Суперстан: 2017-жылы Чубак ажы президент болобу? - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Саясат жана коом
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (13 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

2017-жылы Чубак ажы президент болобу? Чубак ажы президент болушу мумукунбу?

#1 Пользователь офлайн   KG-Oligarh   30 Сентябрь 2014 - 15:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 900
  • Катталган: 26 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Мар 2024 20:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргыз Каганаты.

Кыргызстан көзкарандысыз, өз алдынча мамлекет болгонуна чейрек кылым болуп калды. Ошол 23 жыл аралыгында мамлекетти башкарган жетекчилер, мамлекеттин, кыргыз элинин келечегин эмес, көр пенделик менен жеке жашоосун, күнүмдүк турмушун ойлоп келгенин аткарган иши аркылуу далилдеп отурат. Кыргызстан мындан 23 жыл мурда, кадырлуу жигиттерин, каректери кирдебеген кара көз кыздарынын күлкүсү коштоп, төрт түлүк малынын дүбүрттү жер титиретип, дайраларында ууланбаган мөлтүр кашка таза суулары агып, жээгинде электр станциялары ааламга жарыгын чачып, жер астындагы кен байлыктары Кыргыз Элинин жаркын жашоосу үчүн сарпталып, андан соң укум-тукумуна түбөлүк мураска кала берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес беле. Тилекке каршы, бүгүн анын бири жок. Мамлекеттик чиновниктер батыштын “Рынок системасын” рынок алкагында эмес, мамлекеттин баалуулуктарын сыртка сатып, жеке турмушуна керектөө менен алмаштырып алды.
“Реформа”- деген майнапсыз иштин артынан түшүп, аягына чыга албай ара жолдо калдык. “Реформа”- деген, түз маанисинде форманы өзгөртүү. 23 жылдан бери реформа жүргүзүп келебиз, бирок, турмушубуз жакшырбай, жыл өткөн сайын начарлап, кайырчынын кейпине түшүп калдык. Маселен, эшеккке килем жапкан да реформа. Анткени, эшектин формасы өзгөрүп жатпайбы. “Эшекке килем жапсаң да, эшек, эшек боюнча кала берет”-деп, бабаларыбыз эбак эле эскертип кеткен. Форманы эмес, ошол форманы алып жүрүүчү органды-системаны өзгөртүшүбүз керек. Ата-бабаларыбыздын жолуна түшүп, улуттук балуулуктарыбызды сактап калбасак, бизге эч кандай реформа жардам бербейт. Реформа-деген, улам бир эшекке килем жаап, “мына эми бул эшек эмес, тулпар болду...”-деп элди алдоо. Ошондуктан, өзүбүздү-өзүбүз алдап, улам бир эшекке килем жаап отура бербей, системаны өзгөртүүбүз зарыл.

Учурда “эл үчүнчү революцияны көтөрө албайт...”-деген бийликчил, бакма “көзү ачыктар” көбөйүп кетти. Мамлекеттик чиновниктердин көзүн май басып, маселе бышып жетилсе, эл жүзүнчү революцияны да көтөрө берет. Революцияны бүгүнкү бийлик өкүлдөрү, элдин эсебинен жашаган, “кан соргучтар” көтөрө албайт. Эл-казна. Эл-кеменгер. Кыргыздын баё мүнөз тоолук жигиттерин Нар кескен кылычтай таптап курчуткан да карапайым Эл. Эли жок-Хан болбойт. Ханы жок-Эл болот. Максат, улам революция жасап, жаңылыштык менен улам бир “Ханзааданы Ак боз атка миндирүү” эмес, бараткан багытыбызды тактап, бирөөнүн жетегинен чыгып, өз алдыбызча жашоого, өз алдыбызча бакубат мамлекет болууга умтуулуубуз шарт.

“Жол анжы болсо, жолбун иттин башы каңгы”-дегендей, бүгүн Кыргызстан жардын кырына кептелип араң турат. Мына ушул туңгуюк абалдан мамлекетти ким алып чыгат? Эл-жер үчүн, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн ким өз башын тобокелге сайып, улуу жүрүш жасайт? “Ырдаганын Шаршен ырдап, уялганын мен уялдым”-дегендей, Шаршеничтер ойуна келгенин “оттоп”, Кыргыз Эли жер карап, уялып отура бербейли.

“Өсүп гия чыгабы,

Күндүн табы болбосо?

Эр азамат чыгабы,

Элдин камы болбосо...” Элдин камын ойлогон эр азаматтар барбы? Эл, азыр эч кимге ишенбейт. Караламан букаралар кайра-кайра алдана берип заки болуп калды. Эгер элдин ишеничине ээ болгон адам болсо, анда карапайым эл аны такка отургузуп эле тим болбой, өмүр бою ак уруп кызмат кылууга да даяр болуп турат.

