Бердим. Ошол учурда Байтемир кирип келди. Мен негедир коркуп кеттим. Баланын атынан атап жатканымды кулагы чалды болуш керек. Уурулугум кармалгансып,
жаман оңтойсузданып калдым. Уятымы жашырышка маңдайымдагы жаратымды сыйпалап, дайынсыз суроо берипмин:
-Сиздин уулуңузбу?
Минтип сурап эмне кереги бар эле, ушу бүгүн да бармагымды тиштенем.
-Менин уулум!-деп Байтемир ишенимдүү, жайдары жооп берди. Чаканы жерге койду да Саматты колуна алды.-Менин уулум болбогондо,
кимдики болмок, ээ, Самат?-деп муруту менен кытыгылап, баланы алкымынан өпкүлөдү. Байтемирдин үнүндө да, кыймылында да, кыпындай калпы сезилбеди.-Эмне уктабай жүрөсүң? Ынтызарлыгың ай, кулунум. Бар төшөгүңө жата кой.
-Апам кана?-деди Самат.
-Апаң азыр келет. Мына, келип калды. Бар, жата кой.
Асел шашып кирди, жалт бир карап алды да Байтемирге йодду бере коюп.ю уулун төркү үйгө алып кирип кетти.
Байтемир сүлгүнү суулап, чекемдеги канды арчыды.
-Чыда!-деп тамашалады йод сүйкөп жатып, анан, катаал айтты:-Ушу жоругуң үчүн йод эмес, уу менен өрттөп ийсе болоор эле, мейли эми, конок турбайсыңбы.
.. Мына, болду, эки күндө айыгып кетет. Асел, бизге чай бербейсиңби.
-Азыр.
Байтемир кийиздин үстүнө төшөк салды, жаздык койду.
-Кел, быякка отуруп,эс ал.
-Эчтеме эмес. Рахмат.
-Отур, төшөккө отур, кысынбай өз үйүңдөй көр,-деп Байтемир болбоду.
Баары түшүмдөгүдөй.
Жүрөгүмү бирөө коё бербей мыкчып тугансыйт. Тиштене чымырканганыман тарамыштарым үзүлө жаздайт. Алда апам ай, мени неге төрөдүң экен?!
Асел чыгып, бизден көзүн ала самоорду алды да сыртка кетти.
-Азыр, сага жардамдащам,
Асел,-деп калды Байтемир. Артынан жөнөмөкчү болду эле, Самат дагы жүгүрүп келди. Анын уктай турган түрү жок.
-Сен эмне, Самат?-деп Байтемир мээрим төгө баш чайкады.
-Байке, сен кинодон түшүп келдиңби?-деп жакын келип, чындап эле сурады менден.
Бу сөздүн кимден чыкканын дароо түшүндүм. Байтемир каткырып калды.
-Ай, тентегим ай!-деп күлдү Байтемир баланын маңдайына жылып отуруп,-ой, боорум ай... Кенге барып кино көрүп турабыз,-деди мага кайрылып.-Бу жалгыз калмак беле, кошо барат да...
-Ийи, кинодон түшүп келдим!-дедим көңүлүн калтырбай.
Самат кабагын түйдү.
-Калп!
-Эмне үчүн калп?
-Чабышкан кылычың кана?
-Үйгө таштап келдим...
-Мага көрсөтөсүңбү?
Эртең көрсөтөсүңбү?
-Көрсөтөм. Кана, бери келчи. Атың ким? Самат беле?
-Самат. Сенин атың ким байке?
-Менинби...-Сүйлөй албай калдым.-Менин атым Илияс,-деп араң айттым.
-Болду эми, Самат, барып жат, түн бир убак болуп калды!-деп Байтемир сөзгө аралашты.
-Ата, дагы кичине эле тура турайынчы, макулбу?-деп жалынды Самат.
-Мейлиң эмесе.-Байтемир аргасыз макул болду.-Азыр чай апкелебиз.
Самат мага жакын келди. Колунан
"Делбирим" Чынгыз Айтматов
#42 02 January 2018 - 15:13
кармап, сылап отурдум. Мени тартыптыр, куду эле мен. Колу да меникиндей,
күлгөнү да мен.
-Чоңойгондо ким болосуң?-дедим. Иши кылып уулум менен сүйлөшүп отурууга.
-Шофер болом.
-Машинеге түшкөндү жакшы көрөсүңбү?
-Аябай-аябай жакшы көрөм. Бирок, кол көтөрсөм эле эч ким түшүрбөйт...
-Мен эртең түшүрүп, ойнотоюнбу? Түшөсүңбү?
-Түшөм. Мен сага чүкөлөрүмөн берем!-бөлмөсүнө жүгүрүп кирип кетти.
Терезенин сыртында самоордун кернейинен жалындын тили соймоңдоп жатты. Асел менен Байтемир бирдеме тууралуу сүйлөшүп турат.
Самат аркардын терисинен тиккен тулуптагы чүкөлөрүн алып келди.
-Байке, жакшы көргөнүңдү ала бер!-деп түр түс бойкко салынган байлыгын алдыма чачып салды.
Бир чүкөсүн эстеликке ала кетейин деп ойлоп, колум барбады. Эшик ачылып, Байтемир кайнап турган самоорду көтөрүп кирди. Артынан Асел кирди. Ал чай демдеп, Байтемир алдыбызга тегерек стол койду, дасторкон жапты. Самат экөөбүз чүкөлөрдү чогултуп, кайра тулупка салдык.
-Байлыгыңа мактанып жатасыңбы? Ай, мактаанчагым! -деп БАйтемир эркелетип Саматтын кулагын кашып койду.
Самоорду алдыга коюп, чай ичип отурабыз. Асел экөөбүз бири-бирибизди эч качан билбегендейбиз. Басмыртыраак болууга тырышып, экөөбүз тең унчукпайбыз. Самат Байтемирдин алдында ойдолоп эркелеп жатат.
-У-у мурутуң, сая берет, ата!-дейт да өзү болбой мурутка жаагын төшөйт. Уулумдун жанында отуруп аны “уулум” деп айта албай, ал башка бирөөнү “аталап” отурганын угуп. Заманам куурулду. Жандай сүйгөн Аселим жанымда отурат, бирок, тик багып карай албаганыма заманам куурулду. Кантип мында келип калды экен? Сүйүүп тийди бекен? Тигинтип мисирейип, мени таптакыр чоочун кишиден бетер сыр бербей отурса, жөн-жайын кантип билмек элем. Мени ушунчалык жек көрүп калганбы? Байтемирчи? Мен назилимде ким экенимди кантип туйбай койсун? Самат экөөбүздүн окшоштугубузду кантип байкабай койсун? Баягыда ашуудан машине сүйрөтүп чыкканыбызды такыр эскербей койду го? Чындап эле унутуп калды дейсиңби?
Баарынан жат-жатка келгенде кыйын болду. Мага төшөктү ушуерге салышты. Мен дубал жакка тескери бурулуп жаттым. Чырактын билигин кичирейтип коюшту. Асел идиш-аягын жыйнап жүрөт.
-Асел!-деди Байтемир акырын төркү бөлмөнүн эшигинен.
Асел жанына барды.
-Жууп койсоңчу.
Асел менин кан жайылган чатыраш көйнөгүмү алып, жууй баштады. Анан, токтото коюп, Байтемирге барганын туйдум.
-Радиаторунан сууну төгүп салдыңарбы? -деп сурады.-Аязга тоңуп калып жүрбөсүн.
-Кемел төгүп атат болчу.-Байтемир да күбүрөп жооп кайтарды.-Машинеси соо эле экен. Саал эле жери...эртең менен оңдошуп коёбуз...
Аны мен унутуп да калыпмын. Радиаторду, моторду ойлой турган чак эмес эле.
Асел көйнөгүмдү жууп бүттү да, мештин үстүнө тартылган жипке жайып жатып, оор үшкүрүнүп алды. Чыракты өчүрүп, кирип кетти.
Там ичинде караңгылык уюп калды. Баарыбыз тең уктабай жатканыбызды билип жаттым. Ар кимибиз өз оюбуз менен алпуруштук. Байтемир менин уулум менен бир керебетте. Маал-маалы менен эркелете

