да, жаңылык да эле.
Асмандын, ай ааламдын ушунчалык чексиз, учу-кыйырсыз кенен экендигине
атүгүл башы айланып да калды.
Кызыл эт кезинен жаман кепенин ичинде кык жыттап, ит жыттап чоңойгону үчүнбү,
береги көп-көк, жап-жашыл болуп буралган чөптөрдүн, көздүн жоосун алган кызыл-тазыл
гүлдөрдүн ар бири өз-өзүнчө буруксуган керемет жыт чыгарып, баланын кичинекей
жандүйнөсүн ого бетер козутуп коюп жатты. А бирок, ал эзели көрбөгөн айрым ачуулуу
чөптөр анын буту-колдорун, денесин тызылдатып туш-туштан сайып да алып, андайда
кемешеңдеп ыйлап ийип, бирок болбой эле ит-энесинен калып калбаганга аракеттенип
баратты.
Алар жылжыма булакка келип токтошту. Бала баягыны көргөндө ого бетер
аңкайды. Мындай нерсе анын түшүнө да кирген эмес. Бетин жашыл-көк балыр баскан
жылмакай чоң таштын түбүнөн билектей булак жылжып чыгып, кичинекей көлмөгө
чогулуп, андан ары анан ийрелеңдеп каяккадыр сапарын улап кетип атат...
Суунун жээги болгонгобу, башка жерге салыштырмалуу бу жер бетегелүү, салкын
да экен.
Ошо маалда кайдан-жайдан желип-жортуп келген айдарым жел анын чачтарын
дирилдетип, бети-башынан сылап, көңүлүн элеп-желеп кылып жиберди. Ошого
маашырланып, адатынча ээгин саал өйдө көтөрүп, көздөрүн жумуп, кыткылыктап күлүп,
айланасына күлкү чачып жатты бала. Жата калып, чөптөрдү тиши менен кырча-кырча
тиштеп, даамдап да көрүп атты...
Ит-эне адамчасынын кубанычына жетине албай, куйругун чамгарактата “арс-арс! ”
- үрүп, анан булакка ээк салып, көздүн жоосун алып, мөлтүрөгөн нерсени тим эле
ырахаттануу менен шалпылдатып иче баштады. Энесин таң калгандай карап туруп,
баласынын да табити ачылып кетти анан. Шилекейин “кылк” жутуп, бирок кантип ичээрин
билбей жаткандай сууга жакындап келип, энесин туурап эңкейе калып, сууга тилинин учун
салып көрдү да, анан кадимки ит-энесиндей бирде шалпылдатып, бирде шимирип иче
баштады.
Ушул тапта Кумайык адамчанын суу ичкенин ырахаттана тиктеп туруп, оюна бир
нерсе түшүп кеткендей анан ыкчам туруп келип, баланы сууну көздөй жөөлөп, түртүп өттү.
Муздак сууга кулап түшкөн дырдай жылаңач бала адегенде эмне болуп кеткенине
түшүнбөй алактап, ичиркенип, тегерек-белин туш келди чапчыгылап, какап-чакап, суудан
чыга качууга аракет жасады. Ушу саамда ит-энеси да суу кечип, уулуна көрүнүш үчүн
атайын эле суунун үстүндө ары-бери оонап, билектей жылжып аккан булакты чалпылдата
шапшыгылап жиберди. Аны саамга нес боло карап турган бала анан өзүнө чачыраган
суудан качып, кыткылыктап күлүп жатты.
Экөө антип көпкө ойношту. Бир убакта анан чарчагандай көк майсаң чөптүн
үстүндө экөө тең күнгө жондорун кактап, эс алып жатышты да, үйлөрүнө тээ көз байланган
кезде кайтып келишти.
Ошол күнү бала бут серппей, тынч уктады. Ит-энесине баласынын дене-бою
жылмакай тартып, жыты да оңолуп калгандай сезилди.
Ошондон кийин экөө эрчишип алышып, жылжыма булакка келип суу ичип, ойноп
кетип жүрүштү. Бара-бара баласы энесинен калбай, бучкактап эрчигенге үйрөндү. А
бирок, күндүз артынан калбай чуркаган баласына сес көрсөтө ырылдап, ачууланып жүрүп,
акыры аны түнкүсүн да эмес, таңга маал гана эрчигенге үйрөттү Кумайык.
Анткени, бир сапар караңгыда бала түп-түз барып эле чуңкурга түшүп кетип, араң
чыккан. Бети-башы тытылып, анысы кийин карттанып, далайга чейин карала-торала болуп
жүргөн. Буга окшогон жагымсыз окуялар андан киийн да бир топ жолу кайталанып кетти.
Ошондон кийин гана адам баласы караңгыда көрбөй тургандыгын билди ит. Баланы
кечкисин үйдө калтырып, таңга маал гана алып чыкчу болду. Андайда таттуу уйкунун
кучагында уктап жаткан баланы түрткүлөп, жалап-жуктап, шыйрагынан тиштегилеп жатып
ойготот да, эрчишип алып шаарды көздөй жөнөшөт.
Экөө адегенде эле баягы таштандыга келишет...
Андан ары Аруузаттардын үйүн акмалап карап отурушуп, жерге жарык түшө
баштаган маалда жылжыма булакка, анан кепеге кайтып кетишет...

#17 18 September 2017 - 21:59
***
Тээ башта, адамчасы чоңойсо эле, бар азаптан арыла түшчүдөй сезилчү.
Тескерисинче, улам барган сайын түйшүгү, убайымы арбып барат. Адамдын баласы
болгону менен, алардан алда канча айырмаланган бу байкуш кайсы бир каргашалуу күнү
таш боор адамдардын же жырткыч айбандардын назарына илинип калабы деп коркот.
Мунун да ошолордой басып-турушун, адамча үн катышын каалайт.
А бала болсо, анда-санда гана эки аяктап “кас-кас” тура калганы болбосо, дале
баягысындай - төрт аяктап чуркап жүрөт. Балага адамча тил бүтчүдөй, бүдөмүк үмүтү да
бар эле иттин. А бирок, ит-энесин туурап борсулдап үргөнү болбосо...
Ит-эне шаарды аралап чыккан сайын өз баласына окшогон балдарды байырлап,
алардын баскан-тургандарына, кыймыл-аракеттерине, сүйлөгөн сөздөрүнө назарын
төшөйт. Ошолордун катарына өзүнүн адамчасын да кошуп жибергиси келип кетет...
Бирок, бул анын баладан тажап, кутула тажаганынан эмес...
А бирок анын баласы адамдардын караанын алыстан көрүп, аңкайып караганы эле
болбосо, өзүнүн да адам тукуму экенин ойлой элек.
Бир жолу жылжыма булакка ит-энесинен мурда жетерин жетип алып, тунуп турган
булактан өз кебетесин көрө коюп, бир далай жерге чейин “үркүп”, ыргып-секирип кеткен.
Сыягы, ошол убакка чейин өзүнүн кебетесин да ал кудум ит-энесине окшош деп жүрсө
керек. Суу түбүндө аны өзү эмес, алыстан гана көрүп жүргөн таң калыштуу, эки
аяктуулардын бирөө-жарымы аны тиктеп тургандай сезилип кеткен. Качан гана артынан
акактап, тилин салаңдатып жетип келген энеси адатынча сууну шалпылдата иче
баштаганда жүрөгүнүн лакылдай түшкөнү басылган. Ит-энеси булакты кечип, жанагы
сөлөкөт турган жерге бүт денесин салып, боортоктоп жата калып, тура калып атып
ылайлаган булакка акырын жылып келип, бирок, жанагы чачы-башы саксайган адамчаны
“таппай” калган.
