Эмнеге орус тилинде "Груз 200" деп коюшарын википедиядан карай элекмин. Бирок, бул сөздүн мааниси бардык эле адам түшүнөт.
Менин бул жаатта сөз козгоп жатканыма соц.тармактардагы,
гезит бетиндеги жана башка көргөн-билген-
уккан жаңылык, ушак, талкуулардын тегерегинде жүргөн сөздөрдөн улам болуп атат. Мисал, Алымбек деген бирөө акча табайын, үй-бүлөмдү багайын деп чет жакка (айталы, көбү барып аткан Орусияга же башка мамлекетке) кетти дейли. Жакшы иштеп жүрдү, акча топтоп баштады, үйүнө жөнөтүп турду. Анан кырсык тооруп, ажалы келип о дүйнөгө кете берди. Артында анын колун караган үй-бүлөсү калды, карыздары да бар чыгар... Анан ошол өлгөн кишинин денесин туулган жерине жөнөтөлү деп чуркап калышат. Ага да караштырсам оголе чоң акча кетет экен. Орусияны мейли дейли, тии, АКШда жүрүп каза тапкандарга ал жактагылар акча чогултуп кыйсыпыр түшкөнүн көрүп калап фейсбуктагы группалардан.
Ынтымактуу келишет. Анан да, мындай иште баары ле беришет окшойт. Өткөндө бирөөгө 12000 доллардай акча чогултушуптур - өлгөндүн денесин КР га жөнөткөнгө 4000 доллар, калганы анын ата-энеси келип алып кеткенге...
Кызыкканым - ЭМНЕГЕ өлгөндүн денесин ошол жакта эле көмүп коюшпайт?.. Шарият боюнча өлгөн адамды тез көмүү буйрулат / жактырылат экен. Ал бул жакка (Кыргызстанга) келгенде деле тирилип кетпейт да?..
Ошончо акчаны башка максатка колдонсо болбойбу? Мисалы, бала-чакасы бар чыгар, ошого, окуганына, кийим-кечеси,
оокат-ашы дегендей. Ашып баратса жетимдер үйүнө азык-түлүк, кийим-кече кылып берсе болбойбу?...
Жөн эле ысырапкерчиликтин да бир түрүбү дейм?.Же өлгөн адам сөзсүз түрдө өз Мекенине барып көмүлүшү керек. Бизде көмгөнгө болбойт деген мыйзамдары барбы ошол өлкөлөрдүн?
Үн кошкулачы, пикир айткылачы, билермандар,
окурмандар,
жазармандар.
Мен тез арада эгер мен чет жерде каза тапсам мени ошол жерде эле калтыргыла деп мурас кагазын (завещание) жазып коёт окшойм - не бар,
Баракча 1 - 1
Өлүк ташымай... (ГРУЗ 200)
#2 05 Ноябрь 2017 - 18:53
Ар ким ар турдуучо ой жугуртот... Мисалы илгеркилер "оз мекенимен топурак буюрсун" ж.б. деп айтып келишкен... Ал тургай Алымбек датка менен Курманнжан датканын тун уулу Абдылдабек датка орустар менен урушуп, акыры женилген сон бираз жигит-жаланы менен Ооганстанга ооп кеткен. Ал ошол жакта каза болуп денеси ошол жакка берилип, керээзи боюнча журогу Алайга алып келинип комулгон дейт... Бул да болсо инсандар соогу оз мекенинде комулуусун каалайт дегени...
Эми арабыздан сага окшоп соогун башка олкодо комулсо макул болоор же болбосо олгон сон дене мучолору жиликтенип, органдары алынып башка оорулууларга донор болуп берилуусуно макул болгондор ото аз... Бул сен ойлогончолук оной маселе эмес...
Маркумдун соогун Мекенине алып келуу канчалык кымбат болгону менен, алып келбей койсо ата-энеси, тууган-уругу омурун арман менен откорушу мумкун...
Негизи мамлекет оз жарандарын бага албай, аларга татыктуу жашоо суна албай талаалатып тентитип жаткан сон, маркумдун денесин, б.а. груз-200ду Кыргызстанга акысыз алып келууну мойнуна алышы керек... Мисалы жургунчулорду Кыргызстандан дуйнонун торт бурчуна ташыган авиакомпаниялар Кыргызстан Окмоту менен келишим тузуп иштейт, ошолор менен келишим тузуп жатканда груз-200ду акысыз ташып келуу боюнча шарт коюшу керек, эч болбосо азырак акча толоно турган болуп, аны Окмот толоп бериши керек... Кыскасы Кыргызстандын Окмоту чет жерде каза болгон маркумдардын соогун Кыргызстанга самолет менен акысыз ташып келууну мойнуна алышы керек... Аэпорттон ары ташып кетуу маркумдардын жакындарынын милдети... Бул маселени чечсе боло турган маселе... Кептин баары биздин колунан п.. келбеген Окмот менен элчиликтерде болуп жатат...