#43 02 January 2018 - 15:14
кобурап, ооналактаган баланын үстүнөн жаап жатты окшойт. Асел анда-санда мууна үшкүрөт. Жаш кылгырып жылтылдаган көздөрүн мен караңгыда көрүп жаткансыдым.
Ал эмнени ойлоп жатты, кимди ойлоп жатты, кимди ойлоп жатты? Азыркы жаткан үчөөбүз тең Аселге байланган экенбиз... Мен чыяктанып ал дагы экөөбүздүн башыбыздан өткөн жакшы менен жаманды териштирип ойлоп жаткандыр. Ким билет? Азыр Асел мен үчүн кол жетпес жерде, ойлогон оюна да оюм жетпейт. Ушул өткөн жылдардын ичинде Асел өзгөрүп калыптыр, көздөрү да өзгөрүптүр.
. Баягы нурдай таза жылтылдаган,
ишенчээк көз жок. Катаал тартыптыр. Оешнтсе деле баягы Асел, тал чыбыктай буралган кызыл жоолук делбирим. Ар бир кыймылы, кирпигинин селт эткенине чейин тааныш, жүрөккө жакын. Ошонусуна ичим күйүп-өрттөнүп,
азабы жаныма батып жатты. Жаным кашайганда жаздыктын бурчун кырча тиштеп, тан атканча кирпикти көзүм жумбадым.
Терезеден нары көктөн бирден булутка кирип, бирде чыгып тийген ай көрүнөт.
Таң эрте Асел менен Байтемир чарбасын көздөгөнү сыртка чыкканда мен турдум. Жөнөш керек болчу. Бутумун учу менен басып, Саматка бардым, акырын өптүм да, шышып сыртка чыктым.
Асел таш тулгадагы чоң казанга суу ысытып отуруптур. Байтемир жыгач жарып жатат. Ал экөөбүз унчугушпай, чылым чегип машинеге бардык.
Көрсө машине түндө жол жээгине кааша кылып орноткон моло таштарга урунуптур. Экөөсү омкорулуп жатат. Машиненин фарасы сыныптыр, тумшугу мыйышыптыр. Балкалап, ломдоп жатып.ю эптеп оңдодук. Андан кийинкиси кыйын болду. Мотор тоңуп калыптыр. Кендир чыпка күйгүзүп атып картерин жылыттык, анан эки кишилеп тутканы толгодук. Ийинибиз тийишип, алакандарыбыз бир туткада ысыды, бирибиздин демибиз бирибиздин бетибизге тийип, бир эле иште иштеп жаттык. А балким, бир эле ойду ойлоп жаткандырбыз ошондо.
Мотор эпке келер эмес. Энтигип демибиз буулду. Ушул учурда Асел эки чака ысык суу апкелди. Сууну радиаторго куйдум. Анан Байтемир экөөбүз кош-колдоп эки-үч жолу бурадык эле мотор от алып кетти. Мен кабинага отурдум. Мотор какап-чакап жаткан. Байтемир шамын текшергенге балкасын алып астына сүңгүдү. Ушул учурда пальтосун топчуланбай далбактап, Самат келди энтиге чуркап. Машинени тегерене чуркады, түшүп ойноп келгиси бар. Асел уулун кармап алды да, колунан чыгарбай кабинанын жанында турду. Бир маалда жекире, жаны ооруган аёо менен карады эле өлүп кете жаздадым, ушул азыркы күнөөм үчүн башымды аябас элем, иши кылып уулум экөө кечирсе, кайра кайрылып мага келишсе болду эле. Кабинанын ачык каалгасынан эңкейдим:
-Асел! Уулуңду ал да, түш машинеге. Баягыдай кылып алып кетейин. Түбөлүккө! Түшчү!-деп мотордун доошуна үнүмү жашыра жалбарып жибердим.
Асел эчтеке дебеди, жашылданган көздөрүн акырын ала качып, башын чайкады.
-Түшөлүчү апа!-деп Самат колунан тартты.-Ойноп келеличи!
Асел Саматты жетелеп, шылкыя басып кете берди. Самат тарткынчыктап жулунса да коё бербеди.
-Болду!-деп кыйкырып, Байтемир капотту жапты да, аспаптарымды мага берди.
Мен жөнөп кеттим. Кайрадан руль колумда, кайрадан баягы жол, баягы тоолор. Эмне окуя болгону менен эмне иши, машине мени алып-учуп баратат...
Аселди уулум экөөн ашуудан ушинтип таптым, ушинтип жолугушуп, ушинтип ажыраштык. Жетер жериме жеткиче, кайра кайтып келгиче мен ойлоп жүрүп отурдум, бирок эчтеме ойлоп таба албадым. Майнабы жок ойлордон чарчадым акыры... Эми көз көргүм, кулак уккус жакка кеткенден башка арга калган жок. Бу жерге мен батпай

#44 02 January 2018 - 15:15
калдым.
Ушул бүтүмгө бекидим. Ушул ой менен кайра автобазага кайтып келаттым. Жол участогунун жанынан өтүп баратып, жолдон четтерээк жерде өзүнөн элбирээк бир кыз, бир уул бала менен таш коргон ойноп отурган Саматты көрдүм. Бу балдарды, балким, мурда өтүп жүргөндө деле көрүп жүргөндүрмүн. Демек, өзүм билбей күн ара уулумун жанынан өтүп жүргөн экем да. Аны башта кайдан билдим.
Машинени токтоттум.
-Самат!-бир көрүп кетейинчи дедим. Балдар мага жүгүрдү.
-Байке бизди машинеге түшүргөнү келдиңби?-деп Самат чуркап келди.
-Кичине ойнотоюнбу?
Балдар талашып кабинага түштү.
-Байкемди мен тааныйм, биздикине келген-деп мактанды Самат.
Бир аз жерге салып бардым. Көңүлүм балкып, жүрөгүм элжиреп, балдардан мен жыргадым. Анан аларды түшүрдүм.
-Эми үйгө чуркагыла!
Балдар чуркап кетти. Саматты токтотуп калдым.
-Самат, токточу, бидеме айтайын!-Төбөмөн өөдө көтөрүп, өңүнө тигиле карап турдум, анан боорума кысып өптүм да, жерге түшүрдүм.
-Кылычыңды ала келдиңби, байке?-Саматтын эсинде экен.
-Алда уулум ай, унутуп калган турбаймбы. Эмки келгенде ала келем!
-Эми унутпайсыңбы, байке? Биз жанагы жерде эле ойноп турабыз.
-Макул. Бар эми, бара кой.
Автобазада жыгаччылардын устаканасынан үч жыгыч кылыч жасатып, ала жүрдүм. Балдар чын эле убадалашкан жерде экен. Мен аларды дагы бир аз ойноттум. Уулум, анын жолдоштору менен мына ушинтип ынакташтым. Бат эле мага үйүр алып кетишти. Мен келатканда алыстан алдымы тосо чуркашат.
-Машине, биздин машине келатат!
Мага жан кирди, киши боло баштадым. Жол жүрсөм да көңүлүм чак. Машинеме оор жүк эмей эле, кубаныч салып бараткандай болом. Жол боюнда уулумдун күтүп жүргөнү эсимден чыкпай, жүрөгүмү жылытып барат. Жадегенде эки мүнөтчө кабинага түшүрүп, жаныма алып отурам. Эми менде башка ой жок, эси-дартым уулума кечикпей жетүү. Убактымы да ашуудан күндүз өтүүгө чектейм. Жаз күнү жылымдап, балдар азыр көбүнесе сыртта ойношот. Бактыма чек жок, максатым, иштеп жүргөн максатым ошо балдар үчүн сыяктанат. Кээде гана жүрөгүм зырп эте түшөт. Балдарды машинеге салып ойнотуп жүргөнүмдү жол участогундагылар билип калдыбы дейм. Эгер билсе, Саматты үйдөн чыгарбай, жол боюна жибербей коёт эле го. Ичимен Асел менен БАйтемирге жалбарам, жок дегенде ушу кичинекей ырыстуу шыбагаман айрыбагыла, күн алыс бир көрүп турганыман ажыратпасаңар экен деп суранам ичимен. Бирок акыры бир күнү ошондой эле болду...
Биринчи май жакындап калган. Майрамдын урматына деп уулума бир белек бергим келди. Бурамалуу оюнчук жүк машине сатып алдым. Ошол күнү аватобазада кармалып калдым эле, кечигип чыгып, аябай шашып келатам. Ошондонбу, эмнегедир кооптонуп, себепсиз алактай бердим. Самат бир кубанып калсын деп, мерчемдүү жерге жакындаганда оюнчукту бекиткен жеримен алып, жаныма койдум. Өзүнүн оюнчуктары деле бир далай экен, бирок бул бөтөнчө болмок, чоңойгондо шофер болом деп жүргөн балага жолдон өткөн тааныш шофер байкеси бериптир болуп калмак. Бирок ушу күнү Саматты жол боюнан таппадым. Балдар утурлай чуркап чыгышты, арасында ал жок. Кабинадан чыктым.
-Самат кана?