Андан кийин жылжыма булакка келген сайын суунун астынан өзүн тиктеп турган
сурма көз, эки ууртунда уячалары бар сүйкүмдүү сөлөкөттү издечү болгон. Аны көрүш
үчүн сууга дайыма ит-энесинен мурда келиш керек экенин да баамдап алган. Ошого
аракеттенчү болду анан.
Көнө баштаган кезде өзүн туурап, кудум өзүндөй кыймылдарды жасаган сөлөкөткө
колун сунуп, кармагысы да келип жүрдү...
Кийин-кийин, ошол бала – өзү экенин боолгогондон кийин деле өзүнүн адам
экенин этибар албай жүрө берди бала.
Ит-энеси менен бөтөнчө жаны бир эле. Айрыкча аны менен эрчишип чыккан
кездери жыргал. Анан калса, башка иттер менен да ыгы келе калганда ырылдашып, кээде
төрсүлдөп үргөн болуп, сүйлөшө турган болуп алды.
Канткен менен адам баласы да, адегенде иттер кичинекей адамча энеси менен
эрчишип келатканда саксактап качып, ал тегерекке алар кеткенден кийин гана пайда
болушар эле. Кийин болсо анын деле өздөрүнө окшоп, кара курсактын айласын кылып
жүргөн бирөө экенин билгенгеби, анчалык коркпой-үркпөй калышты.
Ошондо да алар, Кумайыктын тумшугу таштандынын ичинде болгону менен эки
көзү, кулагы, эси-дарты баласы тарапта экенин жакшы билишет. Кокустан бирөө-жарымы
эле бала тарапка жакындаганын байкаса, ит-энеси аткан октой атырылып келет да, ай-
буйга келтирбей баса калат. Баягы-баягы сылык-сыпаа, боорукер Кумайыктын эмнеге
мындай каардуу карып баратканын ит-мышыктар түшүнмөк беле, каңкылдап каргап-
шилеген боюнча, куйрукту кысып чыга беришет.
***
Ошондой күндөрдүн биринде Кумайык үчүн көптөн бери эңсеп, издеп жүргөн
күтүүсүз бир жолугушуу болду да, ал бирок анын көкүрөк-көңүлүндө үлпүлдөп жанып
жүргөн үмүттүн бир үзүмүн “үлп” эттириип өчүрүп салды...
Ал жолугушуу кадимки таштандылардын арасында, бирок чак түштө болду...
Эмнегедир, капысынан эле алдыда аны кандайдыр, башкача бир жолугушуу күтүп
тургандай сезим келди ага. Мындай туюм анда кичинекей кезинен боло турган. Адаттан
тышкары бир окуя болоордо ушинтип өзүнө-өзү батпай калчу адаты бар. Кожоюну өлөөр
алдында да, Аруузаттар көчүп кетээрде да, күчүктөрүн жоготоордо, анан кызыл эт
адамчасын таап алаарда да ошондой болгон.
Бу саам да жүрөгү опкоолжуп, кыжалаттана баштады.
Таң эрте жылжыма булактан барып эле уктаган адамчасы оюна түшүп, жүрүшүн
ылдамдатты. Эч жакка бурулбай, түз эле жаман кепесине кетүүгө ниеттенди. Бирок,
таштандыга жакын жерден эле аяктары ошол жакка “ала качып” туруп алды. Боло турган
нерсе ошол жакта болуучудай көңүлү да ошого макул болду.
Ал жаңылбаптыр. .!
Шаардын чет жакасындагы узун-туурасы алда кайда кеткен таштанды жайга жетип-
жете электе көзүнө бирөө-жарым чалдыга түштү. Бирок, ал өзүнөокшогон селсаяк ит-
мышык эмес, адам болчу! Болгондо да – аял окшойт! Алда неден шектенген Кумайык
токтоп, локуюп отуруп калды. Тумшугун алдыга созуп, жыт искеди. Бирок, аралык алыс
болгонгобу, таштандынын каңырсыган ачкыл жытынан башканы ажыратып биле албай
койду. Жанагыдай алып-учпай, эми жылжып өтө сак, бирок көздөрү бир орунда турбай,
ары-бери жылып жүргөн “караанды” жаздым кетирбей теше мээлеген боюнча келатты.
Ал жакын келгенде да алиги караан аны байкаган жок.
Анын үстүнө Кумайык анын далысынан тиктеп турган болчу.
Издегенин тапкан окшоп, Кумайык бир убакта серпиле түштү..! А бирок анын ошол
экенине ынангысы келдиби, капталдай басып, тигинин бет маңдайына келди да, бирок
көзүнө илинип калбаш үчүн жалпайып жатып калды.
Бет маңдайында отурган аялды таанып да, тааный албай да, окшоштуруп да,
окшоштура албай да турду. Көз алдына мындан алты жыл мурунку окуя- ошондогу
баласын атайылап эле таштай салып, артын карабай качып кетип бараткан аялзаты
элестеди. Анын чачтары анда минтип түйдөктөшпөй, айдарым желге дирилдеп, желбиреп
учуп турган. Кийингени да мындай самтырак эмес болчу. Турган турпаты да башкача –
шайдоотураак өңдөнгөн...
Караңгынын кара боёгу жанагыга караганда суюлуп, айлана-тегерек агыш тарта
баштады. Бул убакта анын адамчасы уйкудан ойгонмок. Ошо эсине түшүп, тээ жаман
кепеси тарапты бир серпиле карап алды да, бирок бу жерге байланып калгандай кете
албай койду ит.
Аял бир нерсе издегендей, колундагы таягы менен ар кай-ар кай жерди чукулап,
же ыйлап жатканы, же ырдап жатканы белгисиз кыңылдап, кээде эт бетинен, кээде
чалкасынан кулап түшчүдөй алдыга-артка ыргалып барып, бирок өзүн-өзү кармап, боюн
түзөп бир азга туруп калат деле, кайра баштан издегенин улантат.
Кумайык анын бар кыймылынан көзүн албай, былкылдабай жата берди да, качан
гана ал так бет маңдайына келе калганда гана тура калды.
Аял да коркконунан ыргып-секирип кетти! Бири-биринен чочулаган экөө тең артка
эки-үч кадамдай кетенчиктеп барышып, бири-биринен бир нерсе издегендей тиктешип,
катып калышты.
- Ошол... сенби?! Сенсиңби?! – бир убакта аялдын көздөрүндө, ыраңында ушундай
ачуу кыйкырык пайда болду. Ошону туя койгон ит да же күйүнгөнү, же сүйүнгөнү
белгисиз, октоло түштү.
- Сенби?! – деди өпкөсү көбө түшкөн иттин көздөрүндөгү жазуу. – Акыры бар
экенсиң го?!
Ушу саам анын көкүрөгүн жек көрүүгө да, а бирок, кандайдыр ишенимге да,
үмүткө да окшогон бир нерсе тиреп, тээп чыкты:
- Баланы таштаган, ал экөөбүздү канчалаган азапка салган... таш боор эне сен
экенсиң да?! Канча издедим сени?! Карегим, эси-дартым, жылдарым издөө менен өтүп
келатканын билесиңби?! – эгерде тили болгондо, балким ит адегенде кепти ушинтип
баштайт беле...
Аялдын жансыз немедей катып калганы менен, ошол эле убакта
муун-жүүнү титиреп, колу-буттарын майда толкун сыяктуу калтырак баса
баштаганын сезди ит. Ушул убакта ит аял менен баланын бири-бирине куюп койгондой
окшош экенин көрдү. Ушу азыр кейпи кетип турганына карабай, кой көздөрү балбылдап,
узун кирпиктери төгүлүп, эриндери бөрсөйүп, кол менен жасап койгондой татына болчу
аял.
