Короче ушул тема боюнча ОК до дагы талкуу болуп жаткан экен ашатып соктум тум эле Чубактын дагы ага каршыларын дагы мен соккон создор 2027 жылдыры чыгыш керек эле озу мен сраз эле соктум эле айдандырып профилди блокировка кылып койушуптур шумпайлар
Чубак ажыга ким кандай баа берет?...
#81 04 December 2017 - 20:42
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР
МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУ ЖОЛДОР БАР
МЕН ЖОНУНДО ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОН ОЙЛОЙ БЕР
МЕН СЕН ЖОНУНДО ОЙЛОП БАШ ООРУТПАЙМ
#82 04 December 2017 - 22:42
Талашып тартышкандар Чубак ажы туура эмес кылды десе аны сен каапырсын,тенирчисин,
динден чыккансын дегендери ото ото окундурот,эн коркунучтуу адамдар ошолор болот,бул турушта Американын "Ислам мамлекети"
деген армиясы бизди ойноп отуруп багындырып ала алат,ошол эн коркунучтуу нерсе...
#83 04 December 2017 - 23:06
Чубак ажыны мажбурлап "аялым эмес" дегизип көрсөтмө алышыптыр угушумча.
Өлүмдөн эмес,бекер кеткен өмүрдөн корк!)
#84 05 December 2017 - 01:38
Лайлактык,кечке чыкпайт экенсиң да ушу темадан))Аялзаты болсо керек дедим эле.Сүрөтүңөрдү көргөнгө чейин.
Ишиң жок болсо да,максатың болсун!
#85 05 December 2017 - 02:20
#86 05 December 2017 - 09:02
"Укук коргоочулар"
, эми эмне дейсинер? Туркияда бир кыз каза болуптур. Ошол кыздын укугун коргобойсунарбы?
Озунордун башынарга балээ келбей сайын тушунбойт окшойсунар?