#45 02 January 2018 - 15:16
Үйүндө, тумоолоп калыптыр,-деди бир бала.
-Тумоолоп?
-Жок, тумоологон жок!-деп туура билгенине мактангандай шакылдады бир кыз.-Апасы жибербей койду!
-Эмне үчүн?
-Билбейм, барбайт деп койду. Куруган экем деп түнөрө түштүм.
-Ме, алпарып бер,-деп оюнчук оролгон кагазды балага сундум да, кайра айныдым.-Жок, кереги жок.-Кайра алып машинеме түштүм.
-Байке эмнеге бизди түшүрбөйт?-деп сурады уул бала эжесинен.
-Байке ооруп турат,-деди кыз.
Кыз таап айтты. Ушундан көрө ооруп жатканым, жеңил болмок. Аселдин бул кылганы кандай? Биротоло карарганбы? Канчалык жаман болсом да мага деген бир тамчы мээрими калбаганбы? Ишене албадым... Уулум чын эле тумоолоп калган го деп, ошого ишенгим келди. Анткени бу кылганы Аселге окшобой турду. Бирок, ким билсин... Алиги балага ишенбегидей аны бирөө атайы үйрөтүп койду беле. Өз оюма ишенип алганыма ошончолук, азыр Самат эти от менен жалын болуп чабалактап жаткансыды. .. Балким, даары-дармек керек болуп, көлүк табылбай жатпасын, же ооруканага тезирээк жеткириш керектир? Шаар эмес, турган жери ээн тоонун арасы... Улам бир ойго уруна берип, жаным кыйналып кетти.
Кайра таркан жолдо шашып келаттым. Эмне айла колуман келерин өзүм билбей, тезирээк жетип, уулумду көргүм келди,-ушул ой шаштырды... Же жол боюнан көрөрмүн,-муну ойлоп алып ого бетер шаштым. Ошентип келатсам, өчөшкөнсүп бензиним түгөнүп калса болобу. Аргасыз бекет базадагы бензоколонкага кайрылдым...
Сөзүнүн ушул жерине келгенде Илияс унчукпай калды. Ысып-күйгөн бетин алаканы менен укалай сүртүп, оор күрсүндү. Вагондун терезесин көтөрө ачып салды да, баятан бери тынымсыз чегип келаткан нем едагы чылымга кирди.
Түн ортосунан ооп калган. Поездде ойгоо бараткан экөөбүз гана болсок керек. Дөңгөлөктөр тынымсыз дүбүртүнөн жазбай шакылдап барат. Терезеден сырттагы шоолалуу жай түнү бизге жарылып жол берип жатты. Полустаноктордун оттору жылт-жулт дей түшүп, паравоз анда-санда түндү үркүтө кыйкырып алат.
-Мына ошол жерде сиз келе калдыңыз, агай. Мен машинеге салбай койдум. Эмнеге салбаганым эми түшүнүктүү болгон чыгар?-Илияс ойлуу күлүмсүрөп койду. –Сиз бензоколонкада кала бердиңиз, анан бир маалда “Победа” минип, кууп өттүңүз. Аны көрдүм.. Мен жүрөгүм алкымыма тыгылып, ашыгып бараткам. Бекер ашыкпапмын. Самат жол боюнда күтүп жүрүптүр. Машинени көрө сала, жолду кесе чуркады.
-Байке! Шофер байке!...
Кудай жалгап, уулум сыркоодон тышкары экен. Ошондогу кубанганымды айтпаңыз, кучагыма батпай чыкты. Машинени токтото сала, түшө чуркадым.
-Эмне, тумоолоп калдыңбы?
-Жок, апам жибербей койгон. Апам мени айтат, сенин машинеңе түшпөгүн дейт. Мен ыйладым,-деп Самат арыздана кетти.
-Анда бүгүн кантип чыктың жолго?
-Атам айтты, балдарды ойнотом деген киши ойното берсин деди.
-Ошондой дечи?
-Мен шофер болом дедим...
-Сен сөзсүз болосуң, Самат, болгондо да мыкты шофер болосуң! Мен сага эмне апкелгенимди билесиңби?-Оюнчук машинени алып чыктым.-Мына, карачы, бурама жүк машине, дал сага окшогон кичинекей шоферго ылайыктуу машине.
Уулум жадырай

#46 02 January 2018 - 15:18
күлдү.
-Мен дайыма, дайыма сенин машинеңе түшөм ээ, байке?-деди Самат суроолуу жалжылдай тиктеп.
-Сөзсүз, дайыма!-деп көңүлүн колдодум.-Жүр экөөбүз шаардагы Биринчи Май майрамына баралы. Машинеге кызыл желекчелерден кооздоп тагып алабыз, шаар айланабыз. Анан сени кайра жеткирип коём.
Эмнеге антип айттым, кандай акым бар эле? Азыр айтуу кыйын. Баарынан да бул сөзүмө өзүм ынанып алдым. Дагы айттым:
-Эгер жактырсаң меникинде кала бересиң биротоло! -Уулума кадыресе чоңдорго айткандай сунуш кылдым. –Экөөбүздүн үйүбүз кабина болот. Кайда барбайын дайым экөөбүз бир жүрөбүз. Сенден такыр айрылбайм,эч жакка коё бербейм. Макулсуңбу?
-Макул,-деди Самат ойлонбостон. -Машинеде жашайсызбы? Жүр анда, байке, жүр кеттик.
Чоң киши деле баладай болуп кеткен учур болот экен. Самат экөөбүз кабинага түштүк. Мен апкаарып машинени от алдырдым. Саматтын кубанычы койнуна батпайт, эркелеп этек-жеңимди тарткылайт, жумшак орундугунда секире кетет. Жөнөй бердик. Самат андан бетер сүйүндү, кыткылыктап күлө мага бирдемелерди божурайт, рулду, прибор тактаны көрсөтөт. Аны көрүп мен шайырландым. Бирок, ойлой коюп аза боюм дүр этти. Бул эмне кылганым? Тормоз бердим, бирок Самат ого бетер шаштырды.
-Тез айда, байке, тез-тез айда!
Баланын көңүлүн кантип калтырайын. Газды саал бастым. Машине күүлөнө берген жерде алдыбыздан жол тегиздеп жүргөн грейдер жолукту. Ал кайрыла бергенде нары этекте Байтемир жүргөнүн көрдүм. Алактап калдым. Токтотоюн десем кеч болуп калды. Баланы эмне үчүн мынча алыс алып кеткениме айтаай шылтоо жок. Эңкейе бердим да, газды катуу бастым. Байтемир чоң күрөк менен шагыл которуп тегиздеп жаткан экен, бизге көңүл бурбады. Өткөн-кеткен машинеден көп неме жок, кайсы бирин карай бермек. Бирок Самат көрүп калыптыр
-Тигине атам! Байке атамы да алып алалычы, ыя? Токтотчу, мен чакырайын!
Мен тиштенип унчукпадым. Эми токтош болбойт, эмне дейм? Самат корко баштады, артына кылчактап, чаңырып ыйлап жиберди.
-Атама барам! Токто, атама барам! Токто, кереги жок! Апа-а!
Бурулуштагы асканын далдасына кайрылып токтодум. Уулуму соороткуча шаштым:
-Ыйлаба, Самат, ушу да болобу! Азыр кайра жеткирип коём! Ыйлабачы!
Бирок коркуп калган бала уккусу жок.
-Кереги жок, атама барам! Ач, кетем!-деп каалганы тарсылдата ургулап жиберди.-Ач, дейм! Атама барам! Ач!
Соорото алсамчы, айлам кетти.
-Сен ыйлабачы,-деп жалдыдырадым. -Азыр ачам, ыйлабагын эле. Мына азыр, өзүм атаңа жетелеп барам. Кана чык, жүр.
Самат жерге секирип түшүп, артка чуркады. Мен кармап калдым.
-Токто. Жашыңды арчып ал. Ыйлаба да. Садагаң болоюн уулум, ыйлабачы? Ии, машинеңди ала кетпейсиңби? Карачы!-оюнчук машинени алып, ачкычын толгосом колум калтырайт.-Карагын эле, азыр сага чуркап жетет. Карма!-машине жол менен жөрмөлөп барып, чүкөдөй ташка тийди да, кюветке коңторула кетти.
-Кереги жок. Албайм!-деп Самат мурункудан бетер бакырды.
Алды-артына карабай качып жөнөдү.
Селейип туруп калыпмын. Ачуу заар томук келип тамагыма тыгылды да, демим кыстыгып кетти. Саматтын артынан чуркадым.