Кумайык аны уулу менен элестетип да жиберди. Тигине, эне-бала башкалардай
жетелешип алышып, кайдадыр кетип баратышат... Экөө тең ушунчалык бактылуу.
Ушунчалык сулуу... Бул дүйнөнүн жарашыгы ушул экөө гана сыяктуу...
Аңгыча Кумайык “селт!” этти. Анткени элесиндеги татынакай кийинген сулуу эне
капысынан эле эки тизесин муштагылап, ай ааламды жаңырта чаңырып жиберди:
- Жого-ол-л дейм!!!
Иттин эми элеки аз-аздап жумшарып, жакынсый баштаган дүйнөсү бир катуу
силкинип, башка жеген эмедей дене бою муздай түштү.
- Ыр-р-рр! – деп анан арсайган тиштерин көрсөттү. Ошондо да андан: “Айланайын,
балам кайда?! Аны эмне кылдың эле, кокуй?! Мен акмак болупмун, мен ит болупмун! ” –
деген өтүнүчтү, өксүктү күттү. А бирок аял анткен жок.
Чачы-башын саксаңдатып, же акылынан айнып калганы, же алагүү болуп алганы,
же коркконунан өзүн жогото салганы түшүнүксүз, албууттанып кыйкырып-өкүрө баштады:
- Эмне?! Баламды жегениң аз келгенсип, мени да жегиң келип атабы?! – колу
менен шаар тарапты жаңсап койду. – Андай кыйын экенсиң, эмне үчүн тигилерди
жебейсиң?! Же ар ким тепсеп, тебелеп, акыры кереги жок кагаздай ушалап-ушалап
ыргытып жиберген дармансыз аялдарга гана алың жетеби?! Билесиңби, мен сени жеп,
тоюп алсын деп төрөгөн эмесмин аны! Керек болсо... төрөбөйт да болчумун! Мени ошого
мажбур кылышкан! - аял анан дарылдап ыйлап, өз башын өзү муштагылап, тизе бүгүп
отуруп калды. - Аа-а-а!!
- А сен азыр анын кандай бала болгонун билесиңби?! – ит ушуну аялга айттым деп
ойлоду. Андан ары аялга бир-эки кадам жакын келип, а бирок көк желкесин түктүйтө
тиктеп туруп алып ырылдады:
- Мен сенин балаңды ит-мышыктан коруп канча отурдум ошондо?! Андай экенсиң,
эмнеге кайтып келбедиң?! Андан кийинчи?! Сени издеп, ушул тегеректи какмалап,
айланып-тегеренип канча жүрдүм?! Анда кайда элең?!
- Көргүм келбейт сени! Жек көрөм!!! – жер чапчый жыгылды аял. – Баарыңарды
жек көрөм-м! Кусур урсун силерди!! ! Баарыңды – Кудайды да жек көрөм!!! – өз көкүрөгүн
өзү тытмалап, жер сабап, албууттанып жатты аял.
Ит унчукпай жатып калды. Ал аялдын да тынчып, эс алышын күттү. Ошондон кийин
гана аялды эптеп эрчитип, жаман кепесине алып барууну ойлоду. А бирок, аял ансайын
калчылдап-титиреп, беш манжасын матыра сайып алып жер тытып, анан бирдеме издеп
кайсалап жатты да, колуна урунган эле нерсени ала коюп Кумайыкты уруп калды. Ойт
бере качкан Кумайык өзүнүн ит дүйнөсүндө ага жакшы эле баарын айтып, түшүндүргөнсүп
жатты.
- Эмне ырылдайсың? ! Эмне?! Унчукпай эле өлүп беришим керекпи сага?! – деп
албууттанган аял эсине келе түшкөндөй, бир кезде: “Балким бул түшүм болуп жүрбөсүн?”
– дегендей көздөрүн ушалап, кайра-кайра ачып-жуумп, анан жакшылап карады. Тилекке
каршы, бет маңдайында турган ит эми ага ого бетер дааналанып көрүндү. А бирок анын
көздөрү бу саам аялды кудум адам баласына окшоп аяп да, жекирип да карап тургандай
сезилди:
- Эмне?! – деди ошого аял жанагыдан жоошуй унчугуп. – Эмне карайсың антип?!
Же сен да мени күнөөлөгүң келип турабы?! ...Ооба, күнөөлүүмүн! Бу жарык дүйнөгө сулуу,
бирок бактысыз жаралып калганым үчүн күнөөлүүмүн! Жок дегенде балам болгондо
эмне?! Аны да сен жеп алдың го, жырткыч!! !
Бул сөз Кумайыкка жакпай кетти:
- Ыррр-рр-рр! !! – катуулап ырылдады.
- Мен сени жек көрөм!!! – эмнегедир аял итти бир топко чейин тикирейе тиктеп
туруп, үнүн пас, бирок ушул сөздү бүткүл жандүйнөсүнөн сызылтып, сыгып алып айтып
жаткандай баса айтты.
Ит унчуккан жок.
Унчукпай карап жаткан итке эми өзү жакындап, тизелеп жыла баштады аял:
- Эмне?! Эмне тиктейсиң, антип?!.
- !!!
- Сен эле калдың эле, мага сугуңду артпаган! .. Шилекейиң чууруп, напсиң бузулуп
атабы?! Бу замандын иттери да бузулган!
Өзүнүн дакдайып ачылган көкүрөгүн, бир карыш болуп
керилген мойнун, бети-башын сыйпалап өксүй да, аялуу да айтты эми:
- Кайда калбаган дене, кайда калбаган жан..! Тажадым баарынан... Ме, жей бер
эми! Үзүп-жулкуп, тытмалап, каалашыңча! Адам карышкырлардын далайына ошентип
жем болгомун! Кел, күчү-күчү?! .. Шык-шык... – таңдайын шыкылдатты.
Ал бир топ жакындап келгиче Кумайык аны кыймылсыз, телмире тиктеп турду да,
эмнегедир ыйлагысы келип, муун-жүүнү бошой түштү. Анан так маңдайына келип калган,
чачы саксайып кеткен, оозунан ачкыл, денесинен тер жыттанган, боору ачылып, эки
эмчеги булайган аялдан көздөрүн шарт тартып алды да, андан ары артына кылчайып да
койбой, өзүнүн адамчасын көздөй алып учуп баратты...
Бул анын өмүрүндөгү дагы бир сокку болду. Бирок, ошентсе да үмүттүн үлпүлдөп,
өчпөй калган үзүмү бар эле: “Балким, баласын көрсө, баары башкача болор?” – деген ой
мээсине уюй түштү.

#18 18 September 2017 - 22:00
***
Кумайык келгенде бала ойгоно элек болчу. Ит-энесинин дабышын туя, кудум иттей
сергектик менен баш көтөрүп тура калды да, көздөрүн ушалап отура калды. А бирок ит-
энеси таарынган эмедей буркуюп, эки астыңкы бутуна ээгин жөлөгөн тейден, көпкө чейин
кыймылсыз жата берди.
Бала ит-энесинин мойнунан кучактап, көздөрүнө жароокерлене тигилди. Ит-энеси
аны да аны бир азга тиктеп жатты да, баланын бетин жалап-жуктап койду.
***
Эмнегедир, эртеси аял таштанды жайга дагы келди.
Бу жолу да бир нерсе издегендей колундагы чыбыгы менен жер чукулап, ырдаганы
да, ыйлаганы да белгисиз, кыңылдап басып жүрдү. Анткен менен ал өзүнөн мурда келип,
бар кыймылына назар салып, карап жаткан итти байкаган жок. А бирок улам айлана-
тегеректи, кечээ ит жаткан тарапты улам кылчайып карап коёт.