Аллах-кудуреттуу зат!
#88 05 December 2017 - 16:04
Бисмиллаахир рохмаанир рохиим
Урматтуу мекендештер! !!
Мен Чубак Жалилов, мени коргоо максатында уюштурулуп жаткан митингке эч кандай тиешем жок. Бул сыяктуу элди дүрбөткөн, чагымчыл аракеттерди мен колдобоймун жана чын жүрөгүмдөн жектеймин. Бардык маселелер укук талаасында чечилүүсүн туура деп эсептеймин.
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: “Ызы-чуу, фитналар болгон учурда, олтуруу туруп туруудан жакшы. Туруп туруу баскандан жакшы, ал эми басуу жүгүргөндөн жакшы. Ким бул ызы-чууга жүз алса, ызы-чуу, фитна ага беттенет! Ушундай кыйын кезеңдерде ким кача турган, же сактана турган жер тапса, анда, ошол ызы-чуу, фитнадан алыс качсын, ага жолобосун! ” Бухарий 7081, Муслим2886 риваяты.
Ардактуу журтташтар! Ар бир айтылган, же жазылган сөз чындыкка коошо бербейт. Көркөм шариатыбызда айтуучуга, маалымат чыккан булакка өтө терең маани берилет. Ишеничтүү кеп болсо угуп, тескерисинче болгон убакта, кулактын сыртынан кетирилет.
Аллах Таала ыйык Куранда айтат: “Оо ыймандуулар! Эгер дини тайыз (фаасык) адам кабар айтса, аныктап-тактап көргүлө! Башка бир коомго (же адамга) кайгы (мусийбат) жеткизип коюп, (анын кесепетинен, дүнүйө-акыретте) өкүнүп калуучулардан болбогула! ” Хужураат сүрөөсү 6.
Эртең эч кандай митинг болбойт! Аты-жөнү белгисиз болгон адамдардын тилине кирип, күнөөкөр болуп калуудан сактаналы! Ар бирибиз ушул маалыматтарды башкаларга жеткирүүгө аракет кылалы.
Мен ММКлар менен тыгыз иштешкен жаран катарында өзүм жөнүндө маалыматты бардык убакта эркин бере алам. Чылпакты аарчыйм деп көздү соолутуп албагыла! .
Кадырлуу мусулман калайык!! !
Менин үстүмдөн жазылган арыздын негизинде, атайын тараптар мени менен аңгемелешүү өткөргөндүгү чындык. Бирок, ал жерде менин, же менин үй-бүлөмдүн ар намысына доо кетире турган туура эмес аракеттер болгон жок. Урмат-сыйдын, адамкерчиликтин жана мыйзамдын негизинде гана болгондугун баса белгилегим келет. Ал жерде узак сааттар бою, суу ичпестен кармап олтурушту деген кеп чындыкка коошпойт.
Берилген маалыматтардын каалаган жерин алып, каалаган жерин кесип салып, журтчулукка жарыялоо адамгерчиликке сыйбайт.
Кылмыш жаза кодексинин, 153-статьясында кош аялдуулук боюнча айтылган “эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаган учур” менин жашоомдо орун албагандыктан, бул мыйзам аркылуу мен күнөөкөр эмес экенимди дагы да дааналап билдим. Мыйзамдын тили менен айтканда эки же андан ашык аялдар бир үйдө чогуу жашашса, же чогуу чарба жүрүзүшсө, же чогуу оокат күтүшсө гана көп аялдуулук деп саналат экен. Чогуу жашаган күндө да, эки аялдын бири арыз жазганда ага маани берилет экен. Же экинчи аялга ЗАГСтан нике кагазын алганда эсептелет экен. Андай болбогон учурда мыйзам тилинде экинчи аял деп айтылбастан, башка терминди колдонушат экен. Аны айтуу бир аз ыңгайсыздыкка дуушар кылат.
Таланттуу сүрөтчү, залкар актер жана эң мыкты эркек, өз жүзү аркылуу бүтүндөй кыргыздын жүзүн көрсөткөн улуу инсан Сүймөнкүл Чокморов агабыздын да расмий каттоодо турбаса да, 17 жыл бирге жашаган Нуржан Кожомкулова эжебизден Эргул менен Азамат аттуу уулу болсо, расмий байбичеси Салима эжекебизден Бактыгул уулунун бар экендигин билебиз. Нуржан эжекебизди “мыйзам” аялы деп тааныбаса да, Кудай алдында алардын жүзү жарык. http://kmb3.[moderated]asia/ 2011/05/13/s-jm-nkuldun- kosh-s-j-s/ Эч бир күнөө иш кылышкан жок деп терең ишенемин.
Балдарымдын энеси, менин сүйүктүү жубайым, расмий түрдө мыйзам менин жубайым деп тааныган Гүлнур айымдын ден соолугу жакшы, интернет булактарындагы “ал кишинин ооруп, ооруканага түшүп калган” деген кеп чындыкка туура келбейт.
Менин жашоомдо эң зор мааниге ээ болгон үч аял бар. Алгачкысы, менин чоң энем Уруяткан. Алгач келиме айтканды үйрөтүп, Кудайды таанытып, тамга тааныгандан баштап “Манас” окуттуруп угуп, дүйнө таанымымды “Манас” менен оозанткан, кыргыз нарк насилин өзүнүн жомоктору, кошоктору, куюлуштуруп айткан макал-лакаптары менен сиңдирген залкар эне.
Экинчиси, мени тууп-өстүргөн, тарбиялаган кадырман апам Гүлжамал эжекей! Үй-бүлөнүн кутун сактап, күйөөнүн кадырын ордуна коюп, аруулук менен тазалыктын үлгүсүн көрсөткөн улуу аял. Барга-жокко мунканбаган, кызмат кылгандан талбаган, эч кимге бейчеки таарынбаган мээрман эне.
Үчүнчүсү, жакамды агартып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон, менин калыптануума себеп болгон жароокер зат Гүлнур айым. Хадижа энекебиздин ордун Пайгамбарыбыз үчүн эч ким толтура албагандай эле, Гүлнур айымдын ордун, макамын, даражасын эч ким толтура албайт, ага тең келе албайт. Ага болгон урматым, сүйүүм ордунда, чексиз.
Урматтуу эл! Ушак айтуу, жалгандан маалымат таратуу, үй-бүлөлөрду ажыратууга аракеттерди кылуу, ички иштерге кийлигишүү, гыйбат сүйлөө арам иш. Ким ушул нерселер менен алектенсе акыры жакшылыкка алып барбайт. Балдары кайрымсыз чыгып, жакшылыгын көрсөтпөйт.
Акырында айтаарым: мени колдогон бардык бир туугандарга ыраазылык билдиремин. Кудай Таалам эч качан жамандык көрсөтпөсүн. Жакшыга шерик, жамандан алыс кылсын.
Сүйлөгөн сөздөрүбүздө, кыймыл-аракет, туткан иштерибизде Пайгамбарыбыз алайхис саламдын сүннөтүнө ылайык жашоону насип этсин.
Айткан кептерибиз, аткарган иштерибиз жеке адамдардын, же болгон окуялардын эмес, идеялардын тегерегинде берекелүү болуусун жалгыз Жараткандан тилеп,,,
Бир тууганыңар Чубак ажы...
Ассалааму алейкум ва рохматулоохи ва баракаатуху!!!

لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#89 05 December 2017 - 16:20
Мына бир туугандар, бир адамдын аркасынан сая түшүп, маскаралап,
табалап, келекелеп, өздүгүнө асылып, билип билбей, чын төгүнүн билбестен, эл дарбыса кошо дарбып сүйлөгөндү токтотсок.
Эгер бир адам бир момунду сөз кылса, ошонун бүт күнөөсүн өзүнө алат дейт.Акыретте кантебиз, акыретте өзүбүздүн күнөйүбүздү көтөрүп алалычы!Бирөөнүн күнөөсүн кошо көтөргөндү коюп.Чубак Ажы Жалилов динге мээнет кылган, карадан акты ажыратып таамай айткан инсан. Кыргыз элине күйгөн, акыретти эстетип турган, кайсы арам кайсы адал экенин билдирген илимдүү аалым.Тарабын алып сүйлөөгө, керек болсо коргоого татыктуу инсан! Бизге Периште да Пайгамбар да эмес, сыйлоого, урматоого татыктуу адам!
Ч.Ажы Жалиловдун тарабын сүйлөгөндүн же башка диний ишмердин тарабын алуу бул "фанат "эмес.Мен фанат деп, ырчы чоорчу болгондордун күйөрмандарын айта алам.Эч качан динди жеткирген адамдын тарабын алуу фанат аталбайт бул дин душмандарынын бир болбогон сөздөрү.Мухаммед с.а.в Пайгамбарыбыз жаңыдан динди алып келгенде туугандары андан соң айыл, шаар элдери, сахабалар ээрчиген. Эмне аларда "фанат "эсептелип калабы?!.Бул фанат деген сөзгө мен такыр кошула албайм.

#90 05 December 2017 - 17:46
Ана мин ызылдасанарда "Ак ийилето, бирок сынбайт" да...
Жашоодо баары болот, андактан баарына даяр болуш керек...!
#91 05 December 2017 - 18:24
Чубак ажы шайлоодогу агитацияда Сокени олло мактап, колдоп, элдида колдоого чакырды эле, бирок Соке колдобойле кысымга ала баштадыго).
#92 05 December 2017 - 18:27
#93 05 December 2017 - 19:15
#94 05 December 2017 - 19:29
Соттор президенткке баш ийбейт,соттун озунчо ыйгарым укуктары бар.Эгер президент мыйзам бузса президентти да камаганга акысы бар.
Сенда суйлойт деселе аша атана окшоп урдура бересин е?) Бизде качан эле соттор баш ийбей иштеди эле? Ал мыйзам кагазда эле турат чан басып, иш жузундо муштумду туйуп, мына деп бармак баштын учун эки манжанын ортосунан чыгырат).
#95 05 December 2017 - 20:28
Келбей жатышатко Чубак ажынын ыйлактаган не расмий эркек-аял токолдору
.
#96 05 December 2017 - 20:55
Ажыкебиздин аялы макул болгондон кийин башка элдин мусор пикрлери ажыкеге побаранда, алар дооруп дооруп жоголушат.
#98 06 December 2017 - 00:38
Билип билбей эле дооруй бербегилечи!
Чубак ажы Жалилов мн тергоого алып жаткандар ортосунда эмне болуп жатканын бир гана ошолор билбесе силерге бут нерсе карангы да.
Качан эле ММК туура суйлоп журду эле! Балким алар жалган жалааны жаап айттырып жаткандыр. Алардын колунан баары келет! Саясаттын сасык иштеринин негизинде тергоо журуп жатканы 1-класстын окуучусуна деле маалым! Келип келип Жалилов экинчи аял алса тергоо жургузгондорго жол болсун да!

#99 06 December 2017 - 08:16
Ынсап берсин бул молдого.
Жогоруда Missing you айткандарына толугу менен кошулам.

#100 06 December 2017 - 19:20
Чубак ажыкенин аялы ун каткандан кийин баарын дымып, очуп, пысып кеттинерго).

Супер-Инфо
super.kg
видео