#47 02 January 2018 - 15:20
-Токточу, ыйлабачы, Самат! Токто, мен сенин...мен сенин...Билесиңби!
-бирок айтууга тилим күрмөлбөдү.
Самат качып баратты. Артына караар эмес. Бурулуштан көрүнбөй кетти. Жарташка чейин чуркап барып, далдадан баланы карап турам. Байтерми отура калып, баланы бооруна кыса кучактады, жашын аарчып, маңдайынан сүйүп, бооруна кысып турду. Бала да анын мойнуна асылып, сыга кучактап алды. Элеңдеп мен жакты карап коёт.
Анан Байтемир күрөгүн ийинге салып, баланы колдон жетелеп, кете берди. Бир чоң, бир кичинекей-эки киши жолдо кол кармашып кетип баратты.
Жарташка сүйөнүп тура берипмин, шылкыйып артка тарттым. Жыгылып жаткан оюнчук машинеге келдим. Дөңгөлөктөрү көктү карап, оодарылып жатат. Көзүмөн жаш чыгып кетти. “Мына, баары бүттү!”-деп чон машинем менен муңдашып.ю капотунан сыладым. Мотордун ысык деми бетке урду. Уулум менен эң акыркы жолукканымдын жалгыз күбөсү ушу жансыз машине да мага азыр жакын көрүндү...
***
Илияс ордунан туруп тамбурга жөнөдү.
-Салкын абага дем алып келейинчи,-деди ооздон кылчайып.
Мен купеде калдым. Таң куланөөк тартып, чыгыш жээк шоолаланып калыптыр. Зым карагайлар булаңгыр зып-зып өтөт. Жарыкты өчүрсө да болгудай экен.
Текчеде жаттым. Мен билип, Илияс билбеген тарых бар эле, ошону айтсамбы, айтпасамбы деп ойлоп жаттым. Бирок ал келбей кечиге берди. Ошентип айтпай калдым.
Жол мастери Байтемир менен таанышканыма көп болду. Асел менен уулу ашууда жашаарын Илияс билген кез болуш керек.
Жарыштын натыйжасын текшерүү үчүн жана тажрыйба алмашууга Кыргызстан жол кызматкерлеринин делегациясы Памирге барат деп жатышкан. Ошого карата Тажикстандын республикалык газетасы мага тоодогу кыргыз жолчулары тууралуу очерк жазууну тапшырган болчу.
Белгиленген делегациянын ичинде мыкты жол мастери катары Кулов Байтемир бар экен. Ошол Байтемир менен танышууга мен Долонго бардым.
Барган эле жерден жолум болуп, оңой кездештик. Ашуунун белине чыга бериште биздин автобусту колунда кызыл желекчеси бар жумушчу токтотуп калды. Көрсө, алдыбызда көчкү жүрүп, жолчулар азыр жол тазалап жаткан экен. Мен автобустан түшүп, көчкү жүргөн жерге карай бастым. Бульдозер карды шилеп, кургуйга түшүрүп жаткан экен. Ал кайрыла албаган чукул жерде жумушчулар карды таптап жатышат. Брезент плащчан, керзи өтүкчөн бир киши бульдозерге катар басып, айдоочусуна жол көрсөтү жүрөт.
-Солураак! Дагы бир жолу өт! Стоп! Артка!
Жол оңолуп бутүп калыптыр, өтөр тилкеси таза. Эки тараптан тен күтүп турган машинелерден шоферлор тынбай сигнал берип, тезирээк жол бер деп урушуп жатканы бар. Тиги плащчан киши болсо кабагым-кашым дебейт, байсалын жазбай тракторун башкарып жүрөт. Бульдозерди уламлан улам айдатып, жолду аябай таптатып жатат. “Байтемир деген болсо ушу болор. Өз ишине мыкты экен”,-деп ойлодум. Жаңылбапмын, Байтемир Куловдун өзү болуп чыкты. Акыры жол ачылып, машинелер каршы-терши өтүп кетишти.
-Сиз эмне калдыңыз, автобусуңуз кетип калбадыбы?-деди Байтемир мага.
-Мен сизге келаткам.
Байтемир таң калдыбы-жокпу, билгизбеди, салабатын жазбай колумду кысты.
-Коноктун келгени-ырыс келгени.
-Сизде жумушум бар,

#48 02 January 2018 - 15:22
Баке,-түз эле ишими айтайын деп,-биздин жолчулар Тажикстанга барарын билерсиз?
-Уккам.
-Анда Памирге жөнөр алдыңызда сиз менен сүйлөшүп калышым керек.
Келген максатымды айткан сайын Байтерми буурул мурутун улам чыйратып, ойго батып, кабагы салаңдай берди.
-Келгениңиз жакшы,-деди акырында,-бирок мен Памирге бара албайм. Мен тууралуу жазып да кереги жок.
-Эмне үчүн? Колуңуз бошобойбу? Же үйдөн чыга албайсызбы?
-Колум бошобосо ушу жолдон бошобойт. Өзүңүз көрүп турасыз.-Унчукпай калды да, папирос алып чыкты. –Үйдө болсо...элдин үйүндөй эле тиригилик... Бирок Памирге бара албаймын.
Делегациянын ичинде ага окшогон жол мастери болгону кандай маанилүү экенин түшүндүрүүгө, ишендирүүгө канча аракеттенсем да.ю БАйтемир сыйлап угуп отурганы менен, такыр ынанбай койду.
Мен нараазы болдум, өзгөдөн өзүмо нараазы болдум. Журналистигим кайда калды бу жолу? Бу кишинин ыңгайын таппадым го. Редакциянын тапшырмасын аткарбай куру кол кетет турбаймбы.
-Болуптур анда, Боке, кечиресиз, мен кайтайын. Дагы бир жол улаш машине чыгар...
Байтемир мени байыстуу кадала тиктеп калды да, мыйыгынан жымыйды:
-Шаарлык кыргыздар ата салтын унутуп бараткан бейм. Менин үй-жайым бар, дасторконум жайылуу, конок төшөгүм салынуу. Атайы мени издеп келген соң жол боюнан кайра тарткан болобу. Түнөп алып, эртең үйдөн жөнөөрсүз. Жүрүңүз үйдө аялым менен уулум учурашсын сиз менен. Азыр капа болбой токтой туруңуз, жарыкта жолду бир карап чыгайын. Бат эле келем, иш ушундай...
-Коё туруңуз, Баке. Мен сиз менен кошо кыдырайын...
Үстүмдөгү шаардык остюмумду карап, Байтемир дагы жымыйды.
-Мени менен кошо жүргөнүңүз анча жарашпас дейм. Барыш-келиш бир топ жер.
-Мейли.
Экөөбүз бирге бастык. Ар бир көпүрөнүн, ар бир бурулуштун түбүнө, жар башына токтоп жүрүп отурдук. Арийне, сүйлөшө жүрдүк. Баары эмнеден кандай башталып кеткенин өзүм байкабапмын. Байтемир кандайча мага чечилип жибергенин али күнчө билбейм. Иши кылып, ал мага башынан өткөн таржымалын, үй-бүлөсүнүн таржымалын төкпөй-чачпай узун сабак сөз кылып айтып берди.
Жолчунун баяны
-Памирге эмне үчүн баргым келбегенин сурадыңыз. Мен өзүм памирлик кыргыздардан болом, бирок минтип Тянь-Шанда туруп калдым. Памир жолунун курулушуна каргадай кезимен баргам. Комсомол ураан таштаганда барганбыз. Жолду жамы журт жапа тырмак курганбыз. Азыркыдай техника жок. Жан аябай иштедик, айрыкча жаштар Памирге жол салыш деген эмне шумдук!-мына ушу бизди ээликтирген. Мен ударник болуп жүрдүм, нечен жолу сыйлык алдым. Муну мен сөз угуна жараша айтканым.
Ошол курулушта бир кызды кезиктирдим. Ашык болуп арзыдым. Акыл-эстүү, кебетеси келишкен кыз болчу. А кезде кыргыз кызы айылдан чыгып, курулушка барып иштейт деген адам ишенбес жомок эле. Бирок ал кыз айылдан келиптир. Салтыбыз чидерлеп, кыз тагдыры азыр деле оңой эмес. Аны өзүңүз жакшы билесиз. Ошентип бир жылдай сүйлөшүп жүрдүк. Жол бүтө жаздап калган. Жабыла киришип жол сала коюш иштин бүткөнү эмес, анан жолду да багып туруш керек. Хусаинов деген инженер жигит бар эле, ал азыр деле жол тармагында бир чоң кызматта. Экөөбүз ынак болчубуз. Мени курска барып окууга ошол көндүрдү. Мен