“Баласын издеп жүрөт...” – Кумайыктын оюна ушул келди. Балким, баласын таап
алса, аял бакыттан башкача болуп өзгөрө түшчүдөй сезилди ага. Көздөрүн жумду...
Алыстан эле бири-биринин жытынан сезип, айланып-тегерене түшүшүп, анан бири-
бирине кучак жая чуркашып, кучакташып алышып, кубанычтан көл-шал түшүп ыйлап
алышкан экөөнү элестетти... Өзү да дене бою балбырап, муун-жүүнү бошоп, эмне кылаар
айласын таппай, алдастап калды...
Ушул сезимди жоготуп албайын дегендей, көздөрүн жумуп дагы бир азга жатты ит.
Анан ордунан “шарт” турду да, жаман кепесин көздөй алып-учуп жөнөдү!
Үйүнө жетип-жетпей эле арсылдап үрүп келатты ит. Ит-энесинин дабышын алда
кайдан уккан бала ойгонуп, анын адаттан тыш жоругуна таң калгандай, элейип сыртка
кулак түрүп калды.
- Арс! Арс!!! – шаштырып кирди ит. Бала көздөрүн ушалап, ордунан тура жөнөдү.
Алар баланын өз энеси жүргөн жерге бат эле жетип келишти. А бирок бала
таштандылардын арасында киши жүргөнүн көрүп, эмнегедир жүрөгү “болк” дей түштү.
Анткени буга чейин ит-энеси эки аяктуулардан баласын ала качып, алардын көзүнө
чалдыктырбаганга аракет кылчу. Ошондуктан бала аларды кандайдыр өтө коркунучтуу
жандыктар катары түшүнчү.
Ит да басыгын жайлатып, чакан бадалды далдоо кылып токтоду.
Буга чейин адамдарды мынчалык жакындан көрө элеги үчүнбү, же тигинин өз
энеси экенин сездиби, айтор, кичинекей жүрөгү азыр көкүрөгүнөнөн чыгып кете
тургандай катуулап согуп, түрсүлдөтүп ургулай баштады. Ошол түрсүлдөктү бүтүндөй
аалам тыңшап калгандай, атүгүл азыр алиги аял да угуп койчудай ыңгайсыздана баштады
бала.
Кумайык да адамчасынын денесин майда калчылдак басып кеткенин сезди.
Өзүнүн да тулку боюн кызганычка окшогон бир кызыктай сезим каптап, каны
дүргүй түштү. Кантип кыңшылап жибергенин өзү да байкабай калды анан...
Ошону эле күтүп тургансып, аял да алар тарапка “жалт” карап алды..!
А бирок Кумайыкка артка эми жол жок сыяктанды...
“Канча жыл мурда баланы ушул жерден, ушул аялдан алганы калп беле?! Эми
кайра энесине бериш керек!..” Кечээтен бери ушул ой көкүрөгүнө кыттай болуп уюп
калганы үчүнбү, кандайдыр бир күч аны ошол жерге матап, кадап таштады.
Аял да жүрөгү бир нерсени сезгендей, аларды көздөй келатты..!
Бала өзүнүн жандүйнөсүндө, көкүрөк-көңүлүндө болуп жаткан бейтааныш,
белгисиз бир туюмга түшүнө албай, көрүп жатканына таң калып да, коркуп да, бу жерден
бат эле көздөн кайым болуп кеткиси келип, а бирок ит-энесинин кебелбей жатканына
ишене албай, келе жаткан эки аяктуу немени карап, эс-мас боло берди.
“Шырп-шырп. ..!” – мына, жакындоодо! .. Аз-аз... Аз эле кадамдар калды..! Мына
азыр эне-бала бири-бирин тиктешип, селейип саамга катып калышат да, анан бири-
бирине кучак жая чуркашып, бу тегеректе Кумайыктын бар экенин да унутуп калышып,
деги эле бул ааламда өздөрүнөн ашкан бактылуу адам жоктой сезилишет! ..”
Канчалык кыйын болсо да, ушундай элестетип, ушундай болушун каалап, унчукпай
жата берди ит.
Бирок... Ал ирмемдердин келиши учу-кыйры жоктой, өтө узакка созулуп баратты.
Экөөнө он-он беш кадамдай жакын келип калган аял кудум кечээкисиндей артка-
алдыга акырын теңселип, кечээкидей эле көкүрөгүн дакдайтып, береги экөөнү бүшүркөй
тиктеп, туруп калды...
Ошол тапта тээ тоо жактан келген айдарым жел аялдын чачтарын, этек-жеңин
делбектетип өттү эле, кечээкидей эле ачкыл жыт экөөнү каптап өттү.
Жапайы бала менен итти нес болуп тиктеп турган аялдын колунан бир убакта
бөтөлкөсү түшүп кетти. “Кул-кулк” этип куюлуп атканын да байкабай, аларды карап
аңкайып катып турду да, эсине келе түшкөндөй “селт” этип алды аял.
“Мына, тааныды! – деди ит оюнда. – Азыр... Азыр...”
Жок! Ал ойлогондой болбой калды. Аял уйкудан ойгонгондой эсине келе түштү да,
оозунан билинер-билинбес суусу агып, жерде жаткан бөтөлкөнү өтө аялуу бир нерсесин
түшүрүп жибергендей баса калып, баары агып калган жокпу дегендей, шишенин түбүн
шыкаалап карап койду. Дагы төгүлүп, бөөдө жок болбосун дегендей анан калганын
кылкылдатып жутту да, бошой түшкөн идишти бала кучактап тургандай көкүрөгүнө кысып,
алдейлеп жаткандай түр кылды.
“Мына, эми... эми башталат! ” – Кумайык эне-баланын жолугушуусун күтүп жатты.
Бир убакта бала бир нерсени ойлой койду... Жок, ит-энесинин оюн айттырбай
окуган бала анын тынч, камырабай жатышынан ушундай деп чала-була боолголоду: “Ит-
энеси аны береги, саксайган эки аяктуу немеге салып бергени жатабы?! Эмнеге?! Кантип
эле?!”
- Ырр-р-р... – саал калчылдап, дирилдеген үн менен ит-энесинин анысына макул
эместей, ал оюна акараат кылгандай акырын ырылдады да, артка кетенчиктеди бала.
Ушуну эле күтүп жаткандай, баласына жооп кайтарды ит-эне:
- Ырр-рр-рр-р.. !!! – Кумайык өз тилинде баласына иштин чоо-жайын түшүндүрүп,
бул аял анын өз энеси экенин айтып жатты. А бирок бала ит-энесине бирде түшүнүп,
бирде түшүнө албай койду.
Баарынан өкүнүчтүүсү, мас аял береги кудум бала түспөлдөнүп саксайган эменин,
мындан канча жылдар мурун өзү төрөп алып, ушул жерге, ушул итке таштай качкан өз
баласы экенин эч сезбей койду. Анын жедеп таш, муз болуп, энелик бир үзүм да мээрими
калбай, акыркы убактарда ачуу суудан гана жаназык алып калган жүрөгү эч качан сезбейт
да болчу аны...
Тек гана, жаман оюнда бу саам да өзү тууралуу гана ойлоду аял:
- Токто-от!! ! – деп кыйкырды ырылдашып турган экөөнө.
Айткандай эле экөө аны сестене карашты.