Билдирүүнү түзөткөн: ajdaaar: 05 Ноябрь 2017 - 18:55
#3 05 Ноябрь 2017 - 19:32
Автор сени билбедимго бирок, мен жакындарымдын жансыз десенесин чет жакта калтырууну каалабайм,калтырбайм дагы. Мындай кунду Аллахым эч бир адамдын башына салбасын.
#4 05 Ноябрь 2017 - 20:13
Автор андан көрү ниет кылсан өлсөк да өзүбүздүн жерибизде өлөлу деп,
эми чет жакта адам өлсө, моргтон сразу чыгарып кеткенге аракет кылыш керек, чыгарып кеткенге болсо акча сурайт,
Андан көрү Кыргызстандагы жылкы соймой, күмбөз курмай дегендерди токтотушса болот эле
эми чет жакта адам өлсө, моргтон сразу чыгарып кеткенге аракет кылыш керек, чыгарып кеткенге болсо акча сурайт,
Андан көрү Кыргызстандагы жылкы соймой, күмбөз курмай дегендерди токтотушса болот эле
#5 05 Ноябрь 2017 - 20:19
Кыргызстанда жакын сага куйо турган адамдарын жок болсо ошонтип чет жакта комо бергиле деп эскерме жазып койсон болот. А бирок Кыргызстанда жакындарын болсо сен учун куйуп бышкан, сенин олугун Жердин бир бурчунда калып кетсе олгон адамга баарыбир, жакындарын ичинен эзилип бутотго. Мисалы балан бир тууганын эжен карындашын атан апан каза болуп соогун коро албай же топурак сала албай денеси чет олкодо калып кетсе кандай болосун? Алып келип комулсо кичине коксон сууйт, эмнеси болсода сага жакын жерде жаткандай сезилет. Акча эмне колдун кири. Андыктан мекенине жонотулуш керек кайда каза тапсада. Илгери ат тоо огуз ж.б мн мекенине айлап жылдап ташыбай кайерде олсо комулгон жакшы деген. А азыр техника бар.
#6 06 Ноябрь 2017 - 00:07
Олсом да оз мекенимде, жакындарымдын жанында, олуумду насип кылган болсун, Кудайым.
#7 10 Ноябрь 2017 - 00:41
Афтор сага бир суроо?сен эн жанындай жакшы коргон адамындан айрылып кордун беле?бул азап кандай экенин башындан откоргонсунбу?
жок дегенде маркумду 1 коргонумдо каза болгонуна ишенет элем деген учурлар болгонбу?сенин башындан мындай нерсе откондо балким мындай тээма козгобойт Элен?эн жакын адамынан айрылган кандай тозок экенин билгенинде оюн башкача болот беле,куйут кандай экенин билбейт окшойсун?жок легенде апаларды ойлодунбу?коз алдында бажырайып кетип ошол жактан каза болду деп ошол жерге берип койсо,ата-эне эч ишене албайт бир кун болбосо бир кун кулуп жайнап кирип келет деп омуру откучейин кутушун ойлодунбу?сен апана ушундай азапты каалайт Белен?ал Эми бир-туугандарынчы?
аларды да бир ойлоп кордунбу?эн жаман нерсе бул бир туугандын куйуту?омуру откучейин бир туугандарын жок дегенде маркумду бир коргонумдо ошондо коксоом сууйт беле деп куйутунон ошенткенин каалайт Белен?билесинби?
топурак оз жериндеда салалбай калган кундор болот,мен инимин соогун корбой калгам,каза болгонуна 5 жыл болот 5январда акылым менен каза болгон дегеним менен жашоомдо ишенбей келем бир кун алдымдан жаркылдап кулуп кирип келе тургандай боло берет,каза болгонуна ич ишенбеймин,
ошол себептен мен ботон жерде ботон элде жерлегенге каршымын,ата-
энесинин бир-туугандарынын колунан жерленгенге не жетсин,Кудайым бизди оз жерибиздин топурагы менен жерленууну насиб кылсын,баардык нерсе ниетке жараша болот ниетди ондош керек.
Баракча 1 - 1