#49 02 January 2018 - 15:23
кайрылып келгенче Гүлбайра күтпөйт го, көздүү мончок жерде калмак беле деп жүрдүм. Жок, күтүптүр. Экөөбүз баш коштук. Ынтымактуу жашап турдук. Ошол жол участогунда иштейбиз. Тоо арасында, ашуунун белинде ээн жашаган жолчуга аял, үй-бүлө деген өзүнчө улуу журт, өмүргө шерик деп ошону айтса болот. Аны кийин билдим. Мен ушул ишти өмүр өткүчө деп жакшы көрүп калганыма да аялым себепкер болду. Аялым кыз төрөдү. Аңгыча согуш чыгып кетти.
Эл чубап, аскерге жөнөп жатты.
Памир жолу өткүн сабап аккан дарыяга окшоп турду ошол күндөрү.
Менин да кезегим келди. Эрте менен үй-ичибиз жабыла жолго чыктык. Кичине кызымды көтөрүп барам, улуусу этегимен кармап, тепеңдеп келет жанымда. Байкуш Гүлбайрам жол кабымды көтөрүп, араң карманып келет. Ээн тоодогу жол участогуна чиедей эки бала менен жалгыз калыш оңой бекен. Айылдагы төркүнүнө жиберсем болбой койгон. Эптеп күн өтөр.ю сени ушерден күтөлү, анын үстүно жолго көз болгон киши да керектир деп койгон... Жолдун боюнан аялым, балдарым менен коштоштум. Балдар эмес Гүлбайра экөөбүз деле ал кезде бала бйодон экенбиз. Жаңыдан гана гүлүбүз ачылып келаткан экен...
Согушта мен сапёр батальонуна туш болдум. Согуш өткөн жолдордо биз канча көпүрө курбадык, канча өткөөл салбадык. Эсеп жетпейт. Дондон өттүк, Висла менен Дунайдан да өттүк.
Шыргалаң сууга тоңуп, түтүн менен от ичинде өрттөнөсүң. Жанындагы эле кишилер окко учуп жатса, тырп этерге ал калбай жан кашайганда ушул ок неге мага тийбейт деп наалыйсың. Бирок тиги алыскы чыгышта, ээн тоодо күтүп жүргөндөрдү эстегенде кайдан кубат кирерин билбейсиң, өжөрлөнүп-өчөшүп кайра турасың. Жок, мен алыскы Памирден ушердеги бир көпүрөнүн астында өлүп калайын деп келген эмесмин. Көпүрө бекиткен жоон зымдарды тишим менен бурап бекитип, ажалга моюн сунгуң келбейт. Ошентип, ажалым жок экен, Берлинге жетип кайттым.
Почта баягы биз салган жолдон өтөт да, аялым тындырбай кат жызып турду. Болгон жаңылыктарды бүт жазып, менин ордума жол мастери болуп калган, ошол ишин, жолду жазат. Жол деген жолуң асман тиреген Памирди артылып жатса, аялымдын көргөн күнү оор эле болуп жатканын сезип-билип жүрдүм, билгенде аргам канча.
Кырк бешинчи жылдын жазынан баштап кат үзүлду. Фронтто эмнелер болбойт, каттары дагы бир бөлүктө адашып жүргөндүр деп өзүмдү-өзүм жубатам. Бир жолу мени полктун штабына чакырышты. Жолдош старшина, мыкты согуштуң, мына сага ыраазылыктын белгиси деп сыйлык беришти. Үйүңө кайт, эми сенин керегиң ошоякта тиет дешти. Мен кубанбагандачы. Атүгүл телеграмма салып жибердим. Кубанганыман эмне үчүн мени мөөнөтүмү бүтпөй бошотуп жатышканын ойлобопмун. ..
Туулуп өскөн жерге келдим, учетко турушка убакыт болор деп, жолдогу военкоматка да кайрылбадым. Эртерээк үйгө жеткиче шаштым. Жол улаш полуторка жолукту, ага түшүп алып, Памир жолун өрдөп жүрүп бердим.
Канатым болсо учуп кетмекмин. Аскерге туш келди чапкылып жүрүп калган жан.ю буерде ташбакача мылжып бараткандай болом. Кабинаны каккылап, шоферду шаштырдым:
-Ылдамда, иничек, бу шалдырагыңдын аяр жери калбаптыр, тездет! Үйгө баратам!
Мына жетип да калдык. Бурулуштан кийин эле менин участогум. Чыдай албадым. Жүрүп бараткан машинеден ыргып түштүм да, жол кабымды ийинге арта салып, чуркадым. Чуркап баратам, чуркап баратам, бурулуштан бурулдум... анан эңгиреп туруп калдым. Баары эле ордунда, жол деле баягы. Бирок менин ьам-ьашым ордунда жок. Терегимен кыбыр эткен жан көрүнбөйт.үйүлгөн гана таштар жатат. Биздин үй жолдон четте.ю тоо

#50 02 January 2018 - 15:29
түбүндө эле. Суукка ык болгону менен, кысык жер эле. Үстүбүздөгү тик бет жок, көчкү жүрүп, кургуйлаган жар болуптур. Чоң темир чеңгел беттен ылдый тырмап өткөнсүп, көчкү жолуна туш келгендин баарын шыпырып кетиптир. Аялым кийинки катында кар калың жаады, эми жамгырлап турат деп жазыптыр болчу. Озунуп жардырып, көчкүнү жүргүзүп салыш керек эле, бирок ал аялдын колунан келер ишпи...
Таппасаң сыйпалап кал деген дал мен болдум. Ажал менен мин жолу бетме-бет келип, тозоктун өзүнөн тирүү келсем, мына!.. Кыймылдай албай теңселип тура бердим. Тоо жаңырта бакырып-бакырып алгым келет, үнүм чыкпайт, дарамет жок. Жан кетип, таш болуп катып калгансып, ичим түпөйүл тоңду да калды. Ийинимен жол кабым гана жылбышып жерге түшкөнүн сездим. Ал ошо түшкөн жеринде калды. Кыздарыма, аялыма ала келаткан белек-бечкегим бар эле, аскердик көрөбай-шөрөбайды жолдо кытырак таттиге алмаып алдым эле... Дагы бир сыйкырдуу укмуш болуп кетчүдөй эсеңгиреп тура бердим. Анан бурулуп кайра бастым. Мен бассам, тоолор нары-бери теңселип кетет, мени баса жыгылчудай бери жылып келатат. Бир бакырып алдым да, качып жөнөдүм. Кетейин! Бу каргыш тийген жерден тезирээк жоголоюн! Мына ошондо боздоп ыйлап, качып бараттым...
Каякка, кантип жүргөнүмү билбейм.ю үчүнчү күнү бир станцияга туш болдум. Ээн талаада адашып жүргөнсүп, эл арасында каңгып жүрөм. Бир офицер атым айтып чакырат. Карасам, Хусаинов, аскерден бошонуп келатыптыр. Туш болгон күнүмдү айтып бердим агаю
-Эми кайда барасың?-дейт.
-Кайда барарымды өзүм билбейм.
-Жок,-деди ал,-кайрат кыл. Сени минтип жалгыз сенделтпейм. Кеттик, Тянь-Шанга, барып жол салабыз, анан көрө жатарбыз...
Ошентип ушуякка келип калдым. Алгачкы жылдары кан жолдогу көпүрөлөрдү салып жүрдүм. Убакыт өтүп жатты, бир жерден орун-очок алыш керек болду. Хусаинов ал учурда министерствого иштеп кеткен. Биз жакка келип калганда дайыма мага жолгуп өтөт. Жол мастерлигиңе кайра өт деген да ошол болду. Мен даабай жүрдүм. Жүрөгүм өлүп калыптыр. Курулушта көпчүлүк менен билбейсиң. Жол мастери болуп ээн тоодо жалгыз жүрсөм дайыным эмне болот деп түпөйүлдөндүм. Памирде башыман өткөнү эскире элек, эстен чыкпайт. Ошону менен жашоом бүткөнсүйт, алдымда эчтеме жок сыяктанат. Үйлөнөйүн деген ой түк жок. Гүлбайра мененбалдарымды ойлогондо башканы көргүм келбейт. Алардын ордун толтуруп берчү жан жоктой. Эптеп эле күн көрүүгө үйлөнгүм келбейт. Андан көрө жалгыз жүргөнүм жакшы.
Акыры жол мастерлигине бармай болдум. Көрөйүн, болбосо бир жакка кете берермин. Мага ушу ашуунун белиндеги участокту беришти. Акырындап көнүп кеттим. Ашуу эмеспи, иши көп, кол бошобойт, ошого адаксып кеттимби, билбейм. Жан ооруткан кайгы да, бара-бара эски дарттай болуп жымылрылып унчукпай калды. Кээ бир түндөрдө гана Памирдеги жок үйүмдүн ордуна сенек болуп турганым, жол кабым ийинимен жылбышып түшүп баратканы түшүмө кирет...Андай күндөрү тан эрет ишке кетем да, түн киргиче үйгө келбейм. Ошентип жалгыз жүрдүм. “Тагдырдын мага деген дагы бир жакшылыгы бар чыгар..”-деп кээде көңүлдүн тереңи козголуп калат.
Бар экен. Кыйнап келди. Андай болорун күтпөгөн элем.
Мындан төрт жыл чамасы мурда кошунамын эенеси ооруп калды. Өзү иштен, үй-тиричилигинен чыга албайт. Кемпир болсо күндөн-күнгө ылдыйлап баратат. Ошондо доктурга мен алпарып келмей болдум. Жол башкармасынан көр-жер ташыган машине келип калган эле, ошого салып алып шаарга жөнөдүм. Доктурлар ооруканага жаткыралы десе, кемпир болбой койду, үйгө, балдарымдын кашына барып өлөйүн деп. Эрдик кылсаң сүрө кыл, мени кайра алып кет, собума кал. Болбосо