- Талашыңар менби?! – деди “ыйк” эттире кекирип алып, мына азыр кулап
түшчүдөй ыргалган калыбында. Анан айлана-тегеректи жаңырта, маашырлана каткыра
баштады:
- А-ха-ха-ха! Ой, боорум, ай! Ушу силер да?!.. – соолуга
түшкөндөй заматта анан күлкүсү тыйыла түштү. - Билесиңерби, мени кезегинде
“мен” деген эркектер талашып, бири-бирин кызматтан кууп, бири-бирин бычактап, бири-
бирин карактап, эмне гана болушканын! .. Жараматтанышып алдыма- ай, үстүмө- күн
төшөшүп!.. Кийбегенди кийгизип, ичпегенди ичирип!.. Укмуштун баарын убада
кылышып!.. А бирок бири да сөзүнө турган жок! Баары алдамчы, баары..! Керек болсо,
эми бир бөтөлкө арак да алып бергенге жарашпайт! А убагында, француз коньягы, грузин
виносу... деп, башы айланткан керемет шараптарды оозума кармашчу! А мен келесоо
жашоо деген дайыма эле ушундай экен депмин! Акыры, мени бу дүйнөнүн бардык башка
кызыкчылыгынан да, ошол эркектерден да, арак-шараптын кудурети багынтып алды!.. Ал
бар – мен бар! Ал жок – мен жок!.. Эмне, эмне тиктейсиңер мени?! Токточу, тетиги эмне
өзү?!. – көздөрүн чоң ачып, кайра-кайра ушалап, балага үңүлө карады. А бирок анда деле
акылы жетпей, тааныбай койду баланы:
- Шайтансыңбы? ! – деди анан чочуп кеткендей “селт” этип. – Же кимсиң?!
Жалаңкычсыңбы? !. А балким, албарсты болуп жүрбө?!.
Анын эмне деп атканын баласы түшүнгөн жок. Болгону гана анын таңкалыштуу
кыймыл-аракеттерине, оозунан чыгып аткан түшүнүксүз нерселерге адегенде коркуп, таң
калып, бара-бара сонурап карап тура берди.
Кумайыктын болсо, жаны ачып кетти! Бала тууралуу аялдын айткандарына жүнү
түктөйүп, кежигеси үрпөйүп, жаалы кайнап чыкты! Эми элеки сөздөрү үчүн аялды азыр
баса калып, үзүп-тытып жиберчүдөй жаалданып, а бирок анын баланын энеси экенин
ойлогондой, токтоп калды.
Ошондон көп өтпөй эле экөө кайра эрчишип алышып, артына кайтып баратышты...

#19 18 September 2017 - 22:04
***
Баланын энесине жолуккандан кийин Кумайык бир топко чейин чөгүп жүрдү. Эми
анын баланын өз энеси жөнүндөгү үмүтү таш каап, ал тууралуу экинчи ойлобой турган
болду.
Ошондонөй күндөрдүн биринде ит түш көрдү. Түшүндө - Аруузаттар менен
аралашып, баягысындай эле камыр-жумур болуп жашап жүрөт! Баардыгы тең ушунчалык
бактылуу! Атүгүл кичинекей адамчасы да бойтоңдоп аларга кошулуп алыптыр. Баарынан
кызыгы – ал да башка балдардай кийимчен экен. Ошолорго окшоп эки аяктап чуркап,
ошолорго окшоп колу менен тамак жеп, кадимкидей эле адам болуп алыптыр!..
Аларды карап, кайсы бирине кубанаарын билбей, бакыттан каректерине жаш
тегеренип, буттары жер баспай, тим эле аба менен учуп жүрөт Кумайык.
Адамчасы болсо абалкысындай эле ит-энесинин үстүнө үйрүлүп түшүп, аны аяп,
жакшы көрүп, быйтыйган алакандары менен көзүндөгү тамчыларды арчыйт...
Ойгонуп кетсе, чыны менен эле адамчасы анын жаактары ылдый сызылып агып
жаткан жашты арчып, аялуу карап отуруптур.
- Эмнеге ыйлап жатасың? – ит-энеси көзүн ачаары менен, баласынын ушу азыр өзү
кошо ыйлап жиберчүдөй болгон жүзүнөн, көздөрүнөн ушуну окуду ит.
А бирок, ит-эне эч нерсе деп айта алган жок.
Өкүнүчтүүсү, анын баарын түшүндүрүп айта албайт да болчу.
***
Бара-бара жол жээгине шоңшоюп отуруп алып, ары-бери өткөн машинелерди
карай берчү адат тапты Кумайык. Анткени, бир саам жол бойлой желип-жортуп баратып,
капысынан эле кулагына машиненин тааныш үн угула түшкөн – кожоюнунун машинеси!
Бул үндү ал жазбай, миңдеген машинелердин уу-дуусунан айрып билер эле. Болгондо да
тээ алыстан таанычу да, кулак түрүп, тыңшап калчу. Чындап эле кожоюну экенин билгенде
гана тура чуркап, эшиктин оозуна отуруп калчу.
- И, жер тыңшаар Маамыт, - дечү андай кезде кожойкеси ичи жылып. – Кожоюнуң
келатабы?
Ушинтчү да, өзү да күйөөсүн тосконго камынып, кызын эрчитип дарбазаны ачууга
чыкчу.
Мына эми, кожоюну өлгөндөн бери сагындлырга, зар кылган ошол үн! Адатынча
кулагын түрүп, саамга демин ичине ала катып калды да, жол бетинде кумурскадай
кылкылдап, кыйма-чийме зуулдаган машинелердин ар бирин жанталаша карап, тааныш
машинени издеп жатып... Тапты – так өзү! Машинени тааныды ит. Өчөшкөнсүп, бирок ал
жолдун аркы өйүзү менен бараткан!
Жанталашып чуркап да, мойну кайрылгыча карап да баратты. Айрым айдоочулар
аны көрүп, уурттарынан жымыйып күлүп, ал тууралуу алда нелерди сүйлөшүп коюп
жатышты. Бир гана тааныш машинесинин айдоочусу аны байкаган жок. Ыйлагысы келди
иттин. Антсе да үмүтү үзүлбөй, айдап бараткан адамдын ким экенин билбесе да тааныш
машинени эш тутуп, өмүрүнүн акыркы күндөрү бүт издеп жүргөн ыйык нерсесин таап
алгандай, эми бир аз эле жаза тайса ошол бакыттан кол жууп, андан кийин мындай учур
эч качан кайра табылбачудай сезилип баратты!
Жок! Тилеги таш капты! Бир убакта Кумайык машинени жоготуп койду. Анткени ал
кайсы бир жерден ары имерилип кетчү жолго түшүп, таптакыр тескери тарапка бурулуп
кеткен болчу!
Балким карылыктын белгисидир, балким бул ага катуу сокку болгондур, айтор ушу
саам ага жер айлан-көчөк болуп, бардык нерсе ордуларынан жылышып, аңтар-теңтер
болуп жаткандай сезилди.
Эмне болуп жатканына түшүнө албай, оорулуу иттей ошо ордунда теңселип,
тегеренип туруп кулап калды.
Тээ бир убакта барып эсине келди ит.
Бирок бул күн анын бүлбүлдөп өчүп бараткан дагы бир үмүтүн кайра жандырып,
чыйралтып салды. Эми элдердин арасынан адамчасынын төрөп-таштаган энесин эмес,
өзүнүн кожойкелерин, машинелердин арасынан тааныш машинесин издеп, атүгүл көптөн
бери барбай калган баягы үйүнө кайрадан бара баштады.
***
Бир күнү да бир укмуш окуя болду!..
Бирок бу саам бактысын кайра да жоготуп албаш үчүн ушунчалык аракеттенди ит!
Адатынча жол боюнда жатып, бир убакта “селт” этип тура калды да, азыр чуркап
жөнөөчүдөй комдонуп, эки кулагы менен эси-дартын жолго төшөп, жарышка түшчү
эмедей камданып, катып калды. Айткандай эле, кулактын кужурун алган миңдеген уу-
дуунун арасынан баягы добушту үзүл-кезил айырмалай баштады. Жүрөгү лакылдап,
денесин майда калтырак басып кетти.