Ушул тапта тазалыкка, аруулукка зар болуп, карайлап турган караламан элдин үмүтүн актап, мамлекетти ыпластыктардан куткарып, өнүгүү жолуна алып чыгып кетүүгө Чубак ажы Жалиловдун мүмкүнчүлүгү бар экенин баса белгилеп кетмекчибиз. Анын диний аалымдыгы, пакизалыгы, билим деңгээли, акыл-парасаты, ой жүгүртүү алкагынын кенендиги бүгүнкү оор шартта мамлекет башкарууга төп келип турат. Аны сыпаттап, коомчулукка тааныштырып, мактап-жактап отуруунун да зарылчылыгы жок. Ага караламан букаралар өзүлөрү баа берсин. Биз болгону, калайман журт, калың элдин назарына алып чыгууну эп көрдүк.Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Ким элге-журтка башчы болгонго, мансапка турганга аракет кылса, ал кызматтын оор жүгү анын жеке мойнуна жүктөлөт. Ал эми ким өзү каалабастан, а бирок татыктуулугунан ошол ишенимди эл-журт тапшырса, Аллах Таала ал пендесинин жардамында болот!" Аллахтын күбөлүгү менен айтам, бул макаланын жазыларын да, жарыяланарын да Чубак Ажы Жалилов менен макулдашкан жокпуз. Ал кабардар эмес. Мүмкүн ал бизге каршы пикирин билдирээр. “Мен Президент болсом кыйратам! ..”-дегендерден тажап, бейпил жаткан Чубак ажы Жалиловду келечектеги Президенттикке татыктуу деп тандап алдык. Келиңиз биродар, терең ойлоп, калыс таразалап, пикириңиз төп келсе сиз да бизге кошулуңуз...

“Жашоонун сүннөтү, же жөнөкөйлөштүрүп айтканда табияты ушунда турат: Эл башындагы журт атасы болуп турган адам кандай болсо, эл да ошондой болот, анын жолоюна түшөт. Андан башкача болуусу мүмкүн да эмес. Тазалыкты, аруулукту, жөнөкөйлүүлүктү карманса эл да ошондой болот. Журт башчы ууру болбосо эл да ууру болбойт. Журт башчынын көңүлү ток болсо элдин да көңүлү ток болот. Журт башчы ыймандуу болсо эл да ыймандуу болот...”-деп Чубак ажы Жалиловдун мамлекет башчыларына карата берген баасы бар. Демек, ал өзү каалайбы-каалабайбы, эл аны татыктуу-деп тандап, анын колуна мамлекеттин тагдырын тапшырса, Аллах Таала ал пендесинин жардамында болуп, Кыргызстан келечекте экономикалык жактан өнүккөн, бакубат мамлекетке айланат...

Абдыкалык Акимов

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#2 Пользователь офлайн   KG-Oligarh   30 Сентябрь 2014 - 15:35

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 900
  • Катталган: 26 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Мар 2024 20:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргыз Каганаты.

Достор Чубак ажы Жалилов президент болушу мумкунбу? Балким ушуга окшогон кудайдан корккон адам президент болсо Кыргызстаныбыз онугуп кетет беле.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#3 Пользователь офлайн   asannasirov   30 Сентябрь 2014 - 15:56

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 5
  • Катталган: 27 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 28 Апр 2021 00:18

албетте өнүгөт адилетүүлүк бар жерде өнүгүү болот
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#4 Пользователь офлайн   Nurmuxammet   30 Сентябрь 2014 - 16:13

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 3 206
  • Катталган: 11 Март 14
  • Соңку аракети: 24 Май 2025 23:43
  • Жынысы:Эркек

Talapkerligin koiso, dobushumdu beremin.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#5 Пользователь офлайн   Sarabanda   30 Сентябрь 2014 - 16:38

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 857
  • Катталган: 14 Август 13
  • Соңку аракети: 10 Апр 2017 06:06
  • Жынысы:Аялзаты

Колдойм!
Мен бактылуумун. !
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#6 Пользователь офлайн   MIRlan   30 Сентябрь 2014 - 16:59

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Бизге жееген адам керекда. %)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#7 Пользователь офлайн   Saiha.84   30 Сентябрь 2014 - 17:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 953
  • Катталган: 29 Октябрь 13
  • Соңку аракети: 02 Ноя 2014 13:28
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ой Чубак ажы келсе анда эле кээ бир эркектерибизге кудай берип сразу 4тон аял алабыз деп чыгат даСүрөт!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#8 Пользователь офлайн   bossmos7   30 Сентябрь 2014 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 991
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Июн 2015 21:12
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Moscow

Диний коз караштагы жаран.Олко башчысына татыктуу эмес! Рахмат!! !

Билдирүүнү түзөткөн: bossmos7: 30 Сентябрь 2014 - 17:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#9 Пользователь офлайн   AZIK01   30 Сентябрь 2014 - 17:08

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Чубак ажы талапкерлигин койбосо керек. Муфтий болуп турганда көрдү, эми кайра барбаса керек.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#10 Пользователь офлайн   kandaisyn   30 Сентябрь 2014 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 058
  • Катталган: 17 Июнь 14
  • Соңку аракети: 24 Сен 2019 03:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Сары адамдар жашаган жерде

жарабайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#11 Пользователь офлайн   KG-Oligarh   30 Сентябрь 2014 - 18:39

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 900
  • Катталган: 26 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Мар 2024 20:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргыз Каганаты.