#51 02 January 2018 - 15:30
убалыма калып жүрбө деди. Кайра алып жөнөдүм. Бекет базанын тушунан өтүп баратканбыз.
Аңгыча шофер машинесин токтотту.
-Кайда барасыз?-деп бирөөдөн сурады. Аялдын үну угулду, шыбырты чыкты.
-Түшүңүз!- деди шофер.-Түшпөйсүзбү? -деп машинени жакын айдады.
Боорунда баласы, карысында түйүнчөгү бар келин борт түбүнө келди. Кузовго тартып алдым да, кабинанын түбүндөгү ыктоо ордумду берип, өзүм бурчка отурдум.
Нары жөнөдүк. Суук күч. Ызгаар шамал сөөктөн өтүп, чучугуңа жетет. Келиндин баласы ыйлай берди. Термеп, сооротсо да болбойт. Бала кыйнала турган, апасын кыйнай турган. Кабинага отургузса болор эле, аерде оору кемпир араң баратат. Мен келинди ийининен түрттүм:
-Кана, баланы мага бериңизчи, басылып калгысы бардыр. Өзүңүз ылдыйраак жымырылып отуруңуз, шамал тийбесин.
Баланы чолок тонума каттым, боорума кыстым. Басылып, муруну бышылдай баштады. Маалына жете элек наристе экен. Сол колтугума катып отургам. Бир маалда жүрөгүм лакылдап, ок тийген чымчыктай диртилдей кетти. Эмнегедир толкундап сүйүнүп да, каңырыгым түтөп да отурдум: "Мен ушу бойдон эле бала көрбөй өтөмбү?" Бала болсо боорума жабышып, жүрөгүмдү жылытат.
-Уулбу?
Келин баш ийкеди. Пальтосу жука экен, калчылдап үшүп барат. Мен кышкысын да тонумун үстүнөн плащымы түшүрбөйм, ишибиз ошондой. Баланы бир колума кармап, бош жеңими сундум.
-Плащты чечиңиз. Бу кийимиңиз менен суукка урунуп каласыз.
-Жок, жөн эле коюңуз,-деп болбойт.
-Тартыңыз жеңди!-Жадегенде шамалга огожо болор.
Келин плащыма оронду, мен этегин кымтылап койдум.
-Кичине ижылыдыңызбы?
-Жылындым.
-Ушинтип да жолго кеч чыгасызбы?
-Ушундай болуп калды,-деди акырын муңайым үн менен.
Ал ортодо капчыгайга кирип калганбыз. Ушерде кенчилердин поселего бар эле. Баары уйкуда, терезелери караңгы. Иттер арсылдап машине менен тең жарышты. Келин каякка баратканы мына ушунда эсиме келиптир. Кенчилерге келаткан го деп ойлогом. Анткени, мындан нары ашуу, анан биздин участок, башка барар элдүү жер жок.
-Сиз келип калган жоксузбу?-деп келинден сурап, кабинага каккыладым. -Ашууга аз калды, андан ары машине барбайт.
-Бул кайсы жер?
-Кен. Келаткан жериңиз буер эмеспи?
-Ийи... Ийи, ушерге,-деп коомайлана айтты.
Анан шашып турду да, плащты берип, баласын алды. Бала кайрадан кыңылдай баштады. БУ келин жөн келаткан келин эмес, бир балээ болгон окшойт деп, мен негедир кадиктене калдым. Ушу ит өлгөн суукка таштап кетебизби?
-Сиздин барар жериңиз жок көрүнөт!-деп түз эле айттым.-Оюңузга жаман алабаңыз. Балаңызды мага бериңиз!-деп баланы колунан сууруп алдым.-Кыйыктанбаңыз. Биздикине түнөп алыңыз, эртең өзүңүз билиңиз. Болду! Кеттик!-деп кыйкырдым шоферго.
Машине жүрдү. Келин бетин басып, шылкыйып отурду. Ыйлап отурдубу, ким билсин.
-Чочулабаңыз! -дедим жоошутуп.-Сизге жаман оюм жок... Мен жол мастери Кулов Байтемир деген болом. Мага ишене берсеңиз болот.
Келинди баласы менен үйүмө орноштуруп койдум. Дагы бир бош бөлмөм бар болчу, мен ошояка көчүп жаттым. Көпкө уктай албадым. Оюм он талаа. Тынчым кетти. Такып сурай бергенди өзүм да жаман көрөм, бирок дагы бир кереги

#52 02 January 2018 - 15:31
болуп жүрбөсүн деп, анча-мынча суроо каттым.Келин көңүлдөнбөй,
чечилбей жооп берип отурду. Адамды кайгы басканда ар бир айткан сөзүнүн артында он сөздүк айтылбаган маани калат. Күйөөсүн таштап үйүнөн чыгып кетиптир. Өзүн басынттырбаган неме окшойт. Күйүтү күчтүү болуп, муңканып отурса да.ю басынгысы жок. Арийне, ар кимдин өз ыктыяры. Бир билгени бар чыгар. Ошентсе да жапжаш келин экен, боорум ооруду. Кыздай болуп тал чыбыктай буралат. Жайчылыкта наздуу, жайдары болуу керек. Ушундай жандын кадырына жетпей айрылып калган ким болду экен? Түшүнсөм буюрбасын. Бирок өздөрүнүн иши го. Менин тиешем эмне. Эртең бир жол улаш машинеге салып жиберермин.
Ошону менен кайыр кош.
Таң ата турдум да, жолду бир кыдырып чыгып, кайра бат эле кайтып келдим. Конокторум эмне болуп жатты экен деп, көңүлүм тынчыбады. Ойготуп албаска бутумун учу менен басып, оозгу бөлмөдөгү мешти жактым, самоор койдум. Көрсө, келин бая эле ойгонуп, туруп алыптыр, кетүүгө камынып жатыптыр. Рахмат айтып коёт мага. Чай ичмейин жибербей койдум. Түндөгү чыргоо бала оюну чыгып калган кызык кези экен. Аны кичине ойнотом деп өзүм да ырахатка баттым... Чай ичип отурганда сурадым?
-Каякка бараттыңыз эле? Келин ойлоно калып айтты:
-Балыкчыга.
-Ата-энеңиз ошерде турабы?
-Жок. Алар айылда, Тосордон нары.
-О, анда машине которуп, дагы жүрөт турбайсызбы. Кыйналасыз го.
-Мен аякка барбайм,-деди ойлуу, анан баласын кошо сүйлөдү.-Биз айылга бара албайбыз. Өзүбүз күнөөлүбүз.
Ата-энесин тилин албай, өзү тапкан күйөөгө чыккан го деп болжодум. Көрсө, дал ошондой болуптур.
Жолго камынды. Баланы көтөрүп, жол боюнда суукка кайыгып тура бергенден көрө үйдө отургула дедим. Машинени мен деле токтотуп берем.
Жолго жеткиче мени санаа басты. Эмнеликтен экенин билбейм, булар эми кетишет, мен болсо кайрадан жалгыз калам деген ойдун кусалыгы жүрөгүмдү мыжыгып барды.
Оболу жол улаш машине чыкпады. Анан бир машинеге өзүм кол көтөрбөй өткөрүп жибердим. Кайра корктум. Бул эмне кылганым? Мына ошондой эки ойдун ортосунда кыйноо тарттым. Машинелер өтүп жатты, мен өткөрө бердим. Эмкисин токтотоюн дейм, анысы келгенде колум көтөрүлбөйт. Бетим чымырады. Тыякта алиги келин жакшы үмүт менен күтүп отурат. Өзүмө жиним келет, бирок колум көтөрүлбөйт. Жолдо аркы-терки басам. Актанып айтар себеп издейм. Тигинин кабинасы суук экен, айнеги жок, мунун машинеси эски экен, жанагы болсо, шофер аңырап баратат, маспы, балакет баскыр. Кабинасында киши бар кишиге өтсө баладан бетер кубанып калам. Азыр эмес, дагы кичине, дагы беш мүнөттөй үйдө отура турушсун. "Кайда барат?-деп ойлойм.-Айылга бара албайбыз деп өзү айтты. Балыкчыга барганда баласы менен каерге баш калкалайт? Бу кыштан чыкпай калат го. Андан көрө меникинде кыштай бербейби. Кичине тура турсун, акыл токтотсун, балким кайра эрине кайтар. Же күйөөсү издеп келип калар..."
Шордуу башым ай! Жана эле ээрчите келип, салып жибербей эмнеге өз жанымды кыйнадым! Үч саатча бир жерде басып жүрө берипмин. Өзүмө жиним келди. Кой, өзүн ээрчитип келип, анан машине кармайын. Болбос болор эмес. Келин күтүп отуруп жадаса керек, үйдөн чыгып келатыптыр. Уялдым, тентектик кылган баладай жалтайладым.
-Күтүп калдыңызбы? -деген болдум.-Жол улаш машине чыкпайт. Чыгарын чыкты, бирок ылайыгы жок. Кечирип коюңуз... Оюңузга жаман албаңыз... Кудай акы, үйгө кирип чыгыңызчы. Суранам!
Келин таң кала муңайым тиктеди мени. Унчукпай үйгө кайра кирди.
-Мага бооруңуз ачып жатса