Мына! Мына, ал жакындап келатат!..
Бу саам да баягыдай, машине аркы өйүз аркылуу өтүп кетчүдөй, элеңдеп ошо
тарапка өтө албай турду эми. Улам өтүп кетем деп алдыга умтулган сайын, улам жетип
келе калган машинелер андан буйтап, айрымдары айнектен башын чыгара калып тилдеп,
ага деле болбой чый-пыйы чыгып, акыры чоң жолдун так ортосуна туруп алып үн кай
тараптан келатканын аңдай албай атты. Бир убакта тапкан окшоду, машине бараткан
тарапка беттенип, азыр тең жарыша чуркачудай оңдонду.
Бетмаңдай келаткандарга ал, кудум азыр машиненин тумшугуна жабышып, кол
салып бой таштаганы турган жырткычка окшоп кетип атты.
Мына, жакындап калды машине! Ого бетер кулактары тикчийип, көздөрү
чычаладай жанып, ары-бери “зуу-зуу! ” өткөн машинелердин дөңгөлөк алдынан чыккан
шамалдан дене түгү бирде өйдөнү карай, бирде ылдыйды карай жапырылып, көк
желкеси түктүйүп, тарамыштай түйүлүп турду ит.
Бир убакта анан машинени көрдү! А бирок айдоочунун ким экенин дароо аңдай
алган жок. Анткени сааттай болуп, экөөнүн ортосунда зымырап башка машине келаткан
болчу. Ага деле кайыл эле! Чымын-куюн болуп, дөңгөлөктөрдүн арасында бирде
дөңгөлөктөй тоголок боло түшсө, бирде узунунан чубала түшүп, чуркап баратты ит.
Ортодогу машине өтө берген кезде рулдагы айым да жандай чуркаган итти байкай
коюп, эмнегедир кайра-кайра үңүлө карап, анан шашкалактай түшкөндөй болду. Бир
маалда ит машиненин айдоочу тарабына өтүп, саал акырындай калган машиненин
айнегине жакындай түшүп жатты.
Айым да эмне кылаарын билбей, алдастай түшкөн окшоду! Сыягы ал да Кумайыкты
тааныды! А бирок машинени токтотконго ылайыгын таппай, “аварийка” жарыктарын
жалпылдата жандырып таштады. Бат эле анан жол жээгине жылып чыкты да, машинени
токтотуп, сыртка чыкканча шашты.
А бирок, тээ канча чакырымдан бери буту-бутуна тийбей чуркап келгенге күйүгүп,
көл-шал түшүп, тили салаңдаган Кумайык кожойкесин көрүп эле өзүн таштап, күү менен
келаткан боюнча томолонуп-тумаланып барып кыймылсыз жатып калды!
Баш көтөрүүгө дарманы жок, жерде сулап жатты ал!
- Кумайык?! Кумайык?! – иттин жаагына алаканын төшөй коюп, алапайын таппай,
ыйлап жиберди аял. – Сенсиңби, Кумайык?! Байкушум, ай! Бар белең сен?! Тирүү белең?!
Кантип калгансың деги?! Байкушум, ай?! Мени кантип таап алдың байкушум?
Баягы жумшак, мээримдүү алаканы менен иттин башынан сылай да, өткөн-кеткени
эске түшүп, солуктап ыйлай да берди аял. Анын карекеринен тамган ысык жаштар иттин
тумшугуна, бети-башына таамп жатты. Кожойкесинин ый аралаш болсо да тааныш,
жагымдуу үнү... мээримдүү, жумшак алакандары. .. Мындай күндү ал качантан күттү эле?!
Канчалык кыйын күндөрдө да ушулардын элесин эш кылып, кайраттанып, ушул күндү
келет деп ишенип жашачу эмес беле?!
Бир чети, мунун баары тең түшүндө болуп жаткандай, уккан кулагына, көргөн
көзүнө ишенип да, ишенбей да, айтор, бакыттан бүт тулку-бою, сезим-туюмун жогото эс-
мас болуп, антсе да, эгерде азыр көздөрүн ачып, же кыймылдап ийсе эле, ушул бактысы
жоголуп кетчүдөй, кожойкесин жалдырап тиктеген тейден жата берди ит.
- Кечир мени? – деди аял ыйлап жатып. – Башкалардын тилине кирип, сени журтка
таштап кеткеним үчүн кечир?! Кожоюнуңду жаныңдай көрчү эмес белең, ал кирип-чыккан
жерди акмалап жашасаң, жеңил болоор дебедимби, курган жаным! А кийин телефон
чалып сурасам, сени эчак өлүп калды дешкен?!. Эмнеге антишти десең?! Аял бышактап,
ыйлай берди...
Тээ бир оокумда итке жан кире түшкөндөй болду. Адегенде куйругу аста
кыймылдап, анан тумшугун жылдырып, соороткусу келгендей, кожойкесинин алаканын
жалады.
- Кумайык?! – ыйын токтото, шашкалактап кетти Жаркынай. – Кумайык?! Көзүңдү
аччы?!
Адегенде буттары шалактап, жансыз немедей сезилгени менен, бара-бара өзүнө
келе баштады. Аны көрүп, кубангандан аялдын көздөрүнө кайра да жаш тегеренип,
жүзүндө жылмаюу пайда болду:
- Кумайык?! Тур! Тура гой, – деди өзү да жөлөп-таяган болуп. – Коркуп
кеткенимчи. ..
Кумайык ордунан турду да, бир азга кайра “жалп” этип жатып калчудай ары-бери
сендиректеп барып, оңоло баштады. Жанатан берки дене-боюна жабышкан жанчылууну
күбүп салгысы келгендей, бир убакта силкинип-силкинип алып, айткандай эле
кадимкисиндей тириле түштү. Куйругун чамгарактата “арс-арс! ” үрдү да, кожойкесине
бой таштады! Аял да кудум кадыресе киши менен көрүшүп жаткандай тизелеп отура
калып, кучак жайды.
Жол боюнда кучакташып, ыйлап турган экөөнү жолоочулар аңкая карап, түшүнүп
да, түшүнбөй, ар ким ар кандай боолгоп, өтүп кетип жатышты.

#20 18 September 2017 - 22:06
***
Кумайык адатынча салондун ичине атып кирип ары жакты, бери жакты
жыттагылап, сагынычы тарабай, кубангандан эмне кылып ийер айласын таппай
жаткандай кайсалактай берди.
- Айтчы, кайда жүрдүң? – деди рульда отурган аял да жетине албай.
- Эптеп күн өткөрүп жүрдүм да, - дегенсип кыңшылап койду ит.
- Бирок, аябай токтолупсуң, - иттин кирдеп, жүдөп калганынан улам ушинтти аял.-
Кыйналсаң керек?
- Арс! Арс!
- Эч нерсе эмес, баары жакшы болот. Үйгө барабыз... Жуунуп-тазаланасың. ..
Кеттикпи?
Оюна бир нерсе түшүп кеткендей анан тунжурай түштү:
- Эсиңдеби, баягы биз көчүп кеткен күн?
Ошондо сени калтырып коюп, жол бою Аруузатка кошулуп өзүм да ыйлап бардым.
Көздөрүң жалдырап, бир заматта мусаапыр кейпин кийип, адам түгүл Кудайдын боору
ооругудай элең ошондо..! Бирок, силерсиз жашоо бизге деле оңойго турган жок. Көпкө
чейин кыйналып жүрүп, жакындан бери эле өзүбүзгө келдик. Чынымды айтсам, мени
Аруузат гана сактап калды. Ошол кыз үчүн кармалып калдым да, болбосо, мага жашоонун
кызыгы деле жок болуп калган... Анан минтип, кайра өз калаабызга көчүп келдик. Өлгөн
күнүндө куран окуттук. Киши аябай көп болду. Бирок, баягы эки досу гана келген жок.
