Менин кызыкканым, сиз канчалык тууганчылсыз? Сизге кимдер тууган? Өлүм-житим менен түрдүү тойлордо туугандын алыстык-жакындыгына карайсызбы?
Мисалы, мен үчүн апам менен атамдын бир туугандары гана тууган, андан аркы муун мени кызыктырбайт. Сылык түрдө учурашып турам, бирок ар кандай иш-чараларына катышпайм. А апам менен атам болсо, ашыкча тууганчыл. Мисалы, бирөө жарым кайтыш болуп кетсе, ал ким деп сурасам, баланчамдын түкүнчөсүнүн баланчасы деп түшүндүрүшү мүмкүн. Баш чирийт! Алар үчүн туулган айылы эле эмес, бүтүндөй ошол өрөөндүн жарымы тууган. Эми иликтеп отурса, адамзаттын баары бир тууган болуп чыгышы мүмкүн да. Бирок мен мындайга чыдабайм.
Азыркы муун кандай карайт ушуга? Сиз не дейсиз?
Билдирүүнү түзөткөн: adalsvards: 08 Май 2013 - 12:26