#53 02 January 2018 - 15:32
керек,-деди.
-Жок, андай деле эмес. Билесизби... Сиздин акыбалыңызды ойлоп корком. Кыйын болор, кантип күн көрмөксүз?
-Ишке кирем. Иштеп көнгөн жан.
-Каерге?
-Бир жерге орношормун. Эмне болсо да кайра кайтпайм, айылга да барбайм. Иштесем бир күн өтөр.
Унчукпадым. Эмне жемекмин? Ызаага ууккан неме оюна орноктуу эчнерсе түшпөй, өчөшкөнүнөн ошентип жатат. Босогодон бир чыккан соң кайда болсо да тартынбай кете берери бышык. Иштеп күн көрөм дей коюш оңой. Турмуш деген ойдон жеңил эмес. Бирок көздөгөнүнө көгөргөн адамды кантип айнытасың.
-Болуптур, чыгалыбы?-дедим акырын. Турдук. Мен баланы көтөрүп, босогого жеткенде кайра токтодум.
-Иш эле болсо бизде деле табылат,-дедим. -Турар жай табылат, иштей бересиз. Чыны менен, калсаңыз кантет? Ашыкпаңыз. Кетем десеңиз, сизди эч ким кармабайт. Ойлоп көрүңүз...
Келин оболу көнбөдү. Бирок акырында муюп калды.
Асел уулу Самат менен ошентип биздин участокто калып калышты.
Короодо жаңы салынган жалгыз бөлмө үй бар эле, бирок анын ичи суук болчу. Ошол үчүн болбой жатып Аселди уулу экөөн өз үйүмө киргиздим да, өзүм алиги, бөлмөгө көчүп алдым. Жалгыз башыма жетет болчу.
Ошондон баштап турмушума өзгөрүү кирди. Көзгө көрүнгүдөй деле өзгөрүү жок, мен баштагыдай эле жалгыз боймун. Бирок жан кирип, адам болгонсудум. Көптөн берки жалгыздыктан жапа чеккен кара башым эми башка киши болуп, көңүлүм жылына баштады. Ырас, мурда деле таптакыр жалгыз эмес болчумун. Кошуна-колоң бар, кишилер менен иштейм, аларга жардам берем, алардан жардам алам. Бирок, баары бир жашоонун башка булуң-бурчу болот экен, ошол учурда жалгыздыгыңы билет экенсиң. Андан эч ким алаксыта албай экен.
Балага абдан үйүр болуп алдым. Жол кароого чыкканда да жылуу ороп, ала кетем. Көтөрөм да жүрөм.
Бош убактымын баарын анын кашында өткөрөм. Мурда кантип жалгыз жүргөнүмдү түшүнө албайм. Коңшуларым да эстүү, жакшы кишилер эле. Аселди да, Саматты да жакшы көрүп кетишти. Баланы ким жаман көрсүн, а Асел болсо, ачык, кишиликтүү жан экен, баары менен бат эле ымала таап.ю сиңишип кетти. Аселдин ушу мүнөзүнөнбү, айтор бала менин боор этим менен тең болуп көрүнөт. Эмнесин жашырайын, канча тымпыйсам да өзүмөн өзүм жашыра албадым. Аселге көңүлүм түшүп калды. Эт-жүрөгүм элжиреп, өмүрлүккө сүйдүм. Жалгыз жүргөн көп жылдарым, тарткан азап, көп кайгым, бардык жоготкон кымбаттарым ушу сүйүүмө эрип, сиңип кетти. Бирок ачык айта албайм, акым жоктой. Асел болсо күйөөсүң күтүп жүрдү. Жол боюнда иштеп жүрсө, өткөн-кеткен машинелерди үмүттүү карап калат. Кээде баласын көтөрүп алып, жолго чыгат да, мелтиреп көпкө отурат. Күйөөсү ким экенин, кандай неме экенин билбейм, же сурабайм, же өзү да айтпайт.
Күндөр жылып өтө берди. Самат чоңойуп келатты. Тынчы жок бир тентек чыкты дейсиң! Бирөө үйрөттүбү, же өз оюна келдиби, айтор бала мени ата дей турган болду. Көргөн жерде жөрмөлөп келип, аталап моюнума асылат. Асел муңайып жылмайып карап калат. Мен баланы кучактап туруп, көңүлүм ээрип да кетет, каңырыгым түтөп да кетет. Атасы эле болсом го, атаганат, бирок кантейин...
Ошол жылдын жайында бир күнү жол оңдоп жатканбыз. Машинелер адатынча өтүп атат. Бир маалда Асел бир шоферго кыйкырып калды:
-Ай, Жантай токточу!
-Машине күүсү менен өто берип токтоду. Асел шоферго жүгүрү барды. Эмне сүйлөшкөнүн билбедим, бирок Аселдин:
-Калп айтасың! Ишенбейм! Кет, жогол! Кет, дейм!-деп чаңырганын

#54 02 January 2018 - 15:33
Машине кете берди. Асел болсо жолду кесе чуркап, үйгө кетти. Кыязы ыйлап кетти.
Ошондон кийин иштей алсамчы. Бу ким болуп кетти? Аселге эмне деди? Оюм онго, санаам санга бөлүндү. Чыдай албай мен да үйгө жөнөдүм. Бирок, Асел чыкпады. Кечинде үстүнө кирдим.
-Самат кайда? Сагындым го аны!
-Тигине,-деди Асел суз.
-Ата!-деп Самат мага талпынды. Баланы көтөрүп алып, эркелетип, ойноттум. Асел унчукпайт, кападар отурат.
-Асел, эмне болду сага?-дедим акыры. Асел оор үшкүрдү.
-Баке, мен кетпесем болбойт,-деди ал,-Бу жерди чанып жаткан жерим жок. Сизге миң мертебе ыраазымын. Бирок кантейин... Кайда барарымды өзүм билбейм, баш оогон жакка кетейин...
Байкасам, чын эле кетчүдөй. Мен чынын айтпасам болчудай эмес.
-Кантейин, Асел, кармап калар акым жок. Силерсиз мен деле буерге тура албайм го. Мен да бир жакка жөнөөрмүн. Бир жолу эер баскан үй-жайымдын ордунан кеткеним бар эле. Анын эмнесин айтайын. Өзүң билесиң да, Асел. Эгер сен кетип калсаң, мен үчүн бу жер Памирдегидей эле болот. Ойлон, Асел... Агерим ал издеп келип калса, аны менен кетүүгө жүрөгүң тартылса, мен бөгөт турбайм. Качан болсо жолуң ачык, Асел.
Ушуну айтып, Саматты алдым да, жолго кеттим. Экөөбүз көпкө жүрдүк. Бөбөгүм эчтеме менен иши жок, дүйнөкапар. ..
Асел кете койбоду. Бирок, эмне ойлоп, кандай бүтүмгө келгенин билбейм. Санааркап жүрүп, ошол күндөрү өзүм түнөрө катып кеттим.
Бир күнү короого кирсем, Самат там-туң басайын деп жүрөт. Асел сүйөп-таяп алыптыр, жыгылабы деп корккону да. Мен карап туруп калдым.
-Баке, карачы, уулуң басып калды!-деп Асел сүйүнчүлөдү.
Эмне деди? Уулуң дедиби? Колумдагы күрөктү ыргытып жиберип отура калдым да, баланы чакырдым.
-Тай-тай, тайлагым! Келе койчу, кана өзүң, басып кел, коркпо!
-Самат канатын жайып, боюн таштады.
-Ата!-деп тыпың-тыпың бут шилтеди. Мен илип алып көкөлөтө көтөрдүм да, боорума кыстым.
-Ата деген сөзүңөг айланайын, кулунум! Анан Аселге апкаарыбай кайрылдым!
-Асел, эртең Саматтын тушоосун кеселичи! Балдарды жарыштырып, эл-журттун батасын алалы.
-Жарайт, Баке!-деп Асел жадырай күлдү.
-Анда даярданалы. Сен ала жип эшип кой...
Ошентип аттандым да, тамыр-тааныш малчыларга чаптым. Бир жандык, кымыз апкелдим. Эртеси кошуна-колоңдорду чакырып, тойчук бердик.
Саматты жерге коюп,эки бутун тушап, жанына кайчы койдум. Анан балдарды жарыштырдым. Балдар чуру-чуу түшүп, чуркап келишти. Чыгып келгени тушоону кести.
-Кана, уулум, чурка эми! Алгыла, балдар жетелеп кеткиле!-дедим.
Балдар чуркап кетишти. Самат алардын артынан төпөң-төпөң жөнөдү.
-О, журт! Менин кулунум жер бетине даң салып жөнөдү! Өмүрүндө мүдүрүлбөй жүрсүн, батаңарды бергиле!-деп кыйкырдым.
Тургандар жабыла бата беришти.
Самат балдардын артынан бара түшүп, бир кылчайып: "Ата!" -деди да жыгылып кетти. Асел экөөбүз тең жүгүрүп бардык. Баланы жерден көтөрүп алсам, Асел көзү жалжылдап мага:
-Баке, ниетиңе жаным курман!-деп айтты.
...Ошентип экөөбүз баш коштук.
Кышында балабызды алып, айылдагы