Акбардын тирүү кезинде тим эле жайдаңдашып, төрүбүздү берчү эмес эле. “Адам аласы
– ичинде” деген чын окшобойбу, - кожойкеси ушинтип коубрап атты,- Кийин
бирөөлөрдүн айтымында, Акбар менен тымызын жоолашып, бизнесине билгизбей
душмандык кылып, кара санап жүрүшкөн экен. Эмнегедир, өлтүргөндөр ким экенин деле
ошолор билчүдөй сезиле берет. Бир-эки жолу кеп кылсам, ыргып-секирип, уккулары да
келбей койду эле. Кудайга койдум дегемин...
Баягы каргашалуу караңгы түндү эстеп кетти Кумайык. Акбарды жайлап коюп, түн
жамына качкан эки “достун” тарбаңдаган карааны көз алдына тартыла түштү. Так
ошондогудай жаалы кайнап, көк желкеси түктүйүп, денеси тарамыштай түйүлүп:
- Ырр-ррр!! ! – деди. Өткөндү эстеп, жайбаракат сүйлөп отурган Жаркынай уйкудан
ойгонгондой боло түштү. Бирок ал Кумайыктын баятан айтылгандын баарын угуп,
түшүнүп, кимгедир кыжына түшкөнүн баамдады да, эки ийнин солкулдата тээ тереңден
үшкүрүп:
- Болуптур... Баарын Кудай көрүп турат.
Айтмакчы, алар деле жыргап кетпептир. Бирөөсү өгүнү бала-чакасы менен жол
кырсыгына кабылып, кыйын абалда жатат дешкен. Бирөө да банкрот болуп, үй-жайын
сатып, бизге окшоп тентип калган имиш.
Жаркынай өзүн тиктеп, угуп отурган иттин башынан сылады:
- Экөөбүздүн жолукканыбызга Акбардын арбагы
деле сүйүнүп жатса керек, ээ? Ал сени алып келген күнү баарыбыз ушунчалык
сүйүндүк эле... Мына, эми үйүбүз дагы бирге толукталды. .. Бир гана Акбар жок...
- Кың-ң... кың-ң... – зээни кейигендей кыңшылап ийди ит.
- Баса, биз менен жашайсыңбы эми?
Көктөн тилегени жерден табылгандай кыңшылап, кожойкесинин колдорун
жалагылап жиберди ит.
- Жарайт, - жылмайды кожойкеси. – Анда кеттик.
Аруузатны бир сүйүнтөлү дейсиң!
Машине от алып, ордунан козголду. Баягы бактылуу кези кайрылып келгенине
ишенип да, ишенбей да, буга чейинки бардык кыйынчылыктарды, азап-тозокторду
унутуп, кудум абада учуп, булуттун үстүндө бараткандай жаны жыргап, жумшак отургучта
магдырап баратты ит.
***
А бирок, бир убакта эсине адамчасы түшө калды! Кекиртегине катуу бир нерсе
кептеле түшкөндөй, артты карады. Машиненин дөңгөлөктөрүнүн алдынан суурулуп чыгып
жаткан жолдор чубалып, ийрелеңдеп калып жатат..!
Кумайыктын көз алдына тээ алда кайда калган жаман кепенин ичинде ит-энесин
чыдамсыздык менен күтүп, эски дубалдардан башын соксойтуп шаар жакты карап,
беттери ботала болуп, буларды узата карап турган адамчасы элестеп кетти. Ошого удаа
эле баягы-баягы, кожойкеси менен Жаркынай көчүп бараткандагы өзүнүн жан чыдаткыс
абалы кайра баштан дене бою, жандүйнөсү аркылуу сызылып өтө баштады.
Кыйпычыктап, кыңшылап, жандалбасатап жиберди.
- Эмне болду, эшикке чыгасыңбы? – аял машинени
жол жээгине токтту да, Кумайык отурган эшикти ачты. Кумайык машинеден атып
чыкты да, келген жагын карай ымын-куюп болуп чуркап кетип баратты. “Ээн, жапайы
турмушка көнө түшсө керек...” - деп ойлоду Жаркынай аны артынан карап туруп. Бирок,
бир топко чейин жетип калган ит бир убакта артына кайра бурулду да, шоңшоюп отура
калып, кайра ордунан тура калып Жаркынайга келатты.
- Баргың келбей жатабы? – Жаркынай жанына келген иттин башынан сылады. –
Өзүң бил.
Өтө аялуу, кымбат нерсесин унутуп калгандай, кайдадыр карап кыйпычыктаган ит
арсылдап үрүп жиберди.
- Арс! Арс! - бир нерсе айта албай жаткандай чый-пыйы чыгып, тыбырчылап турду
ит. Атүгүл анын каректерине жаш кылгыра түшкөнүн байкады аял:
- Балким, ал жакта күчүктөрүң бардыр?- деди
ошондо гана боолгогондой.
- Арс-арс! – “ошондой” дегенчелик маани берди ит.
- Жарайт, анда. Кайра баралыбы?..
Машине бирде алдыга өтүп кетип, бирде артта калып,
жол баштап келаткан Кумайыктын соңунан баратты.
Анча алыс эмес жерден Кумайыктын мурдуна май токочтун жыты келди.
Бараткан багытынан жаңыла түшкөндөй, наабайкана тарапка буйдала калды ит.
Анткени, кулагына ак көңүл наабайчынын: “Жигит кезимде Жаркынай аттуу кызды
сүйгөмүн...” – дегени угула түштү. А бирок, ошол эле убакта баласынын жол карап отурган
элеси көз алдына тартыла калып, жаман кепесин көздөй алып учуп жөнөдү.
***
Ит-энесин күтүп, дубалдын кырына минип отуруп алган бала ит-энеси менен адам
аялды алыстан эле көрүп, бир топко элейип тиктеп турду. Алар улам жакындаган сайын,
энеси кандайдыр бир шумдукту эрчитип келаткандай сезилип, денесин жыйрып алды.
Дубалдын ары жагына кайра шыпырылып түшүп, эми дубалдын тешиктеринен шыкаалап
карай баштады.
Бала көргөн көзүнө ишенбей, дендароо болду. Жагымдуу да, жагымсыз да экени
белгисиз бир чоочун сезим бүткөн боюн бийлеп, каны дүргүп, башына тээп чыкты! Кудум
өгүнкүдөй болуп, жүрөгү да көкүрөгүн катуу-катуу ургулап, тез-тезден согуп атты.
Кептин чоо-жайын, эмне болуп жатканын түшүнгүсү келгендей, кудум ит-энесине
окшоп тумшугун өйдө көтөрүп, жыт алып да көрдү. А бирок, анысынан майнап чыккан
жок. Баары бир эле жанагыдай, түшүнүксүз боло берди.
Алар жакындап калышты!
Төрт аяктап жандалбастаган бала тар кепенин ичинде ары чуркап, бери чуркап,
жанын коёрго жай таппай баратты. Кудум итче кыңшылап, бурчка тыгылып отуруп калды
акыры.
Дубалдан адегенде ит-энеси кирип келди да, коркконунан калчылдап отурган
баласын адатынча жыттагылап, бети-башын жалап-жуктап жиберди. Ошондо гана бала
анын кадимки энеси экенине, ага жамандык алып келбегенине ишенгендей,
эреркегендей мойнунан “шап” кучактап, көпкө чейин коё бербей туруп алды. Эгерде азыр
ит-энесинен ажыраса эле алиги эки аяктуу неме дубалдан артылып түшүп, баланы баса
калчудай сезилип кетти ага.
- Коркпо! Биз эми бул жерден кетебиз да, адамча жашайбыз! – ит-энесинин
кыңшылап, арсылдап үргөндөрүнөн ушуну түшүндү бала. Анан калса, ит-энесинин
кыймылында, добушунда баягы жолкудай болбой, кандайдыр бир кубанычтын,
жакшылыктын, ишенимдин жышааны бар болчу. Ошону туйду бала. Анын үстүнө,
ортодон саал убакыттын өтүшү да адамчанын бүткөн боюндагы эми элеки коркунучту
таратып бараткан. Ошону түшүнгөн ит-эне баладан боюн оолактата калып, кайдадыр
шаштыра баштады. Анын бар кыймылында, көздөрүндө:
- Коркпо! яКоркпо, – деген гана түшүнүк бар эле. Бала анын эмнеге антип жатканын
анчейин түшүнгөн жок, тек гана Кумайыктын соңунан эрчиди.
Бери имериле бергенинде иттин көзүнө Аруузаттын куурчагы уруна түштү.
Бул убакта Жаркынай Кумайыкты сыртта күтүп турган.
Айткандай эле, бир маалда Кумайык “сорок!” этип дубалдын кырына чыга калды
эле, кожойкеси ага нес боло карады.
Анткени анын оозунда тиштеп турганы күчүк эмес – куурчак болчу!
Анан калса куурчак аялдын көзүнө тааныштай көрүндү. Көйнөгү да, бети-башы да
карала-торала болуп кирдеген оюнчукту бүшүркөй карап калды аял.
Дубалдан секирип түшүп келген ит оюнчукту кожойкесинин алдына таштады.
- Ализа?! – деди аял куурчакты тааный коюп. – Кебетеси кантет? Кеттикпи эми?
Ит дагы бирдемеси калып калгандай, дубалдын ары жагына карап арсылдап үрдү. Ал
дагы кимсдир бирөөнү чакырып жактан окшоду.
Дубалдан эми Кумайыктын өзүнө окшогон күчүктөр чубуруп түшө баштачудай
сезилип кетти аялга. Бирок, бат эле аялдын жүзүндөгү жылмаюу акырындап жоголуп,
томсоро түштү. Анткени, ал дубалдын кырынан иттин күчүгүн эмес, башка бир түшүнүксүз,
сапсайган нерсенин башы көрүнүп, кайра “култ” этип кирип кеткенин байкап калды!
Жүрөгү оозуна кептеле түштү.
Кумайык болсо, ошол белгисиз нерсени баягысындай эле мээримдүү көздөр менен
чакырып, куйругун шыйпаңдатып үрүп турду...
Тээ бир топто барып, бир карасаң адам баласынын башы кейиптенген, а бирок
бети көрүнбөй, чач баскан тъшънъксъз жандык кайра да жарым жартылай пайда болуп,
Жаркынай экөө бири-бирин нес болуп тиктеп турушту...
Кумайык болсо, дагы эле Жаркынайга табышмак болгон жандыктын бери чыгышын
күтүп, ошого шыкак бергендей башын улам бир жагына кыйшайтып, көздөрүн жайнатып
кыңшылап, үрүп чебелене берди.
Жапайы бала аялдын турпатына, өңү-түсүнө көз салып, атүгүл анын кирпигинин
ирмелишинен бери изилдеп, аз-аз эле жагымсыз бир нерсени байкай калса, ары жакты
көздөй “култ” этип кире качууга даяр эле.
Кумайык эми эки бутун ээгине төшөп, жата кетти. Анткен менен эки көзү, эси-дарты
өзүнүн адамчасы менен адам-эненин бири-бирине болгон “мамилесинде” болуп жатты.
- Сен кимсиң?! – адам-эненин көкүрөк-көңүлүндө, көздөрүндө ушул суроо айланып
турду.
- А сен кимсиң?! – бала да ага ушул суроону узатып турган.
Акыры, ортодогу аралыктын, убакыттын мынчалык узарып кеткенине чыдамы жетпей
кеткендей, Кумайык ордунан тура калып, баланын бери келишин буюргандай катуу-катуу
үрө баштады. Ошол убакта дубалдын кырында турган жандык кудум адамга окшоп,
быйтыйган колу менен бетин жаап турган саксайган чачын ары алганда, анын ботала,
бирок сүйкүмдүү жүзү, балбылдаган көздөрү жайнай түштү!..
- Бала?! - деп ийди Жаркынай. – Бул эмне деген шумдук?!
Адам-эненин эки бети дуулдап, от менен жалын болуп ысып-күйүп чыкты. Акырын
жылып, алдыга бир-эки кадам таштады. Анын болор-болбос сунулган эки алаканын
саал калчылдак басып турду.
Бала аялдын эмне каалап жатканын түшүнбөсө да, анын жүзүнөн, сунган колдорунан,
атүгүл тыпылдап таамп кеткен көз жашынан улам бейтааныш да, тааныш да, кандайдыр
жагымдуу сезимди туйду. Эмнегедир ал ушундай мамилени, ушундай үндү башта бир
каяктандыр уккандай сезилип, денеси “дър” этип кетти.
- Келе гой? – деди аял да аны чочутуп
албайын дегендей, эки жаагы ылдый куюлуп, аккан жашты да арчыбай, үнүн акырын,
жумшак чыгарып.
Бала ит-энесин карады. Кумайык да кудум адам-энеге
окшоп ага мээримин төгүп, бери чакырып турду. Ошондон кийин гана бала дубалдын
берки тарабына шыпырылып түштү да, сактангандай тамга сңйүнү, үрпөйүп туруп калды.
Энеден туума жылаңач, төрт аяктап турган, чачы белине жеткен жапайы балага
адам-эне дагы бирөэки кадам жакындады:
- Коркпо?
Бала анын сөздөрүнө түшүнгөн жок. Болгону эле, адам-эне берилеп жылган сайын,
артты карай кетенчиктеп, коргонгондой түр кылып, кудум күчүк сымал тумшугун
бырыштырып, тиштерин көрсөтүп ырылдап койду:
- Ыррр...
Аял дагы да алдыга жылды:
- Коркпо...
-Ыггг... Ав! – бала үрүп жиберди. Мурдун бырыштырып, тиштерин күрсүттң. Аялдын
кадамдары тушалып, ордунда ката түштү.
Ушу маалда баласына эки аттап жеткен итөэне анын бети-башын, денеөбоюн туш
келди жалап-жуктагылап жиберди. Бала да Кумайыкка жете албай эле ара\ тургандай,
анын мойнунан бекем кучактай калып, саксагай жүндөрүнө тумшугун катып, кыңылдап
ийди. Баласынын денесин майда калчылдак басып турганын сезген Кумайыктын сайсөөгү
сыздап, заманасы тарыган, не кылар айласын таппай кеткен немедей, үзң кошо
кыңшылап алды.
Адамчасы ит-энесинин эмне жөнүндө ойлоп, эмнени каалап жатканын түшүнмөк
беле? Анын жайына койсо, жарык дүйнөгө келгени көзүн ачып тааныган, көргөн-билген
ушул мекени, ушул жашоосу, анан да ит-энеси гана маңдайында болсо, андан башка ага
эч кимдин, эч нерсенин кереги жок болчу. Анткени, ал мындан башка дүйнөнү билбейт
эле...
Жаркынай экөөнүн жанына акырын басып келип, сыңар тизелеп отуруп, иттин
башынан, жонунан сылады. Анын колдорун эрчий, көз албай тиктеген баланын узун
кирпиктеринин алдындагы баёо, кирсиз, бажырайган көздөрдъ даана көрдү аял.
- Атың ким? – жапайы баланын сөз түшүнбөй турганын билсе деле, акырын унчукту
аял.
- ?

Супер-Инфо
super.kg
видео