Просмотр сообщения bossmos7 (30 Сентябрь 2014 - 17:08) жазган:

Диний коз караштагы жаран.Олко башчысына татыктуу эмес! Рахмат!! !

Эмне үчүн татыктуу эмес кээ бир мамлекеттерде татыктуу болуп эле жакшына жашап жатбайбы?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#12 Пользователь офлайн   KG-Oligarh   30 Сентябрь 2014 - 18:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 900
  • Катталган: 26 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 23 Мар 2024 20:08
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргыз Каганаты.

Просмотр сообщения Saiha.84 (30 Сентябрь 2014 - 17:05) жазган:

Ой Чубак ажы келсе анда эле кээ бир эркектерибизге кудай берип сразу 4тон аял алабыз деп чыгат даСүрөт!

Төрт аял алганы Чубак ажысыз деле алып жатпайбы.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#13 Пользователь офлайн   alibekova94   30 Сентябрь 2014 - 18:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 5 307
  • Катталган: 18 Июль 13
  • Соңку аракети: 26 Май 2025 11:29
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Плутон

Охииий эй намазын окуп кудайга шугур кылып жашай берсин . Бийликте жаштардын мууну болуш керек! Ал да азыркы бийликтегилердин созун суйлойт да ....

Билдирүүнү түзөткөн: alibekova94: 30 Сентябрь 2014 - 18:43


Жүрөгүмсүң
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#14 Пользователь офлайн   Aristokrat-unname   30 Сентябрь 2014 - 19:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 547
  • Катталган: 20 Июль 13
  • Соңку аракети: 28 Июл 2015 21:59
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Isfana

Ал лидер боло албайт.Болгонго аракет кылса колдомокмун, бирок ал мындай ыплас ишке жакын жолобосо керек.
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#15 Пользователь офлайн   Daud   30 Сентябрь 2014 - 20:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения alibekova94 (30 Сентябрь 2014 - 18:43) жазган:

Охииий эй намазын окуп кудайга шугур кылып жашай берсин . Бийликте жаштардын мууну болуш керек! Ал да азыркы бийликтегилердин созун суйлойт да ....


Жаштар дегенде канча жаштагыларды айтып жатасың?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#16 Пользователь офлайн   Daud   30 Сентябрь 2014 - 20:23

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 636
  • Катталган: 10 Январь 09
  • Соңку аракети: 16 Мар 2021 06:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Просмотр сообщения AZIK01 (30 Сентябрь 2014 - 17:08) жазган:

Чубак ажы талапкерлигин койбосо керек. Муфтий болуп турганда көрдү, эми кайра барбаса керек.


Туура, койбойт. Мындай иштерде бир адам эч кандай өзгөртүү киргизе албасын муфтий болуп жүргөн убакта көрдү. Мындай иште команда керек. Команда жок болсо, башчылыкка ким келсе деле эч нерсе өзгөрбөйт.

Ефимов В.А. айтмакчы "бул система менен жашаган бийликке жакшы адам келсе деле, жаман адам келсе деле мамлекет артка карай кете берет. А бирок жакшы адам келсе, ал бир аз акырын артка кетет".
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#17 Пользователь офлайн   kanaat-1985   30 Сентябрь 2014 - 21:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 140
  • Катталган: 04 Февраль 14
  • Соңку аракети: 04 Фев 2015 12:30
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Баткен областы

Ким билет эми убакыт корсотот биз алдын ала айтышыбыз кыйын
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#18 Пользователь офлайн   Maximus   30 Сентябрь 2014 - 23:39

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 283
  • Катталган: 26 Апрель 08
  • Соңку аракети: 17 Апр 2015 15:33
  • Жынысы:Эркек

200% кепилдик, болбойт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#19 Пользователь офлайн   sensei   30 Сентябрь 2014 - 23:50

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 599
  • Катталган: 17 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Ноя 2020 12:40
  • Жынысы:Эркек

"Жалгыз дарак токой болбойт" дегендей да. Миң жакшы адам болгону менен, айланасындагылар "көө" шыбап артка тартып коюп жатпайбы. Саясатка аралашпаса керек менимче..
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#20 Пользователь офлайн   Kg.lady   01 Октябрь 2014 - 00:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 7 580
  • Катталган: 26 Январь 13
  • Соңку аракети: 17 Фев 2025 13:10
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Ак монгулуу Ала-тоо

Олконун башка тармактарын билбедимго, бирок исламий мамилекетке айлантаары анык.

Ал мени эшек деди, ооба дедим,
Менинда кемсинтууго жетет тилим!
Не кылам айкырышып, кыйкырышып,
Эшектигин мен анын билип туруп.

Байдылда Сарногоев
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Саясат жана коом
  • Кийинки тема →

  • (13 бет)
  • +
  • 1
  • 2
  • 3
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 14 Авг 2025 10:09

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: