Уктаган сайын ар кандай түштөрдү көрөм Түз жоруу
#841 06 Ноябрь 2012 - 19:55
#842 06 Ноябрь 2012 - 21:16
wumida (04 Ноябрь 2012 - 19:24) жазган:
1-Туштон кийин уктап кеткен экем(эжемдин уйундо болчум) эшик жактан бою кичине,ээгинде кара сакалы бар орто жаштагы киши кирип келди да даяр бол ушул куну,10-жылдан кийин алып кетем чачынды кыркпагын-деп жок болуп кеткен.. Дароо чочуп ойгонгом,ошодон бери унутайын десем да эч эле эстен чыкпайт....
2-мингеним боз ат,колумда узун кылыч, толуп турган ай башымдын устундо эле турат. Ажыдаар менен согушуп журот экем,акыры эки болуп таштадым да тоого чыгып кеттим.
1. Андан бери канча жыл отту?
2. Бул тушунузду зор ийгилике жетет экенсиз деп чечмелесе болот. Бирок ага курошуп жетет экенсиз деп кыскача жооруп койдум. )))
#843 06 Ноябрь 2012 - 21:42
Daud (05 Ноябрь 2012 - 13:12) жазган:
Түштөгү акча санаа болот. Tүшүнүздү сууга айтып койсонуз жакшы болот.
Турмуш экен алыстаймын барынан.
Сагынычта өтөт дагы күндөрүм.
Кетип калсам ата-энемдин алдынан.
#844 06 Ноябрь 2012 - 22:10
Nuura (06 Ноябрь 2012 - 21:42) жазган:
Мен жаман туш корсом аны эч кимге айтаймын. Даже сууга. Анан калган тушторумдун баарын жакшылыка жооруймун. Тушту биринчи жооруган адам кандай жооруса туш ошондой болот дешип коюшат. Ошондуктан озум биринчи жооруп анан башкаларга айтам. Башка жоромолдор мага жакса маани берем жакпаса аны унутуп калам. Сиздин айткан создорунуз да ошол унутулуп калуучу создорго кошулуп калды. )))
#845 07 Ноябрь 2012 - 00:10
#846 08 Ноябрь 2012 - 12:48
wumida (04 Ноябрь 2012 - 19:24) жазган:
1-Туштон кийин уктап кеткен экем(эжемдин уйундо болчум) эшик жактан бою кичине,ээгинде кара сакалы бар орто жаштагы киши кирип келди да даяр бол ушул куну,10-жылдан кийин алып кетем чачынды кыркпагын-деп жок болуп кеткен.. Дароо чочуп ойгонгом,ошодон бери унутайын десем да эч эле эстен чыкпайт....
Арабча форумдардын бирөөсүндө боюу кыска эркек акча деп жоромолдонот деп жазылып жүрөт. сакал байлык же күйөө же бала деп айтылып жүрөт. Ал эми узун чач узун өмүр деп айтылыптыр. эгер бул айтылгандарга ишенсек түшүңүз жакшы түш. Бирок аны кантип байланыштырыш керек экендигине башым жетпеди.
Цитата
Арзыбайт.
#847 08 Ноябрь 2012 - 13:52
#848 08 Ноябрь 2012 - 13:53
#849 08 Ноябрь 2012 - 14:29
Бир келип кетчи мен жакка.
#850 08 Ноябрь 2012 - 15:54
#851 09 Ноябрь 2012 - 06:52

#852 09 Ноябрь 2012 - 08:23

#853 09 Ноябрь 2012 - 11:43
#854 09 Ноябрь 2012 - 12:04
listopad_toy_oseni (08 Ноябрь 2012 - 15:54) жазган:
Ибн Сириндин түш жоруу боюнча китебинде мынтип айтылыптыр.
الخفاش هو في المنام رجل ناسك، والخفاش يدل على بطالة أو ذهاب الخوف، وهو دليل خير للحبالى لأنه يلد ولادة، وقيل الخفاش في المنام إمرأة ساحرة، أو يدل على رجل ظالم محروم
Котормосу: Түштөгү жарганат элден безип жүргөн жалгыз эркекти билдирет деп жазылыптыр. Ошондой эле ал жумушсуздукту же коркунучтун кетүүсүн түшүндүрөт. Ошондой эле боюнда бар аял үчүн бул жакшы белги болуп саналат. Себеби ал төрөйт. Кээ бирөөлөр түштө көрулгөн жарганат сыйкырчы аял деп айтышат. Же неудачник залым эркекти түшүндүрөт.
Анан ошентип мен бул тушту мынтип жоорумай болдум. Сиздин начальнигиниз жумушунан кетип, анын ордуна башка адам келуусу мумкун. Анан сизди сизге жакпаган бироо (ал тунт же неудачник же сыйкыр менен алектенген аял же залым эркек ж.б. болушу мумкун) келин кылып алгысы келет. А сиз ага макул болбой коесуз. Андан кийин озунузго ылайык келген адамга турмушка чыгып бактылуу жашап каласыз. Анан сиз кандай адамга турмушка чыгат экенмин деген коркуудан кутуласыз. Андан кийин бала чакалуу болуп бактылуу жашап каласыздар. Эч кайсы соз калып кеткен жокпу? )))
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 10 Ноябрь 2012 - 00:00
#855 09 Ноябрь 2012 - 17:12


Билдирүүнү түзөткөн: Aydashka: 09 Ноябрь 2012 - 17:17
#856 09 Ноябрь 2012 - 20:14
#857 09 Ноябрь 2012 - 23:47
Таллас (09 Ноябрь 2012 - 20:14) жазган:
Кабарым бар. Бирок эмнеге бул китепке таяндым? Себеби Ибн Сирин туш жооруу боюнча белгилуу адам. Эгер китеп аныкы болгон болсо демек ага таянса болот. Албетте ал Юсуф алейхи саламдай эмес. Ал деле жанылышы мумкун. Бирок кантсе да ал бул тармакта аалым деп эсептелет.
Эгер китеп аныкы эмес болсо мунун зыяны тийбейт. Себеби туш жооруган адам бул тармакта аалым болгон болсо гана туш анын айтканындай болот. Бул туурасында Мулла Али Карий "ъайнул илми ва зайнул хилм" китебинин шархында айтат.
Албетте ар кайсы китепке таянып туш жооруу туш коргон адамда тынчсыздануу пайда кылышы мумкун. Бирок кээ бир тушторго эч кандай маани бербей таштап коюудан да адамдын конулундо тынчтыздануу пайда болуусу мумкун. Ошого кыжалат болуп журо бербесин деп кочуруп жазып койдум.
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 10 Ноябрь 2012 - 00:44
#858 10 Ноябрь 2012 - 00:08
#859 10 Ноябрь 2012 - 00:52
Таллас (10 Ноябрь 2012 - 00:08) жазган:
Мен деле бул китепти баштан аяк окуп чыккан адам эмесмин. Б.а. аны анча мынча барактаганым эле болбосо ал китеп менен жакындан тааныш эмесмин. Ошол шумдуктуудай жоруган жерлерин айтсан мен карап коройун. Балким андан кийин ал китептин атын да айтпай калаармын.
Кеп Ибн Сириндин озундо эмес. Аныкы деп айтылып жургон китепте. Кээде ушундай абалдар да кездешет эмеспи? Мисалы имам Сютийге да бир китеп жабыштырылып журот. Атын унутуп жатам. Анын ичинде эмнелер гана айтылган эмес.
Билдирүүнү түзөткөн: Daud: 10 Ноябрь 2012 - 00:59
#860 10 Ноябрь 2012 - 06:49
Тушумдо намазкананын жанынан отуп баратыптырмын. Жаз айы окшойт.Намазкананын эшиги ачык экен,ичинде бир чалдын статуясы турат.Жакын барып статуяны кармаган кезимде ал адам болуп тирилип:" Кызым,кел,келечегинди айтып берем!" -деп колумдан кармап,алаканымды ачты.Ошол замат жаным учко болунуп кетти.Денем жерде,атанын жанында эле турат,бирок мен асманга учуп баратам.Анан ата:Жерди карасан!" -дейт.Асмандан жерди карасам,ошол эле начальнигим бир чон зданиядан чыгып келе жатыптыр.Башынын устундо кызыл койнок кийген мен калкып журом.Койногум кан экен.Анан ал машинасына отуруп айдап жоноду.Мен машинасынын устундо калкып бараттым.Анан эле бурулушка келип авария болду.Ошол замат устундо калкыган мен жок болдум.Атадан: Ал адам неге корбоду кызды?"-десем, "Короалбайт" -деди.Анан жок болуп кетти.Мындай тушторду коп кором.Танкы саат4-5тер болот чоочуп ойгонсом.Дагы бир жолу тушумдо ээн талаада бир кепеде жашайт экем.Ошо кепеде жатып туш корупмун.Тушумо бир кара кийинген аял кирип:Азыр саган жанынды алганы адам келет.Макул десен апкетет,каршы болсон акырын тушундур,кое берет,бирок жинине тийбе"-дептир. Тура салып эжемдикине кетип калайын келгиче деп дайынданып атсам,эшикте жудогон капкара кийинген адам пайда болуптур.Эр адам экен.Эч кайда барбайм деп кыйкырып,балтаны аны коздой ыргытып ийип эле качайын деп артка бурула бергенимде, ошол балта озумдун желкеме келип сайылды.Казылган арыктын жанына куладым.Кансырап жатыпмын.Тиги кара киши мага жинденип атыптыр.Мен окунуп атыпмын неге андай кылдым,эми олом,Алланын алдында не деп жооп берем деп.Бир маалда турдум.Эжем келиптир.Жанына барып:Эже,менин аркамдагы балтаны алып чалынызчы,уйдун астын каранызчы,менин каным жайылып агып кеткенин, ушинтип кетишишти мени!"-десем эжем эчтеке корбойт.Анан кетип калды.Артынан барайын десем уйдон алыс баса албайт экем.Ошол кезде тушумо кирген аял жанагы киши экоо пайда болушту." Сага не дедим,неге укпайсын?Эми суу ташы,ошондо кечирем"- деп бассейнге окшогон чункурду корсотту.Оздору да ташышып,ал чункур толгондо гана:"Эми бара бер,кечирдик" -деп кое беришти.Аркама сайылган балтанын жок болуп кеткенин сездим.Алар ошол суунун жанында кала беришти." Бул эмнени билдирет?Алдын ала рахмат!