#55 02 January 2018 - 15:35
ата-энесине барып келдик. Таарынычка биротоло карайып алышкан экен. Асел экөөбүз жөн-жайыбызды айтып түшүндүрдүк,
кечирим сурадык. Мен аларга болгон ишти болгондой айтып бердим. Жээн небересин көргөн соң, анан дагы биздин келечек ынтымагыбызга деп, акыры кемпир-чалдын таарынычы тарады, Аселдин күнөөсүн кечиришти.
Мезгил билинбей өтө берди. Самат азыр бешке чыгып калды. Асел экөөбүз ынтымактуубуз. Бир гана сөздү козгобойбуз, эскербейбиз. Ал киши биз үчүн жок эсептүү, унчугушпай ушуга макулдашып алгандайбыз. ..
Бирок турмушта баары эле ойлогондой боло бербейт. Кечээ жакында ошо жигит пайда болду.
Жолдо авария болуптур. Түн ичи эле. Мен жардамчы коңшум экөөбүз эмне болгонун билмекке жүгүрүп бардык. Барсак, жүк машине жол жээгиндеги калканыч молого урунуптур. Шофер жаралуу, анын үстүнө мас, эс-учун билбейт. Тааныдым, бирок атын эстей албадым. Мурда бир жолу бизге жардам берип, ашуудан сүйрөп чыккан эле. Долондун ашуусу оюнчук эмес. Мурда ашуудан машине сүйрөп чыгыптыр деген болгон эмес. Ал жигит өжөр, көк неме экен, акыры бизди участокко жеткирген. Анда мен аны абдан жакшы көрүп калган, тобокелчил эр мүнөзүн жактыргам. Кийинчерээк бир шофер прицеп сүйрөтүп келатып, ашуунун белине аз калган жерде кюветке оодарып алып, таштап кетиптир. Ошол кызуу кандуу жигит болду бекен деп биле албай калгам. Аз болсо көздөгөнүнө жетмек экен, бечара деп аяп калгам. Андан соң машинелер прицеп сүйрөп, ашуу аша баштады. Эбин тааптыр, балдар туура кылган.
Ачыгын айтсам, Асел чанып кеткен жигит ушул экенин алгач билбедим. Бирок билсем деле ошону кылмакмын. Үйгө апкелген жерден билдим. Асел кучактап келаткан отуну колдон түшүп, алайып калганда эле билдим. Бирок бирибиз да сыр бербедик. Жаңы тааныш сыяктанып койдук. Баарынан да мен өзүм карманбасам болмок эмес. Экөө тил таап, кайра жарашып алабы, кайдан билейин, эгер андай болсо байкоосуз сөз менен жараларын жаңыртып, жолтоо болбоюн деп кармандым. Менин тиешем да жок эле, эчте бүтүрө алмак эмесмин. Бүтүрсө экөө бүтүрмөк. Экөөнүн башынан бир өткөн мурдагы таржымал турмушу бар, экөөнүн ортосунда бала бар. Баланы эркелетип, боорума кысып, мен керебетте жатам.
Ошол түнү эч кимибиз уктабадык, таң атканча ар кимибиз өз тагдырыбызды ойлоп жаттык. Мен өз тагдырымды. ..
Асел баласын алып, кетсе кете берет. Жолун тоспойм, башы бош. Эмне кылышты акыл ойлоп, экөө чечсин. Мен болсом... мен эмне...менин катышым жок, мен жолтооо болбошум керек...
Ал жигит азыр да өтүп жүрөт ушу жол менен. Ушунча жылдан бери кайда жүргөн, эмне иш кылган, билбейм, билгенде эмне кылмакмын. Өздөрүн иши...
Байтемир экөөбүз жол кыдырып бүтүп келаттык. Күн батып бараткан. Теңир-Тоонун көк жалтаң чокулары батып бараткан күндүн нуруна көгүлжүм -кызыл тамылжып, тунук көк асманды челип турду. Жолдон тынбай күркүрөп машинелер өтүүдө.
-Акыры ушундай болуп чыкты,-деди Байтемир ойлуу баса түшүп.-Мен ушул үчүн үйдөн алыс кеткеним болбойт. Эгер Асел кетем десе, көңүлү таза кеткендей болсун, мага ачыгын айтып, баласына ак батамды алып кеткендей болсун. Самат мага өз уулуман да ысык. Бирок ата-энесинен ажыратып кала албайм... Ошол үчүн аттанып үйдөн алыс чыкпайм. Памирге төтөн бара албайм. Бирок ата-энесинен ажыратып кала албайм. Баятан бери бу тарыхты да гезитиңиз үчүн деп айтып жаткан жерим жок. Жөн эле адам менен адам сырдашпайт бекен...
Эпилог ордуна
Илияс экөөбүз Оштон кош айтыштык. Ал Памирге кетти, мен өз жолума түштүм.
-Барып Алыбекти табам. Жаңы турмуш баштабасам болбойт!-деп кыялдана айтты, Илияс.-Мени куруган адам экен

#56 02 January 2018 - 15:36
деп ойлобоңуз. Мезгили келсе мен да үйлөнөрмүн.
Үйлүү-жайлуу,
бала-бакыралуу болормун. Жаңы дос, жодош күтөрмүн. Бирок түбөлүк жоготкондорум кайрылып келбес, орду толбос... Аселди, аны менен бир өткөргөн өмүрүмдүн сонун кезин өлөр-өлгөнчө унута албасмын.
Илияс башын жерге салып, ойлонуп калды. Анан дагы кошумчалады:
-Быякка жөнөөр алдында көл жээгине, баягы жаркабакка бардым. Теңир-Тоо менен, Ысык-Көл менен коштоштум. Армандуу өмүрүмдүн күбөсү, Ысык-Көлүм, кош!-дедим. Сары жээк, көк айдың көлүм, ушу көркүң менен кошо ала кетсем болор эле, бирок сүйүктүү кишимин сүйүүсүн алып кете албадым, анын сыңары сени да алып кете албайм. Кош! Асел! Кош, кызыл жоолук делбирим! Кош, сүйгөнүм! Бактылуу бол!.

#57 04 January 2018 - 13:11
#59 07 January 2018 - 12:35
Сонун чыгарма да.
Рахмат жазганынызга.
Окуп чыккандар талкууга албайсынарбы я?
Рахмат жазганынызга.
Окуп чыккандар талкууга албайсынарбы я?
#60 17 January 2018 - 10:32
Сонун чыгарма да.
Рахмат жазганынызга.
Окуп чыккандар талкууга албайсынарбы я?
Рахмат жазганынызга.
Окуп чыккандар талкууга албайсынарбы я?

Супер-Инфо
super.kg
видео